№5 протокол Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 3-курсунун К–022, 023, 024 топторунун чогулушу Бишкек ш. 23.09.2021-ж Төрагасы – А.Ормонбекова Катчысы – Р.Курманбек кызы 38 студент катышты. (тизмеси тиркелет) Күн тартиби: 1. Биринчи педагогикалык практикага даярдык жөнүндө Баяндамачы – Ч.Жолдошева 2. Жаңы окуу жылына курстун жыйынтыгы Баяндамачы – Т.Жумаев Угулду: Ч.Жолдошева биринчи педагогикалык практика жөнүндө, бул иштин өйдө-ылдыйы жөнүндө айтып берди. «Сүйлөштү»: Студент У.Акматов ага бөлүнгөн мектеп жөнүндө, өзүнүн милдеттери жөнүндө айтып берди. Студент К.Калматов тажрыйбалуу мугалимдер сабак берүүдөгү жана окуучуларды тарбиялоодогу өздөрүнүн тажрыйбасы менен дайыма бөлүшүп турууну өтүндү. «Токтом кылынды»: 3-курстун старостасы А.Абдыкеримова бир айлык практикадан кийин жалпы курстук отчет даярдасын, ага мектептеги практика боюнча чогулуш уюштуруу жүктөлсүн. Төрага (колу) А.Ормонбекова Катчы (колу) Р.Курманбек кызы