КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Б. ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ
ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
Табигый – техникалык факультети
ЖАҢГАК –МӨМӨ ТОКОЙЛОРУНУН
НЕГИЗГИ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ
Магистрант:
АЛМАЗБЕК КЫЗЫ ДИНАРА
Илимий жетекчиси, б.и.к:
КЕНЖЕБАЕВ С.К.
Теманын актуалдуулугу
Батыш Тянь-Шань тоо системасынын Чаткал жана Фергана тоо кыркаларыныны
боорлорунда Жер шарындагы аянты жана түрдук курамы боюнча эн чоң жаңгак- мөмө
токойлору жайгашкан. Бул токойлор жер кыртышын коргоочу, суу сактоочу жана суу
агымын жөнгө салуучу кызматтарды гана аткарбастан, биологиялык ар түрдүүлүктүн
генефондун сактоочу табигий “кампа” болуп да эсептелет.
Жаңгак-мөмө токойлору топурактын эрозия коркунучун азайтып, жаан
чачындардан түшкөн жер бетиндеги сууну сиңирип, суунун агымын көзөмөлдөп жана
анын ресурстарын коргоого жардамдашат. Бул дарыялардагы жана суу
сактагычтардагы суунун балансын сактоодо абдан чоң мааниге ээ.
Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору дүйнөдө сейрек кездешүүчу токой
массиви болуп, бул токойлордо дарак бадалдардын 130 ашык кездешет. Бул
токойлордүн негизги токой пайда кылуучу породалары болуп жаңгак (Juglans regia),
мисте ( Pistacia vera L.), алма (Malus sieversii, Malus niedzwetzkyana, Malus
kirghisorum), алмурут (Pyrus), долоно (Crataegus pontica, Crataegus turkestanica,
Crataegus songarica, Crataegus knorringiana), алыча (Prúnus), бадам (Аmygdalus), бөрү
карагат (Berberis), өрүк (Armeniaca vulgaris) жана башка ушулар сыяктуу баалуу
мөмөлүү дарактар эсептелет.
Кыргызстандагы жаңгак-мөмө токойлору өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын
жана канаттуулардын жашоо чөйрөсү болуп саналат жана биологиялык ар
түрдүүлүктү сактоодо жана коргоодо абдан чоң мааниге ээ.
Жаңгак-мөмө токойлору аймактын экологиясына, айыл чарбасына жана
туризмге маанилүү салым кошуп, өзгөчө мааниге ээ.
Жаңгак-мөмө токойлорунун жергиликтүү калк үчүн экономикалык мааниси
абдан чоң. Жаңгак , мисте, бадам, долоно, алма, кожогат жана башка мөмөжемиштер жергиликтүү калк үчүн негизги киреше булагы болуп саналат.
Изилдөө объектиси жана предмети
Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорунун эң коркунучтуу токой зыянкечтери
болуп филофагдар - жалбырак зыянкечтери: жупсуз жибек көпөлөгу (Lymantria
dispar L.) жана жылмакай чие таарыгычы (Caliroa cerasi L.) эсептелет.
Бул зыянкечтерден миңдеген токой аянттары жабыркап, кээ бир токой мезгилде
токой дарактарынын жалбырактарын толугу менен жеп, токойлордун
түшүмдүүлүгүнө терс таасирлерин тийгизешет
Изилдөөнүн максаты:
Жаңгак-мөмө токойлорунун негизги зыянкечтеринин биологиясын, динамикасын
изилдөө.
Бул максатты аткаруу үчүн төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
-Түштүк Кыргызстандын жангак-мөмө токойлорунда кеңири таралган негизги
зыянкечтерин аныктоо;
- зыянкечтердин динамикасын жана алардын жаңгак-мөмө токойлору үчүн
зыяндуулугун аныктоо;
-акыркы 3 жылда токойлорду зыянкечтерден коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш
чараларын талдоо:
Иштин илимий жаңылыгы.
Жаңгак-мөмө токойлорунун азыркы коркунучтуу негизги зыянкечтеринин
популяциясынын акыркы 3 жылдагы динамикасы такталды.
Негизги зыянкечтердин популяциясынын динамикасын төмөндөтүү боюнча
жургүзүлүп жаткан жумуштарга анализ жүргүзүлдү.
Негизги зыянкечтерден дарактардын жабыркоо даражалары аныкталды
Алынган жыйынтыктардын теориялык жана практикалык мааниси.
Изилдөөлөрдүн негизинде филофаг зыянкечтеринин токойлордун азыркы мезгилдеги
санитардык абалы аныкталып, токойлордун зыянкечтердин зыяндуу фазаларынын
токойлордун туруктуулугуна таасир этүүсү аныкталган.
Изилдөөнүн жыйынтыктары токой патологиялык жумуштарын иштеп чыгууда жана
аларды пландаштырууда жардам берет.
Зыянкечтердин зыяндуу фазаралын жана алардын биологиялык өзгөчөлүктөрүн,
биологиялык препараттарга туруктуулугун эске алуу менен пландаштырылган токой
коргоо иш чараларынын эффективдүүлүгун жогорулатат.
Диссертациянын структурасы жана көлөмү.
Диссертация компьютердик тексте
62 беттен, киришүүдөн, 4 бөлүмдөн,
корутундулардан, 23 сүрөттөн, 9 таблицадан, 48 илимий адабияттардын тизмесинен
турат.
Диссертациянын жыйынтыктарын апробациялоо.
Диссертациянын темасы боюнча жүргүзүлгөн илимий-изилдөө жумуштарынын
негизинде алынган материалдар Б. Омонов атындагы табигый техникалык билим беруу
кафедрасында жана конференцияларда угулду.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде 2 илимий макала Б. Осмонов атындыгы
Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин жарык көргөн.
Изилдөөнүн объекттери жана ыкмалары
Изилдөө зыяндуу организмдердин, табигый жана антропогендик мүнөздөгү
жагымсыз факторлордун токойлордун абалына таасир тийгизүүсүнө байкоо жүргүзүү,
ошондой эле аларды баалоо жана болжолдоодо колдонулуучу токой патологиялык
мониторинг ыкмасы менен жүргүзүлдү.
Изилдөө мезгилинде сыноо аянттары, зыянкечтердин очокторун, токойдун
жашын, жайгашкан экспозициясын эске алуу менен тандалды.
Изилдөөнүн негизги объектиси болуп, Кыргызстандын жаңгак мөмө
токойлорунун аймагында жайгашкан токой чарбаларында (Тоскоол-Ата, Кочкор-Ата,
Каба, Арстанбап Ата) таралып, дарак бадал өсүмдүктөрүнө зыян алып келүүчү
негизги токой чарбаларына көптөгөн зыяндарды алып келүүчү зыянкечтер жупсуз
жибек көпөлөгу (Lymantria dispar L.) жана жылмакай чие таарыгычы (Caliroa cerasi
L.) эсептелет.
Токой коргоо жумуштарынын эффективдүүлүгүн аныктоо процент менен өлчөнүп,
төмөнкү формула менен аныкталат:
Э=(Ох100)/М
Бул жерде О- токой коргоо жумштарынан кийин зыянкечтер тарабынан
жабыркаган аянт;
М- зыянкечтерден жабыркайт деп божомолдонгон аянт.
Жаңгак-мөмө токойлорунун негизги зыянкечтери.
Жаңгак-мөмө токойлорунун продуктивдүүлүгүнүн төмөндөшүнө антропогендик
факторлордун гана таасири эмес, токойлордун зыяндуу курт кумурскалардын жана
ооруулардын санын өсүшү да абдан чоң таасир тийгизет. Кээ бир зыянкечтер
дарактардын мөмөлөрүнө, гүлдөрүнө жана сөңгөгүнө зыян алып келсе, ал эми кээ
бирлери тамырын, жалбырагын жабыркатат.
Жаңгак-мөмө
токойлорунун
туруктуулугу
негизинен
зыяндуу
курткумурскалардын санынан жана алардын зыяндуулугунан да көз каранды болот.
Жаңгак –мөмө токойлорунун төмөнкү алкагында жайгашкан мисте токойлор
алкагында зыяндуу курт-кумурскалардын 92 түрү аныкталган жана алардын 23 түрү
мисте токойлоруна олуттуу зыян алып келет.
Мисте токойлолорунун негизги зыянкечтери
Зыянкеч
Жупсуз жибек
көпөлөгү
Мисте
мөмө
жегичи
Мисте
жоон
буту
Мисте
урук
жегичи
Сөөл кенеси
Мисте
жегичи
була
Мистенин чоң
була жегичи
Жылдагы
муундун
саны
Зыянкеч
1
2
Жупсуз
жибек
көпөлөгү
Мисте
мөмө
жегичи
Мисте жоон
буту
1
1
Мисте урук
жегичи
Сөөл кенеси
Мисте була
жегичи
2-4
Мистенин
чоң
була
жегичи
1
Зыяндуу
фазасы
Жылд
агы
муунд
ун
саны
1
2
1
1
Зыяндуу
Азыктануу
органы
фазасы
гусеница
Азыктану
у органы
гусеница
гусеница
жалбырак
Зыяндуу
лугу,
жалбырак
%
мисте,
100
чейин
мөмөсү
гусеница
мисте,
85 чейин
личинка
Мөмө
мөмөсү
түйүлдүгү,
личинка
Мөмө
87 чейин
түйүлдүгү, маңызы
маңызы
личинка
личинка
уруктары уруктары
6 дан 12
чейин
2-4
Личинка,
коңуздар
Личинка,
1
Личинка,
коңуздар
коңуздар
Личинка,
коңуздар
жалбырак
Кабык,
була
85 чейин
87 чейин
6 дан 12
чейин
Начарла
жалбырак
ган
даракта
Кабык,
була
р
Кабык,
була
Зыяндуулуг
у,
%
100 чейин
Начарла
ган
даракта
р
Кабык, була
Начарлаган
дарактар
Начарлаган
дарактар
Жаңгак-мөмө токойлорунун негизги, коркунучтуу зыянкечтери:
жупсуз жибек көпөлөгү (Lymantria dispar L.), жылмакай чие таарыгычы
(Caliroa cerasi L.) эсептелет.
 Кыргызстандын жаңгак- мөмө токойлорунда кездешүүчү эң коркунучту
жана эң көп зыян алып келүүчү коркунучтуу зыянкеч болуп жупсуз жибек
көпөлөгү (Lymantria dispar L.) эсептелет. Жылына бул жалбырак
зыянкечинин массалык көбөйүүсүнөн өзгөчө мисте токойлору жабыркап
келет.
Жупсуз жибек көпөлөгү- Lymantriinae уруусуна кирген көпөлөктөр. Эркеги
ургаачысынан өлчөмү жана түсү жана муруттарынын түзүлүшү менен
айырмаланат (сүр.1). Ургаачысынын канаты жайылганда- 55-90 мм,
эркегиники- 35-50 мм.
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн генерациясы бир жылдык, башкача
айтканда 1 жылда бир муун берет.
Жумурткаларын топ тобу (300-1200 чейин) менен дарактардын төмөнкү бөлүгүнө,
таштарга, үйлөрдүн дубалдарына тууйт. Жумуртка таштагандан 20-25 суткадан кийин
гусеница калыптанып бүтөт да, жумуртканын ичинде кыштоого (диапаузага) кетет.
Жазында апрель-май айларында кыштаган (диапаузадагы) жумурткаларынан
гусеницалар чыга баштайт. Гусеницалардын түсү боз, күрөң-боз кызыл, көк чекиттүү
түктүү.
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн (Lymantria dispar L.) гусеницалары
өзүнүн өөрчүүсүндө абдан активдүү тамактанып, дарактардын
жалбырактарын жеп, алардын жабыркатышат.
Жупсуз жибек көпөлүгүнүн (Lymantria dispar L.) таралуу аянттары
Бул зыянкечтер абсолюттук бийиктик боюнча миграция болуп тургандыгына
байланыштуу 2023-жылы зыянкечтердин таралуусу жогорку зонага чейин
жетип мисте токойлорунан башка токойлордун жабыркоосу 5911 гектарга
жеткен.
Lymantria dispar L. очогу мисте токойлорунда болуп, алар менен жабыркаган
аянт 800 га (2021-жыл) 3780 гектарга (2023-жыл) чейин жеткен.
Жаңгак-мөмө
токойлоруну
н түрлөрү
2021
2022
2023
Мисте
800
3120
3780
20
50
5911
820
3170
9691
Зыян тарткан аянттар, га
токойлору
Башка
токойлор
Баардыгы
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жаңгак- мөмө токойлорундагы
очогунун өсүүсү, га
7000
мисте токойлорунда
башка токойлордо
5911
6000
5000
3780
4000
3120
3000
2000
800
1000
50
20
0
2021
2022
2023
Жалбырактардын жабыркоо даражасы менен түшүмдүн төмөндөөсү
120
100
80
60
40
20
0
Көрсөткүчтөр
Түшүмдүн
төмөндөшү,%
жалбырактардын желиши
түшүмдүн жоголушу
Дарактардагы жалбырактардын жабыркоо даражасы, %
10 20
30
40
50
60
70
80
90
100
0, 0,9
3,0
10
21
39
59
73
88
99
5
Азыркы
мезгилде
Жалал-Абад
областынын
аймагында
жайгашкан
токой
чарбаларында жупсуз жибек көпөлөгүнө каршы төмөндөгүдөй биологиялык ыкмалар
колдонулууда:
-
жупсуз жибек көпөлөгүнүн санын кыскартуу жана очокторун чектөө максатында
алардын жумуртка жаздыкчаларын кол менен чогултуу жана аларды жок кылуу;
-
жупсуз жибек көпөлөгүнүн табыгий душмандарын энтофагдады колдонуу;
-
биологиялык препараттарды колдонуу.
Сүрөт 18. Жупсуз жибек көпөлөгү
(Lymantriadispar L.) жумуртка
жаздыкчаларын
5000
5000
4000
2700
3000
2000
1420
500
2000
1000
600
0
2021
2022
2023
мисте токойлорунда
токойлордо
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумуртка жаздыкчаларын кол менен чогултуунун
эффективдүүлүгү
Токойлордун жалбырак зыянкечтеринен жабыркоолорун төмөнкү
шкала менен аныкталды:
-төмөн- жалбырактары 25 % чейин жабыркаган;
-орточо-жалбырактары-50% жабыркаган;
-жогору – жалбырактары-75 % жабыркаган;
-тегиз- жалбырактары 75 % жогору жабыркаган.
Дарактардын
жабыркоо
даражасы
Дарактардын
жабыркоо даражасы
АянттарАянттар
Кол менен тазаланган
төмөн
орточо
жогору
тегиз
75
төмөн 6
орточо
64
жогору
15
6
644
15
21
4
21
15тегиз
аянт
Кол менен
Контроль
-
15
тазаланган аянт
Контроль
-
75
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумуртка жаздыкчаларын кол менен чогултуунун
эффективдүүлүгүн аныктоо үчүн эсептөөлөрдү атайын учеттук аянттарда жүргүздүк.
Учеттук аянтчанын мисте токойлорунун жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумуртка
жаздыкчалары көп кездешкен аянттардан алынды. Учеттук аянтчанын жалпы аянты 50
га. Бул аянттагы мисте дарактары жумуртка жаздыкчаларынан толугу менен тазаланып,
жумурткалары жок кылынгандан кийин учеттук аянтчанын 30 гектарында
жупсуз
жибек көпөлөгүнүн гусеницалары менен жабыркаганы байкалды төмөнкү формула
менен эсептеп чыгарылды
Э=(Ох100)/М=301*100/500=60%
Эсептөөлөргө ылыйык жүргүзүлгөн токой патологиялык иш чаралардын
эффективдүүлүгү 40% түзгөн
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумурткаларын кол менен
чогултуунун эффективдүүлүгү
80
75
70
64
60
50
40
30
20
10
21
6
4
0
15
15
0
Төмөн
Орточо
учеттук аянт
Жогору
контролдук аянт
Тегиз
Зыянкечтерге каршы энтомофагдарды
Жала-Абад областык токойду коргоо жана сактоо станциясы
тарабынан пайдалуу энтомофагдар: кооз дуулдак (Сolosoma
sycophanta L.) 2023 –жылы 1200 даана жана анастатус
диспарис (Anastatus disparis L.)- 1000 даана лабораториялык
шартта 22 көбөйтүлүп, токой аянтындагы түгөйсүз жибек
көпөлөгүнүн жумурткасына жана гусеницаларына каршы
күрөшүү үчүн кое берилди
Энтомофагдар
Жалдар боюнча
энтомофагдардын саны, даана
2021
2022
2023
Сolosoma sycophanta L
800
1000
1200
Anastatus disparis L
800
900
1000
Жай мезгилинде кооз дуулдактын бир коңузу 200-300
жупсуз жибек көпөлөгүнүн гусеницасын, ал эми
личинкалары 60 жакын гусеницаны жана 15-20
куурчакчасын жок кылат.
Вирустук препараттарды колдонуу. ВИРИН-ЭНШ (К) - ата мекендик
өндүрүштөгү суюк вирустук энтомопатогендик препарат- вирустук
инсектецид. Препарат жылуу кандуу жаныбарлар, балык, аарылар жана тыт
жибек көпөлөгү үчүн зыянсыз.
Адам үчүн зыянсыз, эч кандай инфекциялуу ооруларды пайда кылбайт,
кээ бир адамдарды аллергияны пайда кылышы мүмкүн.
Ал эми 2-3 жаш классында азыктанып жаткан гусеницаларга каршы
препараттар чачуу жолу менен колдонулат.
Препаратты колдонуу нормасы -100 мл/га. ВИРИН-ЭНШ (К) препаратты
жупсуз жибек көпөлөгү массалык жумуртка койгон жерлерде, инфекция
очогун пайда кылуу ыкмасы менен колдонулат. Бул ыкмада препараттын
жардамы менен участоктун 10-50 % ооруу жугузулат.
Инфекцияланган жаш гусеницаларды гусеницалардын өлүү көрсөткүчү
90% га чейин жетет.
Ооруу жуккандан бир жумадан кийин гусеницалардын активдүүлүгү
төмөндөп, кыймылы азаят жана аппетити жоголуп, кийин өлө баштайт
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумуртка жаздыкчаларына каршы ВИРИНЭНШ (К) препараты менен 2021-жылы -3700 гектар аянт дарыланса, ал эми
2023-жылы 7800 гектар аянт дарыланган
Жупсуз жибек көпөлөгүнүн жумуртка жаздыкчаларына каршы ВИРИН-ЭНШ (К)
вирустук препараты пайдалануу
Аянт, га
9600
10000
9000
7800
8000
7000
6000
5000
3700
4000
3000
2000
1000
0
2021
2022
2023
ЖЫЛМАКАЙ ЧИЕ ТААРЫГЫЧЫ (Caliroa cerasi L.)
Азыркы мезгилде жаңгак-мөмө токойлорунда жупсуз жибек
көпөлүгүнөн башка кеңири таралган жалбырак
зыянкечтеринин бири болуп, жылмакай чие таарыгычы
(Caliroa cerasi L.) эсептелинет.
Жаңгак-мөмө токойлорунда жылмакай чие таарыгычынан
(Caliroa cerasi L.) негизинен Pyrus, Crataegus, Prunus, Cerasus,
жана башка ушул сыяктуу сөөктүүлөрдүн тукумуна кирген
дарак бадалдардын түрлөрү көп жабыркайт.
Изилдөө мезгилинде, 2021-2023-жылдары жаңгак-мөмө
токойлорундагы жылмакай чие таарыгычынан (Caliroa cerasi
L.) популяциясынын динамикасы, токой түзүүчү
породалардын жабыркоосу аныкталды.
2021-жылы зыянкечтен жабыркаган аянт-3960 гектарды
түзсө, ал эми 2023-жылы жылмакай чие таарыгычынан
(Caliroa cerasi L.) жабыркаган аянт-3931 гектарды түздү
Кыргызстандын
жаңгак-мөмө
токойлорунун
шарттарында
жылмакай чие таарыгычынан (Caliroa cerasi L.) жалган
гусеницаларынан негизинен алмурут жана долоно токойлору
көп жабыркашат.
Арстанбап-Ата,
көчөтканаларда
Каба
өстүрүлүп
токой
жаткан
чарбаларында
жаш
көчөттөрдүн
жалбырактары жабыркагандыгы байкалды.
Изилденип
жаткан
объектилерде
жылмакай
чие
таарыгычынан (Caliroa cerasi L.) жабыркаган долоно дарактары
кийинки жылдары толук калыбына келип, өсүүсүн улантышты
жана
аларды
башка
зыянкечтердин-ксилофагдардын
дарактардын кургоосу байкалбады.
же
Күрөшүү чаралары
Лепидоцид-СК- өсүмдүктөрдү зыяндуу курт кумурскалардын гусеницаларынан
(личинкаларынан)
коргоо
үчүн
колдонулуучу
суспензиялык
концентрат
формасындагы биологиялык инсектицид.
Өсүмдүктөрдүн
ар
кандай
фазасында
колдонууга
болот
жана
өсүмдүктөрдүн органдарында топтолуп калбайт.
Адамга, жылуу кандуу жаныбарларга, балык, аарыларга жана энтомофагдарга
зыяндуулугу абдан төмөн.
Таасир этүүчү зат-Bac.thuringiensis var. kurstaki.
Таасир этүүсү- гусеницалардын (личинкалардын) ашказанына жеткенден 4
сааттан аралыгында таасир этип, аларда шал ооруусунун белгилери байкалат. 12-24
саат аралыгында гусеницанын организминде бактериялык сепсис башталат.
Ууланган гусеницалар азыктануусун токтотуп, ордунан жылбай, түсүн өзгөртүп 3-5
сутка ичинин жапырт өлө баштайт.
Лепидоцид СК биологиялык препаратын жылмакай чие
таарыгычынын жалган гусеницаларына каршы колдонуу
Таблицада көрүнүп тургандай Лепидоцид СК биологиялык
препараттарынын жылмакай чие таарыгычынан (Caliroa cerasi
L.) жалган гусеницаларынын
1
жана
2
жаш
курагындагылар үчүн эффективдүүлүгүн жогору.
Учеттук аянтчалардагы эсептөөлөрдүн натыйжасында,
биринчи
жана
экинчи
жаш
курагындагы
жалган
гусеницалардын препараттан өлүүсү 92 жана 83 пайызды
түздү.
Жумушчу
аралашманын
Препараттын таасир этүүсү, %
I
II
III
IV
92%
83%
32%
23%
дозасы
1000 л/га
(0,03%)
КОРУТУНДУ
Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлорунун зыянкечтери изилдөө боюнча
аткарылган изилдөө жумуштарынын негизинде төмөндөгүдөй жыйынтыктарды
чыгарууга болот:
1. Кыргыз Республикасынын токойлору коргоочу (топурак коргоочу, суу
сактоочу) функциялардын аткаруучу, өзүнө баа жеткис биологиялык ар
түрдүүлүктү камтыган, Республиканын экономикасын көтөрүүдө өзгөчө
мааниге ээ болгон Улуттук байлык болуп эсептелет.
2. Кийинки мезгилдерде токой чарбалардын аймагында токой патологиялык
жумуштардын
толук
кандуу
аткарылбай
калышынын
негизинде,
токойлордун, айрыкча өзүнүн аянты жана биологиялык ар түрдүүлүгү
боюнча дүйнөгө белгилүү болгон жаңгак-мөмө токойлорунун санитардык
абалы төмөндөөдө.
3. Жаңгак мөмө токойлорунда зыяндуу курт- кумурскалардын ондогон түрлөрү
кездешет. Алардын ичинен эң коркунучтуулары жылына миңдеген гектар
аянтта очокторду пайда кылүүчү филофагдар-жалбырак жээчү зыянкечтержупсуз жибек көпөлөгү (Lymantria dispar L.) жана жылмакай чие таарыгычы
(Caliroa cerasi L.) болуп эсептелинет.
4. Изилдөө мезгилинде - жупсуз жибек көпөлөгүнүн (Lymantria dispar L.)
очоктору:2021-жылы-820 га, 2022-жылы-3170 га, ал эми 2023-жылы 969
гектарга жеткен. Бул зыянкечтин гусеницаларынан негизинен мисте токойлору
жабыркап, көпчүлүк аянттарда дарактар толугу менен дефолиация болушкан.
5. Жупсуз жибек көпөлөгүнүн (Lymantria dispar L.) гусеницаларына каршы
токой чарбалары тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылат:
- зыянкечтердин санын чектөө максатында жумуртка жаздыкчалырын кол
менен чогултуу жана аларды утилизациялоо;
- энтомофагдарды көбөйтүү жана аларды пайдалануу;
- Вирин-ЭНШ (К) вирустук препаратын колдонуу.
6.Изилдөөлөр көрсөткөндөй жумуртка жаздыкчаларын кол менен чогултуунун
эффектүүлүгү 40% түзгөн. Мындай төмөнкү эффективдүүлүктүн себеби болуп,
гусеницалардын шамалдын жардамы менен миграция болуу жөндөмдүүлүгү
болуп эсептелет.
7.Кооз дуулдак (Сolosoma sycophanta L.) жана анастатус диспарис (Anastatus
disparis L.) сыяктуу энтомофагдарн, жупсуз жибек куурттарынын активдүү
фазасы болгон гусеницаларынын азайтып санын чектей албайт. Анткени
жупсуз жибек көпөлөгү пайда кылган очоктордогу гусеницалардын саны,
энтомофагдардын санынын жүздөгөн эсе жогору.
8.Вирин-ЭНШ
(К)
препараттарынын
эффективдүүлүгун
жогорулатуу
максатында, вирустук препараттын штаммын жаңылап анын титрлерин
жогорулатуу зарыл.
9.Жылмакай чие таарыгычынын (Caliroa cerasi L.) активдүү (зыяндуу фазасы
болуп анын жалган гусеницалары эсептелет.
10.Жылмакай чие таарыгычынын (Caliroa cerasi L.) жалган гусеницалары
менен күрөшүү үчүн Лепидоцид СК биологиялык препаратын колдонулууда.
Лепидоцид СК биологиялык препаратын жаңы пайда болгон (1-2 жаш
курактагы)
гусеницаларга
каршы
колдонуу
жакшы
эффект
берет.Бул
биологиялык препаратты колдонууда, жылмакай чие таарыгычынын жалган
гусеницаларынын биологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен токойлорду
коргоо
иш
чараларды
иштеп
чыгуу
зарыл.
Анткени
изилдөөлөрдүн
жыйынтыгында жылмакай чие таарыгычынын жогорку жаш курактагы (3-жаш
курагынан жогору) жалган гусеницалар бул препаратка өз туруктуулугун
көрсөттү.