Uploaded by beksultan.isakov04

Акын поэзиясы

advertisement
Kыpгыз эл aкындaр
пoэзияcы
Исаков Бeксyлтaн SCA-20A
Акындар Поэзиясы
• Акындар поэзиясы – кыргыз элинин оозэки
поэтикалык чыгармачылыгы менен тыгыз
байланышта ѳнγккѳн классикалык поэзиянын бир
бѳлγгγ.
Акын, ырчы-оозеки поэтикалык чыгармаларды комуз,
кыяк жана башка аспаптардын коштоосу менен
аткарган тѳкмѳ акындар фольклорду γйрѳнγп,
андагы сюжеттерди ѳзγнчѳ чыгармачылык менен
кайра иштеп чыгышат. Акындардын дээрлик
кѳпчγлγгγнγн эске тутум жѳндѳмдγлγгγ ѳтѳ мыкты
келет,оной эле аларга турмушту терең билγγ,
сезимталдык, артисттик шык мγнѳздγγ
. Акындан шарттуу тγрдѳ тѳмѳнкγчѳ
бѳлγнѳт : жамакчы, мактоо, кордоо
ырларын ырдоочулар: жомокчуэпикалык чыгармаларды
аткаруучулар: нускоочуфилософиялык мазмундагы
насаат ырларды жаратуучулар..
Акындардын ишмердиги кѳп
кырдуу :
алар айтыштарга-атайын акындык
кγчтγү сынашкан мелдештерге,
элдик жыйындарга,
аш-тойлорго катышкан.
• Акындар поэзиясынын бирден-бир өзгөчөлүгү ал,
баарынан мурда, жеке өз алдынча көрүнүш. Бирок,
тилекке
каршы кылымдар бою жазмасы, басмасы
.
жок элдин арасынан чыккан не бир таланттуу
акындардын чыгармалары, биздин күнгө жетпей калды.
Алардын наамдары кылымдардын калың катмарында
калды. Кыргыз жеринде Совет бийлиги орноп,
социализм курула баштаганда биринчи иретте элдин
кат-сабатына көңүл бурулду. Натыйжада улуттук
жазма, басма, басылмалар пайда болду. Дал
ушундай мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөрдөн
кийин акындар поэзиясы өзүнүн поэтикалык тагдырын
түп-тамырынан бери өзгөрттү. Оозеки түрдө өнүгүпөөрчүп келе жаткан поэзия, эми кагаз бетине түштү
Дал ушул социалдык-коомдук,
маданий-тарыхый бурулуштун
натыйжасында
• Арстанбек менен Калыгулдун, Токтогул менен Жеңижоктун
• Барпы менен Корголдун, Токтоналы менен Ысмайылдын
• Калык менен Алымкулдун
Жана башка ысмы сакталып, алар
жараткан поэзия кыргыз элинин рухий
байлыгын, маанилүү бөлүгүн түзүп калды.
Булардын жараткан чыгармаларын оозеки
түрдө эмес китебин окугандар Токтогул
менен Жеңижоктун, же Барпы менен
Алымкулдун бир-бирине окшоштуруп
чаташтырбайт. Аталган акындардын ар
бири өз алдынча, жеке поэтикалык көрүнүш
экени чыгарманын көркөмдүк түзүлүшүнөн,
дүйнөгө, турмушка, адамга, жаратылышка
болгон өздүк мамилесинен ачык эле
көрүнүп турат. Ошондой болсо да акындар
буларды бириктирип турган жалпы бир
өзгөчөлүк, касиет-сапат бар, ал салттуу,
кылымдардан бери муундан-муунга өтүп
келе аткан эстетикалык фольклордун
негизинде “Акындар поэзиясы”. жаралат
Download