Uploaded by Токтосун Атанаев

Санжыра-S Zakirov

advertisement
САПАРБЕК ЗАКИРОВ
КЫРГЫЗ
САНЖЫРАСЫ
СӨЗ БАШЫ
«Жарыкчылыкта санжыралар болбосо өтүп кеткен
убакыт жана муундар жөнүндө кандай көңүлсүз
эскерме калаарын көз алдыга элестетип көрүңүзчү...
Санжыраларда философия жана фантастика,
поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан
тышкары санжыра - бул элдин улуттук эн тамгасы
жана анын таануу белгиси».
Ч. Айтматов
Учу-кыйры жок жол... Ал кыргыз санжырасы! Бул жолго чыгуу үчүн
нечен айлар, нечен Жылдар даярдандым. Күн артынан күндөр, жыл
артынан жылдар өтүп жатты. Мен чубаган кыргыз санжырасынын
жиби түгөнгөн жок. Улам тереңдеген сайын түйүндөрү көбөйүп,
чатышкан жерлери күчөдү. Жолдор тармакталып, баш каңгыган абалга
жетти. Бир эле жолдун тууралыгына ондогон күбө өтсө, миңдегени
жалганга чыгарды. Бирин - бирине салыштырып, аз-көптүгүнө карабай
туура го дегенин илгеп алып жүрүп отурдум. Алгачкы учурда кыргыз
санжырасындагы жомок, тамсилдер, уламыш, мифтер, баатырдык
баяндар, чечендик айтыштар кызыктырса, бара-бара анын урук, уруу
бөлүнүштөрү, элдин жаралышы, түзүлүш процесси оп тарта баштады.
Көрсө эл жомогу канчалык кызык болгонуна карабастан, ошол элдин
түзүлүшү, башынан өткөргөн кыргын-сүргүнү андан бетер сонун
болот экен. Айрым отуруштарда, аш-тойлордо же жөнөкөй эле жол
жомогу башталганда айрым уруулар, уруктар, ата тукуму жөнүндө сөз
болуп калса жата калып уккандарын көп байкадым. Ал түгүл уруу
ортосундагы майда окуяларга байланыштуу кызыраңдап айтышуу же
уругу туура келип калса бат эле жакындашып, туугандашып кете
турганын көрдүм. Ал эми жалпы кыргыз элинин кайдан келгенин,
кайда жайгашканын, кандай эл менен аралашканын, согушуп таттуулашканын, деги эле кыргыз деген аттын эмнеден келип, кандай
пайда болгонун түшүнүүгө кызыккан он миңдеген, жүз миңдеген
адам- кыргызмын деген бүткүл эл, ак эткенден так эте турганы маалим
болду. Ошол үчүн алардын тилегин, ойлогон оюн канагаттандырыш
үчүн ар бир мезгилдин ойчулдары, санжырачылары өздөрү уккан
билген уламыштарга өз ойлорун кошуп түшүндүрүп келишкен экен.
Айрымдары карандай уккан сөздөрүнө ишенип, ошол мезгилде
ушундай деп айтышкан, дал ошол туура десе, кээ бирөө окуган
2
китептеринен пайдаланып алда канча далилдүү ойлорду айтышка
жетишкен. Кыргыз санжырачыларынын арасында китепке таянып,
окуган китептери менен далилдеп айтууга аракет кылгандар XIX
кылымда чыга баштаган. Кыргыз арасына мындай санжырадан төртөө
тараган. Биринчиси Бала Айылчыныкы. Ал уккан сөзгө караганда
жети нускада колго көчүрүлүп Чүй боюна жана коңшулаш урууларга
тараган. Анын көлөмү эки басма табакка жакын экен. Мында Иран,
Туран мезгилиндеги уруу бөлүнүштөрү менен кыргыздын эң эски
антташуу шарттары: торпоктун куйругун кыркып антташканы,
чырпык кыркканы айтылат. Экинчиси Алымбек уулу Тургунбайга
таандык (Элде Тургунбек деп да айтылат.- С. 3.). Бул кишиники
мындан үч миң жыл мурдагы кыргыздардын Самарканттын көк
ташына сыйынып турган мезгилинен тартып азыркы учур менен
бүтөт. Мында эң кызыктуу жомок, легенда уламыштар көп. Кыргыз
санжыраларынан окуялуу далилдери менен ажырап турат. Айрым
бөлүмдөрү «Оторкан», «Манас» эпосторунун окуяларына аралаша
сүрөттөлүп, белгилүү бир мазмун менен айтылат. Үчүнчүсү
Осмоналы Сыдыковго таандык. Бул киши жазган санжырасын,
«Кыргыз тарыхы» деген ат менен 1913-жылы Уфадан арап алфавити
менен басып чыгарган. Элге кеңири тараган вариант ушунуку. Ал
Уфадан (Оподон - кыргыздар ушинтип айтышкан. - С.З.) төөгө артып
келип элге саткан. Осмоналы Кыдыктын уулу. Бирок китепке Сыдык
болуп басылып кетип ошол боюнча элге тарайт. Аны ошол эле
китептин 10-бетинен, «Атамыз Кыдык маркумдан Нук талайиссаламга
44 ата менен жетет» дегенинен да түшүнүүгө болот. Санжырачынын
түшүнүгү боюнча адам Нук байгамбардан кийин кырк төрт гана муун
өткөн. Бул негизги түшүнүктү мусулман тарыхчыларынан алганы
байкалып турат. Осмоналы «адам» деген сөз «жердин кыртышы» дейт.
Мунун өзү адамды кудай талаа топурактан жасаган деген идеяны
бекиткени деп түшүнүү керек. Санжырада Яжуж мажутту Чынгызхан
чыккан урууга алпарып такайт. Андан башка Токсон боолуу «өзбек»,
«Токсон үйлүү Тобукту», «Жети уруу Желдең», «Он тогуз уруу
коңурат» «Кырк уруу кытай» жөнүндө сөз болот.
Осмоналы Сыдыковдун «Тарыхы Шабданиясы» 1914-жылы
Уфадан жарыкка чыккан. Мында да кыргыз санжырасы бир топ
берилген.
Жазма түрүндө тараган санжыранын төртҥнчҥсҥ кытайда
жашаган Баймырза деген адамга таандык. Бу кишиден 1916-жылы
кытайга сүрүлүп барган Укаев Арун көчүрүп алып элге тараткан.
3
Анын бир көчүрмөсү Кыргыз ССР Илимдер академиясынын кол жазма
фондусунда сакталып турат. Муну санжырачыдан жазып алганга өзүм
катышкан элем.
Кытайдагы кыргыздарга тараган Баймырзанын санжырасы өзүнчө
багытта. Мында кыргыздардын байыркы ата-бабасы сактар, усундар
жөнүндө сөз болот. Кебетеси санжыраны жазган кишй кытайдын
жазма тарыхына тааныш болгон болуу керек. Анткени академик В. В.
Бартольд 1926-жылы жазган «Кыргыздар», деген китеби да (Бул китеп
1927-жылы 1943-жылы басылып чыккан Академик В. В. Бартольддун
IX томдук толук жыйнагына да кирген. - С. 3.) дал ушул сактар менен
усундардан башталат. Ал киши бул идеяны кытай тарыхына тааныш,
кытай тилин суудай билген жана кытай тарыхындагы Орто Азияда
жашаган элдер жөнүндө байыркы маалымаатарды жыйнап орус
тилинде 1851-жылдары өзүнчө китеп кылып басып чыгарган орус
окумуштуусу Н. Я. Бичуринден (Иакинф) алган. Ал эми кыргыз
санжырасын жазган кытайдагы Баймырза да кытай тилин жакшы
билгендигин жана кытайча окуй тургандыгын, аны көргөн Укаев Арун
бизге айтып берди. Ошентип «кыргыз тарыхы» менен «кыргыз
санжырасынын» ортосундагы окшоштуктар алар пайдаланган
булактардын бирдейлигинен келип чыкканы байкалып турат.
Кыргыздарда жазма түрүндөгү санжыралардан башка оозеки
түрүндө айтылган санжыралар эң көп жолугат. Мындай санжырачылар
ар бир айылда, ар бир райондо, ар бир аймакта жолугат. Алардын
атактуулары да, анча-мынча билгендери да бар. Атактуулары
кыргыздардын түпкү чыгышын терең билбесе да Адигине, Тагайдан
бери сүрүштүрүп айтса, майдалары ошол өзү жашаган айылдан же бир
уруктун, уруунун санжырасын айта алат. Менин тагдырыма булардын
баарын көрүүгө туура келди. 1956-жылдан баштап Кыргыз ССР
илимдер академиясынын фольклор жана кол жазмалар секторунда
иштеп калдым. 1978-жылга чейин Кыргызстандын ар бир районунда
ар бир айылында болууга туура келди. Айыл кыдырып кыргыздын
элдик
оозеки
чыгармасын,
санжырасын,
этнографиялык
материалдарды жыйноого катыштым. Андан тышкары 1916-жылдан
бери эл арасынан жыйналган кол жазмалар фондусундагы
материалдарды толук окуп чыгууга туура келди. Борбордук шаардагы
(Москва, Ленинград) жана Орто Азия республикаларынын архивдик
материалдары менен тааныштым. Ошентип толук болбосо да
кыргыздардын санжырасын билгенимче жазып калтырууга бел
байладым. Анын үстүнө билгенин айтпай кеткен адам жыйнаган
4
алтынын ай-талаага көөмп таштаган сараңга да окшоп каларын
түшүндүм. Анда эмесе учу-кыйры жок жолго чыгалык. Ал кыргыз
санжырасы. Санжыра араптардын чежире деген сөзүнөн келген. Анын
эки мааниси бар. 1-мааниси бутактуу дарак, 2-мааниси өтмө мааниде
колдонулуп урук, уруу тармагын чечмелөөчү улама сөздөргө, тарыхка
карата айтылат. Кыргыздар санжыра сөздөрүндө. кыргыз деген сөздүн
чыгышынан баштап башынан өткөн тарыхын, үрп-адатын, салтсанаасын, оюн-тамашасын уруу бөлүнүштөрүн, тек жайын бүт
айтышкан. Эмесе ошол жолго чыгалык.
Сапарбек Закиров.
КЫРГЫЗ ДЕГЕН АТТЫН ЧЫГЫШЫ
ЖӨНҤНДӨ
а) Кыргыз деген сөздҥ элдин чечмелөөсҥ:
1. Байыркы бир мезгилде хандын кызы кырк кыз нөкөрү менен
сейилдеп чыгыптыр. Алар эң бир сонун жерлерди кыдырып айлына
кайрылып келсе айылын душман тып-тыйпыл кылып чаап кеткен
болот. Журтта гана бир сары ит калыптыр. Дал ошол кырк кыздан эл
тарап кырк кыздын тукуму – кырк кыз аталып акырындык менен
кыргыз болуп кетиптир. Бул легенданы уккан башка элдер шылдың
катары кызыл иттин тукуму деп калышкан.
XIX кылымдын экинчи жарымында келе башташкан орус
окумуштуулары, саякатчылары бул легенданы жазып алышкан.
Айрыкча 1856-жылы кыргыз жеринде болгон казак окумуштуусу
Чокан Валихановдун “Записки о киргизах” деген эмгегинде толук
берилип ислам дүйнөсүнө кеңири тароого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
1860-жылы кыргыз жерине келген М.И.Венюков да ушул эле
легенданы жазып алып, 1868-жылы чыккан “Путешествия по
окраинам Русской Азии и записки о них” деген китебине кийирген.
Орус элинин XIX кылымдагы атактуу тарыхчысы Н.А.Аристов 1895жылы С-Петербургдан чыккан “Выяснения этнического состава
киргиз-казахов большой орды и каракиргизов” деген эмгегинде кызыл
ит жөнүндөгү легенданы байыркы динлиндердин ата-бабалары болгон
5
усундар жөнүндө айтып аткан болуу керек дейт. Анткени
кыргыздардын байыркы ата-бабалары деп эсептелген усундардын өңү
сары, көзү көк болгондугу жөнүндө тарыхый маалыматтар бар. Ал эми
кийинки кыргыздар бардык эле түрк тукуму сыяктуу кара чачтуу, кара
көздүү болуп кеткен. Айрым учурларда гана алардын ичинде көк көз,
сарылары жолугат.
Менин оюмча бул легенданын чыгышы адамдардын эң байыркы
тотемдик мифологиялык түшүнүгү үстөмдүк кылып турган мезгилге
таандык. Адамдардын байыркы диндик – мифологиялык, анимизмдик,
фетиштик түшүнүгү мезгилинде айбандардын адамга айланышы же
адамдардын айбанга айланышы адеттеги эле көрүнүш болгон. Мындай
түшүнүктөр
элдик
эпостордун,
жөө
жомоктордун,
миф,
уламыштардын, көбүндө сакталып калган. “Эр Төштүк” эпосунда
Чалкуйруктун өкчөп койсо сакага айланышы же Төштүккө топу
кийгизип койсо ылжыраган таз болуп калышы, алп кара куштун,
кумурска, жолборс, аюулардын адамча сүйлөшү, “Кожожашта” Сур
эчки менен Кожожаштын күрөшү, кармашып же Сур эчкинин
Ашайран деген кызын Молдожаштын алышы буга далил болуп турат.
Булар жөнөкөй эле жомок болбостон байыркы адамдардын “чыныгы”
түшүнүгү. Ал түгүл XIX кылымдын аягында Бишкек, Суусамыр,
Жумгал,
Нарын
болуштарынан
жыйнаган
О.Поярковдун,
“Каракиргизские легенды, сказки и верования” – деген китебинде
(китеп 1900-жылы Верныйда (Алма-Ата) чыккан – С.З.); түлкү,
маймыл, бака, таш бака, жылан, чабалекей, ит, ат, күкүк, үкү, аңыр,
сагызган ж.б. айбандардын бир кезде адам болгондугу, алар кудайдын
каргышына калып айбанга айландырылганы айтылат. Эл ал
мезгилдерде буларды жөнөкөй гана жомок катары айтышпастан
ишенген.
Адамдардын айбандардан чыгышы жөнүндөгү уламыштардын
айрымдары кийинки мезгилдерге чейин жашап келген. Муну биз Бугу
уруусунун келип чыгышы жөнүндөгү уламыштан да билебиз. Бул
уламышты XIX кылымда кыргыз жеринде болгон орус саякатчысы
Г.Загряжский сарбагыштык бир адамдан жазып алган. Ал уламыш
боюнча бир сарбагыштык жигит Нарын тарапка барып Талды-Булак
капчыгайында бугу, маралга мергенчилик кылат. Кокусунан ал бир
аңга түшүп кетет. Аңдын ичинен чоң тешикти көрүп аны менен жүрүп
отурат да Аламышыктын тоосунан келип чыгат. Ал жерден бир
бугунун башы чыгып турганын көрүп атып жиберсе ал бугу баштанган
адам болуп чыгат. Бугу кейпиндеги адам өлөр алдында: “Менин
6
карындашымды аялдыкка ал” – деп керээз калтырат. Мергенчи
макулдугун берет. Көрсө анын карындашынын да башында
бугунукундай, бирок кичине мүйүзү болот. Ошол аялдан тараган
тукумдарды кийин Бугу байбиченин балдары деп Бугу уруусу аталып
кетет. Бирок ошол эле мезгилде бир бугулук адам: - Тагайдын
Кылжыр деген уулунун башында бугунун мүйүзүнө окшогон мүйүзү
болгон, ошондон биз тараганбыз – деп г.Загряжскийге эскерткен. Бугу
уруусунун бугу байбичеден тарагандыгы жөнүндө уламыш кийинки
мезгилдерде да кеңири айтылып келген. Ушул эле сыяктуу кыргыз
арасында бар гана уруулар ар түрдүү айбандардын аттары менен
аталып, алар тотем катары каралат. Мисалы Адигине ичинде: Бөрү,
жору, жапалак, кара багыш; Тагай ичинде: Сарыбагыш, бугу, багыш
жана башкалар. Айбандардан адамдын келип чыгышы же адамдардын
айбанга айланышы жөнүндөгү уламыштар бардык элде бар.
Г.Н.Потаниндин 1881-жылы С-Петербургдан чыккан “Очерки СевероЗападной монголии”, (выпуск – II) деген эмгегинде Кирпи чечен мурда
бий болгондугу, көк чычкан – жигит, суур – мергенчи, күкүк, эжелүүсиңдилүү кыз болгону айтылат. Элдин байыркы түшүнүгүндө жалаң
эле жандуу, жандуудан жаралбастан жансыздан да жаралгандыгы, ал
түгүл бүткүл жаратылыш бири-бирине байланышта, тургандыгы
мифологиялык түрдө баяндалган.
Г.Н.Потаниндин жогорку эле эмгегинде жылкы-желден, адам –
топурактан, шайтан – оттон жаратылганы баяндалган. Ушундай эле үй
– суудан, төө - күндөн, эчки – таштан жаралган. Муну ал
Тарбагатайлык кыргыздардан (Казактардан – С.З.) жазып алган.
Моңголдордо да “Удул” деген кыздын тарагандыгы жөнүндө уламыш
бар. Бул биздеги Бугу энеге окшош. Казактардын Эсекен баатыр деген
уламышында казактардын султандары, төрөлөрү кызыл курттан, ал
эми кытайлардын Эджень каны таштан жаралганы айтылат. Ошентип
тотемдик түшүнүктөр көп элдердин миф легендаларында сакталып
калган. Мисалы, гао – гюй эли – карышкырдан, туфандар – иттен,
тюгу – карышкырдан, моңголдор – көк карышкырдан, тибеттер –
маймылдан тараган (Ч.Валиханов, т.I. Алма-Ата, 1961, стр.351).
Түндүк Батыш Моңголияда жашаган буряттарда да өздөрүнүн
түпкү теги жөнүндө кызыктуу уламыш айтышат. Кыштын күнү
хандын кызы эшикке чыкса асмандан карга аралаш Көк бука түшүп
келаткан болот. Көк бука менен аралаш түшүп жаткан кар кыздын
оозуна кирет, кыз кош бойлуу болуп калат. Көк бука ташка айланып
кетет. Кыз кийин төрөгөн баласын ташбукага алып барып таштайт. Ал
7
аман-эсен чоңоюп андан буряттар тарайт (Г.Н.Потанин. Очерки
Северо-Западной Монголии СП. б. вып. IV, стр.265.). Адамдардын
айбандардан же айбандардын адамдардан келип чыгышы жөнүндөгү
уламыш, мифтер дуйнөдөгү бардык элде бар. Болгону айрымдары
унутулуп кеткен. Америкадагы көп уруулардын байыркы теги
айбандардан келкендиги айтылат. Рим империясын негиздөөчү Ромил,
Ромулдар карышкырдын эмчегин ээмп чоңойгон. Ошентип айрым
уруулардын же бир элдин келип чыгышын байыркы адамдардын
жаратылыштын бирдиги жөнүндөгу мифологиялык түшүнүгүнүн
негизинде айбандар же жаратылыштагы айбандар же жаратылыштагы
башка нерселер менен байланыштырышын эң эски түшүнүк деп гана
кабыл алуу керек.
2. Кыргыздын кырк кыздан келип чыгышы жөнүндөгү экинчи
легенда мындай айтылат: Байыркы убакта Акеше деген такыба адам
(түпкү теги араптардын Стам уруусунан деп айтылат С.З.) Сибирь,
Енисей жактагы калмактарга мусулман динин таратуу үчүн барат.
Андан Мансур деген бала төрөлөт. Акеше өлгөндөн кийин Мансур
калмактардын кадырлуу адамы Ыроо-Жыроонун үйүндө кызмат
кылып жүрүп ага жагып калат. Ал өз кызын Мансурга алып берет.
Мансур калмактарды акырындап мусулман динине кийре байштайт.
Убакыт өтөт. Эки балалуу болот. Кызынын аты Апал, уулунун аты
Минал экен. Кызы он бир жашка, уулу 7 жашка чыкканда Мансур
өлөт. Ошол учурда Апалдын түнкүсүн жоголуп кетип, күндүз үйүнө
келип калышы жөнүндө ушак тарайт. Аны эл бузулуп кеткен катары
Миналга түшүндүрөт. Минал кандай да болсо мунун чындыгын билүү
үчүн чарык жиптин бир учун эжесинин этегине байлап, экинчи учун
чыпалагына байлап жатып калат. Мындагы максаты эжеси туруп кетсе
чарык жип тартып ойготот деген эле. Айткандай эле түндүн бир
оокумунда Апал төшөгүнөн туруп жөнөйт. Минал ойгонуп артынан
чуркап олтурат. Апал чуркап отуруп тоонун арасындагы үңкүргө
кирет. Апал үңкүргө киргенде Минал кошо кирет. Бирок ал көргөн
көзүнө ишенбейт. Караса үңкүрдүн ичи алтын менен жалатылып
көөкөр таштар жарык чачып турат. Төрдө кырк чилтен отурат.
Алардын аксакалы: - Сен эмне артыңдан адам ээрчитип келдиң? – деп
Апалга ачууланат. – Жок, мен өзүм эле келдим, - деп Апал артын
караса Минал босогодо турат. Ошол учурда кырк чилтендин бирөө
туруп бир суюк ичимдикти Апал менен Миналга берет. Минал ичип
көрсө таттуу, канттан ширин. Ичимдикти ичкен Минал жинди болуп
кетет. Бирок анын оюнда эжесинин бузулбаганы, ак экени кала берет.
8
Ошондуктан айыл аралап: “Апал ак” - деп чуркап жүрөт. Аны уккан
калмактар “ак – кудайдын аты, Апал да кудай, Минал да кудаймын деп
жатат буларды өлтүрүш керек” – деп Апал менен Миналды кармап
алып өрттөп, күлүн сууга салып жиберет.
Жай аккан суу менен, Апал менен Миналдын күлдөрү суунун
үстүндө калкып: “Апал ак”, “Минал ак” деп күңгүрөнүп, ак жашыл,
көк жашыл көбүк чыгарып көргөн жандын көзүнүн жоосун алып агып
кете берет. Ошол мезгилде кандын кызы Төрөгөй суунун жээгинде
кырк кыз нөкөрү менен сейил кылып жүргөн экен. Кокусунан бир
кызы суунун үстүндө көк жашыл, ак жашыл болуп кубулуп агып
келеткан көбүктү көрүп колун сууга салып көбүктүн даамын татат.
Көбүктүн шириндигине чыдабай кыз кыйкырып жиберет: - Эй,
кыздар, укмуш, ширин көбүк, ширин көбүк, - деп кыйкырат. Кыздар
чуркап келип колдорун сууга салып, көбүктүн даамын татышат.
Ошентип алардын баары кош бойлуу болуп калат. Аны уккан хан
жаман ойлоп ачууланып кырк кызды өлтүрүүгө буйрат. Бирок хандын
Кызыроо деген вазири: - Кырк адамды өлтүрүп, канына сабыл
болгондон көрө калың токойго же тоо-ташка алып барып таштайлык, дейт. Ага хан макул болот. Кандын кызы кырк кыз нөөкөрү менен
айдалат. Аларды кызыл тайганы ээрчип кетет. Ошондо арман кылып
хандын кызы ырдайт:
Акыйкатсыз атага,
Хан да болсо жалынба,
Өлүп кетсин өз кызы,
Үмүт кылып таарынба,
Кырк кыз баары бир күнү,
Боозуйт деген болобу.
Кырк кызды бүтүн өлтүрүп,
Каныбызга тоебу?!
Айдалган кырк кыздын ай-күнү жетип кыркы тең төрөйт. Алардан
таралган акырындап кырк кыздын балдары деп элге тарап бара-бара
кырк кыз-кыргыз болуп кетет. Бул экинчи легенда боюнча да кырк
кыздын кыргыз болушу чемеленди. Бирок мында кыргыз кырк кыздан
тараган менен түпкү теги мусулман дининдеги Акешенин тукуму
деген түшүнүк жатат. Муну кийинки мусулман молдолору
кыргыздарды араптардын бир тармагы кылып, ага жакындаштырганы
көрүнүп турат. Бул уламыш кыргыздар мусулман динин кабыл
алгандан кийин чыкканы байкалат.
9
3. Кырк кыз жөнүндөгү уламыштын үчүнчү варианты мындай
айтылат: Кандын кырк кызынын ичинде Закым деген жигит кызча
кийинип жүргөн экен. Ал кандын кызын кайтарып уктаар алдында
колу-бутун ушалап, таманын сыйпап, адамды магдыраткан жумшак
обон салат. Акырында аны хандын кызы жактырып калат, мээрими
түшөт. Ушундай эле жол менен калган кыздардын да көңүлүн алат,
ыкласын тартат. Кырк кыздын бардыгы жүктүү (боюнда болуу – С.З.)
болуп калганда ханга билинет. Анын каары келип, баарын тоого айдап
таштайт. Алардан тараган тукумдар кырк кыздын тукуму деп акыры
кырк кыз – кыргыз болуп кетет. Бул уламышта байыркы тотемдик
түшүнүк бар, бирок кийинки мусулмандык фантазия жок. Жөн эле
кыргыздар эч кандай ит-ситсиз, көбүк-мөбүксүз эле адамдан таралган
деген ой жатат. Албетте бул легенда адамдардын түшүнүгү реалисттик
нукка түшкөндө, элдин материалисттик байкоолору үстөмдүк
кылганда чыкканы байкалып турат.
4. XIX кылымдын экинчи жарымынын башталышында келген орус
окумуштуу-саякатчылары Воронин жана Нифаньтьев, Голубевдер
кыргыздардан дагы бир уламышты жазып алышкан. Ага караганда
кыргыздардын атасы Кыргызбай деген адам болгон. Воронин,
Нифаньтьевдин жазып алганына караганда Кыргызбайдын Адигине
жана Тагай деген эки уулу болгон Адигине тукуму Аму Дарыя менен
Сыр Дарыянын бойлорун жана башкы агымдарын жайлап көчүп
жүрүшкөн. Тагайдын балдары Ысык-Көл жээгин жана анын чет
жакаларында отурукташкан. Ал эми Голубев жазып алган уламышта
кыргыз деген адамдын Ак уул, Куу уул деген эки баласы болуп
ошондон көп уруу, урук келип чыккан.
Бул эки уламышка караганда кыргыз деген ат адамга коюлган
аттан келип чыкканы байкалып турат. Болгондо да кийинки мезгилде
XV кылымдан берки тараган кыргыздарга таандык айтылып жатат.
Мындай караганда адамдардын аттары менен бүтүндөй бир эл атанын
кетиши да мүмкүн. Анткени элдин уруу бөлүнүшүндө көп уруулар
адамдардын аттары менен аталып кеткени маалим. Мисалы, кыргыз
урууларынын ичинде: солто, саяк, азык, черик, сарбагыш, бугу,
жедигер, бөрү, жору, баргы, сарттар, кытай, кушчу, басыз, саруу ж.б.
адам аттары катары баяндалат. Урук уруулар чыгышы белгилүү бир
адамдын тукумунун тарашына негизделген, жакшы чыккан бир
адамдын тегерегине анын башка бир туугандарынын балдары да
жалгаштырылып айтыла берген. Ич ара баланча атанын балдары,
түкүнчө урук деген менен жалпы жонунан бир уруунун аты менен
10
аталган. Бул уламыштын чыгышын кийинки мезгилге – XV кылымга
алып келгенде биз Адигине, Тагайдын Кыргызбайдын
баласы
болгонун эскертип жатабыз. Анткени азыркы учурда жашап турган
уруулардын, адамдардын атын сүрүштүрүп, тукумун тарата келгенде
15-16 ата менен барып эле Адигине, Тагайга такалат. Алардын атасы
Кыргызбайга 17-ата менен жетип калат. Ал эми Ак уул, Куу уул
боюнча сүрүштүрсөк деле 20-21 атадан ашпайт. Ошентип булар
кийинки беш кылымдын тегерегинде кыргыздар болуп чыгат. Эгерде
биз айрым окумуштуулардын пикирине кошулуп, “Манас” эпосу X XI – кылымдарда (Б.М.Юнусалиев) же XIV кылымдарда
(Ч.Валиханов) жаралган десек бул эпосто Адигине, Тагайдан тараган
Солто, Сарбагыш, Бугу, Саяк, Черик, Азык жана башка уруулардын
жоктугунан эле кыргызбайдын өзү эпос жаралгандан, калыптангандан
кийин төрөлгөн экен го деген корутундуга келе алабыз.
5. Кыргыз деген сөздүн этимологиясын чечмелөөдө карапайым эл
көбүнчө сырткы окшоштукту негиз кылып алган. Жогору жакта
келтирилген варианттар да уламыштар ар түрдүү сюжетте, мазмунда
айтылган менен айланып келип эле кыргыз менен кырк кыз деген
сөздүн үндөштүк жагы. Муну ар бир карапайым адам (ушундай
болушу мүмкүн деген – С.З.) түшүнгөндөй кылып чечмелешкен.
Кыргыз
санжыраларын
жазган
же
айткан
тарыхчы
–
санжырачылардын бардыгы дал ушул кырк кыздын тегерегинде ой
жүгүртүшкөн.
Кыргыз санжырасын жазган Мухаммед – Али кыпчагынын берген
маалыматына караганда да, Акешеден тараган Апал, Минал,
Мансурдун окуясы айтылып кырк кыз жөнүндөгү уламыш чындык
катары берилет. Ал “Кырк кыз” жөнүндөгү уламыштын болгонун
Моңолханга байланыштыра карап, он үч атасынын санжырасын берет.
Муну мурдагы варианттан башкача талкуулаганы катары баалоого
болот. Санжырачы бул уламышка толуктоо киргизип Моңолхандын
онунчу муунунан тараган Алгач деген болгондугун айтат. Алгач хан
көрүнгөн жайлоолордо, эркин сахрада (талаада – С.З.) эли-журту
менен мал-чарбасы менен жер которуп көчүп жүргөн. Аларды
шаардык элдер кыркислер дешчу эле. Тажик – тилинде кыркислер
көчмөндүү кыр адамы деген маанини берет. (Мухаммет Али кипчаги,
“Кыргыз тарыхы”, Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын коомдук
илимдер бөлүмүнүн кол жазма фондусу, инв.№ 347 13-бет).
6. Кыргыздардын чыгышы жөнүндөгү уламыштын дагы бир
вариантын ушул эле Мухаммет Али келтирет. Анда Алгач хандын
11
Айганыш деген кызын Эркин деген жигит алган. Алар балалуу
болгондо атын Кыргыз коюшкан. Кыргыз Ысык-Көл, Чүйдү жана
эркин тоолорду жердеп турган. Кыргыз хандан Карахан, андан Угуз
хан туулду. Ал Өзгөн шаарын салдырып кыргыздын борборуна
айландырган.
Кыргыздардын Алгач хандан тарашы казактарда да айтылат.
Бирок мындагы жаңылык Карахан менен Угузхан жөнүндөгү
уламыштар. Угузхан эл оозунда Огузхан деп айтылат. Багыш
Сазановдон жазылган “Манас” эпосунда:
Улук атам Угузхан,
Башкы уулу Байчоро.
Экинчиси Жанчоро,
Карачоро кенжеси”.
деп берилет.
Элдик санжырада Угуз ханды Алаш менен да алмаштырып
айтышат. Кыргыз менен казактардын тарыхын элдик уламыштар
аркылуу изилдөөгө аракет кылган Н.И.Гродековдун келтирген
маалыматына караганда казак, өзбек, кыргыз – Алаша хандан тараган.
Алаша хандын Байчоро, Жанчоро, Карачоро деген үч баласы болгон.
(Н.И.Гродеков). Ал эми Чокан Валиханов Алгач казактын үч жүзүнүн
(Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз урууларын айтып жатат – С.З.) ататеги кылып түшүндүрөт.
Ошентип Алач (Алаш – С.З.) бирде кыргыз, казак, өзүбектин түп
атасы болсо, бирде казактардын гана атасы катары түшүндүрүлөт.
Элдик санжырада мындай ар түрдүү варианттардын жаралышы
закондуу көрүнүш.
7. Кытайдагы кыргыздарда айтылган санжырадай “жоокерлерди
баштап барып кыргызып кел деп жиберген экен, ошол кыргызып
келгенден кийин “кыргыз” койгон экен, “кыргыздын башталышы
ошол” – дейт. Ошентип уламыштардын кайсынысын албагын, же
маани жагынан, же үндөштүк жагынан бир туруктуу чындыкка барып
такалат. Ал чындыктарды салыштырсак ар түрдүү: биринде
мифологиялык түшүнүк, диндик фантастика тереңдеп кетсе,
экинчисинде маани жакындагы же үндөштүк окшоштугу негизги
орунду ээлеп кетет.
Кыргыздардын түпкү тегин баяндоодо, чыгышын иликтегенде эң
көп уламыштар, ар түрдүү легендалар жолугат. Алардын бардыгын
бул жерге чечмелеп, мазмунун айтып отуруу зарыл эмес деп ойлойм.
Ошондуктан бул санжырада эң мүнөздүү деген уламыштардан жетини
12
гана келтирдим. Алар жөнүндө азын-оолак өз оюмду айтууга аракет
кылдым. Бирок булардын кайсынысы туура, кайсынысы чындыкка
жакын? – деген суроону коѐ туруп “Кыргыз” деген сөздү илимпоздор
кандай мааниде чечмелейт экен – ошого токтолуп көрөлүк.
б) Кыргыз деген сөздҥн этимологиясы жөнҥндө изилдөөчҥлөрдҥн
маалыматы, көз карашы:
“Кыргыз” этноними жөнүндө элдик оозеки уламыш, легендалар
илим көз карашынан алганда өтө эле мажес көрүнүп, балалык түшүнүк
менен баяндалып жаткандай туюлат. Бирок ага карабастан ошол
жөнөкөй чечмелөөнүн өзүндө чындыктын орун алып калышы
ыктымал. Илимпоздор, тарыхты изилдөөчүлөр, тилчилер муну эске
алуу менен ошол элдин тилинин фонетикалык законун эске алып да,
албай да болжолдорун айтууга акылуу. Анткени жалаң тилдин
фонетикалык закону – ошол элдин гана закону. Башка элдин тилдик
закону башка. Ошондуктан бири-биринен алыс турган тилдердин, бир
сөздү ар түрдүү формада айтышы закондуу. Буга эң эле жөнөкөй
мисал катары мына буларды айтууга болот: орус эли кыргыздарды
“киргиз” дешсе, рустарды кыргыздар “орустар” дешет. Мындай бир
сөздүн эки башка айтылышы ошол элди кемсинтип же
теңсинбегендиктен келип чыкпастан ошол тилдин ички закону,
фонетикалык өзгөчөлүгүнө карата жеңил айтылганына байланыштуу.
Муну айтып жаткан себебим “кыргыз” деген сөздү ар түрдүү улуттар
ар башка айтып келишкен.
Мисалы гректер – херкис, араптар – кыргыз, фарстар – кыркыр,
калмактар – бурут деп, кытайлар кыргызды үч түрдү айтышат: Хань
тексттери үчүн – цзянь-гунь, тан текстери учун – сяцзясы, юань
текстери учун – цзилицзисы. Кытай жылнаамаларында – ки-ли-кидзе
деп, кыргыздарды атаганын да жолуктура алабыз. Мунун эң акыркысы
– айтылышы, угулуш жагынан хан, тап, юань тексттерине караганда
кыргызча айтылышына абдан жакын экенин байкайбыз. Анын үстүнө
кытай тилинде “р” тыбышы жоктугуна байланыштуу “кыргызды” так
айталбашы өзүнөн өзү түшүнүктүү эмеспи. Бизге белгилүү
маалыматтарга караганда кыргыздар жөнүндө биринчи кагаз бетине
түшүнгөндөр-кытай саякатчылары, тарыхчылары. “Кытай тарыхынын
атасы” деп аталган Сыма Цяня жазган “Тарыхый запискалар” (Ш-цзи)
биздин заманга чейинки 99-жылы жазылып бүткөн. Дал ушул
эмгегинде кытайдын түндүгүндө хунндардын түрк уруулары менен
аралашып турганы жөнүндө маалымат берет да, 201-жылы хунндар
Гэгунь (к к - кип) падышалыгын өзүнө каратканы айтылат. Кытай
13
окумуштуулары Гэгунь (цянькун) деген термин менен кыргыздарды
түшүнүшкөн.
Кытай тарыхчыларынын маалыматына таянганда Гроттун
транскрипциясында К к – Кип деген эл биздин заманга чейин 201жылдары эле белгилүү болгон. Дал ушундай баяндоо фактыларга
таянган орус элинин тарыхчысы В.В.Бартольд Кыргыздарды Орто
Азияда жашаган элдердин ичинде тарыхта аты эрте учураган эң
байыркы элдердин бири дейт (В.В.Бартольд, “Кыргызы”, Ф., 1943, 13бет).
Бирок айрым изилдөөчүлөр Енисей, Орхон сууларынын башкы
агымында жашаган элдер жөнүндө жазган кытай тарыхчыларынын
маалыматын хагастар жөнүндө жазылган деп да чыгышты. Буга
Л.Р.Кызнасовдун изилдөөлөрү далил болуп турат. Л.Р.Кызнасовдун
мындай ойду айтылышына кытай терминдерин “хагас” (Н.Бичурин)
“Хакасе” (В.Радлов) деп окуган окумуштуулар да болгон. Мына
ушулардан кийин, кытай тарыхында учураган байыркы маалыматтар
цзянь-гунь, хягас, цзилицзисы жана кыргыздар деп аталган терминдер
түпкүлүгүндө бир этностун атын билдиреби, же, ар бири башка-башка
атты түшүндүрөбү? – деген суроо туулат. Бул жөнүндө Енисей
кыргыздарын атайы изилдеп жазган В.Шоттун 1865-жылы чыккан
“Исвеr gie ächten Kirgisen” деген эмгегинде “чыныгы кыргыздар”
жөнүндө айтылып жатканын ачык сезебиз. Кийинчерээк Сибирдин
түштүк жагындагы жашаган элдердин тарыхын изилдеген
окумуштуулар да Кытайча “хягас” деген сөздүн мааниси түрк
тилиндеги “кыргыз” дегенде дал келе турганын далилдешти.
В.В.Бартольддун “Кыргыздар” жөнүндөгу тарыхый очеркинде,
ошондой эле “Жети суунун тарыхый очерки” деген эмгегинде бул өтө
эле далилдүү айтылган. Бул көз карашты тарыхчы жана археолог
А.Н.Бернштам “Кыргыз элинин өткөндөгү тарыхый күндөрү” (Ф.,
1943-жылы) деген эмгегинде да колдоп турат. Ал эми түрк тилиндеги
руникалык жазмалардын ташка чегилген тексттери табылып,
жогорудагы окумуштууларды далилдери ого бетер ынанымдуу болуп
калды. Ташка чегилген руникалык жазмаларды, эпитафияларды
изилдеген С.Е.Малов, И.А.Батманов сыяктуу окумуштуулар
Енисейдеги, Орхондогу жазуулар кыргызга таандык экенин жана
алардын азыркы кыргыз жериндеги (Мисалы, Талас өрөөнүндө - С.З.)
таштагы эстеликтерин да кошо көрсөтүп отурат. С.Е.Маловдун көз
карашы боюнча “Кыргыздар уйгурлар менен теңтаймашкан күчтүү
Енисей мамлекетин түзгөн. Тофалар (Карагастар менен тубалыктар
14
урянкайлар, сойондор) кыргыздар тарапта болгон деп ойлоого болот”.
Ошентип кытай тарыхчыларынын жазып калтырган маалыматын
“кыргыз”, “какас” деп талашкандар кыргыздардын пайдасына
чечкенин көрүүгө болот.
В.В.Радловдун берген маалыматына караганда кыргыз деген наам
байыркы убакта башка коңшу элдин тилинде киа-куси де кы-лы-ки-цы
сыяктуу формада да айтылган экен (В.В.Радлов, Ауs Сибирь, Лейпциг,
1882, 29-бет.).
Академик В.В.Радлов өзү тилчи жана фольклорист болгонуна
байланыштуу (бул киши археологияга да аралашкан, тарыхты да,
этнографияны да жакшы билген. – С.З.) “Кыргыз” деген сөздүн
этимологиясын изилдеген. Ал “Этнографический обзор турецких
племен Сибири, Монголии (перевод с нем. проф.Н.Н.Козьмина.
Иркутск – 1929, стр.18) жана “Средняя Зерафшанская долина”
(Записка Императорского Российского Географического общества
СПБ, 1880, 62 стр.) деген эмгектеринде “кыргыздар” деген аталып
жүргөн элдерде (Казак, кыргыз – С.З.) жүз – 100 деген уруу топторун
билдире турганын биринчи жолу далилдеп отурат. Казактардагы улуу
жүз, орто жүз, кичүү жүз деген аттардын чыгышында жүз уруу
топторун түшүндүрүп турат. Ар бир жүздө бардыгы канча уруу
союздары бар. Дал ушул фактыга таянып В.В.Радлов кыргыздардын
чыгышы (сөздүн – С.З.) эки санга: кырк – 40 жана жүз – 100гө
байланышып кырк + жүз = кыргыз болуп кетпесин дейт.
“Кырк жүздүн” “кыргыз” болуп айтылып кетиши түрк тилинин
(В.В.Радлов татар тили деп берген – С.З.) фонетикалык – законуна
ылайык келе турганын да баян кылат. Мындай түшүнүктүн чындыкка
абдан жакын турганын алууга туура келет. Анткени, уруу
бөлүнүштөрү бир убактарда жузгө, миңге түмөнгө, сан миңге бөлүнүп,
бирок бул бөлүнүш уруу бирдиги, уруу союздары аркылуу жүргүзүлүп
согуш маалында оң канат, сол канат, ичкилик орунга (борбордун –
С.З.) бириктирилген. Мындай бирдиктер жоокерчилик замандын
эрежесине, уруу союзунун эрежесине туура келген. В.В.Радлов
келтирген кырк жүз жөнүндөгү түшүнүк эл арасында кырк уруу
кыргыз деп аталышында жолугат. Манасчы Багыш Сазановдун
айтуусунда “кырк уруу кыргызга” төмөндөгү уруулар кирген:
1. Катаган
5. Теит
2. Багыш
6. Дөөлөс
3. Могол
7. Жоокесек
4. Карачоро
8. Бостон
15
9. Нават
10. Болгон
11. Нойкут
12. Сумара
13. Окчу
14. Каракалпак
15. Шыбаа
16. Серпи
17. Эдигер
18. Бадам
19. Кыдырша
20. Кызыл аяк
21. Мундуз
22. Кушчу
23. Кылыч тамга
24. Айсак
25. Кыба
26. Дабат
27. Кыпчак
28. Толоо
29. Жетиген
30. Сая
31. Сапыран
32. Көлөп
33. Ардай
34. Шаңкай
35. Тоту
36. Көкун
37. Такылдак
38. Калча
39. Байчоро
40. Жанчоро1
(1ИЯЛ АН Кырг.ССР фонд. инв.
№341, 5-12 беттер “Манас”
бөлүмү)
Бул келтирилген уруулардын айрымдары башка түрк элдеринин
этникалык составында бар болсо, көпчүлүгү кыргыз элинин оң, сол
жана ичкилик тобунда сакталып калган. Ошентип “кыргыз” деген
аттын пайда болушуна кырк уруудан куралдан кырк жүздүн негиз
болгонбу деген түшүнүк келип чыгат. Бирок, мунун өзү, дал ушул гана
туура, мындан башка варианттары туура эмес деген кескин жыйынтык
эмес.
XVI кылымдын жандуу эстелиги катары бизге жеткен, “Маджиму
ат - таварик” те (Муну Сайф-аддин ибн дамулла Шах Аббас
Акенкенти жана анын улуу Нур Мухаммад ибн мулла Сайф ад-дин
Аксыкент жазган – С.З.) кыргыз деген сөздүн чыгышын Румда
(туреция – С.З.) жашап, Көрезмге чейинки аймакта могулдар менен
аралаш көчүп жүргөн гуздарга алып барып такайт. Гуздар Жафар
Садык деген имамдын жетекчилиги менен жашап турганда Сириянын
ханы Абу-л-Хайр тарабынан талкаланып Котон, Кашмир жакка
сүрүлөт. Андан Камулга (Кабул – С.З.) өтөт. Ал жактан дагы катуу
кыйроого учурап Узгентке (Өзгөн – С.З.) келип туруп калат. Султан
Санджар салык төлөбөгөндүгү үчүн гуздарды дагы кыргынга
учуратат. Эптеп андан аман калган кырк гүз Ходжент тоолорунда
жашайт. Ошол кырк + гуздан тараган эл кийин кыргыз болуп кетти
16
дейт (“Маджму ат-таварих” 22-бет. Фонд. МЯЛ АН Кирг.ССР. инв.№
5041). Ошентип мында да бир чындыктын үлүшү жатат. Анткени орто
кылымдын тарыхый маалыматына таанышсак гуздар деген эл болгону
ачык. Ал түгүл жети гуз, тогуз гуз деп аталгандары болгон. Муну орто
кылымдагы перс, арап илимий маалыматтарынан жолуктурабыз.
Мисалы X кылымдын географиялык сочинениеси болгон Абу Искак
Ибрахим ибн Мухаммад ал-Истахринии “Китаб Масаник ал-мамалик”
(“Книга путей государств”) деген китебинде түрк урууларынын
эсебинде турган тогуздар, кыркыздар, кушактар, гуздардын жана каз
тилдери бир деп берилет. (1. Материалы по истории киргизов и
киргизии, вып., 1. изд. “наука”, М., 1973, стр.16). Ошондой эле алар
бири-бирине чектеш, аралаш жашап турушкан. Дал ушунун өзүнөн эле
кыргыздар менен гуздардын тилдери бир болсо (же окшоп), алардын
кошулмасынан кыргыз + гуз = кыргыз болуп кеткенби деген да ой
туулат. Мусулман тарыхчысы Абулгазы кыргыздарды Огуз хандын
тукуму катары карайт. Эл оозунда Өгүз хан, Угуз хан деген аттар дал
ушул эле Огуз хандын ар түрдүү айтылышы. Ал түгүл кыргыз
санжырасында дагы түпкү атабыз Угуз хан деп берилет. XI – XIII
кылымдарда түрк урууларынын эң негизги массасын огуздар менен
туркмөндөр, ошондой эле карлуктар ээлеп турган (Кара: Д.Е.Еремеев.
Этногенез түрк. М., 191, стр.95). XI кылымда огуздар жыйырма төрт
урууга бөлүнүп турган.
Ошол эле урууларда кырык же кырк деген уруу жолугат. Булар
кийин гуздар менен аралашып кырк + гуз = кыргыз болуп кетиши
ыктымал. Бирок кыргыз деген сөздүн байыркы формасы жөнүндө ой
жүгүрткөн окумуштуулар да бар. Ал жөнүндө сөз кылуудан мурда
мусулман тарыхчылар Рашид ад-дин берген маалыматка таянсак Огуз
хан Яфесттен тараган Карахандын тукуму болуп чыга келет. (Сборник
летописей. История моголов, сочинение Рашид-Эддика изд.Березина
СПб., 1858. 1.текс, 13 внизу) экинчи бир кабарда Яфесттин жети
баласынын бири Менинг же мингден гуздар келип чыгат. Түрк
урууларынын бири болгон гуздар жөнүндө айрым маалыматтар
ушундай (В.В.Бартольд, том.II. М., 1963, 579-бет).
Ошентип гуздар жөнүндөгү маалыматтар кыргыздар тараган Кара
ханга барып такалат. Экинчи жагынан уруу союзунун бирдигин түзгөн
кырк урууга кошулат. Кырк демекчи – бул сөз кыргыз деген сөздүн
түпкү уңгусу болгондугун тилчи-окумуштуулар бир топ далилдер
менен айтышат. XIX кылымдын экинчи жарымында эле бурят
окумуштуусу Доржи Банзаров кыргыз жана кэрчут деген сөздөр түрк
17
тилиндеги кырк деген сөзгө көптүктү билдирүүчү “ыз” мүчөсү
жалгануу менен пайда болгон деп эсептеген (Д.Банзаров, Собрание
сочинений. – М., 1955, 184-стр.). Анткени өз бет алдынча турганда
каткалаң тыбыш менен аякталган сөз “з” мүчөсү айкашканда
алдындагы каткалаң тыбыш жумшарып айтылат. Тактап айтканда “К”
тыбышы “Г” болуп өзгөрөт. Мисалы, “кырк”, “кырык” деген сөздөргө
көптүктү билгизүүчү “ыз” мүчөсү уланганда кырк + ыз = кыркыз же
кырыкыз болбостон кыргыз болуп айтылат. Ал эми байыркы кезде “к”
тыбышы жумшарбай эле кыркыз түрүндө айтылган. Аны биз
(С.Е.Маловдун “Енисейская письменность Тюрков”. М.- Л., 1952, 48стр.) деген эмгегинен билебиз. Кыргыз деген сөздүн да ушундай жол
менен пайда болгонун туура деп эсептеген кыргыз тилчилери да бар.
Мен бул жерде Маанайкул Мураталиевдин “Кыргыз деген наамдын
этимологиясы жөнүндө” деген (“Кыргызстан маданияты” газетасы, 5март, 1981-жыл) макаласын жана Касымбек Сейдакматовдун “Кыргыз
тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү” (Ф., 1988-ж. 70-бет.) деген
китебин эске алып жатам. М.Мураталиевдин пикирине караганда
“кырк” деген жалаң гана сан атоочтук мааниде эмес анда байыркы
учурлардагы башка түшүнүк да катылып жаткан сыяктуу. Мисалы
кырк уруу, кырк чоро, кырк аш, кырк челпек, кырк күн аза күтүү ж.б.
сөздөрдө “кырк” эпикалык гана сан болбостон ошол учурдагы адатсалтка, тарыхка байланыштуу кошумча мааниге ээ түшүнүктө
тургансыйт. Бул сөз жети катар жер, алты катар асман дегендей
мифологиялык түшүнүккө ээ болуп жүрбөсүн. Мусулман тарыхында
көп жолуккан кырк чилтен да мындан алыс кетпегенсийт. Бирок
азыркы учурда кырк деген сөздүн сан атоочтук маанисинин байыркы
учурда “ыз” мүчөсүнүн жалганышы менен заттык мааниге өтпөстөн
(кырк + ыз = кыргыз, кыргыз заттык мааниде эмес – С.З.) көптүк сан
атоочтук мааниде башкача айтканда, кыргыз сөзү кырктар деген
мааниде болгон. Ошентип кыргыздар кырк уруунун биригишинен
түзүлгөн эл деген түшүнүк бир топ ишенимдүү. Ушул азыр да
өзбектерди – миң тукуму, же токсон боолу деп, казактарды үч жүз
тукуму дегенди жолуктуруп калабыз. Бара-бара сандык маани заттык
мааниге өтүп кеткен. Бирок биз “кыргыз” деген сөздүн этимологиясын
чечмелөөгө аракет кылганда анын байыркы формасы дал ушул азыр
айтылышындай болгон деген түшүнүктөн алыспыз. Анткени элдин
тили ошол курчап, аралашып турган элдин тили менен жакындашып,
алардын таасиринде көп өзгөрүү дуушар болот. Бир кезде жок
тыбыштар кирет, бар тыбыштар жоголуп кетиш мүмкүн. Ал түгүл
18
фонетикалык законунда да көп өзгөрүүлөр болуп турат. Тилдеги
жандуу процесс, сөздөрдүн айтылышына ошондой эле анын
маанисинин өзгөрүшүнө, байышына, тарышына алып келет. Ошондой
эле миңдеген жылдар тарыхты бир ат менен жашап келген эл экинчи
атка өтүп жашай бериши мүмкүн. Тарыхтын чайпалышы менен чоң
элдер жоголуп урууларга айланып, тескерисинче айрым уруулар
бүтүндөй бир элдин атына ээ болуп калышы да ыктымал. Мындай
мисалдар абдан көп, алар жөнүндө кийинчерээк токтолобуз.
КЫРГЫЗДАРДЫН ОҢ, СОЛ БОЛУП БӨЛҤНҤШҤ
Элдик санжырада оң, сол деген сөздөр абдан көп колдонулат.
Уруулар жөнүндө сөз болуп калса; ал – оңго кирет, ал – солго кирет
деп, калышат. Ал эми – оң сол деп, эмне үчүн аталып калган десең, ар
түрдүү уламыштарды айтышат. Алардын бири мындай. Байыркы
убакта кыргыздар урук урук болуп жашап келген. Кийин, бийдин
тушунда гана; оң сол болуп бөлүнгөн дейт. Долон бийдин аялы эгиз
төрөйт. Эки баланын бирин – Ак уул, бирин – Куу уул коѐт. Экөөнун
тукуму өсүп, аралаш айыл конуп, мал-жаны көбөйөт. Бирок, тукуму
өскөн сайын чыр чыгып, чатак көбөйөт. Керишкен келиндер,
айтышкан аялдар чыгат. Ак уул, Куу уул сүйлөшүп, жайлоого
чыкканда бөлүнүп конбосок болбой калды дешип, атасы Долон бийге
акыл салышат. Ак уул: - Мен айлым менен Соң-Көлдү жайласам деп
турам. Куу уул Кара Кужур чыксам дейт; ата буга эмне дейсиң? –
дейт. Анда, Долон: - Мен муну биле албайт экемин, Мамбет акеге
баргылачы - ошо киши чечсин – дейт. Ал экөө Мамбет акеге барып,
атасына айткан сөздү айтышат. Ал киши ойлонуп туруп: “Жакшы,
жакшы, ак уул, сен менин оң жагыма турчу. Куу уул сол жагыма турчу
дейт. Мына, бириң оң, бириң сол жагыма турдуңар, экөөң айткан
жайлооңорго жайлай бергиле, бирок мындан ары бириңдин тукумуң –
оң, бириңдин тукумуң – сол аталсын”, - оомийин, бата кылат.
Ошондон тартып Ак уулдун тараган уруктар, уруулар – оң аталып
кетет. Куу уулдан тараган уруктар, уруулар – сол аталып кетет. – Жок
андай эмес, - дейт, экинчи санжырачы. – Ак уул, Куу уул эгиз
төрөлгөнү чын. Оң, сол, деген, анын энеси болгон: “Ак уул, мурда
төрөлгөнү – оң бөйрөгүмдө жатканы. Куу уул кийин төрөлдү – сол
бөйрөгүмдө жатканы”. Алардын тукуму ошол энесинин айтымы
боюнча оң, сол болуп бөлүнүп кеткен. Мындай уламыштарды, XIX
кылымда,
кыргыз
жергесине
келген
орус
саякатчылары,
19
окумуштуулары да жазып алышкан. 1859-жылы орус саякатчысы –
Голубев жазып алган легенда боюнча, Кыргыз деген адамдын Абыл
(Ак уул), Кабыл (Куу уул) деген эки уулу болгон. Ак уулдан оң – бугу,
сары-багыш, солто, черик, саяк, чоң багыш, жедигер тарайт. Куу
уулдан сол-саруу, кушчу, мундуз, кытай тарайт. Голубев дал ушул
уруулардын жайгашкан жерлерин байкап көрүп, оң уруулар чыгыш
жагында, сол уруулар батыш тарабында жайгашкан экен, ошондуктан
булар түндүктөн – Енисейден келген эмес, эгер алар Енисейден келген
болсо, тескерисинче жайгашкан болор эле дейт (“Записки И.Р.
географического общества”, 1861. книга 3, стр.114).
Кыргыздардын уруу түзүлүшүн изилдеп, санжырасын жазган казак
окумуштуусу Чокан Валиханов, Голубев жазып алган легенданы
уккан, андан башка варианттарын да билген. Анын түшүнүгү боюнча:
оң, сол – адамдын оң колу, сол колу дегендей мааниге ээ. Оң дегенде –
негизги урууларды түшүнө тургандай, сол дегенде – жардамчы, аз
урууларды түшүнө тургандай баяндаган. Ал, казак элинин улуу жүзүн
- оң дегенди теңеп, кичүү жүзүндө - солду салыштырат. Чокан
кыргыздардын оңго кире турган урууларына: (Ал, оң кол, сол кол деп
эле берет – С.З.) солто, бугу, сарбагыш, саяк, черик, чоң багыш,
багыш, моңолдор, адигине, басызти кошкон. Солго: саруу, кутчу,
мундуз, кытай, ошондой эле бөрү, кесек, кыдырчы, дөөлөс, бостон,
ардай, мөнөк багыш, чоң багыш, кангы, таранчы, будайчыларды
кийриген (Ч.Ч.Валиханов, том 2, Алма-Ата, 1985, 42-45 беттер). Биз,
бул жерде, Чокан Валиханов кайсы жерден ката кетирген, кайсы
урууларды алмаштырып алган – алар жөнүндө сөз кылбайбыз. Мында
ал, оң менен солго кыргыз урууларынын кайсыларын киргизгенин,
көрсөткөнүн, жана оң менен солду кандай түшүнө турганына гана
көнүл бөлдүк. Ал XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жеринде
болгондо санжыраны дал ошондой түшүндүргөн санжырачылар
болгон.
Кыргыздардын оң, солго бөлүнгөнүн билген жана аларды терең
изилдеген Чокан Валихановдон кийинки чоң тарыхчы, этнограф орус
окумуштуусу – Н.А.Аристов болгон. Ушул окумуштуу кыргыздардын,
казактардын санжырасын жыйнап, көп изилдеген. 1895-жылы, СПетербургда; “Опыт выяснения этического состава киргиз – кайсаков
большой орды и каракиргизов”, - деген эмгегин чыгарган. Ушул
эмгегинде, өзүнчө кыргыз жеринде болуп, кыргыздар жөнүндө жазган
окумуштуу саякатчылардын эмгегине мүнөздөмө берип, кыргыз
20
урууларынын оң, солго, бөлүшүнүн байкап, бирок, ар бир уруу кандай
уруктарга бөлүнө турганын келтирип кеткен. Алар мындай:
1. Ичкиликтер – кыдырша, канды, найман, теит, кесек, оргу,
дөөлөс, кара теит, чал теит, бостон, кызыл аяк, кара саадак.
2. Адигине – бөрү, баргы, олжоке, тооке, кара баргы, сары баргы,
тастар, көкчө уулу, элчибек, сарттар, савай, жөрү, кара саадак.
3. Монгуш – кудагачин, жапалак, төлөйкөн, жоош, жылкелди,
сарылар, сарай, көк жактык, соколок, тейне, эрке кашка, моңол.
4. Тагай – бугу, сарыбагыш, солто, багыш, чоң багыш, черик, саяк,
басыз.
Кыргыздардын кийинки кездердеги санжырачылары оң, солду Ак
уул, Куу уулдан бөлүп, Адигине, Тагай, Наалынын (Моңгуш –
Моңолдор, Наалыдан – С.З.) тукумун оңго кийрип, Куу уулдун тукуму
катары – кытай, кушчу, саруу, мундуз, басызты көрсөтөт. Айрым
санжырачылар отуз уул, ичкиликтерди солго кошуп жиберет. Мындай
санжыраны Алымбеков Тургунбек Балык манасчыдан угуп жазып
калган. Ошентип, кыргыз санжырачылары, кыргыздарды негизинен,
оңго, солго бөлгөндө, эки бир туугандын уулунун бөлүнүшү катары
караган. Айрым варианттарында: оң кол, сол кол жагында туруп
калганы боюнча айтылып жүрөт деп түшүндүрөт. Мындай түшүнүктө,
кыргыз санжырасын жазып жүргөн Осмоналы Сыдыков, Белек
Солтоноев да болгон. Түштүк кыргыздардагы санжырачылар, мисалы,
мага жолуккан –Эгербердиев Акунбай жана Майлы Сайдан жолуккан
– Тагай; оң, солду – оң тарабында, сол тарабында тургандыктан
аталып калган деп, ичкиликтерди тоодо жашаган, кыргыздар шаар
тегерегиндегилерди ичкеридеги ичкиликтер деп атап жүрүп, ошондой
атыктырып жиберген деп, түшүндүрүштү.
Чынында, кыргыздардын: оң, сол, ичкилик деп, аталышы
согуштан келип чыккан. Байыркы убактарда, орто кылымда, ал түгүл
кийин деле, согуш мезгилинде кошундарды: оң канат, сол канат,
ичкилик (борбор) деп, бөлүп, согушка кирген. Ошондой согуш
мезгилинде – кол башчы баланча, баланча уруулар: оң тарапта, оң
канатта турасыңар, түкүнчө, түкүнчө уруулар: сол канатта турасыңар,
борбордо (ичинде, ичкиликтер) – баланча, бастанча уруулар турат
дешкен. Уруу түзүлүш мезгилинде мындай жайгаштыруу салт болуп
калган. Мындай бөлүштүрүүнү кыргыздар эле эмес, бүткүл дүйнө эли
колдонгон. Муну, байыркы дүйнөнүн, орто кылымдын тарыхына
тааныш ар бир адам байкай алат. Ал түгүл, кыргыздардын оң, сол
болуп бөлүнүшү согуштан келип чыкканы. XV кылымдын бизге
21
жеткен эстелиги, “Маджму ат-таварихте” ачык баяндалган. Бул кол
жазма түрүндөгү санжыра китепче, жалпы массасына анча белгисиз
болгондуктан, ал жөнүндө анча-мынча маалымат берип кетсем деп
ойлойм. Бул “тарыхтардын жыйнагынын” жазылган мезгилин
окумуштуулар – XV кылымдын аягы XVI кылымдын башы деп,
болжолдошот. Санжыраны – Сайф ад-дин ибн дамулла шах Аббас
Ахсикенти жазган. Экинчи бөлүгүн анын уулу-Нур (Навруз)
Мухаммад ибн мулла Сайы - ад-дин Ахсикенти уланткан. Кол жазма
карапайым тажик тилинде (парс тили – С.З.) жазылган. Мында бизди
өзүнө тарткан кызыктуу жери – “Манас” эпосу жөнүндөгү турмуштук
фактылардын болушу, эпостун негизги сюжетинин мында карапайым
турмушта болгондой, болгондо да, XIV кылымда жашаган Токтомуш,
Темирлан менен байланышта айтылышы жана кыргыз санжырасынын
жазылышы кызыктырат. Бул жыйнактын “Манас” эпосуна
байланыштуу жагын эпосту изилдөөчүлөр кеңири пайдаланып, өз
ойлорун айтып жатышат. Мен бул жерде, кыргыз санжырасына
тиешелүү учурларына гана токтолом. Азыркы учурда бул санжыранын
үч нускасы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын коомдук илимдер
бөлүнүшүнүн кол жазма фондусунда сакталып турат. Биринчи
нускасын
тажик
окумуштуусу
А.Т.Тагиржанов
Ленинград
университетинин чыгыш фондусунун архивинен тапкан. Экинчи
нускасын тарыхчы В.А.Ромадин СССР Илимдер Академиясынын Азия
элдеринин институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн архивинен
тапкан. Үчүнчүсү - 1960-жылдан ортосунда, Ала Букалык Назармат
аксакалдан алынган. 1970-жылдардын башында, атайы Назармат
аксакалды издеп барып жолуктум. Бул киши менен аңгемелешип, кол
жазманын эл арасына көп эле тараганын түшүндүм. Анын
Ленинграддын архивине барып калышына, XIX кылымда Орто Азияга
келген орус окумуштуулары, саякатчылары себеп болгон. Назармат
аксакал менен сүйлөшүп отуруп, кол жазмада эскерилген Аксыкент
калаасы кайсы жерде болгонун сурадым. Ал – Ала Буканын Чаткал
тарабынан агып чыккан, Касан сай суусунун Сыр Дарыяга куйган
жери деп, айтып берди. Анын эртеси Ала Буканын райондук
газетасында иштеген Рыскулов Калмурат деген журналистти
ээрчитип, экспедициянын мүчөлөрү менен, байыркы Аксыкент
шаарынын бузулган ордосун көрдүм. Кудай жалгап, Рыскулов
Калмуратта Өзбекстандын археологдору чыгарган Аксикент
жөнүндөгү китеп да бар экен. Анда, Аксыкент шаары 1540-жылдары
катуу жер титирөөдө талкаланганы айтылган. Ошондон кийин
22
Наманган шаары өсүп чыккан. Аксыкент андан мурда жазылган
“Бабур намеде” да учурайт. Айрым санжырачылар – бул шаарда
кыргыздар үстөмдүк кылган, кыргыздардын Аксы деген байыркы
шаары ушул деп, айтышты. Бул, сөзгө, “Маджу - ад-таварихты”
окуганда ого бетер ишенип калдым. Анын үстүнө, байыркы убактарда
түрк урууларды аралаш жашаганын көп эле жазмалардан, ошол
мезгилде жазылган “Кут алчу билим” деген Жусуп Баласагындын
жана Махмуд Кашкаринин “Түрк тилинин сөздүгү” деген
эмгектеринен жана “Манас” эпосундагы окуяларга, Орто Азиядагы
түрк урууларынын катышканын байкоого болот.
“Маджму ад-таварихте”, кыргыз деген атты чечмелеген легенда да
бар. Бул легендага караганда, бир убакта, Румдан Хорезмге чейинки
аймакта - гуздар деген эл жашаганы, бирок, аларды, Сирияны
башкарган Езиданын тукумунан чыккан - Абу-л-Хайры, Джафар
Садык деген имам менен бирдикте талкалайт. Абу-л-Хайрыдан
талкаланган гуздар – Хотон, Кашмирге сүрүлөт. Ал жерде жай таба
албай, Кабулга өтөт. Кабулда аларды баштап келген имам өлөт да,
гуздар Өзгөнгө келишет. Ал жерди – Султан Санжар деген башкарып
турган болот. Ал келген гуздарга салык салса, алар төлөбөй коюшат.
Ага жини келген Султан гуздарды кырып таштайт. Андан кырк гуз
гана качып чыгып, Ходжент тоосуна жашынат. Ошол кырк гуздун
тукуму кийин кырк + гуз = кыргыз болуп кеткен дейт.
Кийин ошол кыргыздарга Имам Ибрагим кол башчы болуп,
Касандын жанында Гурканды талкалаш үчүн, кыргыздарды – оң жана
солго бөлүп, аларга башчы шайлап, Гурканды жеңип чыгып, Касан
шаарын негиздеген. Дал ушунун өзүнөн эле эки нерсени түшүнөбүз.
Биринчиден, гуздар деген эл кыргыздардын этникалык составына
кирген окшойт. Экинчиден, оң, сол болуп бөлүнүш согуштан келип
чыкканы түшүнүктүү болуп турат. Тарыхый маалыматтарга караганда,
караганид династиясы түзүлгөнгө чейин борбордук Тянь-Шанда жана
Жети Сууда – карлуктар, уйгурлар, чигилдер, ягмалар, түргөштөр,
кыргыздар, тогуз гуздар, огуздар, гуздар, туксилер, кыпчактар,
аргулар, аздар жашап турган. Арап саякатчысы – Абу Искак Ибрахим
ибн Мухаммад ал-Истахринин Х кылымда жазып калтырган: “Китаб
масалик ал-мамалик” (“Книга путей государств”) деген географиялык
чыгармасына таянсак; тогузгуздар, кыргыздар, кумактар, гуздар,
казладдар бир эле тилде (негизи) – сүйлөшүп, бири бирине эркин
түшүнгөнүн билебиз (“Материалы по истории киргизов и киргизии”.
Выпуск 1. М. – 1973. 16 стр.).
23
Ошентип, “Маджму – ат таварихтеги” гуздар гуздар жөнүндөгү
бекер жерден чыкпаганы байкалып турат. Ал эми, биз жогоруда
келтирген Абу Искак ибн Мухаммад ал – Истахринин эмгегине
караганда, кыргыздар менен кошо, тогуздар, гуздар жашап турганы
көрүнүп турат. Ошондой эле, Х кылымдарда, Фергана өрөөнүндө,
Шаш (Сыр Дарыя) дарыясынын жээгинде – Аксикент шаары жана ага
жакын Касан жана Чаткал областарында көп айылдар, кыштактар
бардыгы айтылган. Кийинки XV кылымдын эстелиги катары бизге
жеткен “Жаджму – ат таварихте” да: Аксикент, Касан-гүлдөгөн шаар
экени айтылат. Мында, мусулманчылык үстөмдүк кылып, молдо,
имамдар чечүүчү роль ойногону көрүнүп турат. “Маджму ат-таварих”
боюнча оң, сол мындайча бөлүнөт.
Оңдун санжырасы:
Аналхакк – Лурхан - Гуз-хан – Арсланг бий – Кулу бий – Шахбдур
бий – Темиш бий – Мары бий, Шүкүр бий – Кафланг бий – Сангин бий
– Сара бий – Гази бий – Дамбур – Долон – Көктемиш –Боз – оглан –
Ак – огул – Отуз – огул – Солус – Бек.
(Булагачы)
БУЛАГАЧЫДАН: бостон, теит, жоо кесек, дөөлөс, кыдыр хан,
каңгы.
ОТУЗ УУЛДАН: Адигине, Мунгкуш, Кара багыш, Тагай.
Солдун санжырасы:
Анал – хакк – Лур – бузург – Гуззад – Дин Клыч – Доуле бий –
Домбул бий – Мунин бий-Дарвиш бий – Кемин бий-Нури – Михран –
Назар бий-Жарамбий – Сүйүндүк бий – Сары – Мухаммат – Бай
Муххамат Кенже Мурат-Нааш – Кункайды бий – Кувай бий – Абул
бий – Атан бий – Лаклак бий – Буга бий-Сары-Ку огул. Ку огул (куу
уул – С.З.) дан:
1. Басыз,
2. Лалым кушчу,
3. Ай Баш мундуз,
4. Чоң Багыш,
5. Саруу,
6. Сунджек кытай.
Мында көнүл бура турган нерсе, Ак уул, Куу уул тукуму, кийинки
кездеги санжырачылардын айтканына, негизинен, туура келет. Мында
болгону, ичкиликтерди – оңго кийрип койгон. Ал эми, Балык Кумар
уулунан
уккан
Алымбеков Тургунбековтин
санжырасында,
24
ичкиликтерди солго кошуп койгон. Кийинки кезде айтылып жүргөн
санжыраларда Долондун Ак уул, Куу уул, деген эгиз уулу болгону
жана ошолордон кийин гана оң, солго бөлүнгөнү жөнүндө сөз болот.
“Маджу-ат-таварих” боюнча, Ак уулга чейин жыйырма ата өткөнү,
Куу уулга чейин жыйырма төрт ата өткөнү көрүнүп турат. Эгерде биз,
этнографтар кабыл алган санак менен эсептесек, жыйырма ата өтүш
үчүн – 500 жыл керек. Эгерде, биз, Адигине, Тагайдын доору XV
кылымда болгон деп эсептесек, бул санжыранын башы Х кылымга
барып такалат. Демек, мүнү караганиддердин доорунан берки санжыра
деп эсептөөгө болот. Өз мезгилинде бул санжырага – Осмоналы
Сыдыков тааныш болгон. Ал, мындан байкалат: Белек Солтоноев
Осмоналы Сыдыков жазган “Муктасар тарых-и кыргызийи” (1913ж.Уфа) чыккан китебин окуп алып, “Осмоналы Адигине, Тагайга
чейин 20 атаны каяктан алган” деп, эскерет. Кебетеси, Белек
Солтоноев XIX кылымда кол жазма түрүндө элге тараган –
“Маджмуат таварих” менен тааныш эмес окшойт. Ал эми, Осмоналы
Сыдыков, жыйырма атаны дал ошондон алганы көрүнүп турат.
Кийинки мезгилдеги санжырачылардын, жана менин элден жыйнап,
сурап тактаганым боюнча, оң сол, ичкиликтер төмөндөгүдөй
уруулардан турат:
I. ОҢДОР: («Маджму ат-таварих” боюнча, Анал-хакктын: Лурхан,
Лур-бузург деген эки уулунан баштап бөлүнөт. Лурканды оң уруунун
башына койгон. Лур-бузургду сол уруунун башына койгон). Азыркы
бөлүнүшү Долондун Көктемиш, Боз уул деген жана небересинен
кийинки кыбырасы – Ак уулдан башталат. Көп санжырачылар
Долондун Ак уулга чейинки эки уулун унутуп Ак уулду Долондун өз
баласы катары катары айтышат. Чынында Ак уулдун атасы Боз уул,
анын атасы Көк Темиш, анын атасы Долон. Кийинки санжырачылар
ортодогу эки атаны унутуп, Долондон кийин эле Ак уулга өтүп
кетишет. Мунун тууралыгын XV кылымдын эстелиги катары бизге
жеткен “Маджму ат-таварихтен” да көрүүгө болот.
Айрым санжырачылар, Ак уулдун Долон деген баласы болгон
дейт. Долондун эки уулу, бир кызынан – оңдорду таратат. Кыргыз
санжырасында ушул вариант үстөмдүк кылып кеткен. Ал боюнча
оңдорго төмөндөгүдөй кирет:
1. Адигине тукумунан: бөрү, баргы, олжоке, тооке, карабаргы,
сары баргы, тастар, көкчө уулу, элчибек, сарттар, савай, жору, ардай,
мунак, кара багыш, ак буура.
25
2. Тагай тукумунан: Богорстон, койлон, кылжыр. Богорстондон
солто, Койлондон жедигер, Кылжырдан – сарбагыш, бугу.
Карачородон – багыш, Тагайдын башка уулдарынан саяк, азык, черик,
желдең, коңурат.
3. Наалыдан (кыз, күйөөсү Көкө):
Көкө тукуму айтылбай, Наалы эжеден:
Көкө тукуму айтылбай, Наалы эжеден: Моңол, Дор деген, эки бала
деп, айтылат. Алардан тараган тукумдар: Кудагачы, жапалак,
төлөйкөн, жоош, жылкелди, сарылар, сарай, көк жатык, соколок,
тейне, эрке кашка, моңол. Долон-калмактардын чабышында Каракужурдан качып келе жатып белде өлгөн. Анын: Наалы, Адигине,
Тагай деген бир кызы, эки уулу калган, Долон өлгөн бел, кийин –
Долон ашуусу аталып калган дешет. Кыргыз санжырасында бул
бөлүнүштөр, уруктар, жөнүндө түрдүүчө чечмелөө айтылат. Булардын
айрымдарын тондуу уул, тонсуз уул деп бөлүп, Адигине, Тагайдын,
Наалы эженин өз баласы жана бакма баласы катары чечмелегенин да
жолуктурабыз. Булардын эмне үчүн ар түрдүү чечмеленип калганын
өзүнчө түшүндүрүүгө аракет кылабыз.
II. СОЛГО кире турган уруулар:
1. Саруу; 2. Кушчу; 3. Кытай; 4. Мундуз; 5. Басыз; 6. Кырк уул.
Саруудан: Керкебул, Тубай, Алакчын. Керкебулдан: Кабай, Жабай,
Бешим. Тубайдан: Тагайберди, Мураталы, Жаманкара, Тайторум.
Алакчындан: Кыча, Эржолон.
Кушчудан: Мамбет, Токтук, Бекмурат, Талаймат, Сулпаян,
Сабатар, Кангелди, Бүргө, Кайназар.
Кытайдан: Байтике, Буудай, Алкожо.
Кытайдын балдарынан тарагандар жогору тамга, төмөн тамга деп
экиге бөлүнгөн.
Жогорку тамгалар: Чотон, Олжобай, Чопук, Чырак, Алак,
Байдөбөт деп бөлүнөт.
Төмөнкү тамгалар: Дос, Кара көбөк, Кесеккара, Итеш деп бөлүнөт.
Мундуздан: Ак үйлүү мундуз, Бай мундуз деп экиге бөлүнөт.
Ак үйлүүдөн: Дарга, Шыдыр, Кыйра, Аюк, Көкчө-көз, Чартал,
Дөлбөл, Сатыке.
Баймундуздан: Алдеш, Абышка, Эрназар, Мышык, Кубат.
Басыздан: Түгөлбука, Айдыралы, Жээренче, Караке, Кашка,
Бактыгүл, Көчөк, Казкана, Маамат, Белек, Байсокур, Каракана, Тооке,
Жээналы, Кудайлат, Маматбек, Керкитамга, Кылыч тамга, Тилеке,
Оторгор, Куракана, Чоют, Тогуз, Агабаш, Байсокур.
26
Кырк уулдан: Күлсеит, Кулчумагак, (Бегим) Басу. (Келдей, Беш
каман).
III. Ичкилик уруулары:
1. Канды
2. Дөөлөс
3. Теит
4. Найман
5. Жоокесек
6. Бостон
7. Нойкут
8. Кыпчак
9. Ават
Кандылардын бөлүнүшү: кара канды, сары канды, уман канды, чоң
ака, орок тамга, үчөк тамга, каранай, алашан, түркмөн, уйгур булга,
шаран.
Теиттер: Кызыл баш, Галча, Кызыл бай, Зарип, Наурис.
Наймандар: Байбол, Жанбол, Кудайменде, Бөө, Тума, Гандыке,
Үркүнчү Босторгой, Тентек, Каранайман, Сарыбай, Боткочу, Боз,
Көкө, Ходжо.
Жоокесек – алты ата жоокесек.
Бостон – боз ала бостон уруусу. (Бозала, Жадар, Ботманке,
Баймат), Нойкут: Муканай, Кара моюн, Найман (урук) манаш,
Чинатан, Акназар, Бөжөй, Чардагай, Шага, Логман, Черчи.
Кыпчак: Торайгыр, Таз кыпчак, Таймат кыпчак, Кожомшүкүр
кыпчак, Жаманак кыпчак, Кармыш кыпчак, Алтеке кыпчак, Омонок
кыпчак, Кабалы кыпчак.
Ават: Токмок, Уста, Жой, Гуджен, Чолой, Алатакы, Эшкара,
Моңол, Бөтөнжанат.
Ошентип, биз кыргыз санжырасындагы оң, сол, ичкилик
бөлүнүштөрүнө кире турган уруу, уруктарды билдик. Бирок, бул
бөлүнүштөрдөн башкача айтуучулар да бар. Айрым санжырачылар
өздөрүнүн түшүнүгүнүн чектелүүсүнө байланыштуу же ошондой
укканына байланыштуу мындай эмес деп талашышы толук закондуу.
Анткени мурдагы бай, манаптын санжырачылары айрым уруктарды,
урууларды чоң уруунун кулуна айландырып же букарасына
айландырып айтышкан. Ал түгүл жети деген санды ыйык көтөрүп
солто ичинде: жети кул, сарбагыш ичинде: жети кул, бугу ичинде:
жети кул деп айта берген. Акырындык менен мындай түшүндүрүү элге
сиңип, чын эле кул тукуму деп, шылдыңдап күлүшкөн. Чынында, бул
27
туура эмес. Аны, санжыраны терең билбеген, же санжыраны ошондой
айтууну каалаган, кызыкчылыгы бар адамдар, жайышкан. Буга, көп
мисалдарды келтирүүгө болот. Мисалы, санжыра боюнча: саяктар,
азыктар, чериктер, коңураттар, желдеңдер, ак буура, асылбаш,
бешкөрүк жана башка уруу, урук жөнүндө ар түрдүү сөздөр айтылат.
Саяктарды Тагай бийдин Карачоро деген бойдо калган баласы ээрчип
келиптир, селсаяк бала экен деп баяндашат. Чынында саяктар:
Адигине, Тагайдан мурдагы байыркы сак урууларынан калышы толук
ыктымал. Азык жөнүндөгү маалыматтар, X - XIII кылымдарда
жазылып калган арап, перс жазма булактарда “аз” формасында
жолугат. Ал мезгилде, аздар: кыпчак харлук, чигил, кумактар сыяктуу
эле түрк урууларынын составына кирген. Архивдик материалдарга
караганда, V – VI кылымдарда түрк каганаты, батыш түрк каганаты,
чыгыш түрк каганаты болуп, бөлүнүп чыгышы Дулу деп, батышы
Нушиби деп аталган. Дал ошол Нушибинин ичинде: азык, кушчу деген
уруулар бар экени айтылат (Ленинград Г.О.Архив, разряд – 65, опись –
1, № 11 18-19 – беттер). Азыркы түшүнүк боюнча алганда, батыш
түрк каганатына Орто Азия территориясы бүт кирген. Ал эми, кыргыз
санжырасында азыктарды, Тагай бийдин баласы Карачоро жолдон
азык көтөртүп келген катары гана баяндай коѐт. Чериктер жөнүндө да
сөздүн семантикасына карата эле түшүндүрө коюу жолугат.
Кыргыздарда: “Жаман жарманын кызысу менен черүүгө аттанат”, дейт. Черүү деген жоого, душманга деген түшүнүктү берип турганын
ар ким түшүнөт. Ошол сөздүн мааниси аркылуу эле, чериктер
черүүдөн алып келген адамдын тукуму деп, баяндай коюшат. Аны
далилдүү болсун үчүн, окуясы менен кошо баяндалат. Ал мындайча
айтылат. Адигине, Тагайдын тушунда калың жоо келет. Ошондо,
жоого мингидей, чаалыкпаган Коңур кула атты, Наалы эжеси багып
жүрчү экен. Адигине, Тагай ошол атты эжесинен суратып жиберсе: Кими кыжалат болсо, ошо минсин, талашып ажаты кетпесин, келген
жоону кубалап, элин жоодон сактасын, - деп Наалы батасын берет.
Каалаган аты колуна тийгенде Адигине, Тагай жигиттери менен жоону
кубалап сүрөт. Жоо сай-сайлап качып, чилдей тарайт. Ошол жоодо эки
бала колго түшөт. Биринин курсагы чердей экен, чердегей черүүдөн
түштү деп черик аталып кетет. Ошол согушта кула ат ок тийип өлөт.
Ошондо, жоодон колго түшкөн экинчи баланы Коңур аттын куну
болсун деп, эжесине беришет. Ошондон Коңурат уругу тарайт дешет.
Чындыгында: коңурат, черик уруулары, Адигине, Тагайдан
мурдагы санжыраларда жолугат. Чериктердин башчысы Байчерик,
28
XIV кылымдагы тарыхый окуяларга катышат. Коңурат уруусу
жөнүндө,
Алымбеков
Тургунбектин
санжырасында
кеңири
айтылганын, мындан мурда баяндаган элек. Кыргыздардын байыркы
мезгилинде он тогуз коңурат, жети уруу желдең деген, чоң уруулар
болгону баяндалган. Ал убакта, коңураттар өзүнчө эл болуп, кыркыз,
кыпчак сыяктуу түрк уруусунун составында турганы айтылган.
Кийинчирээк, ар түрдүү согуштардын
кесепетинен талкаланып
бөлүнүп кеткен. XIV – XV кылымдардан кийин, байыркы кыпчак эли
сыяктуу, кыргыздарга, өзбектерге, казактарга, каракалпактарга сиңип
кеткен. Азыркы учурларда, ушул аталган элдердин ичинде: кыпчак,
найман, коңурат, уруулары бар. Аны билбеген же түшүнбөгөн
санжырачылар, аларды кул катары түшүндүрө коюп, кутулуп
кетишкен. Ал түгүл, кийинки мезгилдерде ар түрдүү себептер менен
өз тобунан ажырап, башка чоң уруулардын ичине кирип калган майда
уруктарды – кул тукуму деп, букарага айландырып жиберишкен.
Мисалы, Адигине, Көкөдөн (Наалы эже) бөлүнүп, саяк ичине
кирип калган сарттарды, солто ичине кирип калган ак буураны кул
тукумуна кошкон санжырачылар да жолугат. Солто уруусунун ичинде
жүргөн шалта, бешкөрүк, көкөй уруктарын да кулдун тукуму катары
бандаган санжырачылар да бар. Алар, мурдагы санжырачылардан
укканбыз дешет. Анын чың төгүн аңдап, изилдеп отурбай, ушундай
айтылган, ушундай болот, дешет. Ал эми, кыргыз турмушунда, уруу
бөлүнүштөрү мезгилинде оозеки санжыра: чоң, мыкты чыккан, баатыр
чыккан атанын балдары боюнча тигинден тигил, тигинден бул деп,
чегмеленип отуруп, бир кишинин он уулу болсо, бир эле мыкты
чыккан баласынын аты аталып, ошонун тукумдары сөзгө алынып,
калган бир туугандарынын аттары акырындык менен унутула берген.
Ортодон жүз, эки жүз, үч жүз жыл өткөндөн кийин, жөн чыгып калган
бир туугандын аты таптакыр унутулуп, анын тукумдарынын
мыктылары жети атасын билип, калганы үч атасын да билбей унутула
берген. Санжырасы тынымсыз айтылып келген манаптын балдары,
калган туугандарын букарага айландырыш үчүн, жети атаны айтып
көрчү деп, айта албаса, кул деп жарыялап, басынтып алган.
Акырындап алардын тукуму “кулдугун” мойнуна алып, чоң
манаптардын тукумун букара болуп, отуруп беришкен. Биз жогору
жакта айткан: шалта, бешкөрүк, көкөй уруктарынын айрым
санжырачылар, солто ичиндеги жети кулга кошуп жиберет. Чынында,
булар кул тукуму эмес. Шалта менен Көкөй Эштектин Солтодон
кийинки балдары. Санжырада Солтонун атагы гана калып, Эштектин
29
жети баласынын аты унутулуп, бара-бара кул тобуна өтүп кеткен. Ал
эми, Бешкөрүк, Мааке, Солтонун Күнтуу, Кунтуу, Чаадан кийинки эле
балдары. Ушул сыяктуу, “жети кулдар” тарыхын чечмелей келсе эле,
өз бир тууганынын тукуму, же, азыркы уруулардан, мурдагы
уруулардан калган урук болуп эсептелет.
Муну биз ичкилик урууларына көз жүгүртсөк ого бетер ачык
байкайбыз. Бул бөлүмгө кирген уруулар эң байыркы кыргыздын
уруулары. Айрымдары, өзүнчө эл болуп жүргөн түрк уруулары.
Ошондуктан, алар азыркы учурларда улут болуп турган: кыргыз,
казак, өзбек, түркмөн, каракалпак, башкырт, татар, азербайджан,
балгар, карачай ж.б. элдердин ичинде: урук, уруу болуп жүрөт.
Азыркы учурларда кыргыз ичинде жолуккан: чалаказак, сарткалмак,
моңолдор, кытай, маңгыт, кыят, кангы, жалайыр, кыпчак, аргын,
найман ж.б. уруктар, бир учурда, өзүнчө өмүр сүргөн чоң элдин
үзүндүлөрү, бөлүндүсү болуп калышы толук ыктымал. Биз билгенден,
ушул, азыр, моңол, каракалпак, казак, өзбек элдеринин ичинде кыргыз
деген – уруу, урук бар. Токсон боолуу өзбектин бир боосу
кыргыздардан түзүлгөн. Казактардын ичинде бай кыргыз, жаңы
кыргыз деген уруктар бар. Какастарда: кыргыз, дөөлөс деген уруктар
бар. Моңолдордо: кыргыз, казак деген урук бар. Демек, дал ушунун
өзунөн эле, ар бир эң көп аралашкан уруктардан түзүлө турганы
байкалат. Адамдардын узак тарыхы: согуш, кыргындар, үйлөнүү, сөөк
күтүү, достошуу элдерди аралаштырып келген.
Ошондуктан: дүйнөдө таза тил жок, таза эл жок – деп, айтылат.
Адамдар бир жерде туулуп, бир жерде өсө албайт. Аны турмуш
чайкап, бирде жакынга, бирде алыска алпарып таштайт. Кээде чоң
согуштар, кыргын сүргүндөр айрым гана адамдарды эмес, бүтүндөй
бир элди жоготуп жиберет. Майда эл көбөйүп, чоң эл болот. Чоң эл
талкаланып майда урук, урууга айланат. Ошонун баарына – тарых
күнөөлү деп, чыга беребиз. Чынында анын баарын адамдар жазап:
дүнүйө, жер, байлык таламай жырткычы менен, адам коомун
чайпалтып, өзгөртүп, талкалап, кайра куруп отурат. Эмесе, ошол, көп
чайпалган кыргыз элинин тараган жерлери жөнүндө сөз кылалык.
КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАШАГАН ЖЕРЛЕРИ
“Акылман
Мушрифаддин
Саади
минтип
айтыптыр: “Он дербиш кичинекей бир килемдин
30
үстүнө жатып уктай алышат, ал эми ханга бир өлкө
тар – батпай калышат”.
Ар бир элдин кайсы жерди жердеп, кайсы жерди суулап келгени
эң негизги маселелерден экенинде талаш жок. Анткени адамдардын
жашаган, туулган жери ыйык мекенге айланып кан-жанына аралашат.
Ал Ата Журту бардык нерседен кымбат. “Ар кимдин жашаган жери
өзүнө мисир” деп ошол үчүн айтылат. Какшыган чөлдөрүн бирөөнүн
гүлдөгөн жайлоолоруна алмашпаган көп эле элди жолуктурууга болот.
Ар бир элдин жашаган жери алардын жан сактоосуна гана ылайык
болгондугу үчүн кымбат болбостон, ага көнүп, киндик каны
тамгандыгы үчүн да, Ата Журту болгондугу үчүн да кымбат. Бирок
адамдар туулган жеринде өмүр бою кала бербейт. Аны, турмуштиричилик коомдогу күрөш тынымсыз сүрүп турат. Ошондуктан “эл
ичинде эл жүрөт”, таза эл болбойт. Ага карабастан ар бир эл кандай
гана катуу кыргын-сүргүндөрдү башынан өткөзбөсүн белгилүү бир
ядросун, уюткусун жоготпой бирине-бири тартылып турат. Анда
жалаң гана тил бирдиги, дил бирдиги болбостон, кан бирдиги да бар.
Эңсеген элинен, сагынган жеринен алыс кетпей, кокус сүрүлүп
чачылса канча убакыт өтсө да кайрылып бир келет. Өз жеринин
топурагы алтын, суусу керемет. Эмесе, ошол ыйык жер жөнүндө
кыргыздардын мекени, ата-журту деген жер жөнүндө сөз кылалык.
Ушул мезгилге чейин кыргыздардын байыркы Ата мекени жөнүндө ар
түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Булардын эң негизгилери Орхон,
Енисей сууларынын башкы агымдары, Саян, Алтай аймактары жана
ортолорунда абдан чоң кеңдик жаткан Тянь-Шань тоо кыркалары,
Сары-Өзөн, Чүй, Ысык-Көл, Памир, Алай, Фергана, Самаркан
тегерегиндеги жерлер жөнүндө болот. Бул айтылган жерлердин ортосу
чоң ажырымда тургандыктан кыргыздын байыркы жери кайсы жер?
Алтай, Енисей, Орхон жериби, же Тянь-Шань, Орто Азия тарабыбы? –
деген суроо туулат. Бул суроого кыргыздын тарыхы менен үзөңгүлөш
жашап келген элдик уламыштар, миф жалпы эле элдик оозеки
чыгармачылык, санжыралар кандай жооп берет – ушуга токтололу.
а) Эл чыгармаларында, санжыраларында кыргыздардын
жердеген жери жөнҥндөгҥ негизги тҥшҥнҥктөр, маалыматтар
Биз жогор жакта кыргыздар арасында тараган санжыралар
жөнүндө сөз кылганда Баймырзанын санжырасы жөнүндө сөз болгон
эле. Баймырза 1916-жылы 80 жашка келип калган адам болгон. Аны
жакшы билген жана андан санжыра жазып алган Үмөталиев
Султаналы Кемин районуна караштуу “Жаңы-Алыш” колхозунда
31
жашап турган Укаев Арунга Баймырза кытайча окуй жана сүйлөй ала
турганын айтып берген. Ошол Султаналы жазып алган санжыраны
Укаев Арун да өзүнө көчүрүп алган. Бул санжыра боюнча кыргыздар
Асман-Тоо, Бермет-Туздуу көл, Сары-Өзөн деген жерлерди жердеп
жүргөн Сак деген элден таралат. Сактар мал чарбачылыгы менен күн
көргөн көчмөн эл болгон. “Сак” деген сөз “куштун канаты” деген
маанини берет экен. Ошол элдин башчысы жана кол баштаган
жоокерлери куштун канатын тагынып жүрүшкөн. Аны сырттагы элдер
сактар – “куштун канатын тагынгандар” деп аташкан. Сактар
урууларга бөлүнүп уруу башчыларына баш ийген. Бири-бири менен
касташып, достошуп да турушкан. Буларды биринчи жолу
бириктирген Улус деген адам болгон. Улустун кадыры бүткүл элге
тараганда сактын эли чогулуп, аны ак карлуу тоонун бийигине алып
чыгып, ак кийизге салып ажо кылган дейт. Үйүнө алып келип
түндүгүнө туу орнотот. Улустун өзүнө бүркүттүн сагын – канатын
тагат. Ошентип Улусту ажо кылгандан кийин чоң той беришет. Той
берген күндү “Улустун улуу күнү” деп атайт. Ал күн жалган куран
айынын он бирине туура келет. Кийинчирээк Улустун улуу кунун жыл
сайын той кылып тосуп турушкан экен (Кыргыз ССР Илимдер
академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн кол жазма фондусу, инв.
№ 5193, 164-бет). Бул маалыматка караганда кыргыздардын атабабалары болуп эсептелген сактар Асман-Тоо, Бермет Туздуу көл,
Сары Өзөн деген жерлерде жашап тургандыгы жөнүндө айтылып
жатат. Асман Тоо - Тянь-Шань тоосу, Бермет Туздуу көл, - Ысык-Көл,
Сары-Өзөн – Чүй экендиги мурдагы тарыхый маалыматтарга тааныш
адамдарга өзүнөн-өзү белгилүү болуп турат.
Ал эми сактардын уруу союздарынын биздин заманга чейинки VII
– V кылымдарга Орто Азияда жашагандыгын билебиз. Мындан башка
сактардын Усун аталышы жана анын тукумударынан. “Узун калпак
Шоңур” дегендердин чыгышы да тарыхый маалыматтарга айкалышып
турат. Тарыхта сак уруу союзунун турган жерине же кийген кийимине
карата парадайлар (деңиз жээгиндеги сактар, орто хорибантилер
“тиграхауда” – узун калпактуулар) деп аталышы да жолугат. Анын
үстүнө “сак” деген сөздүн персче айтылышы “мург”, башкача
айтканда, “канаттуу” дегенди түшүндүрөт. Байыркы убактарда .....
“Алар (сактар – С.З.) Тянь-Шандан тартып Памирге чейин, Орто
Азиянын түштүгүн бойлоп Түркмөнстанга чейин таралган. Мына
ошондуктан бул жерлерде Мургаб, башкача айтканда, Мург-об, сөзмө-
32
сөз которгондо, “Куш суусу” деген жердин аттары кокусунан келип
чыккан эмес.
Сактардын түздөн түз мурасчылары болуп эсептелген бир кыйла
кийинки Усун деген уруулардын арасында кооздоо катарында
канатуулардын сүрөтүнүн тартылып келгендиги кокусунан болбосо
керек. Памирден, атап айтканда, Ак Бейит көрүстөнүнөн табылган
сактардын табылгаларынын ичинде ошондой эле жасалгалардын
болушу кокусунан болбогон (Кыргызстандын тарыхы, том 1, Ф., 1958жыл, 48-бет).
Ошентип илимий фактылар менен санжырадагы уламыштардын
бирдей келиши адамды кубандырбай койбойт. Мындагы тарыхый
жалпылык ар түрдүү формада болсо да бирдей экени көрүнүп турат.
Эл башынан өткөн тарыхын көркөм формада да сактап келген.
Ошондуктан
элдик
санжыраларда,
эпостордо,
лирикалык
чыгармалардагы тарыхый фактыларга кол шилтеп – булар “жомок”
деп тескери басып кетүү жарабайт. Орус элинин улуу жазуучусу
Максим Горький: “Элдин оозеки чыгармасын билбей туруп, анын
тарыхын билүүгө болбойт”, - деп бекеринен айтпаса керек. Эл
чыгармаларында тарыхый фактылар сөзсүз эле, дал өзүндөй – болгон
формасындай тактыкта орун албайт. Көркөм чыгарманын законуна
ылайык апыртылып, кооздолуп айтылат. Кыргыздарда байыркы
жоопкерчилик заманы – калган мындай деген ыр бар:
Адыр, адыр, адыр тоо,
Арсайып турган аска зоо,
Томсортуп турган жеримди,
Боздотуп кыргыз элимди,
Карарган чаңды булатып,
Каршыккан эрди сулатып,
Кайдан чыкты калың жоо,
Көбөйтүп малын жайытта,
Урушпай койсо не болот?
Журт менен журт жоолашып,
Кырышпай койсо не болот?
Эзелден бери кыргындуу,
Замандын мойну тар экен.
Ат тепсеп уулу жанчылса,
Эненин көөнү зар экен.
Көгөрүп жаткан кең асман,
Сурданган бийик Ала Тоо,
33
Элиңди куубас койнуңдан,
Дүрбөлөң салып келбес жоо,
Көшүлгөн заман бар бекен?
Ыр арман формасында айтылганына карабастан кыргыздын асман
тиреген аска-зоолору Ала-Тоосунда жашаган элдин кыргын-сүргүндө
калганы айтылып жатат. Дал ушунун өзүнөн эле кыргыздар жердеген
жер Ала-Тоо экени айтылат. Ал эми абдан ачык формада кыргыздын
байыркы жери ушул эле азыркы жердеп турган: Ала-Тоо, Памир, Алай
тоолору, Сыр дарыя бою, Самаркант тегереги болгону Алымбеков
Тургунбектин санжырасынан ачык байкалат. Ал бул санжыраны
атактуу манасчы Балык (Бекмурат) Көкө уулунан уккан Балык
манасчынын айтуусу боюнча кыргыздардын тарыхы эки чоң жомокко
бириктирилген. “Анын биринчи жомогу “Оторкан” деп аталып
кыргыздардын мындан үч миң жыл мурда Самарканттын тегерегинде
жашаган мезгилинен тартып, VIII кылымда араптардын келиши менен
Алтай Найман хандыгына сүрүлүшүнө чейинки окуяларды кучагына
алат. Экинчи бөлүмү “Манас” жомогуна биригет да кыргыздардын
Алтайдан Ала-Тоого келген учурун баяндайт.
Кыргыздын эзелтеден эле Орто Азия жердеп турганы “Манас”
эпосунда да баяндалат. Эпос боюнча кыргыздар Алтайга жоодон
сүрүшүп барат:
- Атасы Ороз өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды,
Кайран киши көргөндө
Калың жаткан кыргыздын,
Кереге-уугун кыйратып,
Келин, кызын ыйлатып,
Алооке деген хан чыгып,
Айбатынан жан чыгып.
.................................................................
Бирөө тентип Алтайга,
Бирөө тентип Кангайга.
Бирөө тентип Эренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге,
..........................................................................
Кайран Балта, Жакыпты
Айылы менен көчүрүп.
Алтайды көздөй айдады.
34
(“Манас”, 1 китеп, Ф., 1958, 8-10-беттер)
Бул жерде кыргыздардын Орто Азиядан Алтайга күч менен
сүрүлүп жатканы өзүнөн өзү түшүнүктүү болсо керек. Бирок
кыргыздардын Алтайга сүрүлүшү да кокусунан эмес. Анткени
кыргыздар сүрүлгөн мезгилде (болжол менен VIII кылымдарды –
С.З.). Алтайда түрк урууларынан наймандар, дөөлөстөр, алтайлыктар
жашап турган. Алар мурда Угуз мамлекетинин карамагында; андан
кийин Оторкан хандыгынын үлүшүндө болуп, Алтай-Найман хандыгы
деп аталып турган. Ошондуктан согуш мезгилинде батыштагы түрк
уруулары чыгыш жагына ооп, эгер согуш чыгыш жагынан башталып
калса батыш жагына сүрүлүп турган. Элдин мындай жылышы –
миграциясы бардык эле согуштарда боло турган закон ченемдүүлүк.
Ал эми качан тынчтык болгондо киндик каны тамган ата журт
конушуна кайткан. Ошондуктан кытай, калмак, арап хандарынын
чабуулдарына туруштук бере албай калган кыргыздар алыстагы
кандаш уруулары турган Алтай, Енисей жакка сүрүлгөн. Кийин эл-жер
тынчып калганда эзелки жери Ала-Тоого кайра көчүп жөнөшкөн.
“Манас” эпосунда бул Манастын элге кайрылып турган сөзүндө ачык
берилген:
- Арбагы бийик Ала-Тоо,
Барбай кантип коѐюн,
Атамдан калган жеримди,
Албай кантип коѐюн,
Алтымыш уруу журтумдун,
Азганы болсо жыяйын,
Арбак урган калмакка,
Азапты мындай кылайын,
Ала-Тоо менен Алайдыр,
Арка жагы Самаркан,
Ата конуш анда экен,
Абалтан журтум самаган.
Жердин кени Илени,
Жети өзөндө суусу бар,
Жер соорусу ушулар,
Жердебесе билеби?
Ат Башы, Нарын ортону
Эсиңе алгын ошону
35
Ысык Көл менен Соң Көлдү,
Сүргөн экен бул калмак,
Ошондогу көп элди,
Азыр турган жериңер,
Алтай тоонун арасы,
Ала Тоого жетпесек,
Элиңдин кетер чамасы.
(“Манас, 1 китеп, Ф., 1958-ж., 89-бет)
Ошентип кыргыз элинин байыртадан берки тарыхын чагылдырган
“Манас” эпосунда кыргыздардын негизги жери Ала-Тоо, Алай,
Самаркан, Иле, Ат-Баши, Нарын, Ысык-Көл, Соң-Көл экенинде талаш
жок.
б) Кыргыздардын байыркы жердеген жери жөнҥндө
илимий маалыматтарда берилиши
Кыргыздардын тарыхын, үрп-адатын, тилин, жашаган жерин
изилдеген окумуштуулар бир топ. Алардын айрымдары атайы казып,
терең изилдесе, айрымдары ошол өзүнө тиешелүү жагын гана так
көрсөтүп берүүгө аракет кылышты.
Булардын ичинен мен өзүм окуган окумуштуулардын аттарын
бүтүндөй санап отура албайм го деп ойлойм. Алар өтө эле көп.
Ошондой болсо да алардын негизгилерин, жазылып жаткан темага
тиешеси барларын атап кетүүгө келет. Алар: Н.Я.Бичурин,
Ч.Ч.Валиханов, В.В.Радлов, Н.А.Аристов, А.И.Левшин, В.В.Бартольд,
А.Н.Бернштам, С.В.Киселев, Л.Р.Кызласов, Ю.С.Худяков, К.И.Петров,
А.К.Маргулан,
А.Н.Кононов,
С.Е.Малов,
Б.Д.Жамгырчинов,
С.М.Абразон, Ө.Караев Абул-Гази, Рашид-Ад-дин, П.П.Семенов,
Н.Л.Зеланд, Н.И.Гродеков, Армений Вамбери, Герман Вамбери,
А.А.Диваев, И.В.Мушкетов, А.Голубев, М.Венюхов жана башкалар.
Бул
окумуштуулардын,
изилдөөчүлөрдүн
саякатчылардын,
санжырачылардын жазгандарын окуп отуруп эки топко бөлүүгө болот.
Биринчи топко кирүүчүлөр кыргыздардын байыркы жери Түштүк
Сибирь, Енисей, Орхон сууларынын бойлору, Алтай, Саян тоолору
болгон дешет. Мындай көз карашты жактоочулар В.В.Бартольд,
А.Н.Бернштам, К.И.Петров жана башкалар.
В.В.Бартольд кыргыздардын байыркы жайлаган жерлери жөнүндө
кытай маалыматтарына таянган. Ал көбүнчө кытай тилин жакшы
билген жана кытай адабиятындагы Орто Азиядагы жашаган элдер
36
жөнүндө жазылган маалыматтарды жыйнаган кечил Иакинф
Бичуриндин эмгектерине таянган.
Академик В.В.Бартольд ушул эле эмгегинде кыргыздарды
кытайлар Гянь (Цянькунь) деп атаганын да эскертет. Бул сөздүн
биринчи бөлүгү кыргызды түшүндүрсө, экинчи бөлүгү Орхон суусун
түшүндүргөн. Гянь “Кем” деген түрк сөзүнүн да маанисин берген. Ал
эми “Кем” деп түрк элдери Енисейди айтышкан. В.В.Бартольддун
“Кыргыздар” деген тарыхый очерки Кыргыз Автономия областы
түзүлгөндөн кийин кыргыз өкмөтүнүн суроосу боюнча 1926-жылы
жазылып 1927-жылы жарыкка чыккан. 1943-жылы экинчи жолу кайра
басылды, 1963-жылы автордун толук жыйнагына киргизилип
Москвадан чыкты. Ошондуктан академик В.В.Бартольддун бул эмгеги
кыргыз тарыхчыларына абдан чоң салым болгон. Бүтүндөй бир муун
мындан таалим алды десек болот. Экинчиден, В.В.Бартольддун “Жети
суунун тарыхый очерки” деген эмгеги 1889-жылы Верныйда (АлмаАтада – С.З.) чыккан эле. Бул эмгек экинчи жолу 1943-жылы Фрунзеде
басылып чыккан. 1963-жылдагы академиктин толук жыйнагында да
басылган. Бул эмгегинде да кыргыздардын Енисейде тургандыгын
баса көрсөтүп кеткен. Бул чоң тарыхчынын эки эмгеги абдан көп
илимий эмгектерге таянып жазылгандыктан кыргыз тарыхчыларынын
сүйгөн китебине айланган.
В.В.Бартольд бул эмгектеринде Енисей кыргыздары жөнүндөгү
тарыхый маалыматтарды кеңири колдонуу менен алардын “улуу
империясынын” (IX – X к.) түзүлгөнүн да баяндаган, ошондой эле
Плано Карпини (1246-ж.), Рубрук (1253-1254-ж.) сыяктуу
саякатчылардын жазып калтырганына таянып XIII-кылымда “Керкис”
деген енисейлик элдер бардыгын эскертет. Ошондон кийин енисейлик
кыргыздар жөнүндө маалымат жок болуп кетип XVI - XVIIкылымдарда Тянь-Шанда жашагандыгы эскериле баштайт. Ошентип,
бул маалыматтар да кыргыздардын байыркы жери Енисей болгонун
түшүндүрүп турат. Дал ушундай маалыматтарга ишенген тарыхчылар,
изилдөөчүлөр, тилчилер кыргыздардын Тянь-Шанга кантип келгенин
далилдөөгө өтүштү. Мындай далилдерди кеңири түрдө келтирген
окумуштуу А.Н.Бернштам болгон. Ал кыргыздардын Енисейден ТяньШанга келиши көп этаптуу түрдө ар түрдүү тарыхый окуяларга
байланыштуу карап 1300-1400 жыл ичинде келип бүткөн деген
жыйынтыкка келген.
К.И.Петров болсо кыргыздар Енисейден XIII - XV кылымдарда
гана келген деген оюн айтат. Ошентип булар кыргыздардын байыркы
37
жери катары Енисей Орхон сууларынын башкы агымын жана Алтай,
Саян тоолорун көрсөтөт. Кыргыздардын Енисейде болгондугун
таштагы руникалык жазуулар да далилдеп турат. Бул жөнүндө атактуу
тюрколог С.Е.Маловдун “Енисейская письменность тюрков” (М. – Л.,
1952-г.) деген эмгегинде өтө далилдүү айтып отурат. Ал V – VII
кылымдарда кыргыздардын уйгурлар менен теңтаймашып турган
күчтүү мамлекети Енисейде болгонун эскерүү менен аны ошол учурда
көрүстөндөргө коюлган таштарга чегилген руникалык эпитафиялык
жазуулар менен бекемдеген. С.Е.Малов Кемчик – джыргак, кызылчира, Кежилиг-кобу, Тэле, суджи, Мунисин музейиндеги таштагы
жазууларды окуу менен мурда жана кийин В.В.Радлов,
С.В.Киселевдердин окугандарын да китепке кийирген. Бул жазуулар
кийин “Орхон-Енисей жазуулары” деп аталып, түрк урууларынын
ичинен – кыргыздар кеңири колдонгону байкалып отурат. Ошентип
кайсы жагынан карасак да Енисейде кыргыздардын болгондугун, ал
жерде жайлангандыгы чын. Экинчи жагынан байыркы мезгилдерден
бери эле кырыздардын Тянь-Шанды жайлап келгени жөнүндө да
маалыматтар бар. Кыргыздардын эзелтен бери жердеген жери ТяньШань, Памир, Алай тоолору, Ысык-Көл жээги, Орто Азия болгон
деген окумуштуулардын экинчи тобунан Н.Я.Бичурин, Ч.Ч.Валиханов,
Н.А.Аристов, А.К.Маргуландар кирет. Булардын көз карашын,
далилдерин толук билгенден кийин кайсыныкы туура же булардын
жаңылыштыгы эмнеде же эки көз караш тең туурабы? – Ошого
токтолобуз. И.Я.Бичурин (Иакинф) (1777-1853) улуту чубаш, дүйнөгө
орустун чыгышты таануу боюнча атактуу окумуштуусу катары
белгилүү болгон. Ал орустардын Пекиндеги чиркөө кызматынын
башчысы катары 14 жыл турган. Кытай тилин суудай билген. Ал
кытайдын жазма адабияты менен терең таанышып эң көп тарыхый
этнографиялык, географиялык турмуштук фактыларды чогултуп
алган. Ошол фактылардын негизинде “Собрание сведений о народах,
обитавших в Средней Азии в древние времена” (Сочинение монаха
Иакинфа, ч.I – III, Спб.1851) деген эмгегин жарыялаган. Анын мындан
башка көп эмгектери бар, бирок биз үчүн бул эмгек өтө баалуу. Бул
томдор экинчи жолу 1950-1953-жылдары кайрадан басылып чыкты.
Мен бул жерден И.Я.Бичуриндин эмгегин атайлап көрсөткөн себебим
кыргыз тарыхын изилдеген окумуштуулар кытай маалыматына дал
ушул И.Я.Бичуриндин жыйнап келген материалдарынан шилтеме
берүү менен чектешет. Ал эми түп нусканын өзүн так билген
окумуштуунун пикири андан да өтүмдүү, андан да так боло турганы
38
өзүнөн-өзү түшүнүктүү го. Дал ушул окумуштуу Енисей кыргыздары
менен Орто Азия кыргыздары жөнүндө өзүнчө бир ойду айтат. Ал
Орто Азиядагы кыргыздар түрк тилинде сүйлөгөн түрк урууларынан
болсо, Енисейдеги кыргыздарды жунгар калмактарынын бир уруусу
катары карайт. Демек, кыргыз деген ат менен эки түрдүү эл эки жерде
жашаганын эскертип жатат. Чокан Валиханов И.Я. Бичуриндин бул
көз карашын кубаттоо менен кыргыздар “бурут” дегенди билбейт, ал
түгүл эч кандай элжер которгон эмес. Алар Анжиян тоолорунун эски
жашоочулары дейт. Ч.Валиханов кыргыздардын миф, уламыштарына,
элдик оозеки чыгармалары менен терең таанышып, санжырасын
изилденген кийин кыргыздар чыгыш Түркстандын байыркы
жашоочулары, байыртадан жердеп келген эл, алар Анжиян тоолорунан
Кашкарга чейинки жерлерде көчүп жүрүшөт деген жыйынтыкка
келген. Чокан Валихановдун мындай жыйынтыкка келишине моңголтүрк тарыхчысы катары маалим болгон Абул газинин: “Кыргыздар
түрк элине кошулат. Огуз хандын небереси Кыргыздан тарайт, азыркы
учурда кыргыз тукуму аз, аларга моңгол жана башка уруулардан
чыккандар кошулуп кыргыз болуп кетишкен. Чынында ал уруулар да
өздөрү кайдан келгенин билишет” дегени катуу таасир эткен. “Записки
о киргизах” деген эмгегинде Чокан Валиханов муну ачык эле мойнуна
алып отурат. Ал И.Я.Бичуриндин, Абул газынын көз карашын
тереңдетип Енисейдеги кыргыздарды кытай источниктерине караганда
“буруттар” дешкен болуу керек, аны Бичурин азыркы кыргыздар
мурда Котон тоолорунун түштүк жагында жайлап, Тибеттин түндүк
жагында жашап, азыркы жерине IV кылымдан кийин келишкен,
кытайлар аларды – болу, булу же болюй деп аташкан. Болу же булу –
бурут деген сөзгө окшошуп турат, демек бурут – кыргыздардын
байыркы аты дейт. (Иакинф. Описание Джунгарии Восточного
Туркстана в древнем и нынешнем состоянии. Спб., 1829.)
И.Я.Бичуриндин оюна Ч.Валиханов кошулган. Кыргыздар азыркы
жерин байыртадан эле жердеп келген, ногойлордон, калмактардан көп
уруулар кыргыздарга аралашып кетип өздөрүн кыргыз деп аташкан,
ошондой аталган моңгол урууларынын айрымдары Енисей тарапта
жашап калган деген тыянакка келет. XIX кылымдагы орус тарыхчысы
Н.А.Аристов кыргыздар Тянь-Шанда, Орто Азияда көп замандар
мурда жашап келгенин маалымадайт. Ал кыргыздардын уруу
түзүлүшүн изилдеп көп эл менен аралашканын, ал түгүл башка элдин
айрым уруулары кыргыздашып кеткенин келтирет. Буга ачык мисал
катары жагатай үлүшү мезгилиндеги моңголдордун айрым уруулары
39
кашкар, Фергана тоолорунун арасында жашап, акырында
кыргыздардын монгуш уруусунун составын түзүп калган. Ал түгүл
кытай уруусу байыркы кидандардан калган болуу керек деген ойду
айтат (Н.А.Аристов. Опыт выяснения этничсекого состава киргизказаков большой орды и каракиргизов. С-Петербург, 1895).
Бирок Н.А.Аристов кыргыздарды байыркы мезгилден бери Орто
Азияны жердеген деген менен жогорку көрсөтүлгөн эмгегинде
мындан бир жарым жылдар мурда орто монголиядан Тянь-Шанга
келген усундардын тукуму болуу керек дейт. Ошондой эле усундар
негизги кыргыздардын бир гана бөлүгүн түзө турганын да мойнуна
алат. Орто Монголияда жашаган усундарда кыргыздардан башка түрк
урууларынын бир топ уруу союздары кирген. Анын башында
кыргыздар турган. Усундар жана байыркы Енисей кыргыздары
динлиндер менен түрк урууларынын кошундусунан келип чыккан
түндүк азиялык байыркы уруулардан болгон. Н.А.Аристовдун көз
карашына караганда кыргыздар байыркы убакта саясы мааниге да ээ
болгон байкалып турат. Муну биз Иакинф Бичуриндин көз
карашынын уландысы катары кароого да акыбыз бар. Кыргыз
уруусуна тике кирбеген башка уруу союздарынын да кыргыз деп
аталышы, сөзсүз белгилүү бир саясы үстөмдүктүн таасиринде боло
турганы түшүнүктүү. Кыргыздардын IX кылымдагы “Улуу
державасы” бекеринен айтылбаган окшойт (В.В.Бартольд, соч. II том,
часть I. М., 1963, 489-стр.).
Ал түгүл XVI – XVII кылымдарда эле “кыргыз” деген атты алып
жүргөн элдердин бир эле мезгилде Түштүк Сибирде, Чыгыш
Түркстанда, Тянь-Шань, Памир, Алай, Казак талааларында,
башкырлар ичинде Алтайда, Үрүмчү, Турпанда, Кашкарда, Тоолуу
Бадахшанда болгонун айтсак эле аябагандай чоң аймакта жашаганы
байкалат. Ошондуктан кыргыз элинин этникалык составы да көп
кырдуу, көп түрдүү узак тарыхый процессти башынан өткөргөнү
көрүнүп турат (С.М.Абрамзон, киргизы и их этногенетические и
историко-культурные связи. Л., 1971, 19-стр.). Кыргыздардын атам
замандан бери эле ушул азыркы жашаган аймакта жашап келгенин
казак окумуштуусу А.Х.Маргулан бир топ далилдүү айта алган деп
ойлоймун. Ал Чокан Валиханов, Н.А.Аристов сыяктуу элдик
санжыраны изилдеген окумуштуу. “Манас” баштаган кыргыздын көп
элдик оозеки чыгармаларына тааныш. Анын ою боюнча IX – X
кылымдарда кыргыздардын саясы союзунун борбору Турфандын
түндүк жагында жана Үрүмчү шаары турган жерде болгон. Алардын
40
айрым чоң топтору Тянь-Шань аймагына көчүп, бара-бара уюткулуу
журтка айланган. Ушул эле жерден алар байыркы жайлоолоруна көчүп
барып жүрүшкөн (Труды киргизской археолого-этнографической
экспедиции. Ф., 1959, том III, стр. 172-201. А.Х.Маргулан.
Выступление
на сессии по этногенезу киргизского народа).
А.Х.Маргулан бул оюн кийин дагы тереңдетип улаган.
Кыргыз, казактар Береке хандын небереси катары эскерилгенин
кыргыз санжырасынан көп жолуктурабыз. Ал түгүл Алача хандын
тушунда, Жаныбек хандын тушунда, Эшимкандын тушунда бир
хандыкта жашап турганы да айтылат. Бул эки эл кандаш, жандаш
экени бардык жактан көрүнүп турат. Кыргыз ичинде жолуккан, каңгы,
найман, дөөлөс, черик, маңгыт, кытай, коңурат, кыпчак деген уруулар
казак элинин этникалык составынан да жолугат. Казактардын өздөрү
XV кылымга чейин кыргыз деп аталып келгенин ким жашыра алат. Ал
түгүл илимий адабияттарда XIX – XX кылымга чейин кайсак-кыргыз
деп аталып келген.
Ошентип биз кыргыздын Ата Журту жайлаган жерлери кайсы жер
болгон? – деген суроону койгондор элдик уламыштарда,
санжыраларда Ала-Тоо аймагы, Сары Өзөн Чүй, Ысык Көл, Анжыян,
Самаркант, Ысар, Көлөп болгону айтылат. Илимий адабияттарда,
тарыхчы илимпоздордун пикирлеринде кыргыздардын байыркы жери
Енисей, Орхон, өрөөндөрү Алтай, Саян тоолору болгону баяндалып,
кийин Ала-Тоого, Тянь-Шань, Орто Азияга оогону айтылат. Илимпозтарыхчылардын экинчи тобу кыргыздын байыркы жери Орто Азия
экендигин, ал эми Енисейге жайлап, малга жайыт издеп барып
турушканын эскеришет. Булардын айрымдары (И.Бичурин – С.З.)
Енисейдеги кыргыздар башка эл деген жыйынтыкка келишкен.
Эмнеси болсо да элдик санжырада, эл оозеки чыгармасында, илимий
адабияттарда, тарыхчылардын, этнографтардын, археологтордун,
тилчилердин эмгектеринде бир жалпылык бар. Ал жалпылык ТяньШанда, Орто Азияда да, Енисей, Орхондо да кыргыздардын болгону
анык. Илимий адабияттардын көпчүлүгүндө кыргыздын байыркы
жери Енисей, Алтай – Түштүк Сибирь болгону кийин Орто Азиянын
чыгыш жагы Тянь-Шань жана Памир, Алай тоолорун мекендешкени
айтылат. Экинчи жагынан Орто Азиядагы кыргыздар Енисей
кыргыздары менен байланышта болгону көрүнүп турат. Деги
булардын кимисиники туура? Бул маселени чечүүдө биз эл
санжыраларына кайрылып көрөлүк. Кыргыз санжырасы бизге
эмнелерди түшүндүрүп берет – ошого токтолуп көрөлүк.
41
Биз жогору жакта кытайдагы кыргыздардын санжырасында
(Баймырзанын санжырасында) кыргыздардын байыркы мезгилде эле
Асман Тоо (Тянь Шань), Туздуу Көл (Ысык Көл), Сары Өзөндө
(Чүйдө) жашаганын айтып өткөнбүз. Анда Улустун хан болушунан
тартып кыргыздардын атагы чыга баштаган дегенбиз. Ал эми алардын
жайлаган жерлери азыркы кыргыздардын отурукташкан жери
экенинде талаш жок. Ошол Улусхан бийликке келгенден кийин
“Улустун улуу күнүнөн” кийин түрк урууларынын жаңы жыл саноосу
башталат. Бул эски ай саноо боюнча алганда жалган курандын он
бирине туура келет. Азыркыча февраль айынын он бири. Дал ушул
күндөрү жети даамдан тамак жасап, чоң көжө кылып Улустун бала
күнкүдөн берки чежиреси-тарыхы айтылган. Ал кезде эл отко
табынган. Ошондуктан жыл айрылышында чоң от жагып “Алас-алас”
ырын ырдашкан.
- Алас-алас,
Ар балаадан калас.
Эски жыл кетти.
Жаманчылык кетти.
Жаңы жыл келди,
Жакшылык келди,
Алас-алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен бололук!
Байыркы кыргыздардын отко табынган мезгили, арча түтөтүп
аластаганы, жаңы келинди отко киргизгенинен көрүнүп турат. Келин
башка жактан келгендиктен аны отко кийиргенден кийин гана өз киши
болуп калат дешкен. От андагы жаман ойду, жабышкан нерсени
жоготот деп түшүнүшкөн.
Улустун тушунда санжыра айткан адамга “чечен” деген наам
берген. Алар урматка бөлүнүп, элдин сыймыгына ээ болгон. Өткөн
тарыхты болгонундай сактап, эл жомогуна айландырууга аракет
кылган акылман адамдар Улуска чейин болгон жок деп айта албайбыз.
Анткени адам өткөнүн унутпай, улам жаңы менен байытып отурганы
үчүн адам. Алардын бай тажрыйбасы жаңыны ачууга жол ачат.
Элдик санжырада Улус карапайым малчынын баласы катары
сүрөттөлөт. Ал аюу, жолборсту тирүү кармап алган баатырдыгы
менен, ар нерсенин ажатын ача билген акылмандыгы менен элге
алынып “сак” элин башкарууга жетишет. Сактар болсо В.В.Бартольд,
А.Н. Бернштамдын изилдөөлөрүнө караганда Орто Азиядагы, Жети
42
Суудагы эң байыркы элдерден болгон. Дал ошол сактар менен усундар
кыргыздардын байыркы ата теги катары каралат. Ушул эле санжырада
усундар жөнүндө да айтылат. Улус хандын тушунда көп уруу көп эл
болду, тынч жашап өмүр сүрүштү. “Биз Улустун кумга ойногон
куландарыбыз” деп чардап чыгарышты, жомок айтышты. Бирок Улус
карылыкка моюн суна баштагандан тартып ойчул боло баштады.
Куюккан жыйнап эл кылганын ойлоду. Кулалы таптап куш кылганын
ойлоду. Менин кумга ойногон куландарым көзүм өткөндөн кийин
эмне болот деп ойлоду. Ал уйку-соо арасында сүйлөп да жиберчи
болду. Күңгүрөнүп басып, ойго чөгүп, элден качып калды. Аны жин
ооруга чалдыкты деген аялы үч баласын, жалгыз кызын чакыртты.
Улуу баласы энесинин сөзүнө ишенип атасына келип: - Жандуу оору
болуп калыпсың, бакшы чакыртайынбы? – деди. Анда Улус: Акылдуу болуп ой-ойлонуп, карыганда жинди атка коңгуча, өз жанын
баккан өгүздөй кем акыл болуш абзел экен го?! Акыл картайганда ала
чымын болуп асманга учат. Ачыккан ала чымын жерге жакындап
келип өкүрүп, мурдун сасыткан буканын мурдуна конот, тоѐ жеп, тоѐ
чычкан жоон курсактын богуна конот. Ошолорду көрүп тынчым кетет.
Кумга ойногон куландарымдын алы-жайы кандай болот деп, кыска
түндө тогуз ойгонуп тогуз толгоном – мен арык болбогондо ким арык
болот, мен жинди болбогондо ким жинди болот – дейт. Улус
баласынын толук түшүнбөй калганын ичинен сезип, бир нече сап өлөң
айтат:
- Аласкан Кең-Сары өзөн, кенен чөлүм.
Азоо бермет, Асман Тоо, Туздуу көлүм.
Суусаган кара курттай черүү келсе,
Кан менен сугардым да каздым көрүн.
Кулундар кумга айногон кантээр экен
Мага да жакын калды чиркин өлүм.
Араңдан чыгып калса бир даанышман,
Уяңды бузбас беле, билсе жөнүн.
Улустун бул сөзү үч баласын, кызын ойго салды. Биз ушул жерден
кичине тыныгуу жазап жогорку ырдагы жер аттарына көңүл бөлүп
көрөлүк. Мында дагы баягы Сары Өзөн (Чүй), Асман Тоо (Тянь
Шань), Туздуу Көл (Ысык Көл) айтылды. Тарых боюнча алганда
сактар биздин заманга чейинки IV – II кылымдарда ырда көрсөтүлгөн
жерлерде жашаган эң күчтүү элдердин бири болгон. Кийин сактардын
аттары унутулуп усундардын аты атала баштаган. Мүмкүн азыркы
43
учурларда кыргыз карыялары атасын таба албай жаткан саяк уруулары
ошол сактардан калып жүрбөсүн?!
Кыргыздардын ата-бабасы жайлаган жерлерди такташ үчүн
санжырадагы уламыш мүнөзүндөгү аңгемеге дагы көңүл бөлөлүк.
Улустун сөзүнө муюган эл-журту чогулуп, акылын өзүң тап деп сөздү
өзүнө беришти. Ошондо Улус ары ойлонуп бери ойлонуп туруп: Жети табышмак айтам ким ошону тапса кандыгымды берем, кырк күн
мөөнөт – деп элге жар салдырды.
Ал табышмактар мындай эле:
1. Дүйнөдө ким күчтүү?
2. Дүйнөдө учкул кайсы?
3. Баатыр деген эмне?
4. Коркок деген эмне?
5. Жакшы деген эмне?
6. Жаман деген эмне?
7. Жаманга дабаа кайсы?
Бул суроолорго ар ким миң ойлонуп, миң толгонот. Эч ким
ылайыктуу, ишенимдүү жооп таба албайт. Акыры Улустун өз кызы
Салыйман чечет.
1. Дүйнөдө даанышман падыша күчтүү, падышага кол астындагы
эл баш иет. Ага жандуу-жансыз баары багынат.
2. Дүйнөдө учкул – даанышмандын касиеттүү сөзү.
Даанышмандын сөзү өлбөйт. Эл арасында учуп жүрө берет.
3. Баатыр деген даанышмандын оң колу жана элдин таалайы.
4. Коркок деген эки көзү бар сокур, кулагы бар дүлөй, тили бар
дудук, элге-журтка пайдасыз адам.
5. Жакшы деген даанышмандын булагынан суу ичкендер.
6. Жаман дегендер өпкөсүн колуна кармап көккө ыргыткан
мактанчаак, көйрөңдөр.
7. Жаманга дабаа – алдап катарга кошуу же коркутуу, андан башка
дабаа жок.
Улус табышмакты тапканына ыраазы болду. Бирок анын улуу
баласы:
- Атам табышмактын жандырмагын кызына айтып койгон, - деп
ишенбегенин билдирет. Улустун ортончу баласы тура калып улуу
агасынын сөзүн кубаттады. - Салыйман тапкыч болсо, мен төрт
табышмак айтам, чечип берсин, - дейт.
Биринчи – он сегиз миң ааламдын энеси ким?
Экинчиси – эмчеги кайсы?
44
Үчүнчүсү – он сегиз миң ааламдын атасы ким?
Төртүнчүсү – ардагы кайсы?
Салыйман токтобой жооп берет: - Он сегиз миң ааламдын энеси –
жер, эмчеги – жел, атасы – күн, ардагы – суу.
Ошентип сак элине Улустан кийин Салыйман хан болуп калат.
Ошол учурдагы шартка жараша ак каздын сагын (канатын – С.З.)
тагып хан көтөрдү, кийин андан тараган тукумдар каз + сак = казак
аталып кетти. Ал эми Салыймандын бир туугандарынан тарагандар
усундар деп аталат. Алардын тукумдарынын усундар деп аталышы да
өзүнчө жомокту түзгөн. Бул жерде бизди кызыктырган нерсе элдик
санжыранын илимий тарых менен үн алышып турушу. Атактуу
окумуштуу В.В.Бартольддун изилдөөсүнө караганда сактардан кийин
усундардын күчтүү мамлекети түзүлүп кытай падышасы менен
байланышта болуп, биздин заманга чейинки II кылымдардан кийин
ошол мезгилде кытайды коркутуп турган гунндар менен теңтайлаша
баштаган. Усундардын борбору Ысык Көлдүн түштүк
чыгыш
жээгинде болгон. (В.В.Бартольд, соч. том II, часть 1, М., 1963, 27стр.).
Усундар VI кылымдарда Түрк каганаты түзүлгөндө да эң чоң
уруулардан болуп кала берген. Эгерде биз Сактарды, Усундарды
кыргыз элинин түзүлүшүнө негиз болгон байыркы уруу союздары
(булардан башка дилин, гунндар да – С.З.) катары карай турган болсок
(А.Н.Бернштам, I. К вопросу о происхождении киргизского народа; 2.
Археологический очерк Северной Киргизии. Ф., - 1941, 46 стр, С. II.
Толстов. Основные проблемы этногенеза народов Средней Азии, в кн.:
Советская этнография, VI – VII, 1946, стр.303-304), анда
кыргыздардын байыркы жери Тянь-Шань тоосу, Ысык-Көл жээги
Орто Азиянын чыгыш жагы болот.
Мындай түшүнүктү экинчи бир санжырачынын – Алымбеков
Тургунбектин санжырасынан да жолуктурабыз. Анын санжырасында
кыргыз элинин байыркы борбору Орто Азиянын түштүк жагынан –
Самаркант, Анжиян тарапка оойт. Бирок бул учурда Көл жээгинде,
Тянь-Шань тоолорунда, Сары Өзөн Чүйдө кыргыздар калган эмес
деген түшүнүк чыкпайт. Биз көп учурларда бир элдин тарыхын,
жайлаган жерлерин айтууга тарыхта жазылып калган жерин гана эске
алып) калган жерлерди ойдон чыгарып коѐбуз. Ошол тарыхта
жазылып калган элге кандайдыр бир кичине уруу же топ сыяктуу
мамиле жасап, ошол жазылган жердин тегерегинде гана ой
жүгүртөбүз. Кыргыздардын Енисейде, Алтайда болгондугун кытай
45
тарыхчылары биздин заманга чейинки II кылымдарда жазып
калтырган. Ал эми Ала-Тоо, Тянь-Шань тараптагысы жазылбай
калыптыр. Жазылбай калса эле ал жерде жашаган элдер жок болуп
калабы? Экинчи жагынан, кыргыздардын жердеген жерин изилдөөдө
биз көбүнчө азыркы территориялык түшүнүк менен, кыргыздардын эл,
улут болуп калыптанып бир жерге отурукташкан мезгилинде түшүнүк
менен кабылдап жыйынтык чыгарабыз. Эгерде мындан эки миң
жылдар мурда уруу түзүлүшү мезгилиндеги көчмөн турмушун эске
алсак, түрк уруулары, уруу союздарын түзүп турган мезгилин эске
алсак башкача ойлоого болоор эле. Көчмөн элдер мал жайытын издеп
көп жерлерге барышкан. Алар түндүк ненецтер, чукчалар сыяктуу
жайган малын ээрчип жайкысын жайыт издеп, кышкысын кыштоо
издеп, ар жылы көп жерди басып турган. Орто Азиядан Алтайга
малдын жайытын издеп, жайлап кайра жылуу жерге, ыктоо жерге –
Орто Азияга тартышкан. Бул жагынан казак окумуштуусу А.Маргулан
көч жолу жөнүндөгү байыркы чындыкты туура байкаган.
Кыргыздардын Алтайда, Енисей бойлорунда болушун жалаң жайыт
издеп көчүп барышы менен түшүндүрүүгө болбойт. Булардын андан
башка да себептери бар. Тарых боюнча VI кылымда Түрк каганаты
түзүлгөнүн билебиз. Түрк каганатынын көчмөн империясына Кара
деңизден тартып чыгыш Моңголияга чейинки аймактар кирген. Муну
түзгөн Алтайлык түрктөрдөн чыккан Или-хан Тумын 553-жылы өлгөн.
Андан кийин Тобо хан башкарып калган. Ал 581-жылы өлгөндө түрк
империясы экиге бөлүнүп кеткен. Батыш түрк каганаты жана чыгыш
түрк каганаты деп аталган. Батыш түрк каганатынын борбору Орто
Азияда мурда усундар ээлеп турган жерде – Жети Сууда болгон.
Экинчи бир кабарда Батыш түрк каганатынын борбору ЫсыкКөлдүн түштүк жээгинде кызыл үңкүргө жакын жерде болгон. Ошол
учурда Византиялык Зимарк деген элчиге түрк каганы Дизавул кыргыз
кызды белекке берген. Бул 568-жылга туура келет. Дал ошол мезгилде
түрк каганы перстерге казатка аттанат. Дизавулдун перстерге жасаган
казатында Византиянын элчиси Зимарк кошо жүргөн. Буга караганда
түрк каганаты Византия менен достук мамиледе окшойт. Перстердин
элчиси буларга Таласка келгенде жолуккан. (Г.О.Архив. Ленинград,
разряд – 65. Опись – 1. № 11, стр.8-9). Батыш түрк каганаты Нушиби,
чыгыш түрк каганаты Дулу деп аталган. Батыш түрк каганатында
азыркы кыргыздарда учураган азык, кушчу уруулары жана казактарда
жолуккан (чубан) Субан уруулары жолугат. Ал эми чыгыш түрк
каганатында Дулу (дуулат - казактарда – С.З.) жаныс, суван ж.б.
46
уруулары бар. Мунун өзү азыркы кыргыздар менен казактар түрк
каганатынын негизин түзгөн дегенди билдирет. Экинчи жагынан тээ
байыркы мезгилде эле – VI кылымдарда азыркы Орто Азия менен
Енисейде, Алтайда турган уруулардын аралаш жашап карым-катнашта
турганын көрсөтөт. Алымбеков Тургунбектин санжырасында
Өтөркандын тушунда Найман, Каңгы бир кандыкта болуп Алтайды,
Енисейди, ээлеп турган. VIII кылымдарда араптардан Кутайпы келип
Култегинди жеңгенде, Күлтегин кыргыз, казактар менен кошулуп
ошол Найман, Каңгы кандыгын көздөй качат.
Тарых боюнча араптардын кол башчысы Кутайба Орто Азиянын
көпчүлүк шаарын хиджа боюнча 93-(бизче 714-ж.) жылдан баштап
101-ж. (бизче 722-ж.) жылга чейин сегиз жылда каратып бүткөн. Орто
Азия шаарларын алганда таш-кутка (идолго – С.З.) сыйынганын
токтотуп мусулман мечитин тургузууга буйруган. Араптар келгенге
чейин Орто Азиядагы түрктөр, отко табынып, кутка (идолго – С.З.)
сыйынган. Ата бабанын арбагына сыйынган. Арбакка ишенишкен.
Ошентип санжырадагы, эл чыгармаларындагы фактыларга караганда
кыргыздардын байыркы жери Жети Суу, Сырдын бою болгону маалим
болуп турат. Экинчи жагынан кыргыздардын Алтайда, Енисейде
болушун да жокко чыгарууга болбойт. Аны ал жердеги көр үстүндөгү
ташка чегилген эпитафиялар, руникалык жазуулар да далилдеп турат.
Мунун өзү закондуу. Анткени байыркы убакта Тянь-Шандан Алтайга
чейин Енисей, Орхон өзөндөрүнө чейин жайыт издеп түрк уруулары
көчүп жүрүшкөн. Түрк уруу союзунун ичинде кыргыздар көрүнүктүү
роль ойногон. Анын үстүнө азыр кыргыз, казак болуп бөлүнгөн элдер,
ал убакта кыргыздар деген жалпы ат менен аталып жүргөн. Аны казак,
кыргыздардын санжырасына, эл оозеки чыгармасына көз жүгүртсөк
эле ачык байкала түшөт. “Манас” эпосунда “Аргын ногой көп журтум”
деген көп айтылат. Аргын уруусу азыркы учурда казак элинин
этникалык составында бар. Эпос боюнча кыргыздар Алтай доорунда
саясы үстөмдүккө жетишкен. Манасты хан шайлаарда алтайлыктар,
каңкайлыктар, тыргооттор, үч уруу казак, кырк уруу кыргыз, аргын
абак, алчын, үйшүн, найман, кыпчактар, өзүбектер катышкан.
Академик В.В.Бартольд кыргыздардын “улуу державасынын”
түзүлгөнү IX кылымдын 40-жылдары деп белгилейт. Алардын
көпчүлүгүн, кыргыздын аты Алтай, Енисей тарыхында эрте
учурагандыктан алардын байыркы жери ошол жерлер турбайбы деген
жыйынтыкка келишип, ал жакка барганын ойлоп да коюшкан жок.
Ошондуктан алар кыргыздардын Тянь-Шанга кайсы кылымдарда,
47
кандай тарыхый шарттарда келгенин гана түшүндүрүүгө аракет
кылышты. Алардын айрымдары эки миң, бир жарым миң жылды
ичине алса, айрымдары төрт жүз, беш жүз жылдын ичинде оошуп
көчүп келип калгандай көрсөтүштү. Тарыхчылардын көпчүлүгү
“кыргыз” деген сөздүн кытай тарыхында жазылып калган мезгилден
(201-ж. биздин заманга чейинки С.З.) жана ошол мезгилдеги
жайгашкан ордунан (Енисейдин башкы агымы – С.З.) кийинки учурду
гана тактап талаш жүргүздү. Андан мурда алар кандай ат менен кайсы
жерлерде жашап келгенин ойлошкон жок. Ырас, жазмасы жок
элдердин эки миң жылдык тарыхын тактоо, алардын жайлаган жерин
аныктоо өтө кыйын. Ошондой болсо да алардын көркөм тарыхы, элдик
оозеки чыгармасы, санжыра, миф, тарыхый уламыштары көп
нерселерден маалымат берет. “Манас” эпосунда кыргыздардын Орто
Азиядан Алтайга сүрүлгөнү жана кийин Ала Тоого кайра келгени
баяндалган. Бул улуу жомок кыргыз элинин тарыхын көркөм формада
сактап калган. Бала Айылчынын санжырасында байыркы кыргыздар
Туран аталып, Ирандар менен теңтайлашып турганы айтылат. Орто
Азияга кирип келген Ирандыктарды кубалап чыгат. Алымбеков
Тургунбектин санжырасында Орто Азия, Тянь Шань кыргыздардын
байыркы жери экендиги, алар арап халифатынын кымысына согушка туруштук бере албай – Алтайга сүрүлгөнү берилген. Бирок
мында да кыргыздар Алтайдан өз жерине кийин келишет. Ошентип
биз кыргыздардын байыркы жашаган жери, Ата Мекени Орто Азия,
Жети Суу Тянь Шань аймагы болсо, алар ошол эле мезгилде аябаган
чоң территорияда Тянь Шандан Алтайга чейин түрк уруулары менен
аралаш көчүп жүрүшкөн деген жыйынтыкка келебиз. Алар бирде
сактар, усундар арасында, бирде түрк каганатынын ичинде, бирде
карлуктар, бирде моңголдор, бирде жунгарлар, бирде ногой, калмактар
арасында, бирде уйгурлар, караханиддер ичинде болуп, бирде өздөрү
үстөмдүккө жетишип жашап келген.
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН БАЙЫРКЫ ТАРЫХЫ
ЖӨНҤНДӨ САНЖЫРАДАГЫ МААЛЫМАТАР
“Бул дүйнө кызыл түлкү кыраңдагы.
Бул жерге жаңы кербен коноор дагы.
Биз эмес, бул дүйнөдөн өтүп кеткен,
Дүйнөнү титиреткен шаалар дагы.
Бир гана эл сөздөрү кала берген,
48
Тарыхтын барагында болуп жаңы”.
Ооба, аккан суудай, төгүлгөн кумдай далай жылдар өттү. Элүү
жылда эл жаңырып, жүз жылда жер жаңырып турду. Эл арасында
нечен акылмандар, даанышмандар чыгып, уккан-көргөнүн элге айтып,
учу-кыйры жок жомокту улап келди, өткөн ата-бабасынын
санжырасын, адат-ырасмын турмушун сабак кылып калтырды.
Алардын көбү унутулду, көбү жаңырды. Жазмасы жок элдерде эл
тарыхы-санжырасы көркөм формада гана сакталып келди. Эл
тарыхынын укмуштуу миф, уламыштарга өтүшү аларды жеңил
сактоого мүмкүнчүлүк түздү, экинчи жагынан ал аныртмалуу көркөм
тарыхта элдин ошол мезгилдеги түшүнүгү да бар эле. Мен буларды эл
аралап, алардын өз оозунан өткөн санжырасын укканда түшүнө
баштадым. Мен өзүм жолуккан санжырачылардан: Ыбрай
Абдрахманов, Байгараев Муса, Жанчардын Ырыскулбеги, Дубанаев
Ибраим, Эгембердиев Ахунбай, Кангелдинин Маамыты, Укаев Аруун.
Айрым санжыраларды Кумар уулу Балык менен Буйлаш уулу
Арстанбек ыр менен айтышкан. Чын-чынына келгенде манасчылардын
баары эле санжырачылар болушат. Алар, “Манаска” жомок катары
эмес, кыргыз элинин тарыхы катары мамиле жасашат. Ошондуктан
манастын ата тегин өзүнчө баяндашат. Ошол учурдагы тарыхый
кырдаалды толук айтышат.
Балык кумар уулунун айтуусундагы санжырада кыргыздардын
байыркы тарыхы башкаларга караганда даана берилген.
Мындан үч миң жылдар мурда орто Азияда Угуз Уйгур мамлекети
жашап турган. Алардагы негизги дини буддага табынуу болуп, Самара
суусунун башына көк таш орнотуп сыйынышкан. Ал жер акырындап
кентке айланып, Самара кенти1 деп азыр дүйнөгө белгилүү Самаркант
шаары өсүп чыккан. Мунун негизги калкы түрктөр2 болуп кыргыздар
чоң уруу союзун түзүп турган. Самара суусунун башына коюлган
ташты кыргыздар, түрк уруулары “куту” деп аташкан. Бара-бара кутту
ар бир үйгө коюп куттуу үй экен – деп таазим кылышкан. “Келин алып
келгенде да, келин куттуу болсун” дешкен. Куттуу эне деп кут күткөн
үйдүн ээсин сыйлашкан. Кут – абийир, уяттуулуктун символуна
айланып, “куту сүйүнсө - киши сүйүнөт”, “куттуу үйдөн кур чыкпа”, деп жаман көргөн адамын “куту жок адам экен”, “куну, куту жок неме
экен” дешти. “Куну учту” деген сөз дагы кутка байланыштуу чыккан.
1
2
Шаар деген сөз.
Түрктөр – түрк уруулары.
49
Кийин Уйгур Угуз мамлекети жалпысынан угуздар деп аталып калды.
Угуздардын мамлекети батыш жагы Аму дарыясы, Каспий көлү,
түндүк жагы Едил, Жайыкка созулуп, Арал көлү менен чектелди.
Чыгыш жагы Опол суусу, Котон калаасы, Үрүмчү, Манас болгон.
Андан ары Алтай тоосу, Иртыш суусуна чейин кирген. Угуз өлгөндөн
кийин Карахан башкарып калган. Карахандын тушунда уйгур
жазуусун колдонуп, кутту бой тумар кылып тагынганга өтүштү.
Адамдар антташканда бой тумарды өзүнө үч жолу урушкан. Угуз
мамлекетин кийин Иран басып алат. Самаркантты Ферудон деген
падышанын Салым деген уулу башкарып калат. Тажиктер ошол
мезгилде көчүп келишет. Самара турган жерди Зарафшан өрөөнү,
шаарларды Туран деп атай баштайт. Кийин жергиликтүү элдер
Барактын тегерегине биригип, ирандыктарды кубалап чыгышат. Он
сан Барак мамлекети түзүлүп Отор хан болуп Отор шаарын салдырды.
Отор хан ээлеген жерин тактап, караган элдерин тизмелейт. Отор
канга Аму дарыя бою, Үргөнч, Жийделүү Байсын, Ысар, Гөлөп, Алай,
Бухара, Самаркант, Фергана, Арал көлү, Кызыл Кыя, Санташка чейин
карады. Мында жашаган элдер он тогуз уруу коңурат, он эки уруу
тайчык, катаган, кытай, жедигер, калча, кыргыз, кыпчак, курама,
маңгыт, казак, каракалпак, он эки ата угуздар, ногой, башкырт,
түркмөн, кыят, эштек, татар, чубаш, жети уруу желдеңдер эле.
Ошол мезгилде кыпчактардан Барман деген мыкты адам чыгып
Орозду менен достошуп, (Орозду сыр боюндагы кыргыздын ханы
болгон) аялдарынын боюнда кезегинде эле бел куда болушат. Бирок
экөөнүн тең аялы эркек төрөйт. Орозду баласына Отор деп, Барман
баласына Токтор деп ат коюп экөөнү дос кылып төштөштүрүшөт.
Ошол кезде он тогуз уруу коңураттан Сарыбай баатыр, жети уруу
угуздан Желдең баатыр, ногойдон Айтак баатыр чыгат.
Сарыбайдын эркек балдары токтобой кыркында кыз көрөт. Мен
эми кудайга ыраазымын деп атын Разы коѐт. Кыз көзгө атар мерген,
жолборстон кайра тартпаган баатыр чыгат. Атагы жер жарып, элге
тарайт. Желдең баатырдын жети уулу бир кызы бар эле. Кызынын
атын Арлан коѐт. Барман Токторго Айтак баатырдын Кантике деген
кызын алып берди. Ороз болсо Отор баласына Сары байдын Разы
кызын алып берсем деп жүрөт. Отордун ою да Разыда болгон. Ошол
учурда Ороз баласын ээрчитип Бармандын келинине куттук айтабыз
деп барышат. Отор, Токтор досу менен саадак атып, оюн-шоок
курушат. Токтордун аялы – Кантике Оторго: - Желдең баатырдын
Арлан деген кызын ал, ай десе арксыз, күн десе көрксүз сулуу. Анын
50
үстүнө Иранды кууп чыгабыз деп жүрөсүңөр, Желдеңдин жети баатыр
уулу чоң тирек болот, - дейт. Айтылган сөз Отордун жүрөгүнөн орун
табат. Айтса айтпаса төгүнбү, барып көрөйүн деп, Телкүрөң тулпарын
минип Арланды көргөнү жөнөйт. Арлан айтканындай бар экен. Отор
көрөр менен жактырат. Арланга Отор жа жагат. Арландын мойнунда
бой тумары бар экен, ал тумарды өз көкүрөгүнө үч уруп, Отордун
көкүрөгүнө үч тийгизип антташат. Экөө эзилип сүйлөшүп, Арлан
мурда көргөн түшүн айтат. Ал түшүндө Оторго жолугуп антташкандан
кийин, Отор жоголуп кетип, аял алып, өзү экинчи аял катары тийгенин
жана Отор хан боло турганын көрүптүр. – Сенин түшүң түлкүнүн
богу, мен сени эми эле алып кетем, үйүңө барып камынып кел, - деп
Арланды жөнөтүп жиберет. Отор оюнда эч нерсе жок асмандагы
жылдызды санап, Арланды күтүп жатып уктап кетет. Ошол мезгилде
капыл-тапылдан үч киши басып калат. Башына кара жаап, колун
аркасына байлап алып кетишет. Аны кармаган Сарыбай баатырдын
Турта деген кол башкарып жүргөн баатыр жигити экен. Турта,
Жийделүү Байсын жердеген Коңурат деген элден чыккан, он эки уруу
тайчыктар да Туртанын таасиринде болгон, экинчи жагынан Турта
Сарыбайдын аялы Каныштын атасынын инисинин баласы болгон. Ал
Разыны мага бергин деп Сарыбайга киши салат экен. Айласы кеткен
Сарыбай макулдугун берет. Анткени Турта, Сарыбай Раазыны
бербесе, он эки ата тайчык менен Иранга кетем дейт. Разы атасы
менен кеңешип туртаны Оторго жумшайт. Оторду кармап келсең сага
тием – дейт. Разы, Турта Оторго барса, ошол бойдон жоголот деген
экен. Бирок Туртанын иши оңунан чыгып, Оторду уктап калган
жеринен кармап алат. Сарыбай Оторду урмат менен тосуп, оюн-шоок
уюштурат, ат чаап, улак тарттырат. Эгер Отор макулдугун берсе бала
кылсам дейт. Отор да макулдугун берет. Ошол учурда Разы келип
Оторго Туртанын Ирандыктарга сатылып кеткенин айтат. Туртаны
кармап кел деп Отордон өтүнөт. Сарыбай болсо Желдең баатыр менен
жолдош экенин, бир убакта экөө искиптер менен масакаттарды
чапканын айтат. Сарыбай сөзүнүн аягында Отор ага жагып калганын,
кааласа, Разыны берерин эскертет. Отор ойлонуп калат. Бир күнү Отор
Разыдан, Турта кандайча Ирандыктардын кишиси деп сурайт. – Ал
мага өзү билгизип койду. Мага үйлөнгөндөн кийин тайчыктарды
ээрчип аларга кирип кетебиз деген, - дейт. Отор менен Разы Жийделүү
Байсында аң уулап жүрөт. Разынын Сагызган деген карала сулуу аты
бар экен, кууса жете турган, качса кутула турган – эр жигитке чак ат
экен. Разынын мергенчилиги да адамды таң калтырат, ачык айрым.
51
Бир күнү ал Оторду сүйүп калганын айтат. Отор ичинен жакшы көрүп
турса да, сынамакка: - Мен макул болбосом эмне кыласың? – дейт.
Разы кашкайып: туруп – Сени атып өлтүрөм, он тогуз уруу коңуратты,
тайчыкты баштап атаң менен согушам, жеңилсем Жети Суу, Алтай,
аркага өтүп кетем дейт. Отор Разынын ачык айтканына ыраазы болуп,
ага үйлөнөт. Сарыбай эртеси Көгүчкөн Көк-Ала деген атты Оторго
миңгизет. Туртага конокко бармак болот. Турта Сарыбайга: - Ирандын
Ношат деген башчысы Оторду колума тийгиз деп жатат, - дейт. Ага
Сарыбай макул болбосо, Турта күч менен ала турганын эскертет. Аны
угуп калган Разы Туртага келип: - Сен Ношатты өзүң ээрчитип кел,
мен Оторду ээрчитип чыгам, өзү кармап кетсин дейт. Ага Турта
алданат. Разы Турта менен болгон сөзүн Оторго айтат. Отор
Сарыбайга акыл салат. Сарыбай: - Ношатты атып сал, Туртаны тирүү
колго түшүр, калганын көрө жатарбыз, - дейт. Болжошкон күнү Турта
менен жолугушуп, аны колго түшүрүп, Ношатты атып өлтүрүп. Разы
Оторду коргойм деп санынан жарадар болот.
Ошол учурда уулунун кеткенине бир ай болсо да дайны
билинбеди, эмне болду? – деп Ороз тынчсызданып, Парманга киши
жиберет. Парман Токтор менен казактан Таракты алып, маңгыттан
Жолонду алып кол курап Желдеңге келет. Желдеңдин Доорон деген
кичи баласы Отор Сарыбайдыкында экенин айтат. Алар чогуусу менен
Сарыбайдыкына келишип Самаркандан Ирандыктарды кубалап
чыгууну сүйлөшөт. Түркмөндөн Айтакты чакыртып, аны менен да
макулдашат. Алар калган түрк урууларын бүтүндөй чогултуш үчүн
Ороз Эржанга арнап аш бермек болот. Элдин суроосу боюнча Отор
Туртаны туткундан бошотот. Ал күнөөсүн мойнуна алып, бой
тумарын көкүрөгүнө уруп ант берет. Угуз элине күнөө кылдым, каным
менен актайм деп сөз берет. Катаган, кытай, жедигер, калча, тайчык
эли Оторго ыаазы болушат. Угуз элин бириктирип Оторду хан
шайламак болушат. Бул санжыраны Балык манасчы минтип ырга
айландырган экен:
- Алгыр куштай кыраандар
Угуздан чыккан берендер,
Кол баштаган нойондор,
Ал берендин жайын айтайын,
Самарканды куткарып,
Отор шаарын салдырган.
Угуз элин куткарган,
Оторкандай берендер.
52
Атасы Сарыбайдан үлгү алган,
Аялдан чыккан эр экен,
Саадагын колго алганда,
Ирмегенин жаспаган.
Туртаны алдап байлаган,
Пашасын алдап жайлаган.
Оторкандын айымы,
Сарыбайдын кызы экен.
Ал кыраандын ичинде
Разыдай мерген бар.
Керээти элге белгилүү,
Кылган иши үлгүлүү.
Аялдардын ишмери,
Айтканы ката кетпеген.
Оторкандын айымы,
Ал кыраандын ичинде
Желдеңдин кызы Арлан бар.
Сырдын боюн жайлаган,
Сыдыра бээ байлаган.
Үйү сайын бозо бар,
Чогулушкан жоро бар.
Жоро сайын бийи бар.
Чүкө салган ордо бар,
Кыргыз, кыпчак, курама,
Маңгыт деген эли бар.
Сырдын боюн гүлдөткөн,
Ордо салып түрлөнткөн,
Үйдө жатып тилеген,
Тилеги ката кетпеген,
Оторкандын атасы,
Бата гою Ороз бар.
Караңгыда жол тапкан,
Жолго көсөм эр экен,
Ороз бийдин достугу,
Ал кыраандын ичинде
Кыпчактардан Парман бар.
Көпөлөк кууса бир кууган,
Көйнөк кийсе бир кийген,
Тар төшөктө жатышкан,
53
Талашып эмчек эмишкен,
Атасы менен атасы,
Туубай жатып дос кылган,
Отор кандын достугу,
Ал кыраандын ичинде,
Токтор деген нойон бар.
Ичкенин шекер чай кылган,
Кийгенин макмал шай кылган,
Жийделүү Байсын жайлаган,
Он тогуз уруу коңураттын
Көнүлдөрүн жай кылган.
Максат менен – Искипке
Айтак, Желдең – үчөөбү,
Аттанышкан бир болуп,
Айтканынан кайтпаган,
Кайра тартып качпаган,
Келбети журттан бир башка,
Ал кыраан нойон башчысы,
Сарыбай берен бар.
Күндө Эрен3 менен салышкан
Ыгын андан алышкан,
Аярлыгы бар экен,
Сарыбайдын достугу.
Ал кыраандын ичинде.
Түркмөндөн Айтак бар.
Жети уулу бар экен,
Арлан кыздын атасы
Ал кыраандын ичинде
Жетик баштуу Желдең бар.
Ал кыраандын ичинде
Желдеңдин улуу Доорон бар,
Эрендерге желигип,
Башынан чоң иш кылып,
Айтканымды кылам деп,
Өз ишинен тутулуп,
Айыпкер болуп Угузга
Кылган ишин кечир деп,
3
Эрен - Иран
54
Оторкандай адыл хан
Көпчүлүккө кеп айтып,
Көбүн билгин деп айтып.
Кечирген экен Туртаны
Мыкты жолдош болуптур,
Оторкандай беренге,
Ал кыраандын ичинде,
Турта деген нойон бар.
Казактардан тарак бар.
Маңгыттардан Жолон бар,
Катагандан Палан бар,
Жедигерден Төлөн бар.
Мурдагы сөз боюнча угуздар Ороздун берген ашында
Ирандыктарды кубалап чыгуу үчүн баталашат. Оторго ошол ашта
жасак4 башы берен деген наам берет. Алар Самаркандда турган
Ирандыктарга аттанып жылгындынын тоосунда (Букара жагы)
согушат. Ирандыктын кол башчысы Гуусташ колго түшөт, калганы
Самарканга кире качат. Ирандын Самаркандагы шагы Кудаз бир нече
күндөн кийин Иранга качат. Оторхан хандыкка шайланат. Раз менен
Арланга үйлөнүү тою кошо өткөрүлөт. Оторкандын тушунда жасак
куру күч алып, согуштук наам берилет. Эң чоңу берен, андан кийин
нойон, андан кийин кыраан, миң башы, жүз башы, он башы деп аталат.
Төрө, мырза деген наамдар киргизилет. Ички тартипти
башкаргандарга аяр деген ат берилет. Төрө диндин башында турган
адамга берилген. Бул наамга Оторкандын тушунда Желдең, Парман,
орозду татыктуу болгон. Мырза деген ат жазуу иштерин жүргүзгөн
адамдарга берилген. Бул атка Тарак, Жолон татыктуу болгон. Берен
бардык колду башкарган. Бул наам Сарыбайга берилген. Нойон –
беренден кийинки наам, буга Турта, Токтор татыктуу болгон. Оторкан
мамлекетин түзгөндө улуттук оюндарды, эски салттарды тактап, заңзаконго оңдоолор киргизген. Мурда киши өлтүрсө каңга-кан кубаласа,
Оторкан кун алууну кийирген. Эрдин өлүгүнүн, эриш бузуунун
наркын тактаган. Коноктуу милдетүү сыйлоону кийирген, конокту
кабыл албагандар жазаланган. Өлгөн адамга аш берүү, адам өлгөндө
үн чыгарып өкүрүү, кыз бергенде кошок кошуу, жыл айрылышында,
чоң көжө жасоо, күн батканда от жагып аластоо, караңгыда мылтык
4
Жасак – кол, аскер
55
атыш салттарын кийирген. Оюндардан көк бөрү тартыш, ат чабыш,
оодарыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атыш, кыз бергенде, төшөк
талаш, өпкө чабыш, кыз оюн өткөрүш өкүм сүргөн. Оторкан шаарды
куруп, учу-кыйырсыз жерди жайлап жүргөн угуз тукумдарын, түрк
урууларынын он санга санап, өзүнчө майда кандыктарга бөлүп, кан
шайлаган. Кандарды курултайда такташып, ортого куту коюп, чыбык
кыркып ант беришкен. Отор шаарында кыргыз, кыпчак, казак,
маңгыттан куралган эл турган. Ошол учурда Ирандан экинчи жолу кол
келген. Оторкан аны да быт-чытын чыгарып талкалаган. Ошондон
кийин мамлекеттин чегин кайра тактаган. Отор хандыгына Эдил,
Каспи, Ооган, Индустан, Алтайдагы Найман Кангыга чейинки жерлер
караган.
Отордун Разы аялынан Үркөр туулган. Аны Сарыбай (тайатасы)
асырап алган. Кийин ал Үргөнч шаарын негиздеген. Үркөндөр
Бараккан туулган. Отордун экинчи алы Арландан Көкчө туулат. Ал
энеси менен азыркы Ташкент турган жерде Көкчө дагасын
(шаарчасын) курат. Оторкандын Үркөн деген уулу Туртанын кызын
алат. Анын баласы Жолондун Күмүшай деген нарксыз сулуу кызына
үйлөнөт. Отордун Кумаркөз деген кызын Токтордун Сарт деген
баласы алат. Сарт Анжиянды бийлеп кыпчак, каңгы, жедигер уруусун
башкарып, согушта сарт ураанын чакырган.
Ал убакта түрк уруулары дешпей угуз уруулары (айрымдары огуз
уруулары деген – С.З.) деген. Урааны да угуздар деп чакырылган.
Ирандыктарды кубалап Отор деп ураан чакырды. Эл элине келди, жер
өзүнө кайтты. Башка эл менен тең болуп соболосу артты. Тектеш
элдерди: кыргыз, казак, кыпчак, курама, жедигер, калча, кытай,
катаган, он тогуз уруу коңурат, он эки уруу тайчык, жети уруу желдең,
каракалпак, ногой, түркмөн, эштек кыят, кошкуртту бириктирип,
Оторкан өттү. Отордун Үркөн уулу жанына тынч жай издеп, Үргөнч
суусунун боюна Үргөнч шаарын салдырды, таттуу тамак ичип, сулуу
кыздарды ырдатып, шаан-шөкөт жолуна түштү. Өз башынын камын
ойлоп, тынч уктады. Бирок анын Бараккан деген баласы жашынан
бышык чыгып, эл камын колуна алды. Чоң атасынын ордуна кан
болуп, анын заңын, улантты. Ирандыктар Бараккандын жаштыгынан
пайдаланып элге кол салды. Бараккан Оторлоп ураан салып,
Ирандыктар менен катуу салгылашты. Улуу-кичүү биригип анын
сөзүн укту. Перестер менен мадыярлар катуу талкаланды, анан жай
сүйлөшүп, бүтүмгө келишти. Ирандыктар, мадыярлар (ооган – С.З.)
жердеген жерин эли менен берип элдешти. Кийин Барак мадыярларды
56
татар, чубаш, уйгур, каңгы угуздарына кошуп кытай, моңгол,
манжурияга чабуул жасады. Ал жеңиш менен кайтып Отор шаарында
курултай өткөрдү. Ага караган көп элди, көп жерди башкаруу үчүн
айрым хандыктарга бөлгөндө жеңил боло турганын кеңешти. Эл макул
болуп мурдагы Угуз, кийинки Отор мамлекети бир канча хандыкка
бөлүндү. Элдин жайгашкан жерине, ынтымагына карап тогуз хандык
түздү.
1. Ооган өзүнчө бир хандыкта болду.
2. Он эки урук, он сан Барак өзүнчө болду.
3. Кыпчак, жедигер, калча – бир хандыкты түздү.
4. Он тогуз уруу коңурат, он эки уруу тайчык, карамаңгыт,
катаган, кытай (уруусу – С.З.) кошулуп бир хандык болду.
5. Казак, каракалпак, курама, маңгыт, кыргыз бир хандыкта болуп
Жолондун уулу Чынтемир башкарды.
6. Он сан ногой өзүнчө хан болуп Көкчө башкарды. Сарайчыкка
калаа куруп, ордо күттү.
7. Түркмөндөр өзүнчө хан күтүп, Айтактын уулу Мендини хан
көтөрдү.
8. Уйгур өзүнчө хан болду.
9. Найман, каңгы Найман хандыгы деп аталып Алтайды жердеди.
Ар ким өз максатына жетип, эл тынчыгандай болду. Хандары
Барактын сөзүн угуп ишин жүргүздү. Кутка сыйынып, кунуну
сыйлашты. Барак чыгарган тыйын, пул элдин соодасына, сатыгына
кирди. Өлүк көмүү адаты мурдагы боюнча калды: өлгөн адамды
кийими, идиш-аягы, тамагы, минген аты, алган аялы менен көмгөн.
Алар турмушун тиги жактан улантат деп ишенишкен. “Кулаалы
таптап куш кылдым, куюккан жыйып журт кылдым”, - деп Бараккан
өттү. Анын уулу Аланча хан болду. Ал ат үстүнөн түшпөй, эл-жерин
согуш менен кенейтти, максат, искибтерди талкалап, Кавказ,
Кырымды каматты. Индия, Кытайга коркунуч туудурду. “Кулаалы
таптап куш кылдым, куюккан жыйып журт кылдым”, - деп ал өттү.
Аланчак хандан Боруке туулду. Ал ата салтын тынчтык менен
өткөрдү. Ыйлаганды сооротуп, ач калганды тойгузду. Боорукер
туулган Боруке хан атанып, кой үстүнө торгой жумурткалады. Жылдар
жылып ал дагы жылас болду. Андан аты чуулу Атылакан туулду. Түн
уктабай, күн эс албай өмүрүн ат үстүндө өткөргөн согушчан чыкты.
Ар кандай ишти кылычтын мизи менен чечти. Эл кансырап, жорукузгун тоюнду. Көркоо бөрү күч алып, эл тынчтыгы бузулду. Ат
үстүндө жүрүп кытайдын түндүгүн талкалап, Монголияны
57
багындырды. Ирандын көп жерин алып, Балканга өттү. – Менин
тулпарымдын туягы тийбеген жер калган жок, кылычымдын мизи
тийбеген эл калган жок, - деп мактанып турганда анын да көзү өттү.
Андан кийин анын уулу кан ичме Карач хан болду. Ал өз элине касап
болуп чыкты. Улууну сыйлабады, кичүүдөн айбыкпады, элдин
салтына, дартына көнүл бурбады. Атасы кураган чоң мамлекет ташка
тийген чыныдай быркырай баштады. Кырк сан Кырым хандан кетти,
эки Ооган кетти, төрт уйгур хандыгы кетти. Он сан Барак менен, он
сан Ногой калды. Көп узабай он сан ногой да бузулду. Өзүнө ээрчиген
элди кошуп, сарт ураанын чакырып кан ичме Карачка кол салды. Аны
өлтүрүп, бийликти алды. Ошону менен Оторкандан тараган Бараккан
тукумунун калдыгы бүттү. Согуш менен куралган эл, согуш менен
кайра тарады. Улуу мамлекет бузулуп, хандык талкаланып мурда “ата”
бирикмесине түштү. Ошентип мурдагы угуз уруулары мындай
аталарга бөлүнүп калды:
1. Кыргыз, кыпчак – бир ата.
2. Курама, маңгыт – бир ата.
3. Казак, каракалпак – бир ата.
4. Жедигер, калча – бир ата.
5. Катаган, кытай – бир ата
6. Коңурат, тайчык – бир ата
7. Түркмөн өзүнчө бир ата
8. Ногой, башкырт, эштек, кыят – бир ата
9. Татар, чубаш – бир ата.
Эл арасында:
Отор, отор болгондо
Он сан Барак болгондо
Он сан Ногой болгондо,
Кырк сан Кырым болгондо
Урум-урум болгондо,
Ай ааламды алган,
Аты чуулу Атылакан болгондо,
Кан ичме Карач болгондо
Эл бузулган – деген сөз калды.
Аты чуулу Атылакан согушчан болгон менен акылман эле. Анын
көп сөзү элге лакап болуп тарады. Өлум алдында жатып төлгөчү кара
Төлөгүнө осуятын айтты: - Баатыры миң болсо, бийи бир болсо – эл
болот, бийи миң болсо баатыры бир болсо эл бузулат – муну унутпа.
58
Өлүктүн сөзү, эси жок балага эс болмок беле. Кан ичме Карач ата
сөзүн сыйлабай аягы сай таппай жоголду. Атылакан Балканды
каратып, ошол жерден өлгөн эле. Анын увазири төлгөчү кара Төлөк
уйдун шүдүңгүтүн минип, тоого чыгып арманын айтып зарлады:
- Балкан, балкан, балкан тоо,
Балкан тоого мен чыксам,
Башында бар айры тоо,
Айры тоого мен чыксам,
Көлдө жаткан көп өрдөк,
Ылаачын тийсе бөлүнөт.
Ылаачындай шумкарым,
Атылкандан айрылып,
Элди кайдан табамын?
Эл карааны көрүнбөйт,
Тамакты кайдан ичемин?
Кийимди кайдан киемин?
Элди кайдан табамын,
Журтту кайдан табамын?
Ал арманын айтып, зар-муңун чыгарып, көз жашын тыйып, жасак
баштап элине кайтты. Төлөк сөзгө чечен, комузга шыктуу акылман
адам экен, айткан сөзүн асылкеч аялына, асыраган баласына катуу
тийип калбасын деп, комуздун муңдуу күүсү менен Атылакандын
өлгөнүн элине угузат. Кан ичме Карач атасы өлгөндө бир көптү, элди
бузуп ал өттү. Хандык эми Көкчөнүн тукуму Алоокеге өттү. Алооке
он сан жаткан ногойду ээрчитип Оторго кирди. Аны ээрчип келген
ногойлор:
- Эдил кайда, эл кайда,
Карача торгой тоо кайда, деп ырдашты, жерин сагынып Эдил, Жайыкты унутпады. Ал
убакта Самарканды Борукенин уулу Тооке билип, Үргөнчтү
Үркөркандын уулу эртегинин эр Шорук ээлейт. Кийин бул экөөнүн
ортосунда согуш чыгып эртегинин Эр Шорук Тооке ханды өлтүрүп
Самарканды ээлейт. Кыргыздар Жети сууга сүрүлөт. Ал убакта Жети
Суу деп Талас, Чүй, Иле, Ысык-Көл, Каратал, Көксуу, Лепси суулары
агып жаткан өрөөндөрдү атаган. Барак хандан калган Калыбий
кыргыздарды ээрчитип келип Жети сууга бөлүп, өзүнүн ордосун КараБалта суусунун Чүйгө куйган жерине курат. Ал жер кийин “Калкуту
капка таш” деп аталат. Анткени, ал жерге Калыбий куту салган.
59
Калыбийдин аялы мангыттан чыккан Сармандын карындашы экен.
Ошондуктан маңгыттар да кыргыз менен жааматташ жашап, доону
бирге доолашып, жоону бирге жоолашкан. Калыбийдин аялы Айсулуу жалаң эле сулуу эмес акылман да болгон. Андан эки уул
туулат. Бири Сагын, экинчи Арашан.
Сагын бышык чыгып он экисинде сөзгө илинип, Бала Сагын
аталат. Ошол мезгилде Отор шаарын Жанчархан бийлеп калат.
Сагын шаар кыдырып, байыркы ата –бабасынын жерин иликтеп
чыгайын деп ойлойт. Жанчархандай корккон Калыбий аны жибергиси
келбейт. Сагын басканга ылдам, жүгүрсө чыккан, эмчи, төлгөчү,
тамырчы, болгон. Ага казактын Абак бийинин Баглан деген кызын
алып берген. Андан Ташы туулат. Баласы үчкө чыкканда Сагын жер
кыдырып кетет. Эл көрүп, жер көрүп илим үйрөнүп элине кайтат.
Сагындын жер кыдырып кеткенине далай убак болгон экен, аны
үчтөгү баласы эр жетип, эл карап калмактын Боролдой, Боом деген
баатырларын өлтүрүп элге алынып калыптыр. Сагындын атасы
Калыбий мурутунан күлүп:
- Эл кыдырып дубана болбо десем, болбой кетти элең, эмне
максатка жеттиң, - дейт. Анда Сагын: - Ээ, ата, жөн жаткандан көрө, эл
көргөн жакшы экенин билдим, жакшы менен жаманды ажыратып
келдим. Өскөн эл менен жоголуп бараткан элдин айырмасын билдим.
“Ат жакшысы арада, эр жакшысы калбада” боло турганын байкадым.
Шаар, калаа салбаса, эл болбосун түшүндүм, жазуу - окуу болбосо
билимдин өспөсүн түшүндүм, атчан жасактан, жөө жасак күчтүү боло
турганын билдим. Ата бабабыздын шаары Оторду басып алуу зарыл
экенин билдим, - дейт. Ошол мезгилде калмактар каптап Жети
Суудагы Кыргыздарга кол салат. Сагын, Ташы аларга каршы аттанып
согушта жеңип чыгат. Жети Суу хандыгы түзүлүп Баласагын хан
болот. Токмоктун үстүнө ордо куруп, калаа салдырат. Ал Бала - Сагын
шаары аталат. Бала Сагын, баласы Ташыга Карача бийдин кенже кызы
Мактымды алып бермек болот. Мактымдын жер чийген чачы, айдай
ийилген кашы ошол мезгилдеги хан, бектердин балдарынын түгөнбөс
ырына айланат. Кырк кулач чачтуу кыз Мактым, ак Маактым аталат.
Анын атасы Карача бий ошол кезде ногойго карап турган Көкчө
калаасынын бийи болгон. Ногойдун Ханы Жанчархандын уулу
Кочкоркан ак Мактымды эч кимге бергиси келбей Карача бийдин
агасынын баласы Күнтуума менен жашырын макулдашып өзү алмак
болот. Ага карабай Бала Сагын, Ташыга маңгыттын Сарман баатырын
кошуп ак Мактымга жиберет. Сармандын Агыш деген баатыр
60
небереси 40 жигити менен Ташыга кошулат. Алар Карача бийге
келишкенде ал сүйүнүп тосуп алат. Карача бий ногойдун ханы
Жанчархандын уулу Кочкорхандын жашырын сүйлөшкөнүн билген
эмес. Кочкорхан атасы өлгөндөн кийин он сан ногойду бийлеп, Отор
шаарында ордосун курат. Карача бий жуучуга келген адамдарга
Мактымды Ташыга бере турганын эскертет, бирок Күнтуумага
айтпасак болбойт дейт. Ал убакта казакты Күнтуума билип экинчи
жагынан ханга сөзү өтүп турган экен. Бул сөздү уккан Агыш Ташы
менен Мактымды жашырын жолуктуруп макулдаштырып коет.
Күнтуума аларды уккандан кийин ичинен жини келип, аялы
Еренчени Мактымга жиберип, өзү жашырын Кочкорханга барат.
Кочкорхан ачууланып Күнтууманы өлтүрмөк болот. Ал: - Сен тигил
жакка макулдугуңду берип, бул жакка калп эле келдиң, - деп
күнөөлөйт. Бирок куу Байсак деген аярын чакырып акыл салса: - кой,
Күнтууманы өлтүрбө, аны өлтүрсөк казак кыргыз биригип кетет,
согуш чыгат, андан көрө аны алдап, Ташы менен Агышты колго
түшүрүп, кыз Мактымды макулдатуу керек, Бала Сагын баласы колго
түшсө айласы кетип Адөөлөтканга барат. Анда өз бир тууганын
Зарлык хан болуп турбайбы, ошентип тынчтык менен иш бүтөт дейт.
Куу Байсактын сөзү Кочкорханга макул келет. - Жарайсың аярым, деп далыга чабат. Көтөрүшүңчө алтын ал, - деп казнага киргизет. Аяр
деп ал убакта ханга акыл кошкон жардамчысын айтчы экен. Капилет
жерден ой таап, камалган жерден жол тапкан киши “аяр” атагын алган.
Төлөк менен Куу Байсак ошондой атка жетишкен экен.
Кочкорхан Күнтууманы алдап жалдап жолго салат. Бирок Күнтуума
Кочкорхандын мамилесинин кескин өзгөрө түшкөнүнөн шек санап
ишенбей калат. Ал келээр менен Сарман, Карача бий, Ташы,
Агыштарга болгон ишти бүт айтып коѐт. Андай болсо мен өзүм барып
Кочкорхан менен сүйлөшөм, - дейт. Ташыга Күнтуума, Карача бий,
экинчи жагынан Ташынын таекеси болгон. Ошондон уламбы
Күнтууманын жакындык сезими козголуп: - кой өзүң барып, өлүмгө
жолукпа, мен барып дагы бир чалып келейин, - дейт. Күнтуума
Кочкорханга барып иштин оңолуп жатканын айтымыш болуп сырын
тартат. Баары бир Кочкорхан чечилбейт. Күнтуума Ташыга келип: Барба, - деп эскертет. Ага болбой Ташы жөнөмөк болот. Андай болсо
Ташынын артынан Сарманды жасак менен жөнөтмөк болушат. Ошол
учурда Отор шаары он эки капка калаа экен, темирден дарбаза салып
абдан бек кылып ички ордосун да жасаткан экен. Ордонун ичинде:
Ороз, Оторхан, Сарыбай, Желдең, Айтак, Парман, Турта, Разынын,
61
сүрөттөрү чегилип коюлуптур. Көргөндүн көзүн талдырган кооз
айбандардын сүрөттөрүн да тарттырат. Ташы Оторго келгенде
Кочкорхан шаан - шөкөт менен тосуп, кучакташып көрүшөт.
Шаарда беш урук эл болгон. Алар ногой, кыргыз, казак, кыпчак,
маңгыт. Ташы келгенде Кочкорхан, ногой кыпчак хандарын гана
чакырткан. Анткени башка урууларга ал ишенген эмес. Үч күн той
берип эски досундай күткөн менен алдыртадан Ташыны кандай
өлтүрүү жөнүндө сүйлөшөт. Отордо ошол кезде куту кунуну Коңур
Төрө башкарып турган. Ал Арслан кыздан туулган Отордун Көкчө
деген уулунун тукумдарынан эле. Ал дагы Ташынын өлтүрүүнү туура
табат. Куу Байсак Ташыны ээрчитип ички ордого кирет. Ордону
сыртынан жаап, Кочкорхан, Көкчө тукумун чаап, кыз Мактымды алам
деп жасак курап жөнөп кетет. Кыз Мактым аны билип эркекче кийим
кийип, Чалкар Көктү минип, саадагын колго алып, көпкө топурак
чачпайм деп кыргыз, маңгытка кабар бергени чыгышка жөнөйт.
Жолдон Кочкорхан баштап келаткан ногойлордун жасагына жолугат.
Алардан качып кутулат. Айласы кеткен Кочкорхан ордосуна кайра
тартат. Коңурга акыл салса Ташыны ички ордодон чыгарбай өлтүр
дейт. Ташы ордодон соо чыкпасын билип, куу Байсакты алдоого өтөт.
- Мен Карача бийдин кызын албайм, керек болсо Кочкорханга
көндүрүп берем, - дейт. Куу Байсак Кочкорханга барып: - Ташы
коркуп калды, кыз Мактымды сага бермек болду, камылгаңды көрө
бер, - дейт. Билги аярынын сөзүнө ишенген Кочкорхан тынч жатып
калат. Ал учурда Ташы куржунга ката кирген тамбузар, көбүрөк
найзасын алып күл азыктан жеп ордонун бир жагын жарып чыгып
согушка кирет. Ошол мезгилде Баласагын төлгө тарттырып баласынын
кыйналганын билип Чоң Кошойду чакыртып жасак курап, жүрүшкө
камынат. Чоң Кошой Баласагындын жасак башчысы болгон. Бул
мурда өткөн Манас заманында катагандын кан Кошою башка. Калмак
доорунда Солтодон чыккан Талкандын Кошою өткөн. Таластын
башында Үч Кошой жүргөн жер бар. Буларды бири менен бирин
чаташтырууга болбойт. Калың кыргыз маңгыт камынып жатканда кыз
Мактым келип калат. Ал Баласагынга болгон окуяны айтат. Баласагын
кийим которуп кийип көп кол менен Оторду басып кирет. Куу Байсак
эми Ташыга кабар ташып, ал жакка өтүп кетет. Кочкорханды баш
кылып Коңур, Күлмөсханды колго түшүрүп даргага тартат. “ Кимдин,
кимдин заманы, Бала Сагын, Ташынын заманы” деп акындар жар
салып ырдашат. Ташы кыз Мактымга үйлөнүп байыркы ата
бабасынын ордосу колуна тиет. Ордону Бала Сагын, Ташы алгандан
62
кийин Адөөлөткан келет. Ага мурда Кочкорхан киши жиберип,
чатакты Ташылар баштап жаткандай түшүндүрүп койгон экен. Иштин
жайын түшүнгөндөн кийин Бала Сагынга кошулуп кетет. Ошондо
Оторду алган он сан ногой, кыпчак чачылып кетет. Мурда өзүнчө
күчтүү эл болгон кыпчактар үчкө бөлүнөт. Сартка караган кыпчактар
Кашкарга кетет. Бир бөлүгү кыргыздарга сиңип кетет. Кыпчактарды
атайлап бөлгөн Тайчакан болгон. Минтип бөлүп таштабасак эл
тынчыбайт, согуш боло берет деген. Тайчакан Бала Сагынды
Адөөлөтканды чабабыз деп айындырат. Ага Бала Сагын болбойт.
Өзүбүздү өзүбүз чаап азайгандан көрө ичтеги кекти сөз менен чечелик,
кимден каталык кетсе аны тактайлык деп чоң курултай чакырат.
Курултайда Алоокенин кан ичме Карачты өлтүргөнү, эртегинин Эр
Шооругунун Боокенин Тоокесин өлтүргөнү айтылып, ногой менен
кыпчактан каталык кеткенин сындашат. Мындан кийин мындай чатак
болбосун деп үч кандыкка бөлөт. Ар бир шаарда аралаш уруулар
жашап турган. Биринчи хандык Үркенч хандыгы деп аталып, аны
Тайчакан башкарып калат. Экинчи хандык Сарайчук шаары болуп аны
Адөөлөткан ээлейт. Үчүнчү хандык Отор шаары ордосу болуп, бүткүл
Жети Суу кирген. Ага Бала Сагын хан болгон. Ошол курултайда Бала
Сагындын уулу Ташыга - Бек арстан деген наам берилет. Ошондон
улам “Бек Арстан Ташы” деген күү пайда болот. Ташы Жети Сууну
башкарып калат. Бала Сагындын экинчи уулу Талас болгон. Ал
азыркы Талас шаарын салдырып Олуя Ата, Ала Бел, Үч Кошойду
бийлеп калат. Талас ошондон баштап Талас аталып башы экиге
бөлүнгөн. Бири Кара Көл аталып, экинчи учу Үч Кошой аталат. Чоң
Кошой , Орто Кошой , жылаңач Кошой Бала Сагындын убагында көп
шаарлар салынат, Отор шаарында уйгур жазуусун колдонуп мектеп
ачкан, Бала Сагын өлгөндөн кийин Ташы ордого хан болот. Ташыдан
кийин аны уулу Белеке хан болот. Ошол мезгилде араптар орто Азияга
кирет. Бул окуяларды Балык манасчы минтип ырдаптыр:
- Ногойлорду чакыртып,
Алоокени хан кылып,
Карач ханды өлтүрүп,
Кыпчактардын Боокесин,
Сарт деп ураан чакырып,
Кыпчактардын Тоокеси,
Баарын кылган сенсиң деп,
Эртегинин Эр Шорук,
Кошуп жыйган эмеспи
63
Самарканды бошотуп,
Кайра алган эмеспи
Тооке ханды өлтүрүп,
Өчүн алган эмеспи.
Сагын, Ташы ханыбыз,
Күлмөсхан менен Кочкорду,
Кабаты менен өлтүрүп,
Оторду алган эмеспи.
Сагын ханга болушуп,
Үргөнч ханы Тайчакан,
Кошун жыйган эмеспи,
Жолдо чубап кеп угуп,
Сагын, Ташы экөөбү,
Кыргыз, маңгыт, казагы
Оторду алды деп угуп,
Сагын хандын тууганы,
Үргөнч ханы Тайчакан,
Баарын кылган сенсиң деп,
Күлмөсхандын элети,
Кыпчакты чапкан эмеспи,
Катуусунан таш калып,
Жумшагынан күл калып,
Тайчакандын каарынан
Кең Кашкарды аралап,
Кыпчак көчкөн эмеспи.
Кыпчакты чаап Тайчакан,
Отор келген эмеспи.
Сагын ханга кошулуп,
Жол көрсөтүп ногойго.
Кыр көрсөткөн эмеспи,
Адөөлөтхан чочулап,
Багынып берген эмеспи.
Ортосуна кек кетип,
Куту менен кунуну,
Ортосуна коюшуп
Адөөлөтхан, Тайчакан,
Сагын ханга баш ийип
Калың кара эл болуп
Бата кылган эмеспи.
64
Оторхандын дөөлөтү,
Үч хандыкка бөлүнүп,
Тынчтык болгон эмеспи.
Отор ханы – Сагынхан,
Үргөнч ханы Тайчакан,
Адөөлөтханга Сарайчук
Тийип калган эмеспи.
Чыбык кыркып үчөөбү,
Бүтүм кылган эмеспи.
Ошентип көп убакты
Ислам дини киргенче,
Тынчтык болгон эмеспи.
Тынчтыкты араптар бузду. Отор ордосун Ташынын уулу Белеке
билип турганда, араптар күчтөнүп Орто Азияга чабуул коюп кирет.
Араптардан Мухамед инни Абубекер кол баштап Индустады алган.
Мухамбет анабия инни Аалы; Иран, Ооган, Кордустан, Салжуку,
Түркмөн, Кавказ, Каспийди ээлейт.
Самарканды алууга Мухамбеттин атасы менен туушкан
Аппастын уулу Кубанды жиберет. Самаркан да Белекке карап турган
эле ал жеңилет. Самарканды араптар ээлейт. Сарайчук хандыгы
Бухара, Үргөнч, хандыктары согушуп жатып жеңилет. Үргөнчтү
коргоп он тогуз уруу коңурат талкаланат калганы качып Оторго,
Белеке ханга келишет. Урушпай араптарга караган сарт хандыгы
болгон. Ошондуктан кыргыздар өзбектерди, “азирет Аалынын
кылычынан коркуп мусулман болгосуңар” деп тамашалап калат.
Араптар Үргөнч шаарын талкалагандан кийин анын жогор жагына
Хорезм шаарын курат. Ошентип Амур дарыя боюнда Хорезм хандыгы
өсүп чыгат. Ага азербайжан, салжуки, түрктөр, түркмөндөр, каспилер
караган. Чыгыш жагына Ысар, Гөлөп, Бухара, Самаркан, Фергананы
кошуп бир хандык түзүп Маверанахыр деп атаган. Ордосу Бухарада
болгон. Бухарада илим өнүккөн, чоң окуу жайлар жайгашып исламды
үгүттөөчү шаарга айланган. Ал шаарга шариб деген наам берилген.
Мындай наамды алган ислам тарыхында жети шаар болгон.
1. Меке шариб
2. Медина шариб
3. Худус шариб
4. Шаам шариб
5. Мисир шариб
6. Багдат шариб
65
7. Бухара шариб
Араптар Орто Азияга мусулман санагынын хажириясы боюнча 53 - 54
жылдары кирет. Биздин санакка, бул – 734 - 735 жылга туура келет.
Алты жылда Орто Азиянын негизги шаарларын каратып хажириянын
61 - жылы, (бизче 741 жыл) Отор шаарына кирет. Оторго ( Отрар С.З)
келген араптардын колун Азирет Аалынын он сегиз баласынын
Мусаллам деген уулунун Хутайпасы баштап кирген. Мына ушул
жерден кичине артка чегинүүгө туура келет. Анткени, кыргыздардын
мусулмандашуусу, ислам динине кириши санжыра боюнча, укмуштуу,
кереметтүү шартта өтөт. Албетте мындай окуяларды кийинки
молдолор ислам дининдеги мусулман жазуучулары ойлоп чыгышкан.
Биз бул фантазиялуу аңгемени өзгөртпөстөн айтып берүүнү туура
таптык. Ал мындай: Араптар хижринин 56 - санында Самарканга
Кусам инни Аппастын кол башчылыгы менен кирет. Белеке хан бир
диндеги кытай, калмакка (алар буддага - кутка сыйынышкан С.З.)
кабар берип, көп кол менен барып Самарканды камайт. Катуу кыргын
болот. Кусам инни Аппас коркуп кетип Мухамбет анапияга киши
жиберип жардам сурайт. Ошондо көп кол менен Кутайпа инни
Муссалим келет. Ал келгенде Белеке хан Кусам ини Аппасты
(кытайдан келген Кара Көбөк, Ак Көбөк, кол башчылары менен
биргелешип) өлтүрүп, Самарканды алганга аз калган болот. Кутайпа
жаңы күч менен келип Белекени, Кара Көбөк, Ак Көбөктү өлтүрөт.
Белекенин ордуна анын уулу Култегин хан болот. Кийин мусулман
молдолору Кусам ини Аппас өлгөн эмес, Белеке хан көп кол менен
келгенде мечитте намаз окуп олтурган болот. Ал, Белекеге колго
түшкүсү келбей мечитти жарыла бер деп айтса, жарылып кетет да өзү
кайып болуп кеткен. Кудайдан корккон Белек, мусулман динин кабыл
алган. Эртеси Самарканды камап жаткан Белек хандын кытай,
калмактын колун мекеден учуп келген Опол тоо басып калган. Опол
тоону астында 40000 кол калган, алар кийин, акыр кыяматта Иймам
Маади чыкканда чыгат дешет. Мындай жомоктор исламдын
артыкчылыгын терең түшүндүрүү үчүн, караңгы элди коркутуу үчүн
молдолор тараптан чакырылган. Бул жомокту Шабдандын
молдосумун деп жүргөн Кара Эшен (өз аты Сейит казы С.З) айтып
жүргөн. Ал түгүл кыргыздардын чыгышы жөнүндөгү легендаларды
мусулмандаштырган.
Арап тарыхчылары кырк кыздан тараган кыргыздар түбү Шаа
Мансур Олуядан. Ал Мухамбеттин саабасы Уккашадан. Мансур арап
халифаты Атастын тукуму Абдулла саабанын уулу Жапар Мансур
66
давадан. Багдатта туулган, олуя Шаа Мансурдан дешкен. Ал Апал
деген амырдын1 кызына ашык болуп ага жетпей калгандан кийин
ашыктыгын ырга кошуп, тентип кетет. “Апал ак, мен да ак” деп, кан
какшап обон салат. Аны уламалар угуп: - Мансур динден чыкты, апал
да кудай мен да кудаймын деп жар салып жүрөт, - деп элге жаят. Эл
чогулуп сураса “ Апал ак, мен да ак” дейт. Ак – кудайдын аты, мунун
кудаймын дегени чын экен” деп, динге ишенген эл аны өрттөп, күлүн
сууга салып жиберет. Күл көк, жашыл көбүккө айланып суунун
үстүндө агып баратса сейил куруп жүргөн кандын кызы кырк кыз
нөөкөрү менен көрүп, даамын татып кош бойлуу болуп калышат.
Ошол кырк кыздан тараган кыргыздар түбү арап тукуму деп
кыргыздарды ислам динге тартышкан. Мындай легендалар кийин
кыргыздар ислам динин кабыл алгандан кийин күч алып элге тараган.
Ал эми араптар Орто Азияга жаңы келгенде кыргыздар менен
араптардын ортосунда катуу кыргын болуп, айыгышкан согуштар
жүргөн. Жети Сууну, Оторду бийлеп турган Белеке хан Самаркандын
жанындагы катуу салгылашта арап кол башчысы Кутайпадан каза
болгон. Кутайпа Оторго келгенде Белекенин уулу Култегин да катуу
каршылык көрсөтүп согушат. Ал согушта да кыргыз, казак, маңгыт,
кыпчактар жеңилип, Алтай тоо, Енисейди жердеп турган мурдагы
кандаш, тектеш досторуна – найман, Каңгы хандыгын карай качат.
Араптар Оторду талкалап маңгыт, курама, ногой, кыргыз, казактын
калганын Көкчө элине көчүртүп, Ташкен шаарын салат. Ташкен он эки
капкалуу чоң шаар болот. Култегин жолдо өлүп анын уулу Какас хан
болот. Ошентип сүрүлгөн, азган, кырылган кыргыз, казак тукуму
“какасташып” ураандап алтай, найман, каңгы хандыгына барат. Ал
жерден Култегиндин сөөгүн коюп, Какас эл башкарып жатып калат.
Кийин ал Алач, Талас деген эки уулдуу болот. Алач казактарга хан
болуп, Талас кыргыздарды башкарат. Ошон үчүн казактар: “керегим
Алач, урааным Алач”, - дешкен, кийин Алач балалуу болуп, элим
унутулуп кетпесин деп кыргыз коет. Кыргыздан Ногой, Шыгай чыгат.
Алар ислам динин кабыл алып, Жети Сууга кайра көчүп келишкен.
Калган кыргыздар Алтайды жердеп туруп калышат. Ногой,
Шыгайларды ээрчип келген кыргыздар Жети Сууда көп өзгөрүү
болгонун байкашат. Жаңы шаарлар салынып, куту-куну кыйратылган.
Мечиттер ачылып, жалпы элди намазга жыгып, кудайдын буйруктары
парс, сүннөттөрүн диний чыгымдарды, кайрымдуулук, мээримдүүлүк
жөнүндөгү жоболорду саймедиреп түшүндүргөн такыбалар көбөйүп
кеткен. Мухамбет байгамбардын Марван Кары деген молдосу куранды
67
жатка билген. Ошондуктан куранды жатка айткандарды – Кары деп
аташкан. Мухамбеттин атасы Абдулла түбү Ибраим байгамбардын
уулу Исмаилге барып кошулат. Энеси Амина. Мухамбет байгамбар 25
жашында өзүнөн 15 жаш улуу Калыйча деген бай аялга үйлөнүп, дин
үчүн өзүн курман кылганын айтып, 40 жашында байгамбар болуп, 50
жашында Мединадан Мекеге көчүп келгенин жомок кылышкан. Бул
жомок, жөнөкөй эле адамдын өмүр баянындай болбостон, сырдуу,
адам таң каларлык окуяга байланыштуу айтылган. Мисалы, Мухамбет
эки жаштагы кезинде таштын үстүнө чыгып ойноп отурган. Энеси
үйгө кирип чыкса кимдир бирөө ичин жарып, ташка жайып кеткен
болот. Энеси бакырып ыйлап эси ооп жыгылат. Бир убакта көзүн ачса
бала таштын үстүндө ойноп отурган болот. Көрсө аны келечекте
байгамбардыкка даярдап жаткан экен. Мындай сырдуу окуялар
Мухамбет байгамбардын тегерегинде эң көп айтылган. Адамдын
ойлоп турганын билүү, алыстагы колдун кыйынчылыкка, түшкөнүн
сезүү, келечектеги окуяларды алдын ала айтуу, кубулуп кетүү жана
башка касиеттерге толгон окуялар айтылган. Ал түгүл Мухамбеттин
төрт шакирти Аалы, Осмон, Абубахар, Омор жөнүндө да көп
уламыштар тараган. Аалынын зулпукор кылычы менен чапканда эки
миң киши кыйраган. Дулдулу бир айлык жолду бир күндө басып өтөт.
Араптар дулдул деп качырдын мыктысын айтышкан. Мухамбет
миңген дулдулду Искандария падышасы Макукас тартуу кылган экен.
Арап тарыхчылары, динди үгүттөөчү молдолору Мухамбеттин
куранды кантип жазганын сыйкырдуу жомок кылып айтышкан. Бир
жолу Мухамбет төшөгүндө ойлонуп жатса кудай тааладан чакырган
буйрук келет. Аны Кавкаасалын деген жерге алпарып, конок кылып,
беш парсты үйрөтөт. Ал беш парсты үйрөнүп кайра келсе төшөгүнүн
жылуусу кетелек болот. Ал беш парс булар экен:
1-парс. Кудайды бирөө деп билүү жана анын жердеги элчиси
Мухамбет деп таануу.
2-парс. Мусулман баласы беш маал күнүгө намаз окуу.
3-парс. Он эки айда бир жолу орозо кармоо.
4-парс. 40 диллеге дүнүйөң жетсе секет берүү.
5-парс. 3 миң диллеге дүнүйөң жетсе Мекеге баруу.
Мындан башка куранды ыйык тутуу, алардын аяттарын милдеттүү
аткаруу сыяктуу толгон-токой жоболор элге тараган.
Араптар элге жыл санноону кийрип, аралыктарды өлчөө чендерин
такташкан. Мурда Угуз уруулары, түрк уруулары айбандардын аттары
менен түзүлгөн он эки жыл эсеби, он эки ай эсебин колдонушкан. Он
68
эки жыл бир мүчөл деп эки мүчөлдө бир жыл кошулуп (адамдын
ичтегиси эске алынган) мисалы, 13, 25, 37, 49, 61, 73, 85, 97. Ушул
сыяктуу кете берген. Адамдын жашын билүү үчүн кайсы жылы – коѐн
жылыбы, кой жылыбы, жылкы жылыбы – ошолорду билиш керек эле.
Араптардын жыл эсеби, Мухамбеттин Мединадан Мекеге көчүп
келген мезгилинен башталган. Азыркы биздин эсептен 622-жыл
айрымасы болгон. Азыр биз колдонуп жүргөн жыл эсеби Христостун
туулган күнүнөн башталып, биздин эранын башталышын түзгөн.
Эми, биз, мурдагы, VIII кылымдагы араптар келген мезгилдеги
Жети Суудагы абалга кайра кайрылып көрөлүк. Санжыра боюнча
алганда, Алтайдагы кыргыздардын: Ногой, Шыгай ээрчиген эли менен
Жети Сууга келсе, Ысык Көл, Нарын, Иле, Чу, Таласты, Ногойдун
ханы Жамгырчы бийлеп турган экен. Ногой, Шыгайларга, Чүйдүн
Кара Балта, Аксуу деген жеринин ортосунан, Боз жоргонун чокусу
деген жерден орун берет. Алар ордо салат. Ногойдун, Баян деген
сулуу кызына Жамгырчы үйлөнөт. Ногойдун, Баяндан, башка, Чаян
деген уулу болгон. Ал Чыйырчыкты жердеп турган, андан Жакып
туулат. Баян Жамгырчыга тийгенден кийин, эки кыздуу болот. Бирин
казактын ханы Айдаркан алат. Андан Көкчө хан туулат. Экинчи кызын
Чаян таекесинин уулу Жакыпка алып берет, андан Манас туулат.
Манастан бир нече кылым өткөндөн кийин, моңгол уругунан
Чыңгызхан чыгып, Алтайдагы Найман хандыгын талкалап,
кыргыздарды батышка сүрөт. Ошентип, Алтайга, Енисейге, мурда
араптардын убагында сүрүлгөн кыргыздар Тянь Шанга кайра келишет.
Бул мезгилде, кыргыздарды Жанкороз баштап келет, урааны да
Жанкороз болгон. Жанкороздон Чамас туулат. Чыңгыз хан Орто
Азияны басып алып, балдарына үлүш, жер бөлгөндө, кыргыздар –
Чагатай үлүшүнө туура келет. Кыргыздар Чагатайды – Жагатай
дешкен. Жагатай – Чыңгызхандын Жуучудан кийинки уулу болгон.
Чагатай кыргыздардын турган жерин багышка (аймак, область – С.З.)
бөлгөн. Жанкороз, Чамаска: башы Кызыл Кыя, Сан Таш, аягы
Бетегелүү Кой Таш берилет. Чамасты бий шайлап, бий амалын берет.
Чамас кыргыздардан жыйналган салыкты Чагатайга берип турууга
милдеттүү болгон. Чамастан Ак уул, Куу уул туулат. Ак уул биринчи
багышта бий болуп – оң Багыш аталат. Куу уул экинчи багышка бий
болуп сол аталат. Ак уулдан – Арстан бий туулат. Куу уулдан Тооке
бий туулат. Ошол учурда, мурда Эдил, Нурадан келген Ногойлорду
баштап, Ормонбетхан кыргыз жерин, Жети Суу, Тянь Шанды таштап,
өз жерине кетишет.
69
Чыңгызханга карагандан кийин, Жуучуунун уулу Батый,
Сарайчукту талкалап Алтын Ордо салат. Ага көп хан баш ийген. Анын
бир ханы – Бердибек, Ислам динин кабыл алган. Андан Өзбек туулат.
Өзбек кийин Алтын Ордого хан болот. Ошондо, Алтын Ордого – 92
багыш (аймак, область – С.З.) карап турган экен. Ал, өзүнө караган бүт
багыштан өкүл чакырып, чоң курултай кылат. Ошондо, кыргыздан
Арсан бийдин уулу Домбул бий барган экен. Курултайда эр
өлтүргөндөр, эриш бузгандар жөнүндөгү маселеден башка, уруулар
ортосундагы чатактар, тартип, заң-закон каралып, казы, мубти
шайланат. Орто Азиядагы жети кентке Султан Ахмад мубти болот.
Эл арасында Султан Ахмад жөнүндө мындай уламыш жомоктор
тараган. Ал Мухамбеттин тукумунан чыккан олуя. Ал беш ирет окула
турган намаздын экөөнү Түркстанда окуп, эки жолку намазды Мекеде
окуп, бешинчисин кайра Түркстанда окуп турган экен. Аны Хаким Ата
деген муруту байкап калып, мени да Мекеге ала кет деп суранат.
Султан Ахмад – мен Түркестандан намазды окуп бүткөндө “жапирим”
деп белимден карма, кучакта Мекеге алып кетейин”, - дейт. Хаким Ата
айтканда мезгилинде “жапирим” деп белинен кучактайт. Алар ошол
эле мезгилинде Мекеде болуп эки жолу намаз окуп кайра тартышат.
Асманда зымырап учуп келатып Хаким Ата байкаса, Султан Ахмад
“жа алла”, “жа алла” деп келатат. Ал дагы “жа алла” дейт. Ошол замат
анын колу Султан Ахмаддын белинен чыгып кетип, Шамшаарынын
казнасына барып түшөт. Аны ууру деп кармап, чынын айтып жалынса
да ишенбей коюшат. Жыгачка таңып өрттөп жиберебиз де жатканда,
баягы маалында Мекеден келаткан Султан Ахмад алып кетет. Султан
Ахмад 63 жашында “Мухамбет байгамбарым өлгөн, мен дагы өлөм”
деп, гөр казып кирип кеткен. Дал ушундай укмуштуу касиетке ээ
болгон Султан Ахмад мубти болуп турганда, Өзбек хандыгы деп
аталып, ага баш ийиген 92 багышты кийин “Токсон боолу өзбек” деп
атап, ага кирген урууларды өзбек деп отуруп, байыркы угуздардан
өзбек эли куралат. Султан мубти болуп турганда, мусулманчылыкка
катуу үндөп, олуя, шайыкты көбөйтүп, ыйык жерлерди мазарга
айландырып, элди сыйынууга чакырган. Түркстанды “ кичи меке” деп,
көк жерди, “ыйык” деп жарыялаган. Ал ыйык жерлерге: Анжыянда
Арсланбаб, Түркстанда Түмөнбаб, Сайрамда- сансызбаб, Чаткалда –
Ыдырыс Ата, Ноокатта - Абшир Ата, Ферганада - Аюп Байгамбар,
Сулайман Байгамбар, Азирет Аалы жери деп, Таласта Зулпукор - Олуя
Ата кирген. Өзбек хандын тушунда мусулманчылык күчөгөн менен
кыргыз, казакта мазарга сыйынуу, отко табунуу калган эмес. Эл
70
арасында айтылган куту, күнү жөнүндөгү жомокко да кайдыгер
карабаган. Ар түрдү уламыштарды ыйык тутуп жүрө берген.
Ошол эле мезгилде Юсуп кожо жазган: “ Жанчаркан” жомогуна,
Азирет Аалы жөнүндөгү “Кыз Дарыйка”, Текеберчилик”, “Эки кыз”,
“Баштык” анын уулу Ыймам, Үсөйүндүн Жазад жөнүндөгү
жомокторго, Софу Аллаяр жазган диний укмуштарга ишенишкен.
Бирок булардын баарынан Угузхандын тукумундары жөнүндөгү
санжыра жомогу: Ороз, Отор, Бараккан, Аланчакан, Бооруке хан,
Атылакан, Кан Ичме Карач, Калыбай, Бала Сагын, Ташы, Белекехан,
Күлтегин, Какасхан, Талас, Кыргыз, Төштүк хан, Катагандын хан
Кошой, Көкөтөй, Бокмурун, Коѐшхан, Жүгөрүхан, Үртүхан,
Жамгырчыхан, Айдархан, Көкчөхан, Будалыкхан, Музбурчак, хан
Шырдак, Кыпчактардын Эр Табылды, кытайлардын кыл муруттуу
Кожожаш. Сен Сарынжы мен Бөкөй, - деген тарыхый жомокторго
өзгөчө маани берип угушкан. Калмак доорунда кыргыздарды Долон
байдын тукумдары Адигине, Тагай бийлеп кашкардагы Эреше ханга
баш ийип турушкан. Алардында убагында да оң, солго бөлүнүп
кеткен. Мурдагы жайлаган жерлери кайра такталган. Булар жөнүндө
Балык манасчы минтип ырдаган:
- Башы Кызыл Кыя Санташтан,
Аягы бетегелүү Кой Таштан,
Ак калпактуу кыргыздан,
Каркыра менен Гегенден,
Үч Алма – Ата, Сарытокум,
Байчоро менен Жамбылдан,
Ыссык- Көл, Чүй, Таластык
Аксы менен Чаткалдык
Анжияндык, Алайлык
Отуз уул ичкилик
Кара Багыш, Чоң Багыш
Моголдор , Черик, Кыпчагы
Оң атадан турбайбы.
Саруу, кытай, муңдузу,
Кушчу, Төбөй, Басысы,
Сатыкей, Каңгы, Теити,
Ичкилиги кошулуп,
Сол атадан турбайбы.
Кыргыздардын оң, солго болуп бөлүнүшү жөнүндө ар түрдүү
уламыштар бар. Алар жөнүндө өзүнчө токтолобуз. Азыр кичине
71
чегинүү жасап, Домбул, бийдин уулу Долон бийдин мезгилинде
Орто Азияда кандай абал болгонуна көңүл бөлөлүк.
Домбул бийдин тушунда Алтын Ордо күч алып, өзбек
хандыгынын доору жүрүп турса, Долонбийдин тушунда Чагатай
үлүшүнөн шаа Темир чыгып Алтын Ордону талкалап, Самарканды
ортолук (борбор, ордо – С.З.) кылат. Анын мамлекетинин бир жагы
Кытай, бир жагы Иран, бир жагы Турция, бир жагы Орусия менен
чектешип аябагандай чоң аймакты ээлеп турат. Шаа Темир өлгөндөн
кийин анын мамлекети чачырап бузулуп, калмактар кайра козголуп
чыгат. Ошол мезгилде кыргыздардын сол канаты саруудан чыккан
Байгара, кушчудан чыккан Жамбул бийлеп турат. Оңду Долон бийлеп
турат.
Санжырачынын баянына караганда, Долон Домбул бийдин тике
баласы эмес, ортодон көп ата өткөн тукуму. Долонго баш ийген
элдердин жайлап жүргөн жери жөнүндө мындай ыр калган.
- Үч Алмааты, Сары Токум,
Кыштоо экен Долондун,
Долон кара атанган,
Көк Тоо экен Долондун.
Кулжа башы, Куу Чоку,
Кароолу экен Долондун,
Кара Кужур, Төлөгү,
Жайлоо экен Долондун,
Калмактар каптаганда Долон Кара Кулжада жайлоодо экен. Катуу
салгылашып, бирок туруштук бере албай сүрүлөт. Тоо ашып баратып
Белде өлөт. Долон өлгөн жер кийин - Долон Бели аталып чыгат. Долон
өлгөндө беш бала калат.
1. Наалы
2. Адигине
3. Тагай
4. Бердике
5. Муңгуш
Наалы баарынан улуу болуп, бийлик ошого калат. Наалы качкан
кыргыздар менен сүрүлүп Алай, Өзгөнгө барып токтойт. Адигине
Тагайлар чоңойгончо элди билип, алар бой жеткенде - Көкө деген
табыпка тийет. Бийлик Адигине, Тагайдын колуна өтөт. Наалы Көкөчө
тийгенден кийин үч балалуу болот.
1. Курмушу
2. Моңолдор
72
3. Черик
Биз бул жерде санжыранын башка вариантарындагы баяндоолорго
токтолгон жокпуз. Санжыранын бул варианты Балык манасчынын
айтуусу боюнча берилип жатат. Биз айтып жаткан санжыранын
вариантын Акылбек, Алымбек, Тургунбек, Рыскулбектер айтып
келген. Башка варианттарда Долондун үч гана баласы Наалы,
Адигине, Тагай жөнүндө гана айтылат. Көкөнү жылкычысы деп берет.
Анын балдары да экөө: Моңол, Дор. Биз алар жөнүндө баяндап,
чатыштырып отурбай бир вариантын толук айтып, калганын туура
деген жерин өзүнчө айтууга аракет кылабыз.
Адигине, Тагай бой жетип кыргызды билип турганда,
калмактардын Дор деген ханы Адигиненин Таманак деген күлүгүн
уурдатып алат. Ошондо Адигине, Тагай оң, солго кабар берип кеңеш
курат. Оң, солдун колуна кол башчы боло турган жигиттерди шайлайт.
Жалаң кол башчы отуз уул болот. Чыбык кыркып ант беришет. Отуз
уулдун тукуму кийин – отуз уул аталат. Калмактарды кубалап чыгып,
аксак Темирдин тукуму деп – Эрешени хан көтөрөт. Эреше ханды
шайлаганда кыргыздардын оң, солго бөлүнүшүп, ага кирген
урууларды кайра тактаган.
Оңго киргендер:
1. Адигине
2. Тагай
3. Бердике
4. Муңгуш
5. Моңолдор
6. Курмушу
7. Черик
8. Чоң Багыш
9. Нойкут
10. Найман – булар
Солго киргендер:
кыргыз-кыпчактардан куралган.
1. Саруу
2. Кытай
3. Мундус
4. Кушчу
5. Төбөй
6. Басыз
7. Каңгы
73
8. Тейит
9. Сатикей
10. Ичкилик
Оңго кирген тукумдардан: Тагай бий, моңолдор, Черик,
калмактардан бошогон жерлерге: Ысык Көл, Чүй, Үч Аламаты, Сары
токум жерлерине кайра келет. Тагайдан төмөнкҥ тукумдар тарайт:
1. Богорстон
2. Койлон
3. Кылжыр
4. Саяк
5. Карачоро
6. Азык
1. БОГОРСТОНДОН:
ЭШТЕКТЕН:
СОЛТОДОН:
ЧААДАН:
ТАЛКАНДАН:
КАРАКЧЫДАН:
74
Эштек
Козор
1. Солто
2. Түйтө
3. Шалта (урук)
4. Ак буура (урук)
5. Асылбаш (урук)
6. Төлөк (урук)
7. Кайдоол (урук)
8. Көгөй (урук)
1. Күнтүү (урук)
2. Култуу (4 атачылпак)
3. Чаа
4. Бешкөрүк (урук)
5. Мааке (урук)
1. Каракчы (Бөлөкбай)
2. Талкан
3. Тата (урук)
4. Жоочалыш (урук)
5. Сөөкмурун (урук)
1. Кошой
2. Коңурбай
3. Бакы
4. Багышан
5. Байболот
(Бөлөкбайдын):
2. КОЙЛОНДОН:
ЖЕДИГЕРДЕН:
КЫЛЖЫРДАН:
ОРОЗБАКТЫДАН:
ДӨӨЛӨСТӨН:
(Сарбагыш)
ТОКОДОН:
МАНАПТАН:
СҮТӨЙДӨН:
САРЫСЕЙИТТЕН:
ҮЧҮКӨДӨН:
МАМАТКУЛДАН:
ТЕМИРДЕН:
БОЛОТТОН:
1. Байсеит - Кебекбий
2. Бүтөш
3. Төкөлдөш
4. Борочор
Кооз жедигер
1. Асан
2. Үсөн
3. Мөңкө
4. Орусбий
1. Орозбакты
2. Дөөлөс
Он ата бугу
1. Токо
2. Манап
3. Жантай (урук)
4. Элчибек, таздар
1. Асук (өзүк – С.З.)
2. Молой
3. Абыла
4. Сабыр
5. Чакалдак
6. Чечей
7. Каракурсак –
Буларды жети ата Токо дейт.
1. Сүтөй
2. Жарбаң
1. Сарысейит
2. Тукур – Чоң чарык
1. Үчүкө
2. Түлкү
3. Кудаян
1. Маматкул
2. Дөөлөт Надырбек уругу
1. Темир
2. Болот
1. Боогачы
2. Назар
3. Черикчи
1. Эсенкул (Тилеке таркыл-
75
ЭСЕНКУЛДАН:
НИЯЗБЕКТЕН:
ТҮЛКҮДӨН:
ТЫНАЙДАН:
АТАКЕДЕН:
КАРАБЕКТЕН:
ЖАНТАЙДАН:
ШАБДАНДАН:
4. САЯКТАН:
КАБАДАН:
ТҮНКАТАРДАН:
76
дактан – С.З.)
2. Алты уул (5 ата күрөң)
1. Беш уул Борукчу
2. Ниязбек
1. Ормон – Үмөталы
2. Субан
(Ниязбектин сегиз бек болот)
1. Тынай
1. Атаке
2. Сатыбалды
1. Карабек
2. Таштанбек
3. Абылай
4. Солтоной
5. Жаншүкүр
6. Байшүкүр –
Алты ата Тынай аталат.
1. Жантай
1. Мырзалы
2. Манап бай
3. Шабдан
4. Төрө
5. Мамат
1. Мөкүш
2. Кемел
3. Самүдүн – Абдылдабек
1. Алакөз – урук
2. Каба
3. Чекир –
уч ата саяк аталат.
1. Түнкатар
2. Түнтөй
3. Өйдөчекти
4. Кутунай
5. Актери
6. Бостери
1. Асан
2. Арзымат
3. Көкүм
4. Жоруп
1. Үч куртка
2. Түгөл
ҮЧ КУРТКАДАН:
1. Аккабак (урук)
2. Иман (урук)
3. Кудайберди
КУДАЙБЕРДИДЕН:
1. Кулжыгач
2. Чоро (урук)
КУЛЖЫГАЧТАН:
1. Күрүчбек (кыз бала)
2. Супкана (кыз бала)
СУПКАНАДАН:
1. Ит эмген
2. Сүт эмген
3. Чапкынчы
ТҮГӨЛДӨН:
1. Осмон (урук)
2. Жараш (урук)
3. Курманкожо
КУРМАНКОЖОДОН:
1. Курчак
2. Монок
3. Медет
4. Кусуп
5. Балбак
6. Байталчы
7. Катаган
8. Котон
9. Түгөл
5. КАРАЧОРОДОН:
1. Багыш
2. Барын (урук)
БАГЫШТАН:
1. Куттук
2. Сейит
3. Көкүм
Куттук, Сейит кара багыш атанып кетет.
КӨКҮМДӨН:
1. Кантеиш
КАНТЕИШТЕН:
1. Аккочкор
2. Каңгы
Ак кочкор, каңгы тукуму ак багыш атанып кетет. Санжырада Азык
тукуму жазылбай калган. Булар жөнүндө кийин токтолобуз. Дагы бир
эскертип кете турган нерсе бул уруу бөлүнүштөрүндө башка
санжырачылардын айтканына карама каршы келе турган жерлери көп.
Эл арасында кул тукуму деп бөлгөн айрым уруктарды бул санжырада
ЧЕКИРДЕН:
77
өз тукум катары көрсөтөт. Мунун чындыгы бар. Ушул сыяктуу
маселелерге да кийин токтолуп өтөбүз. Эл чыгармасынын башка
түрлөрү сыяктуу санжыралардын ортосунда да карама каршы
пикирлер көп болот. Ошон үчүн ар түрдүү вариантттары келип чыгат.
Ушул эле санжырада Долон Домбул бийдин тике баласы эмес,
ортосунан көп ата өткөн деп берилген. Ал эми, элдин арасында
айтылган айрым варианттарда Долон Домбул бийдин өз баласы
катары берилет. Бул эки пикирди тарых боюнча салыштырып көрсөк
биринчи айтылган санжырадагы маалымат туура. Анткени, Алтын
Ордонун жаңы түзүлгөн мезгили менен Темирдин тукумунан болгон
Эрешенин хандыгынын ортосунда көп убакыт жатат. Эгерде
кылымдар менен өлчөсөк бири XIV кылымда, экинчиси XVI
кылымдын башында болгон окуялар.
Эми, биз мурдагы окуянын аягын уланталык. Тагайдын тукумунан
Богорстондун уулу Эштек мыкты чыгып, калмактар менен
салгылашып турат. Бир жолу калмактын тайчысы (төрөсү – С.З.)
Эштектин күрөң атын тартып кетет. Жини келген Эштек, Отуз уулдун
жигиттери менен барып катуу чабат. Экинчи жолу, кыргыздар
Кашкарга мал айдап барып сатып жатса, уйгурлар баскынчылык
кылып тартып алат. Ага жини келген Эштек көп кол менен барып,
Кашкарды чаап, хан ордосун ээлейт. Эштек Кашкарда хан болуп
турганда, бул жердеги кыргыздарды Кара Токо менен Манап
башкарып калат. Булар элди катуу эзип, жаман көрүнүп алат. Эл
ичинде:
“Кара Токо, Манап ай,
Журтту калган Карабай
Бере бергин санабай”, –
деген сөз тарап, ошондон кийин иштебесе, эл жегендерди манап деп
коюшат. Кара Токо, Манаптын тушунда элди жикке бөлүү күч алат.
Манап тукуму, бий тукуму, букара тукуму, чоң урук, аз урук, чоң
айыл, кичи айыл, чоң ата, кичи ата, кул тукуму дегендер көбөйөт.
Элди бири бири менен алыштырып, чатакты баскан болуп манап
тукуму, бий тукуму жеп киришет.
Кашкарда хан болуп турган Эштекти уйгурлар күч менен кууп
чыга албасын билгенден кийин, чечектин (чечек оорусу – С.З.) кагын
кошуп тамак жасап беришип, көп кошун кырат. Аны байкап калган
Эштек: Балта, Түйтөнү, Кайдоолун алып, качып чыгат. Эштек элине
келгенден кийин, улуу баласы Солтого бийликти берет. Ошол
мезгилде саякты Каба бийлеп турган эле. Кабанын бир атын калмактар
78
кармап алат. Ат качып келсе, Карачоронун баласы Багыш байлап коѐт.
Аны угуп калган Каба Багышка келсе бербей коѐт. Каба Кылжырдын
Дөөлөсүн калыска чакырат. Дөөлөс: - Багыш, мунуң жарабайт, “тапкан
сүйүнөт, тааныган алат” – деген, бер өз атын, - деп, алып берип коѐт.
Ошол учурда багыштар Койлондун тукуму, кооз Жедигер менен
жакшы экен. Аларды кошуп алып, бир жагы Ала-Белди ашып, бир
жагы Чаткалды ашып Аксу тарапка өтүп, Бетегелүү Койташка чейин
чачырап конот. Жедигерлер Майлы Сай, Арсланбабды этектеп орун
алат. Ошондон бери эл арасында: “Кабанын аты качса кармаба”, деген лакап сөз калат. Андан көп өтпөй Эдил, Нурадагы ногойлордон
Эңеше бойлуу Эр Эшим деген чыгып, казак, кыргызга келет. Ал
хандын тукуму экен – аны казак, кыргыз хан шайлап алышат. Ошондо
Эр Эшим кенешип иш кылалык деп, Сырдын боюна Ташкенден төмөн,
Көк Дөбө деген жерге кеңешме чакырат: Ал кенешме солтодон Чаа,
сарбагыштан Сарысейит саяктан Түгөл, Түнгатар, багыштан Көкүм,
Саруудан Төңтөрүк, Боркемик, кушчудан Кайназар, кытайдан
Кангелди барган. Эр Эшим эски салтты кайра козгоп, Оторхан,
Бараккандардын заң-законун калыбына келтирет. Ошондон улам: “ Эр
Эшимдин эски эрежеси” деген лакап калат. Эр Эшим, казак,
кыргыздарды баштап Орто Азияны отор кылып алган калмактарды
талкалап кирет. Ал “а” дегенде эле Ташкентдеги калмактарды кубалап
чыгат. Ташкен ал кезде он эки капкалуу чоң шаар экен. Алты
капкасын казактарга, алты капкасын кыргыздарга берип, өзүңөр
шаарга хан шайлап алгыла дейт. Казактар улуу жүздөн чыккан
Чангкулунун кара Байтиги дегенди хан коѐт. Кыргыздар акылдашып
отуруп, багыштын Көкүмүн хан шайлашат.
Эр Эшим ортого өзбек, казак, кыргызды чогултуп ынтымак сурап,
өзү кол алып, Казанды каратам деп жөнөйт. Ошол жерден каза таап,
келбей калат. Эр Эшим өлгөндөн кийин, казак, кыргыз, өзбек кайра
бузулат. Андан пайдаланып калмактар кайра каптап кирет. Казак,
кыргызды катуу чабат. Кыргыздар Иле, Ысык Көл, Чүйдөн ооп, Ысар
Гөлөпкө кирет. Казактар ачтан кырылат. Ошондо эл арасында:
“Кыргыз Ысар киргени, казак кайың, сааганы” деген, сөз калат.
Кыргыздар ал учурда Тажиктердин Гизар деген жерине чейин тентип
барган. Казак ачтан өлбөйлүк деп кайыңдын согун (маңызын)
ичишкен. Ал эми казак кырыгздын бузулушуна мындай себеп болот.
Биз мурда Эр Эшим Ташкен шаарын алганда алты капкасын кыргызга,
алты капкасын казакка бергенин айткан элек. Кыргыздар багыштын
Көкүмүн хан коюп кетишкен, казактар Чаңкулунун кара Байтигин хан
79
кылган эле. Ал учурларда Ташкендин эли негизинен өзбектер болгон.
Он эки капка шаарга экөө хан болгондон кийин бирине бири кыр
көрсөтүп, сыр көрсөтүп тымызын эрегишип жүрөт. Бир күнү ыгы
келгенде, казактын кара Байтиги Көкүмгө уу берип өлтүрүп ордуна
Көкүмдүн уулу Тейишти хан коѐ коѐт. Байтик баланы өзү билип,
Ташкенди чынында жалгыз бийлеп, калат. Акырындык менен
Көкүмдүн уу берилип өлтүрүлгөнү Тейишке да жетет. Ал эс тартып эл
камын көрө баштайт. Ошол учурда казак кыргыздын ортосунда жайыт,
талашуудан чатак чыгат. Эки эл чабышып алсыраганда өзбектер
көтөрүлүп чыгат да, казак, кыргызды Ташкенден айдап чыгат. Казак,
кыргыздар Ташкенге жамаатташ турган Кожент, Бискент, Сайрам,
Чолок Коргон, Созок, Түркстанга куулат.
Бир кезде Кабанын кара атына таарынып кетти эле, түбүбүз бир
эле, таарынычы тарасын деп Багыштын уулу Көкүмдү хан коѐт.
Эр Эшим калың колду Самарканды карай алып жөнөйт. Жолдон
Фергананы басып, Самарканды алат. Калмактар Самаркандан качып
Алты шаарга өтөт. Самаркан ал кезде хан ордосу экен. Эр Эшим
ордого ыйык досум деп жүргөн катагандын хан Турсунду таштап, өзү
алты шаарга жөнөйт. Жолдон баратып Соң Көлдү жайлап жаткан саяк
Түгөлдүкүнө малы чачырап көбөйүп жаткан экен, Эр Эшимди кучак
жайып тозуп алат. Жакшылап коноктоп Шарып Кула деген тулпарды
тартуу кылат. Эр Эшим алты шаарды алып, ар жагындагы калмакарды
басат. Кыргыздар “жанкороздошуп” ураандап Эр Эшимге чоң күч
болуп берет. Эр Эшим алты шаарга аттанганы ортодон эки үч жыл
өтүп кетет. Аны өлдү же талкаланды деп ойлогон хан Турсун антын
бузуп ордо чатагын чыгарат. Өзүн чыныгы хан деп жарыялап, Эр
Эшимдин тукумун өлтүргөнүн өлтүрүп, тирүү калганын эзип кирет.
Хан Турсундун мындай иштерин Эр Эшим Кашкардан угат. Калмакты
бүт каратпай калдым деп арман кылып, колу менен кайра тартат. Ал
өзү тандалган жигиттери менен катуу жүрөт. Ысык-Көлдүн жээгине
келгенде жан жигитинин Тору айгыры зордугуп өлөт. Ал жер кийин
Тору Айгыр аталып калат. Мерки менен Ашмаранын ортосуна
келгенде үч сур аты өлөт. Ал жер – Үч Сур ат аталат. Олуя Атага
барганда кичи Буурул, чоң Буурул деген аттары өлөт. Ал жер ошентип
аталып калат. Эр Эшим түңкүсүн соодагер болуп кирип, кан
Турсундун таш талканын чыгарып чабат. Өз ордун ээлейт.
Ошондон тартып эл арасында:
- Катагандын хан Турсун,
Хан Турсунду ант урсун
80
Кой кайтарган биздин кыз,
Казак менен кыргыздын ортосундагы чоң чабыш Бетегелүү Кой
Ташта болот. Ошондо казак ханы кара Байтик өлөт. Кыргыздардан
Тейиштин уулу Ак Кочкор, Каңгы өлөт. Аксыда турган Тейишке Ак
Кочкор өлдү деп кабар барат.
Ал: - Ак Кочкор өлсө Каңгым бар, - дейт.
- Каңгың да өлдү дегенде:
- Каңгым өлсө кантейин,
Хан Тейиш деген даңдым бар, - деп көзүнө жаш алган эмес. Кийин
“Хан Тейиш” деген темир комуз күүсү чыгат. Казак, кыргыздын
чабыштан алсыраган мезгилинде калмактар каптап киргенин, андан
кийин алардын Гисар, Көлөпкө чейин сүрүлгөнүн айткан элек. Бул
сүрүлүүнүн башка себеби да бар. А дегенде каптап келген калмак
менен согушуп, алы жетпегенден кийин, казак, кыргыз карап берип
тим болгон. Каптаган эл, көп мал алып, жер алып, бийлик кылып
тынчып калган. Бири баскан эл болуп, бири басылган эл болуп тынчып
келе жатканда, Чүй боюн, Ысык-Көл жээгин, Таласты бийлеп турган
калмактын Калдаң-Серең деген ханы солтодон Талкандын уулу –
Кошойду, сарбагыштан Үчүкөнүн уулу Маматкулду ордого бергиле
деп сураган. Алардын максаты кыргыздар көтөрүлүп кетпесин,
алардын мыктыларынын балдарын барымтага камап туралык деп
ойлошкон. Кыргыздар болсо аларды сурап алып өлтүрүп, мыкты
жигиттерибизден айрылсак, өмүр кул болуп калабыз деп, бергиси
келбеген. Ал убакта солтону, Талкандын Байболот деген уулу,
сарбагышты Сарысейиттин – Кудаян деген уулу бийлеп турган экен.
Экөө калмак хандарына барып Кошой менен Маматкул үчүн кун
алгыла, төлөп берелик дейт. Ага болушпайт. Ошол эле жерден
Байболотту алып калып, Кошой менен Маматкулду алып келесиң деп
Кудаянды кайра жиберет. Жол тозуп турган жигит: - Кудаян келет, ээр
токму бош келет, ат үстүндө эр Байболот жок келет! – деп кыйкырып
жиберет.
Кыргыздын аксакалдары барып, Кошой менен Маматкулду
беребиз деп, Байболотту бошотуп келишет да, бири бирине кабар
берип Иледен Чүйгө чейинки кыргыздар чогулуп Алтай, Найман
хандыгына тентип барганча, согушабыз деп кайра көтөрүлөт. Элди тоо
таянта көчүрүп Чаткал, Таласты ашырып Кошой, Маматкул
калмактын куугунун тозот. Катуу кыргын болуп, бул жолу да кыргыз,
казактар жеңилип калат. Калмак ханы Калдама Ташкенди алат. Тагай
уруусу Кетмен-Төбөгө чогулат. Казак качып Букарага кирет, кыргыз
81
качып Ысарга кирет. Талкан Намангандын жанында Саитбулак
кыштагында өлөт. Байболот, Кудаян Ысарга (Гизар – С.З.) баратканда
жолдо өлөт. Кыргыздардын бул сүрүлүшүндө Бугу уруусу көлдөн
сүрүлүп Кетмен Төбөгө келип токтогон эле. Аларды Белек бий
башкарып, мал жаны анча бүлүнбөй калган. Кетмен Төбөнүн суулуу
жерлерине, кайракы жерине арпа, буудай, таруу эгин эл текши тоюнуп
турган. Кышкысын бозо ичип, жайкысын бээ байлашкан. Жерден ооду
дегени болбосо, анча чачылган эмес. Бул жолку кыргында солто,
сарбагыш катуу алсыраган. Алар Ысар, Гөлөптөр жай таба албай кайра
тартышкан. Солтону Кошой баштап, Сарбагышты Маматкул баштап
жаздын ала шалбыртында Кетмен-Төбөгө кайра келишкен, Белек,
бийдин аялы Кошойдун карындашы Жаркын болуучу. Бугу ичинде
ошол Жаркындан тараган урук бар. Ал учурда манаптар бир канча аял
алып, алардын тукумун аялынын аты боюнча атап баланча аялынын
тукуму деп таратып жиберишкен. Белек, кайнагасы Кошойду
өрлүктөйүн деп конокко чакырат. Кошой: Дорбобаш, Койкоң, Назар,
Чоң Таман, Кенже, Иткүчүк деген жигиттери менен барат. Тентип
жүрүп жигит ээрчиткенди ким коюптур деп, Белек Кошойду жактыра
бербейт. Козу союп, Дорбобашка эт сугунткан болуп томук кошуп
берет. Дорбобаш какаса, тамак жегенди, дос, билбейсиң, деп,
мазактамак экен. Муну билген Кошой да ыза болуп Белекке кек тутуп
калат. Ошол учурда Белек Маматкулду конокко чакырат. Маматкул
кырк жигити менен барса аны да жактырбай козу союп узатат. Кырк
кишиге козу союш ал убакта катуу шылдың болгон. Маматкул
Кошойго келип Белек бизди шылдыңдады, согушалык дейт. Ага
Кошой болбойт. – Кой, биз кантип согушабыз, мине турган атыбыз
жок, чаба турган кылыч жок – ат кара тил болсун, эрлер тоюнсун, дейт. Ошол учурда, бугунун жигиттери тентип келген солто,
сарбагышты жерип, кези келген жерде басынтып турган. Ал эл, тамак
улап, жан багышат. Бугулар бозо ичип, жоро уюштурат. Жоронун эрке
баласы да, бийи да өзү болуп, суусар тебетейди чекеге баса кийип,
Белек бий, солто менен сарбагышка кыр көрсөтө баштайт. Бир жолу,
жазгы ала шалбыртта бугулар жоро ичип жатса, көк өгүзүн минип,
Маматкул саламчы болуп барып калат. Үйдүн жанында даарат ушатып
турган бугунун бир жигити: - Баягы мээнеткул дагы келатат, - деп,
үйдүн төрүндө кош жаздык коюп жаткан Белекке кабар кылат. Аны
Маматкулдун кулагы чалат. Бирок айла жок, ач болгондон кийин
укпаган киши болуп, өгүзүн бел курчоого байлап, үйгө салам айтып
кирет. Үйдөгү жоро ичип жаткандар ит келдиби, киши келдиби дебей,
82
саламына алик айтпай, күүлдөп бозо иче берет. Маматкул чыгып кете
албай, тизелеп отура калат. Чоң кара аяк менен бозо жутушуп бир
айландырып жиберет. Маматкулду аттатып бозо суна берет. Бир
убакта Белек көзүн ачып, жаңы көргөн болуп: - Оппа, Маматкул бий
келген тура, бийге бозо куйгула, - дейт. Дем албас деп, чоң челекке
бозо куюп Маматкулга сунат. Алардын максаты, бозону иче албаса же
кусса, шылдыңдап, экинчи келтиргиз кылуу эле. Тизелеп отурган
Маматкул кош колдоп челекти алып бозону жута баштайт. Ошондо,
түлкү тебетейдин кырындагы карлар эрип, ичип жаткан бозосуна тама
баштайт. Анда Белек: - Эй, Маматкул аке, тебетейиңизди силкип коюп
ичиңизчи, жарыктык, - дейт. Маматкул жооп бербей бозону түгөтө
жутуп: - Тебетейди силкээр кезде, силкейин, - деп, туруп кетет. Ошол
боюнча Кошойго келип: - Бугуларды чабабыз, согушабыз, мени ыза
кылды, - дейт. Ага Кошой болбойт.
Анда Маматкул:
Байгара менен Жамбылда,
Май жегенде бирге элек.
Калмактан “калы менен кутуда”
Кан ичкенде бирге элек.
Ысар менен Көлөптө,
Ыйлаганда бирге элек.
Эми өзүбүздөн кор болуп, шылдың уксам, кой дейсиң! – деп,
таарынат. Кошой: - Мал көккө тойсун, ат кара тил болсун, - деп
жатпаймынбы, өч алабыз, таарынба, - дейт. Ошентип, жайдын
толугунда, солто, сарбагыш куралып барат. Ошол учурда сарбагыш он
миң түтүндөй, солто он миң түтүндөй, бугу он миң түтүндөй экен.
Бугулар өзүнөн эки эсе көп солто менен сарбагышка каршы тура албай
айласы кетет. Аз айып, көп күнөө кылсак кечиргиле, айыбын
тарталык, - дейт. Ортого саяк түшөт. Ыза болуп калган Кошой менен
Маматкул тогуз байдын кызын берсин, карапайым букаранын кызы
жарабайт, карартып мал берсин, - дешет. Бугулар айласы жок макул
болушат. Төрт байдын кызын солто, төртөөнү сарбагыш алып,
бирөөнү арага түштүң деп саякка берет. Саяк алган кызын
Курманкожого берет. Солтого келген кыздардын бирин Кошой өзү
алат. Солто ичиндеги Кочкорбай уругу ошол кыздан тарайт. Экинчи
кызды Коңурбайдын уулу Жайыл алат. Кийин Жайыл уругу тарайт.
Сарбагыштар алган кыздарын өз ара бөлүштүрүп бүткөндөн кийин,
Маматкул Белекти карап тебетейин силккен дейт: - “Ак таман кыргыз
83
дедиң беле, бий!” (Бул жерде “чокойдун таманы тентип жүргөндө
жыртылды дедиң беле” деп какшыктап жатат – С.З.).
КАЛМАКТЫН БУЗУЛУШУ
Калмактар менен кыргыздардын ортосундагы чатак жүздөгөн
жылдарга созулган. Бир канча хандар которулуп, бирде кыргыздар
сүрүп, бирде калмактар сүрүп тынчыбаган. XIII кылымда, Чыңгыз
хандын чабуулунан тартып, XVIII кылымга чейин, калмактардын Орто
Азияга жүргүзгөн акыркы чабуулуна чейин, калмак урууларынын
улам бири хандыкка келип, бирде моңголдор деп, бирде жуңгар
калмагы деп, бирде ойрот калмагы деп, аталып отурду. Калмактардын
акыркы кыргыны Галдан-Церен, Амурсан менен бүттү. Айрыкча,
Галдан-Церендин 1727-жылы бийликке келип, 1733-жылы кыргыздар
менен болгон чоң салгылашуусу эсте калган. Дал ушул жылдагы
согуштан кийин, кыргыздар, казактар байыркы жеринен туш тарапка
сүрүлгөн. Ошондон, “Казак кайың сааганда, кыргыз Ысар киргенде”, деген лакап калган. Ортодон 12 жыл өткөндөн кийин, 1743-жылы
Галдан-Церен өлгөн. Ал ага чейин Орто Азиядагы бийлигин чыңдаган,
бирок кытай тараптан кысым көрө баштаган. Галдан-Церен өлгөндөн
кийин анын уулу Цеван-Дорчжи бийликке келген. Ал болгону беш
жыл гана бийликте турган – аны бир тууганы Лама Дорчжи өлтүргөн.
Андан кийин Галдан-Церендин жээни Амурсан бийликке келген. Ал,
1757-жылы өлгөн. Ушуну менен калмактардын Орто Азиядагы
бийлиги бүткөн.
Эми, калмактардын кыргыз жеринен сүрүлүшү жөнүндөгү элдик
санжыра-уламыштарга көңүл буралык. Анжиян тарапка сүрүлүп
барган кыргыздардан Көкө деген адам, ортодон 20-25 жыл өткөндөн
кийин, Көлдү бир көрүп өлөйүнчү деп, Ысык-Көлгө келсе, калмактар
бүт кетип, журт бошоп калган экен. Бирин-серин калган калмактардан
эмне болгонун сураса, бир күнү эле Буркан (кудайдын таштан
чегилген сүрөтү – С.З.) тердей баштады. Биздин бакшыларыбыз аны
жамандыкка жоруп, элдин жүрөгүн титиретти. Алдуулар көчүп кетти,
алсыздардан бирин-серин калдык, - дешти. Экинчиси бир уламышта:
калмактарды кара көпөлөк кууган, ал тилин салаңдаткан тайган
кебетеленген неме болот экен. Ошол элдин артына түшсө эле, эл
бирин-бири “көч-көч” деп дүрбөшүп, ашып-шашып жүрүп отурушат
экен. Кара көпөлөк артына түшкөндө ата балага карабай, бала атага
карабай, жинди болгон эмедей ээлигип, токтобой жүрүп отүрүшат
84
экен. Эл эси ооп жыгылмайынча көчүп кете берет. Аны мылтык атып
эсине келтирет. Калмактар ошондой абалда көчүп кеткен. Үчүнчү бир
уламышта: калмактар жайлаган жерлерде жылаан көбөйүп, малдарын
чагып, кыра байштайт. Ошол учурда, калмактардын дубачысы,
бакшысы, элди Түптүн Сары-Дөбөсүнө чогултуп, дубанын күчү менен
ал жерге жылаандарды тартып келет да, өрттөгүлө, - дейт. Эл өрттөп
кирет. Ошондо бир ак жылаан чыгышты карай, бир чаар жалаан
батышты карай учуп кетет. Андан корккон калмактар көлдөн көчө
качышат. Бирок элде айтылган мындай укмуштуу уламыштардан
башка алардын кыргыз жеринен кубаланышын бандаган тарыхый
уламыштар бар.
Айрым бир кабарга караганда Коңтаажынын бийлиги мезгилинде
Ташкенди – Галдан-Церен (Серен- С.З.), Таластын башын Карабаш,
Чалдыбарды – Бака-байыр башкарган. Ошол мезгилде, сарттардан –
Карабаш деген чыгып, Калмак ханы Карабаштын кызы Олоңбайырды
сүйүп калат. Ошондон чатак чыгып, калмактар менен жергиликтүү эл
кармашып, катуу кыргын болот. Калмактар Ташкенден сүрүлүп
Семей, Кызыл Жар жакка оойт. Андан кийин, Олоңбайырды
калмактын баатырлары талашып, Уленг-Ханглы деген калмак төрөсү,
таластын башындагы Ак-Дөбөгө ала качат. Аны, Галдан-Церендин:
Табачы төрө, Темирчи төрө деген балдары кубалап барат. Каиглы
төрөнүн ушул согушта жети миңден ашык жигити кырылат, Табачи
менен Темирчинин алты миңден ашык жигити өлөт. Алардын
согушунан пайдаланып жергиликтүү эл калмактарды кубалап чыгат.
Каиглы Ысык-Көлгө качат. Ошондон тартып: “Он сан жаткан
калмакты, Олоңбайыр кыз бузду”, - деген сөз калыптыр. Бул тарыхый
уламышты, XIX кылымда, А.Вышнегорский Олуя-Аталык Иса
Батырбеков деген кыргыздан жазып алган. Ушул эли китепте (чыккан
жылы белгисиз, айрылып калган – С.З.) Таластын суусун байыркы
убакта Сары-Арка деп атаганын баян кылат. Ал Манастын күмбөзүн
көрүп, Рабиянын күмбөзү дейт. Манасчылардын айрымдары, Рабияны,
Каныкейдин өз аты деп беришкен. Экинчи бир кабарда: калмактар
кыргыздарды Исар, Көлөпкө сүргөндөн кийин Таластын башындагы
Каракыштакты ордо кылып Коңтаажы элди бийлеп турган. Ошондо,
анын, Каратайлак, Актайлак деген эки бир тууганы бийликти алууга
аракет кылат. Алар согушта Коңтаажыдан жеңилип, Кайындыга ооду.
Келген жерине таштап коргон куруп, чоң согушка даярданышты. Ал
жер Таш акыр аталды. Ошол учурда Коңтаажы өлүп андан Ажаан,
Шуру деген эки эркек, Олоңбайыр деген кыз калды. Атасынын ордуна
85
Ажаан хан болду. Ажаан кара мүртөз, зулум чыкты. Атасынын өлүгүн
аза күтсүн деп бүткүл элге жарыя кылды, аза убагында күлгөн
кишини, үргөн итти өлтүрттү. Ал, Каратайлактын атагы жер жарган
сулуу кызын алам деп турганда эл көтөрүлүп, өлтүрүп коюшту.
Ошондон: - “Көп бириксе Ажаанды каратат”, - деген сөз калды. Анын
ордуна Шуру хан болуп калды. Ал дагы Каратайлактын сулуу кызын
алмак болду. Атасынын акылы менен Каратайлактын кызы – Алтын
сары Шуруну Кайындыга чакырды. Үлпөт учурунда Алтын сарыны
бычак менен сайып өлтүрдү. Коңтаажыда хан боло турган эркек бала
калбады, эми бийлик биздики деп, Каратайлак, Актайлак
Каракыштакка – ордого жөнөп кетти. Бирок эл, Коңтаажынын кызы –
Олоңбайырды хан шайлап жиберишти. Олоңбайыр: - акылдуу
амалкөй, сулуу кыз болгон. Ал жалпы калмак элинин кызыкчылыгын
ойлобостон, жеке өч алуу жолуна түштү. Калмактардын мыкты
төрөлөрүн чакыртып, бирден кабыл алып, “Мен сага тием” тигини
өлтүр деп, бирин-бирине тукурду. Он сан жаткан калмактардын
төрөлөрү чабышып, элден ырк кетти. Олоңбайырды алам менен көп
уруу башчылары өлдү. Эми уруу чабышы башталды. Көп чабышта
калмактар, алсырады. Ошол учурда жергиликтүү эл көтөрүлүп, аларды
Орто Азиядан кубалап чыкты. Ташкенди, жаңы күч ала баштаган
Кокон хандыгын ээледи. Кыргыз, казак өз жерине кайта баштады.
Калмактар менен согушта Таластагы кушчу уруусунан чыккан чабдар
аттуу Солтоной көзгө көрүндү. Санжыраларды Орто Азиядагы
калмактардын талкаланышына жана өз жерлерине кетишине кытайлар
менен болгон согуш себеп болгону айтылбайт. Академик
В.В.Бартольд: “Жети Суу” жана “Кыргыздар” деген эмгегинде
калмактардын Орто Азиядан кетишине, кыйрашына негизинен
кытайлар менен болгон согуш себеп болгонун көрсөтөт. 1755-жылы
кытайдын көп колу калмактардын ордосуна кирген. Калмактардын
ханы Амурсан талкаланып, Илиге качып барган. Казак ханы Аблай
аны кытайларга кармап бергиси келген. Аны билип калган Амурсан
Тобольскийге өтүп, орустардын императору Елизавета Петровна
менен байланышууну ойлогон. Бирок тилегине жетпей 1757-жылы 21сентябрда 35 жаш курагында чечек оорусу менен ооруп Тобольскийде
өлөт. Академик В.В.Бартольд Амурсан жөнүндө толук маалымат
берген эмес. Ал болгону Амурсандын калмактардын акыркы ханы
болгонун жана кытайлар менен болгон согушта 1755-жылы
талкаланганын, өлгөнүн айтат.
86
Калмак доорунун акыркы мезлигин жана кыйрашып мен
В.С.Кузнецовдун “Амурсан” деген изилдөөсүнөн (“Амурсан”,
изд.”Наука”, Новосибирск, 1980 г.) толук билдим. Анын берген
маалыматтары ишенимдүү жана далилдүү болгондуктан кыска болсо
да токтолуп өтөм. Анткени калмактар, кыргыз тарыхый
уламыштарында
айтылгандай
буркандын
тердешинен
же
жылаандардын көбөйүшүнөн коркуп, качып, Олоңбайырдын
амалкөйлүгүнөн талкаланып, чачылып кетпестен, башка бир тарыхый
себептерден кыйрашы мүмкүн эле. Тарых боюнча алганда, андай
себептер, жашоо үчүн күрөш, бийлик талашып, баскынчылык кылуу,
байлык талап, элди эзүүдөн башталат. Калмактар, биз жогоруда
көрсөткөндөй, Кунтайчы Галдан-Церендин тушунда (1727-1745-ж.ж.)
күч алып 1730-жылдары кытайларды талкалап, кыргыз, казактарды
1733-1735-ж.ж. сүргөн. 1745-жылы Галдан-Церен өлгөндөн кийин
анын 13 жаштагы Цеван-Доржи-Аджа-Намжие деген уулу хан болуп
шайланган. Аны кыргыздар чатак, зулумдугуна карап Аджа дегендин
ордуна Ажаан деп атаган. Анын тушунда калмактарды, эжеси УламБаир (кыргыздар Олоңбайыр дешкен – С.З.) башкарган.
Олоңбайырдын күйөөсү Сайн-Белек кол башчы болгон. Цеван-Доржи
17 жашка толгондо бийликти колуна алып, эжесин зынданга салып,
калмактын каяша айткан төрөлөрүн, зайсаңдарын, ошондой эле
жездесин да өлтүрүп таштаган. Ошол мезгилдеги шарт боюнча СайнБелектин хан болууга укугу жок болчу. Ошондуктан ханга кандаш,
тукумдаш Дабачи менен Амурсандын ортосунда так талашуу
башталат. Ошол учурда Ойрот мамлекети төрт чоң урууга бөлүнгөн:
1. Хошоттор, анын башында Банжур турган.
2. Дэрбэт – аны Даши тайчы (Тайчы – төрө - С.З.) башкарган.
3. Хойт – уруусунун башында Амурсан турган.
4. Чорос – муну Дабачи башкарган. Дал ушул кийинки эки
төрөнүн – Амурсан менен Дабачинин ортосунда 1754-жылы так
талашуу согушу башталат. Амурсан талкаланып кытайга качкан. Ал
учурда кытайдын падышасы Хун-Ли болгон. Хун-Ли Амурсандын
качып келгенине бир четинен сүйүнсө, экинчи четинен ишенген эмес.
Амурсан Дабачиден өч алыш үчүн, бүт калмактарды сатууга барган.
Ал, Хун-Лиге, калмактарды каратып берем деп, какшап жатып
ишендирген. Саксынган Хун-Ли 1755-жылы Дабачиге каршы 50 миң
черүү жиберип, кол башчы катары Бан-ди дайындаган. Амурсанды ага
жардамчы гана кылып койгон. Өч алуу оорусуна чалдыккан Амурсан,
элүү миң кытай черүүсүн баштап, калмак ордосуна кирген. Ал
87
Дабачини талкалаган, бирок андан кийинки кытайлардын кыргынын
токтотуп кала алган эмес. Анын көз алдында жаш балдар, карыган
чалдар, аялдар кырылган. Дабачини талкалап, калган калмактарды
бириктирип хан болом деген Амурсандын ою ойрон болгон. Анткени,
кытайлар, көп кылымдар бою негизги жоо болуп келген калмактардын
биригишин каалаган эмес. Айласы кеткен Амурсан кытайдын кол
башчысы Бан-дини өлтүрүп качып кеткен. Артынан куугун түшүп
Илеге барган. Ал андан орустарга өткөн. Анда ал артынан куугун
калган эмес, ал өлгөндөн кийин да, сөөгүн кытайлар, орустардан талап
кылган. Көп узабай сөөгүн алып тынышкан. 1758-жылы, кытайлар
калмактарды кырып жатканда жергиликтүү эл көтөрүлүп кеткен.
Ошентип калмактардын көп кылымдар жүргүзгөн эзүүсү бүткөн.
Байыркы эле өз жерине сүрүлүп, кара көпөлөк куугундай көчүп
жөнөшкөн. Калмак доору кыргыздардын эл оозеки чыгармасында,
жер, суу, тоо-ташында, тилинде изин калтырды. Мурдагы тарыхын
көп өзгөрттү. Уруу түзүлүшүн өзгөрттү. Көп элди аралаштырды.
Бирок, тарых күрөшү токтобой, жаңы чатактар, жаңы кармаштар
келип чыкты. Мурда дили башка, тили башка элдер менен чатакташса,
эми кайра диндеш, тектеш, кандаш элдер ортосунда чатак башталды.
КЫРГЫЗ, КАЗАК ЧАБЫШЫ
Калмактар сүрүлүп кеткенден кийин, көп жер бошой түшөт. Аны,
мурдагы боюнча жайма-жай бөлүштүрө албай, казак менен кыргыздын
ортосунда чатак чыгат. Кыргыздар, калмактар сүргүнгө чейинки мурда
жайлап жүргөн Иленин башын, Үч-Аралды бергиле десе, казактар
болбойт. Таластан Чымкентке чейин мурда кыргыздын жайлап жүргөн
жери десе да, казактар болбойт. Бул учурда, Жети-Суудагы
кыргыздарды, сарбагыш уруусундагы Маматкулдун уулу Болоттон
туулган Эсенкул билип турган. Аны чоң баатыр деп коюшкан.
Солтону Каракчынын (Бөлөкбай аталып кетет – С.З.) уулу
Байсейиттен туулган Кебекбай бийлеп турган. Ал Кошойдун Момокан
деген уулуна акыл салып турган. Момокандын Жамансарт деген бир
тууганынын Түлеберди деген уулу бышык чыгып сөзгө аралаша
баштаган. Ал кезде, Сарбагыш, Солтолор Кетмен-Төбө, Таластын
башында, Чүйдүн аягында турушкан экен. Казактар менен согушуу
үчүн Таластын аягындагы Капка деген жерге жыйнала баштайт.
Саяктын каба уругунан чыккан Садыр баатыр, түнкатар уругунан
Арзымат, чагыр уругунан Качыке келет. Эсенкул Садырды, Кетмен-
88
Төбөдөн Капкага көчүп келип орнош, казакка Таласты бербейбиз дейт.
Садыр кол курап, Таластын аягындагы казактарды чаап Чымкентке
сүрөт. Капкага коргон салдырып хан Садырдын ордосу дейт. Иленин
башындагы казактарды да кыргыздар сүрө баштайт. Алар арызданып
Аблай ханга барышат. Аблай кыргыздарга тийишпегиле, койгула, дейт. Ага болбой Уйсун казактарынан чыккан Бердикожо кыргыздарга
чабуул коюп, жылкыга тие берет. Жини келген Садыр менен Момокон
аны Чымкентке чейин сүрүп чабат. Ушул чабышта, Уйсун казагы
Жапектин, Кооман деген уулу өлөт. Бердикожо мындан 20-25 жыл
илгери Ташкен шаарындагы талашта өлтүрүлгөн чунгунун Кара
Байтигинин кунун кубалап жүргөн болсо, эми ага жаңы кун кууган
Жапек кошулат. Экинчи жолку чабыштан кийин Бердикожо, Аблайга
кадыры бар деп, Төлөбийди салат. Анда да Аблай: - Күнөө өзүңөрдө,
Бердикожо кой десе болбодуң, бирдин ичинен чыгасың го, - деди.
Аблайдан суусаган Бердикожо, улуу жүздүн башчысы, аргындардын
төрөсү, көк жарлык – Барак ханга барат. (кыргыздар аны Көк Жал
Барак дешкен. – С.З.) Ал Бердикожого төрт миң кол берет.
Бул кабарды жансыздары (чалгынчы) аркылуу билип турган
Эсенкул Качыке, Бөлөкбай, Кебек бийди чакырып, казактардын
кандай куралып жатканын айтып, даяр туралык, - дейт. Алар, элди,
Боролдойдон ылдый, Ысык-Атадан жогору чогултуп, кокус жеңилсе
Боом өрдөп качмак болот. Ошол учурда көк жарлык Барак баш болгон
Уйсун, аргындар Каштекти ашып, Боролдойдогу Качыке баатырдын
айлына кол салат. Даяр турган солто, сарбагыш атка минип катуу
кармаш башталат. Кыргыздар жеңип, казактар качат. Казактардын
Барагы өлөт, Жапек оор жарадар болот. Ошондон кийин Жапек уругу
Иледен кетет. Ушул жортуулда, казактарды кубалап баратып,
кыргыздардан Темиржан деген манап, Иледен өтүп кеткен
казактардын артынан түшөт. Качып бараткан казактар, кыргыздардын
аз экенин билип, кайрылып, ит согушун салат. Темиржан сергелиңдик
Жулунбай баатырды сая турган болгондо, канжыгалык Неет баатыр
Темиржанды сайып жыгат. Казактын Томач баатыры баса калып ичин
жара тартат. Ошол учурда, арттагы кыргыздар келип калып,
Жулунбай, Үсөн, Алтай, Байгозу баатырларды колго түшүрөт.
Темиржан үчүн төртөөнүн бирин өлтүрө турган болгондо,
чүчүкулакка Байгозу түшүп калат. Аны атабыз деп чөгөлөтүп
отургузуп коѐт. Байгозуну чыгышты каратып, артынан кырк кадам
ченеп ата турган болот. Ошол учурда Темиржандын бир тууганы
келип: - “Менин бир тууганым шейит болду, бирөөнүн канын
89
көтөргүм келбейт, кете бер казагым” – дейт. Байгозу турам деп, тура
албай бүткөн боюнан тер кетип, отуруп калат. Бул согушта, кыргыздан
– Эсенкул, Жайылдын уулдары – Үсөн, Теке, Кошойдун
Жамансартынын уулу Түлөберди, Бөрүбай көзгө көрүнөт. Ошондо,
Үсөн, Теке, Түлөберди, Бөрүбай – Солтонун төрт баатыры аталат.
Андан кийин, казактын Бердикожосу Таластын аягынан чабуулун
баштайт. Ага каршы Садыр, Момокон аттанат. Алар казактарды
Чымкентке чейин чаап, көп олжо менен кайтат. Бул чабуулду Эсенкул
менен Кебек бий колдогон эмес. Ошондо, казактын Төлөбай дегени,
казактын үч жүзүнүн бийлерин чакырып, Букаржыров деген
Аблайдын вазирине Аблайды сөзгө көндүр, - дейт. Букаржыров ыр
менен:
- Ээ, Аблай ханым,
Кыргыз Кек Жарлы Барагыңды алды.
А сарттар бек Казакты алды,
Чолок коргон Созокту алды,
Садырдын Аблайханым,
Сени алмакка аз калды, деген экен. Аблай бир жеңин кийбей эшикке чуркап чыккан. Эшикке
топтошуп үч жүздүн билермандары турган. Ошондо ачуусуна
буулуккан Аблай мындай дейт:
- Бир жагым кокондук сарт, бир жагым кытай, бир жагым орус
турганда, азыраак кыргызга кызыкпай жөн турсак дедим эле,
болбодуңар. Чунгулунун кара Байтиги күнүлүк кылып, кыргыздын
Көкүшүнө уу берди, ошондон орто бузулду. Ташкенди бүт ээлегенде
Байтик эмне болмок эле?! Кыргыз казактын бузулганынан пайдаланып
калмак кайта келген. Казак, Букар кирип, кыргыз Ысар кирип, эл
тентиген. Ал оюңардан чыктыбы? Тентип жүрүп таманыңар тешилген,
ак таман чуурунду аталдыңар, аны унуттуңарбы? Калмактан жаңы
кутулуп отурсак, кыргыздын жерине кызыгып, муну баштадыңар.
Кокон, Кытай, Орус-үчөөнүн бирөө кол салса, мурунтан бир тукум,
бир боз үйлүү, бир качып, бир бозгон кыргыздардын пайдасы тиет го
дедим эле, болбодуңар. Ырас, сендер айткан Садырдын бул кылыгы
айып, тынч жаткан элге бүлүк салып... Биздин Барактыкы айып,
жоортул жазап өзү барып... Мен кыргыз деп аттанбайм, Садыр деп
атаанам, аттангыла, үч үйдөн-бир адам, эки адамга үч ат алгыла, эки
адамың бир бээ сүтүн ичесиң, ат башына бир чидер, талкан алгыла!
Ошентип, үч жүздүн казагы козголот. Аблай жолдо келе жатып
Ташкенди алат. Кыргыздарга элчи жиберип ортодогу чатакты тынчтык
90
жол менен чечмек болот. Эсенкул, Көбөк бий менен кеңешип отуруп,
Жамансарттын Түлебердисин баш кылып, сөз билген, иш билген төрт
аксакалды жиберет. Кыргыздардын башка урууларынан да элчилер
кошулуп отуруп, Ташкенге кырк элчи барат. Ал убакта ар бир уруунун
өз башчылары болгон. Эсенкул сарбагыштан чыккан менен, жалпы
түндүк кыргыздарды бийлеген. Ал эми, сарбагыштын бийи Атаке
жырык болгон. Саякты Садыр жалпы жонунан бийлеген менен, бийи
Гадай болгон, Көкшүндү Ибали бий, бостумакты Ташыбек бий,
Моңолдорду – Бирназар бий, Желдеңди Шапак бий, бугуну Бирназар
бий, Кытайды – Муса бий, Сарууну Садык баатыр бийлеп турган.
Ошентип, кыргыздан барган кырк элчи Аблай ханга кирип, өздөрүн
тааныштырган. Санжыраларда, Аблай хан элчилерди дароо кабыл
албай күттүрүп, сыртынан сынатканы, сыр тартканы айтылат. Кыргыз,
казактын байыркы дипломатиясындагы: тамак берип сыноо, жегеничкенин байкоо менен үч күн өтөт. Аблайдын тыңчылары
кыргыздардын негизги элчилерин Түлеберди деген 21 жаштагы жигит
баштап келгенин, жана төрт аксакал экенин айтат. Ага чейин,
кыргыздын элчилеринен – Садырдын элчисин кабыл алат. Элчи: Садыр хан. “мени хан деп таанысын”, - деп айтты, - дейт. Аблай
унчукпай коѐт. Аблай, Садырдын элчисине жооп бербей жөнөтөт да,
Тулебердилерди ордодо кабыл алат. Элчилер колун бооруна алып
салам айтып киришет. Аблайдан башка казактар козголуп,
аксакалдарды даярдаган орундарына отургузат. Аблай аларды
көрмөксөн болуп, ылдый карап отурат. Бир оокумда, башын көтөрүп
караса, босогодо колун бооруна алып, Түлеберди турган экен. Аблай: Жигит, неге отурбайсың? – дейт. Ошондо Түлеберди: - Мен хан отур
деген жерге отурам, - дейт. Аблай жылмайып: - Кел, карагым, - деп, оң
жагындагы орунду көрсөтөт. Түлеберди отургандан кийин, казак,
кыргыздын чатагы жөнүндөгү сөз козголуп, кыргыз казактын
абышкалары чатактын башы силерден кетти деп бири-биринин
айыбын чубап, узак сөзгө киришет. Талашты угуп отурган Аблай
унчукпайт. Аксакалдар айыпты бири-бирине коѐ албай, кеч бешим
болот. Кыргыздан барган төрт чечен сүйлөйт. Казактан чыккан сөзгө
жүйрүктөр сүйлөйт. Уккан адамга ар бириники туура. Сен айыптуу
деп эч ким айта турган эмес. Бир оокумда Аблай Түлебердини карап: Сен эмне үндөбөдүң? – дейт. Түлеберди: - Мен хан сүйлө дегенде
сүйлөйм, - дейт. Аблай жылмайып: - Сүйлө, карагым, - дейт.
Түлеберди чатактын башын, Чунглунун Карабайтиги Көкүмгө уу
берип өлтүргөндөн баштап, аягын Бердикожо менен Садырга алып
91
келип такайт. Ага чейин, кыргыз менен казкатын кою короолош,
тамагы жоролош, боордош эл экенин айтып, калмакты чапса бир чаап,
качса бир качканын айтат. Кыз берип, уул үйлөнтүп, боз үй менен
жайлоодо бирге көчүп жүргөнүн айтат. Тили менен дили жакынын
айтат. Кудайдын жерин талашып элибизди кырабызбы, башка элге
жем болобузбу? – дейт. Түлебердинин сөзүнө Аблай ыраазы болот.
Экөөнүн ою бир жерден чыкканына бир чети таң калат. Аблай бир
тынымдан кийин: - Эсенкулга айта бар, Садырын койдурсун, биз
Бердикожону койдуралык, - дейт.
Он күн мөөнөт берип элчилерди жөнөтөт. Ал убакта солтонун
Талкан эли азыркы Лугобой турган жерде экен. Бөлөкбай эли
Карабалта, Аксууда экен. Сарбагыш Эсенкулга кабар берип, болгон
иштерди, айтылган кептерди баяндайт. Эсенкул Түлебердинин сөзүн
эп көрүп Көбөк бийди Садырга жиберет. Садыр өзүн ханмын деп
дөөгүрсүп турган экен: - Мени хан деп тааныбаган Сарткулга
көрсөтөм! – дейт. Сарт деп ал Аблайды айткан. Аблайдын “түпкү теги
өзбек” деген кеп бар экен. Анда, Кебек бий: - Ичи аланы сырты бүтүн
алат, жону бузулган элди жону бүтүн эл алат, күчтүү хан, күчсүз ханга
көнүп берчи беле? Айткан тилди албай, элдин канына сап болмок
болдуң, башың баш, багалчагың кара таш! – деп, жөнөп кетет. Кебек
бий Талкан элине келип, Жайыл менен Момоконго сүйлөшүп: - Садыр
болбоду, силер жогору биз жакка көчкүлө, өлсөк бир чуңкурда, тирүү
болсок бир дөбөдө бололук, - дейт. Жайыл: - Момокон билсин, - дейт.
Момокон анда: - Биз Таласты жайлабай, Суусамыр жайлайлы, азыр
туут болуп калды, кийин кабар кылып көчөбүз, - дейт. – Шашылып иш
болуп калса Түлебердини жибер, - деп, Кебек бий жөнөп кетет. Ал
кеткенден кийин, Садыр Момоконго келет. Ал экөө дос экен. Садыр: Моңолдор, черик, саяк биз жакта, сен кошулсаң солто кошулат.
Экөөбүз Аблайдын чет кароолун чапсак эле качат, - деп, Момоконду
көндүрөт. Экөө кол курап барып, казактын, Көшөгөнүн Көк Жото
деген жеринен Ботбай, Чымыр уулдарын чаап, Кудайкул тукумун
талкалайт. Аблай аны угуп, ачуусу келип, колун аттанууга буйрат.
Аблайдын кол башчыларынын бири – Жоогач Момокон менен дос
экен. Ал шашкан бойдон Момоконго келип: - Сен Садырга кошулба,
Аблайдын каарына каласың, - дейт. Момокон: - Сенин Сарт кулуңду
сайып алам, соотун кан кылбай чечип койсун, баары бир соот меники,
- дейт. Жоогач: - Достуктун милдетинен кутулдум, - деп, кете берет.
Момокон Садырга кабар берип, Түлебердини Эсенкулга жиберет.
Эсенкул эли менен Үч Алматыда экен. Жайлоосу Ак Бешимде болгон.
92
Алар жайлоого келип калган экен. Эсенкул колун алып жөнөйт. Аблай
колун үчкө бөлөт. Биринчи колду – Садырды карай, Таласка жиберет.
Экинчи колду Коргонтунун башындагы солтолорго жөнөтөт. Үчүнчү
кол менен Олуя-Атага өзү келет. Биринчи кол Садырды камынтпай
басып калат. Садыр балдары менен колго түшөт. Аблай Олуя Атаны
алып, экинчи кол кеткен солтону карай жөнөйт. Солтолор
Коргонтунун белин бууп, Момокон, Жайыл, Кебекбий баш болуп,
Үсөн, Теке, Итике коргоп жаткан экен. Алар катуу каршылык
көрсөтүп, Аблайдын экинчи колуң качырат. Бирок, Аблай көп кол
менен келип калып солтолорду талкалайт. Жайылды балдары менен
колго түшүрөт. Момокон эли менен колго түшөт. Ошол учурда, Чоңор
ашып, саруудан куубилек, колпочтор келет. Алар Солтолордун колу
экен деп, Аблайдын колуна кабылып талкаланат. Ашмараны ашып,
Арзымат деген Садыр хандын инисинин уулу Тума бий Сейитке келет.
Сейит: - Эмне болду?- дейт. Тума бий: - Эмне болсун, эрдигинен солто
өлдү, эси жоктугунан куу билек менен колпоч өлдү! – дейт. Аблай
Садырды Жоргонун белинде басып калган экен, бул согушта: кушчу,
саруу, саяк, солтодон көп киши өлгөн. Көп киши колго түшкөн.
Аблайдын колу Сокулуктун суусунан кайра тартып кеткен. Эсенкул
колу менен Сокулукка келгенде, Аблайдын колу кетип калган болот.
Эсенкулга Кебек бий жолугуп, казактардын кетип калганын айтат.
Эсенкул Ашмардагы Тума бийге киши жиберет. Тума бий келет. Ал
Түлебердинин кайын атасы болгон. Эсенкул, Кебек бий, Тума бий
сүйлөшүп, Түлебердини Аблайга экинчи жолу элчиликке жибермек
болот. Аблай кыргыздарды чапкандан кийин, Үч Кайындыга токтоп,
дарга куруп, Садырды балдары менен өлтүрөт. Солто элинен:
Коңурбайдын уулу Жайыл, Үсөн, Теке, Итике деген уулдары, Кошой
уулу Момокон колго түшкөн. Аларды да Аблай дарга тартмак болот.
Ошондо, Момонкондун досу Жоогач, Аблайжан “бир досумдун канын
бер” деп, сурап барат. Аблай: - “бердим” - деп жиберет да: “ досуң ким
эле” - деп кайра сурайт.
- Момокон , - дейт Жоогач.
- Аттиң, болбостур, оозуман сөз чыгып кетти,- деген экен.
Жоогач сүйүнүп, Момоконго келет: - сени Аблай бошотту, досум.
Кетсең болот , - дейт. Анда Момокон: - Сарткул өлтүрө берсин, жети
аялдын балдары ордумду жоктойт, өлүмдөн коркпойм. Андан көрө,
менин ордума агам, Жайылды алып кал, элге баш көз болсун, - дейт
Жоогач Жайылга барып айтат. Жайыл : - Мен жашарымды жашадым,
менин ордума улуу балам Үсөн калсын, - дейт. Үсөн иниси Теке аман
93
калсын, - дейт. Теке менин балдарым калды, үйлөнө элек Итике
калсын, - дейт. Ошентип Итике аман калат.
Эсенкул, Качыке, Тума бий, Кебек бий Солто Жамансартка
келип: - Уулуң Түлебердини бер, Аблайга элчиликке жиберебиз, дейт. Түлебердинин энеси Жакшылык чырылдап ыйлап: - Жибербейм!
– дейт. Эсенкул: - Түлеберди сенин эле балаң эмес, эл баласы, элдин
баласын өзүңө бер!- дейт. Түлеберди, Аблайга бармак болот, алар
баргандан кийинки айтыла турган кепти акылдашат. Эсенкул: Казактарга эмне керек? - деп Түлөбердиден сурайт. - Ал: - ачык эле
турбайбы, казактын издегени жер, конуш. Бердикожонун каалаганы кун, мал. Түлебердиден кыргыздарга караган жерди сураганда башы
Үч Алматы, Сары Токум, Кызыл - Кыя, Санташ, аягы бетегелүү Кой Таш, тигил жагы Кашкар, Үрүмчү, - деп, кыргыз жеринин чегин так
айтып берет. Ага ыраазы болгон карыялар, Түлебердини Аблайга
жөнөтөт. Аблай Түлебердини кабыл алып: - Жарашуунун шарты ушул,
Таластын суусу чек болсун, Ыргайтыга чейин бергиле, - дейт. Анда
Түлеберди: - Сиз Таластын суусу чек болсун дейсиз. Күйүктүн бели
чек болсун. Кичи Буурул, чоң Буурул тоосу чек болуп, аягы туптуура
Түймөнкенттен Таластын суусун кечип, Абылкайырды басып,
коргонтууну жээктеп, Түлүшкөнгө келип Уландын урчугун басып,
Тескейге түшүп Ыргайтыга чейин дейсиз. Менин кошорум, бул жерге
кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз. Ошол Чокмордон тартып,
Илеге барып, Сартокумдан токтолсун, - дейт. Казактар чычалап:
ойбай, ай, бу, не деп тур! - дейт. Аблай Түлебердини карап: - Казактар
бизге эмне калды деп турат гой, - дейт. Түлеберди Аблайды тике
карап: - Таксыр, кыргыздын азайып калганы тоо арасында кирип
кеткени го, жана жарымы Фергана жакка ооп кеткени го. Күйүктүн
бели менен, Буурулдан Бетегелүү Кой - Ташка чейин канча жер?
Андан тартып Буурул Түймөнкенттен түмөн Таластын аягы канча
жер? Таластан Абылкайырды басып Коргонтуга келип жээктеп
Түймөнкентке келип... Мындан ылдый канча жер? Уландын урчугу
менен Чокмордун бели канча жер? Кан тоосу, Байгара, Олуя Атага
чейин канча жер? Иленин нары жагы канча жер?
Ошондо, Төлө бий менен Бухар Төрө: - Апырымай, жаш бала
болуп туруп, мунун баарын кантип билесиң? – дейт. Түлеберди: - Ар
бир адам баласы туулган жерин, киндик каны тамган жерин билүү
милдет, - деп, жооп берет. Түлебердинин сөзүнө Аблай жыгылып,
Таласка чейинки жерди алып тынышат. Бирок, казак, кыргыз ичи муну
менен тынып калбасын билген Аблай, Түлебердини: “Ак үйдүү элчи”,
94
- деп атап, өзү менен кошо казакка ала кетет. Тарых боюнча алганда
бул 1771–1772 – жылга туура келет. Чокан Валиханов Аблайдын
кыргыздарга жасаган жоортуулун, 1770-жылы, Түрө суусунун
жээгинде башталып, Шаты аркылуу Чүйгө түшкөн дейт. Кызыл-Суу,
Шамшы ортосунда катуу согуш болгонун баяндайт. Кебетеси, ал, бул
баянда, масы менен Барактын чабуулун алмаштырып алган окшойт.
Санжыра боюнча “Жайыл кыргыны” деп аталган кыргын Чүйдүн
аягында болгон. Муну, Садырдын чабылышын, жана Аблайдын
Ташкен жагынан келишин эске алып так билсе болот. Анын үстүнө,
Аблай хан деген титулду 1771 - жылы алат. Ага чейин ал Султан деген
наам менен жүргөн. 1771 - жылдан кийин, Орто жүздүн ханы аталып,
Улуу жүздү да бийлеп турган. Ал, Таластын суусунун аяк жагына
шаар салдырып (азыркы Жамбул, мурдагы Тараз), Үйсүн
казактарынын суроосу менен Адыл деген баласын башкарууга
жиберет. Аблайдын 71 баласы болгон. Ал мурда Арал жакта турса,
кийин хан ордосун Туркестанга көчүргөн. 1781-жылы ошол жерде
өлүп, сөөгү ошо Ахмед Ясевинин мечитинин алдына коюлган.
Аблайдын чабуулу кыргыздарды көп жабыр тарттырган. Айрыкча
саруу, саяк, солто уруулары катуу чабылган. Солтонун талкан элинен
40 киши гана калган деген маалымат бар. “Жайыл кыргыны” деп,
аталып калышы да, бекеринен эмес окшойт. Муну, ошол чабуулда
Аблайдын колуна түшкөн Тыныбектин Каныш деген кызынын арманы
да, так баяндап турат:
- Алты короо Таталай,
Алты айланып чапкандай
Назили бузук Абылай,
Атаңдын өчү бар беле, ай.
Жети короо Таталай,
Жети айланып чапкандай,
Жетеси жок Абылай
Жетеңдин өчү бар беле, ай.
Коргонтунун быткылда,
Кордук кылдың кудай ай,
Абылайдай ит кулга.
Карсак жүрбөс кара жол,
Караңгыда баратам.
Капарда жок Абылай,
Кармоосунда баратам.
Түшкө кирбес Абылай,
95
Туткунунда баратам.
Каныш саруу ичинде, кырк уул уругундагы Кабайдын аялы экен.
Кабай Канышбектин колго түшкөнүн билбей, башка жактан издеп,
өлүк оодарып жургөн экен. Аны жүрөгү менен сезген Каныш,
Аблайдан качып чыккан Таталай деген мундуз төрөсүнө айткан дейт.
- Таталай мундуз төрөсү,
Ойрон мундуз төрөсү,
Оргун мундуз төрөсү,
Көрпөчөнүн күбөсү,
Жаман да болсо Жабайга, айт,
Чаар аттуу Кабайга, айт,
Көп саруудан Бешимге, айт.
Кийин Жабай, Кабай, Бешим караңгыда туткундардын артынан ээрчип
отуруп, Канышбекти бошотуп калган деген кеп бар.
Казак - кыргыз чабышы, Аблайдын жоортуулунан кийин басылып
калган эмес. Жалпысынан: кун алып, жер алып тындым болгону
менен, Аблай кеткенден кийин, Бердикожо: - Кыргыздардын Садыр,
Момокону жок, Үсөн, Текеси жок, буларды чапса боло берет, - деп,
жылкы тийип ала берген. Ага ачууланган кыргыздар Аблайга
кайрылат. Ал: - Бердикожого өз билгениңерди кыла бергиле деген.
Кыргыздар Бердикожону өлтүрүш үчүн чалып келгиле деп, Бөрүбай
менен Бөлөкбай мырзаны жана сарбагыштан эки киши кошуп
жиберет. Аны билип калган Бердикожо Бөрүбайды колго түшүрүп
алат. Бөрүбай Түлебердинин бир тууганы экенин билгенден кийин аны
өлтүрбөй жанына алып жүрөт. Таруу орок мезгилинде Бердикожонун
жанында сүйлөшүп отуруп. Бердикожо даарат ушатканы кабакка
кеткенде, Көк Чолок деген күлүгүн минип алып Бөрүбай качат. Ал
Иледен өтүп Кордойго келет. Кыргыздар Кордойдо экен. Ал келгенде,
Эсенкул Аблайга киши жөнөтүп жаткан экен. Эсенкул, Бөрүбайды
бошотуп бергиле деп, сурамак экен. Кишисин жибербей токтотуп,
мындан ары эмне кылабыз деп кеңешет. Ошол учурда, Бердикожо
жиберген казактар Түлебердинин миң жылкысын тийип алып кетет.
Аблай хан өлгөндөн кийин Түлеберди кайра элине келет. Ал, “Ак
үйлүү элчи” болуп жүргөндө; улуу жүздө бир жыл, орто жуздө бир
жыл, кичүү жүздө бир жыл туруп, колго түшкөн кыргыздарды
куткарып алып келген. Далайы кала берген. Ошол убакта калган
кыргыздардан “жаңы кыргыз”, “бий кыргыз” деген уруулар азыр да
казак ичинде бар. Түлеберди ошол “ак үйлүү элчи” болуп жүргөндө,
Солто ичиндеги Бөлөкбай уругунан чыккан Ача баатырды бошотуп
96
келген. Ошол, кийин, Бердикожонун турган жерин чалып келген.
Аргын, Уйсундар бир жерди жайлап, Бердикожо ошол жерде кабарсыз
жатканын айтат. Эсенкул, Кебек, Бөрүбай, Атаке баш болуп, көп кол
менен барып Бердикожону басып калат. Бердикожону өлтүрөт. Аргын,
Уйсундар, Аягуз, Каракол сууларынан ажырап, Чыңгыш тоого көчүп
кетишет. Ал учурларда, Жети-Сууда, Улуу жүз казагынын: Чыңгыш,
Жалайыр, Болот, Кармыш, Жаныш, Кашкар, Матай, Суван, Байсуван
уруулары турган. Архивдик материалдарга караганда, Бердикожо,
1786 - жылы кыргыздарга чабуулга келип, ошондо өлөт. Мындан
кийин казак, кыргыздын ортосунда тыныгуу болуп, майда чатактар:
уруулук кылуу, барымта кармоо, кыз ала качуу болуп турат. Ортодон
70 жыл өткөндөн кийин казак, кыргыз чабышы кайра башталат. Ага
өзүнчө токтолобуз. Анткени, бул ортодо көп, чоң-чоң окуялар өтөт.
КЫРГЫЗ ИЧИНДЕ БОЛГОН
УРУУ ЧАТАКТАРЫ
Чагым менен көрө албастыктан көп адамдар кырылган.
Жоокерчилик замандын жырткычтык назили - момун адамдарды
тентитти. Намыс деп, эки бир тууган ажырап, ата баласынан кечти.
Көр оокат айынан сатылып кеткендер болду. Дүйнөдөгү жакшылыкты
да, жамандыкты да, кыргын менен сүргүндү да адамдар жасашты,
бирок, аягында, “турмуш күнөөлүү” болуп калып жатты. Эл тынымсыз
чачылды. Аларга ар түрдүү себептер түрткү болду. Бирде жер талашса,
бирде мал талашты, бирде кур намыс деп кылыч шилтеди. Адам
коомунда кан боюнча бир атанын балдары болуп бөлүнүп, өзүнчө
топту түздү. Бир атанын тукуму өсүп, канат - бутагы жайылып урукту
түздү. Уруктар өсүп, саябан тартып уруу топторуна негиз болду.
Уруулар биригип эл болду. Эл биригип улут болду. Бирок, ар
нерсенин эки жагы бар дегендей, бир атанын балдарынан жакшы,
жаман чыкты. Баатыр, коркок чыкты. Балбан, алсыз чыкты. Күчтүүсү
күчсүзүн коркутту, жакшысы жаманын басынтты. Бири басынтканга
эрсинди, бири басынганга кемсинди. Аягы чабыш менен бүтүп, бир
ата тукуму чачылды. Урук ортосунда чатак болуп, уруктар чачылды.
Уруу ортосунда чатак болуп, уруулар тентиди:
Кыргыз санжырасында мындай чатактар көп болсо да, улам
унуткарылып отурду. Бирок, чачылган урук унутулбай, чоң уруунун
букарасына айланып, мезгилдин өтүшү менен түпкү тегин унутуп,
“кул” деген нерсени жабыштырып алды. Ошентип, чачылган
97
уруктардан кулдар куралып, ар бир чоң уруу жетиден кул күттү.
Чачылган уруктарды “кул тукуму” деп көндүрүп алуу, эзүүчүлөр үчүн
керектүү болгон. Бирок ошол “кул тукуму” дегендер, чынында
согуштун кесепетинен чачылган башка уруктун тукумдары эле. Булар
жөнүндө кийин кенен айтабыз. Азыр, кыргыз санжырасында сакталып
калган уруу, урук чабыштары жөнүндө сөз кылалык.
1. Кушчунун чачылган себеби
Кыргыз санжырасында кушчуларды Куу уулдун тукуму катары –
солго кошот. Кушчулар сол ичинде чоң урууларга кирет. Булардын
негизги жери Таластын башы жана Аксы тарапта. Тарыхый
маалыматтарга караганда кушчулар: солто, сарбагыш, бугуга
караганда, эски уруулардан. XV кылымдын жазма эстелиги катары
жеткен “Маджиму ат-табарих” (Тарыхтардын жыйнагы – С.З.) боюнча
Лурхан, лурбузурук мезгилинде эле кушчулар (лак-лак кушчу)
жөнүндө кабар бар. Бирок оозеки санжырада XV кылымдан берки гана
тукумдарды сүрүштүрөт. Кушчунун: Жетиген, Жоош деген эки баласы
болгон. Жетиген улуусу, Жоош кичүүсү. Жетигенден: Кыргый,
Кабыл. Кыргыйдан Алыке, Көчөк. Кабылдан: Канат, Тагаймат,
Түлегабыл, Байсеит. Байсеиттен калмак доорунда атагы чыккан чабдар
аттуу Солтоной баатыр чыгат. Булар жетиген уругу деп аталат.
Кыргыйдан тараган Алыке, Көчөктүн тукумдары Солто, Сарбагыштын
ичине кирип кеткен. Жооштон; Кайназар, Сабатар, Кыржа, Каракужур,
Кагасты, Аманкул, Чылбак булар жалпысынан жоош уругу деп аталат.
Булардын ичинен Бүргө баатыр чыккан. Ал, солто, сарбагыш
чатагында чоң роль ойногон. Ошол эки бир тууган – Жетиген менен
Жооштун тукумдары болгон эки уруктун ортосунда жер талашып
чатак чыгат. Ойрон деген жерде (азыркы Панфилов кыштагы – С.З.)
чабыш болуп, адам өлүп, баш жарылат. Жооштор жеңип мактанышат.
Жетиген жеңилип алсырайт. Кур намыс деп, бир тууган бир тууганды
басынтып күлөт. Намыстанган жетиген тукуму – Кыргый, Кабыл
балдары: “Өз кордугун көргөнчө жат кордугун көрөлүк” деп
сарбагыш, солтого көчө качат. Жооштун аксакалдары куруп мойнуна
салып, ат, тон тартуу кылып жатып Кабылдын үч баласын (Канатейим,
Тагаймат, Түлегабыл) токтотуп калат. Калган балдарынын тукуму
солтого өтүп кетет.
1804-жылдары, Бототтун уулу Эсенкул баатыр 73 жашында
дүйнөдөн өтөт. Эл арасында, Эсенкул өлгөндө олжого келген калмак
кызынын кошогу бар:
98
- Жүндүүсүнөн жүздү алган,
Олжосуна кызды алган.
Октон кайра тартпаган,
Өбөлгөгө узду алган.
Ойрот менен кыйрашып,
Эрдигине бизди алган.
Ажал чиркин аткан ок,
Акыры сокту бу жалган.
Эсенкул өлгөндөн кийин, солто, сарбагыш урууларынын ортосундагы
ынтымак ыдырай баштаган. Бири-бирине эрегишкен мыктылар
көбөйгөн. Эки чоң урууну башкарган манаптар ортосунда тымызын
бой көтөрүүчүлүк башталган. Мындай мамиле акыры чатакка алып
келмек. Чынында ошондой болду. Андан мурда, кушчу урууларынын
ортосунда көбөйгөн тукум Жетиген айылы деп аталып, Сосновканын
батыш түндүк жагына жайгашкан. Кийин чачырап Чүй боюна тараган.
Кыргыйдын тукуму бүт бойдон сарбагышка өтүп кеткен.
2. Солто, сарбагыш чабышы
Эсенкул өлгөндөн кийин, солто, сарбагыш урууларынын
ынтымагы кете баштаганын мурда эскерткенбиз. Анын бардыгы
бийлик талашуудан чыккан. Бирок бул жөнүндө санжырада да
эскертилбейт. Кыргыз санжыраларында солто, сарбагыш чабышы да
так айтылбайт. Ал түгүл кыргыз тарыхын, санжырасын изилдеп
жүргөн Белек Солтоноев да солто менен сарбагыштын чабышы
мезгилинде Эсенкул сарбагышты башкарып турган деп жаңылган.
Солто, сарбагыш чабышы болсо 1819-20-жылдары болгон. Бул
мезгилде, Эсенкул, Атакенин көзү өтүп кеткен. Сарбагыштарды Атаке
жарыктын уулу Таштанбек, Эсенкулдун уулу Ниязбек билип калган.
Солтолорду Түлебердини уулу Канай бийлеп турган. Сарбагыштар өз
ара Темир, Болот, Тынай деп Токо балдары, Өзүк, Чечей, Абыла,
Манап балдары деп бөлүнүп турган. Ошондой эле Солтолор: Каракчы
(Бөлөкбай – С.З.) Талкан эли деген менен Жайыл, Момокон,
Жамансарт, Күнтуу, Күнтуу балдары: Жерказал, Жети Кашка,
Жоочалыш, Бешкөрүк, Кайдоол балдары ортосунда майда чатактар
болуп турган. Ал деген элде, уруу коомунун, адамдын жашоосунун
закон ченемдүү көрүнүшү болгон. Бирок уруу ортосундагы чоң
чатактарда уруктар бат эле биригип кеткен. Сарбагыш менен солтонун
чатагы сырткы шылтоолордон башталып кеткен менен, ички маңызы
99
башкада болгон. Ички чатактын маңызы мына-мында болгон: Эсенкул
дүйнө салгандан кийин, Темир, Болот, Тынай уруктарынын ортосунда
тирешүү башталат. Бирине-бири кыйынсынап, бирине-бири көпсүнүп,
майда талаштар күйчөйт. Ууру кылса доо бербей, эр өлтүрсө кун
бербей, акыры, Тынай тукуму менен Темир, Болот тукумунун
ортосунда чатак күч алып чабышка айланат. Темир, Болот тукуму бир
ата жакындык кылып биригип кетип, Тынайларды ызалап коюшат.
Ошондо, Таштанбек Канайга келип, Чүйдүн башынан жер берүүсүн
өтүнөт. Канай: - Малыңа Солтонун тамгасын салсаң, жер берейин, дейт. Таштанбек макул болот. Ошондон тартып, Сарбагыштын Тынай
уругунун малына ай тамга басылат да, “Солто, Тынай бир тууган”
деген сөз калат. Солтолор Тынайларга: Кичи Кемин, Чоң Кемин,
Жылгынбашын (Токмоктун үстү – С.З.), Текеликтин тоосундагы
жайыттары менен кошо берген. Таштанбекти Ниязбек баштаган
Темир, Болот тукуму, чабыштан кийин ал жалдама уруу ырчыларына
кордотуп койгон экен. Ал ыр элге тарап кетет. Анын айрым
үзүндүлөрү мындай:
- Таштанбектин түндүгүн,
Ай балталап бузганбыз.
Төрдөн сүйрөп ак кызын,
Ач билектен алганбыз,
Катын кылып салганбыз.
Таштанбек бул ырчыны кандай да болсо колго түшүрүүнү ойлойт.
Жигиттерин жашырын жиберип издетип, кармай албайт. Ортодон
алты ай өткөндөн кийин, Чоң-Кеминдин башындагы Кашка - Жол
деген ашуудан ошол ырчыга жолугуп калат. Аны кармап, мойнун
чылбыр менен байлап коюп атып өлтүрөт. Ошондон кийин, мунун
аягы дагы чоң чабышка алып барарын ойлоп, солтолорго кирген. Ал
убакта, сарбагыштардын жери Иленин башы Үч Алматы, Сары
Токумга чейин, түштүк - чыгыш жагы Челек, Каркырага чейин
созулган. Кочкор өрөөнүнөн, Ак-Талаага чейин ээлеген. Баш жагы Үч - Теректин башы Коңур Өгүздү жайлаган. Тынайлардын
сарбагыштардан бөлүнүп көчүп кетиши, айрыкча, малына
солтолордун айтамгасын салышына сарбагыштар катуу ыза болгон.
Ниязбек муну Канайдын бузукулугунан көрүп, урушууга себеп издей
баштайт. Экинчи жагынан, кандай болсо өзү менен теңтайлашып
жүргөн Канайды басып коюуну ойлогон. Ошондо, XIX кылымдан
башында, жаңыдан күчөп келе жаткан Кокон хандыгы туш-тарапка,
казак, кыргыздын жерине соодагерлерди жиберип чалгын чалдыра
100
баштаган. Соодагерлери, кыргыз, казак ичиндеги атактуу адамдарды,
манаптарды алдын ала билип, кербендерин дал ошол адамдардыкына
түшүргөн. Алар үй ээсине тартуу тартып, кичи пейилдик менен ичикойнуна киришкен. Ансыз алардын соодасы жакшы жүргөн эмес. Ал
түгүл таланып кетиши да мүмкүн эле. Соодагерлерге жолдон кол
салуу адаттагы эле көрүнүш болгон. Ошондой шартта Кокондон
сарбагыштарга – Ниязбектикине бараткан соодаргерлердин кербенин
солтолор токтотуп алат. Буга Ниязбектин ичи күйүп, кек сактап калат.
Бирок, муну менен уруш чыгарууга анча батынбайт. Анткени, бул, эки
бир тууган уруунун чабышы бектикине бараткан соодагерлердин
кербенин солтолордон Адыл деген жигит, Иледен барып казактардын
жылкысына тиет. Шылтоо таба албай турган Ниязбек, аны
жигиттерине карматып казакка өткөзүп берет. Казактар аны өлтүрүп
коѐт. Аны угуп калган Канай, Ниязбектен кун доолайт. Ниязбек: Карартып мал бергенче, кызартып жан беребиз – деп коѐт. Ага жини
келген Канай, жигиттерин жиберип сарбагыштын жылкысын тийип
алат. Жылкынын артынан куугуч келип, чабыш башталып кетет. Чоң
чатак баштала турган болуп калганда, Канай Таштанбекке акыл салган
дейт: Эгерде солто, сарбагыш согушуп калса, кайсы жагында болосуң
десе, солто жагында болом да, деген экен. Бирок, чабыш чыгып
кеткенде, солтолор өз ураанын “солто” деп кыйкырып киргенде,
сарбагыштык тынайлар “сарбагыш” деген ураанга кошулуп кетет.
Ошентип эки чоң уруу, Ысык-Ата, Кегетинин чабында, кызыл
кыргын, кара сүргүн болушат. Күч тең келип, бирде сарбагыш сүрүп,
бирде солто сүрүп, катуу кыргын болот. Ошол учурда Канай кушчу,
Бүргө баатыр менен дос экен, жардам сурап бир жигитин жөнөтөт. Ал
жигит, күлүк тандап, кош ат алып, учкан куш менен жарышып
жөнөйт. Ал, Таластын башындагы Бүргө баатырга келип, болгон
окуяны айтып, Канай жиберди, - дейт. Ошондо, Бүргө:
- Солто, сарбагыш бир Тагайдын балдары эле, биз болсок сол
туугандарыңар элек. Эки агайыңдын алдына бузукка катышып бара
албайбыз. Эртең, эки бир тууган эл жарашып алса, биз кандай абалда
калабыз - дегенде, кабарга барган жигит шарт эшикке атып чыгып,
минип барган атынын куйругун кырмак болот. Бул шартты билген
Бүргө, жигиттин колун кармай коюп, “баралык” деп жиберет. Эски
элдин шатры боюнча, минип барган атынын көкүл, куйругун кесүү,
өмүр бою кыркышып жүрүп өтөбүз, дегенди билгизген.
101
Бүргө баатыр кушчудан төрт жүздөй жигитти жыйнап, аттанат.
Анын ою: “Бара көрөйүн, солто жеңсе солтого кошулармын, сарбагыш
жеңсе, аны көрөрмүн” – дегенде экен.
Алар жакындап калганда, солтолорду сарбагыштар сүрүп,
Кегетинин сайынан бери чыга турган болуп калыптыр. Ошондо,
Канайдын аялы жолго аркан тостуруп, колуна жоолугун алып: - Ким
ушул аркандан өтсө, башына жоолугумду салам – деп, өз жоолугун
жулуп алып булгалап, кыйкырган экен. Буга намыстанган солтонун
жигиттери кайрадан катуу кылчайнашка кирет. Ага чыдабай
сарбагыштар кача баштайт. Анын үстүнө: “Таластан Бүргө баатыр миң
жигит менен келиптир”, - деген сөз угулуп, жигиттер чегинет.
Ошондо, “солто” деген ураанга, “каратал” деген ураан кошулат.
Сарбагыштар сүрүлүп, Кочкор өрөөнүнө түшөт. Канай, Ниязбектен
мурда, Тынайдын Таштанбегин издеп барбаган жери калбайт. Ал мени
сатып кетти деп, катуу ыза болот. Бирок Таштанбекти таппай
калышат. Эки эл кайра жарашат. Жеңилген жак айып тартат. Ошондон
көп өтпөй Бүргө баатыр каза болот. Ага Канай куран окутайын, бата
кылайын деп өкүрүп барып түшөт. Канай көп киши менен барганда
Бүргөнүн Ак Шербет деген кызы кошок кошуп жаткан экен.
- Атам, ак сеңирдин учу эле,
Ак болоттун курчу эле,
Ак сеңир учу ураптыр,
Ак жолборс эле сулаптыр.
Атам, көк сеңирдин учу эле,
Көк болоттун курчу эле,
Көк сеңир учу ураптыр,
Көк жолборс эле сулаптыр.
Атам, аргымак байлап ат кошкон.
Ар жакшы менен достошкон.
Тобурчак байлап ат кошкон
Топ жакшы менен достошкон.
“Канай келди” дегенди кулагы чалып калып кошогуна минтип улаган
дейт:
- Карагайдын как бутак,
Кайрып алган кан атам.
Сарбагыштан солтону
Айрып алган кан атам,
Долононун топ бутак,
102
Толгоп алган кан атам,
Сарбагыштан солтону,
Коргоп алган кан атам.
Канай белиндеги шамшарын ала коюп, алдындагы шырдакты тилип
жиберип: - Каяктан эле сенин атаң мени коргоп калыптыр, качкан
жоонун артынан түшкөнү болбосо! – дептир. Аны уккан Ак Шербет:
- Карагандын жалбырак,
Эчки жесе ийбеген.
Солто келет дегенде
Сарбагыштын кыздары,
Ычкырын чечип сийбеген –
дегенде, Канай: Ошентсең – деп, күлүп жиберген дейт.
Солто, сарбагыш чабышы элге көп жакырчылыкты алып келген.
Мал, жан бүлүнгөн. Көп эр-бүлө өлгөн. Жесир аял, жетим бала
көбөйгөн. Элден ырк кеткен. Кыргыздардын урууларынын мындай
кырылышып жатканы күчөп келаткан Кокон хандыгына майдай
жаккан. Ыркы кеткен элди каратып алуу жеңил эле. Заардуу жылаан
кыргыз жерине сойлоп кирген. Солто, сарбагыш чабышында,
солтолордун башында Канай турган, колбашчы катары Эшкожо, Бала
Ажыбек, Саке, Атай, Бектен, Чыңгыз чоң роль ойногон. Сарбагыш
колун Ниязбек, Таштанбек башкарган. Эки бир тууган уруулар
чабылып-чачылып, алсырап жатканын Кокон ханы ичинен жылмайып
карап турган. Көп узабай, Ташкендеги куш бегине киши жиберип, Чүй
боорундагы кыргыздарды каратып алуу жөнүндө кам көрө баштаган.
КОКОН ХАНДЫГЫНЫН
КЫРГЫЗДАРДЫ КАРАТЫШЫ
Солто, сарбагыш чабышы, түндүк кыргыздарынын начарлашына
алып келген. Эки чоң уруу ортосунда ырк кеткендиктен, ага
жамаатташ, канаатташ жашаган бугу, саяк, черик, азык урууларынын
ортосу да ажыраган. Алардын бири солтого жан тартса, бири
сарбагышка жан тартып турган. Мындай ыйкы - тыйкылык, уруу
ортосундагы чабыштар, Кокон хандыгына соодагерлер аркылуу жана
Кокон ханынын кыргыз, казак арасына жиберген жансыздары аркылуу
жетип турган. Кыргыз санжырасында Кокон хандыгынын кандай
түзүлгөнү жөнүндө үстүртөдөн гана айтылган. Илимий адабияттарга
караганда, Кокон хандыгынын династиясы Чамач бийден башталат.
Ал Шаурук (Шахрук) бий менен Абдрахман бийдин атасы катары
103
берилет. Чындыгында Чамач бий чоң атасы болгон (“Ммунтахаб атТаварих” – “Тарих и Шахрухи”) Шооруктан (Шахрук) Раимбек,
Абдыкерим, Абдрахман; Абдрахмандан Эрдене бий, Эрдине бийдин
тушунда Кокон күч алган. Эрденеден: Нарбото бий, Хаджи бий.
Нарботоо бийден: Мадамин, Алимбий, Омар; Хаджи бийден: Шер
Али; Алимбийден: Шоорук, Аталык хан, Мурат хан. Шер Алиден:
Сарымсак, Малабек хан, Худояр хан, Сопубек, Султанмурат хан;
Сарымсактан: Шамурат хан. Булардын тукумдары көп болгон. Бирок
төрт кишиге төбөсү көрүнүп, ишке аралашкандары бирин-бири
кырып, бийлик алгандары гана сөз болот. Элдик санжырада, Кокон
шаарын, 1740-жылдары Абду - Карымбий салдырган дейт. Ал
учурларда, Фергана өрөөнүн Наманган, Анжиян тегерегин кыргыздар
жайлап жүрүшкөн. Дал ошол Кокон шаары салынып жаткан мезгилде,
Жети-Суудан, калмактардан, сүрүлгөн кыргыздардын оң канаты
Наманган, Анжиян жайлап жүрүшкөн, ичкилик жана сол канат
кыргыздарынын жерине барып туруп калышкан. Кыргыздардын оң
канатындагы солто уруусунун башчысы – Талкан, Наманган
шаарынын үстүндөгү Сейит Булак деген жерде турган. Ал жерде,
Талкандын: Көңүрбай, Бакы, Багышан деген эр жеткен, үйлүү-жайлүү
болуп калган балдары өлүп, ошол жерге коюлган. Талкандын сөөгү да
Сейит Булакка коюлган. Ал жерде карачоро тукумунан калган барын
уруктары дагы эле бар. Кокон хандыгы күч алып, Фергана өрөөнүнөн,
Анжыян, Наманган тегерегинен кыргыздарды тоо арасына сүрө
баштаган. Байыркы убактарда Сыр - Дарыя менен Аму - Дарыясынын
кошулган жеринде жана Сырдын боюнда кыргыздардын жашагандыгы
жөнүндө көп маалымат бар. Ал түгүл, Сыр - Дарыясына Касан - Сай
суусунун куйган жеринде жайгашкан Аксыкент шаарында кыргыздар
болгонун, XV кылымдын жазма эстелиги катары бизге жеткен
“Маджму - ат - табарик” (“Тарыхтардын эстелиги”, жыйнагы – С.З.)
деген кол жазмадан да көрүүгө болот. Кыскасы, Кокон шаары,
кыргыздар жашап, жайлап жүргөн жерлерге жамаатташ салынып,
акырындык менен күч ала баштаган. 1745-жылы, Орто Азиядагы
казак, кыргыз, өзбектерди катуу кысымга алып турган калмактардын
Кон - Тайчысы (Чөң төрө) - Галдан - Церэн өлгөндөн кийин жана
калмактардын акыры ханы (1757-жылы) - Амурсандын өлүмүнөн
кийин Кокон хандыгы Ташкенди басып алган. Ошондон кийин Кокон
хандыгы кыпчактарга жана тоолук кыргыздарга таянып, бирине бирин каршы коюп, жерин кеңите баштаган. Маргалаңдын
тегерегиндеги чоң багыш кыргыздары Алай тарапка сүрүлгөн.
104
Коконго жамаатташ турган кыргыз кыпчактары жана кесектер Кызыл Сууга сүрүлгөн. Орустардын 1897-жылы Фергана областына
жүргүзгөн каттоосунда эле кара кыргыздардын саны 201 миң 579
болгон. Ортодон 15 жыл өтпөй эле Фергана өрөөнүндө жашаган
кыргыздар 90 миңге кыскарган. Мунун өзү, кыргыздардын XIX
кылымдын башында Фергана өрөөнүндө абдан көп болгондугун
далилдейт. Кыргыз санжырасында, Фергана өрөөнүндө, Анжиян,
Наманган тегерегинде канча кыргыз жашаганы айтылбайт, бирок
кандай уруулар жашагандыгы жөнүндө маалыматтарды берет. Бул
жерлерде кыргыздардын Отуз - уул, Бостон, Теит, Жоокесек, Дөөлөс,
Кыдырша, Канды, Басыз, Лалым кушчу, Ай баш Мундуз, Чоң багыш,
Сунжек кытай уруулары жашашкан.
Экинчи бир кабарда, Кокон калаасын салып, Кокон хандыгын
негиздеген өзбектин Миң уруусунан (тукуму) чыккан Шорук бий
болгон. Ал өлгөндөн кийин, анын уулу Абдырахым бий тарабынан
Кокон хандыгы күч ала баштаган. Ошол учурда, Кожентти бийлеп
турган кыргыздын Акбото бийи Абдрахым менен абдан жакын
ынтымакта турган. Бирок, акыры бийлик үчүн күрөш жүрүп,
Абдырахым бий Акбото бийди өлтүрүп тынган. Ошондон тартып,
өзбек менен кыргыздын ортосу бузула баштаган. Абдырахым бий өзүн
Коконго хан деп жарыялатып, Кожентке – Абдыкеримди, Маргалаңда
– Шады бийди койгон. Бул экөө тең анын бир тууганы болгон.
Адбырахым бий өлгөндөн кийин анын ордун Абдыкерим баскан. Ал
учурларда жүнгар баскынчыларынын чабуулу күч алып, ЖетиСуудагы кыргыздар сүрүлүп Фергана өрөөнүнө, Анжиян, Наманган
тегерегине барган. Жунгар басканчыларынан корккон, Кокон ханы
кыргыздар менен болгон чатагын убактылуу “унутуп”, алар менен
биргелешип катуу коргонууга өткөн. Бирок ага карабастан Жунгар
калмактарынан талкаланган. Калмактар Абдыкеримди өлтүргөндөн
кийин анын уулу – Бабабекти “бек” деп жарыялап, өздөрүнө бере
турган алымды алып турган. Бирок бул учурда калмактар ич ара
бузулат. Бийлик үчүн күрөш башталат. Калмакты кыңк эттирбей
билген Кон - тайчы Калдан - Церен өлгөндөн кийин Амурсандын
тушунда кытайлар каптап кирип калмактардын быт - бытын чыгарган.
Мындай талкаланууга калмактар өздөрү колтук ачып койгонун мурда
айтып өткөнбүз. Калмактар чачылып ыдырай баштаган мезгилде
Коконго Эрдене хан болуп шайланган. Мунун тушунда кушчудан
чыккан Кубат бий кыргыздарды жонунан билип, Эрдене менен тең
тайлашып турган. Ушул учурда кыргыздарда Кажы бий, Садык
105
бийдин да даңкы күчтүү болгон. Жети-Суудан ооп барган
кыргыздардан Талкан, Тынай менен эсептешкен. Ал учурларда
солтолор Анжияндын үстүндө, ага жамаатташ сарбагыштар, Оштун
тегерегинде саяктар турган. Ал жерден Талкан өлгөндөн кийин,
бийлик анын баласы Кошойго өткөн. Тынай өлгөндөн кийин, бийлик
анын баласы Атакеге өткөн. Атаке мыкты чыккан, бирок каражама
оорусуна кабылып оозу-мурду жээлип “Атак жырык” аталат.
Сарбагыштын экинчи тармагын Үчүкөнүн уулу Маматкул билип
калган. Адигине уруусун Арсымат бий менен Маматкул бий
башкарган. Кокондун беги Эрдене (кийин хан шайланат), өтө куу,
амалкөй киши болгон. Ал, кыргыз бийлерин өз жагына тартып, күч ала
берген. Кыргыздар жалпы жонунан Кокон бегине карабаган менен
негизинен көз каранды болгон. Анткени, ар бир уруу башчысы өзүн
бек деп ойлоп, биригүү жөнүндө ойлогон эмес. Ошол учурда эки чоң
чатак чыккан. Ал чатактар уурулук, баскынчылык жолдору менен
болгон уруу чатактары эле. Бири “кырк уулдун иши” деп, экинчиси
“Атаке жырыктын тентектиги” деп аталган. Уруучулдук мезгилде,
жоокерчилик заманында уурулук кылуу, баскынчылык кылуу эрдик
болгон. Баатыр деген атакка, дал ушундай жол менен ээ болгондор көп
эле.
Кыргыз ичинде Отуз уул деген уруу бар. Аларды санжыра
боюнча солго да, ичкиликке да кошот. Балык Кумар уулу: “Отуз уул,
ичкилик, сол аттадан турбайбы” – деп ырдаган Отуз уул байыркы
уруулардын катарына кирет. Муну билбегендер XVIII кылымда пайда
болгон кырк уулдун тукумдары менен чатыштырып, отуз уул – кырк
уул деп айтууда. Чынында, кырк уул тукуму кийин эле, Эрдене
хандын тушунда пайда болуп, элге жайылып кеткен. Уккан кабарга
караганда, Кызыл - Кыянын үстүндө, Ферганага жакын жерде жашаган
ичкилик урууларынан (бир кабарда дөөлөстөр, бир кабарда теиттер –
С.З.) бир адам чыгып, кырк уулдуу болгон. Кырк уул чыйрак чыгып,
тегерегиндеги элге баскынчылык кылып, уурулук кылып “көрсө
барымта, көрбөсө ылымта” деп малдарын, дүнүйө - мүлкүн карактап
ала берген. Алар Фергана өрөөнүндө жашаган элдерге кол салып,
Алай, Чоң Алайга чейин барып турган. Акырында, Кокондун
түбүндөгү жайылмада жашаган адамдарга баскынчылык кылышкан.
Ошол учурда, Кокондо кан болуп турган Эрденеге бул кабар толугу
менен угулуп, аны басынткан катары, тоготпогон катары баяндалган.
Кырк уулдун жоруктары жөнүндө Эрдене мурда да кабардар болгон.
Бирок эл болгондон кийин ууру, бөрүсү болбой коймок беле деп, көп
106
көнүл бөлгөн эмес. Экинчиден, калмактар бир жагынан кысып
турганда, кыргыздарды душман кылып албайын деп, билмексен
болгон. Эми, калмактар сүрүлүп кеткенден кийин, кыргыздарды бир
бет каратып алууга шылтоо таба албай турганда, ал шылтоо өзүнөнөзү пайда болот. Ал, өзүнө тең тайлашкан, ичкилик кыргыздарынын
башчысы Кажы бийден да өч алууну ойлойт.
Адегенде, жөн эле кырк жигитин ээрчитип, кырк уул турган
жерге жөнөп кетет. Учур жай мезгили болгондуктан, жер бети гүлгө
оронуп турган. Алар, Ферганадан Кызыл - Кыяга бурула берген жерге
келгенде, мажүрүм талдардын көлөкөсүндө тасторкон жайып,
мелмилдеп аккан көк кашка сууга жүзүн чайып отурган аялды көрөт.
Хан оюн жыйып, көзүн тартып ала электе жанында келаткан жигити: Каным, биз келе жаткан кырк уулдун энеси ушул! – дейт. Эрдене
аттын башын бурат. Аял туруп, ханга таазим кылып: - Даам татып
кетиңиз! – дейт. Жигиттер чуркап чыгып, хандын атын алат. Көрсө,
хандын атайы аттанып келе жатканын мурда уккан кырк уулдун энеси
(айыл үстүндө чатак чыгарбайын деп), балдарына билгизбей, жол
боюна козу сойдуруп, кымыз алдырып, ханды күтүп жаткан экен. Хан
дасторкон үстүндө кеп козгойт:
- Байбиче, кырк уул тең өзүңдүкүбү?
- Жок, ханым, ону өзүмдүкү, отузу олжом, - дейт. Түшүнбөй
калган хан:
- Кандайча? – деп сурайт.
Анда байбиче:
- Кыргызда: “жаман киши жер коруйт, жаман катын эр коруйт”, деген кеп бар. Мен эримди коруган эмесмин. Онун өзүм төрөдүм, отуз
уулду менден кийинки аялдары төрөдү. Ошол үчүн “олжом” деп
жатам дептир.
Хан байбиченин, “жаман киши жер коруйт” дегенин өзүнө
келтирип жатканын түшүнө коюп:
- Байбиче, мынабу дасторкондон аркысы сиздики болсун, - деп,
чекти ажыраткан экен. Өзү башка сөз айтпай аттанып кетет. Ошондон
улам ал жер, “дасторкон чеги” деп, аталып калат.
Кийин, “Атаке жырык деген, баскынчы чыкты” деп, дагы угулат.
Мурдагы шылтоосу ишке ашпай калгандан кийин, Атакени чакыртып
алып өлтүрүүнү ойлойт. Ал, кыргызга белгилүү бектин тукуму
болгондуктан чатактын чыгышына алып келет деп, болжолдойт.
Эгерде, Атаке чакырганга келбесе, эмне үчүн ханды тоготпойт деп,
шылтоо кылмак. Сарбагыш уруусунун мыктылары кеңешип, “Атакени
107
Коконго барба” – дешет. Атаке эки жигит менен болбой жүрүп кетет.
Ал учурда, Кокондогу хан ортосунда, ханга кире турган эшиктеги
жолго жүз метрдей жерге килем салынган. Чакырткан бектер алыстан
аттан түшүп, атын калтырып, килем менен басып келип, ханга таазим
кылган. Атаке килемди аты менен тепсетип келип, эшиктин алдынан
аттан түшөт. Атакенин андай оройлүгү, сый билбестиги, шылтоого
шынаа болуп, ханга жага түшөт. Жайланып отургандан кийин, Атакеге
какшык жөнөтөт:
- Кыргыздарда килем болбойбу, килемди айбан малга
бастырганың эмнең? - дейт.
- Ханым, бизде ой - тоонун баары килем, ал түгүл түзгө
отурганда да килемге отурабыз, - деп, шар жооп берет. Хан
мыйыгынан күлүп:
- Алаа таалам чырай бөлүштүргөндө кайда жүргөнсүң, - деп,
кордоого алат. Анда Атаке токтолбостон:
- Бакыт базарында жүргөн экенмин, - дейт. Хан, так айтылган
жоопко күлүп жиберет:
- Болбостур, каныңды кечтим, - дейт.
Атаке Кокон ханынан келгенден кийин, акыр аягы жаман боло
турганын билип, тынай тукумун ээрчитип, Өзгөн аркылуу Бычанга
өтүп, Ак-Талаа менен Соң-Көлгө көчүп кетет. Келсе жер ээн,
калмактар кетип калган. Андан көп өтпөй эле, Кокон хандыгы:
Фергана, Ош, Өзгөндөгү кыргыздарга чабуул коюп кирет. Катуу согуш
болуп, кыргыздар чегинүүгө аргасыз болот. Кажы бий баштаган
кыргыздар Чоң Алай жакка сүрүлөт. Жети-Суудан барган кыргыздар
жазгы ала шалбыртта Кетмен - Төбөгө сүрүлөт. Ал жерде, калмак
чабуулу мезгилинде Ысык - Көлдөн сүрүлгөн бугу уруусу жайлап
жаткан болот. Алар көп чачылбай, мал - жанын аман сактап калган
экен. Бугуларды Белек бий бийлеп, Үч - Терек, Көңүр - Өгүздү
жайлап, Кызыл Үңкөргө чейинки жерди ээлеп турушкан. Кокон
хандыгы, түштүктөгү кыргыздарды Эрдененин тушунда толук карата
алган эмес. Ал түгүл, Нарбото бийдин, Алымкандын, Оморхандын
тушунда да, толук каратып бүтпөгөн. Бирок, кыргыз урууларынын
биримсиздигинен пайдаланып, аларды сугаттуу, дыйканчылыкка
ылайыктуу жерлерден сүрүп, тоо - ташка кубалаган. Оштун
тегерегиндеги тейиттер, XVIII кылымдын аягында Памирге сүрүлүп,
Ооган хандыгына өткөн. Андан көп өтпөй, кесектер, наймандар,
кыпчактар сүрүлүп барган. Оогандын Чоң Памир, кичи Памир
жагында, Тейиттердин: сары тейит, кара тейит, кочкор, шахим, текрең,
108
навруз, алапа, кутан, чегтир уруктары. Кесектин: жыкжым, кызыл аяк,
кыдырша, куранай, мамачар, бостончак, мөшкө, бурбаш, кошкулак
уруктары; Наймандын: мурза, жору, кең жон, көк эчки, куран
уруктары; Кыпчактын: чела, көлчөк, мүдүрүк, сарт кыпчак деген
уруктары турушат. Ошондон ушул мезгилге чейин ал жакта калышты.
Кийин, Оогандагы кыргыздардын бир тобун: теиттерди, кызыл аяк,
кыдырша, кесектерди ээрчитип, Рахманкул хан Пакистанга өтүп,
андан Турцияга кетти.
Эми кайра, XVIII кылымдагы кыргыздардын абалына көңүл
буралык. Эрдененин тушунда кайра сүрүлгөн кыргыздар, бошогон
жерине келгенден кийин деле, жыргап кеткен жок. Баягы уруу
башчылары, баягы жер чатагы, эл чатагы кайра башталды. Сарбагыш,
солтонун Кетмен - Төбөгө келгенден кийин, бугулар менен болгон
чатагын мурда айтканбыз. Андан кийин казактар менен болгон катуу
кыргын, Аблай чабуулу эл башына көп мүшкүл алып келүү менен
бирге, эл билип, мыктымын деген айрым башкаруучуларды, уруу
башчыларын ойготту, ойлонтту. Солто, сарбагыш, бугу урууларынын
башчыларынан эрте түшүнгөнү Атаке болду. Анын көз алдынан, Жети
- Суудан Ысар (Гизар – С.З.), Көлөпкө (Гулян - С.З.) Анжыянга,
калмактардан сүрүлгөн кыргыздар, ошондой эле, кайта, Анжиян,
Оштон Жети - Сууга сүрүлүп, кырылган кыргыздар келди. “Бир боор”
деген казак хандарынын чабуулу келди. Мына ошондой шартта
кыргыз элине чоң таяныч керек эле. Ошентип Атаке, 1784 - жылы
Орус падышасына: Абдырахман, Шергазыны элчиликке жиберди.
Орус падышасы Екатерина II, Атаке жиберген тартууну алып, кайра
сыйлык берип жөнөттү. Кыргызды кошуп алуу жөнүндө ачык жооп
айтпады. 1814 - жылы экинчи жолу кыргыздардын бугу уруусунан
элчилер барды. Бул жолу: Шералы, Ниязбек барды. Аларды
Омскийден кабыл алып, жумшак сөз менен сый көрсөтүп жөнөтөт.
Бул учурда Кокон хандыгы абдан күч алып, түндүк кыргыздарды
каратууга киришти. Талас өрөөнүндө, саруу манаптарынын ортосунда
чатак чыгып, ыза болуп калган Ажыбек, Ташкендеги Кокондун куш
бегинен 500 сарбаз алып келип, Талас өрөөнүн каратып берип, датка
деген атак алды. Андан көп өтпөй эле, Мадалы хандын сарбаздары
Чүй өрөөнүнө кирди. Анын алдында солто, сарбагыштын чабышы
болуп, эл абдан алсырап турган. Алар куралданган миңдеген
сарбаздарга туруштук бере алган жок. Солто толугу менен Кокон
хандыгына карап, сарбагыштын жарым - жартысы Ысык-Көлгө көчүп
кетип кутулат. Бирок, Кокон хандыгы муну менен тынып калган жок.
109
Экинчи жолу, Көк - Арт аркылуу – Тянь - Шанга, Ташкент аркылуу –
Чүй, Ысык - Көлгө сарбаздарын жиберди. Тянь-Шанда: саяк, черик
урууларын талкалап, алардын башчылары: Атантай, Тайлакты колго
түшүрдү. Бул жүрүшү үчүн, Каккулу Кокон ханынан урмат, сый алды.
Ташкендин беги – Беклербек, Чүй, Ысык-Көлдү караткандыгы үчүн
сый алды. Кокон ханы карткан жерлеринен ыгым - чыгым, салык алып
туруш үчүн чептер салып, сыпайы, сарбаздарын кармап турду. Элдин
эсинде сакталып калган кабарга караганда, Кокон хандыгы
түштүктөгү кыргыздарга: Таш Коргон, Дароот Коргон, Сопу Коргон
чептерин салган. Чүй боюнда – Чалдыбар, Кара Балта, Аксуу, Бишкек;
Токмок чептерин: Ысык Көлгө - Барскоон, Каракол; Тянь Шанга –
Куртка, Жумгал, Тогуз Торо чептерин салган. Ар бир чепте, бек
башчылары болуп, андагы сарбаздарга, сыпайларга башчылык кылган.
Элден диндик чыгымдарды: секет, битирлерди, жана мал, дан жыйнап,
Коконго жөнөтүп турган Кокон хандыгы, кыргыздарды эзүүнүн
жолдорун көп тармактуу өнүктүрүп кирген. Жергиликтүү уруу
башчыларын колго алып, молдо, кожолор, аркылуу мусулманчылыкты
күчөткөн. Ошон үчүн, Атантай, Тайлакты колго түшкөн жеринен
жарашкан болуп, элине жиберген. Бирок, Тайлак баатыр, колунан
куралын таштабай жүрүп өттү. Кыргыз санжырасында: Мадалы,
Шералы, Кудаяр хандар көбүрөөк сакталып калган. Тянь Шандагы
кыргыздарда, Кокон ханына каршы күрөшкөн Тайлак баатырдын
санжарысы кеңири айтылат. Тайлак, жалаң эле Кокон ханына каршы
согушпастан, кытай хандарына, казак төрөлөрүнө каршы да согушкан.
ТАЙЛАК БААТЫР БАЯНЫ
Ак-Талаа, Тогуз-Торону жердеп турган саяк Тайматтан –
Жанболот туулат. Жанболоттон: Ырыскул бий, Кожоберди, Байбагыш,
Эраалы, Бегаалы, Дербишаалы, Ырысменде, Алдаяр, Беш уул, Казак.
Ырыскулдан – Атантай, Тайлак. Тайлактан – Осмон. Биз эми ошол
Ырыскулдун Тайлагы жөнүндө сөз кылабыз. Тайлактын чоң атасы
Жанболот баатыр киши болгон. Эки жакка жоортулга көп чыккан.
Жанына бир тууганы Берикти ээрчитип алып, жер чалып, эл чалып
жүргөн. Ал бир жолу Чатыр - Көлгө барып, жер көрүп, ойноп жүргөн
кытай улугунун баласын карактап алат. Кийин, кытайдан кол келип,
иликтеп отуруп, Тогуз - Торонун Жыртак - Үңкүр деген жеринен
Жанболотту, Берикти колго түшүрүп, түп Бээжинге алып кетет.
Ортодон он бир жыл өтөт. Ана келет, мына келет менен жүрө берип,
110
элге сөз боло баштайт. Жанболоттун эр жеткен балдары намыстанып,
атасынын дайнын билмек болот. Алар, ошол жердеги тезек уругунан
чыккан Тобок деген алп адамды жалдап, Бээжинге жиберет. Аны ат
көтөрө албай, жөө жүрчү экен. Жөнөкөй адамдар белине араң жетип,
андай - мындай берсе, ошол белиндеги курунда салаңдап турган
баштыгына салып койчу экен. Ошол киши, Какыр Коргондон эртең
менен чыгып, эрте бешимде Ат - Башынын чериктерине жетип,
Максүт деген байдын үйүнө түнөп өтмөк болот. Максүт үй тиктирип
күткөн менен, күн жаз, мал арык деп, чоң казанга толтура жупка
чылатып, сарымай кошуп алдына коѐт. Алп Тобок жупканы бүт жеп:
- Сунайын десем кымыз эмес, сугунтайын десем эт эмес, - деп,
жупканын түбүн Максүт байга берет. Бай уялып, кой сойгон экен.
Тобок алп, үч ай дегенде түп Бээжиндеги кытай ханына барат.
Аны көргөн адамдар таң калып, тамагын бекер бере берет. Анын
каңшаарын уккан кытай ханы да бат эле кабыл алып, эмнеге келгенин
сурайт. Ал, Жанболот, Берик деген бир туугандары мындан он бир
жыл мурда кармалганын айтып, дайнын билип берүүсүн өтүнөт. Хан
сураштырса, ал экөө тең зындандын түбүнө жатканын айтышат. Хан: Жанболот менен Берикти бошотуп берем, бирок үч шартты аткар, дейт. Алп Тобок макул болот. Биринчи шарт: казналык Бөкө балбан
Тобокту чөк түшүп отурса, көкүрөккө тээп жыгат, жыгалбай калса
жеңиш Тобоктуку. Экинчи шарт, көкүрөгүнөн тээп, чалкасынан жыга
албай калса, дал ортого тээп, көмкөрөсүнөн жыгат, жыгалбай калса,
жеңиш Тобоктуку. Үчүнчү шарт: түрмөнүн каалгасын Тобок өзү ача
алса, бир туугандарын алып кетет, ача албаса жеңилет. Түрмөнүн
эшиги чоюн темирден салынган – аны алты качыр менен тарттырып
аччу экен. Алп Тобок бул шартка макул болуп, жеңип чыгат. Алп
Тобок Жанболот менен Берикти зындандан бошотуп алып чыгат.
Анын балбандыгына, баатырдыгына таң калган кытай падышасы баш
чайкап кала берет. Жолдон Берик өлөт. Тууганымдын сөөгүн
душманымдын жерине таштабайм деп, Тобок этин шылып, сөөгүн
ороп көтөрүп алып, Арсланбапка апкелип коѐт. Ал учурда атактуу
адамдардын сөөгүн Арсланбапка койуу салт болчу. Бугудан - Бирназар
бийдин сөөгүн да Арсланбапка алып барып көмгөн дейт. Жанболот
элине келип, абдан арып - карып ээк кагат. Анын балдары мыкты
чыгып, сырткы жоодон элин коргоп турат. Рыскул бийдин уулу
Атантай, Тайлак бой жетип калганда, казактын төрөсү Эдиге
кыргыздарга кол салат. Таласты өрдөп Өтмөккө өткөндө, Тайлак,
Эсенкул, Садыр тосуп кармаш болот. Эски салт менен жекече баатыр
111
чакырганда, Эдиге төрөгө Тайлак чыгат. Экөө алыша албай, көпкө
сайышып калат. Ошондо, Тайлактын бир тууганы – Эраалы, Эдигени
атып өлтүрөт. Казактар качат. Бул окуя, Аблайдын чабуулунан мурда
болгон экен. Ошондон ушул мезгилде чейин:
“Эдигенин жаткан жер,
Эраалыны аткан жер”, деген сөз калыптыр.
Бир жолу Атантай, Тайлактар аң улап кетсе, кытайдан жети жүзчө
кол келип, Ат - Башы, Нарынды аралап, Ак - Талаадагы тайлактын
айлын чаап кетет. Кебетеси, кыргыздар кытайдын малын тийип алган
окшойт. Аны издеп келсе, Тайлак деген албаса ким алат, - деп, бир
кесеп, Тайлактын айлына жиберет. Атантай, Тайлак айлына келсе,
айлы чабылган, таланган. Шашылыш түрдө Куртканын тегерегиндеги,
Ак - Талаа өрөөнүндөгү жигиттерди жыйып, тоо аралай жол кесип,
кытайдын колун капчыгайдан тосот. Тайлактын, Кожоберди,
Байбагыш деген бир туугандары эрдик көрсөтөт. Жети жуз кытайдын
бири да качып кете албай, капчыгайда кырылат. Ошол окуя ырга
айланып, элге тарайт.
Тайлак минди Буурулду,
Таманы ташка туурулду.
Кылыч кындан суурулду,
Кылкылдаган көп кытай,
Заманасы куурулду.
Акталга туусун аштады,
Аскерин Тайлак баштады.
Кожоберди, Байбагыш,
Кошунду булар баштады.
Каран кылды Кашкарды
Туткалы Терек жердеген,
Туйгун Тайлак эр деген.
Майыстан Терек жердеген,
Баатыр Тайлак эр деген,
Бараң аткан, найзакер,
Башынан душман жеңбеген.
Тайлак жөнүндөгү ыр ооздон оозго өткөн. Тайлак Кашкарды урушпай
алганы да, элдик уламыштарда айтылат. Эми, ал Кашкарда хандык
кылып калган. Кийин эл которуп кетүүгө аргасыз болгон. Анын
үстүнө, ошол мезгилде Кокон ханынын чабуулу башталып калган.
Тайлак Кокондун колун, Өзгөндөн Ак - Талаага түшкөн ашуунун
112
түбүндөгү – Бычак деген жерден тоскон. Кокон колун Араб деген
баштап келген. Аны Тайлак жекеде сайып өлтүрүп, кошунун кайра
кууган. Бирок, Кокондон көп кол келип, Ат - Башы, Тогуз - Торо, Ак Талааны басып алган. Курткага чебин салган. Тайлак аларга
убактылуу багынган болуп, ант берген. Бирок, эл башына түшкөн
эзүүнү карап тура алган эмес. Кокон сыпайылары, сарбаздары эл
арасында сулуу кыздарды, ал түгүл никелүү келиндерди ордого айдап
кетишкен. Бир жолу ордого айдап бараткан кыздарды Чолок Кайыңдан кууп жетип, сарбаздарды өлтүрүп бошотуп калат. Андан
келип, Куртка чебине кол салып, Кокондун аскерлерин кубалайт.
Кокондун жиберген аскерлерин капчыгайлардан тосуп кырып
таштайт. Айласы кеткен Кокон ханы, Тайлакты өлтүрүү үчүн
дарыкерлик, табыптык кылган кожону жиберет. Ал табыпкер катары
эл кыдырып, ооруган адамдарга дем салып, тамыр кармап, тумар
чийип жүрөт. Эл арасына дарыкер – табып да таанылып, сыйга
бөлөнөт. Ошол мезгилде Тайлактын шакыйы кармап, ооруган башын
көрүп бер деп, табыпты чакырат. Көктөн тилегени жерден табылып,
жансыз Кожо жетип барат. Тамырын кармап, башын ушалап, бузук
кан бар экен, мурдунан кичине кан алам деп, ууланган маки менен
чегип мас кылып, эми эс алып калды, тынч эс алсын деп, жылт коѐт.
Тайлак ошол боюнча эсине келбей өлөт.
Тайлак өлгөндөн кийин, Кокон бийлиги кайра орнойт. Куртка
чебин Таштанбек деген бек келип башкарат. Элди катуу кармап, кылт
эткенин зынданга салып, ордого кыздарды жөнөтүп турат. Андан
кийин Мамыразык келет. Ал жумшак, коркок адам болгон. Элден
коркуп оюна коѐт. Эл арасында: “Таштанбектин тушунда таштай
каттык, Мамыразыктын тушунда майга баттык”, - деген сөз калат.
Тайлактын сөөгүн адегенде Дөрбөлжүнгө коюшкан. Ал жерде
жашаган басыздар, Тайлактын мүрзөсүн шылтоолоп, чоро саяктары ал
жерди ээлеп кетет деп: “Тайлак көрүндө өкүрүп жатат”, - деп,
Атантайга кабар айттырат. Кийинки жазда, Атантай Тайлактын сөөгүн
алып, Куртканын башына коюп, чоң күмбөз салдырат. Тайлакка:
басыз, чоро эли караган. Тогуз аял алат, сегиз балалуу болот.
Балдарынан Осмон тың чыгып, Кокон бектери менен ынтымакташып,
өз камын көрүп кеткен. Осмон датка атанып, көпкө кокондуктарды
жактап келген. 1863 - жылы орустар Куртка чебин алгандан кийин да,
Осмон баш ийбей, орустарга каршы чыккан. 1868 - жылы гана,
Ормондун – Үмөталысы, Тайлактын – Осмону, Чаргын оруска
кошулган.
113
КАЗАК ТӨРӨЛӨРҤ КЕНЕНСАРЫ,
НООРУЗБАЙДЫН КЫРГЫЗДАРГА ЧАБУУЛУ
Аблай хандын чабуулунан кийин, казак, кыргыздын ортосунда аз
тыныгуу болгонун, биз мурда айткан элек. Бирок, Аблайхан ордосун
Түркстанга көчүрүп келгенден кийин, 1781-жылы каза болуп, ошол
жерге сөөгү коюлган. Ал, балдарына энчи бөлүп, Орто жүз менен
Улуу жүздүн урууларына тарткан. Ошол мезгилдин салты боюнча,
Аблай хандын тукумдары – хан бийлик жүргүзгөн. Улуу жүздүн
негизги уруулары: Дулат, Албан, Суван, Чапрашты, Жалайыр. Булар
негизинен, XIX кылымда Чымкенттин тегерегинде, Олуя - Ата
аймагында (Жамбыл – С.З.), Иленин башында Алма - Ата тегерегинде
жайгашкан. Орто жүз казактарына: Кыпчак, Аргын, Найман, Керей,
Уактар кирген. Булар негизинен Көкчө тоо, Ак Моло,
Семипалатинский, Каркаралин, Жусалы, Кызыл Ордо, Или суусунун
боюна, Балкаш, Караыртыш жээгине чейин чачырап тарап кеткен.
Кичүү жүз казактарына: Кедери, Адай, Кете, Байбакты, Табын,
Чоткара, Телеу уруулары кирет. Булар негизинен Казалинскийдин
тегерегине, Арал деңизинин жана Сыр - Дарыянын боюна орношкон.
Аблайдын алгачкы турган жери Көкчө - Тоо болсо да, кийин
Туркестанга көчүп келген. Аблайхан өлгөндөн кийин, анын уулу Вали, Орто жүзгө хан болот. Санжырада Валихан төрө деп, аталат.
Валихандан – Чыңгыз, Чыңгыздан – Чокон (өз аты Мухаммед
Ханафия, апасы эркелетип жүрүп, “чакан” атыктырып жиберет.- С.З.).
Аблайдын кытайга элчиликке жиберген – Абдулмамет деген да, тың
баласы болгон. Анын – Чыңгыш деген дагы бир уулу, Ташкентге
барып келатып, жолдон солтолордун жылкысына тийип колго түшөт.
Бул, Аблай өлгөндөн кийин болгон. Касым деген баласы так талашып,
Аблайдын мурдагы саясатына каршы чыккан. Аблай, бирде кытайга,
бирде оруска, бирде Кокон жакка ооган учуру көп болгон. Бирок,
көбүнчө орус менен алака кылып, баш ийип, 1739 - жылдан баштап,
алардын толук колдоосунда болуп калган. Анын жолун Валихан төрө
толук колдогон. Аблайдын Касым деген баласынан Сарман,
Кененсары, Норузбай. Кененсарыдан – Садык, Акмет, Касым,
Кененсары 1840 - 46 - жылдары оруска каршы согушуп турган.
Аягында алсырап, Көкчө - Тоо жактан сүрүлүп. Чу тарапка жылат. Ал,
1845 - жылы Ормон ханга кат жазып, “Бизге карагыла, карабасаңар
чабамын” - деп коркутат. Ага Ормон жооп берген эмес. Кененсарынын
114
максаты, кыргызды өзүнө кошуп алып, Жайыктагы орустарга каршы
кол салуу болгон. Кыргыздардан жооп болбогондон кийин, көп кол
курап: “мурунку өлгөн Бердикожо, Көкжал Барактын кунун аламын”, деп, 1846 - жылы жай айында, Чүйдүн аягынан кирген. Ошондон
калган эл ырында мындай деп айтылат:
- Ормонбектин колунда,
Таштанбектин болоту,
Кененсары кезиккен,
Ыргайтынын колоту.
Кара суунун боюнан
Баатыр Калпак Чабылды.
Аламанды кеп алып,
Төкөлдөшкө туу жабылды.
Кененсары бул келишинде Олуя Атанын үстүндөгү Жалпак Төбөдөн
кирген. Андан бери жайлап жаткан кушчу, солто урууларына Акыр Төбөдөн кол салып уруш Кара - Балтага чейин уланган. Солто, кушчу,
саруулар катуу каршылык көрсөткөн. Күч тең болуп эки жак жеңишке
жетишкен эмес. Ошол учурда, кушчудан кошумча жардамга келаткан.
Бүргө баатырдын – Калча деген уулу, жети жүз жигит менен казактын
колуна капталып калып, колго түшөт. Кененсары ага сүйүнүп,
“кийинки жылы камынып келип чабамын” деп, кайра чегинип кетет.
Солто, сарбагыш, кушчулар кеңешип, Калчаны бошотуп алуу үчүн,
сарбагыш Калыгул Кубат уулун башчы кылып, Кененсарыга элчи
жиберет. Кененсары ары кетип, бер кетип: - Макул, мен Калчаңарды
бошотуп берейин, силер Солто Эшкожонун баласы Баястандын Көк
Добул деген, тайганын бергиле, - дейт. Ошол учурда, Көк Добул, тогуз
карышкырды удаа тиштеп, казак, кыргызга белгилүү болуп калган.
Кыргыздар макул болот. Тайганды көрүп, Кененсары сүйүнгөнүнөн,
хан таажысын Калчага кийгизип жиберген деген, сөз бар. Калыгулдун
казак, кыргыз бир боор, эл элек, мындан ары согушпайлык дегенине
Кененсары ачык жооп бербей коѐт. Ал түгүл, мыйыгынан күлүп: Бүргө баатырыңдын, ханыңдын баласын итке айрыбаштап бердим,
кайтсаңчы кыргыз, - деп коѐт. Анын сөзүнөн чочуп калган Калыгул,
уккан, көргөнүн – Жангарач, Ормон, Жантайга айтып келет. Алар
сүйлөшүп, элчиликке, Чынынын Тынаалы деген уулун жиберет.
Анткени, Тынаалынын чоң атасы Түлеберди, Аблай хандын тушунда
казак, кыргызга элчи болуп турган. Экинчиден, Кокон хандыгынын
Ташкендеги бегине казак, кыргыздан ак үйлүүгө алганда, казактын
белгилүү төрөсү Эржан төрө менен достошуп калган экен. Тынаалы
115
келгенде, казактар курал жасап, жаңы чабуулга катуу даярданып
жаткан болот. Чымырдан - Байзак датка, Ботбайдан Супатай баатыр,
Түлөберди баатыр, Каракойлуудан – Кудайберген баатыр. Аргындан
Чумуртмалы баатыр бутун коѐрго жер таппай, жагалданып турган
экен. Тынаалылардын элчиликке келгенин шылдың менен кабыл
алышат. Тынаалыны жалгыз үйгө киргизип, калган он кишисин
эшикке чөгөлөтүп отургузуп коюшат. Тынаалы чочуп калат. Ошол
учурда Кененсары эшиктеги жигиттерине бир нерсе деп айтып,
Тынаалынын үстүнө кирип, анын оң тизесин баса отуруп: - Жол
болсун? – деп шылдың таштайт. Анда, Тынаалы: - Аблай хандын
тушунда көк кочкор союп, аталарыбыз согушпайлык деп баталашкан
экен. Ошол жарашты эсине сал, эки элге ынтымак керек, казак, кыргыз
бир боор эл элек, башка душман элге колтук ачпайлык деп, Жангарач
баатыр жиберди, - дейт. Кененсары ойлонуп калат. Оо бир топтон
кийин: - Макул, мен жарашайын, бирок бизден уурдап алган тогуз
айгыр үйүр жылкыны кыргыздар кайрып берсин, - дейт. Тынаалы: Мен аны кыргыздардын алганын билбесем, же сиздердин айгагыңар
жок болсо, буларды тындырам деп кантип айтам, - дейт.
Кененсарынын ачуусу келип: - Кыргыздарды курмандыкка чалгыла,
аттангыла! – деп, кыйкырып жиберет. – Элчи менен ырчыга өлүм жок
эмеспи, баатыр, - дейт Тынаалы. – Элчиге өлүм жок болсо, мен
көрсөтөм, - деп Кененсары капшытты көтөрө койсо, кыргыздын
элчилерин койдой мууздап салган экен. Алардын канына тууларын
боѐп, Кененсары көп кол менен кыргыздарга аттанат. Тынаалынын эки
колун артына байлап, атынын чылбырын башка аттын куйругуна
байлап, жол көрсөтсүн, болбосо мууздап таштайм, - деп, Кененсары
жөнөйт. Эки колу байлануу Тынаалы: - Кененсары хан, ата - бабанын
абийирдүү убадасын бузбагыла, чабуулуңду токтот, ойлон, - деп
сайрап келет. Аны Кененсары, тыңшап да койбойт. Ал, чогулган колун
үчкө бөлүп, оң канатына Эржан төрөнү кол башчы кылып,
сарбагыштарды багыттайсың деп, сол канатына Норузбайды кол
башчы кылып, солтону багыттайсың деп, өзү борборун башкарып,
Бурананы бет алып жөнөйт. Ал убакта, кыргыздын солто уруусу Олуя
Атага жакын жайлачу. Өткөн жылдагы казактардын чабуулунан
кийин: Кара Балта, Аксуу, Сокулук жакка жылып, катын – бала, малды
тоо арасына жиберип, эр бүлөлөрдү Аламүдүн суусунан Буранага
чейин чогултуп, сарбагыштар, Чүй суусунун батыш жагындагы Теке
Секирик тоосунун аймагынан Буранага чейинки жерлерге жайгашып
жол тозот.
116
Казактын ботбай уругунан чыккан – Супатай баатыр, мурда
кыргыздар менен коңшулаш жашап, солтонун Жангарач манабы менен
достошуп, барып-келип сыйлашып жүрчү экен. Ага Кененсарыдан
кыргызды чабабыз деп, кабар келгенде: “Менин кыргыз деген жоом
жок”, - деп, жооп берген экен, аны уккан Кененсары: “Анда менин
жоом бар, эгер Супатай кыргызга каршы аттанбаса, кайта келип сени
чабам” – деп айтты деп, жигитин жиберет. Айласы кеткен Супатай
Кененсарыдан коркуп колун аттандырат да, алдыртадан Жангарач
досуна киши жиберет: “Досум капа болбосун, мен барбасам элимди
Кененсары чаба турган, анын колуна аралашкан болуп кетип баратам,
ыгы келсе жардам берермин”, - деп, айттырат. Жангарач ал сөздү угуп,
эс алып калат. Барган кишисин коноктоп, Супатай досума айта бар
дейт: “Олуя Атадан Меркеге чейинки жерди берейин, аркадан келген
Кененсары кетип калат, анан экөөбүз эле калабыз, жоолашып
жүрбөйлүк, бизге жардам берсин”, - дейт. Бул – Супатайдын да
ойлогон ою эле. Кененсары кетип калса, кыргыздар мени да Аблай
өлгөндөн кийинки Бердикожодой чабат да, - деп, андан коркуп
Кененсарыга кошулгусу келбеген. Айласы жок, кошулуп келатканын
билгизгени жакшы болуп, жерге да кызыгып, эки жакка мамиле жазап,
кол менен кошо келет.
Ошол учурда, сарбагыштын Тынай уругунан – Ормонбек баатыр
Суванбектин үйүндө ок куюп, согушка даярданып жаткан экен. Эржан
төрө баш болгон казактар чабуул коюп кирип келишет. Алар менен
атышып жатып калат. Эртең менен атышкан кеч бешим болот. Октон
коркуп үйгө жолой албай алыстан атыша берет. Бир мезгилде Эржан
төрөнүн атынын жалына Ормонбек аткан ок тийет. Караса көк мончок.
Көрсө, Суванбек менен Ормонбек октору түгөнгөндөн кийин,
аялдарынын мончогу менен октоп атып калган экен. Аны билип
калган Эржан төрө казактарды чабуулга баштап кирип, Ормонбек
менен Суванбекти колго түшүрүп өлтүрөт. Андан кийин катуу кыргын
болуп, казак, кыргыздан көп эл өлөт. Казактар убактылуу жеңишке
жетишип, айылды талап кирет. Кыз, келиндерди кармап, дүнүйө талап
сайрандап жүргөндө, байлоодо жүргөн Тынаалы Кененсарыга
кайрылып: - Баатыр жеңишке жеттиңиз, мени бошотуңуз, - дейт. Ал,
Тынаалыны бошоттуруп коюп, Теке Секирик тоосун бет алып жүрүп
кетет. Колун ал жерге эс алдырып, эртеси тоо аралап кыргыздын
сансыз малын айдап кетүүнү ойлойт. Ошол түнү, Шамшы, Он Бир
Жылганын үстү жаркыраган эле отко толуп кетет. Кененсары
кооптонуп Супатайды чакырат. – Баатыр, бул не? – дейт. Анда
117
Супатай: - Ханым, тоонун ичи толгон кыргыз, ошолор келип жатса
керек. – дейт. Кененсарынын жүрөгү опколжуп калат. Эртеси эрте
туруп караса, кыргыздар жактагы жылгалар чаңдап, колоттор түтөп
сансыз от көрүнүп, сурнай, кернейдин үнү угулат. Бир нерседен
кооптонгон Кененсары, Супатайды дагы чакыртып, сурнай, керней
жөнүндө чаңдап аткан чаң жөнүндө сурайт. Ал убакта кыргыз,
казактар согушта өз ураанын чакырып кирип, сурнай, кернейди
колдончу эмес экен. Анда Супатай айтат: - Ханым, эртеден бери
кыргыздын чабагы менен чабыштык, чаяны жаңы келди. Сурнай,
керней кыргыздын ханынын келгенин билгизет, - дейт. Кененсары
Ормондун келгенин ошондо билет. Жер бетин бербеген от, чаңдаган
колоттор кыргыздардын амалы экенин билбей, качууга бет алат. Ошол
учурда, Ормон менен келген сарбагыш, бугулар бир жагынан,
солтолор бир жагынан чабуулга өтөт. Качкан жоону, Токмоктун
үстүндөгү Жылгын башынан сүрүп, Мыкандын кара сазына батырат.
Кененсары, Норузбай, Эржан төрөлөр качат. А дегенде, Эржан төрө
кармалат. Ал – Кененсарынын жээни болгон. Кара Кастек, Шумкардан
Норузбай качып чыгат. Анын артынан тынай уругунан чыккан
Дайырбек, Калча деген жигиттер кубалап кармап келишет. Бир
кабарда качып кутулган дейт. Кененсарыны, Теке Секирик тоосунун
Кара Кунуска жакын жеринде тынай уругунан чыккан Кармыштын
уулдары кармап келген экен. Бул окуялар – 1847 - жылы болгон.
(Кененсарынын өлтүрүлүшүн эл оозуна ар түрдүү айтышат). Чыны,
Жантайдын үйүндө, Калыгул Кубат уулу башын алган экен.
Кененсары өлөр алдында: “Ай, ит кыргыз, ханыңды көрсөт, анан
өлтүр”, - дейт. “Канды көргөн баш аман калат, сенин кылбаганың
барбы кыргызга? – деп, башын ыргыта чабат Калыгул. Мурда,
Калыгул элчиликке барганда кордоп тамак берип, шылдың кылып,
мазактап тозгон экен. Анын үстүндө кыргыздан көп эл кырылып,
элдин жаны ачып турганда колго түшөт. Мунун чындыгын, андан он
жыл өткөндөн кийин келген орус окумуштуусу, саякатчы М.Венюков
жана Токмок уездинин башкаруучусу полковник М.П.Пушин да
ырастап
отурат.
М.Венюков,
Кененсарынын
жырткычтыгы
кыргыздардын көкөйүнө ушунчалык тийген экен, алар анын башын
кесип алып, аны Калыгул аркылуу, батыш Сибирдин башкаруучусу –
князь Горлаковго алып барып беришкенин эскерет. М.П.Пушин да
Калыгулдун өлтүргөнүн ырастайт. Кененсарыны өлтүргөндүгү үчүн,
орустар. Ормонго “подполковник” деген наам берген. Он эки адамга
118
алтын медаль тагат. Бул согушта; Жангарач, Жантай, Төрөкелди,
Карбоз, Чыңгыш көзгө көрүнөт.
Элдик санжырада: Кененсары, Норузбайдын, кыргыздарга чабуул
жазайбыз, согушабыз деген сөзүн, карындашы Бобукан угуп калат. Ал
акылдуу, жетик кыз болгон. Бул кыргынды токтотуп калууга көп күч
жумшаган. Агалары сөзүн укпагандан кийин, эркекче кийинип, чачын
түйүп, күлүк ат минип, кыргыздарга жөнөп кеткен. Анын максаты
кыргыздардын мыкты баатырларын сыноо болгон. Экинчиден,
ылайыгы туура келип калса, кыргыздын таасирдүү бегине турмушка
чыгып, чатакты токтотсом деген. Мурда угуп жүргөнү боюнча,
кыргыздарда Шооруктун досу – Жаманкара бар, Ормонжандын –
Төрөгелдиси бар, Боронбайдын – Балбайы бар, Алыкенин –
Табылдысы бар, Чыңгыш баатыр бар, - деп кыдырмак болот. Солто
элинен – Жаманкара менен Чыңгышты сынап, чыныгы көк жал
баатырлар экен деп ойлойт. Аттигиниң, Жаманкарага турмушка чыкса
болчудай экен, бирок, аял затына мээрими жок, тубаса ышкысы жок
жаралган жан экен, буга тийген катын сүйүү жыргалын билбей өтөт
деп, жүрүп кеткен экен. Сарбагыш элине барып, Төрөгелдини көрө
элегинде, Кененсары, Норузбайдын биринчи чабуулу башталып калат.
Эми болбой калды деп, Бобукан жөнөп кетет. Кененсары, Норузбай,
Чүйдүн этегинде кушчу, солто менен чабышып, кайра тартып кетет.
Ошол учурда,бир байдын бир үйүр жылкысын казактар тийип алат.
Аны, казактын Шоорук баатыры алып кетти деген сөз тарайт. Ал бай
Жаманкарага барып, досуңа барып жылкымды кайрып бер деп,
жалынат. Жаманкара эки киши алып жөнөп кетет. Жаманкаранын
келгенине Шоорук баатыр сүйүнүп конок алып, астыртадан
Кененсарыга киши жиберет. Издегениң өзү келди, өзүң келип алып
кет, дейт. Шооруктун айылы ал убакта, Иле суусунун ары жагында
экен. Кененсары жигиттери менен келсе, Жаманкара Шооруктун
үйүндө жаймажай жатат. Кененсары күлүп: - Сенин ич көйнөгүң жок
экен, биттеп-куштап кетипсиң, жытың жаман жыттанып турат, кийим
алдырып берейин, - деп шылдыңдайт. Жаманкаранын ачуусу келип: Маңка ханым, эмне деп келжиреп жатасың? – деп, бетине түкүрүп
жиберет. Ачууланган Кененсары эки жигитине эки колун карматып,
өзү канжары менен боорун жарып, бөйрөгүн сууруп алат. “Эми
кандайсың?” – дегенде: “Дагы эле энеңе жарайм”, - дейт. Кененсары
аны кескилеп, жырткычтык менен өлтүрөт. Кийин кыргыздарга бул
кабар да толугу менен угулат. Ошондуктан, жырткычка жырткычтай
өлүм деп, башын кесип алып, өлүгүн көмдүрбөй таштаткан. Анын
119
денеси дардайып көөп көпкө жаткан. Ошондон улам: “Кененсарынын
өлүмүндөй”, - деп кеп калган. Кененсарыны өлтүрөр алдында,
Жантайдын үйүнө алып келишип. – Эмне арманың бар? – деп сурашат.
Ошондо: “Биринчи арманым – кыргыз, казакты баштап Эдил,
Жайыкта орус менен согушпадым. Экинчи арманым – Улуу тоодогу
хан казнасы ачылбай калды. Үчүнчү арманым – энемди эрге бербей
калдым”, - деген экен. Анда арманың өзүң менен кошо кетсин, эл
тынчысын деп, башын кесип алат. Бул бир боор элдин акыркы
чабышы эле.
БУГУ, САРБАГЫШ ЧАБУУЛУ
Казак, кыргыздын чабышынан кийин күрөш токтогонсуп калган
менен, токтогон жок. Казак төрөлөрүн бөлүп - жарып, Супатайга жер
берип жеңишке жетишкен менин амалым, деп, солто, манабы
Жангарач ойлоп жүрдү. Түнкүсүн көп от жактырып, күндүз колотту,
жылганы чаңдатып, керней, сурнай тарттырып, жүрөгүнүн үшүн алып
качырган мен болдум, менин амалым жарады, деп, Ормон жүрдү. Биз
көп кол менен келбесек, солто менен сарбагыштын күчү жетпейт эле,
өткөн жылдагыдай аларды чаап кетет эле деп, бугунун манабы –
Боронбай жүрдү. Канткен менен хан атагы бар Орман опузалыгын
карматып, казактардын Кененесары баштаган төрөлөрүн өлтүргөндөн
кийин, орус падышасы аны колдоп подполковник ченин бергенден
кийин, Иле тарапка элин көчүрүп, казактарды камап барын отурду.
Аблай хандын тушунда алдырып жиберген Иленини башы – Үч
Аралды, Сары Токумду жайлап жүрдү. Ошол учурда, Улуу жүздүн
мыктылары кеңешип, жерди кайра берсин, бербесе согушабыз, деп,
элчи жиберишет. Аны жансыздары аркылуу алдын ала билген Ормон,
элин жыйып, амал кылат. Жүз жигитти ак таяк катары, үйүн, ордосун
кайтартып, жүз жигитти өзбекче ала топу, ала чапан, кийгизип, белин
жоолук менен курчап сыпайы5 кылып, казактын элчилери келгенден
кийин, Кокондон келген элчи катары колуңарды бооруңарга алып,
жүгүнүп, киресиңер деп, дайындайт. Ошол учурда казак элчилери
келип калат. Жумган көзүн ачпай, сунган бутун тартпай, Ормон
ордосунда жатат. Жүз жигит сак - сактап кайтарып турат. Казактан
келген элчилерге өзүнчө үй тигип: “Күтө туруңдар, Кокондон бек
келип, Ормонго саламдашып жатат”, - деп коюшат. Аңгыча, Кокондун
5
Сыпайы – кокон ханынын аскери
120
сыпайылары, сарбаздары келишип, колун бооруна алып, Ормонго кире
албай турушту. Аларды көргөн казак элчилери: - Кокон элчилерин
түзүктөп кабыл албай жаткан Ормон хан, бизге оң жооп береби,
мындан көрө жолукпай эле кайтсакпы? – деп калышат. Аларга суу
куюп, тамак берип жүргөн тынчылары аркылуу ал сөздү уккандан
кийин, элчилерди кабыл алуу мезгили болуп калганын Ормон
түшүнөт. Эртеси казак элчилерин кабыл алууда, ай балта, кылыч
кармаган ак таяктар эки катар болуп, эшиктин алдына туруп,
ортосунан элчилерди өткөрүшөт. Көздөрү ирмелбеген, жылмайбаган,
сүрдүү жигиттер өтүп бараткан адамдарга кандайдыр коркунуч,
кооптонууну пайда кылат. Кирген элчилер Ормонго бүгүлүп
саламдашат. Ормон отуруп, жай сурап жатканда, Токмоктогу Кокон
чебинен шашылыш чабаган келди деп билдирет.
- Күтө турсун, - дейт, Ормон, кабагын бүркөп. - Жол болсун, бир
боорлорум, - деп, Ормон казак элчилерине карайт. Ошондо, казактын
элчи башчысы:
- Жөн - жай эле, учураша кетелик деп келип калдык, - дейт.
- Андай болсо жакшылап коноктоп, узатып койгула, - деп, Ормон
жигиттерине буйрук берет. Казак элчилери бир күндөн кийин
шатырап жөнөп кетишет. Ормондун мындай жасалма амалдары көп
болгон. Ал түгүл, “хан” деген атты да, ошондой амал менен алган.
Жайдын толугунда, солтого киши жиберип, Жангарач манапты конок
болуп кетиңиз, - деп, чакыртат. Көл башындагы бугулардан –
Боронбайды чакыртат. Жангарач да, Боронбай да, мыкты деген жанжөкөрлөрүн алып, көп киши менен келип түшөт. Саяктан
Кетирекейдин – Алыбек баатырын чакыртат. Өз жанына: Жантай
менен Калыгулду (Бай уулу – С.З.), Төрөгелдини, Шамейди алып,
конокторду жакшылап тозот. Бул - 1840 - жылдары болгон, ошондо,
Ормон 49 - жашта, толуп турган мезгили экен. Жантай - Ормондон үч
жаш кичүү болгон.
Кызыр эмди тай союп, кымыз ичип, кыргыздардын өткөн
санжырасын сүйлөшүп, кыргыздардын азган - тозгонун эске түшүрүп,
азыркы кокондуктардын чыгымынын көптүгүн баяндап отуруп, учуру
келгенде, Ормон, кыргыз урууларын биригүүгө чакырат. “Биз минтип
бириге албагандан пайдаланып, кокондук менен казактар чаап кетип
жатат, бир кызыл тебетей шайлап алсак, өзүбүзгө жакшы болот эле.
Ич ара ууру - бөрүнү жоюп, сыртка бир болуп турсак кокон түгүл
калмак, кытай кол сала албайт эле”, - дейт. Ормондун бул айтканы
баарына жагат. Алардын ар бири бөлүнгөндүн азабын көрүп калган.
121
Бирок кимди кызыл тебетей шайлайбыз?- деп, ар кими ойлонуп
жатканда, Жантай суурулуп чыгып: - Сиздерге жакса, сөзүм эп болсо,
Ормонду – хан көтөрүп алалык, калганыбыз акыл салып кеңешип иш
кылалык деп жарлык кылат. Буга баары макул болот. Ормон бул
амалды мурда даярдап койгон. Ал, уруулардын биригүү мезгили болуп
калганын да байкаган; Боронбай болсо кудасы, Жангарач болсо досу,
бир чети кудасы. Чоң уруу макул болсо, калганы унчукпай кала
турганын билген. Ошентип Ормон, хан көтөрүү жөрөлгөлөрүн жазайт.
Ишти: Жангарач, Боронбай, Жантайга кеңешип жазамак болот. Кол
башчылыкка Төрөгелди менен Алыбек дайындалат. Уруу башчылары
антташып, бата кылышат.
Казак элчилери кеткенден кийин, Ормон тынчып калган жок.
Алардын коркуп кеткенин билген күндө да, капыстан кол салып
калабы деп, санаасы тынчыбай, эки жылдан кийин Кара Коого кайра
көчүп келет. Ал, жай айында жайлоолоп жүрүп, бир чети өзүнө жер
чалып, Соң Көлгө келип калат. Көл жээгинде жайлоолоп жаткан:
курманкожо, кулжыгач, чоро саяктары Ормонду шаан - шөкөт менен
тозот. Бирок, Ормон кабагын ачпай, эки тизесин мыкчып, жер карап
отуруп алат. “Кандын каарынан сакта”, - деп, саяктын мыктылары
чогулуп, Ормондун алдына келишип, Ормондун капа болуп,
отурганынын себебин сурашты. Анда Ормон: - Саяктар, силер Соң
Көлдү мага көрсөтпөй, уурдап жайлап жүргөн турбайсыңарбы? – деп,
башын көтөрдү. Саяктар жыгылыштуу болуп, 70 жылкы тартуулап: Аз айып, көп күнөө кылсак кечирип коюңуз? – деп, кутулушту.
Ошондон тартып эл арасында:
Ормон деген дөө деген,
Башынан тынай жөө деген.
Курманкожо, кулжыгач,
Кайсы жакка барса да,
Буйлалаган төө деген,деп, ыр калды.
Ормон опузалап коркутуп, элди эзе берген. Ал, бир күнү оолугуп
отуруп, Алыбекти чакырып, кырк жигит кошуп: “Иленин башы Үч
Аралды чалып келгиче, ыгы келсе алып келгиле”, - деп, жөнөтүп
жиберет. Орустан кырк байтал берип сатып алган ак бараңды
Алыбектин колуна берет. Алыбек бул келишинде олжолуу келет.
Иленин ары жагынан эки айгыр үйүр жылкы алып, бир сулуу кызды
колго түшүрүп апкелет. Сулуу кызды Ормонго тартуулаганда: Акбараңды сен алчы, баатыр – деп, жиберген экен. Ошентип,
122
Ормондун чар тарабы кыбыла болуп турганда, Оргочор тоосунун
башына чыгып, Ысык - Көлгө көз салат. Мелтиреп жаткан Ысык - Көл,
чар тарабы Керме Тоо Ормонду ойго батырат:
“Чалкып жаткан Ысык - Көл,
Менин жерим болсочу.
Тегерете айланып,
Сарбагышым консочу”,деп арман кылат. Ал, көлдү бошотуп алуунун жолдорун ойлой
баштайт. Ормон “хан” деген атакты алган менен, уруу башчысы эле
болгон. Ал, сарбагыш уруусунун кызыкчылыгын барынан жогору
койгон. Ал, көл жээгиндеги бугулар согушмайынча көлдү бербесин
түшүнгөн. Ошол учурда: курманкожо, кулжыгач саяктарынан
Ормонго чабарман келип: - Көл башындагы бугулардын Балбай
баатыры уруулук кылып колго түштү, - деген кабар айтат. Ормондун
оюндагысы орундалгандай күлүп жиберип: - Балбай кайдан келсин,
башка го? – дейт. Чабарман: - Жок, ханым. Балбай эле, тааныгандар
айтты, - деп, кан какшайт. Ормон чабарманга жигитин кошуп: - Балбай
болсо кулагын кесип, орго салып койгула, - дейт. Ормондун жигити
Балбайды тааныйт. Бир кулагын кесип, терең ороо казып, Балбайды
салып коюшат. Бир кабарда Балбайдын кулагын, кулжыгач саягынын
бир кемпири кесип салганы айтылат. Ормон жайлоого көчкөндө,
Балбайды өгүзгө миңгизип, жигитине жетелетип коѐт. Отурукташкан
жеринде ор казып салып коѐт. Чоң кара кесеге жарма куюп берип,
кашык бербейт. Итке тамак бергенсип, аякты алыс коюп коѐт. Бул
кабар Көл башында бугуларга жетет. Алар намыстанып киши
жиберип, Балбайды суратса Ормон бербей коѐт. Ортодон эки жыл
өткөндө, Ормондун уулу – Үмөталы менен дос болуп жүргөн
Самсалынын уулу, күлүк жетелеп келип, Балбайды сурап алып кетет.
Ошондо, Ормондун байбичеси: - Балбайды карагылачы, артын
карадыбы же карабай кеттиби? – деп, Ормондун жигитине буйрат.
Жигит карап туруп: Кылчайбай кетти, - дейт.
- А болбостур, ичине кек кетиптир, жүрөгү өлбөптүр, босогону
жапыра басып чыкканда эле түшүнгөн элем, - деп, отуруп калган дейт.
Бул окуя - 1852-жылы болгон. Ормон ошо жылы кеч күздө, Көл
башында Миң Булакка жакын, Кызыл Жарда турган кудасы Боронбайга киши жөнөтүп: - Ордо ойнойбуз, чертмекчи, оюнчуларын
ала келсин, - деп, жигитин жөнөтөт. Боронбай көп киши менен Кет
Малдыга келет. Ормон кышында - Көл аягында, Балыкчынын үстүндө,
Кет Малдыда кыштоочу. Ордого, эки тараптан - жыйырмадан 40 киши
123
катышып, биринин башында - Ормон, биринин башында - Боронбай
турат. Оюндун биринчи күнүндө эле сарбагыштар утуп, бугуларды
чокоңдотуп коѐт. Ормон Боронбайды шылдыңдап: - Катын бугу,
алыңар ушул беле? - дейт. Боронбай: - Биздин Жети Өгүздөгү
черткичибиз келбей калды, ал болгондо катын бугунун айгыр
болгонун көрөт элең! - деп, күлөт. - Андай болсо, Чайбылыңды алдыр,
- дейт, Ормон, - бирок, ал келгенче, кырк кишинин коногу өзүңдө,
байгеге сайылган кырк байталды, өзүнчө байлап кой. Боронбай буга
макул болуп, кош ат менен Чыйбылга жигитин жиберет. Кош аттын
бири чарчаса, бирин мини, чаап отуруп, үч күндө Чыйбылды алып
жетип келет. Чыйбыл, чокон менен бир атып, чүкө, чыгарып
экинчисинде тоорумак тооруп ичке түшөт. Ордодогу чүкөнү ортолоп
калганда бармагы жарылып кетет, оюндун шарты боюнча ордого кан
тамса - абалак, же томпой булганса - оюн бузулуп, жыды болот.
Ошондо, Чыйбыл, Ормонду карап: - Ханым, ат которуп минүүгө
уруксат бер? - дейт. Кырк кишинин чүкөсүн, кырк таман ордодон
кантип чертип кетмек эле деген Ормон: - Өнөрүң болсо көрсөт, ат
которуп минүүгө уруксат, - дейт. Чыйбыл ордодон туруп, бармагын
байлатып, жаңы абалак алып, которуп черткенге кирет. Ал ордодогу
кырк кишинин чүкөсүн бүт чертип, чүкө астына салынган канды
чертээрде: - Ханым, канды чертип алайынбы же жөн эле бересизби? дейт. Ошондо, Ормондон мурда, Кетирекейдин Алыбеги: - Черт,
жигит экенсиң! - деп, көзүн кызып коѐт. Ормон Алыбектин көз
кызганын көрүп калат. Чыйбыл канды чертип жиберсе, чийимдин
сыртына барып түшөт. Бугулар жеңет. Ормон ыза болуп: - Силердин
утканыңар таза болгон жок, ортодон жыды болгон, - деп, чыр кылып,
байгеге сайылган кырк байталды бермек түгүл, “силер төлөгүлө” деп
чатак чыгарат. Айтыш күч алып, эки куда ортосун ачуу сөз аралайт.
Ормондун - Кулан деген кызын, Боронбайдын - Өмүрзак деген уулу
алган эле. Көп санжыраларда, улама сөздөрдө бугу, сарбагыш
чабышына, ордо оюнундагы чатак себеп болгон деп, жүрүшөт.
Чынында, Ормон жерге кызыгып, Көлдүн жээгин сарбагыштарга
тартып берүүнү ойлоп, ага шылтоо издеген. Шылтоо - ордо оюну
болгон. Бугу, сарбагыштар, башчылары - Боронбай менен Ормон кер мур айтышып тарагандан кийин, Ормон бир жигитин алакөз, каба
саягынын башчысы - Алыбекке жиберет да: - Ак бараңдын кундагы
чиригендир, мылтыкты берсин! - деп айттырат. Ал жигит Ормондун
сөзүн төкпөй, чачпай айтып барат. Алыбек баатыр сурданып: - Ормон
ханга айта бар анда, мен казактан алып келип берген кыздын да арты
124
чиригендир, аны мага берсин! - дейт. Жигит жөнөп кетет. Алыбек ачуу
менен катуу айтып алганын кийин сезип, өзүнө баш ийген - каба,
алагөз уруктарын көчүрүп, Көл жээгине, Боронбайга келет. “Мени,
ордо оюнунда сиздерге жан тартты деп, Ормон күнөөлөп жатат,
сиздерге корголоп келдим”, - дейт. “Андай болсо, кыдык уруусуна
жамаатташ, Көл аягына жайгаша бергиле, калганын көрө жатарбыз”, дейт, Боронбай. Ошондон бир апта узабай, Ормондон чабаган келип:
“Алыбекти жерине жолотпосун, бизге өткөргүлө!” - дейт. “ Ормон хан
айтса айткандыр, бизди Ормон караганча көрбөйбү, качкан чымчык
караганга корголойт, аны билбейт бекен!” - деген экен. “Чыгалбай
турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, чатак чыгара албай
турган Ормон колун камдап, бугунун четинен чаап кирет. Бирок, кыш
- күрөө болуп, согушуу кыйындап, карактап мал алып, чегинип кетет.
Көл башындагы бугулар чогулуп, кол курап камынганча: “Ормон
чегинип кетти”, - деген сөз угулуп, токтоп калышат. Бул – 1853 жылдын аягында, кышында болгон. Бугу менен сарбагыштын чоң
чабышы – 1854 - жылы, жай айында болот. Бул согушка, эки жактан алты миң киши катышканын, 1856 - жылы, Көл кылаасына келип,
Боронбайга жана Ормондун уулу - Үмөталыга жолуккан - Семен Тянь
- Шаньский эскерген. Кыргыз санжырасында эки жактан көп киши
катышкан, катуу кыргын болгон, деген гана, жалпы маалымат
айтылат. Сарбагыштын колун - Ормон башкарып, Төрөгелди - кол
башчылык кылган. Бугунун, саяктын колун - Боронбай башкарып,
Балбай - кол башчылык кылган. Бул согушта, сарбагыштар бугуларды
сүрүп, жеңишке жетишкен менен, Ормондун колго түшүшү менен
чегинүүгө аргасыз болушкан. Элдик санжырада, Ормондун минген
аргымагы бутун суурдун ийинине салып алып, буту сынып, жыгылып
түшкөнү баяндалат. Ормон качкан жоого кызыгып, кубалап отуруп,
өзүнүн негизги колунан бөлүнүп калган экен. Аты мыкты айрым
жигиттери жанында болгон менен, бугунун тандалган жигиттеринин
курчоосунда калат. Ормон атынын буту сынып кеткенден кийин
каршылык кылбай, ошол эле жерде локуюп отуруп калган дейт. Элдин
сүрөттөөсүндө, Ормон чоң, албеттүү балбан адам болгон. Элди тике
карабай, алдыртадан, көзүнүн төбөсү менен карап, көбүнчө эки
тизесин мыжыгып отурган. Кээде, эки ийнин караган болуп, бир
нерсени тыңшаган болуп: “Я, ошондойбу? - деп койчу дейт. Ормондун
өзүнө таандык ошондой көрүнүштөрү жөнүндө, элде, ар кыл сөз бар.
Ошондой уламыштардын бири мындай: Бир жолу, Ормон, Жантай,
Калыгул Бай уулу үчөө Токмокко келип, кайра кайтып баратканда
125
Ормон, Калыгулга карап: - Акылманым, айтчы, биздин тукум кандай
болот? - деген экен. Анда Калыгул: - Кандайын сурайсың, Жантайдан
бир мыкты чыгат, кыргыздын оң менен солуна таанылат, андан
кийинкиси майдаланып кетет. Менден жүз жылда бир мыкты чыгып
турат, сенден жакшы чыкпай калды. Отурганда эки тизеңди мыжыгып,
жерди карап отурасың, көзүңдүн курчу, денеңдин кубаты жерге кетти,
ханым, - деген экен. Эл, Жантайдын тукумунан, оң менен солго
таанылган, мыкты чыкканы - Шабдан деп, айтышат.
Ормон колго түшкөндө дароо Боронбайдын үйүнө алып барышат.
Элдик санжырада: “Ормонду эмне кылабыз” – деп, бугу саяктардын
мыктылары чогулуп кеңешкен экен. Боронбайдын ою Ормонду кайра
тирүү кетирүү болгон. Аны ачык айтпай, эмне калабыз? – деп жалпы
суроо таштаган. Ошондо, Кетирекейдин Алыбек: - Эмне кылмакты
өзүңүз билиңиз, Ормон кудаңыздын кара мүртөздүгүн жакшы
билебиз. Башында аябай кызмат кылдым, казактан мал тийип, кыз
алып келип бердим. Менин жакшылыгымды билбей аягында өлтүрмөк
болгондо өзүңүзгө качып келдим, - дейт. Ошондо, Ормондун артында
турган Балбай: - Буга эмненин жакшылыгы, колдон кетсе мурдагыдан
да жаман кылат, мунун кылбаганы барбы, саяктарга менин кулагымды
кестирген, - деп, канжары менен табарсыкка малып алган дейт.
Ошондо Ормон: - Катын бугу, кылмачы элең, кылдың! – деп
табарсыгын басып, отура калат. Көзү караңгылап жыгылган Ормонду,
Кулан деген кызынын үйүнө алып барып жаткызат. Жылдыз толгондо,
Ормон ээк кагат. Андан эки жыл өткөндөн кийин, Боронбайдыкына
келген орус окумуштуусу, саякатчы географ Семен-ТяньШаньскийдин жазып калтырганына караганда, Ормонду, Боронбайдын
жээни – Кылыч Кожогул дегендин үйүндө өлтүргөн. Өлтүргөндөн
кийин, Өмүрзак деген күйөө баласыныкына алып келген. Менимче бул
маалымат туура. Анткени, аны ага, Боронбай өзү айтып берген. Семен
- Тянь - Шаньский 1856 - жылы, бугу уруусуна – Боронбайдын үйүнө
келгенде, сарбагыш - бугу чатагы басылбай, күчөп турган. Ошол
учурда, Боронбай, байыркы турган ордосу - Кызыл Үңкүрдөн сүрүлүп,
бугулар Көл башына келген. Зындан, Каркыраны жайлап, Кундуз,
Жылдызга чейин чачырап кеткен. Семен - Тянь - Шаньский ошол
келишинде, Ормондун уулу - Үмөталы менен достошуп, Боронбайдын
колго түшкөн токолун, жана бир канча кишисин бошотуп кеткен.
Окумуштуунун архивинде, 1856 - жылы, орус сүрөтчүсү Кошаровдун
тарткан сүрөттөрү да сакталып калган. Анда: Боронбайдын, анын бир
тууганы Сарыпбектин, баласы Өмүрзак, Түркмөн, Канайдын, аялы
126
Алманын, кызы – Жүзүмдүн сүрөттөрү бар. Ормон, 1854 - жылы,
июнда өлтүрүлгөн. Андан кийин чабыш - 1860 - жылга чейин токтогон
эмес, Ормон өлгөндөн кийин, “Өлүгүн эмне кылабыз?” - деп
кеңешишет. Ары кетип, бери кетип, Ормондун өлүгүн ак кийизге
ороп, ак төөгө артып, кызы – Куланга жетелетип, эки жигитти кошуп
берет. Кулан айлына атасын кошуп келип түшөт:
- Кан атам келет дегенде,
Калың бугу камалган.
Кан атам өлдү дегенде,
Түндө кетти чабаган.
Кан атам келет дегенде,
Кашкарлык сарт камалган.
Кан атамдын даңкына,
Каракалпак таң калган.
Кызматын кылган ушактан,
Кан атам келет дегенде
Кылычын казак бошоткон.
Кан атам келет дегенде:
Көрбөй жоосу бакырган.
Төмөңкү калың Кокондук,
Тартуу берип жагынган
Ажалы жетти андоосуз,
Бир кылжырдын тукуму,
Бир атадан – туугандан.
Ормонду көмгөндөн кийин, сарбагыштын мыктылары Куланды
чакырып:
- Атаң осуят калтырдыбы? – деп, сурашкан.
- Атам өлүп баратып, Төрөгелдиге айт, Көлдү үч айлансын! –
деген дейт. Отурган жакшылар, аны: “Көлдү үч жолу чапсын деген
тура”, - деп, жорушат. Үмөталы Ормондун сөөгүн алып келген
бугунун эки жигитин туткундап, Куланды да кайра кетпейсиң – дейт.
Ошондо Кулан: - Эмнеге кетпейм?! Чыккан кыз чийден тышкары , дейт. Ормондун куну мен болмок белем, мен бугу болуп калдым,
тукумум – бугу. Мени туткун кылып, элге сөз болбо. Бугудан келген
эки жигитти да бошот. Алар атамдын сөөгүн алып келгендиги үчүн
күнөөлүбү? Кыйын болсоң бугуларды барып чаап кел, мени да алар
127
менен кошо колго түшүрүп кел, ошондо атамдын кунун алган
болосуң! – дейт. Куландын сөзүн уккан карыялар ыраазы болуп:
“Туура айтат, Ормондун куну өз кызы болмок беле, бошоткула,
кетсин”, - дешет. Үмөталы эшикке чуркап чыгып:
- Кыз - киши эмес тура! Кыз - бала эмес тура! ... - деп, кыйкырып
жиберет. Ошентип сарбагыштар, Куланды, бугудан келген эки жигити
менен бошотуп жиберишет. Үмөталы: “Кыз киши эмес тура! .. – деп,
жер сабап, кала берет. Бирок, көп өтпөй эсин жыйнап, атанын айткан
сөзүн, өлүм алдындагы керээзин аткарыш үчүн, кол жыйнап,
Төрөгелдини кол башчы кылып бугуга аттанат. Эки уруудан көп кол
кырылып, бугулар байыркы жайлап жүргөн жеринен көл башына –
Кундуз, Жылдызга сүрүлө баштайт. Ага табасы канбаган Үмөталы,
Кетирекейдин Алыбегин кармап келүү үчүн, 1855 - жылы, жайдын
толугунда төрт жансыз жигитти жашырын аттантып жиберет. Ал
жигиттер Оргочордун башынан кыйгап өтүп, Кызыл Сууну басып,
ошол учурда Жети Өгүздүн – Көк Жайыгын жайлап жаткан
Алыбектин айлынын үстүнөн чыгышат. Алар аттарын карагайдын
иичне отко коюп, айылды багып жатышат. Күн кечтеп, күндүн ысык
илеби кайта баштаганда, негедир, Алыбек тоо боорундагы карагай
черге көз салып, бугулар оттоп жүргөнүн көрө коѐт. “Кудай мындай
бербеспи! – деп, Ормондон алган мылтыгын октоп, тоо таянып чыгып
барат. “Берейин деген кулуна белен кылат жолуна” дегендей,
карагайда жашынып отурган төрт жигитке асмандан тилегени жерден
табылып, Алыбек колго түшөт. Башына кап кийгизип, бир атка өзүнчө
таңып жолго түшөт. Элдин берген маалыматына караганда, Алыбек
сөөк - саактуу, жоон, балбан киши болгон. Аны, келээр менен
Үмөталы жүрөккө сайып өлтүрөт. Алыбектин өлүмү менен кек бүткөн
жок. Кан канга өтүп, кек кекке уланып, жеке кек, өч, урукка, андан
бүткүл урууга өттү. Эки элдин ыйы көбөйүп, адамдык касиеттен
айрылып, бири - бирин жок кылууга жан аябай, жырткыч болуп
баратты. “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер, эсиңе кел” деген айкөл
аксакалдардын сөзүн укпай, уруу согушу айыгышкан түргө өттү. Ал
учурда, андай кагылышты эңсеп, эки уруу бири - бири менен алышып,
кырылышын, алсырашын эңсеген хандыктар да бар эле. Айрыкча,
Кокон хандыгы, эки уруунун башчыларын астыртан көкүтүп жатты.
Анын үстүнө, Көл башындагы бугулардын Кытай падышалыгы менен
алакасын көрө албай, биротоло эсине келтирип коюну максат кылып
турду. Экинчи жагынан, Ормондун убагында, Кокондуктарга анча баш
128
ие бербеген, өзүнчө хандыкка өтүшүп, күчтөнүп бараткан
сарыбагыштарды да көрө албады.
Кыргыздарга жанаша турган казак төрөлөрү да: Кененсары,
Норузбайдын өлүмүнөн кийин ичтен кек тутуп, эки уруунун
кырылышына жолтоо болгон жок. Мындай шартта, ал элди, урууну
калуу-ошол уруунун акылман башчыларына гана таандык эле. Дал
ошол учурда, сарбагыштардын кызышынан, күн сайын күчөп бараткан
согуштан сактап калуу үчүн, бугунун ханы аталган – Боронбай, урук
башчыларын, эл атасын чакыртып кеңеш курат. Элдик санжырада,
Көл башындагы көп уруктун эли келгени айтылат. Мында, жалаң гана
бугу уруусунун өкүлү болбостон, көлдү жайлаган бугуларга букара,
жек жаат, сөөк болуп, жайлоону бирге жайлап, кыштоону бирге
кыштаган: дөөлөс, мундуз, кытай, саруу, эштек, отуз уул, карабагыш,
черик, желден, саяк урууларынын өкүлдөрү келет. Бул кеңеште, эки
маселе жөнүндө сөз болот. Биринчи маселе: көл жээгиндеги урууну,
элди сактап калуу үчүн, эзелтен жайлап келе жаткан Ысык Көлдү
таштап, кытай жерине ооп кетип, ал жакта жайлап жүргөн: чоң багыш,
черик, нойкут урууларына кошулуп жан багуу. Экинчи маселе: ошол
учурда казак жерине келип калган, Кокон ханына коркунуч туудура
баштаган, кытай падышалыгына кысым көрсөтө баштаган – Россия
империясынын составына кошулуу эле. Бул эки жолдун экинчиси,
ошол шартта туура көрүнгөн. Кеңешмеге катышкан элдин эч кимиси,
атам замандан бери жердеп келаткан жерин - Ысык Көлдү таштап
кеткиси келген эмес. Дал ушундай шартта, кыргыздардын Россия
империясына ыктыярдуу кошулушу башталган.
Айрым тарыхчылар мындай тарыхый шартты эске албастан,
кыргыздардын Россияга кошулушун - басылып алынган катары
түшүндүрүүгө аракет кылышат. Кеп, бул жерде, айрым урууларга
аргасыздык түзүлгөн мезгилде жардам берер, калканч болоор – элге
кол сунганы жөнүндө баратат. Архивдик материалдарга жана элдик
санжырага караганда, кыргыздардын Россия империясынан жардам
сураган учурлары, өзүнө кошуп алуу жөнүндөгү маселени айрым уруу
башчылары 1784-1788-1814-1824-1855-1862 - жылдары кол коюп, элчи
жибергендиги, бизге маалим. Феодалдык - патриархалдык, уруу
түзүлүшү мезгилинде, уруу башчылары бардык ишти элдин атынан
жүргүзүп, жакшылыкка да, жамандыкка да алып барган. Ошентип,
орустарга кошулсак, тынчтык болуп, калканч табаар бекенбиз деген
үмүттө турган бугу уруусунун өкүлдөрү, аны кандай жол менен ишке
ашырууну ойлой баштаган. Элдик уламыштарда - дөөлөс, Сарт
129
акенин акылы менен, Бирназардын уулу Жылкыайдардын жакшы
чыкма баласы – Тилекмат элчиликке жарайт деп, казактын Тезек
төрөсүнө жиберип, ал аркылуу орустарга кошулууну ишке ашырмак
болот. Элдик санжырада Тилекмат чечен жөнүндө өзүнчө аңгеме
айтылат.
Тилекматты Боронбай чакырып, элдин ал абалын түшүндүрүп: Элчиликке барасың, эмне керек, баарын камсыз кылалык, - дейт. Анда
Тилекмат: - Жаныма калп айтпаган, айтканды айткандай гана
аткарган, адамдан жалтанбаган – бир гана жигит кошуп бер, калганы
иштин шартына жараша болоор, - дейт. Айткан жигитин кошуп алып,
ошол учурда, Каркыранын Кызыл Кыясын жайлап жаткан Тезек
төрөгө жөнөп кетет. Тезек төрө - казактын улуу жүзүн султаны болгон.
Негизи - Аблай хандын тукумунан болуп, улуу жүздүн негизги
уруулары: уйсун, албан, дуулат, чапыраштыны былк эттирбей бийлеп
турган. Булар, негизинен, Илени жайлап, Бетпак Талаа, Балкашка
чейин көчүп жүрүшкөн. Тезек төрөнүн орустарга да кадыры чоң
болгон. Чокан Валиханов анын күйөө баласы болуп, орустун аскер
кызматындагы адамдары, окумуштуу - саякатчылары үйүнө келип
турган. Тилекмат Тезек төрөнүн үйүнө кирип барбастан, сыртынан
байкап, жолуккан адамдардан Тезек төрө жөнүндө сурап, качан туруп,
качан жата турганын билген. Ошол учурда, сарбагыштар да жөн
жатпай, бугулардан мурда Тезек төрөнү колго алуу үчүн, кырк жылкы
тартуу кылып, элчи келип жаткан болот. Аны билген Тилекмат, Тезек
төрөгө кирип барсам, кагып коѐбу? – деп, эртең менен даарат алып,
эшикке чыкканда, алдынан тосуп, салам айтат. Тезек төрөнүн:
“Кайдан келген адамсың? – дегенине: “Мен, көлдү жайлаган бугу
уруусунан болом, эки жылдан бери сарбагыш уруусу камап, көлдөн
сүрө турган болду. Биз, Кундуз, Жылдыз, Текеске ооп кете турган
болдук. Мурдатан сыртыңыздан билип, сыртыңыздан сыйлап жүрчү
элек. Бугунун ханы – Боронбай, төрөгө ылайыктуу деп, Төрөайым
деген сулуу кызды сизге арнап жүргөн экен, ошону сизге берип
кетпесек болбойт, аманатын алып кетсин деп, мени жиберди деген
экен. Тезек төрө ойлоно калып: - Силер эмне үчүн сарбагыштын каны
- Ормонду өлтүрдүңөр? – дейт. Анда, Тилекмат: - Суучулдун өлүмү
суудан, мергендики тоодон, хандын өлүмү - ага - туугандан. Бугу
менен сарбагыш – бир, Кылжырдын тукуму. Ажалы жеткен хан өлдү,
азабына эл калды. Адилдик кылар деп Сизге кайрылып отурабыз? –
деген экен.
130
- Анда, үй жакка барып, сарбагыштын элчилери менен
сүйлөшчү. Тезек төрө Тилекматты ээрчитип, сарбагыштын элчилери
жаткан конок үйүнө алып барат. Тезекти ээрчип кирген Тилекмат,
саламга келбей эле: - Буларды кара, кечээ эле казактын Кененсары,
Норузбай деген төрөлөрүн өлтүрүп, бүгүн казактын төрөсүнүн
төрүндө чалкалап жатканын көр! – деп, кыйкыра сүйлөйт. Ошондо,
өзүнө келтирип айткан сөздү түшүнө койгон Тезек төрө: - Алып келген
качырларыңды айдап кеткиле! – деп, айкырып жиберген дейт.
Ошентип, Тезек төрөнү өз жагына тартыш үчүн, алдаяр уруусунан
чыккан сулуу келинди кызча кийгизип, кыз ордуна берип, ал аркылуу
орус төрөлөрүнө сүйлөшүп, бугу уруусун оруска кошкон – Боронбай
болгон.
Кийин, эл арасында бул окуяны эскерген мындай ыр бар:
- Заманга заман тогосо,
Кимге бербейт кезекти.
Айлабыздын жогунан,
Алдаярдан кыз берип,
Жезде кылдык Тезекти.
Элдик санжырада “Белек амалы” деген сөз, дал ушуга
байланыштуу, келинди – кыз кылып, төрөгө - Төрөайым деп, тарту
кылганына карата айтылып калган.
Ошол мезгилде Верныйда (Алма-Ата – С.З.) турган орус
төрөлөрү бугулардын суроосун канагаттандырып, 1856 - жылы, август
айында Хоментовскийди баш кылып солдаттарды жиберет. Алар
сарбагыштардын колуна туш болуп калып, согушуп жатып, чегинип
кетишет. Андан мурда Чокан Валиханов Семипалатинскийден чыгып,
бугу уруусуна келип – Боронбай Бекмуратов, Мураталы Бирназаров,
Казыбек Шералин, Чоң Карач, Токсоба Олжобаев, Хакимбек
Олжобаев, Тилекмат, Мураталы, Омор деген бугунун мыктыларына
жолугуп кеткен. Булардан көп узабай, 1856 - жылы, 21 - сентябрде
орус окумуштуусу П.П.Семенов Тянь - Шанский келип, Кетмалдыдан
Ормондун уулу Үмөталыга жолугуп достошкон. П.П.Семенов ушул
келишинде Боронбайга да жолугуп, бугу менен сарбагыштын
ортосундагы чатакты баса албай койгон. Чатак абдан ырбап
жырткычтык күч алып калган эле.
Ормондон кийин, дагы бир согушта, сарбагыштын кол башчысы
– Төрөгелди бугулардын колуна түшүп калат. Элдик санжырада, бул
окуяны да саймедиреп ирээти менен айткан санжырачылар көп.
Төрөгелди колго түшкөндө, Балбай келип бутун сындырып, кайта аны
131
шак - шак коюп өзү таңып койгон дейт. Ошентип аны, конок - туткун
кылып, жайлоого көчкөндө өгүзгө мингизип алып жүргөн. Айрым
санжырачылар, Балбай өзүнүн өчүн алыш үчүн, ушундай сөзгө сөлтүк
кылыш үчүн, ошенткен дешет. Ортодон, алты ай өтүп, Төрөгелдинин
буту айыгып, басууга жарап калганда, Балбай келип: - Баатыр, бут
кандай? – деген дейт.
- Бут жакшы, ырахмат, - деп, Төрөгелди оюнда эч нерсе жок
жооп берет.
- Көрсөтчү бутуңду, көөрөйүн, дегенде, бутун суна берет.
Балбай бутун тизесине такай коюп кайра сындырат.
- Катын бугу, кылмакчы элең, кылдын, - деп, Төрөгелди оптоп
жиберет. Балбай шак - шак коюп кайра таңып, кетип калат. Арадан
дагы үч ай өтөт. Төрөгелдинин буту дагы айыгып басууга жарап
калганда Балбай дагы келет.
- Баатыр, бут кандай? – дейт.
- Жакшы, баатыр, - деп, Төрөгелди супсак жооп берет. Жакшы
болсо көрөйүнчү деп, Балбай колун сунса, Төрөгелди бутун тартып
качат. Ошондо, Балбай күлүп: - Баатыр, Көлдү үч айланам деп келдиң
эле, биз эки айландырсак эле жүрөгүң калып калдыбы? – деп, шылдың
таштайт.
Бугу, сарбагыш чабышы Төрөгелди бошоп кеткенден кийин да,
басылган эмес. 1857 - жылы жай айында П.П.Семенов Көлгө кайра
келет да Боронбайга жолугат. Дал ошол учурда, бугу уруусунун
кыдык уруугунун башчысы – Самсалыны Үмөталы чаап, 600 кишисин
өлтүрүп, 1200 кишисин колго түшүргөндүгүн угат. Самсалы Сөөктү
ашып, Боронбайдын айлына жаңы эле келген экен. Бул келишинде,
Семенов, дагы арага түшүп, Үмөталынын колуна түшкөн
Боронбайдын токолун жана кызын бошотуп берет.
Бул жөнүндө П.Семенов, 1857 - жылы жазган, орустун
географиялык коомунун, Ленинграддык бөлүмүнүн архивдик
материалында, сарбагыш менен бугу урууларынын согушу бир канча
жылга созулган, мунун аягы, орустарга өз ыктыяры менен – бугу
урусунун, андан бир канча жылдан кийин – сарбагыш уруусунун
кошулуусу менен бүттү деп, эскерген. Бугу менен сарбагыш
уруусунун чабышынын күчөшүнө жалаң гана жер жөнүндөгү чатак
себеп болбостон, уруу ортосундагы куру намыздар жана аны тутантып
турган сырткы күчтөр болгон. Айрыкча Кокон хандыгы бугулардын
оруска карап кетишине келише албаган. Алар бугуларды абдан
жазалаш үчүн сарбагыштарга курал берип, ого бетер көкүтө берген.
132
Алар, 1822 - жылдагы солто менен сарбагыш урусунан чабышынан
пайдаланып, түндүк кыргыздарды багындырып алганын унуткан эмес.
Ошондуктан, бугу менен сарбагыштын чатагын ырбатып отуруп,
өздөрүнө биротоло көз каранды кылууну көздөгөн. Бирок алар,
тарыхый шарт такыр башка болуп калганын эске алган эмес. Абдан
күч алган Россия империясы, акырындап, Орто Азияга жылып
келатканын түшүнбөгөн. Ал эми, кыргыздын уруу башчылары, уруу
ортосундагы согуштардан – эл бүлүнүп, ырк келип, бирдик, ынтымак
жоголуп, башка элдерге жем болуп гана бере турганына акылы
жетпеген. Ошол учурда, Кокон хандыгынын Пишпектеги өкүлү –
Рахматулла менен, солто уруусунун башчысы – Байтиктин ортосунда
да, эсте каларлык чоң чатак болуп өттү. Бул окуя санжырада –
“Байтиктин Рахматулланы өлтүрүшү” деп аталып калды.
БАЙТИКТИН РАХМАТУЛЛАНЫ ӨЛТҤРҤШҤ
Адам өткөн тарыхты, окуяны гана билбей ошол тарыхты, окуяны
жаратып жаткан адамдардын өмүр баянын да билиш керек. Анткени,
тарыхый окуяга катышкан адамдардын жакшы, жаман жагынан ар ким
өзүнө сабак ала билгени жакшы. Биз мындай кириш сөздү, Байтиктин
өмүрүн билгенибизче баяндап берелик деп, атайы даярдап айтып
жатабыз. Кыргыз санжырасында бул киши жөнүндө көп сөз айтылат.
Кыргызды оруска кошкон дагы – Байтик дешет. Кебетеси, солто
уруусун оруска кошуудагы ролун айтып жатса керек. Эмнеси болсо да,
кыргыз тарыхынын бир учурунда, чоң кадырга ээ болгон инсан
экенинде шек жок. Байтик – солто уруусунан чыккан манап. Кыргыз
санжырасы боюнча алганда, Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр.
Богорстондон - Солто деп айтылат. Чынында, Богорстондон: Эштек,
Козор деген эки уулу болот. Эштектин баласы - Солто. Солтодон:
Күнтүү, Чаа, Бешкөрүк, Мааке. Чаадан: Каракчы (Бөлөкбай – С.З.),
Талкан. Талкандан: Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Алдаң, Делдең,
Байболот – жети уул. Кээде айрым санжырачылар Талканын булардан
башка: Бекиш, Чекиш деген уулдары болгон дешет. Ал жөнүндө
өзүнчө сөз кыларбыз. Ошол Талкандын Кошой деген уулунан –
Жамансарт (Башка уулдары жөнүндө айтып отуруу бул жерде темага
туура келбейт – С.З.). Жамансарттан – Түлеберди, Түлебердиден –
Канай, Канайдын үч аялынан: Байсеит, Бошкой, Куттуксейит,
Нурсейит, Баяке, Бүтөш, Байтик, Муңайтпас, Сатылган, Байгазы – он
уул. Байтик – Канайдын токол аялынан. Элде, Канай Байтиктин
133
энесин салбар кылып койгон дейт. Аялды салбар кылып кою
кемсинтүүнүн же шылдыңдоонун бир түрү. Көп учурларда аялдын
салбар болушуна – эри менен аялынын ортосун сөз аралаганда болот.
Байтик – дал ошол энеси салбар кезегинде төрөлгөн экен. Күздүн күнү
эгин орулуп, бооланып, байтик кылып кургасын деп боолорду топтоп
койгондо Канай жайлоодон түшүп, жатакка келсе, токолу жаңы
төрөгөн болот. Аялы баланы ороп, Канайдын алдына келип: - Баатыр,
балаңа ат коюп бер, - дейт. Канай эки жакты карап, байтик болуп
турган эгиндерди көрүп: “Баландың аты – Байтик болсун” – дейт.
Санжырада, Байтиктин кайсы жылы туулганы жөнүндө так маалымат
жок. Мен көп карыялардан, санжырачылардан сурап болжолдуу
тактадым. Ал – кадимки Балык манасчыдан 8-9 жаш кичүү экен.
Бирок, аны менен жолдошундай мамиледе болуп, айрым учурларда
анын кеңешин уккан. Балыктын 1800 же, 1801-жылдарда туулганын
көп иликтеп отуруп, араң далилдей алдык. Ошентип, Байтикти болжол
менен 1809-10 жылы туулуп, 1886-жылы өлгөн. Байтик туулган
мезгилде, Канайдын жери азыркы Луговой турган жерден өйдө тарта;
Кум Арык, Орто Арык, Чорголуу, баш жагы Каракол, Ала Белге чейин
болгон. Азыркы – Байтиктин басбөлтөгү деген жерге, Арчалууга,
Аларчага кийин Байтик болгондон кийин келген. Байтик 15 жашка
келгенде атасы өлгөн. Бирок ал жетимчилик эмне экенин билбей
чоңойгон. Байтиктин атасы – Канай бүткүл солтону билип турган.
1822 - жылдагы сарбагыш менен солтонун чатагында, солтолорду
баштап согушкан, жеңишке жетишкен. Ошондон тартып “солточулук”
деген сөз тарап – “Солтого бардыгы тийди, каалаганын алды”, - деген.
Ошол учурда, сарбагыш менен солтонун согушунан пайдаланып,
Кокон хандыгы кыргыздарды багындырууну ойлойт. Канай солтону
баштап, катуу салгылашып, алы жетпей калганда Иле тарапка көчүп
кеткен. Кийин, Коконго абдан кадырлуу – Канат корбашынын атасы
Канай менен сүйлөшүп, Чүйгө кайра көчүрүп келген. Канай өлгөндөн
кийин, солтону Эшкожонун уулу – Жангарач бийлеген. Жангарачтын
тушунда, Канайдын уулдары эл бийлебеген менен, өтө бай болуп,
анын үстүнө тең туугандык кылып, каалаганын жасаган. Канайдын –
Бошкой, Байсеит деген балдары, мал, дүнүйөнүн артынан түшүп,
жылкысынын тукумун асылдандырып, теке түрктүн жылкысынан,
кавказдык кара байырдан, араптык таза кандуу күлүктөрдөн айгыр
салып кыргыз жылкысынын тукумун өстүргөн.
Байтик атасы – өлгөндөн кийин, башкача айтканда, 15 жашынан
Таластын башы Караколдо, Сатылган деген агасынын колуна кетет,
134
ошол жакта жигиттик чагы өтөт. Экинчи жагынан, канайдын аялы –
Таластык кушчудан болгон. Ага караганда, Байтик таекелерине
жакын, аралаш чоңойгон болуп чыгат. Байтиктин энеси кара торунун
сулуусу болуп, кыз кезегинде, Таластын баш - аягына ырга кошулуп
ырдалган дейт. Аны ырга кошкон – Жусуп молдо деген болуптур.
Кийин, Канай күчкө салып, Бүргө баатырга айтып алып кеткенде,
Жусуп молдо 200 беттен ашык жалаң сүйүү ырын, арман ырын жазган
деп, Үмөт молдо эскертет. Бул жазманы көп сураштырып, таба
албадым. Кебетеси, эл оозуна “Дардызар”, “Ыргалым”, “Мөлмөлүм”,
“Ашык жар” сыяктуу, ырга айланып кеткен окшойт. Элдик уламаларга
караганда, Байтик жаш кезегинен эле зээндүү чыгып, башка балдардан
айырмаланып турган. Ал, торпок минип жүргөн мезгилде, өзү теңдүү
балдарды жыйнап, торпок жарыштырып, алдыга чыкканынар: “Канай”
деп, ураан чакырып барасыңар” – деген, жана өзү да торпогун минип
алдыга баштап, “Канай, Канай” деп, ураан чакырган. Анын минтип
жүргөнүн Канай угуп, Байтиктин энесин салбар кылганын таштаган
дейт. Кийин, Байтик боз улан болгондон тартып, жанына жигит
жыйнап, ар кандай шоктуу иштерге катыша баштайт. Жигит болгондо,
кадимкидей эле жигит курап, уурулук кылып, баскынчылык кылып,
баш көтөргөндөрдү сабап, баатыр атанат. Ал кездеги шарт боюнча,
алыска аттанып уурулук кылганды, эл чапканды “баатыр” деп
айтышкан. Байтик Талас өрөөнүндөгү: кушчу, мундуз, саруу, басыз,
кытай урууларынын мыктыларынын балдары менен достошуп мамиле
курган. Ошондуктан анын ууру, баскынчылыгы көп оозго алынбай,
Канайдын уулу – Кара Байтик, баатыр Байтик деп, элге тарала берет.
Ошол учурда, Коконго кадыры күчтүү,бүткүл сарууну былк эттирбей
бийлеп турган. Ажыбек датканын Нурак деген уулу менен жан
кыйышпас дос болот. Кайда барса бирге барып, жанына Ажыбек
датканын манасчысы, ырчысы – Балыкты алып, шаан - шөкөт менен
жашап жүрөт. Байтик бир күнү, Чымкенттин улугунун келини абдан
сулуу экен деп угат. Аты – Аккыз. Аккыз дегенчелик эле бар экен.
Көзү карагаттай – көргөндүн көзү тангандай, жүрөккө жалын
жангандай, бау, сулуу болбосоң коѐ кал, никеленип калганы болбосо,
сартка ыраа көрө турган келин эмес дешет. Байтик оолугуп: Мен анын
никесин уруп койбойм, кеттик анда! – деп, жигиттери менен шатырап
жөнөп кетет. Барып: - “Бизге ылайыктуу келин бар экен”, - деп, күндүз
эле чыркыратып тартып алып жүрө берет. Аккызды Бүтөш деген
агасынын бой жеткен уулу Байсабага нике кыйдырып берет.
Байтиктин дал ушул кылыгы элге жакпай калат. Никелүү аялды
135
тартып алыш – каракчынын иши, эстүү - баштуу кишинин уулу
мындай кылбайт, эски салтты бузууга ким жол берди, ээнбаш немени
жазалоо керек дешет. Элдин толкуну, келиндин кайын атасынын зары
Коконго угулат. Ордо – уккан сөздөрү, болгон иштерди салмактап
отуруп. Ташкендин кушбеги – Бучукбекти таласка барып, Байтиктин
ишин кара деп, жиберет. “Бучукбек келет” дегенде, Ажыбек датка
Капканын үстүнө конок үй көтөрөт. Ал жерде. “Кокондон бек келет
экен Байтикти өлтүрөт экен” деген кеп менен, Таластын баш аягынан
беш миңдей киши чогулат. Таластын көкүрөк жагын жайлап жаткан
кара Байтикке сарбаздарды жиберет. Байтик келгенде, Капканын
үстүнө эл батпай кеткен экен дейт. Бучубек отурган үйгө Байтик салам
айтып кирет. Бучукбек алик алмак түгүл: - Байтик ууру, келдиңби? –
дейт, алдындагы кагазды карап, - баланчанын жылкысын уурдапсың,
түкүнчөнүн кырк коюн алыпсың, бастанчанын төөсүн уурдапсың...
аягында, Чымкенттин улугунун никелүү келинин алып кетипсиң,
ушулар чынбы?! – дейт.
- Айтканыңыздын бардыгы чын, уурдаганым да, баскынчылык
кылганым да, тартып алганым да, чын! - дейт, Байтик. Ошондо
Бучукбек, башын өйдө көтөрүп: узун бойлуу, жазы маңдай, көзү
күйүп, күлүп турган карасур жигитти көрүп таң калат. Мындай,
тайсалдабай, уурулугун мойнуна алган адамды биринчи көрүп отурат.
Байтикти кызыгып карап турган Бучукбек: - Эмнеге күлөсүң? Эмне
үчүн уурулук кыласың? - дейт.
- Күлбөгөндө кантейин – ууру болбосом, мойнума албаганда
кантейин – кагазыңда жазылуу болсо. Эмесе менин сырымды ук. Мен
сиз ойлогондой – ууру, кесеп эмесмин. Алдагы кагазда жазылгандын
баары чын. Бирок, мен уурулукту, кесептикти, баскынчылыкты ач
болгондуктан, же, каракчы болуп жаралгандан жасаган жокмун. Мен,
атагымды чыгарайын деп, жасадым. Ал максатым – орундады,
көрдүңүзбү, Кокондон сиз келдиңиз, Байтикти өлтүрөт экен деп,
эшикте – беш миңден ашык эл чогулду. Мен – солто уруусунун
башчысы Канай дегендин уулумун, бирок, бийликти мага бербеди,
анткени менин атагым жок эле. Бийликти – элге таанылып калган
Жангарач алып кетти. Калганы сизге түшүнүктүү деп ойлойм.
Бучукбек көпкө ойлонуп отуруп калат. Ал, кыргыздын чоң
урусунун башчысынын баласын өлтүрүп, бир урууну бүтүндөй Кокон
хандыгына каршы тургузгусу келбеди. Ошондой эле даттангандардын
да датын тындырып кеткиси келди.
136
- Андай болсо, мындай сүйлөшөлүк, - деп, Байтикке күлө карады.
Кагазда жазылган малдардын ордун, берди, кылалык - ал эч нерсе
эмес, Чымкенттин улугунун келини - Аккызды кайра берүүгө туура
келет. Ал никелүү аял - дин жол бербейт. Байтик макул болот.
Ошентип, экөө эшикке күлүмсүрөп чыгышты, деп, эскерген, кийин,
бул окуяны көргөн Балык манасчы. Байтик менен Бучукбектин
ортосундагы сүйлөшүүлөрдү Байтиктин өзүнөн уккан. Ал, укканын
Алымбекке айткан, Алымбек, Тургунбек деген баласына айткан. Ал,
кыргыз санжырасына жазып калтырган. Бучукбек менен Байтик
эшикке жылмайып, досторчо сүйлөшүп чыккандан кийин, Бучукбек
элди карап:
- Байтик кагазда жазылгандардын бардыгын мойнуна алды,
ортодон көп убакыт өтүп кеткен экен, алынган малдын көзү жоголуп
кетиптир, бирок, жылкы алгандарга – кулун берип, уй алгандарга –
музоо берип, төөсүн алгандарга – бото берип, коюн алгандарга – козу
берип тындыра турган болду. Аккызды никелүү эрине кайтарып берет.
Ушуну менен иш бүттү. Оомийин! – деп, бата кылып койду дейт.
Тогуздан айыпка жыгып алабыз дегендер, Кокондук беке бир карап,
сыпайы, сарбаздарга бир карап аң-таң болуп кала беришет. Бул ишке,
Ажыбек датка да аралашты деп, дүңкүлдөгөн сөздөр болот. Ошондон
көп өтпөй эле Байтик, Балык манасчыны: - Сен солдун ичинде
жүрөсүң, түбү сенин жериң эмес, сарбагыш, солто бир тууган – биз
оңдун тукумубуз, экөөбүздүн түпкү атабыз Тагай – Ак уулдан
тарайбыз – деп, буза байштайт. Балык анын айтканын макул көрүп,
өзүнүн эл - жерине кантип кетерин билбей жүргөнүн айтат. Анын
үстүнө: “Ажыбек датка мага көп жакшылык кылды эле, аны кыя
албайм, эгер ал кишиден уруксат алсаңыз, жакшы болот эле”, - деп,
Байтикке эскерет. Ошол эле күнү, Байтик Ажыбек даткага барып:
“Аяш ата, төркүлөп келдим, берсең айтам, бербесең шагым сынып
калат, айтпай эле коѐюн”,- дейт. Көп болсо күлүк ат, же жорго сурар
деген ойдогу Ажыбек: “Берейин, балам”, - деп жиберет. Ошондо,
Байтик, күлүп: Рахмат, аяш ата, Балык манасчыңызды сурап келдим, деп, жиберет. Ажыбек көпкө буулугуп туруп: “Болбостур, берейин деп
койдум, атаа .... мурда эле экөөңөрдүн жакындашып, шынаарлашып
жүргөнүңөрдү билдим эле, - дейт. Байтик Таластан көчүү камын
көрөт. Элдик санжырага караганда, жүздөн ашык түтүн: кушчулар,
түрдүү себептер менен мурда барып калган: сарбагыш, солтолор кошо
көчүп жөнөшөт. Аларды жөнөтүш үчүн, коштошуп калалык деп, көп
эл келишет. Айрыкча, Таластык саруулар, кытайлар, кушчулар: -
137
Биздин жээнибиз Балык манасчы эмнеге кетет?! – деп, нааразы
болушат. Балыктын “Талас менен коштошуу” деген ыры, ошондо
ырдалган. Бул ырдын элде айтылып жүргөн айрым сабактарын жазып
алдым. Уламышка караганда, Балык манасчы абдан толкундап, узак
ырдаган экен. “Коштошуу” ырын ырдаганда, көп киши жашып:
“Балыкты кетирбейбиз!” – дегенге чейин барышыптыр. Ал ырдын
айрым үзүндүлөрү мындай:
Чалкайып жаткан Кең Талас,
Жердеген экен Эр Манас
Жериң менен аман бол.
Калба, Койлон, Күркүрөө,
Малга жакшы жер экен,
Малың менен аман бол,
Топурак Бел, Шыбак Бел,
Кызыл Адыр, Эчкилүү.
Кырпаң менен аман бол.
Кош Кайыр менен Сүлөөсүн,
Коштошоорго тилиң жок,
Кошуң менен аман бол.
Кызын, катынындай боктогон,
Малын үйүндө отуруп жоктогон.
Кулжа көөдөн, кең чалбар,
Казактын журту аман бол.
Суу сурасам бал берген,
Суусар энем амал бол.
Ат сурасам төө берген.
Ажыбек атам аман бол.
Ушул, коштошкон ырындагы акыркы бир сабак ыры, Балыктын
чыгармачылыгына кара тамга болуп басылып, көп жылдарга чейин –
байчыл акын катары сүрүлүп келүүгө себеп болуп берди. Аны
бурмалагандар, Балыктын чоң манасчылыгын “унутуп”, “Ажыбек
датка менен анын аялы Суусарды мактаган” деп, ушул ырды келтире
коюшту. Бирок, ак ийилди – сынган жок. Улуу манасчыдан калган:
“Оторкан” “Манас” жөнүндөгү санжыра жомогу жана Эркебай
Бердибай уулу, Найманбай Балык уулу, Сулайман Ырыскулбек уулу,
Сүйүнтбек Иса уулунан жазылып калган “Манастын” үзүндүлөрү,
ырлары, айтыштары, Балыктын чоң ырчылыгын, манасчы экендигин
138
далилдеп турат. Ырчылар, манасчылар арасында анын атагы чоң
болгон. Балык жөнүндө Тоголок Молдо мындай деп жазып калтырган:
Өз уругу чоң чарык
Абийир тапкан “Манастан”,
Элден мурда үйрөнүп,
Алып клген Таластан.
Калык акын:
Балык ооз деп эл койгон,
Өзүнүн аты Муратбек.
Алты ай айткан “Манасты”
Аныгын угам мыкты деп,деп жазган.
Дал ушул, “Манасты” алты ай айткан Балык ырчы, Байтикти
ээрчип, 1840 - жылдардын аягында Чүй боюна көчүп келет. Акынды –
акын баалайт, ырчыны – ырчы сындайт. Тоголок Молдо менен
Калыктын баасы Балык манасчынын кандай манасчы, ырчы экенин
даана элестетип турат. Ошентсе да, элдин берген баасы - баарынан
өйдө. Балык өлгөндө: “Манас эми өлдү”, - деген элде лакап калды.
Байтик Чүй боюна көчүп келгенде, кандай болбосун бийликти
колго алам, солтону бийлейм деп, ойлогон. Бирок, иш, ал ойлогондой
болгон жок. Эшкожонун Жангарачы элге абдан алынып калган эле.
Элдик уламыштарга караганда, ал - “чоң манап” аталып, сүйлөгөн сөзү
булбулдай болгон. Байтикти жакшы чыкма инисиндей көрүп, адеп
келгенде коноктоп, кийин сөзгө алган эмес. Элдеги урук чатагын, эр
өлтүрүш, эриш бузушту өзү чечип, айтканын айткандай ишке ашырып
турган. Сарбагыштын мыктылары – Ормон, Жантай менен куда сөөк,
дос болуп, бугу манабы – Боронбай менен дос болуп турган. Байтик
келээрден мурда эле, Жантай Жангарачтын кызына Шабданды
кудалап, сөйкө салдырып кеткен. Кийин, Шабдан күйөөлөп келип:
“Жангарачтын тайраңдаган эрке кызын албайм!” – деп, атасына
айттырганда, Жантай баласын чакырып алып: “Ой, жаман кем! Сага
мен Жангарачтын жаман кызын алып берип жатыптырмынбы, солтону
алып берип жатам, кыңк этпей ала бер, сага катын жокпу? Андан
кийин каалаган сулу кызыңды ал, кем!” – деп, тилдеген.
Байтиктин атасы, Жангарачтын атасы менен бир тууган.
Ошондуктан, Жангарачтын кудасы, Байтикке да куда болот. Ары
ойлоп, бери ойлоп туруп, Байтик Балык манасчыны ээрчитип,
Жантайдыкына жөнөп кетет. Байтиктин Жантайга барганын, жана
139
андагы болгон сөздөрдү Балык манасчы кийин, Алымбек санжырачыга
толугу менен айтып берген. Ал баласына – Бургунбекке (Турганбай –
С.З.) айткан. Тургунбектин санжырасы, азыр илимдер академиясынын
фондусунда сакталып турат. Ал санжырага караганда, Байтиктин
барганын Жантай жактырган. Ошол учурда, көкүрөгүн өйүп жүргөн
маселелерди сүйлөшүп калууну ойлогон. Ал маселе – Кокон ханынын
көкөйгө тийген эзүүсү болгон. Кокон наместниктери жер-жерлерге чеп
салдырып, сарбаздарды, сыпайларды кармап ар түрдүү салыктарды:
секет, үшүр, хан салыгы, жол чыгымы, садага, жана башкаларды алып
турган. Барыдан мурда, ордо кыздарды жыйнап алышы, - элдин
кыжырын келтирген. Тайлак баштаган элдик баатырлардын козголоңу,
дал ушундай иштерден башталган. Чүй боюндагы элдин толкуну –
1850 - жылдарда күч ала баштайт. Андай нерселерди, кыраакы уруу
башчылары байкап, билип турган. Алар канчалык залим, мыкачы
болсо да, уруу башына түшкөн кыйынчылыкка карабай коюшка акысы
жок эле. Эгер алар билмексен болушса, урууга болгон бийлигинен бат
эле ажырап, сый, урматтан четте кала бермек. Ошондуктан, уруу
башчылары, элдин кызыкчылыгына туура келген жолду издөөгө
милдетүү болгон. Жантай менен Байтиктин ошол учурдагы сөзүнө
караганда, орустарга кошулбай туруп, Кокон хандыгынын эзүүсүнөн
кутулууга мүмкүн эмес деген. 1851-жылы, Чүйдөгү элдин толкунун
басыш үчүн, Кокондон жети миң кошун келген. Андай күчкө, майдамайда урууларга бөлүнүп турган эл туруштук бере албайт эле.
- Каапырдыгы болбосо, оруска кошулуп алсак жакшы болот эле,
сарттардын чыгымы элди бүлүндүрүп жиберди, Байтик балам. Силер
жашсыңар, эми бийлик силерге оойт, ушу жагын ойлонгула. Биз орус
менен байланышып көрдүк, Кененсарынын башын Калыгулдан
жашырын берип жиберип, Жангарач, Ормон, Чыңгыш, Төрөгелди, мен
болуп сүйлөштүк, орус кабыл алса кошулсакпы деп ойлодук эле.
Кичине саксынып турат. Жок, бар деп айтпады. Дагы байланышып
көрүү керек, дейт. Жантайдын мындай сөзү Байтиктин оюна да туура
келген.
Ал: “Менин казакта Керим датка деген кудам бар, оруска
кадырлуу – ошол аркылуу сүйлөшүп көрөлүк” дейт. Мындан кийин да
көп сөз болуп, Байтик жантайдыкында бир айга жакын туруп калат.
Жантайдын: Мырзалы, Төрө, Маамыт, Шабдан деген уулдары болгон.
Ошол кезде Шабдан 13 жашта болуп, кирип - чыгып турган.
Жантайдын жанында, Калыгул ар дайым болгон. Бул Бай уулу
Калыгул эмес, башка Кубат уулу Калыгул. Балыктын сөзүнө
140
караганда, Калыгул - Жантайдын сырдашы жана курдашы, жигити
сыяктуу сезилет. Ал, Кененсарынын башын кантип Омскиге алып
барганын, Балыкка айтып берген. Кененсарынын башын сарбагыштык
бир кемпир эти шылыңганча кайнаткан экен. Ал байкуш кемпирдин,
ошол, Кененсары, Норузбайдын кыргызга жасаган чабууллунда бой
жеткен үч баласы тең өлүп, коколой башы калыптыр. Ормон: Кененсарыны мага жолуктурбай башын алгыла! – дегенди, ал кемпир
угуп калып: - Баш терисин мен сыйрып берейин, - деп, сурап алып,
кайнаткан экен. Кененсарынын баш эти шылыңгандан кийин: - Менин
күйүтүм эми чыкты, - деп, томсоруп отуруп калыптыр. Ал ошол
боюнча жинди болуп кеткен деген сөз бар. Калыгул казактар билип
калбасын деп, түңкүсүн жүрүп, күндүз жашынып жатып, өлдүм талдым дегенде, Омскиге араң жеткизген башты. Байтик, Жантай
менен келээр сөздү кеп кылып, Балык “Манас”айтып, бир айдын
кандай өткөнү да билинбей калат. Жай өтүп, эл жайлоодон бөксөсө
түшө баштайт. Ошо мезгилде Жантай: Жайлоодогу Көк - Шалкы
күлүктү алып келгиле, эмитен таптап, күздөгү аш, тойго чаппасак
болбойт, - дейт. Эртеси саяпкери Көк - Шылкыны алып келет. Ошол
эле күнү Байтик Жантайга кирип: - Хан куда, бизге уруксат бер, сапар
карыды, - дейт. – Ии, - дейт Жантай, билдим, билдим, Көк - Шалкыны
сурап келген турбайсыңбы, атаа болбостур, сендей жигиттен ат аяган
болбойт, алып кет – деп Көк - Шалкыны жетелетет. Күздө аш, той
башталып, ат чабыш болсо эле, Байтиктин Көк - Шалкысы чыгып
келет. Аны чапкан бала: “Канай, Канай”, “Байтик”, “Байтик”, - деп,
ураан чакырып келет. Чыккан атты, жана аттын ээсин мактаган
ырчылар топтошуп, Көк - Шалкы менен Байтиктин тегерегинен
кетпейт. Байтик да атайлап марттык кылып, канча ырчы мактаса,
ошончо ат берип, калган малын Бошкой, Байсейит агаларына айдатып
жиберет. Күлүк аттын арты менен, өзүнүн марттыгы менен эл оозуна
кирип, Канайдын – Кара Байтиги аталат. Кийинки жылы, Чүй
боорунда Жыламышта чоң аш болуп, баш байгеге төө баштаган көп
мал сайылат. Казак, кыргыздан тандалып далай күлүк келет. Ошондо,
Байтик, Балыкты чакырып алып: - Мен түпкү сүрөөгө кеттим. Бул
жолу да Көк - Шалкы чыгып келет. Эми Жангарач чыдабайт. Мага
ылайыктуу мал экен, - деп, карматып алат. Менин агаларым: Байсейит,
Бошкой чатак кылат, мен келгенче уруштурбай, эптеп кармап турсаң,
калганын өзүм билем дейт. Айткандай эле Көк - Шалкы чыгып келет.
Жангарач жигиттерин жумшап: - Көк - Шалкыны алып кеткилечи,
мага ылайыктуу мал экен! – дейт. Уруу башчыларынын өз
141
уруусундагы каалаган нерсесин алып коюшу адаттагы эле көрүнүш
болгон. Ага каяша айтууга болбойт эле. Бирок, Канайдын уулдары,
Байтиктин агалары тең туугандык кылып: - Канайдын тукумунун
жылкысын Эшкожонун тукуму жыгып алат деген эмне, согушабыз,
мунун хан, бектигинин бизге кереги жок! – деп, кыйкырып кирет.
Ошол учурда, Балык, арага түшүп: - Аттын ээси – Байтик, ал келсин,
Байтиктин мамилесине карата чатак баштайлык, силер баш байгени
ала бергиле, - деп, Байсейит менен Бошкойду токтотот. О.... бир
мезгилде, айгырын көл-шал кылып Байтик келет. Бошкой алдынан
чыгып: - Байтик, биздин жылкыны Жангарач жыгып алды,
чабышабыз! – дейт. Анда, Байтик: - Агасы инисинин жылкысын
жыгып алса эч нерсе болбойт, - деп, камырабай жооп берет.
Бошкойдун ачуусу келип: - Ой ит, Жангарачка катын болуп кирип ал!
– деп, кумсарып бастырып кетет. Байтик жанына эки жигит алып,
Балыкты ээрчитип, Жыламыштын башындагы Жангарачтын үйүнө
барат. Барса, Көк - Шалкыны Жангарач өзү жетелеп, эки жагын карап,
сулуу келбетине таңыркап турган экен. Байтикти көрүп, ачуусу менен
чаап жибереби деп: - Балам, карыганда бир жылкыңа бийлик кылып
койдум, - деген экен. Байтик: - Жылкы ээсин тааптыр, сизге ылайык
мал экен, - дейт. Байтиктин сөзүнө эреркеген Жангарач: - Түш балам,
атыңдан, батамды берейин, - деп, алкоосун айтат. Ошондон кийин, ар
түрдүү иш чыгып калса эле: - Байтикти чакыргылачы, ошо чечип
койсун, - деп калган дейт. Бийлик, ошентип байкалбай Байтиктин
колуна өтүп кетет. Солтону Байтик бийлеп, каалаганын жасап калат.
Бир күнү, Байтик, Пишпектеги Рахматулланын чебине барып келатып:
- Балык, бир нерсени байкадыңбы, Таласка барып элдин малын
уурдап, никелүү аялын ала качып, атагыбызды чыгардык, Коконго
чейин Байтик бар экенин билип калды. Жантайга барып Көк Шалкынысын сурап алып, Жангарачка берип бийликти алып койдук! –
деген экен. - Ой, бийликтин жолу ай, амалың куроой, адамдын
ачкөздүгүндө чек жок тура, өлбөгөн оокат болсо, өчпөгөн от болсо
деп, тилеген адам, жашоо үчүн эмнелерге барбайт. Кудай адамды
өлбөс кылып жаратса да, адамдар бийлик талашып, намыс деп, бирин бири өлтүрүп коѐт тура, ой жалган дүйнөнүн кызыгы ай! – деген экен,
Балык. Байтик, Рахматуллага ошол барышында, солтонун башкы
манабы катары таанышып, достошуп, баласын чептеги молдого дин
окуусуна берип кайтат. Жарым ай өтпөй, Байтиктин баласы үйүнө
качып келет. Эмне келдиң? – десе, үн катпайт. Эптеп жатып иштин
төркүнүн билип: - Рахматулланын шиш толгон экен! – деп, кумсарып
142
отуруп калат. Эртеси жигит ээрчитип, казак кудасы Керим
датканыкына барып түшүп калат. Ал аркылуу, Алма - Атада пристав
болуп турган – Г.А.Колпаковский менен сүйлөшөт. Колпаковский
Байтикти генерал Черняев менен тааныштырат. Ошол учурда, орус
падышачылыгы, казактардын суроосу менен улуу жүз аймагынан
кокондуктарды сүрүп чыгууга киришип калган экен. Эми алар, көп
тартынбай, солто, сарбагышты өздөрүнө кошуп алууга убада берип,
Байтикти жөнөтөт. Ортодон алты ай өткөндөн кийин, Байтик: Рахматулла досум конокко келип кетсин, - деп, киши жиберет.
Рахматулла Байтикке ишенээрин, же, ишенбесин билбей, ойлонуп
турганда: - Байтик, чоң тойго камынып жатат, баласын сүннөткө
отургузат, - деп, барган жигит айта салат. Рахматулла кырк сарбаз
алып барат. Байтик, Баспөлтөктүн тегиз жерине конок үй тиктирип,
Рахматулланы “кубанып” тозуп алат. Ал, мурда камдап койгон беш
жүз жигитти – Бөлөкбай Корчу баатырга башкартып, өзүнүн Байгазы,
Көкүм деген туугандарын кол башчы кылып кошуп берет. Көкүм
Байтиктин Керкашка аргымагын минип бөгүттө турат. Мурдагы
акылдашылган сөз боюнча, Байтик, бардыгы жайланып отургандан
кийин, топусун көтөрүп белги бермек болот. Ал, Рахматулла шек
албасын деп, жайма - жай, ал - жай сурап, үйгө киргизип, кымыз
бердирет. Аттын жанында кайтарып калган эки жигитин болбой үйүнө
кийрип, адарга да кымыз бердирет. Ошол убакта, кызмат кылып
жүргөн илегенчи жигиттин бири, “Аттардын оң жагындагы үзөнгүсү
кыркылды”, - деп, Байтикке шыбырайт. Байтик шарт эле эшикке
чыгып, топусун булгалап, кабар кылат. Аны байкап калган
Рахматулланын сарбаздары да, жанталаша эшикке умтулат. Эшик ага
болуп турган Байтиктин жигиттери аларды чыгарбай тозот. Ага
болбой, беш - алтоо Рахматулланы сүйрөп чыгып, атына көтөрүп
миңгизип жиберет. – Я, алла, - деп кыйкырган Рахматулла, зыркырап
жөнөп калат. Сыртта турган кыргыздын жигиттери шапа - шупа атка
минип кубалайт. Бирок, Рахматулланын күлүк тулпары узагандан узап, кутулуп кетүү коркунучу туулат. Байтиктин чыйпыйы чыгып,
ары жакта Керкашка менен келаткан Көкүмгө кыйкырат. Көкүм,
иштин чатак болуп баратканын билип, Пишпекти карай куушуп
кеткен жигиттердин туурасынан салып, азыркы, шаардын батыш
жагындагы көрүстөн турган жерден Рахматулланы кууп жетип, аттан
ыргыта саят. Кумдун үстүнө кулап түшкөн Рахматулла, Көкүмгө жан
соогалап, жалынып жатканда, Байтик жетип келет: - А, паччагар, жан
таттуу бекен?! – деп, башын ыргыта чабат. Аңгыча артындагы кошун
143
жетип келет. Алар, Рахматулланын жигиттерин колго түшүрүп,
урганын уруп, байлап коюшканын айтат. Байтик, дүүлүгүп калган
кошунду алып, чептин тегерегиндеги чала казактарды чаап кирет.
Чала казактардын негизи: уйгур, өзбек болгон. Алар мурда, Кокон
хандыгы казак, кыргыздарды басып киргенде, казактардын ичине
барып, жакшы жерлерди ээлеп, казактан кыз алып туруп калган
сыпайылар, сарбаздардын тукуму болгон. Аларды жергиликтүү эл
“чала казактар” деп атаган.
Казактар орус падышачылыгына кошулгандан кийин, казак
арасына отурукташкан чала казактарды сүрүп, улам бир чептеги кокон
сарбастарын талкалап киришкенде, кокондук Канат корбашы, 1857 жылы, көп кол менен келип, согушуп, алы жетпей чегинүүгө аргасыз
болот. Ошондо, чалаказактарды көчүрүп келип, Токмоктун,
Бишкектин, Меркинин тегерегинен орун алып берет. Анын ою
боюнча, кокусунан жергиликтүү эл кол салса, чептеги сарбаздарга
жардам бермек, экинчиден: чептеги сарбаздарга кошумча чыпайы
керек болсо, чала казактардан жыйнай коймок. Анын андай амалын,
жергиликтүү эл дагы, уруу башчылары да түшүнүшкөн. Ошондуктан,
Байтик Рахматулланы өлтүргөндөн кийин, чала казактарды чаап, 905
кишисин колго түшүрүп, дүнүйө - мүлкүн талап, малдарын айдап
кетишет. Бул, 1862 - жылы, август айында болгон. Кыргыз
санжырасында жылы, айы так айтылбайт. Муну мен архивдик
материалдардан таптым. Кыргыз жерине, казактан, 1858 - жылы көчүп
келген 184 үй - бүлө, кийин көбөйүп, мал, жаны өскөн. Кыргыздар
менен да, куда - сөөк болуп, аралаша баштаган. Алардын башчысы –
Сарткожо, кашкардык уйгур болгон. Чокан Валиханов, 1857 - жылы,
Кашкарга киргенде, ошол Сарткожонун баласы жол баштап барган.
Байтик чапкандан кийин, Сарткожо өзүнө ээрчиген адамдары менен,
ташкендин жанындагы Кара Сууга көчүп кеткен. Бул жерде
калгандары, кыргыз менен аралашып, кыргыз уругуна айланган. Муну
мен, чалаказактын санжырачысы – Дубанаев Ибрагимдин өз оозунан
уктум.
Байтик Рахматулланы өлтүргөн мезгилде, кокон хандыгынын
ордосунда козголоң болуп, Малабекти өлтүрүп, анын ордуна
Шералынын небереси – Самратканды хан деп жарыялап жиберишкен.
Аны баштаган алайлык адигине уругунан чыккан – Алымбек датка
менен, кыргыз кыпчагы – Өтүмбай бий болгон. Алымбек менен
Өтүмбай бий, Ормондун уулу - Үмөталы аркылуу, түндүк
кыргыздарынын уруу башчылары менен да байланышта турган. Бирок,
144
көп өтпөй, бухар эмиринин жардамы менен Кудаяр хан кайра такка
келип, Малабектен өчүн алган, кунун алган. Алымбекти өлтүрүп,
ордодогу кыргыздарды кубалап чыккан. Ошондой эле, Кудаяр хан,
түндүк кыргыздарды өзүнө тартып, Байтиктин ишин байкамаксан
болуп, Кокондон Атабекти, Рахматулланын ордуна жиберет.
Жантайдын улуу – Шабданды Азрет Султанга (азыркы Түркстан –
З.С.) бек кылып дайындайт. Бирок, Жантай Баякени жиберип,
Шабданды чакыртып алат. Анткени, солто, сарбагыш, таластык
кыргыздар оруска кошулабыз деп, макулдашып коюшкан эле.
Балыктын берген маалыматына караганда, Байтик, Жантай менен
Төрөгелдиге Бөлөкбай Корчу баатырды жиберип, орустар менен
болгон сөздүн жүрүшүн айтып турган. Ал эми, таластагы кытайдан –
Асан Молдо, саруудан – Нурактын уулу Кыдыралы Байтикке келип кетип турган. Алар аркылуу Олуя - Атадагы казактардын башчылары
– Ак Молдо, Кудайберген, Супатай менен да байланышкан. Балык,
Байтиктин тапшырмасы менен 1862 - жылы Таласка барып, ал
жердеги: кушчу, саруу, кытай, мундуз урууларынын жакшылары
менен сүйлөшүп, орустарга кошулабыз, кокондуктардын эзүүсү өтүп
кетти деп, иш жүргүзгөн. Балык, ошол барганында, Ажыбек датканын
небереси – Кыдыралынын үйүндө болуп, минтип ырдаган экен:
Калың эттен ажырап,
Арыганда кез болдук,
Кашка тиштен ажырап,
Карыганда кез болдук.
Жаткан иттей кара бөрк,
Суу болгондо кез болдук.
Мурункудан замана,
Куу болгондо кез болдук.
Кийинки жылы күзүндө генерал Черняев солдаттар менен келип,
Токмок, Бишкек чептеринен кокондуктарды айдап чыгат. Ага
сарбагыш, солто кыргыздары да жардамга барган. Байтикке капитан
деген чин берип, Султан деп атаган. Жантайдын уулу – Манапбайды
Байтикке жардамчы кылып шайлаган. Олуя - Атадагы казактардын
оруска кароосуна көп иш жургузгөн Кудайбергенге майор деген чин
берип, Ак Молдону жардамчы кылган. Ошентип, түндүк кыргыздар,
1863 - жылы, негизинен орус падышачылыгына кошулуп бүткөн.
Бирок, ар бир урууда, уруу башчыларында бирдей ой, бирдей максат,
бирдей түшүнүк болбогон. Бугу уруусу орус падышачылыгына
кошулабыз дегенде, Балбай моюн сунган эмес. Сарбагыштар
145
кошулабыз дегенде, Ормондун Үмөталысы, Адыл каршы чыкты.
Солтодон, Маймыл баш болуп, Көкүм жана анын уулу Чойбектер
кошулбайбызга чыкты. Бирок, булар азчылыкка ээ болуп, өздөрүнүн
гана уруктарын ээрчитүүгө жарай алды. Аларды алдыртадан колдогон
– кокондук кыпчак беги Алымкул болду. Алымкул, 1863 - жылы жай
айында Кудаяр ханды кайрадан тактан кулаткан, анын ордуна 12
жаштагы Кудаярдын баласын коѐ коюп, бийликти өзү алган.
Алымкулдун колдоосу көпкө созулган жок. Бир жылдан кийин ал,
өзүнүн дайнын таппай калды. 1866 - жылы, Байтик Маймылды, АлаБелди ашып, кокон ханы жакка качып баратканда, орустарга кармап
берди. 1868 - жылы, Үмөталы, саяк Осмон, Чаргын орустарга баш
ийгенин билдирди. 1870 - жылы, Балбайды, киши өлтүрдү деген
шылтоо менен, орус солдаттары кармап кетти, ал – Алматыда өлдү.
Архивдик материалга караганда, Байтик Канай уулу, 1867 - жылы
Орто Азия өкүлдөрү менен падыша сарайында болуп, Станислава
үчүнчү даражадагы ордени жана брилиант шакеги менен сыйланган.
Ошол учурда, Кетмен Төбөлүк саяктын бир манабы – Жусуп,
Рыскулбек менен (Бешкамандын атасы – С.З.) уруша кетип, 50-60
түтүн эли менен солтого кире качкан. Ага жини келген Рыскулбек: Менин букарамды кайрып бер! – деп, Байтикке кайрылат. Байтик: Алма - Атага баратам, кайра келгенде чечелик, - деп, келген жигитин
жөнөтөт. Бирок, Байтик келгенче, Жусуп бир канча жигит менен түн
катып барып, Рыскулбектин 400 жылкысын тийип кетет. Рыскулбек,
бул, Байтик колдуу болду деп, Ала Белге көчүп кетет. Байтик Алма
Атадан келгенден кийин, иштин бузулуп калганын угуп, Жусупту
кошуп, 300 киши менен Ала Белге, Рыскулбектикине барат. Ал, дагы
чапканы келген экен деп, кыйкырык салып, чабыш башталып кетет.
Солтодон беш киши жарадар болот, Жусуп дайынсыз жоголот, Байтик
жеңилип кайтат. Байтик айлына келип: солто, саруу, кушчудан 4 миң
кол жыйнап, Беш Ташта жаткан Рыскулбекти катуу чабат.
Рыскулбектин айлынан 15 киши өлөт. Ал арызданып, Олуя Атадагы
орустун пристабына кайрылат. Ал солдаттарын жиберип, Байтикти
айдатып келип камайт. Байтиктин ишин съездде карамак болот. Ошол
учурда, Алма Атадан Ташкенге өтүп бараткан К.П.фон Кауфман Олуя
Атага токтоп, Байтиктин жайын приставдан угуп калат. Ал: - Мен
жооп берем, бошоткула, Байтик бизге көп кызмат кылган, - деп, коѐ
бердирет. Муну, өз көзү менен көргөн – Харузин деген окумуштуу
жазып калтырган. Ал макала: “Байтук-батурь” деп аталат.
“Туркестанский ведомость” деген газетанын 1872 - жылкы, 43 -
146
номеринде чыккан. Ал мурда, 1867 - жылы, өзүнчө да чыккан экен.
Кыргыз санжырасында бул башкача айтылат. Байтик бийликке келип
орустар менен байланыш түзүп бир топ ийгиликке жетишкенден
кийин, мурда атасы жайлап жүргөн: Мерке, Ашмара, Каракол жеринен
башка жерге көчүүнү ойлойт. Мурдагы жерлерге улуу агалары
Бошкой. Байсеит, Сатылганды коюп, өзү Аларчанын өрөөнүнүн
ылдый жагы – Чуга чейин созулган жерди: “Мага ылайыктуу экен”, деп, ээлеп алат. Өзү менен кошо, Бошкой агасынын Өзбек деген
баласын кошо көчүрүп келет. Мурда бул жерди, Солтонун Күнтуу,
Култуу уруктары жайлашчу. Алардын каршы чыкканына болбой: Кааласам, силерди башка жакка көчүрүп жиберем, - деп, опузалайт.
Күнтуу, Култуу Солтонун улуу балдарынан болгонуна карабастан,
Чаадан тараган Бөлөкбай, Талкандын тукумунан алда канча аз болуп,
алардан чыккан манаптарга көз каранды болушкан. Байтик аны менен
эле чектелип калбастан, мурда жайлап жүргөн – Суусамыр, Ала Бел
жайлоолорун да кеңеткиси келип, Кетмен - Төбөлүк: түнкатар, түнтөй
саяктарын башкарып, Суусамырдын, Ала Белдин көп жерин ээлеп
турган Рыскулбекке жер сурап киши жиберет. Кыргыз
санжырачыларынын айтканына караганда, Байтик, Рыскулбекке –
Күнтуулук Рысбек чеченди жана кушчу Нусупту жиберген. Байтик
Рысбекке ишеним көрсөтүү менен, күнтууну өзүнө тарткысы келген.
Ага кушчудан өкүл кошкондо, Рыскулбекке солто жалгыз эмес экенин
түшүндүргүсү келген. Рыскулбек Байтиктен келген кишилерди жакшы
кабыл алып, алардын кандай иш менен келгенин укканда ого бетер
сүйүнүп: - Жер жетет, каалаган жерин жайлай берсин, - деп, жөнөткөн.
Рыскулбек дагы Байтик менен мамилени чыңдоону көздөгөн. Бирок,
Рыскулбекке барган эки элчи бул ишти бузгусу келген. Ал экөө тең
Байтикти ичинен жек көрүшкөнү менен, сыртынан эч нерсе айтышкан
эмес. Орто жолго келгенде гана кушчу Нусуп: - Рыскулбектин берген
жообун мен айтайын, сиз ушул туура деп, башыңызды ийкеп коѐ
аласызбы? – деген. Анын оюн түшүнө койгон Рысбек: “Мен,
макулмун”, - деген. Ошентип, экөө Байтикке келгенде, көңүлдөрү
чогүңкү киришкен. – Жол болдубу? – деген Байтиктин суроосуна, баш
чайкап жооп беришет. – Эмне деди? – дейт, Байтиктин ачуусу келип.
Эмне дегени курусун! – дейт. Нусуп, Байтик ого бетер ачууланып: Айтпайсыңарбы, жүрөк айрылса да! – дейт. – Баатыр, айта турган сөз
эмес, Рыскулбек көөп калыптыр, тогото турган эмес, дешет.- Болгонун
болгондой айт! – дейт Байтик. Нусуп калтаарыган болуп:
- Айгыр эмес ат эмес -
147
Аңги кулга салам де.
Кыргыз эмес, сарт эмес –
Маңги кулга салам де, Байтик жер сураганга жетишип калыптырбы? Менин ушул сөзүмдү
төкпөй-чачпай айтып бар, - деп, шылдың кылып айдады, - дейт.
Байтиктин көзүнөн чаары чыгып, Рысбекке карайт. Ал, “ушунтти” деп,
башын ийкеп коѐт.
Бул айтылган сөздө, Байтикке Рахматулла тараптан айтылган оор
шылдыңдын илеби калган. Байтик Рахматулланы өлтүргөн менен,
“Рахматулла Байтиктин баласын кордоптур”, - деген эл сөзү, өмүр бою
кала берген. Аны Байтик эртедир-кечтир, бирөөдөн угам го деп,
жүргөн. Ошол сөздү укканда: - Мен аны чабам, өлтүрөм! – деп, Байтик
чаңырып жиберет. Көп узабай, көп кол менен барып, Рыскулбекти
чаап: - Бербеген чөбүң ушулбу? – деп, Ала Белдин бетегесин жулуп
алып, Рыскулбектин оозуна тыккан, - дейт. Кийин, Рыскулбектин
орустарга даттанып келгени бирдей айтылат. Бирок, “Укпайт деп ушак
айтпа, билбейт деп ууру кылба”, - дегендей, Рысбек менен Нусуптун
Байтикке жалган айтып барган сөзү билинип калып: кек тутуп,
күнтуунун жерин, Россиядан келген орустарга сатып, орус
генералдары менен сүйлөшүп, өздөштүрүлбөй жаткан жер көп деп,
Күнтуунун элин Тогуз Торого көчүртөт. Бир эле чагым сөз менен,
бүтүндөй бир урук, караламан эл тентип, эзелки жеринен оойт. Күнтуу
уругу барган жеринде малынан ажырап (кышта жутта кырылган –
С.З.), үч-төрт жылдан кийин, кайра келишкен. Ошентип, кыргын сүргүн, чыр - чатак менен Байтиктин доору да өттү. Ал, бийликти алам
деп, алдоого, уурулукка, каракчылыкка да барды. Бийликти алып эл
башкарды, амал менен иш бүтүрүп, мансапка жетти. Мансап да,
бийлик да, атак - даңк да аны кармап кала алган жок. Өлүм алдында
кечээ гана атка мингендей, кечээ гана бийликке жеткендей болуп,
кумары канбай кете берди. Анын өлүгү, 1886 - жылы, Байтиктин
басбөлтөгү деп, аталып калган жерге коюлган.
- Оомат кетет баш калат,
Осмо кетет каш калат.
Байтик өлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин, күзүндө ашы берилет.
Аш байгесине чабыла турган күлүктөр – 400 болуп, кырк миңдей
киши келген дейт. Ашты, Байтиктин уулу – Байсал башкарып, энеси –
Апар байбичеден акыл сурап турган экен. Апар, ат чабыла турган
болгондо, акырын басып чыгып: - Балам, канча ат болду? – деп,
сураган экен. – Төрт жүз – деп, жооп берет. – Анда, бир күлүктү алып
148
койгула, - дейт. – Эмне үчүн антебиз, апа? – дейт, Байсал. – Ээ, балам,
ошону түшүнбөйсүңбү, төрт жүз деген – төрт жүз да, бир атын алып
койсоң, Байтиктин ашында үч жүз токсон тогуз ат чабылыптыр деп,
ооз толо айтылат, - деген экен. Ал, экинчи жолу баласына карап: - Баш
байгеге эмне коюлду? – дейт. Шашкан баласы: - Солтонун бүт малы, деп, жибериптир. – Аа, жакшы болуптур. Базарга барсаң – бактыңан
көр деген туура, кылыптырсың, - деп, басып кеткен, - дейт. Байтиктин
ашында, Байтиктин керкашка аргымагы чыгып, солтонун малы
таланбай калган деп, айтылат. Апар, ошол эки сөзү менен элге алынып
- акылман байбиче аталып калган.
ҤМӨТАЛЫ ЖӨНҤНДӨГҤ АҢЫЗ СӨЗДӨР
Адамдар: мүнөз, жүрүш - турушунан, кылган иштери менен бирибиринен айырмаланып турушат. Кыргыз санжырасында, дал ушундай,
өзүнүн мүнөзү, кылган иштери менен башкалардан айырмаланып
турган инсандын бири - Үмөталы. Ормондун опузасы - белгилүү бир
ишти жеңил бүтүрүү үчүн колдонулса, Үмөталынын иштеген иштери чар - жайыт, капысынан эле максатсыз иштелгендей сезилет. Калпы чынын ким билет, Үмөталы үйлөнгөндө, алты кызды өлтүрүп,
жетинчи кызга үйлөнгөн, деген уламыш айтылат. Ормон - Ормон
болуп турганда, Үмөталыны кудалап, колуктуңду көрүп кел деп
жиберет. Ал: - Жакты, алса болот, - деп коюп эле, колуктусун алып
келген күнү өлтүрүп коѐт. Ошентип отуруп, жетинчи аялы менен гана
жашап калган дейт. Муну билүүгө кызыккандар, Үмөталыдан сурай
албайт. Акыры бул окуяны аялы аркылуу билмек болушуп, теңтуш
келиндерди жиберет. Үмөталынын аялы, ал сырды чечип берет. Көрсө,
Үмөталы, колуктусунун жуурканды капталынан ачып, аны менен тең
адамдай жатканын туура көрчү эмес экен.Үмөталынын жетинчи аялы,
жууркандын аягынан сойлоп кирип, Үмөталынын жанына жатып аман
калат.
Үмөталы өтө карамүртөс болгон. Бир жолу, эл жайлоого көчүп
баратканда, бир кемпир: - Ой, Үмөталы, - ой... Үмөталы! - деп,
кыйкырат. Үмөталы кемпирдин жанына барып: - Эмне чакырдыңыз? дейт. - Мен сизди чакырган жокмун, өз уулумду чакырдым жалгыз
бала курусун, тентек ойноп калат, - дейт. Аңгыча, 8-9 жаштагы бала
эңтеңдеп чуркап келип: - Эмне чакырдың, апа? - дейт. - Мен
чакырттым, бери кел, - дейт да, Үмөталы, чакырткан баланын башын
ыргыта чабат.
149
- Бир гана Үмөталы болуш керек, - деп, эси ооп калган кемпирди
акырая карап, бастырып кетет.
Анын мындай зөөкүрдүк иштери көп болгон. Бир жолу, ал, өзүнүн
13 - 14 жашка чыгып калган кызы ычкыр согуп отурганын көрөт. Ал
мезгилде кыздар ычкырды кооздоп согуп, башын чачпак кылып,
сүйгөн жигиттерине белек катары берчи экен. Үмөталы кызын ычкыр
согуп бүткөнчө байкап жүрөт. Бир күнү, баягы ычкырды өзүнүн
колуна суу куюп жүргөн жигиттин белинен көрөт. Ал жигит, качандыр
бир мезгилде сарбагыштардын ичине туруп калган кытай уругунан
экен. Үмөталы ал жигитти, эне - атасы, ага - туугандары менен
өлтүрүп таштайт. Анын дагы бир кылыгы, мыкты жоргону минип,
колуна такай чочмор алып жүрчү экен. Алдынан жолуккан адамга
капыстан катуу кыйкырып салам айтчу дейт. Ал киши чочуп кетсе, же
алактап шашып калса, күлүп өтүп кетчү. Эгерде жай алик алып,
камырабай калса, сен чочуганды билбейт экенсиң, - деп, чочмор менен
ыргыта чаап кете берүүчү экен.
Үмөталы жөнүндөгү мындай аңыздар элде көп айтылат, 1854 жылы, Ормон бугулар тараптан өлтүрүлгөндөн кийин, анын
карамүртөстүгү абдан ашынып кеткен. Ормондун кунун алабыз деген
шылтоо менен, сарбагыш уруусунун жигиттерин көкүтүп, тынымсыз
мал тийип, элди чаап турган. 1856 - жылы, 21 - сентябрда, орус
окумуштуусу П.П.Семенов - Тянь Шанский Үмөталынын үйүнө келип,
бугулар менен жарашкыла десе болгон эмес. Ал эми, 1857 - жылы, жай
айында кайра келгенде, ошонун алдында эле бугунун кыдык уругун
чаап, 600 кишисин өлтүрүп, 1200 кишисин колго түшүрүп кеткен
болот. Кыдык уругунун башчысы – Самсалы Сөөктү ашып,
Боронбайга келет. Үмөталы орустарга кошулгусу келген эмес, ал,
өзүнө баш ийген элди коркутуп - үркүтүп, Ак Талаа аркылуу Бычанды
басып, Көк Артты ашып, Өзгөндөгү кара багыштарга барып кошулган.
Алайдагы Алымбек датка менен байланыш түзүп, Кокондогу
Малаханга кызмат кылам деп, ант берген. Ал түгүл, 1860 - жылы
октябрде болгон, кокондуктар менен орус аскерлеринин Узун
Агачтагы согушунда: сарбагыштардан Үмөталы, солтодон Көрчү кол
курап, Канат Шаанын жана Алымбек датканын колуна кошулушкан.
Бирок, Узун Агачтагы согушта, колунун көптүгүнө карабай
кокондуктар катуу жеңилген. Ошондон кийин Үмөталы, Тайлак
баатырдын уулу - Осмон менен достошуп, Ак Талаадагы Куртка чебин
башкарып турган Кокондун беги - Мамыразак менен жакшы мамиле
түзүп, Соң Көлдү жайлап туруп калат. Бирок, ал тынч жатпастан, эки
150
Нарындын башындагы бугулардын тыным - сейит уругуна, Ат
Башыны жердеген чериктерге, Ат Талааны жердеген саяктарга кез кез чабуул жазап, малын алып турган. Ал, ар дайым кымыздан арак
тартып ичип, кызуу жүргөн. Анын мындай абалда жүргөнүн, ошол
мезгилде Үмөталыга жолуккан орус саякатчылары көп эскертет. Ал,
1863 - жылы, Соң Көлгө жакын жердеп орус армиясынын
чалгынчылары менен согушуп, жеңилип калат да, эки Нарындын
башы аркылуу, Ат Башыга өтүп кетет. Ат Башыдан ал, Кашкар ханына
киши жиберип, анын кожолугуна өткүсү келген. Бирок, ал,
Үмөталынын туруксуздугун мурдатан билген неме экен, такыр
жолотпой коѐт. Айласы куруган Үмөталы, 1868 - жылы, орустарга
кошулгусу келип, Акташ деген баласын ээрчитип, Оттук суусунун
боюнда, изилдөө иштерин жүрүгүзүп жүргөн Н.А.Северцевге өзү
келет. Н.А.Северцев Үмөталыны: 60ка барып калган, толук, аксап
баскан адам экен, эт жебей, арак ичпей калыптыр, ооруп жүрүптүр,
айранга талкан чалып ичип, момурап отурду – дейт. Окумуштуу, ошол
эле эскермесинде, Ормон ортоңку Тянь - Шандын - Ахил баатыры
болсо, Үмөталы – амалкөй, куу Одессияга окшоп турду, анын
жортуулдары ар убакта жеңиштүү болгон, - дейт.
Элдик санжырачыларындын айрымдары, Үмөталыга негизинен,
Борукчу менен Эсенкул тукуму караган деп, маалымат беришет.
Анткени, сарбагыштардын айрым манаптары: Жантай, Төрөгелди,
Шамен, Үмөталыдан өздөрүн жогору коюшуп, баш ийген эмес, алар –
Үмөталынын атасы Ормондун убагында таасирдүү манаптар болгон.
Ошентип, Үмөталынын орустарга кошулушу менен, ал жөнүндөгү
аңыз сөздөр да унуткарылып кала берген.
ЖАНТАЙ УУЛУ ШАБДАН ЖӨНҤНДӨГҤ БАЯН
Кокон хандыгы кыргыздарды караткандан кийин, кыргыздар
козголуп кетпесин деп, таасирдүү манаптардын балдарын “эшик ага
бек” деп, хан ордосуна алып, ордодо болуучу оюн - шоок, кабыл
улууга катыштырып турган. Аларды, ордодо бир - эки жыл тургузуп:
ишке үйрөнүп ханга берилген, жаккан “эшик ага бекти” айрым
шаарларга бек кылып жиберип турган. Ошондой “эшик ага бек”
катары, 1860 - жылдары, Кокондогу ордодо кыргыздардан – төртөө
турган. Биринчиси, алайлык адигине уруусунун баргы уругунан
чыккан - Алымбек, экинчиси сарбагыш уруусунун тынай уругунан
чыккан - Шабдан, үчүнчүсү, солто уругусунун талкан уругунан
151
чыккан - Байсеит, төртүнчүсү, бугу уруусунан чыккан - Кыдыр
болгон. Булардын ичинен – Алымбек, датка деген атак алып,
Кудаярдан кийин такка келген Малабекти өлтүрүүгө катышкан.
Шабдан Кудаяр ханга жагып калып, Азрет Султанга (Түркестан) – бек
катары шайланып келет. Бирок, анда иштебей, атасынын таасири
менен орустарга кошулуп, өмүрүнүн аягына чейин алардын көп
кызматын кылган.
Шабдандын тарыхы, санжырасы, Осмоналы Сыдыков (Кыдыков –
С.З.) тарабынан жазылып, 1914 - жылы, Уфадан басылып чыккан.
Андан башка, Шабдандын өз оозунан, орус тарыхчысы – Н.А.Аристов
жазып алган өмүр баяны, Ленинграддын герографиялык коомунун
архивинде сакталып турат. Ошондуктан, мен аларда жазылган
нерселерди кайталабай, кыргыздын оозеки санжырасында кандай
айтылат – ошолорго токтолуп өтөм. Айрым учурларда тактык үчүн
архивдик материалдарга кайрылууга туура келет.
Карабек уулу Жантайдын: Маамыт, Төрө, Шабдан деген уулдары
болгонун мурда баяндаган элек. “Ата - балага сынчы болот” дегендей,
Жантай бул уулдарынын ичинен Шабданды өйдө көрүп, кичинесинен
эле катыксын деп койчусуна бергени маалим. Беш жашында берген
баласын тогуз жашында колуна алат. Эресеге жетип, көзгө көрүнө
баштаганда Кокон ханынын Бишкекке койгон беги – Атабек,
Шабданды эшик ага бек катары Кокон ханына жиберет. Ошол учурда,
Кокондо – Малабек, хан болуп турган. Ал, Шабданга, күмүштөгөн
кылыч жана халат берип сыйлап, өз жагына тартып, ал аркылуу
түндүк кыргыздарды өзүнө тартууну ойлогон. Ошол учурда, Узун
Агачта, орустар менен кокон хандыгынын кагылышы болуп, ага
Канатшааны баш кылып көп кошун жиберген. Экинчи колду Алымбек
баштап келген. Ага сарбагыштан Үмөталы, Төрөгелди, саяктан
Тайлактын уулу Осмон, солто ичинен бөлөкбайлык Корчу баатыр
катышкан деген кеп бар. Кокондон келген Канат шаа менен
Алымбектин ортосунда тымызын бийлик талашуу болуп, бири бирине баш ийгиси келбей, бирок аны сездирбөөгө аракет кылып, так
согуш мезгилинде бирдик болбой калган. Алымбек Узун Агачка эки
күн кечигип барып, канат шаанын колунун орустардан талкаланып
качып жатканынын үстүнө чыгат. Алымбек Канат шаа чегинип
жатканда кошо жүрө берет. Бирок, Коконго барганда, экөө хандын
алдында “сен кылдың, мен кылдым”, - деп, айтышып, катуу кетип
калат. Малабек ачык айтпаган менен Канат шааны жактаганын
билгизип коѐт. Ага ачуусу келген Алымбек, Кокондогу эшик ага бек
152
болуп турган кыргыздарды уюштуруп, алдыртадан кыпчак беги –
Үмөт бий менен сүйлөшүп, Малабекти өлтүрүп, ордуна Шералынын
небереси – Шакмуратты хан көтөрө койгонун, мурда айткан элек. Дал
ошол учурда Шабдан, атама учурашып келейин деген шылтоо менен
айлына жөнөйт. Ал убакта, Бишкектеги чепте Рахматулла бек болуп
турган эле. Ал, “сенин атаң Жантай, орустарга кошулам деп, элди,
антты, динди бузду”, - деп, шабданды Бишкектеги зынданга салып
коѐт. Шабдан ал жерден Баяке деген жигитинин жардамы менен качып
чыгат. Кийин, Рахматулланын жарашалык деп жиберген жигитин
өлтүрүп, биротоло Кокондон кол үзөт. Ошол жылдын жайында
Байтик, Рахматулланы алдап чакырып өлтүрүп коѐт. 1862 - жылы
күзүндө, орус падышасынын аскерлерин Колпаковский баштап
келгенде, Байтик, Шабдан көп кол менен аларга жардам берген. Орус
аскеринин Бишкек, Мерки чептерин алганына катышкан экен.
Кокондуктардын кол башчысы - Пасим кулакты - Шабдан, Алишерди
- Баяке өлтүргөн деген, кеп бар.
Кийин, орустардын колуна жол көрсөтүп, Ташкенден тартып көп
сыйлыктарды алат. Шабдандын өзүнүн Аристовго айтып бергенине
караганда, орустар ар бир шаарды алган сайын Шабданга сыйлык
катары - 500 сомдон. 1000 сомдон алтын акча берип турган. 1875 жылы Кауфман менен Коконго аттанган. Ал, орустардын атынан
Каратегин шаарына барып, чек тактаган. Дал ушул элчилиги үчүн
Кауфман Шабданга - 2000 сом, сыйлык бердирет. 1880 - жылы, Ат
Башыга кирип келген кытай аскерлерине Шабданды кол башчы кылып
жиберет. Аларды талкалагандан кийин, Шабданга, орустар алтын
медаль беришкен. 1883 - жылы, генерал Колпаковскийдин суранышы
менен, орус падышасы Шабданга - “войсковой старшина” деген чин
берген. Ал, 1912 - жылы, 72 жашында, жазында өлгөн. Анын сүрөтүн
басып, “Туркестанская ведомость” деген газетага некрологун
жарыялаган. Ошол эле жылы, күзүндө ашы берилген.
Эл
санжырасында,
Шабдандын
өмүрүндөгү
окуяларга
байланыштуу бир канча уламыштар айтылат. Анын бири, Шабдандын
кең пейил жана жоомарттыгы. Шабданга жолдон кайырчы, дубана
жолукса ат мингизип, чепкен жапкан дейт. Эгерде, жанында ат берүү
мумкүнчүлүгү болбой калса, алтын акча берип, ал түгүл минип турган
жоргосун берип кеткен деп, айтылат. Мындай уламышта, чындык да,
апыртуу да бар. Чындыгы мында: Шабдан атактуу манап болуп, көп
маселени чечип турган. Эл арасында тынымсыз болуп турган эриш
бузуу, эр өлтүрүү, уурулук, доо айыбы, барымта жана башка ишти
153
чечүүгө көп катышкан. Ар жерден Шабданга жагынууга аракет
кылгандар же пара беришкен. Алар берген чепкенди, же, мингизген
жоргону, ошол жерден жолуккан бей - бечараларга кармата берүү Шабдандын адаты болгон. Ал, андай мамилеси менен карапайым элди
өзүнө тарткан. Ошонусу менен бир дубанага берген ат, кайра он ат
болуп өзүнө кайрыла турганын түшүнгөн. Шабдандын минип турган
жоргосунан түшүп бергени – апыртуу болуп саналат. Ал, бирөөнүн
эсебинен март болуп көрүнгөнүн, көп эле жолуктурабыз. Аны, мындай
бир окуя да далилдейт.
Кадимки Калмырза акын – Найманбай акындын шекирти болгон.
Ал, Найманбай акын менен солто элинде жүргөн. Кезегинде абдан
шок болуп, жалаң эле ыр ырдап, шапар теппестен, чомун ойногон,
кумар оюнуна кызыккан. Ошентип, карта ойноп жүрүп, беш жүз теңге
карыз болуп калат. Айласы кеткенде, Шабданды март дейт, ушуга
барып бир арманымды айтып көрөйүнчү деп жөнөп калат. Жолдон ага,
Эсперген деген казактын сокур ырчысы жолугат. Ага сырын айтып,
аны да ээрчитип алат. Ошол учурда, Шабдан Токмоктун үстүндө, Он
бир жылгада, Мамбеталы манаптын үйүндө конокто отурган экен.
Ээрчишкен эки ырчы салам айтып кирет. Эсперген:
Баатыр Шабдан аманбы,
Кудайым сүйүп кез келгем.
Кудайым сүйгөн адамга
Эки чырак көз берген,
Мендей азиз адамга.
Эптеп оокат кылсын деп,
Эки ооз гана сөз берген.
Баатыр, чыкса ырыскы,
Терейин деп келемин.
Кабыл алса батамды,
Берейин деп келемин,- деп, көпкө ырдайт. Шабдан, Сооронбайдын - Дүрүн карап: Тигил бечарага ат мингизип, чепкен жаап койгулачы, - деп коѐт. Ал
сөз, ошол эле замат аткарылат. Анда, Калмырза акын:
Баатыр Шабдан аманбы?
Баарына айтам саламды.
Казактан келген ырчынын.
Артында мен каламбы?
Көкүрөгү көрбөсө,
Көз көрүүдөн не пайда.
154
Өскөн элин көрбөсө,
Өзгөрүүдөн не пайда.
Өнөр, билим билбесе,
Өзгө уруудан не пайда.
Наадандыкта жуурулган,
Казак, кыргыз ар сайда.
Көлгө көпүрө болчудай
Баатыр, өзүндө болгон жан кайда?
Баатыр, сага арзым бар
Беш жүз теңге карызым бар.
Чомун ойноп чоңкойдум,
Карта ойноп карыдым,
Кайдан жүрүп жарыдым.
Менин түпкү тегим Сарбагыш,
Кулунуң тентип жүргөнү,
Бууданым сага чоң намыс,дейт. Шабдан, Мамбеталыны карап: - Сен, Калмырзаны карызынан
куткарып койчу, - дейт. Ал убакта беш теңгеге (теңге – 20 тыйын –
С.З.) бир кой берүүчү экен. Мамбеталы байлардан, элден жыйнап, беш
жүз теңгени Калмырзага берет. Шабдандын мындай “марттыгы” кайра
өзүнө кадыр барк алып келген.
Кыргыз санжырасында, Шабдандын Курманжан датканы алам деп,
барганы жөнүндө да, аңыз кеп айтылат. Ал уламыштарга караганда
Шабдан, Алымбек датка менен Кокон хандыгында эшик ага бек болуп
бирге иштешкен. Ошол учурда, Алымбекти аке тутуп, алар менен
катнашта турган. Кийин, Алымбек датканы Кокон хандыгы өлтүрүп
койгондо, жесир калган аялын Шабдан алмак болот. Ага акыл берген
айыл аксакалы: - Шабдан, сен ага үйлөнсөң, Адигине, Тагайдын
тукумун бүт бийлейсиң? – деген дейт. Шабдан ал сөзгө макул болуп
жанына баягы акылман карыяны алып барган экен. Шабдандын келе
турганын угуп калган Курмашжан датка, өзүнчө конок үй тигип
тоскон дейт. Ошол учурда, Шабдандын үстүнө Курманжан датка
келип: - Кайним, дуба кылганы ушунча кечигип келесиңби? – деген
дейт. Шабдан, шашып кетип: - Келиңиз эже, - деп, тура калган экен.
Курмашжан кеткенден кийин, Шабдандын жанындагы аксакал: Болбой калды, аялга эркектин турганы бастык болот, - деп, барган
ишин айттырбай, конок болуп, жөнөп кетишкен, - дейт. Бул сөз
канчалык ишенимдүү айтылса да, тарыхый фактыларды билген адамга
калп болуп калат. Анткени, далилдүү фактыларга караганда,
155
Курманжан датка 1811 - жылы туулган. Шабдан 1840 - жылы туулган.
Курманжан Шабдандан 29 жаш улуу болгон. Экинчиден, Шабдан
Алайга, 1876 - жылы, жай айында, орус падышачылыгынын аскерлери
менен барып, Курманжандын уулу Абдылдабек менен салгылашкан.
Абдылдабек, ошондон кийин, Кызыл Арт, Талдыкты ашып, Ооганга
өтүп кеткен. Оогандан, Мекеге баратып өлдү деген кеп бар. Шабдан
ошол барганында Курманжан даткага жолугуп, конок болгон. Ошондо
Курманжан - 65 жашка чыгып клган кемпир болгон. Шабдан 36
жаштагы кези. Мындай айырмачылыкта үйлөнүү жөнүндө сөз болушу
мүмкүн эмес. Бирок, Курманжандын: - Кайним, акеңе, дува кылганы
кеч келдиң го? – дегени туура болушу ыктымал. Курманжан Алай
өрөөнүнө абдан таасирдүү болгон. Ал, акылдуулугу менен элге
алынып, мамлекеттик иштерди чечкенге катышкан. Кичи Алай, Чоң
Алай, Күлчө, Кара Кулжа, Өзгөн, Ноокат кыргыздарына айткан сөзү
эм болуп, бүткүл Адигине уруусу: баргы, сарттар, сары баргы, жору,
бөрү, жапалак, ал түгүл аларга жамаатташ жашаган басыз, кара багыш,
моңолдор да анын сөзүн угушкан. Ошондуктан, тоолук кыргыздар
Кокон
ханынын
карамагында
турганда,
кийин,
Россия
падышачылыгына багынганда да, аны менен эсептешип турушкан.
Кокондуктар ага датка деген атак берсе, орустар “Алай канышасы”
деп аташкан. Мындай таасирдүү адамдар менен жакшы мамиледе
болуу Шабданга да урмат - сый алып келмек.
Шабдан жөнүндө айтылган дагы бир уламыш мындай: Солто
уруусунун талкан уругунан чыккан, кадимки Аблай ханга элчи болгон
Түлөбердинин бир уулу – Канай баатырдын, Бошкой деген уулунун –
Өзбек деген баласы – чоң бай, соодагер, сүткор болгон. Кыргыз эли
орус падышачылыгына карагандан кийин, биринчилерден болуп
балдарын орусча окутуп, Петербург, Омски, Томскиге жиберип, соода
жүргүзүп, банкка акча кармап, кербендерди түш тарапка жөнөтүп
турган. Петербургдагы архитекторлор менен байланышып, там үй
курдурат. Элдин айтканына караганда, Өзбек бай алты жерге, алтыжети бөлмөлүү келишкен үйлөрдү тургуздурган. Өзбек байдын жашоо
шарты да башкаларга көп окшобогон. Мурдагы байлардай жайлоого
чыкпай, үйүнүн тегерегине алма бак тиктирип, арак, бозо ичип жанын
жыргаткан. Ал убакта кыргыз арасында арак ичкен адам аз болгон.
Чоң манаптар гана ичип, жалпы эл – кымыз менен бозодон башка
ичпеген. Ошол, Өзбек бай аракты, карыганда мурдагыдай көтөрө
албай алжый баштаганда, үй - жайлуу болуп калган балдары кой десе
болбойт. Эми муну кантип койдурабыз, кимдин тилин алат деп
156
ойлонуп отуруп, бул, бир тилин алса, Шабдандын тилин алат деп,
Шабданга киши жиберет. Шабдандын аялы – Жангарачтын кызы
болгондуктан, Өзбекке күйөө бала болуп калат. Ошол Өзбек чакыртып
жатат дегенде, кайнагада кандай шашылыш иш чыгып калды деп,
Шабдан келип түшүп калат. Өзбектин балдары жездесине болгон
ишти баяндап, түшүндүрө коѐт. Аны билбеген Өзбек, эки күн
коноктоп, жаңылыктарды сурап, эмне жумуштап келгенин кыйытып
билдирет. Шабдан жылмайып күлүп: - Эки жакта жүрүп чарчадым, эс
алайын деп, келдим, - дейт. – Олда, кызыл дубанам ай, сен эс алам
десең, жок, деген кыргыз бар бекен, - деп Өзбек карс - карс күлөт.
Өзбек, Шабдандан 6-7 жаш улуу болгону менен, Шабданды
жакшы теңтушундай көрүп, көңүл иштерин да жашырбай сүйлөшө
берүүчү экен. Эртеси Өзбек бай, Аларчанын ичине Шабданга арнап үй
тиктирип, чай - кымызын куюп берет деп, күнтуу элинен тандатып
жүрүп бир келинди алып келет. Эл арасында: “Күнтуунун аты – күлүк,
кызы – сулуу чыгат”, - деп, Санчы сынчы айткан экен деген, кеп бар.
Шабдан жаткан үйдү, алыстан ак таяктарга (часовой – С.З.) кайтартып
коѐт. Арадан жарым ай өткөндөн кийин, Өзбек бай Шабданга келип: кандай? – деп, сурайт. – Жакшы, мен сага ыраазымын, - деп, жооп
берет Шабдан. Өзбек менен Шабдандын ошол мезгилде, алтымыштан
ашып калган мезгилдери экен. – Жакшы экенин билип турам, деги
кандай экен, - деп, Өзбек суроосун кайталайт. – Мен сага ыразымын
дебедимби, абдан жакшы. – Олда баатыр ай, кичине бир адамдын
көңүлүн көтөрүп, жанын жыргатып, сүрөттөп айтып берсең боло?! –
дейт.
- Сүрөтөгөндө эмне, жаш болгон менен мага ыкласы түштү, менин
да ыкласым түштү. Келинди чечинтсем, дене түзүлүшү, сымбаты
ушунчалык сулуу экен, жан сезимимди, акыл сезимимди жеңди.
Айбандык лаззатан качып, дүйнөгө ушунчалык сулуу, кооз жаралган
нерсени булгабайын, деп, кайра кийиндирип койдум. Ушундай
сулууну көрсөткөн сага ыразымын, - дейт.
Ошондо, Өзбек бай жерди бир муштап: - Ай баатыр ай, ай баатыр ай! – деп отуруп калган дейт.
Эртеси күнү, Шабдан: - Сапар карыды бай, кетейин, - дейт. Өзбек,
бир нерседен шексинип: - Бир жумуштап келип жүрбө? – дейт. Ооба,
бир нерсе сурап келдим, берем десең айтам, бербесең айтпай эле
коѐюн – дейт, Шабдан.
157
Акча, алтындан башка эмне сурамак эле, деген Өзбек бай –
берейин, кызыл дубанам, - дейт. (Шабдан эки жакка көп
жүргөндүктөн, айрым жолдоштору “кызыл дубана” деп коюшчу экен).
- Бере турган болсоң, ичкилигиңди сурап келдим, байгамбар
жашына келип калдың, ташта, - дейт. Өзбек бай, көпкө ойлонуп
отуруп калат да: - Мен дагы сенден бир нерсе сурайын, ошону берсең
мен ичкилигимди таштайын, - дейт. - Сура, берейин, - дейт, Шабдан.
- Анда, сен, эл жегениңди, ташта.
Шабдан макул болот. Ошондон кийин Өзбек бай ичкилик ичкенин
таштап, Байтиктин басбөлтөгүнө чыгып, эки жакты карап, шалдырап
отуруп калган, - дейт.
Арадан үч айча өтүп, Өзбек бай дөбөдө отурса, Бишкектин жолу
чаңдап, Кемин тарапка мал айдап бараткан адам көрүнөт. Күз бозкыро
болуп калган мезгил экен. Өзбек бай жигитин чаптырып, мал айдап
бараткан адамды кайрып келгиле дейт.
Жылкы айдап бараткан жигит: - Бизди тоспогула, бул – Кетмен Төбөлүк: түнгатар, түнтөй саяктарынан Шабданга согумга деп
берилген мал, - деп, какшап турат.
Анда Өзбек: - Оозуңа май, анда Шабданга айта бар, жолдо
Байтиктин басбөлтөгүнүн үстүндө бир карыя отурган экен, Шабдан
убадага турбай баштаган экен, мен да баштадым деди де. Жолуң
болсун, - деп, Өзбек жигитти жиберип, арагын баштаган дейт. Өзбек
сексен жашка такап барып, 1913 - жылы өлгөн. Өлүгү – Байтиктин
күмбөзүнүн жанына коюлган. Темирден күмбөз салынып, ташка
чегилип: аты, атасынын аты жазылып, өлгөн жылы көрсөтүлгөн.
Мунун тарыхы – кыргызстанда сооданын өнүгүшүн көрсөтүүдө кызык
материалдарды берет. Кыргыз жылкысын асылдандырууга да салымы
чоң.
Шабдандын тарыхына көз жүгүртсөк, ошол, өзүнүн мезгилиндеги
түшүнүктөн, үрп - адаттан анча четтебеген, бирок, замандын агымын
туура байкаган, “күч кимде болсо, билек ошонуку” деген жобону так
кармап, өзүнүн максатын өтө куулук менен жаап - жашыра билгени
байкалат. Бир караганда, атасы Жантайдын байкатпай башкарган
саясаты да сезилет. Ал, өзү, элге жаман көрүнүп калуудан качып,
башкалардын колу менен иштеген иштери көп. Бул жөнүндө, Белек
Солтоноев да санжырасында жазып калтырган. Мен аны кайталабай,
башка бир, элге тараган окуя жөнүндө айтып берейин. Сарбагыш
ичинде: сүтөй, жантай, калмакы деген уруктар бар. Алар негизинен
Кичи Кемин, Чоң Кемин, Кочкор, Шамшы тегерегин жердешет.
158
Жалпысынан, XIX кылымда, тынай уругуна кошулуп, Шабдандын
бийлигинде болгон. Ошол уруктардан – Шамен деген (кайсыдан экени
так эмес- С.З.) чыгат. Анын түпкү теги кедей болгону менен, курч
сөздүү, тайманбаган адам болот. Көп отуруштарда, сөз арасында
Шабданды сөзгө жыгып, уяткарып жүрөт. “Сөзгө - сөз келгенде
айтпаса, сөздүн атасы өлөт” дегендей, туура сөздү айткан адамды эл
жакшы көрөт. Аны байкаган Шабдан, өзүнүн уят болгонун жашырып,
калп күлүп, жеңилген болуп, “кезиң бир келээр”, - деп, жүрөт. Ал
учурда, Шабдан, орус падышачылыгынын ишенимдүү кишиси болуп,
үйүнө аскер адамдары көп келүүчү экен. Бир күнү орус генералы эки
жигити менен келип калат. Шабдан аны коноктоп, кыргыз элинин
аларды жакшы көрө турганын айтып, айрым гана бузуку адамдар бар,
ошолор орустар жөнүндө жаман сөздөрдү таратат, элди бузат, - дейт.
Ал ким? – деп, генерал Шабданга кайрылат. Шабдан Шаменди
чакыртып берет. Шамен келгенде, генерал тамеки тартып турган экен.
- Бузуку келди, - дейт, генерал. - Ким бузуку? – деп, Шамен
андан сурайт. - Сен! – деп генерал, тартып турган папиросуун
Шамендин бетине басат. Шамен башын тартып албай, көзүнөн чаарын
чыгарып, генералды тиктеп калат. Папиростун отуна бети тешилсе да
тиктеп тура берет. Ошондо генерал, өзү чыдабай “жапайы” деп,
тилдеп папиросун ыргытып жиберет. Шамен муну Шабдан кылганын
билип: - Узаба, Шабдан, тукумуң курут болсун! – деп, кыйкырып
басып кетет. Ошондон кийин Шамен, жанына туугандарынын эки
жигитин алып, Көк Ойрокко качып барат.
Көк Ойрокто үч - төрт күн жүргөндөн кийин, алып барган азыгы
түгөнүп, ачка болуп калышат. Айылга келүүгө болбойт, Шабдан аны
карматып алышы мүмкүн. Айласы кетип, эки жакты карап отурса, эл
жайлоого көчүп баштайт. Ошондо Шамен, жанындагы жигитин
чакырып алып, - Төмөнкү конушка эл келип конду, ошону билип кел,
кайсы урук экен? – Сүтөйбү, жантайбы, калмакыбы? Бирок, бир да
кишиге жолукпа, тынайлар болуп калбасын, - дейт. Жигит аңкайып
Шаменди карайт. – Сен эмне түшүнбөй калдыңбы? – дейт Шамен. –
Түшүнбөгөндөй кылып айтып жатсаңыз карайм да. Кишиге жолукпай,
андан сурабай, анын кайсы урук экенин кантип билем? Же алардын
маңдайына мен сүтөй, мен жантай, мен калмак де жазылбаса, - дейт. –
Алардын сөзүн тыңшаганды билбейсиңби? Азыр жайлоодо эртели кеч салкын болот. Кечинде үйүнө от жагып, тамак бышырат, ошондо
сөзүн тыңшасаң, билесиң, - дейт Шамен.
159
- Алардын сөзүнөн кантип билем, сүйлөгөн сөзүндө мен жантай,
сен сүтөй, тиги калмакы деп, сүйлөшмөк беле?
- Олда, иним ай, башың жаш да. Адамды сүйлөгөн сөзүнөн
билүүгө болот. Жакшы да, жаман да, ууру да, кесеп да, баатыр да,
балбан да, чынчыл да, айлакер да, акылман да, макоо да сөзүнөн
билинет. Эмесе тыңшап тур, акылыңа түй – адамдын турмушу,
чөйрөсү, тарбиясы таалими, укканы - көргөнү, адат - салттары
укумдан тукумга өтөт. Уруктар, уруулар арасында мындай
мүнөздүүлүк болуп келген жана боло берет.
Жантай уругундагы адамдар, көбүнчө - сулуу аялдар, сулуу
кыздар жөнүндө сүйлөшөт. Үч - төрт кишинин башы кошулса,
баланчанын сулуу аялы бар экен, түкүнчөнүн сулуу кызы бар экен
дешет. Сүтүлөр – күлүк ат, жорго ат жөнүндө сөз кылат. Баланчанын
күлүк аты түкүнчөнүн тоюнда, ашында чыгып, түкүнчөнүн
жоргосунун шумдугу ай! – дешет. Калмакылардын сүйлөгөнү –
көбүнчө тамак жөнүндө болот. Баланча киши түкүнчөнүкүнө барган
экен, кара козу союп, этин жыгач отунга башырыптыр, башын баланча
алып, эч кимге бербей мүлжүгөн экен, кайраның. Куйругун баланчага
тартса, бир кесип жеп чыга бериптир – келесоо дешет. Бул сөздөрдөн
эле аларды кайсы урук экенин билип алууга болот, бар эми тыңшаган
сөзүңдү айтып кел, деп, жигитти жөнөтүп жиберет. Ал жигит тыңшап
келген сөздөр аркылуу өз уругун таап, аман калган экен.
Шабдан орус падышачылыгынын абдан ишенимдүү кишиси
болгон, 1868 - жылы, июль айында Нарынга бараткан Загряжскийдин
отрядын Тайлак баатырдын уулу - Осмон курчап колго түшүргөндө,
Шабданды 200 солдат менен жиберген, Шабдандын келе жатканын
угуп, Осмон аларды бошотуп жиберген. 1876 - жылы Алайга аттанган
Куропаткин, Скобелев Алымбек датканын уулу Абдылдабектин
курчоосунда калганда да, Шабдан барып бошотот. Абдылдабек
Шабданды сыйлаган, атасы менен бирге иштеп калганын ойлогон.
Кыргызчылык жактан алганда, Адигине, Тагайдын тукумдары бир
тууган экенин да эске алган. Ошол учурда, кыргыздын орус
падышачылыгына каршы турган манаптарына, уруу башчыларына
Шабданды жиберип, орус падышачылыгынын окүлдөрү көп иштерди
аткарууга жетишкен. Экинчи жагынан, мындай иштер Шабдандын
кадырын ого бетер көтөргөн. Ал, эң күчтүү орус падышачылыгынын
ишенимдүү кишиси болуу менен, кыргыздарга да кадыры өсүп
отурган. Шабдандын айткан сөзү жерге түшпөй, атагы алыска угулган
сайын, өткөн өчтү, кеткен кекти алууну ойлоно баштаган. Андай кек -
160
бугу менен сарбагыштын чабышында өлгөн Ормондун кунун алуу
болгон. Шабдан кандай болсо да, ошол учурдагы уруу түшүнүгүнөн
өйдө көтөрүлө албаган. Ал, сарбагыш уруусунун кызыкчылыгын
көздөгөн болуп, кеткен намызды алган болуп, бугу урусунан
Ормондун куну үчүн көп мал өндүрүп алгысы келген. Кыргыз
санжырасында бул мындай баяндалат.
1872 - жылы, Шабдан орустар менен сүйлөшүп, Караколго эки
уезддин тобун өткөрүүгө макулдашат. Ал убакта, бугуларды,
Тилекматтын уулу – Чыныбай жана Токсобайдын – Кыдыры билип
турган экен. Алар да жөн жатпай, Шабдан келээрден бир - эки күн
мурда, Алматыга орустарга киши жөнөтүп, “биз быйыл топту өткөрө
албай турган болуп калдык, кыш оор болуп, мал кырылып калды,
мүмкүн болсо кийинки жылга жылдырып бергиле, мал арык, конок
күтө албайбыз” – дешет. Ошол учурда жүздөй киши менен Шабдан
Караколго келип түшүп калат.
Чыныбай менен Кыдыр кеңешип: “Конок албагыла”, - деп,
коюшат. Ал мезгилдин шарты боюнча топко келген кишилерди ошол
уезддин адамдары коноктоп, топ бүткөнгө чейин атын багып,
өздөрүнө орун даярдап турушчу экен. Шабдан топко карала турган эр
өлүмү, эриш бузулгандарды тактап коюп, эс алып алайын деген ойдо
болгон. Ал ою орунбадай, иш чатакка айлана турганын байкап,
Караколдогу өзбек, дунган байларынын чайканаларын жалдап, өздөрү
минип барган семиз аттарынан союп жеп, топ болсо кайра өндүрүп
алам деп, ачуусун ичине катып жата берет. Ошентип, топ боло турган
күнү, Чыныбайдын Алматыга – орустарга жиберген жигити келип
калат. Ал жигит, “топту кийинки жылга калтыргыла” деген, буйрук
кагазды да ала келет. “Окуя ойлогондой болуп калса, Шабданды бир
кордотуп алайын, Ормондун куну эмес, өзүнүн айласын табалбай
калсын”, - деген Чыныбай, кадимки Солтобай акынды: “Шабданды
кордоп бересиң, кордобосоң көзүңдү чукуп, тилиңди кесип таштайм”,
- деп, коркутат. Андан башка, кокус чабыш чыгып кетсе керек болуп
калат деп, 400 жигит камдайт. Бирок, ал жигиттерди да баш аламан
жыйнабай, 100 жигитке кара кийгизип, кара ат миңгизип, 100 жигитке
боз ат мингизип, боз кийгизип, калганын да ошондой түр менен
даярдап, бир четинен Шабданга сыр көрсөтүп, кыр көрсөтүп, тактап,
Шабдан жөнөп баратканда, алдынан чубатып өткөзөт. Ошол учурда
Шабдан, жөө калган адамдарын караколдук орустардын арабасына
салып, жолго чыгып калган экен. Ар түрдүү кийим, киймине окшош ат
161
минген жигиттерди көрүп: - Булар кимдер? – деп, жиберет. Ушундай
гана суроонун чыгышын күтүп турган Солтобай ырдап коѐ берет:
Ак боз ат минген бир киши,
Токсобайдын Кыдыры.
Акылга толук шыдыры,
Тигил – сан жылкылуу Сарыбай,
Тигил – миң жылкылуу Каптагай.
Биздин бугу четтен бай
Билип алгын жөө тынай.
Келдиң эле жөө тынай,
Бадана кийип балкылдап.
Эми кеттиң жөө тынай,
Байталга жетпей шалпылдап,
Келдиң эле жөө тынай,
Жорго минип шалкылдап.
Эми кеттиң жөө тынай,
Араба менен төңкулдап.
Жыргалың ылдый суу кетти,
Куурап келген куу тынай
Жыла басып жөө кетти..
Солтобай Шабданды кордоп гана тим болбостон, бүткүл бир
урууну кордогон. Ормондун кунун коюп, чоң энеңди алган саруудан
бирдеме өндүрбөйсүңбү деп, байыркы өткөн Түлкү баатырдын
аялынын сарууга барып тийгенин эске салып шылдыңдаган. Катуу
кордолонгон Шабдан, кийинки жылы, топту Токмок уездинин Кара Булак деген жеринде өткөрүүгө орустарды макулдаткан. Топ болордон
мурда, Шабдан Чыныбайга киши жиберип, “Солтобайды ала келсин”
деп, атайы табыштаган. Солтобай бугу ичинде желдең уругунан
болгон. Ал, иштин жаман боло турганын сезип, топтун четине
келгенде ээле Шабданды мактап кирген:
Башка келип иш түшсө,
Бадыша билген заманбы?
Бадыша кол арткан,
Баатыр Шабдан аманбы?
Төбөгө келип иш түшсө,
Төрөлөр билген заманбы?
Төрөлөргө кол арткан,
162
Төрө Шабдан аманбы?
Эр Шабдандын тушунда,
Эки болуш тынайдын,
Жардысы жок бай болгон.
Ичкени кызыл чай болгон,
Жегени азоо тай болгон.
Мамык болгон жатканы.
Шумкар болгон салганы,
Сулуу болгон алганы,
Карчыга болгон салганы,
Каныш болгон алганы,
Күлүк болгон чапканы,
Күмүш болгон тапканы.
Ардактаган тулпарды,
Адырга минсе тер чыкпас.
Адигине, тагайдан,
Ак калпактуу кыргыздан,
Артылып сенден эр чыкпас.
Кынабы келген тулпарды,
Кыйнап минсе тер чыкпас,
Кылжырдын уулу мактанып,
Кыргызда сендей эр чыкпас.
Оорутпас көөнүн жамандын,
Олуясы Эр Шабдан,
Ойлосом ушул замандын!
Ошондо Шабдан:
Болбостур! - деп, Баякени карап: - Солтобайга ат мингизип,
чепкен жаап койчу, - деген экен.
Солтобай Токтоболот уулу – көсөө, чоң сары киши болгон.
Ырдаганда ыңгыранып, ичин солуп ырдаган. Капилет жерден сөз таап,
кыябын келтирип айтканга абдан уста болуп, чечендиги менен даңкка
жетишип, чечендиги менен өлүмдөн кутулган. Ал 1918 - жылдары, 84
жашында, Ысык - Көлдүн тескей жагында, Жууку деген жерде упат
болгон.
Шабдан Солтобайдын мактоосуна берилип, аны кечирген менен,
Чыныбайды жана ал ээрчитип келген бугунун мыктыларын топко
кийрибей, үч бийди солтодон, үч бийди сарбагыштан кийирип
163
жетинчиси болуп өзү кирген. А дегенде, эки уезддин ортрсундагы
жаңы болгон: эр өлтүрүү, эриш бузуу, ууру кылгандардын ишин
карап, Ормондун кунун аягында чечмек болот. Бугудан келген
адамдар топтун сыртында калып, бийлердин бүтүмү кандай болоор
деп, акмалап жүрүп калышат. Ошол учурда жылгын башында отурган
Шамен деген карыя; - деп, жигитин Кара Булакка жиберет. Элдик
кабарда Шамен, бирде солто, бирде сарбагыш болуп айтылат. Мен
өзүм, кыргыз санжырасынан эле, XIX кылымдын аягында жашаган,
сөзгө аралашкан – үч Шамен жөнүндө уктум. Бирок, бул Шамен
кайсынысы экенин ажырата албадым, эмнеси болсо да , бул Шамен
Шабдандан улуу жана ал сыйлаган адам болгон. Шабдандын “кызыл
дубана” деп атаган үч - төрт адамдын бири.
Ал, Шабдан келгенде: - Ии, кызыл дубанам, топ кандай жүрүп
жатат, - деп, сураган дейт. - Кандай жүрсүн, ойдогудай болот да, дейт, Шабдан. – Ормондун куну канча болот? - Чын. - Ии, андай
болсо, ормондун куну канча болот? - деп, сураптыр Шамен.
- Ормондун куну көп болот да, эрдин куну – жүз жылкы,
Ормон хан эмеспи, көп болот да , - дейт, Шабдан.
- Көп болгондо канча болот?
- Көп болот да.
- Көрдүңбү, Шабдан баатыр, көптөн башканы айталбай
жатасың.
Эгерде баасын кесип койгоң, хандын наркы чыгып калат. Хандын
куну – миң жылкы болсо, миң жылкылуу адам - өлтүрүп койсо болот.
Хандын куну - эки миң жылкы болсо, эки миң жылкылуу бай өлтүрүп койсо болот. Ошондуктан, хандын куну жок дейт, элде.
Хандын куну – тоодой алтын болсо да, айтылбайт. Хандын өлүмү – ага
- туугандан, суучулдуку - суудан, мергендики - тоодон, дарчыныкы дардан деген, элдин сөзүн унуттунбу. Бугу, сарбагыш - бир
Кылжырдын тукуму элең, ормонду тууганың өлтүрбөдүбү. Ормондун
кунун алам деп, Төрөгелди канча элди кырды. Ормондун кунун алам
деп, Үмөталы канча булгун салды. Ормондун кунун алам деп, сен топ
чакыртып жатыпсың. Эртең бугудан бир катын – Шабданды туубас
болуптурбу, ал өткөн өчтү, кеткен кекти куубас болуптурбу?
Ошентип, Ормондун тегерегинде эки бир тууган эл чабылып чачылып бөлүнө береби?!...
“Жакшынын ачуусу бар – кеги жок,
Кеменгердин теңтушу бар – теңи жок”,-
164
дейт. Сен жакшы болсоң, өткөн өчтү, кеткен кекти кой. “Атаңды
өлтүргөнгө энеңди алып бер”, - деген. Ормондун кунун топтон алып
ташта, Чыныйбайды жолдоштору менен үйүнө чакырып ат миңгизип,
тон жап. Болгону он үч киши деп уктум, андан кем болбойсуң. Ошону
менен эки бир тууган ортосундагы чатакты – сен баскан болосуң. Кек
алынат, бирок, кек – кекти пайда кылат. Кылыч чабылса – кан төгүлөт,
бирок, кан – канды пайда кылат. Айкөлдүк менен басылган иш –
айкөлдүктү пайда кылат. Сен муну, тынчтык менен бүтүр, тынчтык
артынан – тынчтык келет. Эл болгондон кийин, жаман, жакшы чыкпай
коѐбу. Бугунун жигити: биз кыйындыгыбыздан Ормондун кунун
берген жокпуз деп, мактана берсин, сарбагыштын жигити: биз
жакшылыгыбыздан кун алган жокпуз деп, мактанып кала берсин,
ушуну менен иш бүтөт. Ормондун кунун алып байымак белең,
дүнүйөнүн түбүнө жеткен киши бар бекен. Уксаң сөз ушул, укпасаң
өзүң бил, - дейт, Шамен. Шабдан ал сөздү туура көрөт. Ошону менен
Ормондун куну өндүрүлбөй калат. Бул – Шабдандын атагын, дагы бир
көтөргөн иш болуп калат. Ал, өзүн кордоткон Чыныбайды үйүнө
чакырып, ат мингизип чыгаргандан кийин: “Шабдан кеменгер тура”
деген, сөз тараган элге. Бул сөздү, Көл башына барганда, Чыныбайдан,
Шабдандын кандайча конокко чакырганын сураганда, башка сөз
айтпай эле:
- Шабдан кеменгер тура деп, бир сөз айтып туруп кетип калган
дейт.
Кыргыз санжырасында аңыз болуп айтылган дагы бир сөз Шабдандын ашынын өтүшү. Кыргыздарда аш, тойду ар бир үй - бүлө
өткөрөт. Ал атадан калган салт. “Алыбек алына жараша” дегендей, ар
ким алына жараша аш, той өткөрөт. Алсыз букаралар балдарына бир
кара союп эптеп той өткөрүмүш болушса, алдуу, малдуу бай манаптар аш - тойду эки максат менен өткөрүшкөн. Бийлиги жүрүп
турган манаптар аш, той өткөрүү менен, элден мал жыйнап алган.
Экинчиден, аш, тойдо ат чаап атагын жайган. Айрыкча түпкү теги элге
танымал манаптар ата - даңкы менен макталып, ашты, тойдон артык
берүүнү салт кылып алышкан. Букаранын берген ашы - өлгөн адамды
эскерүү, өлүк карызынан кутулуу болсо, бай, манаптар ашты - оюн шоокко айландырып, атак алышкан. Бизге белгилүү Шабдан - тектүү
манаптын тукуму болгон. Анын санжырасына көз жүгүртсөк –
Сарбагыш уруусунан тынай уругунан Сарысейит манаптан – үчүкө,
Түлкү, Кудаян, Атакозу, Чабак. Түлкүдөн – Тынай, Тынайдан - Атаке,
Атакеден - Таштанбек, Таштанбектен – Карабек, Карабектен –
165
Жантай, Жантайдан – Шабдан. Мен булардын бирден гана
балдарынын санжырасын айтып жатам. Булардын ар бири бир нечеден
аял алып, ар бир аялынан көп тукум тараган. Мисалы, Шабдандын
атасы - Жантай беш аял алган. Анын Баалы деген байбичесинен:
Мырзалы, Чыпай, Искендер, Маамыт. Бир аялынан: Шабдан,
Иманалы, Төлө, Исабек, Акмөөрдөн: Муңайтпас, андан Белек. Шабдан
да бир канча аял алган киши. Андан: Манапбай, Нуридин, Мүкөш,
Исамүдүн, Камалидин, Аман. Шабдандын аркасы менен балдары
оруска аралашып, Токмок, Пишпек уездинин чоңдору менен алака
кылып, алардын ишенимдүү кишиси болуп калган. Ошондуктан
Шабдандын ашын, Пишпек уездинин начальниги башкарган. Ал
Шабдандын уулу - Мүкөшкө акыл салып, кыргыз салтынын ар түрдүү
жөрөлгөлөрүнө макул болуп турган. Эл арасында Шабдандын ашында
- Жаманкул ырчы жарчы болуп, 80 ге жакын казак, кыргыздан
ырчылар, кыякчылар, комузчулар келгени айтылат.
Жаманкулдун - Күрмөнтү менен Алматы, Күркүрөдү салдаты,деген ыр сабы сакталып калган. Анткени Күрмөнтүнү ашып,
Алматыдан 200 дөй салдат Шабдандын ашына келген. Орус
армиясынын офицери катары Шабданга мылтык атып салют берген.
Солдаттардын дүңкүрөтүп мылтык атышы, кыргыздарга катуу таасир
калтырган. Шабдандын ашына бала кезегинде катышып калган
абышкалар: “Айланайын, ошондо көп салдат бир мезгилде дүңгүрөтүп
мылтык атты, жер жарылып кете жаздады, кыжылдаган эл келип,
Кичи Кеминге батпай кеткен”, - дешет. Мен, кийинчерээк, Шабдандын
ашынын өтүшүнүн толук отчетун, Ленинграддын географиялык
коомунун архивинен таптым. Көрсө, бул аш – кыргыз жылкысын
сактоо керекпи, же, жоготуу зарылбы, дегендей тажрыйбанын
жыйынтыгы катары каралып, чабылган аттар, атайы падыша жиберген
адамдар тарабынан көзөмөлдө алынган экен. Шабдандын ашы - 1912 жылы, октябрде болгон. Ашка арнап үй тигүү - 5 - октябрде
башталган. Кичи Кеминдин - Бурулдайына 2 миң үй тигилип, 40 миң
киши чакырылган. Ашка: Фергана, Сыр Дарыя боюнан, казактардан,
орустардан кишилер келген. Карылар, мындай чоң аш, мурда,
Табылдынын атасы - Алыкенин ашы, Канайдын уулу - Байтиктин ашы
болгон дейт. Аш - 10 - октябрде башталып, 14 - октярбде аяктаган.
Аштын ээси - Шабданга арнап, кошок кошулган. Уккан кабарга
караганда, Шабдандын ашына эң көп ырчылар келген. Сагынбай
манасчынын Шабданды кошкону сакталып калган. Эшмамбет менен
Токтогулдун ашка келгени айтылат. Ошол ашта, сурнай тарткан
166
жагынан, Узун Агачтан келген - Каркыбай уулу Өмүрзактын алдына
киши чыкпаган, кыяк тартуу жагынан, Бишкек уездинен келген Кенже Кара алдына киши салбаган. Аштын оюндарынын ичинен, ат
чабышка катуу көңүл бөлүнгөн. Үч жолу ат чабыш болгон. 11октябрде - 10 верст жерге (1 верст – 1200 метр – С.З.) тай чабыш, 12 октябрде ошол эле аралыкка кунан чабыш болгон. Ат чабыш - 13 октябрде башталган. Чабыла турган күлүктөр - 172 ат болгон. Бул
ашка, орустун байлары, Англиядан атайы сатып алган таза кандуу
күлүктөрүн да алып келген. Малышевдин - “Лира”, Радкеевичтин “Жакерия” деген күлүктөрү чабышка кошулган. Лермонтовдун “Заза”, Бычковдун - “Джан” деген күлүктөрү кошулбай калган. Алар,
аттарды алыс айдайбыз дегенден коркуп, күлүктөрүн кошкон эмес.
Ат чабыштын коѐ бере турган маарасы - Токмоктун үстүндөгү
Толубайдын коргону болуп, тосуп алган маарасы - Бурулдай болгон.
Бул аралык – орус чени менен 38 верст болгон. Азырынча, 45 км 600
метр. Аттар 13 - октябрде айдалып, 14 - октябрде коѐ берилген. Ат
чабышка сүрөөн койдурган эмес. Саат болжоп коѐ берип, саат менен
тоскон. Орустардын мындай кылган себеби, падыша жиберген
кишилер кыргыз атынын сапатын билүүнү максат кылгандан чыккан.
Этнограф С.З.Дмитриевдин падышага жазган отчетунда, Бишкек
уездинин Талкан болушунда жашаган - Борончу Өтөгөновдун Чаар
аты 38 версти бир саат жарым минутада басып өткөн. Англиядан
таптап алып келген Радкеевичтин Жакерия деген күлүгү - 10 - болуп
келген. Борончунун Чаар атынан төрт жарым минут кечигип келген.
Ошондон улам, С.З.Дмитриев кыргыздын жылкылары кичине болгон
менен алыска чыдамдуу, жергиликтүү шартка ылайыктуу - булардын
тукумун жоготпоо керек деген корутундуга келген.
Шабдандын ашында эр сайыш да болгон. Биринчи сайышка
бугудан - Сабыр деген жигит, казактан - Макыш деген жигит чыгат.
Байгеси 50 сом, 9 ат болгон. Ал убакта, бир сомго - бир кой берген.
Экөө алыша алган эмес. Экөөнө - бирден ат беришкен. Экинчи
жолдогу эр сайышка саяктан - Аксакал чыккан. Ага Токмоктун
дунгандар - Жусуп деген жигитин чыгарган. Булар биринчи
качырышканда эле катуу качырырышып, Жусуп ат үстүнөн түшүп
өлгөн. Аксакалдын оозунан кан кетип, ат үстүндө өбөктөп калган. Ал
жеңген болуп, байгени алган. Аксакал мурда да эр сайышка түшүп
жүргөн - найзакер болгон. Балбан күрөштө - Максүт Жакебай уулу
менен орустун балбаны - Подмогов күрөшкөн, экөө жеңише албаган.
167
Шабдандын ашында чабылган аттардын баш байгеси – 5 миң сом
болгон, 25 атка байге коюлган, 25 - келген атка 50 сом. Жалаң ат
байгесине коюлган акчага 10 миң кой сатып алууга болот эле. Андан
башка - 40 миң кишинин аш - тамагы, башка оюндардын байгесин
эсептегенде канча миң сом болгонун элестетип көрсөк - буга бүтүндөй
бир уруунун малы кеткени өзүнөн өзү белгилүү болуп турат. Мындай
чыгымдар Шабдандын тирүү кезегинде берилген бала тоюнда да, өзү
Мекеге барам деп элден ынтымак сураганда да болгон. Шабдан
Мекеге баратканда, элден - 10 миңден ашык акча чогултулган экен. Ал
акчаны - Арабиянын түндүгүнө салынып жаткан темир жолго
кошумча катары берип - “Март ажы” атанып келген.
Шабдандын атагын биротоло элге калтыруу үчүн, анын балдары,
ошол мезгилде атактуу санжырачы - Осмоналы Кыдык уулуна
“Тарых-и кыргыз Шабданияны” жаздырып, 1914 - жылы Уфадан
чыгарткан. Бул санжырада тарыхта - көбүнчө, Шабдандын түпкү теги
жөнүндө сөз болот. Анын марттыгы, кылган иштери макталат. Кыргыз
аксакалдарынын Шабданды мактап, ал жөнүндө көп аңыз сөз
кылганына ушул Осмоналы Кыдык уулу жазган (Китептин сыртында
Сыдык болуп кеткен – С.З.). Китептин элге тарап, молдолор
тарабынан ар кайсы отурушта окулуп жүргөнү да, негизги
себептердин бири го деп, ойлойм. Шабдан өз мезгилинде, өз элинин
кызыкчылыгын көздөп, кызмат кылып жатам деп, ойлогон. Бирок, өзү
жашап турган патриархалдык уруу түзүлүшүнүн өкүлү катары, ал
тарыхый шарттан чыгып кете албаган.
КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫНЫН ЭТИМОЛОГИЯСЫ,
ТАРАШЫ, ЖАЙГАШКАН ОРДУ
Кыргыз элинин жердеген жери, суусу жөнүндө окумуштуулардын
ар түрдүү көз карашы болгонун жана эл чыгармаларында да
айтыларын мурда айткан элек. Бирок чайпалган, кырылып - сүрүлгөн
эл өзүнүн “ички законун” ар дайым сактап келген. Мен бул ички
закону дегенде уруу түзүлүшү мезгилиндеги “уруу законун” айтып
жатам. Согуш мезгилинде уруулар оң, сол, ичкилик (борбор – С.З.)
болуп бөлүнүп согушка, кайра тынчтык мезгилинде өз ордун таап
жайгашкан. Ар бир уруу ата конушуна келген. Ал ата конушу
жазылбаган закон менен бекип, ошол уруунун түбөлүк менчигине
айланган. Уруу түзүлүшүн Октябрь революциясына чейин катуу
тактап келген казак, бурят сыяктуу элдерде бул алдаканча терең
168
изилденген. В.В.Восторов, М.С.Мукановдун “Родоплеменной состав и
расселения казаков” (Алма-Ата, 1968 г.) жана Ц.Б.Цыдендамбаевдин
“Бурятские исторические хроники и родословные” (Улан-Удэ-1972 г.)
деген изилдөөлөрүндө ар тарабынан айтылган. Бизде белгисиз
себептер менен уруу түзүлүшүн изилдөөгө, алардын жайгашкан
жерлерин айтууга мүмкүнчүлүк болбой келди. Ал түгүл кыргыздын
этногенетикалык, тарыхый - маданий байланышын изилдеген
С.М.Абрамзон сыяктуу этнограф окумуштуулар кагылып, согулууга
дуушар болду. Этнография илимине болгон мамиледен бизде,
кыргыздарда, илимден канчалык артта калуу бар экени байкалып
турду. Этнография – бул жалаң гана бир элдин оюн-күлкүсүн, жашоо
турмушун, салтын көрсөтпөстөн, ошол элдин эл болуп, улут болуп
түзүлгөнгө чейинки жолун илимий түрдө далилдеп көрсөтүү экенин
билиш милдеттүү эле. Орус элинде уру түзүлүшү жөнүндөгү
изилдөөлөр XIX кылымда эле терең айтылып калган. Бир канча
томдук сажырасы чыккан. Орто Азияда жана Казакстанда жашаган
элдердин этнографиясы эч кандай уруу, урук жөнүндө айтуудан
коркпой эле жазып жатканын санап отургум келбейт. Азыркы
айкындыктын заманы (бизге кеч болсо да) санжырабызды эркин
айтып, илимий жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берип отурат.
Эмесе кыргыз урууларынын кандай жайгашканына, алардын ордуна
көңүл буралык. Байыркы мезгилде кыргыздар аябагандай чоң аймакта
көчүп-конуп жүрүшкөн. Ал фактылар тарыхый изилдөөлөрдө,
саякатчылардын эскерүүлөрүндө, элдик санжырада, оозеки,
чыгармаларда сакталып калган.
Кыргыздардын көчүп жүргөн жерлери түндүк чыгыш жагы:
Кулжа, Саян, Алтай, Енисей, Түштүк чыгыш жагы: Үрүмчү, Турфан,
Иле, түштүгү Ак Суу, Кашкар, түндүк батыш тарабы: Арал, батыш
түштүк тарабы: Гуляп, Гисарга чейин созулган. Бирок булардын
ядросу Үрүмчү, Турфан, Иледен тарта Тянь-Шань, Памир, Алай Тоо
кыркаларынын Ысык-Көл, Чүй, Талас, Анжыян, Чаткал, Сыр боюнда
болгон. Алтай Саян жактарга жоодон сүрүлгөн мезгилде же мал
жайыты үчүн барып турушкан. Казак окумуштуусу Чокан Валиханов
XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жеринде болуп, кыргыз
уруулары белгилүү бир тартип менен жайгашканын байкаган. Ал
алган маалыматтары боюнча оңдун тукумдары Ысык-Көл, Чүй,
Нарын, Кашкар, Тянь-Шанда, айрым тармагы Кокон, Анжыян,
Сырдын боюна чейин жайгашканын эскерет. Солдун тукумдары
Памир тоолорунда Амур Дарыя, Сыр Дарыянын баш жагында дейт.
169
Бирок Чокан Валиханов солдун тукумун толук билбегендигин жана
жайгашкан жеринин анча так эместигин мойнуна алат. Ошондой эле
кыргыздын ичкилик уруулары жөнүндө так маалыматы жок экени
байкалат. Анын укканы боюнча ошол мезгилде Ысык-Көлдүн
жээгинде үч уруу – бугу, сарбагыш, саяктар көчүп жүрүшкөн.
Солтолор – Чүй, Таласта болгон. Солдун тукуму – Нарын суусунун
бойлорунда, Чыйырчыкта, Сырдын боюнда Бадахшанга чейинки
жерлерде жайгашкан. Чоң багыштар, жедигерлер, чериктер кытайга
чектеп – Кашкар, Турфан жакта, Ат Башы, Арпада болушкан. Биз
билген маалыматтар боюнча Чокан Валиханов кыргызстандын түндүк
жагында Ысык-Көл, Тянь Шань зонасында гана болгон. Ошондуктан
кыргыздардын уруларынын жайгашкан жерлери жөнүндө түндүк
санжырачылардын айтканы боюнча гана жыйынтык чыгарганы
байкалып турат. Демек кыргыз урууларынын азыркы учурда
жайгашкан жерлери жөнүндө толук айтып өтүүгө туура келет.
Кыргыздардын оң канатына кирген уруулар негизинен – Адигине,
Тагай, Наалы эженин тукуму делип эсептелет. Айрым учурларда
оңдун тукуму – Ак уулдун тукуму деп айтылат. Тагайдын уулу катары
– Богорстон, Койлон, Кылжыр, Кара Чоро, Саяк, Азык, Черик
эсептелет. Булардын айрымдарын – тондуу уул, айрымдарын – тонсуз
уул дегенине менин токтолгум келбейт. Анткени, Тагайдын, өзүнө
толук кошо албай калган, мурдагы урууларды – тондуу уулу деп
коюшканын мурун айткан элек. Тагайдын Богорстон деген уулунан
болгон Солто деп айтылат. Бирок Солто Богорстондун тике баласы
эмес. Богорстон – Эштек, Козор эки уул. Эштектен – Солто, Солтонун
тукуму кийин чоң урууга айланып кеткен. Эштектин Солтодон башка
– Шалта, Көгөй, Төлөк, Жоочалыш деген уулдары да болгон. Алардын
тукуму аз болуп, Солтонун тукумуна букаралыкта калган. Ал түгүл,
айрым байчыл санжырачылар Солтодон башкасын кулга айландырып
айтышкан. Эштектин токол аялынын балдары эштек тукуму, уругу деп
аталып калган. Калмактардан, XVII кылымдын башында Ысар,
Көлөпкө сүрүлүп, кайта кайтканда, түштүктө кала берген.
Айрымдары, Отуз уул тукумдары менен аралаш келип, көл башына
туруп калышкан. Солтонун тукумдары: Күнтуу, Кунтуу, Чаа, Беш
Көрүк, Маакеден тарагандар – Солто уруусу аталып, Чүй боюнан
Таластын башы – Караколго чейин жайгашкан. Азыркы территория
боюнча Токмоктун үстүндөгү бириккен айлынан тартып, Ысык Ата,
Аламүдүн, Сокулук, Ак Суу, Кара Балта, Чалдыбар, Мерки, Кара кол,
Конзоводго чейинки жерлерди ээлеп турат. Солто тукумунан айрым
170
уруктар чачырап башка уруларга кирип, ошол жакта жашап калганын,
же тескерисинче, башка уруулардан Солто ичине кирип, аралаш
жашап калганы жөнүндө үстүртөдөн болсо да, айтып өтүүгө аракет
кылайын. Солто уруусу жашаган аймакта: кушчулар, кытайлар,
саяктар, азыктар, чериктер, моңголдор, жапалактар, басыздар,
коңураттар, кыпчактар, сарбагыштар, бугулар бар. Бирок, булар, аз
санда. Ал эми Солтолордун айрымдары: кушчу, сарбагыш, бугу
ичинде бар.
Айрым санжырачылар, Солтонун үч баласын: Күнтуу, Кунтуу,
Чааны гана айтышат. Бешкөрүк, Маакени кошпойт. Бул туура эмес,
Солто уруусунун ичинде эки аңыз сөз айтылат. Анын бири: Солто,
Санчы сынчыны алып келип, балдарын сынатканы жөнүндөгү кеп.
Солтонун эки аялы болгон. Биринчи аялынан Күнтуу, Кунтуу. Экинчи
аялынан: Чаа, Бешкөрүк, Мааке. Санчы сынчы Күнтууну карап туруп:
аты күлүк, кызы сулуу чукулдашкан эл болот. Кунтуунун тукуму байбайтак болот, чарбага кызыккан аз эл болот – дейт. Солто кичине кырт
эте түшөт. Анткени, Күнтуу менен Кунтуу анын сүйүктүү балдары
болгон. Ошондо Санчы сынчы: - Сенде бир тукум болуш керек эле, дейт. Солто кыйылып туруп, бечел болуп баспай калган Чааны
алдырат. Санчы сынчы аны көрө коюп: - Ой, үстүн, жап, сын токтобой
калат, сын тайгаланып кетпесин, - деп үстүн жаптыра коѐт да, Мунуңдун тукуму көп болот, мындан, кулжа кулак, меш кызыл, ат
качырбас боз айгыр, баш койкоң, ийри кара шылк моюндар чыгат, дейт. Санчы сынчынын сыны туура келип Күнтуудан жети баласы –
Токбай, Кара мерген, Тору, Кулболдуу, Жолболду, Байгана,
Чоңмурундан – аз тукум тарады, Кунтуудан эки бала – Мендеке.
Адийнеден аз тукум тарады. Чаадан Каракчы (Бөлөкбай), Талкан,
Тата. Мындан көп тукум чыкты, Чүй боорун бүт Каракчы, талкандын
тукумдары ээлеп калды. Солтонун тукуму жөнүндө айтылган экинчи
аңыз сөз – Талкандын тукуму жөнүндө айтылат. Талкандын:
Коңурбай, Кошой, Бакы, Багышан, Алдаң, Делдең, Байболот, Бекиш,
Чекиш – деген тогуз уулу болгон дейт. Ал биринчи аялынан төрт
балалуу (Көңурбай, Кошой, Бакы, Багышан) болот. Ошол мезгилде
талкандын үйүнө кечинде бир дубана келет. Аны коноктоп, өзүнчө бир
чатырга орун салып берет. Талкан түн ортосунда негедир чочуп
ойгонуп кетсе дубана жаткан үй жап-жарык болуп турат. Акырын
барып караса дубанадан нур төгүлүп, үй ичи жаркырайт. Ал ошондо
аны Кыдыр экенин түшүнө коюп, эң кенже баласы Багышанга чуркап
барып ойготсо ойгонбойт. Айласы кетип улуу балдары: Коңурбай,
171
Кошойду ойготот. Алар дубана жаткан үйдү барып шыкаалап
карашат.Үй жапжарык, дубанадан нур төгүлүп жатат. Талкан чуркап
барып Бакыны ойготот. Ал келип караса үйдүн жарыгы кетейин деп
ала тартып калыптыр. Талкан чыдабай кичүү баласын кайра барып
жулкулдатып ойготуп алып келет. Келсе жарык шоола бүлбүлдөп өчүп
бараткан болот. – Атаңдын көрү ай! – деп, Талкан кейийт. – Тукумуң
аз болуп калмак болду. Коңурбай, Кошойдун тукуму көп болот,
мыктылар да ушундан чыгат, - деп отуруп калыптыр дейт. Бул аңыз
сөздөр эл санжырасында айтылат. Багышан тукуму бир эле айыл
болуп Ак Суунун алкым жагына жайгашкан. Ич ара Райымкул,
Кожомберди, Жанкулу, Мурат деп төрт атага бөлүнөт. Булардын
айрым тукумдары Жети Өгүздө, Жумгалда да бар. Тагайдын экинчи
уулу – Койлон.
Койлондон – кооз Жедигер уруусу.
Бул Жедигерлерди, мурдагы Жедигерлер менен – ичкиликтен
чыккан Жедигерлерди, мурдагы Жедигерлер менен – ичкиликтен
чыккан Жедигерлер менен алмаштырууга болбойт. Койлондон тараган
Жедигер уруусу мурда түндүк тарапта Токмоктун тегерегинде Солто
менен жамаатташ турган. Санжырачылардын маалыматына караганда
Саяк Кабанын кара атынан чатак чыгып, түштүк жакка ооп кеткен
экен. Саяк Кабанын күлүк Кара аргымагын калмактар уурдатып алат.
Ат андан качып чыкканда, жолдон Жедигерлер кармап алат. Кооз
кийинип, жакшы ат мингенди жакшы көргөн Жедигер кара аргымакка
кооз үртүк жаап, кулпунтуп минип жүрөт. Кооз кийинип,
жүргөндүктөн Жедигер – кооз Жедигер атанып кетет. Бир чоң тойдо
Каба жоголуп кеткен аргымагын Жедигер минип жүргөнүн көрүп
калат да: - Ат меники, атымды бер?! – дейт. Жедигер: - Мен сенден
алган жокмун, калмактардан алдым, жеткен жериңде ал! – деп,
урушуп коѐт. Каба, Жедигердин атасынын агасы Солтого барат.
Солто, Жедигерди чакырып алып: - Калмак менен чатакташып
жатабыз, анын үстүнө өз ара кырылышпайлык, атты бер! – деп,
урушуп алып берип коѐт. Жедигер ага таарынып Арсланбап тарапка
көчүп кетет. Чүй боорунда бир ата гана Жедигер тукуму калат.
Жедигерден: Орусбий, Асан, Үсөн, Мөңкө уруктары тарайт.
Жедигер уруусунун санжырасын, Майлы Сайлык Базарбаев Тагайдан,
Ленин районунда, Кочкор Атага жакын жашаган Эгембердиев
Акунбайдан, Таш Көмүр кыштагында жашаган Молдалиев Туралыдан.
1971-жылы жазып алдым. Бул үчөө тең Жедигер уруусунан, Жедигер
уруусу: Базар Коргон, Ленин райондорунда, Арсланбап, Майлы Сай,
172
Таш Көмүрдө жашап турат. Жедигерлердин санжырасы жөнүндө эки
уламыш кеп эске түшөт. Биринчиси: калмактарды сүрүүгө катышкан
чоң Мамбет жөнүндө. Жедигердин: Орусбий, Асан, Үсөн, Мөңкө
деген уулдарынан төрт урук тараганын жогору жакта айткан элек.
Ошол Жедигердин Асан деген уулунан Мамбет төрөлөт. Мамбет –
сөөк саактуу, өтө чоң балбан болот. Ошондуктан – Чоң Мамбет
аталып кетет. Ал учурда, кыргызды, казакты калмактар сүрүп, кыргыз
Кызарт ашып, Ысар кирип, казак кайың саап, кыйналып турган мезгил
болот. Калмактар буларды баш көтөргүз кылдык деп, алым алып, эзип
турат. Убакыт өтүп эл эл боло баштайт, жаңы, баатыр төрөлүп эл
камын ойлойт. Ошондой баатырдын бири – Чоң Мамбет болот.
Арсланбап, Чарбакты бийлеп турган калмак ханы Бакаманжы
Коңтажы, Чоң Мамбетти колго түшүрүп өлтүрмөк болот. Мелдешип,
жаа тартабыз деп, Чоң Мамбет менен Бакаманжы Арсланбапка барат.
Беш кетменди катар коюп, Чоң Мамбетти жаа менен аткын дейт. Ал,
керилте чоюп жебени коѐ бергенде беш кетмендин башын катары
менен тешип кетет. Калмак ханы жети кетменди теше атат. Менин
күчүм Чоң Мамбеттикинен көп экен, мындан корко турганга негиз
жок, деп Бакаманжы мактанып турганда, Чоң Мамбеттин иниси –
Таскара, тогуз кетменди катар койдуруп теше атат. Ошондо калмактар,
кыргыздар бизден күчтүү экен деп, өз ара бүлүнүп, качып кеткен дейт.
Ал жерди чоң Мамбет ээлеп калат. Жедигердин Орусбийинен: Атабек,
Чабыл, Кенчимаалы, Майчы. Асандан – Мамбет, Таскара, Аккозу,
Мөңкөдөн – Кулболду, Карадөң, Кулжабаш, Кулжыгач. Жедигер
санжырасында аңыз болуп айтылган экинчи уламыш, дал ушул
Мөңкөдөн тараган тукумдар жөнүндө айтылат. Мөңкөнүн Карадөң
деген уулунан Кочкор, андан – Кудаке. Эл оозеки чыгармасында
кеңири айтылып жүргөн “Олжобай менен Кишимжан” эпосу дал ушул
Мөңкөнүн тукуму Кулжыгач жана Карадөңдүн тукуму Кочкор, анын
уулу Кудаке жөнүндө болуп жатат:
- Чылмайран тоонун өзүндө
Кулжыгач деген бар экен.
Карды салык, малы көп,
Калкында бай жан экен.
Эркек уул мында жок,
Жалаң кыз балдары бар экен.
Кулжыгач байдын кыздары
Укурук моюн, калем каш,
Кундузга окшош олоң чач
173
Бойго жеткен кезеги,
Мунун Бегимжан деген чырагы.
Эң улуусу Бегимжан
Андан кийин Канымжан,
Андан кийин Алымжан.
“Олжобай менен Кишимжан” эпосу чынында тарыхый болгон
окуядан алынган экен. Кулжыгачтын Бегимжан деген кызыл тору
айгыр кыпчактан чыккан Солтобай алат. Солтобай Олжобай деген
балалуу болот. Ошол учурда Кулжыгачтын аялы Кишимжанды
төрөйт. Кийин экөө тең чоңоюп бирин-бири сүйүп калышат. Ошондо
Кочкордун уулу Кудаке: Тентип келген кыпчактарга калыңсыз кыз
беребизби, атасынын күч күйөө болгону жетишет, мен Кишимжанды
калыңга сатам деп, ошол жерде жашаган үч багыштын Байназарына
кудалашып, көп калың алат. Байназардын мурду бучук, ырайы суук
неме экен. Кишимжан аны чанып, Олжобай менен качат. Олжобай
Солтобайдын уулу болгон менен, түпкү теги ошол эле Майлы Сайга
чектеш турган, Аклабаттык Үч Коргон менен Маданиятка жакын
жашаган кыпчактардан болгон. “Олжобай менен Кишимжандагы”
жер-суу аттары ошол эле Майлы Сайдын, Таш Көмүрдүн тегерегинде.
Кудакенин Олжобайды кубалап барган жери – Кудаке бели деп аталат.
Олжобай менен Кишимжандын качып барган тереги – Чук терек –
Казал Мазардын күн батышында. Кийин ал, Олжобай терек деп,
аталып калыптыр. Азыр, Ленин районунун Алас токой чарбасына
карайт экен. Ошол жерлерди кыдырып 150-200 жыл мурда өткөн
аянычтуу тарыхты жоготпой көркөм тарыхка айландырып койгон
акындарга ырахмат айтып турдум. Бул санжыраны мага айтып,
окуянын болгон жерлерин көргөзгөн Молдалиев Туралы, жети атадан
Кудакеге барып кошулат экен. Ошондуктан Олжобай менен
Кишимжан окуясы 200 жылдан бери болгондугун сездим. Так болсун
үчүн, алардын санжырасын келтирем. Жедигерден: Орусбий, Асан,
Үсөн, Мөңкө. Мөңкөдөн: Кулболду, Карадөң, Кулжабаш, Кулжыгач.
Карадөңдөн: Кочкор, Кудаке, Атаяр, Басыл, Бактыбай, Тойболду,
Кайназар, Молдалы, Туралы. Мен булардын бир атасынан гана
тараганын алдым.
Жедигер, Майлы-Сай, Арсланбап, Таш Көмүр тегерегин жердеп
турган менен, айрым тукумдары башка урууларга аралашып жүргөнүн
да көрүүгө болот. Тагай бийдин үчүнчү уулу – Кылжыр, Кылжырдан:
Орозбакты, Дөөлөс. Орозбактыдан бугулар тарайт. Дөөлөстөн –
174
Сарбагыштар тарайт. Бугулар Ысык Көлдүүн баш жагын бүтүндөй
ээлейт. Мурда: Кундуз, Жылдыз, Текеске чейин жайлап жүрүшкөн.
Каркыранын Туз чыккан жерине чейинки жерлери бугу уруусунун
жайыты болгон. Тянь Шанда: эки Нарындын башы, Кара Каман,
Балгарт, нура, какшаал суусуна чейин жайлашкан. Орозбактын
тукумунун бугу аталып калышына кыргыз санжырасында мындай
уламыш айтылат. Орозбактын Карамырза деген уулу мерген болгон.
Ал бир күнү Ала Мышык тоосуна аңчылап барып бир бугунун
торпогун атат. Анын жанында дагы бир торпогу турган экен, ал
качпай, торпокту жыттагылап, көзүнөн жаш төгүп мөөрөйт.
Карамырза аны да атмак болот. Ошондо ал торпок кыз түрүнө
өзгөрүлүп: - Абаке, мен кайберенмин, бул атканың менин бир
тууганым эле, мен муну таштап кете албай калдым,- дейт. Карамырза:
- Сен калп айтасыңго, менин көзүмө көрүнгөн жин-пери болбо, - деп
жакындап барып кармап алат. Ошондо кыз: - Мага адам колу тийип
калды, эми болбой калды, мен кайра кайберен боло албай калдым,
сени менен кеттим, өзүң нике кыйып ал, - дейт. – Мен олжоке кызды
албайм, - деп, Карамырза кызды Алсейитке алып берет. Эл аны,
бугунун кызы деп, - бугу байбиче, - деп айтат. Бугу байбичеден көп
тукум тарап – бугу аталып кетет. Карамырза бой көтөрүп, “олжоке”
деп теңсинбегени үчүн, Бугу байбиченин каргышына калып, тогуз
уулунун сегизи өлүп, бир гана уулунан тукум тарап, аз болуп калат.
Алсейиттен – Жаманкул, Бапа (Бугу байбичеден); Жаманкулдан –
Итбак, Бооке, Төрөкочкор, Кыдык, Белектин тукуму көп болот.
Кыдыктар Тоңдон өйдө Барскоонго чейин чачырап орношкон.
Белектер көлдүн башына жайлашат. Белектин балдары: Тогузбай,
Элчибай, Шүкүр, Көбөш, Саты, Токой, Толубай, Кожош, Чынай,
Алдаш. Санжырачылар, Белектин тукумун да Санчы сынчы сынаган
деп айтышат. Ал: - Алдаштын тукумунан бир эки кыйын чыгат,
Шүкүрдүн тукумунан чыныгы чынжырлуу барактар чыгат, Толубай
тукуму жөн болот. Бирок өзү канга ылайыктуу адам экен дейт. Калмак
доорунда Толубайды хан кылган экен. Алдаштын – Тазабек, Шапак,
Меңмурат, Төкөк, Бирназар, Кудайменде, Меңмураттан: - Байбото,
Шабыке, Керки, Боронбай. Ошентип, Санчы сынчынын сөзү туура
болуп, бугуларды Алдаш тукумунан чыккан Шапак, Бирназар,
Боронбайлар бийлеп калат.
1862 - жылы В.В.Радловдун жазып алган жана Ала Тоо округунун
башкаруучусунун 1865 - жылы берген маалыматы боюнча бугулар
мындай уруктарга бөлүнүп турган:
175
1. Арык. 2. Бапа. 3. Бөрү. 4. Кыдык. 5. Желдең. 6. Алдаяр. 7.
Токоч. 8. Токобай. 9. Толубай. 10. Салмаке. 11. Белек. 12. Токой. 13.
Тынымсейит.
Казак окумуштуусу Чокан Валиханов бугуларды негизинен үчкө
бөлөт:
1. Алсейит. 2.Тынымсейит. 3.Арык. Алсейит ич ара беш урукка
бөлүнөт:
1. Бөрү (боор) 2.Белек 3.Кыдык 4.Папа 5.Желдең. Бугунун
Алсейит тукуму Ысык Көлдүн түштүк өрөөнүн, Тескейди, Сөөктүн
жээгин, Кызыл Үңкүрдү жердешкен. Ушул жерден Желдең уруусу
жөнүндө элде айтылган уламышты айтыш жөндүү болуп турат.
Анткени XIX кылымдын экинчи башталышында бул уламыш аңыз
кепти санжырачылар Чокан Валихановго да айтып беришкен экен.
Уламышка караганда Бугу байбиченин ар түрдүү кызматын кылып
жүргөн бир күнү болот. Ал бугу байбиче башын жууганда суу куюп
берчү экен. Байбиченин башында эки элидей бугунун мүйүзү болуп,
чачын жууганда көрүнүп калчу экен. Бугу байбиче аны башка кишиге
көрсөтпөй жүрчү экен. Башын жууган сууну киши баспаган жерге
төктүрүп жүрөт. “Көргөн нерсеңди эч кимге айтпа, сууну мен айткан
жерге төк” деп күңүнө катуу эскертет. Бир жолу Бугу байбиче башын
жууган сууну күнү төккөнү алып бара жатып ичип көргүсү келет. Бир
ууртап алат да калганын төгүп таштайт. Бирок ошол эле бир
ууртаганынан боюнда болуп калып, эркек бала төрөйт. Анын атын,
атасы жок желден төрөдү деп Желдең коюшат дейт. Муну кыргыздын
санжырачылары Желдеңди тике бугу урусуна киргизе албаганынан
чыгарган. Анткени Желдең – Адигине, Тагайдын тукумунан мурдагы
байыркы уруулардан. Жети уруу желдең, он тогуз уруу коңурат
сыяктуу эле байыркы түрк уруусунун ичинде болгон. Азыркы
бөлүнүш боюнча бугулар Тоңдон тарта көлдүн башы бүт, кайра ылдый
Чолпон-Атага чейинки жерге чачырап тараган. Көлдүн сырты, Тянь
Шань зонасында да бар. Булардын ичинде башка уруулардан саяктар,
азыктар: чериктер, кытайлар, саруулар, желдеңдер, коңураттар, отуз
уул, эштектер, дөөлөстөр, мундуздар орун алган. Бул уруулардын
көпчүлүгү калмактар чыгыштан сүрүп, кыргыздар Ысарды карай,
Бадахшан, Жерге Тал, Каратегинди карай качканда аралашып, качан
калмактар кайра талкаланганда көлгө туруп калышкан. Айрым
уруулар: мисалы, мундуздар, саруулар, желдеңдер, кытайлар, отуз уул,
эштектер, коңураттар, дөөлөстөр өз тобунан ажырап бугулардын
ичинде калган. Бара-бара айрым уруулар кайсы топтон келгенин
176
унутуп, бугуну тондуу уулу катары кирип кеткен. XIX кылымда
келген окумуштуу саякатчылары аларды ажырата билбей, негизги топ,
негизги уруу кайсы болсо аларга кокусунан белгисиз бир тарыхый
себептер менен кошулуп калган башка уруулардын уруктарын кошуп
жиберген. Айрым санжырачылар өздөрү терең ажыратпагандыктан
ошондой түшүндүрүп айтып беришкен. Тагайдын Кылжырдан тараган
бир уулу Дөөлөс деп аталат. Анын тукуму Сарбагыш деп аталып
кеткен. Мунун кандайча Сарбагыш аталганын мен толук биле албай
койдум. Айрым санжырачылар Кылжырдын өз аты Сарбагыш болгон.
Анын мойну бир жагына кыйшайып жүргөндүктөн Кылжыр атанып
кеткен деп түшүндүрөт. Менин түшүнүгүм боюнча айрым уруулардын
тотеми катары колдоп жүрүүчү айбандары болгон. Ошого сыйынып,
ыйык туткан. Бугу байбиче жөнүндөгү уламыш деле ошол тотемдик
түшүнүктү жөнөкөйлөтүп окуя менен баяндап берүүдөн келип чыккан.
Кыргыз арасында эң көп уруулар тотем катарында көргөн
айбандардын аттары менен айтылат. Мисалы, бугу, сарбагыш, кара
багыш, чоң багыш, жылаңач багыш, багыш жагалмай, бөрү, жору,
жалдуу каба жана башкалар. Урууларды мындай айбандардын аттары
менен атоо жалаң гана кыргыздарга тиешелүү эмес. Байыркы
түрктөрдүн тотеми бөрү болгон, кыргыздар кызыл итти тотем
көрүшкөн. Римди негиздеген Ромул жана Рем жөнүндө айтылган
легендада да аларды карышкырдын канчыгы багып чоңойткону
айтылат. Моңолдор көк карышкырды тотем көрүшөт. Тибеттиктер
маймылдан чыкканбыз дешкен. Адамдардын байыркы түшүнүгүндө
айбандардын адамга айланышы же тескерисинче, адамдардын айбанга
айланышы адеттеги эле көрүнүш болгон. Кыргыз мифтеринде
маймылдын бир убакта тараз ачы болгону айтылат. Аюу – жалкоо,
балбан адам болгон, түлкү – куу, карышкыр – ач көз адам болгон.
Булар байгамбардын каргышына калып айбанга айланып кеткен, Аңыр
– байгамбардын келини деп айтылган. Бул дагы каргышка калып
кушка айланып кеткен. Кийинчирээк айрым айбандарды ыйык көрүп
тотеми катары сыйынып калышкан дешет. Сарыбагышты дал ушундай
тотемдик түшүнүктөгү айбандын атына байланышту пайда болгонбу
деп
болжолдоого
болот.
Бирок
Алыбеков
Тургунбектин
санжырасында, Чыңгыз хан Алтайдагы Найман Хандыгын
талкалаганда, ал жерге, мурда, араптар Орто-Азияга келгенде – VIII
кылымдарда сүрүлүп барган кыргыздар батышка кайра сүрүлүп Тянь
Шанга келген деп айтылат. Ошондо кыргыздарды Жанкороз баштап
келет. Андан Чамас туулат. Жанкороз менен Чамастын убагында
177
Чынгызхан Орто Азияны каратып бүтүп, балдарына үлүш бөлгөндө,
кыргыздар, Чагатайдын (Жагатай – С.З.) үлүшүнө туура келет. Чагатай
кыргыздарды эки багышка бөлүп, башына Чамасты бий шайлайт.
Кыргыздан түшкөн салыкты бий жыйнатып берип турат. Чамастан –
Ак уул, Куу уул туулат дейт. Ак уулду биринчи багышка бий кылып,
оң багыш дейт. Куу уулду экинчи багышка бий шайлап, сол багыш
дейт. Буга караганда, багыш деп, белгилүү бир уруулар жердеп турган
аймакты атаганы байкалып турат. Ал багыштагы – аймактагы
урууларды ажыратыш үчүн – сары багыш, кара багыш, чоң багыш,
жалыңач багыш, деп атаганбы деп ойлоймун. Кийинки тарыхтын
өзгөрүшүндө ал түшүнүктөр башка мааниге – байыркы айбандарды
тотем туткан түшүнүгүнө кайра өтүп кеткенби дейм. Эми биз кайра
Сарбагыш уруусунун жайгашкан жерине көңүл буралык.
Кыргыз санжырачыларынын берген маалыматына караганда
Сарбагыштар чоң төрт урука бөлүнүп турган. Алар: - Эсенкул тукуму,
Атаке тукуму (Тынай эли – С.З.), Черикчи (Темир тукуму – С.З.)
тукуму, Надырбек тукуму деп аталган. Булардын ичине: калмакы,
жантай, сүтөй, чертике, жарбан, чоң өтүк, абыла, молой, чечей
чагалдак, сабыр деген уруктар кирет. Кыргыз санжырасында,
Сарбагыш уруусунун башталышын Дөөлөстүн төрт уулунан: - Токо,
Жантай, Манаптан баштайт. Бул үчөө Дөөлөстүн биринчи аялы – Жез
бийкеден. Экинчи аялы Мончоктон – Элчибек. Манаптан: Сүтөй,
Жарбан. Сүтөйдөн: Эшим, Сарысейит, Тугур. Сарысейиттен: Үчүкө,
Түлкү, Кудаян, Эрдене, Кээлер буларга, Атакозу, чабакты кошот.
Тугурдан: Чоң чарык, Токодон: Каракурсак, андан: Өзүк, Молой,
Чечей; Жантайдан: Ак чабуу, Аюке, Токтоку, Таштокум, Элчибектен:
Атамат, Алыбек, Жумуш. Булардын уруктарынын тармакталып
бөлүнүп отурганына токтолуп отурбайын. Дөөлөстүн төрт уулунун
ичинен, Манаптын тукумунан, Сарбагышты бийлеген чоңдор көп
чыгат. Алар: Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Темир, Болот, Эсенкул, Атаке,
Ормон, Жантай, Шабдан. Уруу түзүлүш мезгилинде, мыкты уруу
башчылары ар түрдүү жол менен элин көбөйтүп жиберген. Коңшу
турган уруулардан, башка жердеги уруулардан, эл кошуп алган.
Ошонун кесепетинен, кийин, ал тукумдун санжырасын изилдей
келгенде, башка жактан келгендер менен өз тукумун – тоңдуу уул,
тоңсуз уул, - деп бөлүшүү келип чыккан. Анын сыңары, Сарбагыш
ичинде, башка жактан келген уруулардын тукуму да арбын. Ал
заманда эли көптүн – жери көп болгон. Ошондуктан, Сарбагыш
уруусу көп жерге чачырап жайлашкан. Кыргыз санжыраларынын
178
айтышына караганда Сарбагыштар мурда Иленин башы Үч-Аралдан
тарта, Көк Ойрок, Челек, Кичи Кемин, Чоң Сары Ой, Каракоо,
Жылгын башы, Шамшыны жайлап жүрүшкөн. XVIII кылымдын
аягынан тарта, Ат Башынын бир жагын, Ак Талаанын бир жагын, Үч
Теректин башы Коңүр Өгүзгө чейин ээлешкен.
Сарбагыш уруулары жөнүндө сөз болгондо Санчы сынчы
жөнүндөгү аңыз кеп айтылат. Бир жолу Санчы сынчы Болотко
жолугуп: - Болот бий, сенин бешенеңде тукумуң көп болуп, нечен
мыктылар, жаакта жок чечендер, жолборстон тартынбаган баатырлар
чыга турганы көрүнүп турат. Азыркы байбичең Алтындан туулган
балдарың камчы сапка жарабайт, эми бир аял ал, - дейт. Анда Болот: Ээ, олуям, эмнени айтасың, - мен карып калдым, эми мындан ары,
дагы тукумдуу болуп, алардан эл куралганча качан, - дейт.
- Андан эмес, элиңди жайлоого көчүр, эрге ыйлайыктуу катын
тандап берейин, - деп, Санчы сынчы Болотту тилге көндүрөт. Эртең
менен көчкөн эл, кеч бешимге чейин чубап өтүп турат. Көч бүтөт,
көчтүн артында укуругун сүйрөтүп бир үйүр жылкы айдаган жигит
келет. Болот аны чакырып, артыңда адам калдыбы? – деп сурайт. –
Адам калган жок бийим. Чакалдактын жесири эле кара уюн жетелеп
келе жатат, - дейт.
Бир аздан кийин уюн бышылдатып, кичинекей жүгүн ага артып
алган кара катын өтөт. Аны көргөн Санчы сынчы ордунан тура калып:
- Болот бий, мына бактың бар экен, биз издеген катын ушул! дейт. Болот бий күлүп: - Олуям, мени шылдың кылба, ушул катынды
ким алсын, - дейт. - Болот бий, аялдын өңүн караба, сага жакшы тукум
керек болсо ушуну ал. Мунун биринчи баласы жатын чайкаар болот,
экинчи баласы - баш койкоң, - элдин баласы болот, атагы алыска
кеткен баатыр болот. Үчүнчү баласы - канжыгалуу кара сеңсел чыгат.
Төртүнчүсү качырбас боз айгыр болот - деп баягы катынды Болотко
алып берет. Бул төрт уулдун биринчиси - Кожомшүкүр, экинчиси Эсенкул (чоң баатыр аталат - С.З.), үчүнчүсү - Ниязбек, төртүнчүсү Ормон. Мындай сын Солто балдарын сынаганда да айтылат. Кебетеси
санжырачылар аз өзгөртүп коюп өз уруктарына колдоно берет окшойт.
Болот бий алган бул аял - Даалеке таркылдак деп аталат. Даалеке
төрөгөндө баласына Кожомшүкүр деп ат коѐт... Эки жыл өтпөй
Даалеке дагы төрөйт, ошол мезгилде жоо келип калып, ата-балага
карабай туш-тушка качышат. Бала бешикте журтта кала берет. Эл,
Кара Коодон качып, Сары Булакка барат. Ошол жерден Болот бий,
Даалеке колунда баласы жок келатканын көрүп: - Бала кайда? - деп
179
сураса, - Бешиги менен журтта кала берди, жигиттер ала келет деп,
байкабай калган экемин, - дейт. Болот бийдин ачуусу келип агасы
Темирди эки жигит менен журтка жиберет. Темир жигиттери менен
чаап Кара Коого барса журттан бир марал кетип баратканын көрөт.
Бешикти ачып караса баланын эки ууртунан сүт агып калыптыр.
Көрсө марал эмизип жаңы эле кеткен экен. Баланы бешиги менен
өңөрүп келип, мал союп, түлөө кылат. “Балам аман-эсен табылды” деп атын Эсенкул коѐт. Эсенкул эр жетип, айткан сөзү эм болуп,
сарбагышты бийлеп, Аблайхандын чабуулунда, жети Суудагы
кыргыздарды баштап согушат. Ар түрдүү амал менен элди коргоп, чоң
баатыр атанат. Эсенкул алты аял алган, алардан жыйырма балалуу
болгон. Биринчи аялынан туулган Ниязбек мыкты чыгып, Сарбагыш
уруусуна башчы болуп калган. Ниязбектен: Ормон, Субан, Шакен,
Бердикожо, Бердибек, Ажы, Кожобек, Рыскулбек. Булар “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек” - деп акындар тарабынан
ырга кошулган. Ормондун убагында сарбагыш уруусунан жери дагы
кеңейет. Балкаштан бери - Кенен Аңыракайды кыргыздардын солто,
сарбагыш уруулары жайлап жүрчү экен. Аблай хандын чабуулунда
солто катуу жабыр тартып, кырылып-сүрүлүп, эки миң түтүндөйү
колго түшүп, бөксөрөт. Ошондон кийин, Кенен Аңыракайды көп
жыйлабай, тоо арасына ооп калат. Ормон опузалыгын карматып,
Кенен сары, Норузбайды талкалагандан кийин Иленин башы Үч
аралга чейин жайлап, Кенен Аңыракайга көп барбай калат. Ошол
учурда кыргыздарга чектеш жашаган улуу жүз казактарынан жылайыр, найман урууларынын мыктылары Ормонго кырк чаар
байтал айдап келип: - Баатыр, Кенен Аңыракайыңар ээн жатат,
малыбыз оттон жүдөп кетти, биз жайлап туралык? - дейт. Ормон: Бүткүл Ала Тоо кыргыздын жери, Кенен Аңыракайды силерге бердим,
- дейт. Ошентип, Ормондун опузалаган бир сөзү менен, кыргыздын
байыркы Алтайга барып жүргөн көч жолу, жайыты менен казактарга
берилип калган дейт.
Сарбагыш уруулары, баатырлары жөнүндө сөз болгондо Түлкү
баатыр менен Жаңыл Мырзанын окуясы жөнүндөгү аңыз көп айтылат.
Эл арасында: - Үчүкенин үч уулу, үч Үчүкө болор да, жалгыз Тынай
кулунум, сенин күнүң не болот? – деп, Түлкү баатырдын талак кылган
аялы ыйлап кетиптир деген ылакап айтылат. Бул ылакап тарыхый
болгон окуядан калган. Биз жогор жакта Сарбагыш уруусунун түп
атасы Дөөлөстүн Жийде деген аялынан Манап деген балалуу болгонун
айткан элек. Ошол Манаптан – Сүтөй, Сүтөйдөн – Сарысейит,
180
Сарысейиттен: - Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене. Сөз дал ушул
Сарысейиттин уулу Үчүкө, Түлкү жөнүндө болуп жатат. Ылакапта
айтылып жаткан Үчүкөнүн үч уулу: Маматкул, Дөөлөт, Бердигул.
Маматкулдан биз жогоруда сөз кылган Темир, Болот, Андакул,
Көккөз. Болоттон – Эсенкул. Мен бул жерде айрым гана санжырада
көп айтылган уулдарын айтып жатам. Калган көп тукуму жөнүндө сөз
кылган жокмун. Сарбагыш уруусун – урукка, тукумга, атага бөлгөндө:
Темир тукуму, Болот тукуму, Эсенкул тукуму деп айтылат. Түлкүнүн
аялы, “жалгыз Тынай кулунум” деп ыйлап кеткен, Тынай тукуму Кичи
Кеминди, Токмоктун үстү Он Бир Жылгадан Шамшынын оозуна
чейин жайлашат. Тынайдан – Атаке жырык, Атакеден – Таштанбек,
Таштанбектен – Карабек, Карабектен – Жантай, Жантайдан – Шабдан.
Ошол Тынайдын атасы Түлкү баатыр аялын кетиргенден кийин,
Кашкардан ары Лоп дайрасын жердеген нойгуттардын Жаңыл
Мырзасын алам деп барып, жылкы тийип, Жаңылды “канчык” деп
койгондугу үчүн, анын жаасынан өлөт. Бул окуя “Жаңыл-Мырза”
эпосунда толук айтылгандыктан, ага токтолуп отурбайм. Сарбагыштар
Үчүкө, Түлкүнүн кунун кууп, кийин, Жаңыл-Мырзаны колго түшүрүп,
кара багыштын Калматайына алып берип тынышат. Бирок, Жаңылдын
кеги ичинде калып, Калматайды, андан тууган баласын өлтүрүп,
качып кетет. Андан кийин Лоп дайрасын жайлаган нойгуттар – Жаңыл
Мырзанын уругу, кундан коркуп, Зардалыга көчүп кетишет.
Зардалыда көп жылдар туруп, кийин гана Баткен, Фрунзе
райондорунун аймагына көчүп келишет. Сарбагыштар, калмак
доорунда, солто менен кошо Ысар, Гөлөпкө чейин сүрүлүп, кайра
тартканда, намангандын үстүндө, Ходжент тегерегинде, Кетмен
Төбөдө болуп, азыркы жайлаган жерлерине XVIII кылымдын экинчи
жарымында гана келишкен. Кыргыз санжырачылары, калмак доорунда
сүрүлгөн Сарбагыштардын айрым уруктары ар кайсы жерге чачылып
кала бергенин да кеп кылышат. Мисалы, Сарысейиттин бир уулу –
Кудаяндын тукуму, Ходженттин тегерегинде кала берген дейт.
Калмакы, Сүтөй, Жантай уругунун айрымдары Таластын үстүндө,
Калбага жакын жерде туруп калышкан. 1916 - жылы болгон улуттук
боштондук көтөрүлүшүндө сарбагыштар Кытайга сүрүлүп, көп
уруктар ал жакта кала берген.
Тагай бийдин дагы бир баласы Карачоро деп аталат. Кыргыз
санжырасында, Карачоронун кандай Тагай бийге бала болуп
калгандыгы жөнүндө аңыз кеп бар. Айрым санжырачылар муну, Тагай
бийдин Кокон хандыгына – ак үйлүүгө алынгандагы окуяга
181
байланыштырат. Ал мындай: Кыргыз элинен, кокондун ханы Эреше,
ак үйлүүгө элчи катары бирөөнү барымтага кармап туруучу экен.
Ошол учурда Тагайды ордого алып келет. Тагай ордодо жүргөндө
кийим которуп кийе албай, сууга түшө албай кирдеп, биттеп, куштайт.
Бир күнү Тагай кабакка барып кийимин карап отурса, Эреше хан
көрүп калат. Эртеси эле, ал, ордо кыздарынан ичинен Наси деген
кызды Тагай бийге алып берет. Тагай бий ал жерде эки жыл туруп
калат. Мөөнөтү бүтүп, кетет турган болот. Ал ханга барып: - Ханым,
мөөнөт бүттү, уруксат бериңиз, сизге ылайык келсе Насини бериңиз,
ала кетейин, - дейт. Анда, Эреше хан: - Ырас, сенин мөөнөтүң бүттү,
убада, убада, баргандан кийин өз ордуңа Мышык бийди жибер, бирок
Насини бере албайм – дейт.
Наси Тагай бийге боюнда калгандыгын эскертет. Тагай бий: Эркек төрөсөң атын Чоро кой, менин Эреше ханда Чоро болгон
мезгилим эсиме түшсүн, кыз төрөсөң өзүң бил. Уулум мени издеп
калса мынабу белги деп калтасынан чарбысалын (маки – С.З.) берет.
Ушуну көрсөтсө мен билем, мен ары болсом Чүйдө, бери болсом
Кетмен Төбөдө болом, ошол жерден табат, - деп жөнөп кетет. Кийин
Мышык бий ордого баргандан кийин, баягы Насини ага алып берет.
Мышык бий: Асылбек, Байышбек деген эки балалуу болот. Айрым
санжырачылар: Саяк, Азык деген, эки балалуу болот деп айтышат.
Мышык бий Эреше хандын каарына калып, дарга тартылат. Ошондо
кыргыздан калган тукумду жоготуп коѐбу? – деген ой менен, Наси,
Чорого Саяк, Асык балдарын кошуп, Тагайдын дайынын айтып,
жөнөтүп жиберет. Алар, көп кыйналып отуруп Кетмен Төбөдөн Тагай
бийди табат. Чоро чарбысал кестигин Тагайга берет. – Аа, бул менин
балам Чоро тура, өңүң кара болуптур – Карачоро бол, бул балдар
кимдер? – деп, жанындагы балдарды сурайт. Ал энелеш бир
туугандары экенин айтат. Анда, булар да менин балдарым тура, деп,
Тагай бий чоң той кылып, байбичеси Айышбүбүнү чакыртып:
Карачоро, Саяк, Азыкты эмиз деп, эмиздирип, “энеңдин ак сүтү,
атандын ак батасы колдосун” дедиртип элден бата алат. Кийин
Карачородон Балта, Түйтө уруктары, Саяктан Саяк уруусу, Азыктан
Азык уруусу тараган дейт.
Карачоро тукумунун негизи солто ичинде калат. Булар
Токмоктун үстүнө, Ысык Атанын оозуна, Аламүдүн, Жыламыш
суусунун жээктерине жайгашат. Ар түрдүү себептер менен тууган,
сөөк издеп башка жакка кеткендери да болот. Кыргыздын айрым
санжырачылары Карачоронун Түйтө баласынан – Кайдоол, Балтанын
182
Нурмамбет баласынан – Кунтуу – кунтуу ичиндеги суумурундар
тарайт деп айтышат. Булар, негизинен, Аламүдүн, Сокулукта
жайлашат.
Дал ушул жерден кыргыз санжырасындагы айрым ажырым
айтылган, туура эмес түшүнүктөргө токтолуп кетким келет. Мындай,
ача айтылган, ар түрдүү талкууланган аңыз кептер абдан көп. Анын
бири, Тагай бийдин Кокон хандыгына, ак үйлүүгө барышы.
Чындыгында Кокон хандыгы, XVIII – кылымдын башында, өзбектин
миң тукумунан чыккан Шоорук бий тарабынан негизделген. Калаа
салдырып, шаар курган. Кийин аны, анын баласы – Абдырахун бий
башкарып калган. Абдырахун бийдин тушунда кыргыздарды –
Акботой бий башкарып турган. Ошол мезгилдеги уруу түзүлүшүн эске
алганда, Акбото бий, бүткүл кыргыздарды башкарган деп айта
албайбыз. Ал, ошол, Кокон хандыгынын таасиринде болгон: Анжыян,
Наманган, Фергана кыргыздарына таасири чоң болгон. Ал эми, Тагай
бий жашаган мезгилде, Кокон хандыгы түзүлө элек, жок болгон.
Андай болсо кандайча Тагай бий Кокон хандыгына, ак үйлүүгө барат?
– деген суроо туулат. Мунун себеби башкада. Кыргыздарды кичинекей
гана уруу катары элестетпеш керек. Айрым окумуштуулар дал
ушундай гана түшүнүп, кыргыздар Алтайда, Енисейде болсо, Тянь
шанга каяктан келип калды деп, анын сүрүлгөн, көчкөн мезгилин
издей башташкан. Алар, кыргыздардын бир чети – Енисей, Алтайда
болгондо (казактар менен бирге, казактар мурда кыргыздар деп аталып
келген – С.З.) бир чети – Тянь Шанда, Ысык Көлдө, Чүйдө, Анжыянда
жайлап жүрүшкөнүн ойлошкон эмес. Алар, азыркы чектелип,
такталып бөлүнгөн карта боюнча гана түшүнүшкөн. Дал ушундай
түшүнүк санжырачыларда да бар. Алар, кыргыздар жөнүндө, алардын
бийлери, баатырлары жөнүндө сөз болгондо, бир адамдын тегерегине
топтоп айтышат. Чынында, турмушта андай болгон эмес. Айрыкча
уруу түзүлүш мезгилинде бир адамга баш ийген учур болбойт. Андай
шартта, белгилүү бир уруу тобу, аймак биригип, кайра чачырап турат.
Ошондуктан, Тагай бийдин омүрүнө байланыштуу сөз болгондо, Жети
Суулук кыргыздар жөнүндө гана сөз болуш керек. Тагай бийдин
тукумунун санжырасын сүрүштүрө келгенде, XVI кылымга барып
такалат. Демек дал ошол XVI кылымда, Жети Суулук кыргыздар
кимдер менен байланышып, кимдер менен алака жасап, кимдер менен
чабышып турган? – кеп дал ушунда. Академик В.В.Бартольддун
берген маалыматына караганда 1540-жылдары жазылган “Мырза
Хайдар Тарих и Рашиди” боюнча, кыргыздарды (Жети Суудагы),
183
Мухаммед деген кыргыз башкарып турганы, жана ал Ысык Көлдүн
түштүк жээгинде Барскоонго жакын турганы айтылат. Дал ушул
Мухаммед, 1514-жылы, Султан Саид хан – Кашкардын башкаруучусу
Мырза Абубекирди талкалаганда чоң жардам бергени айтылат
(В.В.Бартольд, I П (I) М. 1963, 514-бет). Ошондон кийин Мухаммед,
Султан Саиддин колдоосуна ээ болдум деген түшүнүктө, Түркестан,
Сайраш, Ташкентке жүрүш жазап, Түркестандан өзбек хандын баласы
Абдулланы колго түшүрөт. Бирок Мухаммеддин бул кылганы Султан
Саид ханга жакпай калып 1517-жылы кыргыздарга каршы жортуулга
чыгат. Ал, Ысык Көлдүн жээгинде Барскоон суусунун боюнда
Мухаммедди талкалап, колго түшүрүп Кашкарга алып кетет. 1522жылы, Султан Саид хан, Мухаммедди баласы Рашидге кошуп,
Могулстанга кайра жиберет. Могулстандын негизин кыргыздар түзүп
тургандыктан, Султан Саид, баласы Рашидге, Мухаммед негизги
жардамчы болот деп ойлогон. Ойлогондой эле, кыргыздар,
Мухаммеддин тегерегине кайра баш кошуп, чоң күчкө айганган. Ошол
мезгилде, жаңы күч алып калган казак ханы – Тахир, Рашидди жана
кыргыздарды өз жагына тартыш үчүн Рашиддин ордосуна келген. Ал
учурда Рашиддин ордосу Кочкордо болгон. Тахир, Рашидге
карындашын аялдыкка берген. Саид хан, баласы Рашиддин казак ханы
Тахирдин карындарын алганын Мухаммедден көрүп, кайрадан
Кашкарга чакыртып алган. Мухаммед ал жерде, Султан Саид хан
өлгөнгө чейин, башкача айтканда, 1533-жылга чейин турган. 1533жылы Мухаммед кайра бошотулган. Тарыхчылар, дал ушул
Мухаммедди – Тагай бий болуш керек деп, болжолдошот. Эреше же
Эрдене хан деп, Рашидди (толук аты Абдырашид) ойлошот. Мындагы
окуялар да кыргыз санжырасында, Тагай бийдин башынан өткөн
тарыхка окшош. Менин бул жерде тактап коѐюн дегеним, XVI
кылымда, кыргыздар Кашкарга баш ийип турганы жөнүндө болмок.
XVIII кылымдагы Кокон хандыгынын күч алышы, кыргыздардын
түндүк, түштүгүн бүт багындырышы, санжырачылардын түшүнүгүн
да өзгөрткөн. Алар кыргыздардын мурдагы уйгур менен болгон
байланышын “унутуп”, кыргыздар Кокон хандыгында ак үйлүүдө
болгон деп ойлоп калышкан. Чындыгында кыргыздардын, уйгурдун
ордосу болгон Кашкар менен, X кылымдарда эле байланышы күчтүү
болгон. Ал түгүл, байыркы убакта Уйгур – Угуз мамлекет болуп
турганын, кыргыз санжырасынан толук маалымат алабыз. Муну дагы
далилдөөчү нерсе, XI кылымдын эстелиги катары бизге жеткен
Баласагындык такыба Жусуптун: “Кут алчу билим” жана Махмуд
184
Кашкаринин: “Түрк сөздөрүнүн жыйнагынын”, кыргыздардын,
Кашкардагы ордого баш ийип турган мезгилинде жазылганы,
Жусуптун туулган жери Баласагын болгону менен, “Кут алчу
билимди” Кашкардагы ордодо кызмат кылып жүрүп бүткөн. Бул түрк
тилдерине орток адабият жөнүндө өзүнчө сөз кылууга туура келет.
Ошентип, Тагай бий, Кокон хандыгында эмес – Кашкарда, ак үйлүүдө
тургандыгы чындыкка окшойт. Тагай ал жерден үйлөнгөн болуу керек.
Кашкарда, XIX кылымга чейин, сырттан келгендерге алып берүүчү
ордо кыздары – чаукендер болушкан. Алардан калган тукумдарды
“чалгырт” жеп коюшат (чалгырт – “бөлөк-бөтөн эл” деген манини
берет). “Манас” эпосундагы:
“Чалымы турат сөзүндө,
Чалгырты турат көзүндө”,деген ыр сабы дал ушундай келип чыккан.
Мен билгенден, кыргыз санжырасында, атактуу эки Тагай
жөнүндө сөз болуп жүрөт. Биринчиси, азыркы мезгилдеги оң аталып
жүргөн уруулардын атасы Адигиненин иниси – Тагай жөнүндө. Бул
киши XVI кылымда жашаганы белгилүү болуп турат. Ал XVI
кылымдын эстелиги катары жазылып, бизге жеткен “Маджму аттаварих” те да жолугат. Бул “жыйнакта”. “Тагайдын Кулан (Койлон –
С.З.) Кылжыр, Бойгорстон (Богорстон – С.З.), Карачоро, Саяк, Дөөлөс
деген балдары бар эле” деп жазылган (“Маджму ат-таварих,
В.Ромодиндин котормосу, кол жазма, 94-бет).
Экинчи – Тагай жөнүндө тарыхчы Рашид ад – дин жазып
калтырган. Ал XIII - XIV кылымда жашаган кыркун уруусунун
башчысы Тагай деп көрсөтөт (Рашид – ад – дин: “Введение в историю
тюркских и монгольских племен”. Перевод И.Н.Березина, Труды Вост.
отд. РАО, У, 44 стр.).
Кыргыз санжырачылары тарыхый инсандардын жашаган
жылдарын эске албай айта беришет. Ошондуктан, кыргыз
санжырасында ача айтылган ойлор, так эместиктер көп жолугат. Ага,
кылдат мамиле жазап, ошол мезгилдеги окуяга, тарыхый уламыштарга
салыштырып отуруп такташ керек. Биз жогору жакта кийинки
санжырачылардын айтканына таянып, Карачоронун - Балта, Түйтө
деген балдары болгону жана андан - Кайдоол, Чылпак деген уруктар
тараганын айткан элек. Ал эми XVI кылымдын эстелиги болгон
“Маджму ат-таварихте” Карачородон – Бостон жана Саяк деп берген.
Азыркы учурда бостондор адигине ичинде, Өзгөндүн тегерегин
жайгашкан. Мындай ача ойлор кыргыз санжырасында эң көп жолугат.
185
Санжыра алгачкы башталышында элдин тарыхын баяндоого, уруу,
уруктун түпкү тегин иликтөөгө арналса да, акырындык менен элдик
оозеки чыгарманын бир түрүнө айланып кеткен. Ошондуктан анын ар
түрдүү варианттары келип чыккан. Ага карабастан анда чындыктын
даны сакталып калган, аны таба билиш окумуштуу тарыхчылардын
милдети.
Элдик санжырада Тагай бийдин дагы бир баласы – Саяк. Кыргыз
санжырачылары саяктар жөнүндө ар түрдүү айтышат. Айрымдары
Саякты Карачорону ээрчип келген селсаяк бала экен, ошондон
таралган тукумдар саяк уруусун түзөт дейт. Кээ бир санжырачылар
Саякты Карачоро менен энеси бир, Карачоронун атасы – Тагай бий,
Саяктын атасы – Мышык бий дешет. Дагы бир санжырачылар,
Саяктын өз аты Байызбек экен, Карачоро менен энелеш болуп,
Кашкардан качып келген, ошол Карачорону ээрчип келгенин
шылдыңдап: “сен бир селсаяксың” – деп жүрүп саяк атап жиберишкен
дешет. Саяк жөнүндөгү кайсы вариантты албайлык, Карачорого
байланыштырып айтылат, Тагай бийдин өз баласы катары айтышпайт.
Ал түгүл XVI кылымдын башында жазылган “Маджму ат-таварихте”
да Саякты Карачоронун баласы катары көрсөтөт. Менимче бул саяк
уруусунун Тагайдан мурда пайда болушуна байланыштуу го деп
ойлойм. Бул жөнүндө мурда айтылган, ага кошумчалай турганым:
байыркы убактарда, тактап айтканда, биздин заманга чейинки VII – IV
кылымдарда Жети Сууда сактардын уруу союзу жашаган.
Тарыхчылардын, археологдордун берген маалыматына караганда
ошол сактар кийин усундар менен кошулуп кеткен. Ошондуктан сак,
усундар кыргыздардын байыркы ата бабаларынан болушу мүмкүн.
Кийин, кыргыз эли түзүлгөндө, байыркы сактар – саяк болуп өзгөрүп –
кыргыз ичинде, усундар – уйсун болуп – казак ичинде сакталып
калышы ыктымал. XIX кылымдагы кыргыз санжырачыларынын
айтуусунда саяктар төрт урука бөлүнгөн. Муну Чокан Валиханов
жазып алган. Ал төрт урук: Курманкожо, Кулжыгач, Шыкмамбет,
Каба.
Алар, XIX кылымдын экинчи жарымында: Ысык Көлдүн түштүк
жээгинде, Соң Көлдүн тегерегинде, Кочкор, Жумгалда, Нарын
суусунун боюнда көчүп жүрүшкөн. Алымбеков Тургунбектин
санжырасында, Саяктан: Алакөз, Каба, Чекир, Алакөздөн - алакөз
уругу тарайт. Алар азыр Ысык - Көлдүн аяк жагына орношкон,
Кочкор, Жумгалда. Кабадан: Түнкатар, Түнтөй, Өйдөчекти, Кутунай,
Актери, Бостери. Түнкатар, Түнтөй уругу - Кетмен Төбө, баш жагы,
186
Үч Теректен ары Кызыл Үңкүргө чейин. Чоңколор да ошол жерде.
Өйдө чектилер – Жумгалды, Тогуз Торону жердешет. Ак Тери,
Бозтерилер - Көлдө, Жумгалда. Чекирден: - Үч куртка, Түгөл. Үч
курткадан: - Аккабак, Ыман, Кудайберди. Кудайбердиден: Күлжыгач, Чоро. Күлжыгачтан: - Күрүчбек, Сүтэмген, Итэмген.
Сүтэсгенден: - Чапкынчы. Булардын ичинен, чоро саягы - Ак Талаа,
Тогуз Тородо. Булардан: - Атантай, Тайлактар чыккан. Тайлактын
уулу - Осмон чыккан. Чекирдин уулу - Түгөл өтө бай болуп, Жумгал,
Суусамыр, Таластын башына чейин жайлаган. Элдик аңызда, Эр
Эшимдин Шарп кула деген тулпарын ошол Түгөл берген экен.
Суусамыр өрөөнүндө Күрүчбек уругу жайгашкан. XVIII кылымда,
Таластын этеги Капканын тегерегинде саяктар жайлагандыгы жөнүндө
маалымат бар. Кадимки Аблай менен чабышкан Садыр хан - саяк
болгон. Ал Капканын алдына коргон тургузуп – хан Садырдын ордосу,
коргону деп атаган, Саяктар негизинен Тянь - Шанды, Көлдү жердеген
менен абдан чачырап кеткен. Азыркы учурларда саяктар бугу,
сарбагыш, солто, саруу, кушчу, басыз, жедигелер ичинде да көп.
Кыргыз урууларынын ичинен абдан чачырап тараганы - саяк менен
моңолдор. Айрым санжырачылар саяктардын негизги уруктары
катары – курманкожо, кулжыгач, иман, чоро, катаган, каба, алакөз,
сыкмамбетти (Шыкмамбет болушу мүмкүн - С.З) айтышат. Булардын
ичинен, катаган уругун, байыркы чоң Кошой чыккан катагандар менен
алмаштырууга болбойт. Катагандар байыркы түрктөрдө чоң топту
түзүп, кийин түрдүү себептер менен көп элдин ичине урук болуп
бөлүнүп кеткен. Бул жагынан алар: кыпчак, коңурат урууларына
тагдырлаш. Азыркы учурда катагандар моңгол, өзбек, каракалпак,
казак элдеринин ичинде өзүнчө уруу, урук болуп жүрөт. Кыргыздарда,
катагандар саяк ичинде калган.
Кийинки уламыштарда, катагандардын ичинен – Эр Табылды
чыкканы айтылат. Табылды атасына ашты 1813 - жылы берген.
Ошондо ал 28 жашта болгон. Бул жөнүндө Актан Тыныбек уулу,
“Алыкенин ашы” деген санжырасында баяндап отурат. Табылды
баатырга 1858 - жылы Кашкардан келе жатып Чокан Валиханов да
жолуккан. Табылды баатырдын Төрөкелди, Балбайлар менен дагы
жакшы байланышта болгонун мурда эскерген элек.
Кыргыздын оң канатына кирген жана Тагай бийдин тонду уулу
катары айтылып жүргөн – Азыктар.
Элдик санжырада азыктарды Тагай бийдин Кокон хандыгында ак
үйлүүдө жүргөндө Наси деген орто кызын алып андан Карачоро деген
187
балалуу болот. Саяк, азык ошол эле Насинин башка эринен, кийин
төрөлөт деп түшүндүргөнүн мурда айтып өткөн элек.
Санжыранын кээ бир варианттарында Карачоро, Кашкардан
атасы Тагай бийге келет.
Атасы: Булар кимдер? – деп сураса бул селсаяк экен, тигине
азыктарды көтөртүп алдым – дейт. Ошол эки жигиттен саяк, азыктар
тарайт, деп түшүндүрөт. Кыргыз санжырасынын үчүнчү вариантында,
кыргыздар менен өзбектер чабышканда, Үч Коргондо, Домокан деген
өзбек беш баласы менен кыргыздарга колго түшөт. Аларды Жети Суу
тарапка алып келе жатканда , Кетмен Төбөдөн кайра качып Нарын
суусуна кирет. Чоң дайрадан Домохан чыга албай төрт баласы менен
агып кетет. бир баласы – Абдырахман суудан жээке сүрүлүп аман
калат. Аны, атасын издеп келаткан Кара Чоро таап алып, азыгын
көтөрүп алат. Ошондон азыктар тарай дешет. Ошентип, кыргыз
санжырачылары азыктарды, Тагай бийдин өз баласы катары карабайт.
Мунун себеби, азыктардын, Тагай бийден мурда эле болгондугу,
кыргыз арасындагы эски уруу экендигинде. Азыркы учурдагы
айтылып жүргөн кыргыз санжыраларынын көпчүлүгү XV кылымдан
берки кыргыз урууларын так берип, андан аркыларынын атасын таба
албай, кулга кошуп, же жоодон түшүргөндөй, же жолдон табылгандай
чечмелей беришет. Чынында , азыктар , байыркы учурда “аз” деген ат
менен аталып жүргөн уруулардан. X кылымдын эстелиги катары бизге
жеткен перс тилинде жазылган “Худуд - ал-алам” китебине караганда
аздар деген элдер түрк тилинде сүйлөп, кыпчак, кыргыз (кыргыз С.З)
кимак, халлухи, чигилдер менен кошуна жашап турган. Академик В.В
Бвртольд Алтайда төрт “аз” деген уруу бардыгын эскерет.
(В.В.Бартольд соч. II часть I. М., 1963., 485-стр.). VI кылымдарда түрк
каганаты экиге бөлүнгөн. Чыгыш түрк каганаты - Дулу аталып, батыш
түрк каганаты – Нушиби делген. Ошол батыш түрк каганатынын
ичинде: асык, кушчу уруулары болгон (Ленинград.Ч.О.Архив разряд 65 Опись-1, №11). Ошол эле архивдик материалдарга караганда, 641жылы дулулар турган аймакка асыктардын кол салганы айтылат.
(23-бет)
Ошентип азыктар (асык деп да айтылат - С.З.), жазма
эстеликтерде VI кылымдан бери келе жаткан байыркы уруулардан
экени байкалат. Кийин ар түрдүү себептер менен талкаланып, кыпчак,
найман сыяктуу майда урууларга бөлүнүп кеткен окшойт. Аздар
жөнүндөгү малыматтар, байыркы Орхон Енисей текстеринде да
жолугат. Кул Тегинге арналган эстеликте 731 - жылы ташка чегилип
188
жазылган экен. Ал текстен эки-үч сүйлөм келтирейин: “кыргыз ханын
өлтүрдүк, элин алдык (чаптык). Ал жылы Түргөшкө карай Алтын
жышты (тогоп) ашып, Иртиш суусун кечип жортулдадык. Түргөш
кандын Борчуда оттой жанып, бороондой келди, сунгуштук; Кул
Тегин Башгу деген боз атты минип тийди Башгу боз... ...экөөнү өзү
алдырды. Анда жана кайра кирип, Түргөш кандын буйрук берүүчүсүн,
аздардын тутугун колу менен тутту. Каганын анда өлтүрдүк, элин
алдык (чаптык); кара Түргөш элинин баары багынды” (Орхон Енисей
текстери” Ф., - 1982-ж. 67-бет.).
Орхон Енисей жазууларында, аздар, түргөштөр ичиндеги эл
болуп, түргөштөр да кыргыз сыяктуу түрк тилинде сүйлөгөн эл
болгон. Таштагы жазууда ошол эле түрк элдеринин ортосундагы
согуштар баяндалып жатат. Байыркы жоокерчилик замандын заңзакону боюнча бир эле элдин уруу уруктары ичинде тынымсыз
кагылыштар болуп турган. Ал согуштар: ичи тардыктан, ач көздүктөн,
бийлик талашуудан башталып акырындап отуруп уруктан урууга,
уруунун элге биригишине алып келген. Ал согуштарда айрым уруулар
жоголуп, айрымдары толуп, көбөйүп өскөн. Азыктар дал ошондой
тагдырга дуушар болуп биздин мезгилде аз урук болуп жетти. XIX
кылымдагы маалыматтарга караганда азыктар сарбагыш ичиндеги чоң
топту түзгөн жана мындай бөлүмдөрдөн турган: Карагул, Сазан, Үч
тамга, Ак чубак. Кийинки мезгилдеги санжырачылардын
маалыматына караганда Азыктан: Кашкелең, Кашкары – эки бала.
Кашкелеңден: Байкүчүк, Бычман, Бөрү. Байкүчүктөн: Элчибек,
Карабагыш. Бычмандан: Козукуна, Топой, Көөбөн, Базарчы,
Каракөнөй. Бөрүдөн: Касиет, Наамай, Этибар, Дөөлөт. Булардан көп
тукум тарайт. Азыктардын негизги тобу сарбагыш ичинде болуп
Кочкорду, Ак Талаа, Ат Башыны жердешет. Чым Коргондун
тегерегинде. Айрымдары Көл башына кеткен. Чачыраган майда
топтору солто ичинде Таласта да бар. Оң ичинде: Карачоро, Саяк,
Азыктар менен бирге айтылган уруунун бири – Чериктер.
Чериктердин кайдан, качан келип чыккандыгы жөнүндө кыргыз
санжырасында так маалымат жок. Айрым санжырачылар чериктердин
чыгышын “черүү” деген сөзгө байланыштырып, черүүдөн (жоодон –
С.З.) колго түшкөн, ошондон тараган тукумдар деп Тагай бийдин
тондуу уулу катары оңго кийрет. Муса Байгара уулу, санжыра боюнча,
чериктердин
тарыхын
моңолдор
уруусунун
чыгышына
байланышытырып, эл арасында айтылган улама кептен келтирет. Ал
уламыш мындай. Байыркы убакта Кашкар тарапта жашаган
189
кыргыздын Нойкут урусунун Болоткан деген ханы болгон. Ошол
Болоткандын Кылыч туулат. Кылычтын биринчи аялынан Дайыр,
Көкө деген эки уул болот. Балдар чоңоюп калганда энеси өлүп калып
Кылычхан экинчи аялга үйлөнөт. Ал аял жаштыгы менен эркелеп
Кылыч ханга жагып, мурдагы аялынан калган балдарды өгөйсүтүп жек
көргүзө баштайт. Анын үстүнө, өзүнөн бала болуп калса, атасынын
хандыгы мурдагы салт боюнча улуу балдарына калат деп, өз
баласынын камын ойлоп Дайыр менен Көкөнү амал менен жоготкусу
келет. Ошол учурда Кылыч хан увазир, бектери, жигиттери менен
салбарыңга аң улап чыгып кетет. Хан кайта келгенде, эрке токолу эки
көзүн кызартып, мурдунун суусун булак кылып ыйлап отурган болот.
Чоочуп кеткен хан: - Эмне болду? – деп сурайт. – Эмнесин сурайсың,
айта турган иш эмес! – деп ого бетер ыйлайт. Хан: - Эмне болсо да
айткын! – деп буйрук берет.
- Сен аң улоого кеткенде, эки улууң мага көз артып, абийиримди
кетирип коѐ таштады, жогот уулдарыңды, - деп буркурап ыйлайт. Хан,
аялдын чагым кебин чын-жалганын териштирип отурбай, желдетин
чакырып, эки баланы талаага алып барып өлтүрүп ташта! - деп буйрат.
Желдет Дайыр менен Көкөнү айдап алып жөнөйт. Жолдон эки бала
жигитке жалынып: - Биздин каныбызга сабыл болбо, убалыбызга
калбаңыз, биз ак жерден өлгөн турабыз, - дейт. Желдет ал сөзгө
ишенип, бирок хандан коркуп: - Мен силердин ак экениңерге көзүм
жетип турат, силерди коѐ берейин, ич киѐимиңерди чечип бергиле, бул
жерден алыс кетсеңер болду. Кандын көзүнө экинчи көрүнсөңөр, мен
дагы, силер дагы өлөсүңөр, - дейт. Желдет балдардын ич кийимин
улактын канына боѐп, канга алып барып берет. Эки бала ошондон
качып отуруп Ат Башы, Арпаны басып, ошол кезде Нарындын башын
жайлап жүргөн Адигине, тагайга келип башынан өткөн окуяларын бүт
айтып берет. Адигине, Тагай: - Биз менен жүрө бер, - деп, Дайырга төө
кайтартып, Көкөгө уй бактырып коѐт. Ошол мезгилде, кыргызга
жанаша жашап турган калмак ханы - Корун той берип: - Балбан күрөш
кылам, кыргыздар балбанын алып келсин, шартым бар; кыргыз
балбаны жеңсе жерин таштап кетем, балбаны жеңилсе улуу тоону,
керме тоону бүт мага берет! - деп, жардык кылат. Адигине, Тагай
кыргыздардын уруу башчылары менен кеңешип, калмактын бөкө
балбаны Шаброого тең келе турган балбан таба албай, же жерди
кыйып таштап кете албай катуу кыйналат. Ошондо бойго жетип, толуп
турган Көкө: - Мага ишенсеңер, балбанга түшөм, - дейт. Анда Тагай: Бул жөн күрөш эмес, мында, кыргыздын жери бүт сайылып жатат,
190
анын үстүнө, жыгылган балбандын башы ошол жерде алынат - ошону
билесиңби? - дейт. - Аны билем, элим үчүн башым садага, элдин
тентигенин көргөндөн көрө, өлгөнүм артык! - деп жооп берет. Угуп
турган эл ыраазы болуп, Көкөнү тойго алып жөнөйт. Калмактын бөкө
балбаны алачыктай неме экен, колуна тийсе мыжыгып коѐ турганын
билип, Көкө, тийип-качып, ит урушун салып күрөшөт. Экөө күнү-түнү
кармашат. Акыры, Шарбоо чарчап, кыймылда албай калганда, Көкө,
көтөрүп урат. Атайы коюлган желдет, Шарбоонун башын алат.
Калмактар убада боюнча, кыргыз жеринен кетет. Көкө, Дайыр ошондон кадырга ээ болуп, эл көзүнө көрүнөт. Адигине, Тагай
кеңешип туруп, эжеси Наалыны Көкөгө алып беришет. Наалыдан
Моңол туулат. Көкө калмак кызынан токол алат. Андан туулган
баласына Дор деп ат коѐт. Моңол менен Дордун тукуму, кийин моңолдор уруусун түзөт. Көкө, кыргыз ичинде, кадыр-баркка ээ
болгондон кийин кол курап ары, нойкутта калган атасын чапмак
болот. Барса, алар бул кабарды угуп бүткүл нойкутту көчүрүп, качып
кеткен болот. Хандын журтунда, сырдалган кооз бешикке бөлөнгөн
бала кала берген экен. Элдик легендага караганда, ал, Кылычкандын
токолунун баласы экен. Көкө аны алып келип, Наалынын колуна
тапшырат. Ал баланы черүүдөн табылды деп, атын Черик коюшат.
Анын тукумунан черик уруусу тарайт, - дешет. Моңолдор менен
чериктин тукумунун бири-бири менен жакындыгын да, ушундай
түшүндүрөт.
Чериктен – Тору, Кудайкул, Тайсак. Торудан – Тору тукуму
тарайт. Кудайкулдан – Каба, Акчубак, Байчубак. Тайсактан – Чойбек,
Мааке. Кабадан – каба тукуму тарайт. Акчубактан – Мааданбек,
Кучук. Байчубактан – Ашым. Ашымдан – Бейше, Налыке, Кейке,
Кумач, Сатыгүл, Боогачы. Боогачыдан – Сазан, Карагул, Тагай, Болот,
Мурат. Сазандан – Карымшак. Карагулдан – Бейше, Тагай, Жамбыла,
Кошаалы Максүт. Жанбыладан – Куту, Кошалы. Кошалыдан –
Ниязбек. Максүттөн – Атабек, Карача, Байсерке. Карачадан – Алжан,
Матай. Алжадан – Чалбай. Матайдан – Базаркул. Чокан Валихановдун
берген маалыматына караганда, чериктер, Ат Башыдан башка –
Кашкар, Үч Турпан, Ак Суу, Пай, Сайрам тегерегинде көчүп
жүрүшкөн (Ч.Валиханов, собрание сочинений в пяти томах, том 2.
Алма Ата – 1985 г., 278-стр.). Чокан Валиханов чериктерди – черикчи,
деп айтат да, мунун теги: “чер” – деген сөздөн чыккан дейт.
Кыргыз санжырачыларынын түшүндүргөнүнө караганда “чер”
деген – ашказандын оорусу. Черик уруусунун башчысы, дал ошол
191
оору менен ооруган, ошондон улам “черикчи” аталып кеткен деген.
XIX кылымдагы кыргыз санжырачылары, моңолдор менен черикти,
Тагайдын тондуу уулу катары түшүндүрүшкөн. Мунун себеби,
моңолдор менен черик тукуму, Адигине, Тагай тукумунан мурда
болгондугунда. Кыргыз арасындагы айрым эски урууларды, Адигине,
Тагай, Наалы тукумуна кошо албай, айрым санжырачылар, өзүнчө
уламыш аңгемелерди ойлоп табышкан. Андай бир уламышты жогору
жакта келтирдик. Саяк, азык, желдең, коңурбай, моңолдор, черик жана
башка толгон уруулардын ата тегин, Адигине, Тагай тукумуна кошо
албай, тондуу уул катары түшүндүрүшөт.
Чындыгында, булар - байыркы уруулар. Академик В.В.
Бартольддун берген маалыматына караганда, кыргыздардын айрым
бөлүмдөрү Алтай, Саян тоолорунда жашап турган мезгилинде, тактап
айтканда, VIII кылымдарда эле кыргыздар менен аралаш чектеш; азы,
чик деген элдер жашап турганын эскерет. Чиктер Саян кырка
тоосунун түштүк жагында жашаптурушкан (В.В.Бартольд, сочинения ,
т. II.часть I М.,- 1963, 485 стр.).
Дал ушул чик уруулары чериктердин байыркы ататеги болушу
мүмкүн. Орус окумуштуусу этнограф С.М.Абрамзон “сактар”
жөнүндөгү VIII кылымдагы документте “черик” деген эскерилет дейт
(С.М.Абрамзон, киргизы и их этногенетические и историкокультурные связи. Ленинград – 1971, 50 стр.).
XVI кылымдын кол жазмасы катары бизге жеткен “Маджму аттаварихте” Манас, калмак ханы Жолой менен согушуп жатканда,
атасы Жакып менен кеңешип, Жалал-ад-динге кат жазып, Карнасты
жиберет. Жалал-ад-дин кат жазып, Ат Башыдагы Инга төрөгө (ошол
эле Баймурат черик – С.З.) кат жазып кабар берет. Инга төрө, он эки
миң кол менен Манаска жардамга келип, Жолой менен катуу кыргын
болгону жазылган. Бул кабар эпостук окуя катары эмес XIV
кылымдагы Алтын ордонун ханы Токтомуш хандын тушунда чыныгы
болгон окуя катары сүрөттөлөт. Манас, Токтомуш ханда кол башчы
болуп турат. Кеп, бул жерде, Манастын турмушта болгондугу же
болбогондугу жөнүндө бараткан жок. Мында, ошол, Манастын
заманында эле черик, моңолдордун башчысы – Инга төрөнүн болгону
жөнүндө болуп жатат. Ошол, Инга төрөнүн – Ахмед Бекназар деген
баласынан: Ак чубак, Байчубак, Диван Черик, Молдо Черик, Кара
Черик деген балдары болгондугу айтылат. Ошондо эле Инга Төрөнүн
– Баймурат чериктин бүткүл санжырасы берилет. Инга төрө Тагай
баатырдын тушунда жашап турганы баяндалат. Ошентип, жазма
192
эстеликтерде да, оозеки айтылган санжыраларда да, черик,
моңолдордун Адигине, Тагай тукумунун мурда болгону байкалып
турат. Мындагы эң кызык, көңүл бура турган факты – моңолдор менен
черик урууларынын ар дайым бирге айтылып, бирге жүргөндүгү.
Кыргыз санжырасындагы уламыштарда, булардын түпкү теги
байыркы Нойгут уруусуна барып такала турганы баяндалат. Азыркы
учурдагы, кыргыз урууларынын оңго кирген тармагынын бири –
моңолдор. Моңолдор жөнүндө, эл арасында: “Моңолдор кыргыз
элинин уюткусу”, - деген лакап айтылат, анткени кыргыз
урууларынын ичинен чачырап орношкону да дал ушул моңолдор
уруусу. Булардын байыркы санжырасына караганда черик уруулары
менен бирге Ат Башы, Арпа, Какшаал Кашкар тарапты жердеп,
жайлап жүрүшкөн. Бирок, кийин, кыргыздын оң, сол, ичкилик
уруларына аралашып кеткен. Азыркы учурда моңолдор: Ат Башы,
Көл, Чүй, Талас, Өзгөн, Кара Суу, Базар Коргон, Жаңы Жол, Ала
Бука, Чаткалда бар.
Өзгөндөгү моңолдор уруулары бир кезекте күч алып,
тегерегиндеги уруларга үстөмдүк кылып турган. Ал жөнүндө мындай
элдик ыр сакталып калган:
Жаңгакты басыз терчү эле,
Жегенди моңол билчү эле.
Ээрди басыз кылчу эле,
Мингенди моңол билчү эле.
Жакшы чыгып Жаныбек,
Басыздар элге теңелди,
Мактанган моңол жоголду.
Сөзсүз, бул уруулар ортосундагы айтыштардан пайда болгон ыр
экени байкалып турат. Ошондой эле моңол уруусунун бийлигин да
жокко чыгарбайт. Элдик санжыраларга караганда, моңолдор –
Наалынын Көкөдөн көргөн баласы. Көкөнүн токол аялынан –
Баймоңол туулган дейт. Кыргыз санжырачылары мындай түшүндүрүү
менен, моңолдор уруусун, Адигине, Тагайдын эжеси Наалынын
тукуму катары оңго кошуп коюшкан. Ал эми, Көкөнүн бир тууганы
Дайыр болсо:
- Мен улуу болсом, Наалыны мага алып бербей Көкөгө алып
берет - деп, таарынып, казакка кирип кетет. Казак ичинде Дайырдан
тараган тукум - “жалайыр” аталып калган дейт. Моңолдор - Самансур.
Кыргыз уламыштарында Самансур хан жөнүндө көп аңыз кеп бар.
193
Анын адилетүүлүгү, акылмандуулугу жөнүндө жөө жомоктор
айтылат. Ал - өз заманынын акылман ойчулу катары, узун элдин
учуна, кыска элдин кыйрына таанылган. Самансурдун адилеттүүлүгүн
баяндаган бир лакап уламыш мындай айтылат: Илгери бир баланы
талашкан эки аялдын талашын эч ким чече албай коѐт. Бири: “бала
меники десе, экинчи аял да меники”, - дейт. Баланын тили так
чыкпагандыктан, эсине кирбегендиктен, андан сураган менен билбейт.
Баланы талашкан аял да, баланы энеси жокто эркелетип, таттуу берип
энесиндей көрүнүп алган болот. Мындай татаал ишти эч ким чече
албай Самансур ханга жиберет. Самансур экөөнүн зарлаган датын
угуп турат да: - Экөөңөр, баланын эки колунан кармап тургула, - деп,
желдетин чакырып: - Баланы бөлө чап, экөө тепе-тең алсын дейт.
Ошондо, баланын оң колун кармап турган аял чырылдап ыйлап,
баланын колун коѐ берип: - Чаппа! Бөлбө! Тиги аял алсын! - дейт.
Экөөнү байкап турган Самансур хан: - Баланын өз энеси “өлтүрбө”
деген аял, - деп, баланын оң колун кармап турган аялга алып берген
экен. Самасурдан – Бөгөлөк, Атаке. Бөгөлөктөн – Алагар, Кара,
Сейитказы. Алагардан – Маани, Чагыр, Ырым, Сырдыбай, Каракурсак,
Чекир. Карадан – Эсер, Көнөк, Жаныбек, Тогуз, Бообек. Сейитказыдан
– Эшимбек, Назар, Акжан, Күчүк, Эштек. Кийин Сейитказынын
тукумдары сөөк шылдыр аталып кетет. Самансурдун Атаке деген
баласынан – Куттук, Кубаныч, Меңдуунат. Бул үчөөнүн тукуму –
“кыйра” аталып калат. Санжырачылар Самансурдун Бөгөлөк
баласынан тараган тукумдардын “сөөк шылдыр” аталып калышына
Атаке деген баласынын тукуму “кыйра” аталышы Самансурдун берген
баасынан, алардын иштеген иштерин жактырбай айткан сөзүнөн деп
түшүндүрүшөт. Мисалы, Куттуктун тукумун – улуу кыйра,
Кубанычтын тукумун – орто кыйра, Меңдуулаттын тукумун - бала
кыйра деп, Самансур атаган дейт. Улуу кыйранын тукуму көп болуп,
дүркүрөп өсөт. Орто Кыйранын тукуму аз болуп калат. Бала
Кыйранын тукумунун айрым уруктары мерген болуп, тоодо көп
жүрүп, дөбөт уругу аталат. Айрым уругу жоокер болуп, Ногой уулу
аталып кетет. Булар жөнүндө:
- Тоодо мылтык тарс этсе,
Дөбөт уулу дечү экен.
Жоодо кылыч жарк этсе,
Ногой уулу дечү экен,деген элде ыр бар. Моңолдор жөнүндөгү маалыматтар жазма
эстеликтерде орто кылымдан бери эле учурайт. Академик
194
В.В.Бартольддун берген маалыматына караганда, Адигине, Тагайдан
мурда эле Кашкар менен Жети Суу аралыгындагы чоң аймакта көчүп
жүргөн элдер өздөрүн моңол деп аташкан (В.В.Бартольд, соч. том II,
часть I, М., 1963, 154 стр.). XVI кылымдын кол жазмасы катары бизге
жеткен “Маджму ат-таварихте” моңолдордун санжырасын берген.
Анда моңолдордун түпкү атасы – Аналхак. Андан – Лур-хан, андан
Гуз-хан. Андан ары Арсланг бий – Ахматбек – Кули бий – Турды бий
– Ак-Туг (Онг-хан деп да аталган – С.З.) Мары бий – Довле бий – Атан
бий – Кулжыгач төрө - Инга төрө - Баймурат черик. Инга төрөнүн эки
уулу болгон: Ахмад-бек, Мухаммад-бек. Ахмад-бектин уулу – Лаклак
бий. Андан – Көк Буга Мирак – Ходжа Мурат – Ата Атам Тай – Кувай
- Кункаш Накаш – Тува бий – Көп Суйак – Сейид Гази. Инга төрөнүн
Мухаммад-бек деген уулунун лакап аты – Көк Бука болгон. Мында
көңүл бура турган нерсе, кыргыз оозеки санжырасында да
Сейитказынын тукумунун айтылышы. Азыркы учурдагы моңолдор
уруусунун бир уругу – Сейитказынын тукумунун айтылышы. Азыркы
учурдагы моңолдор уруусунун бир уругу – Сейитказынын тукуму.
Кийин алар “сөөк жылдыр” аталып кеткен. Экинчиден, кыргыз
санжырасында Инга төрөнүн уулу Мухаммад-бектин лакап аты КөкБука болгону, аны кыргыздар Көкө деп атаганы да учурайт. Дал ушул
Көкө Адигине, Тагайдын эжеси Наалыны алып, андан моңолдор
тараганы айтылат. С.М.Абрамзонун кыргыздардын этногенетикалык
составын изилдеп, XII – XIV кылымдардан кидандар менен
моңолдордун түрк урууларына жасаган жоортулдарына токтолуп,
ушул мезгилде моңолдордун кыргыздардын уруулары менен
аралашкан да болуу керек деп болжолдогонунда талаш жокко деп
ойлойм. С.М.Абрамзон мындай аралашма урууларга: нойгут, баргы,
коңурат, катаган, баарын, найман, керейт, меркиттерди келтирет.
Анткени, мындай уруулар моңолдор ичинде да бар (С.М.Абрамзон.
Киргизы и их этногенетические историко-культурные связи. Л., - 1971,
47 стр.).
Кыргыз санжырасында катагандын кан Кошою жөнүндө сөз
болгондо: Ат Башы, Арпаны жайлап турганы айтылат. Кыргыз
урууларынын жайгашкан жерлери жөнүндө сөз болгондо Нойгут,
Катаган, Черик, Моңолдор карым-катышта турганы байкалат. XVI
кылымдын кол жазмасы катары бизге жеткен “Маджму ат-таварихте”
Ак уулдун эки баласы: Отуз уулу жана Салус – бек Булагачы болгону
айтылат. Отуз уулдан: Адигине, Мунгуш, Кара Багыш, Тагай, Салусбек. Булагачиден: Бостон, Теит, Жоо Кесек, Доолос, Кыдырша.
195
Буларды бүтүндөй оң тукумуна кийрип койгон. Ошондой эле, бул кол
жазмада. Тагай баатыр Көк-Кыядан Ширкентке келип, Мир Жалилди
конокко чакырганы айтылат. Мусулман шейхтеринин башчысы,
касиеттүү, ыйык аталган Мир Жалил, Тагай баатыр менен кыргыздын
оң канатынан тараган Салус-бек Булагачынын жана Отуз уулдун
тукумдарын көрүп, аларга батасын берип, Куу уулдун тукумдарына
барат. Ошол учурда Куу уулдун тукумунан: Басыз, Кушчу, Мундуз,
Чоң Багыш, Саруу, Кытай – алты уруу тараган экен. Мир Жалил андан
Өзгөнгө келип, андан Анжиянга кеткени айтылат. Биз муну ырааты
менен айтып жатканыбыз, дал ошол мезгилде Адигинеге караганда
Тагайдын аты көп оозго алынып, Тагай баатыр деп аталганында,
кыргыз санжырачылары да, бийлик, элди башкаруу жөнүндө сөз
болгондо жол Тагайга берилгени жөнүндө сөз кылат. Бул жөнүндө
мындай уламыш кеп бар. Долон өлгөндөн кийин, анын балдары:
Наалы, Адигине, Тагай Кара Кужурдан Анжиян жакка сүрүлүп барат.
Ал жерге барган кыргыздарга Наалы баш көз болуп калган. Адигине,
Тагай бой жеткенде мындай дейт: - Адигине, сен аксакалсың, малдүнүйөгө баш-көз болгун. Тагай, сен сүйлөөгө сөзүң бар, айтууга
кебиң бар, эл тагдырын талашып, эл арасында жүргөнгө
ылайыктуусун – сен бий болгун. Анда төрдө отурган Адигине: Тапкан экенсиң бийди! – деп, чычалап, эшикке чыгып кетет. Ошондон
тартып, Адигине, тагайдын ортосу бузулуп, айлы алыс конуп, бөлүнө
баштаган, - дейт. Адигине Алайды жайлап, кышкысын Кара Сууга
кыштайт. Тагай бий Намангандын үстүндөгү Саид Булакты жайлапкыштап туруп калат. Ошентип бир сөз менен, эки бир тууган бузулуп,
катташпай, кийин калмактар кыргыз жеринен сүрүлө баштаганда,
Адигине тукуму: Алай, Гүлчө, Кызыр Ата, Алайкууда калып, Тагай
тукуму, байыркы жери – Жети Суу тарапка ооп, Ысык Көл, Чүй,
Нарын тарапка көчүп келет. Ошол мезгилде, Тагай тукумунан, Наалы
тукумунан тараган, айрым уруктар: Фергана өрөөнүндө, Анжиян
тегерегинде, Хожент, Чаткал тарапка кала берет. Фергана өрөөнүндө,
Анжиянда калган Тагай тукуму, кийин, ал жердеги ичкилик
урууларына сиңип, айрымдары токсон боолуу өзбек уруусуна
аралашып кетет. Азыркы учурда кыргыз арасында жолуккан: Коңурат,
Аргын, Найман, Кыпчак, Кыят, Кытай, Кангы, Таңгыт, Мангыт, Тубай
(төбөй – С.З.), Теит уруулары өзбек урууларынын ичинде да бар (по
рукописи 4330. 3 из собрания Института востоковедения УзССР, Л.
132-б.). Андан башка, өзбек санжырасында – “кыргыз” деген уруу бар.
Адигине тукуму ал жерде кала берип, бирин-эки уруктары Тагай
196
тукумдары менен келип түндүктө туруп калат. Аларды кыргыз
санжырачылары Тагай тукумуна кошо албай “Тагайдын тондуу уулу”
дегенди чыгарып алышкан. Солто ичиндеги Шалтаны; Адигиненин
Токтогон деген баласынан - Бөкө, Бөкөдөн – Шалта деп, Ак Буураны
– Адигиненин Мөнөк тукумунан, Асылбашты – Адигиненин
Нартайлак деген уулунан, Камандар анын Баарын деген уулунан,
Асылбаш дагы Адигине тукумунан деп, билген санжырачылар
түшүндүрүшөт. Адигине тукумунан Көл башына: Тасмалар,
Теңизбайлар, келип туруп калышкан. Адигиненин негизги тукуму:
Чоң Алай, Кичи Алай, Гүлчө, Ноокат, Совет, Мырзаке, Өзгөн, Кара
Суудан Кетмен Төбөгө чейин чачырап орношкон.
Кыргыз санжырачылары түндүк кыргыздардын негизги
урууларын бүт Тагайдын тегерегине топтоп “тондуу”, “тонсуз уулу”
деп айткан сыяктуу Адигине тукумуна да көп уруктарды жамап
баяндашат. Биз, жогор жакта кыргыздардын оң, сол болуп бөлүнүшү
деген темада, Адигине тукумуна: бөрү, баргы, олжоке, тооке,
карабаргы, сары баргы, тастар, көкчө уулу, элчибек, сарттар, савай,
жору, ардай, мунак, кара багыш, ак буура кире турганын баяндаган
элек. Булардан башка: асылбаш, көк ой, шалта, тасма, теңизбайлар
ошол Адигиненин тукумдарынан тарап башка урууларга сиңип
кеткенин айрым санжырачылар сөз кылат. Бул саналган уруктар
Адигиненин тике балдарынан тарасбастан балдарынын балдары болуп
тың чыккан балдарынын аттары калып, улам тармакталып көбөйүп
отурган. Кыргыз санжырачылары Адигиненин беш уулу болгон дейт.
Алар: Бөрү, Беки, Баргы, Сыртан, Мөнөк. Бөрүүдөн – Кудайкулу,
Дөөлөт кулу, Сатар, Казак, Таранчы, Каражылкы Тээс, Каракучкач –
сегиз бала. Булардын кийинки тукуму бүт бөрү аталып кала берген.
Бекиден – Карабагыш. Кара багыштан: Назаркул, Баштык, Досмат,
Жаныбек, Жанай, Мырзаке, Ашымкул, Чаарбаш, Шайбек, Козу,
Олжобай,
Жообасар,
Шүкүр,
Калматай,
Төлөк,
Бекинин
Карабагышынын үч аялынан тараган он беш баланын тукуму, кийинки
тукуму бүт Беки уруусу деп аталбастан, Карабагыш уруусу деп аталып
кеткен.
Баргыдан – Кудайберген. Кудайбергенден: Апалатай, Маңгытай,
Бөкөй. Апалатайдан – Сарыбаргы. Сарыбаргыдан: Торойчу, Токтош,
Жаантай, Мансур. Тарчынын өз тукумунан тарагандар баргы уругун
түзүп калды, Апалатай деген уулунун Сарыбаргы деген уулунан –
Сарыбаргы уругу келип чыкты. Ошентип кээде бир эле атанын
уулунан эки, үч урук болуп аталышы жолугат. Сыртандын тукуму бир
197
атанын тукуму аталып калды. Адигиненин Мөнөк деген бешинчи
уулунан – Нартайлак, Акбуура. Нартайлактан – асылбаш уругу тарайт.
Акбууранын тукуму – Акбуура уругу аталып калат. Бекинин Токтогон
деген уулунан –Шалта уругу чыгат дейт. Бул жерде, кыргыз
санжырасында, Шалтаны кул тукумуна кошуп айткандар да жолугат.
Алымбеков Тургунбек санжырачы, Шалтаны, Солтонун бир тууганы
катары баяндайт. Булардын кайсынысы туура экенин далилдөө кыйын.
Менин жеке пикирим боюнча, Шалтаны Солтонун бир тууганы дегени
туурадай сезилет.
Мындай, чатыш, кайчы пикирлер, Адигиненин Мөнөк деген
уулунан тараган: багыш, карабагыш, жылаңач багыш жөнүндө да
айтылат. “ Маджу ат – таварих” боюнча, Кара багышты - Адигине,
Тагайдын бир тууганы катары карайт. Айрым санжылачылар
Адигиненин бир уулу Мөнөктүн лакап аты – Багыш болгон дейт.
Андан тараган тукумдар: багыш, карабагыш, жылаңач багыш
аталгандыгы баяндалат. Жогору жакта, карабагышты - Адигиненин
Беки деген баласынан тараткан санжырачыларды жолуктурган элек.
Кыргыз урууларынын ичинде: багыш, карабагыш, жылаңач багыш,
чоң багыш, сарыбагыш деген уруулар жолугат. Булар жалпы жонунан
оң тукумуна кирет. Мында, “багыш” деген сөз жөнүндө орус
тарыхчысы Н.А.Аристов, борбордук азияда жашаган элдердин
уруусуна гана коюлушу мүмкүн деп, орто моңголияда кыргыздардын
жашаганына байланыштырып, Саян Алтайда турган мезгилинде
калган болуу керек деген пикирди айтат (Н.А.Аристов., Опыт
выяснения этнического состава киргиз – казаков большой орды и
каракиргизов. С.Петербург - 1895 г. 454 стр.). анткени Тянь-Шань
зонасында багыш (лось) жок, жашаган эмес деген ойдо болгон.
Н.А.Аристов багышты кыргыздар байыркы убакта, “булан” дегенин,
кыргыздар колдонгон багыш түндүк алтайлыктардын “пагыч” деп
аташкан сөзүнөн алынганын эске алган эмес. Кеп, бул жерде, Тянь –
Шань аймагында багыштын болгондугу жөнүндө деле эмес, кеп аны
байыркы түрктөрдө ыйык тутуп, тотем катары караганында турат.
Ошондуктан, ар түрдүү элдерде, ошол ыйык көргөн тотемдик
айбандар менен уруунун чыкканын байланыштырып айта
бергендигинде.
Адигиненин кенже баласы Мөнөк (багыш - С.З) бышык чыгып
Намангендин үстүндө казак менен кыргыз чабышканда көзгө көрүнүп,
казактын Жаныш төрөсүн сайып түшүрүп тутккундап калат. Жаныш –
казактын мыкты деген баатыры экен. Ошндон тартып Мөнөк – баатыр,
198
эрен аталып даңкы чыга баштайт. Аны, агалары көрө албай, кандай
басынтаарын билбей жүргөндө, Мөнөктүн бойго жеткен бир баласы
балык уулап, чарчаганда камыштын ичине жатып уктап калат.
Мөнөктүн бир агасы аны көрүп калып, камышка өрт коюп жиберет.
Ал баланын кийими күйүп, өрттөн жылаңач качып чыгат. Мөнөктүн
агалары ага табасы канып: - Ии, жылаңач багыш - деп, шылдындап
жүрүп элге жайып жиберет. Кийин, баягы Мөнөктүн баласынан
тараган
тукум
жылаңач
багыш
аталып
кетет.
Кыргыз
уламышчыларынан: карабагыш, сарыбагыш, чоң багыш жөнүндө
сураганда, аны семантикалык мааниси боюнча гана түшүндүрүп
коюшат. Багыштын өңү кара тукумунан - карабагыш аталган. Чоң
багыш - баласынын албеттүү, чоңдугуна байланыштуу аталып кеткен,
сарыбагыш деле ошондой болуш керек деп коюшат. Карабагыштар
Өзгөндүн тегерегинде жашайт. Алардын ичинен чыккан атактуулары –
Калматай менен Төлөк, Карабагыш, Калматай, Жаңыл Мырзанын
окуясына байланыштуу кыргыз санжырасында кеңири айтылып
жүрөт. Ал Жаңыл Мырзаны, Ак Кочкор колго түшүргөндө алат.
Кийин Жаңылды кор тутуп, жолборско жумшап, акыры Жаңылдан
өлөт. Бул жөнүндө, Жаңыл Мырза эпосунда толук айтылгандыктан ага
токтолгон жокпуз. Кыргыз санжырасында, карабагыштарга тукумдаш
арык тукуму, тасма, теңизбайлар жөнүндө сөз болот. Арыктар,
карабагыштарга Табылды баатырдын тушунда келген дешет. Табылды
Чалкалмак менен чабышып жүргөндө Кудайназар деген агасы
Табылдынын элин көчүрүп, Бычан, Көкарт аркылуу Өзгөн, ЖалалАбад жакка өтүп кеткен экен. Кийин Табылды баарып кайра элин
көчүрүп келгенде, арыктардан кала берген дейт. Арыктардын негизги
жери Ысык Көл болгон. Азыркы учурда арыктар көлдүн башында
жана аяк жагында жайланышкан. Атактуу манасчы Саякбай Каралаев
ушул арык тукумунан чыккан. Тасма менен Теңизбайлар жөнүндө
мындай айтылат: Илгери Жалал Абаддын Тотуя Дөбө (бирде Чөкө
Дөбө деп айтылат – С.З.) деген жеринде Шырдакбек деген хан жашап
турган дейт. Ал убактарда кыргыздар Иледен, Көлдөн, Чүйдөн
сүрүлүп, ал жерлерди калмактар жайлап турган болот. Ошол учурда,
калмактардын боз жоргосу жөнүндө катуу каңшаар Шырдакбекке
угулат. Ал жоргого кумар болуп, кантип аларын билбей, акыры
уурдатып алууну ойлойт. – Мындай ишке ким жарайт? – деп
увазиринен сураса: - Жылаандай сойлогон, азоодой ойногон – Тасма
деген жигит бар, ошол жарайт! – дейт. Шырдакбек аны чакырып,
иштин жайын айтса: - Туура үч жыл болгондо, бээ байлаган мезгилде,
199
мени Ана Кызыл жонунан тосуп ал, - деп, жөнөп кетет. Тасма баатыр,
болжогон мезгилде, боз жоргого бир баланы мингизип келип калат.
Шырдакбектин эрке аялы жоргого минет. Шырдакбектин жанында
жүргөн эшик ага ырчысы:
- Кулагында сыргасы,
Көзүндөгү сурмасы
Караган жанды талдырган
Кайсы бектин айымы?
- Шырдакбектин айымы.
- Үртүк салса жарашкан,
Үйүлүп элдер карашкан
Кандай бектин жоргосу?
- Шырдакбектин жоргосу.
- Жабдык салса жарашкан,
Жабылып элдер карашкан,
Жардай жорго кимдики?
- Шырдакбектин жоргосу.
- Кашка тиши кадоодой,
Кара тили бүлөөдөй,
Секиркени бүргөдөй,
Жаныбар ай, боз жорго,деп ырдайт. Шырдакбек Тасма баатырга ыраазы болуп, жоргону –
минип келген бала ким? – дейт.
- Жоргону алып келе жатсам, ай-талаада уктап жатыптыр,
ойготуп жоргого миңгизип алдым, уруксат берсеңиз, ини кылып
алайын дейт. Шырдакбек макулдугун берип Тасманы сыйлап жөнөтөт.
Тасма айлына келип, тегиз жерден ини таап келдим деп той берип,
балага Теңизбай деген ат коѐт. Андан тараган тукум Теңизбай уругун
түзөт дейт. Эл арасында: “Кожо, Тасма – аталаш, Теңизбай, Тасма –
баталаш” деген лакап ошондон бери айтылып калган экен.
Кийин Тасма менен Теңизбайдын тукумдары бир жайлап, бир
жүрүп, калмак доорундагы согушта чачылып, негизги тобу – Алайку.
Совет, Мырзакеде калып, бир уругу Көл жээгинде келип туруп калган
дейт.
Адигине ичиндеги баргылар жөнүндө сөз болгондо,
кыпчактардагы баргылар жөнүндө сөз козгобой коюуга болбойт.
Кыргыздардын ичкилик тобуна кирген кыпчак уруусунда, таздар,
баргылар деген уруктар учурайт. Мен булардын атташ экенин, же
адигинеден кыпчакка же кыпчактан адигинеге киргенин так ажырата
200
албадым, бирок кыпчактардын байыркы эл экенин, жана алардан
капкачан бөлүнүп кетип, батыштагылары Мадиярларга сиңип төмөнкү
Дунай, Балканга кирип кеткен кыпчактарда да баргы, таздар уруктары
жолукканын тарыхтан билип, бул уруктар ошолордон калганбы дедим.
Адигине тукумунун айрым уруктары: Чоң Алай, Алайку тараптан
Кытай, Ооган жергесине өткөндүгү жөнүндө кабар бар.
Кыргыз элинин түзүлүшү жөнүндө сөз болгондо тарыхчылар,
этнографтар чыгышта Алтай Саян, Енисей жергесин, батышта Тянь
Шань зонасын гана кеп кылышат. Чынында байыркы мезгилде түрк
тилинде сүйлөгөн көчмөн элдер аябагандай чоң аймакта – азыркы
Моңголиядан тарта батыш Дунай, балкан өлкөлөрүнө чейинки мейкин
аралыкта чабышып, чачылып, аралашып, көп уруктар бири-бирине
сиңип кеткенин эске алышпаган. Ар бир элдин урук, урууларын тескеп
келгенде эле алардын канчалык жердеп сүрүлүп, кандай болуп сиңип
кеткени, ал түгүл өзүнүн түпкү тегин жоготуп, башка элдин уругуна,
уруусуна айланып кеткени байкалат. Азыркы учурда мен билгенден
эле Синь-Цзян-Уйгур автономия районунда “калмак-кыргыз” деген
уруу бар. Өзбектердин 92 уруусунун бири “”кыргыз - деп аталат (по
Тухфат ат-таварих – и хани (список Ло Иван, С, 468, л, 266 б.).
Алтайда жашаган урянхайцылар, хото – гайту ичинде “кыргыз”
деген уруу бар. Бурят, моңголдор ичинде кыргыздын ичкилик
уруусундагы маңгыттар жолугат (Западная Монголия и Урян-Хайский
край, том III. 1926 г. Ленинград, 265-266 стр.).
Казактардын ичиндеги “бай кыргыз”, “жаңы кыргыз” деген
уруулар бар. Мындайлар башка түрк элдеринин ичинде өтө эле көп.
Мунун өзү элдердин абдан аралашканын күбөлөйт. Ошондуктан “таза
эл”, “таза кандуу эл” деген мактаныч болбогон кеп. Кыргыздардын оң
канатына кирген Адигине, Тагай, Наалынын (Көкөнүн тукуму – С.З.)
тукумдарынан башка кыргыз санжырачыларынын айрымдары
Моңгуштун тукумун да оңго киргизет. “Маджму ат-таварих” боюнча
Моңгуш отуз уулдун бир баласы катары көрсөтүлгөн. Муну Көкөдөн
тараган моңолдор менен чаташтырууга болбойт. Моңгуш (Муңгуш
деп айтылат – С.З.) тукуму Кудагачы, Жапалак, Төлөйкан, Жоош,
Жылкелди, Сарылар, Сарай, Көк жатык, Соколак, тейне, эрке канек,
моңгол болуп бөлүнөт. Булар Адигине тукумуна жамаатташ Совет,
Алай, Гүлчө, Ноокат, Төлөйкан, Араван, Ош тегерегине жайгашкан.
Орус тарыхчысы Н.А.Аристовдун пикирене караганда моңгуштар
кыргыз менен моңголдордун аралашмасынан пайда болгондой
түшүндүрөт. Анткени моңголдордун уруу союзунда да моңгуш
201
ичиндеги Кудагачи, Төлөйкан, Моңгол уруулары бар дегендей ойдо
(Н.А.Аристов. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казаков
большой орды и каракиргизов, С.Петербург – 1895, 48 стр.). Азыркы
учурларда тувалыктардын ичинде да моңгуш деген уруу бар.
Кебетеси,
муңгуштар,
кыргыздардын
Алтай-Саян
жактагы
аралашмасынан оошуп келиши да мүмкүн. Н.А.Аристов муну Чынгыз
хандын тукуму Жагатайдын мезгилинде, Кашкардан Фергана
өрөөнүнө чейинки жерде түрк уруулары менен аралаш жашаган
моңголдордун бирикмеси катары карайт. Биз, мурдагы чыгыш
Европадан келген Александр Македонскийдин (Искендер Зулкарнай
деген кыргыздар – С.З.) гректер, перстер менен түрктөрдү
аралаштырган согуштарын, Алтайда түзүлүп, бүткүл Орто Азиянын
элин аралаштырган түрк каганы Илихан Тумындын, чыгыштан Кара
деңизге чейин созулган жоортулун, араптардын VII – VIII кылымдарда
Орто Азияга кирип, түрк урууларын кытай, кыпчактары менен
чапканын эске албасак да, Чыңгызхандын Ыраакы чыгыштан Европага
чейинки жоортуулу мезгилинде кандай гана элдер менен эл аралашкан
жок. Бул аралашууда – бир эл жоголуп, уруу болуп, бир уруу көбөйүп
– эл болуп жатты. Чыңгыз хандын жоортуулунан кийин, Орто Азия
талааларында, Днестрге чейинки мейкиндикте көчүп жүргөн
кыпчактар талкаланып, урууга айланып калды. Азыр: Өзбек, Тажик,
Каракалпак, Казак, Кыргыз, Түркмөн, Татар ичинде кыпчак уруулары
бар. Чыңгыз хан өлгөндөн кийин, анын басып алган жеринде: Алтын
ордо, Көк ордо, Ак ордо, хандыктары түзүлдү. Мурда анча белгилүү
эмес, моңгол, татар уруулары дүйнөдөгү чоң элдин атына айланды,
Татар деген этнос башка элдердин атын ичине сиңирип кетти.
Мисалы, атактуу тарыхчы Л.Н.Гумилевдун берген маалыматына
таянсак, казан татарлары – болгарлардын, астрахан татарлары –
хазарлардын, ногай татарлары – гуздардын, кырым татарлары ар
түрдүү элден куралган этнос. Бул байыркы скифтерден – сактардын,
сактардан – Орто Азиядагы азыркы элдердин келип чыкканындай кеп.
Л.Н.Гумилевдин далилдөөсүнө караганда Ак Ордонун түзүлүшү (XIV
к.), казак элинин өз алдынча этнос болуп жаңы жаралышына алып
келди (Л.Н.Гумилев, Древняя Русь и Великая степь, “Мысль”, 1989 г.,
549 стр.). Илимий тарыхтарга караганда, азыркы учурда: казак,
кыргыз, каракалпак, өзбек ичиндеги коңурат уруусун – байыркы
моңголдордун негизги бир уруусу болгон деп карайт. Ал Эми
Алымбеков Тургунбектин санжырасы боюнча, байыркы түрктөрдө он тогуз уруу коңурат өзүнчө эл болгон. Ошентип, биз, илимий
202
тарыхта жазылганына карап эле, же Чынгыз хандын аялы коңурат
(хцнгара) уруусунан экенин эске алып, коңураттар моңголдордун
негизги уруусу деп айта албайбыз. Чынында, Чынгыз хан жөнүндөгү
тарых XII кылымдын аягына, XIII кылымдын башына туура келет. Ал
эми түрк каганатыныны зор мамилекетинин түзүлүшү VI кылымда. Ал
учурларда моңголдордун жашаган аймагы чыгыш түрк каганатынын
ичинде болгон. Дегеле, атам замандан бери түрк уруулары менен
моңголдор чектеш, аралаш жашаганы белгилүү. Ошондуктан коңурат
урууларын моңголдордон түрктөргө, же түрктөрдөн моңголдорго
киргенин так айтуу кыйын. Менин жекече түшүнүгүм боюнча
коңураттар, байыркы убакта, кыпчактар сыяктуу өзүнчө эл болуп, түрк
уруулары менен аралаш жашап турган. Кийин согуш кесепетинен
талкаланып, чачылып башка элдердин ичине сиңип кеткен. Кыргыз
санжырасында, он тогуз уруу коңуратты, байыркы Оторкан заманында
Сарыбай баатыр башкарып турганы айтылат. Азыркы учурда
коңураттар Тагай тукумунда да, Адигине тукумунда бар. Бирок
кыргыз санжырачылары экөөнө тең тике кошо албай, өзүнчө
“Коңурат” жөнүндө легенда ойлоп табышкан. Адигине ичиндеги сары
баргы, таз баргы, адай, сарттар жөнүндө да, ар түрдүү айтылган
уламыш сөздөр бар. Алар жөнүндө сөз болгондо түрк, монгол
урууларын жакшы бөлгөн Н.Ф.Катановдун Алтайда жашаган
карагастар моңголдорду “адам” деп атаганын эске түшүрөт.
(Н.Ф.Катанов “Поездка к карагасам в 1890 году” в Зап. И. Русек.
Геогр. Общ, по отд. этногр.,” 1891, ХIV, вып, II стр. 221.) Биз муну
эске түшүрүп жаткан максатыбыз, кыргыз ичинде кыргыздашып,
аралашып, кеткен моңгол уруктары көп жолугат. Кебетеси,
моңголдордун карагастарга чектеш турган бир уругу – адайлар
окшойт. Ал учурларда моңголдор: оин, салжак, адай, монгуш, тумат,
элжиген, жокду бүркүт, дөрбүт, цорас, елет, шаркут, харнут, барнут,
чонкут, унгер, урилас, бурят уруктарынан турган. Ал эми
моңголдордун өзү: тунгустар, тангыттар, түрктөр, кидандар менен
жакшы эле аралашкандыгы, алардагы этникалык элементтерден ачык
эле көрүнүп турат.
Жылдар өтүп, мезгил өзгөрүп, тил аралашып, дил аралашып
айрым этникалык аттар да өзгөрүүгө дуушар болуп турган. Айрым
изилдөөчүлөрдүн көз карашы боюнча Адигине ичиндеги сарттар
Сибирдеги токой элдерине кирген бачжиги уруусуна кирген
сатылардан болсо керек (Г.Е.Грумм – Гржимайло. Западная Моңголия
и Урянхайский край. Ленинград 1926. 16 стр.). Кийин, сатылар –
203
саттар делип, андан – сарттар болуп өзгөргөн. Биз көп учурларда,
кыргыздарды, калмак, кытайлар – буруттар деп атаганын көп
жолуктурабыз. Айрыкча эпикалык чыгармаларда, эпостордо:
“солондорду сойлотту, соолутмак болду ойротту, ким көрүптүр
бурутту, буруттар бизди курутту”, - деген, ырлар жолугат. “Буруттар”
кыргыз деген сөздүн ордуна синоним катары колдонулат. Азыркы
учурда, кыргыз ичинде, буруттар деген урукту учурата албадык.
Көрсө, буруттар – качындык татарлар, теленгуттар, белтирлер,
сагайлар арасында өзүнчө чоң урууну түзүп, кийин Тянь Шань
кыргыздарына сиңип кеткен окшойт.
Изилдөөчүлөр, сатылардан – сарттар келип чыкканын сөз
кылганда, сатылардын – саттар болушун, жана анын түпкү теги
“бачжиги” (кыргыздарда сарттар байжигиттен тарайт – С.З.) болгонун
эске алышат. Ошентип Адигине тукумунда да аралашкан уруктар көп
экени байкалат. Биз жогор жакта Адигине тукумуна кирген баргы,
сары баргы, таз баргылар ичкилик ичиндеги кыпчактардын
уруктарында да жолуга турганын сөз кылган элек. Кебетеси, бул
уруктар, Адигине ичине, байыркы кыпчактардан ооп келген окшойт.
Кыргыз урууларынын чоң тобун ичкилик тобу түзөт. Кыргыз
санжырачылары ичкиликтерди өзүнчө топ кылбастан солго кошуп
айтышкан. Чоң манасчы жана санжырачы Балык Кумар уулу минтип
ырдаган.
- Саруу, кытай, мундусу,
Кушчу, төбөй, базысы,
Сатыкей, каңды, теити.
Ичкилиги кошулуп
Сол атадан турбайбы.
Алымбеков Тургунбектин санжырасында: Жанкороздон – Чамас,
Чамастан – Ак уул, Куу уул. Ак уулдан – Арстанбий, андан – Домбул
бий, Куу уулдан – Тооке бий. Андан кийин оң, солдун тукумдары
берилет. Мен бул санжырачыларды салыштырып отуруп, мунусу
туура, мунусу туура эмес деген жокмун, болгону санжыралардан
кыргыз элине кеңири тараганын негиз кылып алдым да, өзүмдүн көзүм
толук жеткен, илимий тарыхтарда далилдүү пикир айтылгандарын
берүүгө аракет кылдым. Ошондуктан кыргыздын сол тукумуна
ичкиликтер кошулбайт деп ойлойм. Анткени, кыргыздардын оң, сол
болуп бөлүнүшү: эгиз тукумдун оң же сол бөйрөккө жатып
калганынан же бир адамдын мунун тукуму оң болсун, мунун тукуму
сол болсун деп атап койгондуктан пайда болбостон, согуштук
204
зарылчылыктан келип чыкканын мурда сөз кылган элек. Биз ошол
пикирди улантып, солдун тукумдары кимдер жана алар кайсы
жерлерди жайлап келишкен – ошолорго токтолобуз. Солго: Саруу,
Кушчу, Кытай, Мундуз, Басыз жана Кырк уул тукумдары кирген.
Буларга чоң багыш уруусу кошула турганын көп санжырачылар сөз
кылат. Ошондуктан алардын пикирин ойго албаска мүмкүн эместей.
Анын үстүнө XV – XVI кылымдын эстелиги катары бизге жеткен
“Маджму ат-таварихте” Чоң багыш солго кошулганы көрсөтүлгөн.
Бирок анда кырк уул тукуму жок. Менин жеке түшүнүгүм боюнча,
кырк уул, отуз уул сыяктуу урук бирикмеси окшойт. Согуш
мезгилинде же аттул катары кеңешке чакырганда кырк уруктун
башчысы кырк уул же отуз уул деп жүрүп, ошондой атыктырып
жибергенби дейм. Сол ичинде, чоң уруунун бири – саруулар.
Кыргыз санжырачыларынын айткандарына караганда Куу уулдун
бир канча аялы болгон. Анын бир аялынан: Босого, Жайыл, Булгар,
Чоро, Кандабас, Сары, Кулунчак, Канды, Көнөк – он уул болгон.
Булардын ичинен – Сары мыкты баатыр чыгып, эл чаап, жылкы тийип,
атагы жайылып, саруу чаап кетти деп жүрүп Саруу аталып кетет.
Ошентип Куу уулдун (Кабыл деп да айтылат – С.З.) он баласынан
тараган тукумдар бүт Саруу уруусун түзүп калат.
Саруудан – Кырк уул, Тубай (Төбөй деп да айтылат – С.З.).
Эшим. Кырк уулдан – Келдей, Масат, Бешкаман, Бишкендер, Теңечин.
Кебетеси, Кырк уулдан тараган урук көбөйүп, уруу түзүп, солдогу
негизги орунду ээлеп кетиши да ыктымал. Айрым учурда
санжырачылар, атасы менен баласын бир тууган кылып чатыштырган
учурлар көп эле жолугат. Кырк уулдун бир тууганы Тубайдан –
Кубалак, Култай, Муратаалы, Тагайберди, Төңтөрүк (Төңтөгөр деп да
айтылат – С.З.).
Эшимден – Теңечин, Колпоч. Теңечинден – Шабыке, Жапалак,
Токо, Үкү. Колпочтон – Каракчы, Бөкөй, Колпоч кийин өзүнчө урук
болуп кетти. Саруу ичинде Эшимкан жөнүндө аңыз кеп бар. Анда,
Катагандын кан Турсуну, Эшимдин мыкты чыкканын көрө албай,
малын талап, элин чаап, сарууларга катуу кысым кылганы айтылат.
Кийин Эл Эшим, кан Турсунга эрегишип: саруу, кытай, багыш,
кыпчактарды баштап, Ташкендеги ордосун басып, катуу чабат.
Ошондо, Мончок деген сулуу келин колго түшөт. Аны Эшим алып,
андан Колпоч туулган дешет.
Тоголок Молдонун берген маалыматына караганда, эңчегер
бойлуу Эр Эшим – Эдил, Нурадан келип, казак, кыргызга кандык
205
кылган XVII кылымдагы тарыхый адам. Ал жөнүндө көлөмдүү поэма
жазган. Эр Эшим менен катагандын кан Турсунунун ортосундагы
чатак, достуктан башталганын көрсөтөт. Эл ичинде: “Катагандын кан
Турсун, кан Турсунду ант урсун” деген лакап, кан Турсундун Эр
Эшимге кылган чыккынчылыгынан айтылып калган дейт. Эр Эшим
жөнүндө казак санжырасында да айтылат. Ошондуктан, Тоголок
Молдонун берген маалыматы туура го деп ойлойм.
Саруу ичинде Алакчын деген урук бар. Ал жөнүндө да өзүнчө
аңыз кеп айтылат. Эр Эшим кан Турсунду чапканда, Мончоктон
башка: Агынай, Жоолук, Накай, Койайдар, Койбагар, Султанмүрөк
деген жаш жигиттерди да колго түшүргөн дейт. Койайдардан –
Бошмоюн таралат. Султанмүрөк колго түшкөндө тогуз жашта экен,
кулундун терисинен ала даакы тон кийип, сарала тай минип келиптир.
Аны көргөн эл – Алакчын деп жүрүп, Султанмүрөк аты өчүп калат.
Алакчын мыкты чыгып, Аман дегендин кызын алат. Андан –
Ийрижолон туулат. Ийрижолондон – Олжошык. Олжошыктан –
Кычымерген, Арзыкул, Айткулу. Кычымергенден – Сатыкей, Самтыр
– булардын тукумдары Кетмен Төбөдө жашайт. Алакчындын калган
тукуму Таласта. Булардын тукуму бутактап көбөйүп бир канча атага
бөлүнөт. Чиркей уругу да ушулардан чыгат. Беш Берен уругу да
Алакчынга кирет.
Саруунун дагы бир аялынан – Ногой, Шыгай, Боотерек. Ногой,
Шыкай тукуму Күркүрөөнү жайлап жүрүп, Күркүрөө аталып кетет.
Бештерек, Кабай тукуму да сарууга кирет.
Талас өрөөнүндө кеңири айтылган Ажыбек датка – Саруу
ичиндеги Алакчын уругунан. Ал, Кокон хандыгына жагып, датка
деген наам алган. Анын Кудаяр, Нурак деген эки уулу жана бир кызы
болгон. Саруу ичиндеги колпош уругунан, XIX кылымда, Чонду акын,
Сокур калча, Назар деген акындар, манасчылар чыккан. Эшмамбет да
ушул уруудан. Сол ичинде саруунун уругу көп. Булардын негизги
жайлаган жерлери Талас өрөөнү, Ала Бука, Жаңы Жол аймагы. Кетмен
Төбөдө, Ысык Көлдө да саруунун уруктары бар. Ысык Көлдөгү
саруулар бугуларды Белек башкарып турганда барган. Экинчи
кабарда, саруудан чыккан Колпос баатыр жер талашып, туугандары
менен чабыша кетип, анын Умай бала деген аялы атка тебеленип өлөт.
Ошол учурда анын өлүшүнө себеп болгон алакчындын үч баласы:
Райымбек, Райымкул, Сакпай казакка кире качып, ал жакта көп жыл
жашап, бала-чакалуу болуп, эл сагынып, жер сагынып мурунку
жерине келе албай, Иледен өтүп Көлгө келип туруп калышкан дейт.
206
Саруулардын “бөлөк чал” деген уругунун жарымы Кашкар тарапты
жайлашат.
Сол ичиндеги чоң уруунун бири – мундуздар.
Мундуздар, кыргыз санжырасы боюнча, Куу уулдун – Көнөк
деген уулунан. Мундуздар: ак үйлүү мундуз, бай мундуз деп экиге
бөлүнөт. Тарыхый маалыматтарга караганда, мундуздар, Алтайдагы
ойрот калмактарынын жана теленгут калмактарынын арасында да
жолугат. Мундуз – байыркы түрктөрдө сел деген сөздүн мааниси
берген. Ал жерде, мундуздар, кыргыздардын ичкилик урууларына
кирген кыпчак, найман уруулары менен жамаатташ жашаганы
кызыгуу туудурат (В.В.Радлов, “Этнографический образ турецких
племен Сибири и Монголии”. Перевод с нем. проф.Н.Козьмина.
Иркутск – 1929, 12 стр.).
Орус окумуштуусу В.Вербицкийдин берген маалыматына
караганда алтайда жашаган дөөлөс уруулары менен мундуздардын
турмуштук урп-адаттарында, ишенимдеринде көп жалпылыктар бар
(В.Вербицкий. Алтайские инородцы. М., 1893, стр. 136-137). Элдик
санжырада мундуздардын тараган жери өтө эле чачкындуу экени
айтылат. Аны азыркы жайгашкан жери боюнча караганда да көрүнүп
турат. Жогоруда келтирилген маалыматтар боюнча мундуздар батыш
Моңголияда, Алтайда жашап жатканы байкалат. Ошондой эле, алар,
жергиликтүү: тунгус, моңгол, түрктөр менен аралашып аргындашууга
дуушар болгон. Ал эми, Тянь Шань аймагында, Талас, Ала Бука,
Чаткал, Жаңы Жол, Сузактан өйдө, Өзгөнгө чейин, басыз, дөөлөс,
кыпчак уруулары менен жамаатташ жашап турат. Басыз демекчи,
кыргыз санжырачыларынын берген маалыматына караганда куу
уулдан – Көнөк. Көнөктөн – Мундуз, Басыз, Каранай, Каратал – төрт
уул. Демек, мундуздардын басыздар менен жамаатташ жашашы
бекеринен эмес экенин өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Биз, мундуздардын,
мурда, ак үйлүү мундуз, бай мундуз деп экиге бөлүнгөнүн эскерткен
элек. Мундуздардын мындай аталып калышынын да өзүнчө улама
кептери бар. Элдик санжырачылардын берген маалыматына караганда
эки элдин ортосунда чатак чыгып, кайра элдешкенде, мундуздан
чыккан мыкты жигиттерди ак үйлүүгө элчиликке жиберип турушкан
экен. Мындай окуялар Алты шаар кашкарлыктар менен болгон. Кийин
анын тукумдары Ак үйлүү мундуздар деп аталып, аларга ыктаган
тууган-туушкандары да ошол ат менен аталып кеткен. Ал эми
отурукташып байыган мундуздар бай мундуз аталып калган экен. Ак
үйлүү мундуздар: Дарга, Шыдыр, Кыйра, Аюк, Көкчөкөз, Чартал,
207
Дөлбөл, Салыке деген уруктарга бөлүнөт. Бай мундуз: Албаш,
Абышка. Алардан тарагандар: Бообек, Жараке, Төрайман, Өтөмүш
уруктарын түзгөн. Элдин берген маалыматына караганда булар
энесинин аты менен аталып калган. Мындай энесинин аты менен
аталган уруктар кыргыздарга көп эле жолугат. Анткени, кээ бир эл
башкарган адамдар көп аял алып, көп балалуу болушкан. Ошондуктан,
алардын тукумун ич ара ажыратыш үчүн алган аялдарынын атын
айтышкан. Мундуздардын ичинде Кызылбаш, Акбаш деген уруктар да
бар. Бирок булар айрым адамдардын ылакап атынан калган. Мисалы,
Кызылбаштын аты – Точу, Акбаштын өз аты – Рыспай деп айтылат.
Мундуздарын айрым топтору Ысык Көлдө жана кытайда да жашашат.
Ысык Көлдөгү мундуздар: Эрназар, Кыйра, Мышык, Кубат деген төрт
атага бөлүнөт. Кыргыз санжырачыларынын берген маалыматына
караганда, Мышык менен Кубаттын тукумдары атам замандан бери
эле бугулар менен аралаш жашап келген. Ал эми, Эрназар менен
Кыйрынын тукуму кытай жериндеги мундуздардан кийин келип орноп
калышкан. Эмнеси болсо да, кыргыз элинин узак тарыхында, көп
согуш тополоңдо, ата баладан, урук уруудан, уруу элден бөлүнүп
калган учур көп эле болгон. Аны, азыркы учурда, кыргыздардын,
жыйырмадан ашык өлкөлөрдө жолугушу да далилдеп турат. Ал түгүл,
Алтай-Саян аймагында жашаган ар бир элдин ичинде “кыргыз” деген
уруу жолугат (Г.С.Грумм – Гржимайло, Западная Монголия и
Урянхайский Край. том III, Ленинград – 1926, стр.267).
1914-жылы Енисей губерниясынын Минусин, Ачин уездинен
жыйналган сагайлардын элдик ырында:
- Кырк колотто, колот жокко
Кыргыз сөөгү жатпаган.
Кыр-кырларда, кырк кайын жок,
Кыргыз балта чаппаган.деп бекер ырдалып калган эмес (“Изв. Русс. Комит. для изуч. Средней
и Вост. Азии” 1914, №3, стр 127).
Солго кирген уруулардын бири – Басыз
Басыздар жөнүндөгү алгачкы маалымат XV кылымдын эстелиги
катары бизге жеткен “Маджму ат-таварихте” жолугат. Анда Куу
уулдун алты баласынын бири катары Басыз эскерилет (Материалы по
истории киргизов и киргизии, М., 1973, выпуск I, стр. 207). Ал убакта
басыздар өзүнчө уруу болбостон жаңыдан гана саябандап келаткан
208
мезгили. Ошол убакта, кыргыздын негизги тобу – Кожент тоолорунда,
Анжыян, Фергана өрөөндөрүндө турганы байкалат. Кыргыз
санжырасында, басыздар, багыштар, мундуздар менен бирге айтылат.
Айрым санжырачылар, Тагай бийдин ордо аялынан келген,
Жанкороздон – жазы багыш, басыз уруулары тарайт дейт. Басыздын
балдары: Кылыч тамга, Керки тамга, Кабан, Кашка, Керки тамганын
бир уулу Байзабаттан өзүнчө урук тарайт. Алар, ич ара: Ален тукуму,
Асен тукуму, Жумат тукуму деп аталат. Басыз ичинде: жетикашка,
медиш, кушкенчи, тапа каман, алчын уруктары да бар. Бөкөй менен
Алчын уруктары тондуу уул катары баяндап казак, кыргыздын
чабышына байланыштуу түшүндүрүшөт. Бөкөй менен Алчын баатыр
чыгып, каманга кол салганы өзүнчө аңыз болуп айтылат. Ошол эки
жигиттен: Токтоназар, Тоймат, Абдылда, Бапан уруктары тарайт.
Басыз уруусу: Талас, Жаңы Жол, Ала Бука, Сузак, Октябрь, Базар
Коргон, Өзгөн, Тогуз Торо, Ак Талаа, Жалал Абад тегерегине чачырап
кеткен. Ал түгүл Какшаал тарапта мундуздар менен жамаатташ
жашашат.
Солго кирген куу уулдун тукумунун бири – чоң багыш
“Маджму-ат-таварихте” Куу уулдун: Басыз, Лалым кушчу,
Айбаш мундуз, Чоң Багыш, Сунджек, Кытай деген алты уулу болгон
деп эскерет. Буга караганда Чоң Багыштар XV кылымдардан бери гана
куралган уруу катары көрүнөт. Бирок, Алымбеков Тургунбек айтып
жүргөн санжырада, Чыңгызхандан мурда кыргыздардын бир тармагы
Алтай тарапта, Найман хандыгын түзүп турганы баяндалат. Ошол
Наймандарды Чыңгызхан талкалаганда алар батышка сүрүлүп
мурдагы мекени Тянь Шанга кайра келет. Ошол келген кыргыздарды
Жанкороз баштап келген дейт. Келген кыргыздардын урааны
Жанкороз болгон экен. Айрым санжырачылар, мисалы, Байгара уулу
Муса ошол Жанкороздон: Жазы, Багыш, Басыздар тараган дейт. Ал
эми Балык манасчынын санжырасын негиз кылып айтып жүргөн
Алымбек уулу тургунбек Жанкороздон Чамас туулат. Анын тукуму
Чыңгызхандын балдарынын үлүшүнө туура келген, Чагатайга алымсалык берип турган дейт. Чамастан Ак уул, Куу уул. Чагатай жалпы
кыргызды эки багышка бөлүп, биринчи багышка – Ак уулду, экинчи
багышка – Куу уулду бий кылып оң багыш, сол багыш атаган. Кыргыз
санжырасында багыш – аймак мааниде жолукканы менен уру катары –
кишинин аты катары да көп айтылат. Уруу катары чоң багыш,
209
жылаңач багыш, кара багыш, сарыбагыш, жөн эле багыш деп да
аталат. Булардын айрымдары оңго кирсе, айрымдары солго кирет.
Байгараев Мусанын санжырасына караганда Жанкороздон – Жазы,
Багыш, Басыз деген үч уул тарайт. Алар Койлонго дем болуп, түштүк
тарапка жедигерлер менен бирге оойт. Койлондун тукуму менен
Жанкороздун тукуму казакка жасаган жоортуулда олжо талашып,
ошондо чоң таарыныч чыгып, түштүк тарапка кеткен дейт. Бир
кабарда Жанкороздон: Көкүм, Куржу, Бадам, Көнөк, Жики – беш уул
тарайт. Булардын ичинен Көкүм мыкты чыгып, Ташкенде хан болуп
турган.
Ташкендеги Көкүмдүн көк күмбөзү кийин мазар катары эл
сыйынган жайга айланган. Жанкороздун бир баласы Көнөк баатыр
чыгып эл коргоп Көнөк атала баштайт. Анын өңү кара болгондуктан
башка Көнөк аттуудан ажыратыш үчүн – багыштын кара Көнөгү деп,
Каракөнөк атап жиберишет. Багыштар Наманганды жайлап
жүрүшкөндө казактардын Жаныш төрөсү келип кол салат. Аны,
Каракөнөк аттан ыргыта сайып колго түшүрөт. Жалпы аламан согушта
Жанышты ким ыргыта сайганын Көкүм байкабай калат да: - “Сени
кандай баатыр сайды?” – деп, Жаныш төрөдөн сурайт. Ал: - “Мен
кайсы кыргыздын атын билейин, көрсөм тааныйм, элиңди чубатсаң
айтып берейин”, - дейт. Көкүм элди чубатып текшергенде, Жаныш
төрөнү сайган Каракөнөк болуп чыгат. Ошондон кийин багыштын
Каракөнөгү деп аталат. Анын үстүнө ал согушка киргенде “багыш,
багыш” ураанын чакырат. Каракөнөктөн – Каражооду, Каражоодудан
– Чаараттуу, Молокон. Молокондон – Бозкозу. Бозкозудан –
Байдөөлөт. Байдөөлөттөн: - Шааке, Жумаке, Сарыке, Бочкоп, Шаболот
Култай, Көкүмдөн – Куттуксейит, Найман Караманат. Куттуксейиттен
– Жике, Аккөйнөк, Чарык, Салаңбут, Черик, Моңол. Наймандан –
Элтынды, Узунчекти, Алдаяр, Сапалак. Караманаттан – Эңкердеш.
Элтындыдан – Канды, Бешимтаз, Узунчекти. Ушул сыяктуу тукуму
уланып кете берет. Булардын тукуму, Жанкороздун башка тукумунан
тарагандар Чоң багыш уруусун түзөт. Булардын негизги жайлаган
жери: Анжыян, Наманган, Сузак (Созок – С.З.) тегереги болгон. Бирок
калмак доорундагы чабыштарда, кийин кокон хандыгы менен болгон
салгылаштарда, булар, байыркы жеринен – Ферганадан, Анжыян,
Намангандан сүрүлүп тоо таянган. Негизги чоң бөлүгү Кашкар
тарапка сүрүлгөн. Кашкар мурда – Алтымы шаар же Кичи Бухара деп
аталган. Чоң багыштар Кашкардан ары Аксуу, Турфанга чейин жердеп
210
калган. Булардын айрым уруктары Сары жазда, Ат Башы, Арпада да
бар.
Кытайлар
Сол ичиндеги кытайлардын аты тарыхта байыртадан бери
белгилүү, ал түгүл VIII кылымда ташка чегилген Орхон-Енисей
тексттеринде да жолугат. Күл Тегинге арналган эстелик жазуу 731жылга туура келет. Дал ушул эстеликтеги көлөмдүү жазууда мындай
деп жазылган: “жоктоочу, (ылап) сыктоочулар чыгыштан Бөклү
чөлүндөгү эл, табгач, тибет, апар, пурум, кыргыз, үч курыкан, отуз
татар, кытаң (кара кытай) татабы – мынча журт келип ыйлашты,
сыкташты” (Орхон-Енисей тексттери. Фрунзе – 1982, 62-бет.). Кытай
деген сөзгө кыргызчасында кашаанын ичине кара кытай деп жазып
коюшкан. Ал эми ушул эле жазуунун орусчасында (73-бетти кара –
С.З.) кытай деп эле берилген. Кебетеси эстеликтеги жазууну
кыргызчалатканда окуучуларга түшүнүктүү болсун деп кашаадагы
кара кытайды кошкон окшойт. Бирок мындан кытайдын мааниси
башка этнонимге өтүп кеткен. Азыркы түшүнүк боюнча кара
кытайлар, туңгус эли менен моңгол элинин кошундусунан чыккан
өзүнчө эл болгон. Байыркы түрктөрдө, кытаң (кытай) өзүнчө уруу
экенин унутууга болбойт. Муну, ошол эле Орхон-Енисей
жазуусундагы тексттерге терең таанышкан адам байкай алат. VIII
кылымдарда кытайларды түрктөр “табгач” деп аташкан. Биз бул жерде
кытай деген сөздүн этимологиясын эмес, бул уруу, эл катары кайсы
топко кире турганы жөнүндө гана сөз кылмакбыз. Орус окумуштуусу
Н.А.Аристов: “Кидандар кытайлардын (түрк ичиндеги – С.З.) бир
уруусу болгон”, - дейт да, азыркы кыргыздын сол канатындагы кытай
уруусун дал ошол, байыркы Орхон-Енисей жазуусундагы, Тан
династиясын талкалаган кытайлардан болуу керек деп болжолдойт
(Н.А.Аристов. Опыт выяснения этнического состава киргиз-казаков
большой орды и каракиргизов. С - Петербург – 1885 г., 42 стр.). Бул
оюн кийинки изилдөөлөрүндө дагы улантып, кыргыздардын оң, солго
кире турган урууларын изилдеп келип: кытай, моңолдор, коңурат, саяк
уруулары башка элдер менен аралашкандан келип пайда болгон го,
деген ойду айтат (“Заметки об этническом составе тюркских племен и
народностей и сведения об их численности”, С-Петербург, № 1897 г,
123 стр.). Кытайлар өзүнчө уруу катары өзбектин уруу түзүлүшүндө да
жолугат. XV-XVI кылымдын кол жазмалары катары сакталып калган
211
“Маджму ат-таварих” жана “Тухфат ат-таварих и хани” өзбектин 92
уруусунун бири – кытай деп көрсөтүлгөн. Кыргыз санжырачысы –
Закир Чормошевдин берген маалыматына караганда да, токсон боолуу
өзбектин уруусу – кытайлар. Бирок, биз, мындай ойду айтуу менен
кытайлар өзбектен ооп келген деген пикирден алысбыз. Анткени,
кытай, мундуз, кыят, коңурат, тангут, меркей, дөөлөс, кыпчак, теит,
азык, саяк (сак – С.З.), найман, аргын, желдең, кушчу уруулары эң
байыркы түрк уруулары экенинде талаш жок. Алар, кийин, кыргыз,
казак, өзбек, кара калпак, түркмөн элдери түзүлгөндө алардын негизги
составына кошулуп кеткен окшойт. XV – XVI кылымдын кол жазмасы
катары бизге жеткен. “Маджму ат-таварихте” Куу уулдун алты
баласынын бири катары Сунжек Кытай эсептелет. Ошондой эле Кытай
баатыр уруу башчысы экени да баяндалат (“Материалы по истории
киргизов и киргизии, выпуск I, М., 1973, 209 стр.). Кыргыз
санжырачылары Куу уулдун Көнөк деген уулунан: Мундуз, Басыз,
Каранай. Каранайдан: Кытай, Саруу, Дуулат. Кытайдан: Байтике,
Буудай, Алкожо. Байтикеден: Талпагар, Кыйра. Талпагардан: Эдилбай,
Сөлпү. Эдилбайдан: Маматкул, Байбото. Сөлпүдөн: Үмөт. Үмөттөн:
Кожоке, Баймырза. Кыйрадан: Каработо. Каработону – хан Каработо
деп да айтышкан. Ушул сыяктуу урук улана берет. Булар негизинен:
жогорку тамга, төмөнкү тамга деп бөлүнгөн Кытай уруусундагы чоң
уруктар: кыйра, төңтөгөр, кара кытай, ак тондук, бөрү кесек, кара,
итеш, кара көбөк, дос, чотон, олжотай, алак, чопун, чырак ж.б.
Кытайлардын кыргыз ичинде байыркы уруу экенин “Манас”
“Кожожаш” эпостору да далилдеп турат. Кытайлар негизинен Таласта
болгону менен, Жалал Абад, Чүй, Ысык Көлгө чачырап кеткен.
Кытайдагы кыргыздарда да бар. Кытайлар байыркы уруу болгону
менен, кыргыз санжырасындагы айтылган тукумдары, XV – XVI
кылымдан берки эле. Ушул сыяктуу эле кушчулар жөнүндө да айтууга
болот.
Кушчулар
Кушчулар жөнүндөгү эң алгачкы маалыматтар VI кылымдарда,
Орто Азиядан Алтайга чейинки аймакты кучагына алган түрк
каганаты мезгилинде эле жолуккан. Алтынчы кылымдын аягында,
Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин, империя эки мамлекетке бөлүнүп
кеткен: чыгыш түрк каганаты, батыш түрк каганаты болуп
(В.В.Бартольд, соч.II, часть I, М.- 1963, 31-стр.). Батыш түрк
212
каганатынын негизги аймагы Жети Суу болгон. Дал ушул, батыш түрк
каганатынын ичинде, негизги уруулардын бири, азыктар менен
кушчулар болгон (Г.О.Архив. разряд – 65. Опись -I, № 11, Западный
Тянь Шань Очерки истории и исторической географии. Часть вторая.
Кыргызы или кара-киргизы. (18-19 стр.). Байыркы убакта кушчу деген
сөз – кучу, кутчу формасында жолуккан. Айрым кыргыз
санжырачылары азыр деле кушчу дебей, “кутчу” дешет. Мен мындай
айтылышты,
маркум,
Чоробай
Абдыкалыковдон,
Ибрай
Адбрахмановдон уккан элем. Эмне үчүн мындай айтылат? – деген
суроого алар так жооп бере алышкан эмес эле. Тилдеги сингармонизм
эакону боюнча, айрым тыбыштардын үндөштүгү бирдей келип
айтылганда бири-бирине өтүп кетет. Мындай деп ойлосоң, тыбыш
үндөштүгү өзгөргөндө, түпкү семантикасы өзгөрбөш керек эле. Бул
жерде, кушчу, кутчу эки бөлөк маани берип жатат. Кушчу дегенде:
кушту кармаган, күйгөн адамды айтууга болот. Мүнүшкерлик – дал
ушул кушчулуктан башталат. Кутчу, дегенде – “кут” таптакыр башка
мааниде. Кыргыздардын байыркы дининде, ишениминде кутка
табынган учур болгон. “Кут” деп алар адам сөлөкөтүндөгү кудайдын
сүрөтүн түшүнүшкөн. Кутту алтындан, күмүштөн, жезден, таштан,
жыгачтан жасап, үстүнө тосмо тургузуп, куту деп үйгө коюшкан.
“Куттуу үй экен”, “куту жок адам экен”, “келин куттуу болсун”, деген түшүнүктөр ошондон келип чыккан. Отко табынуу ыразмысы
менен бирдикте, кутка сыйынуу да болгон. Айрым учурларда, чоң
таштан кут тургузуп, жалпы эл сыйынган. Кыргыз санжырасында,
Самара суусунун башына тургузулган – “Ороздунун кут ташы”
белгилүү. Ороздуну кут тургузгандыгы үчүн “кутчу” деп аташып:
“Ороздуу болсун жумушуң”, - деп, бири-бирине алкыш айтышкан.
Кийинки кылымдарда эл өзгөрүп, дин өзгөрүп, бийлик-түшүнүк
өзгөрүп, байыркы “кутчу” түшүнүгүнүн мааниси жоголо баштаганда
“кутчу” эмне экенин түшүнбөй калганда “кушчу” келип чыккан
окшойт. Эмнеси болсо да, кушчулардын байыркы уруу экенине тарых
күбө. Бирок, биз сөз кыла турган кушчулардын санжырасы, XV
кылымдан берки гана санжыра экенин жашыра албайбыз. Анткени,
кыргыздын өткөн уламышын, тарыхын, уруу бөлүнүштөрүн айткан
санжырачылардын көпчүлүгү, Ак уул, Куу уул тукумунан гана баштап
ажыратат. Андан аркысын, Аналхак, Акешеге таяп, же көбүктөн пайда
болгон кырк кыз жөнүндөгү мифке жамап айтышат. Кыргыздын
байыркы санжырасын жазып калтырган Алымбеков Тургунбекте, же
кытай тарыхындагы кыргыз санжырасына тааныш – Укаев Аруундун
213
санжырасында да, кушчулардын байыркы тарыхы жок. XV-XVI
кылымдын эстелиги катары бизге жеткен “Маджму ат-таварихте”, Куу
уулдун алты баласынын бир баласы – Кушчу экендиги жана андан
өзүнчө уруу куралганы айтылат (Материалы по истории киргизов и
киргизии, выпуск I, М., -1973, 209 стр.). Ушул эле кол жазмада, Мир
Жалилге тобук кыла турган Куу Уулдун балдары: Басыз, Кушчу,
Мундуз, Чоң Багыш, Саруу, Сунжек кытай, бахадур Лалым Кушчунун
үйүнө келип токтогондугу айтылат. Ошондой эле аларды коноктоп,
тейлеп жүргөн Лалым Кушчунун тукумдары: Бүркүтчү, кебекчи,
кушчу болгону эскерилет. Бирок мен бул киши аттарынын
айрымдарына жалганып айтылган: Сунжек Кытай, Лалым Кушчу
дегендеги сунжек, лалым дегендердин маанисин биле албадым. Бул
кол жазмага караганда, Кушчу, Куу уулдун өз баласы экени көрүнүп
турат. Ал эми, кийинки санжырачылардын айрымдары, мисалы
Байгараев Муса, Долондун уулу Кубулдан (Куу уул – С.З.): Кытай,
Саруу, Жайыл – үч уул, Жайылдан – Каратал, Каранай. Караталдан –
Токтоболчу, Тотон. Токтоболчудан – Кушчу деп айтат. Буга караганда
Кушчу үч атадан барып Саруу, Кытайларга кошулат. Ал эми, айрым
элдик санжырачылар, Куу уулдан: Босого, Жайыл, Булгар, Чоро,
Кандабас. Кара, Сары Кулунчак, Усупаман – жети бала болот деп,
ошол, жети уулдун бири Карадан (Каратеңеш деп да айтат – С.З.):
Меңдуулат, Жоош; Меңдуулаттан: Таскушчу, Көккушчу, Каракушчу,
Чийне, Черик, Чылжуут, Чаранат, Көзүм жаман, Тулга, Барыке,
Шалка, Көнчөй, Өнөк, Кары – он беш бала. Ошолордун тукуму бүт –
кушчу атыгып кетишкен дешет. Булар ич ара: Тилеш балдары,
Кайназар балдары, Шайбек балдары, Аксак бөрү тукуму, Сокур бөрү
тукуму, Сабатар кушчу. (Жан кушчу, Аман кушчу, Жетиген балдары
деп, бир канча урукка бөлүнөт. Булардын айрымдары тондуу уул
катары айтылат. Кушчу ичинен Жанкушчу уругунан чыккан Кубат
бий, бир мезгилде бүт кыргызды бийлеп, кыргыз атынан сүйлөп
турган, деген кеп бар. Таластын көкүрөк жагынан Итим уулу Бүргө
баатыр чыккан. XIX кылымда кушчуларды жалпы жонунан – Калча,
сарууларды – Нурак, кытайларды – Сарыбаш, басыздарды –
Чыбылдай, чоң багыштарды – Сарымсак датка бийлеп турган. Кыргыз
санжырасында, Таластык кушчулар жөнүндө сөз болгондо, көбүнчө
Бүргө баатыр, жана анын кызы – Ак Шербет жөнүндө аңыз кептер
айтылат. Кушчулар аябай чачырап кеткен. Булардын Кыргызстандагы
негизги тобу Таласта болгону менен, Анжыян тарапта, Чүйдө - солто
ичинде, Каракоодо – сарбагыш ичинде, эң көп уруктары кытайдагы
214
кыргыздарда. Айрым ата тукумдары түштүк кыргыздардын көп
аймагынан жолугат. Жетиген – кушчулардын айрымдары, XIX
кылымдын башында эле, Чүйгө, Кочкорго өткөндүгү жөнүндө
маалыматтар бар. Бүргө баатырдын мезгилинде эле кушчулардын,
тондуу, тонсуз уулдарынын ортосунда чабыш чыгып, Кашкары,
Сүйөркулдун тукумдары Чүйгө, солтолорго оогон. Кожоярдын тукуму
Канайга келген, кийин, анын уулу Медербек Канай менен келише
албай:
- Атаным бар, атым бар,
Көчсөм элге жетермин.
Кетменим бар, чотум бар,
Чапсам сууга жетермин,деп, Ниязбектин сегизбегине жамынып, сарбагыштарга көчүп кирип
кетет.
Кыргыз урууларынын мындай чачырап кетишине: уруу, урук, ата
тукуму бөлүнүшү, тондуу, тонсуз уул, байбиче, токол уул бөлүп
бөлүнүшү, уруу чатактары негизги себептерден болгон. Дал ушундай
бөлүнүүдөн көп кыргыз азайган. Ынтымак, ыйман кетип, кур намыска
алдырып, адамдын канына бүткөн байыркы жапайы сезими ойгонуп,
акыл сезимин жеңген. Бирок, ар кандай нерсенин оң, терс жагы болгон
сыңары, ошол бөлүнүү, кыргын-сүргүн кыргыз элинин аң-сезимин
ойготуп, эл болуп биригүүгө, ынтымактуу жашоого түрткөн. Ансыз
жоокерчилик заманда сай-сайда, кокту-колоттордо кырылып, жок
болуп кете турганын түшүнүшкөн. Ошондуктан, мыкты уруу
башчылары, таланган талкаланган уруктарды тегерегине топтоп, элик
сүтүн эмизип, бала кылып, өз денине тарткан. Элден чыккан акылэстүү адамдар чыр-чатакты басып, биригип, ынтымак менен жашоого
үндөгөн, “Бөлүнгөндү бөрү жейт” – деп, бир кыргыздын тукуму
экенин эске салган. Элдин улуттук сезими акырындап өсүп отурган.
Ичкиликтер
Мен ушул эле санжырада, кыргыздардын оң, сол болуп бөлүнүшү
жөнүндөгү бөлүмдө, ичикликтер өзүнчө бир топту түзө турганын жана
анын, согуштук тактиканын зарылдыгынан келип чыкканына
токтолгон элем. Бул жерде, аны кайталап отурбай, ичкилик
урууларынын жайгашкан жерлерине гана үстүртөдөн токтолууга туура
келет. Анткени, кыргыз санжырачыларынын көпчүлүгү, ичкилик
урууларын бирде солго кошуп, бирде кырк уул, бирде отуз уулга
215
кошуп айта беришет. Санжарачылардын мындай чатыштырып
жатканынын башкы себеби, булардын байыркы уруулардан, элдерден
болгондугунда. Аны мындай эле нерседен байкоого болот. Кыргыз эл
оозеки чыгармаларына тааныш адамдар моңгол дооруна чейин
жаралып, айтылып жүргөн “Эр Төштүк”, “Манас” сыяктуу эпостордо
ичкилик уруулары толук жолуга турганын байкайт. Кийинки Адигине,
тагайдын тукумунан пайда болгон солто, сарбагыш, бугу, саяк, бөрү,
жору, баргы ж.б. сыяктуу уруулар ал эпостордон учурабайт. Дал
ушундан эле, ичкилик уруулары эң эски уруулар экени билинет.
Ичкилик урууларынын негизгилери: Канды, Дөөлөс, Теит, Найман,
Жоокесек, Бостон, Нойгут, Кыпчак, Ават. Кыргыз этнографиясын
изилдеп жүргөн С.М.Абрамзон буларга онунчу кылып Кесекти кошот.
Бирок, жоокесек менен кесектер бир эле уруу. XIX кылымдагы орус
саякатчыларынын
айрымдарынын
ичкиликтерге
жогоруда
айтылгандардан башка Кыдырша, Огру, Кара Саадак деген урууларды
да кошкон (“Военный сборник”, 1877, апрель, стр.372). Ошол
мезгилдеги айрым кыргыз санжырачылары, ичкиликтерди өз ара оң,
сол болуп бөлүнө турганы жөнүндө да маалыматтарды берген
(Н.Ф.Ситняковский. I. Перечисление некоторых родов киргиз,
обитавших в восточной части Ферганской области. Изв. Туркестанск.
отд. Р.Г.О. Ташкент, 1900, т. II, вып, 1,2). Мунун өзү, урууларды оң,
сол деп бөлүү, согушка байланыштуу чыкканын дагы бир жолу
далилдейт. Анткени, ичкиликтер, кийинки, оң, сол уруулары пайда
боло электе өз ара – оң, сол болуп бөлүнгөн болсо, демек, мурда да
ошондой
зарылчылык
болгон.
Түндүк
санжырачылары,
ичкиликтердин ич ара бөлүнүшүн, жайлашкан жерлерин толук
билишпейт, бир болгону ичкиликтер Ферганада, Анжиян деп коюшат.
Түндүк кыргыздарда, уруу топторунда жолуккан кыпчак, дөөлөс,
нойгуттар жөнүндө сурап калсаң Ферганада, Анжияндан келген дешет.
Менин байкашымча, кыргыздын ичкилик уруулары негизинен өзбек,
тажик, ооган элдери менен чектеш жагында жайгашкан. Азыркы
территориялык бөлүнүш боюнча алганда – Кара Суу, Араван, Ноокат,
Фрунзе, Баткен, Лейлек райондорунда. Бирок, муну менен биз,
кыргызстандын башка райондорунда ичкилик уруулары, жок деп айта
албайбыз. Көл жээгиндеги дөөлөстөр - Ноокаттагы дөөлөстөрдөн,
калмактар кыргыз жеринен сүрүлгөндө келген, деген уламыш айтылат.
Ал эми, Ноокаттагы дөөлөстөрдүн байыркы Алтайдагы дөөлөстөр
менен байланышы бардыгына шек кылууга болбойт. Алтайда, ОрхонЕнисей сууларынын боюнда дөөлөстөр (таштагы жазууда Төлөс деп
216
берилген - С.З) байыркы түрк уруулары, элдери: тогуз өгүз, кыргыз,
курыкан, отуз татар, кытаң, татаби, тардушдар менен коңшулаш
жашап турушкан. Илтерис каган аларды баш коштуруп, бириктирип”,
түрк журтун курап, чыңап, жардыны (бай кылды, азды көп кылды)”
деген маалымат бар (Ормон – Енисей тексттери Фрунзеь - 1982., 63-64
беттер). Ичкилик уруулары – байыркы уруу болуп, көп кылымды
башынан өткөрүп, көп согушту башынан кечирип, көп жерге чачырап
кеткен. Байыркы убакта, эл, мал чарбасы менен күн көргөн мезгилде,
түрк уруулары аябагандай чоң аймакта, Чыгыш түндүк жагы –Алтай,
Саяндан, түндүк жагы – Туран түздүгүнөн тарта, Тянь Шань, Памир
тоо кыркаларында көчүп жүрүшкөн. Кийинки мезгилде, кыргыз
урууларынын жерлерин, ата мекенин изилдеген окумуштуулардын
көпчүлүгү кыргыздарды, Енисей-Орхон, Алтай тараптан ооп, Орто
Азияга келгендей түшүндүрүшөт. Буга эң негизги себеп, кытай
тарыхында, кыргыздардын, Орхон Енисей сууларынын башкы
агымында
жашагандыгы
жөнүндөгү
жана
Орхон-Енисей
эпитафияларында “кыргыз” деген сөздүн болушу жөнүндөгү
маалыматтар себеп болгон. Биз мындай так, далилдүү маалыматтарды
жокко чыгара албайбыз. Болгону ал, байыркы кыргыздардын бир гана
тармагы, чети жөнүндөгү маалымат го дейбиз. Ал, кырк ууру
кыргызды изилдей келгенде эле байкала түшөт. Алтай, Енисей жакта
кыргыздардын: дөөлөс, кыпчак, мундуз, азык, кытай, коңурат, найман,
черик уруулары жолугат. Ал эми, калган толгон-токой урулары, Орто
Азиянын кең мейкиндигинде, Тянь-Шань, Памир, Алай тоолорунун
арасында көчүп жүрүшкөнүн элестетүүгө, далилдөөгө болот. Азыркы
учурду, Үрүмчүдөгү, Турфандагы кыргыздар жөнүндө сөз кылсак,
алардын атам замандан бери эле жашап келе жатканы маалым. Аны,
кытайдагы кыргыз санжырачылары, тарыхчылары да далилдешет. Жер
шартын, картаны так билген адам, Алтай, Саян-Үрүмчү менен
Турфанга жакын жатканын билет. Үрүмчүдөн-Илеге, Ысык-Көлгө,
Тянь-Шанга өтүш ошондой эле жеңил. Ал эми, Тянь-Шандын аягыПамир, Алайга барып такалат. Мындагы дагы бир кызык нерсе,
кыргыздардын жалаң тоолуу жерлерди пааналап, кокту-колотун,
суунун жээктерин, өзгөндөрүн жайлап, кыштап жүрүү. Кебетеси,
жалаң мал чарбасы менен күн көргөн көчмөн элдерге, кокту-колоттор,
шалбаалар, өзөн бойлору, тоо арасы ылайыктуу окшойт. Ошентип
Алтайдан тарта, Тянь-Шань Памирге чейин тоо кыркаларынын эки
жагын ээлеп келген кыргыз эли, кыргыз санжырасында, кыр-кырларда
жүргөн “кыр адамы” аталып, кыр-кырлар акырындап – кыргыздар
217
болуп кеткен деген уламыштар да бар. Ошол кырдын, тоо-таштын
ээлери болуп жүргөн кыргыз эли, кийин элдердин чеги
ажыратылганда, тоо-суулар чек болуп, тоо-суунун ары жагындагы бир
боорлору түбөлүккө бөлүнүп кала беришкен.
Айрым маалыматарга караганда, кыргыздар отузга жакын
өлкөлөрдө бар экендиги белгилүү. Биз алардын баардыгын санап
отура албайбыз. Бирок, негиздүү деген чоң топторунун жайгашкан
жерлери жөнүндө сөз кылабыз. Кыргыздын айрым санжырачылары,
карачайларды – Карачоронун тукуму экен, каракалпактар – ак калпак
кыргыздын бир тууганы экен, казактар – Алач кандан тараган бир
боорубуз экен деп түрк элдеринин көбүн өзүнө кошуп алат. Мүмкүн,
түрк элинин түбү бирдир, биз аны тереңдетип отурбай “кыргыз” деген
ат менен жүргөн өз бир туугандарыбыздын башка элдердин ичине
жайгашып калганы жөнүндө маалымат беремин.
КАЗАКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР
Түрк элдеринин ичинен, кыргыздарга эң жакын элдердин бири –
казактар. Ал түгүл, XIX кылымдын аягына, XX кылымдын башына
чейин казактарды Европалык илимий адабияттарда – кыргыздар деп
келишкен. XIX кылымдын башында, орус окумушутуусу А.И.Левшин
гана, казак менен кыргыздардын өзүнчө эл экенин ажыратып, атайы
изилдөө жазган (А.И.Левшин. Об имени кыргыз-казакского народа и
отличии его об подлинник, или диких киргизов. Московский вестник,
1827, ч.IV. № XIV). Андан кийин деле казактарды кайсак-кыргыз деп
атап келишкен. Кыргыз санжырасында, мисалы, Алымбеков
Тургунбектин санжырасында, байыркы Угуз урууларына: кыргыз,
казак, кыпчак, курама, жедигер, калча, кытай, катаган, коңурат,
тайчык, каракалпак, ногой, түркмөн, эштек, кыят, кошкурт кире
турганын баяндап келип, Бараккандын тушунда жети хандык түзүлүп
анын бир хандыгына казак, кара калпак, курама, маңгыт, кыргыз
киргенин сөз кылат. Кийин, араптардын келиши менен, VIII кылымда
бул хандыктар талкаланып, бузулуп ошол учурда казак, кыргыз
хандыгын башкарып турган – Күлтегин Алтай, Найман хандыгын
карай сүрүлөт. Жолдон Күлтегин өлүп, Какас деген уулу калат. Алар
Хакасташып ураандап, Алтайга барышат. Андан – Алач, Талас деген
эки уул калат. Алач – казакка хан болот. Талас – кыргыздарга хан
болот. Казактардын: “Керегем алаш, урааным “алаш” – дегени
ошондон, - дейт. Ошентип, эл санжырасында да, илимий тарыхта да,
218
кыргыз, казак бир хандыкта, бир боордой жашаганы көп эле жолугат.
Алар аралаш конуп, жоону бирге жоолашканы элдик эпостордо да
кеңири айтылат. О, кийин, XIV кылымдарда гана: Ак ордо, Алтын
Ордо, Көк Ордо түзүлүп, казак хандыгы бөлүнүп чыгат. Бул –
ажырым, улам тереңдеп отуруп, мурда жети сууда: Лепси, Баскан,
Сархан, Ак-суу, Каратал, Или –сууларынын боюнда аралаш көчүп
жүргөн эл, бөлүнө баштайт. Көчмөн турмушта, жоокерлик заманда,
уруу урууга кол салып, барымта алып, эл элди чаап, чачылат. Кыргыз,
казак ортосу бузулуп, Аблайхандын чабуулунан кийин ичке кек кетип,
жер талашуу күч алат. Кыргыздар байыркы жайлап-кыштап жүргөн
жерлеринен сүрүлүп, тоо таянат. Бирок, кыргыз, казак бөлүнгөн күндө
да, эл ичинде элде жүрө берет. Казак ССРинин Борбордук статикалык
Башкармасынан алынган маалыматка караганда, азыркы учурда
Казакстандын территориясында он миңден ашуун кыргыздар
жашашат. Алардын басымдуу көпчүлүгү: Ак Төбө, Түштүк
Казакстанда жана Жамбыл областында, булардан башка Кызыл Ордо,
Караганды, Алма Ата, Гурьевдин тегерегинде да бар. Ак Төбө, Көкчө
Тоо жактагы кыргыздар негизинен, Богорстондун тукумударынан
тараган: эштек, солто, таталар. Кушчу, колпочтон да бар. Булар, 1770жылы Аблайхандын чабуулу мезгилинде колго түшүрүлүп
кеткендерден. Кыргыз санжырасында бул – “Жайыл кыргыны” деген
ат менен аталып калган. Казак окумуштуусу Чокан Валихановдун
берген маалыматына караганда: “Ал буруттар (кыргыздарды айтып
жатат – С.З.), орто ордонун аргын уруусунун атыгай уругу менен
бирге көчүп жүрүшүп, акырындык менен аларга аралашып кеткен
жана азыр – “жаңы кыргыз” жана – “бай кыргыз” деген ат менен, ал
уруктун бир болүгүн түзөт. Уруктардын генеологиялык туугандык
укугу алыш үчүн, өздөрүн Дауттун (атыгай уругунун башчысынын 12
уулунун биринен таратышат” (Ч.Валиханов. Собр.соч. в пяти томах т.
I. Алма-Ата 1961, 107-стр.). Мындай көрүнүштөр кыргыз
санжырасында да бар. “ Торгой Кыдыксеит, Такабай Белексеит” деген
лакап да, ушундай окуяга байланыштуу айтылат. Төрөкочкордун аялы
- Токту, Кашкарлык уйгурдун колуна түшүп калып, балалуу болгондо,
Желдеңдин Аккүчүк баатыры барып баласы менен кайра уурдап келет.
Ошол бала – Торгой, Баланы кашкардан куржунга салып
келгендиктен, экинчи атын – Куржун деп да коюшуптур. Кийин ал
бала – Кыдык уругуна дем болуп айтылып калыптыр. Ушундай эле
мааниде Такабай жөнүндө да айтылат. Бирок, Такабайды Төлөйкандан
алып келгендей берет. Мурдагы жоокерчилик заманда, атадан бала
219
адашкан учур көп эле болгон. Согушта колго түшкөн баладан тукум
тарап, акырындап отуруп ал элге сиңип кеткен. Мунун баарын айтып
жаткан себебибиз Ак Төбө, Көкчө Тоо тарапка Аблай хандын
мезгилинде алынып кеткен кыргыздардын, ушул, эки жүз жылдын
ичинде казакташып кеткенинде болуп жатат. Ак төбөлүк журун,
Камыс-Көл, Жиликти-Көл, Кара-Көл, Ашы-Сай, Сабынды-Көл,
Чалкар, Коргон-Туз, Ак-Түбек аймагында жашаган кыргыздар тили
жагынан, үрп-адаты жагынан, кийими, түзү жагынан да казакташып
калган. Алардын айрым эски кишилери гана, түп-тегибиз кыргыз, АлаТоодон келгенбиз, - дейт. Булардын казакташып калганынын эң
негизги себеби, кыргыз элинен ажырап, байланышпай калышы.
Натыйжада, барган кыргыздар акырындап казак тилин өздөштүрүп,
өзүлөрүнүкүн унута башташкан. Жаңы туулган муун, ошол жерде
басымдуулук кылган тилди – эне тили катары кабыл алып кеткен. Ал
эми, Жамбыл жана Түштүк Казакстан областтарында жашаган
кыргыздар, кыргыз элинин негизги массасы менен катнашып
тургандыктан салт-санаасын, тилин толугу менен эле сактап
калышкан. Түштүк-Казакстан жана Жамбыл областтарында жашаган
кыргыздар: Пскем, Сары-Агач, Сайрам деген жерлерде турушат.
Жергиликтүү карылардын баяндарына караганда, мындан 150 жыл
мурда Талас өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын айрымдары
Чаткалга ооп, ал жактан, Пскем тоолоруна келип туруп калышкан.
Булар негизинен кытай, кушчу уруусуна кирген: шекер, сабаттар,
тоголок баш, кыйра, самтыр, кара кытай, чобок уруктары.
Жамбыл областынын территориясы кыргыздарга чектеш
болгондуктан, бул жерде турган кыргыздар мурдатан эле ушул
жерлерди жайлап-кыштап жүргөн. Булар негизинен кыргыздын: саруу,
кушчу, жетиген урууларынан. Кээ бир жеринде чериктер жа жолугат,
бирок, өтө аз санда. Ал эми: Луговой, Мерке, Каркыра, Нарын, Көл
тарапта кыргыздардын айрым кичине бирикмелери, топтору бар
экендиги элге маалым го деп ойлойм.
ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР
Кыргыз
санжырасындагы
маалыматтарга
караганда
кыргыздардын эң байыркы жери катары – Самаркант, Анжиян,
Наманган, Фергана өрөөнү, Памир, Алай, Тянь-Шань, Ысык-Көл, Чүй,
Иле эсептелет. Алымбеков Тургунбек айтып жүргөн Балык Кумар
уулунун санжырасынан караганда, кыргыздар мындан эки жарым-үч
220
миң жыл мурда Самара суусунун башына көк таш орнотуп, калаа
куруп, буддага сыйынып, кут күткөнү айтылат. Ал мезгилде түрк
уруулары аралаш жашап, Угуз - Уйгур мамлекети аталып, Угуз-ханга
баш ийгени баяндалат. Андан кийин, Угуз мамлекетин Ирандар басып,
Феридон деген падышанын – Салым деген уулу хандык кылып,
Самара суусунун боюн – Зарафшан өрөөнү деп атап, куну-кутуга
сыйынып, шаарлары – Туран делет. Бирок, кийин, жергиликтүү
түрктөр аларды кубалап чыгып, Барак мамлекетин түзүп Оторхан хан
болот. Ошол Оторхан, Орозду деген кыргыздын – уулу деп, берилет.
Мындай маалыматтарга караганда, Өзбекстанда жашаган кыргыздар
ал жакка түрдүү себеп менен барып калган болбостон, байыркы
жеринде калып калган болуп чыгат. Азыркы территориялык бөлүнүш
боюнча, Өзбекстандын дээрлик бардык областтарында кыргыздар бар.
Бирок, биз алардын негизги топтору жөнүндө гана сөз кылабыз.
Кыргыздардын негизги топтору: Анжияны, Наманган, Фергана,
Жызак, Жети-Кечүү, Замин, Саңзарда, Кокон, Ташкент областынын –
Бөкө, Чыйырчык тарабына орношкон. Өзбекстандын аймагында
кыргыздардын чоң топтору көбүнчө тоолуу жерлерин ээлеген,
Алардын көч жолун, баскан жолун изилдеп келсең эле, Алай тоо
кыркаларынан уланган – Түркстан тоо кыркалары аркылуу, Заминден
– Самаркан, Жизакка – тоо жагында орношконун байкайбыз. Экинчи
бөлүгү – Чыйырчык тоо кыркаларынын, өрөөн, колотторун ээлеп;
Бөкө, Орто Чыйырчык, Нурек-Ата, Аксак-Ата жагында жайгашкан.
Үчүнчү тобу: Кокон, Фергана өрөөнү, Анжиян, Наманган тегерегин
жердеп, Сыр дарыя боюнда жашагандары Кыргыз санжырасында,
Сырдын бою – байыркы ата конушу катары берилет. Балык манасчы:
- Сырдын боюн жайлаган,
Сыдыра бээ байлаган.
Үйү сайын бозо бар
Чогулушкан жоро бар.
Жоро сайын бийи бар.
Кыргыз, кыпчак, курама,
Маңгыт деген эли бар
Он сан Барак ханы бар,
деп, ырдаган. Элдик оозеки чыгармаларда Сыр дарыя жөнүндө эң көп
маалыматтар сакталып калган.
Пиядага6 Сыр кыйын.
6
Пияда – жөө.
221
Билбегенде ыр кыйын.
Кечүү таап кечпесе,
Сырдан кыйын көрбөдүм,
Келиштирип айтпаса
Ырдап кыйын көрбөдүм, дешет, Байгараев Мусанын санжырасы боюнча, Наманган – кырк
кыздын тукумунан таралган кыргыздын байыркы шаары катары
берилет. Тоо арасында калган кырк кыз аман көз жарган үчүн –
Аманкент курулган дейт. Кыргыздар, Аманкентти кийин – Намангент
деп атай берген экен. Кээ бир диалектиде “Н” кошулуп айтылат
эмеспи. Мисалы, Арын-Нарын, азмай, назмай, ж.б. Бирок, бул –
легенда мүнөзүндөгү уламыш чыныгы далил болбогон менен,
Намангандын үстүндөгү Саит Булакта – кыргыздын оң канатынын
негизги тармагын түзгөн тукумдардын бабасы – Тагайдын өлүгүнүн
коюлганы чын. Ал түгүл, кийин, калмак доорунда: Ысык-Көл, Чүйдөн,
Тянь-Шандан сүрүлгөн кыргыздардын: Ысар, Көлөпкө, Анжыян,
Наманганге барганы да далилдүү. Кийин, Кокон ордосу күч алып, XIX
кылымдын башынан тарта: Фергана, Анжиян, Наманган тегерегиндеги
кыргыздар – Чаткал, Фергана тоо кыркаларына, өрөөндөрүнө сүрүлө
баштаган. Ал жерлерде калган кыргыз уруулары өзбек урууларына
аралашып, акырындык менен улуттук белгилерин жоѐ баштаган.
Көпчүлүгү, түбү кыргыз экенин гана сактап калышкан. Мен муну,
Анжыян, Наманган тегерегиндеги кыргыз айылдарына барган кезде
байкадым. Алардан сурай келгенде: “Оо, мурда жуда көп элек, кийин
негедир ада болуп кеттик”, - деп, коюшат.
Көрсө, жумуштун, окуунун айынан “өзбек” деп жызылып
алгандар арбын экен. Негизги уруулары кыргыздын ичкилик тобуна
кирген: тейит, кыдырша, найман, кыпчак уруулары. Наманган
областынын Төрө-Коргон аймагынын Желгом кыштагында, алтымышжетимиш түтүнгө жакын чериктер менен кушчулар бар. Булар түпкү
тегин - Ала-Бука, Караван, Чаткалдагы кыргыздар менен
байланыштырат. Анжиян, Наманган, Фергана аймагында –
кыргыздардын ичкилик тобуна кирген уруулары: Найман, Тейит,
Кесек, Кыпчак, Бостон, Төөлөс (Дөөлөс – С.З.), Уйгур, Нойгут, Абат,
Кандылар көп жолугат. Мындан башка кыргыздын оң бөлүмүнө
кирген: мунгуш (анын уруктары маңгыт, соколок, жапалактар – С.З.),
бөрү, жору, багыш, кара багыш, жедигер жана сол бөлүмүнө кирген:
муңдуз, чоң багыштар бар. Өзбекстандын Жети-Кечүү өрөөнүндө
жашаган кыргыздар: Духава, Сары-Кемер, Талды, Кара-Мазар
222
кыштактарында. Саңзардагылар – Шайбек, Дуулай. Кара-Шакшак,
Сопу, Чайыш кыштактарында. 1920-жылдардагы эл каттоо
мезгилинде. Жети-Кечүү жана Кара-Ташта – 8791, Саңзарда – 2018
кыргыз болгон. Санжырачы карыялардын маалыматына караганда,
Жети-Кечүү, Саңзардагы кыргыздар – Бухара, Самаркант хандыгы
мезгилинде эле ата-бабалары ушул жердеп жүрүшкөнүн айтышат.
Бирок, булардын түпкү теги – Алайлык, Лейлектик кыргыздар менен
байланышта турушканы жөнүндө уламыштар сакталып калган.
Кебетеси, калмак чабуулу мезгилинде далай урук, уруу негизги
массасынан ажырап калган окшойт. Ташкент аймагына караштуу:
Бөкө, Паркент, Орто-Чыйырчык, Бостон жеринде жайгашкан
кыргыздар мурда Чаткал кырка тоолорунун уландысында жайгашкан:
Нурек-Ата, Аксак-Ата деген, ак кардуу тоолордон келишкен.
Чыйырчыктын Ташкенге өткөн жагында болгон. Жергиликтүү элдин
берген маалыматына караганда , бул жерде бир райондун элиндей эл
бар эле дейт. Бирок, турмуш шарт оордоп, көбү тарап, көчүп
кетишкен. Самаркант областынын Заамин жана Галля-Арал
райондорунда жашаган ичкилик кыргыздары, атам замандан баштап
эле тоолуу жерин жайлап, мал чарбачылыгы менен күн көрүп
келишкен. Мындагы санжырачы карыялар бул жерге качан келгенин
билишпейт, ушул жер ата-бабанын жери да деп коюшат. Деги,
кыргыздардын кай тарабында тууган туушканыңар бар? – деп сурасаң,
Тажикстандын – Гөлөп (Куляб – С.З.) деген жеринде дешет. Мурда,
Заамин, Галля-Арал райондорунда он минден ашык кыргыздар жашап
турушкан. Кийин, Өзбекстандын пахта эккен райондоруна көчүрүп
кетип, жармына чейин азайган. Бирок, булардын айрымдары, Алай
тараптан оошуп келген окшойт. Анткени, алардын элдик ырларында
дал ошондой армандар сакталып калган.
Айда санап, күндө эстеп,
Аргымак аттай кагылдым.
Алыска келип баралбай,
Мен, Алайымды сагындым.
Жылда санап, күндө эстеп,
Күлүк аттай кагылдым.
Күнчүлүк келип баралбай,
Күндө7 журтум сагындым.
Бала экенде ойногон,
7
Күндө - бүт, бардык.
223
Арыгымды сагындым.
Арыгымда ойногон,
Тилле8 чаар ак чабак,
Балыгымды сагындым.
Күллө Тейит журтумдун,
Барлыгына сагындым.
Бек ичиге эл жайлап,
Бетегесин мал чайнап.
Баскан жерим сагындым.
Заамин жакта жайлаган кыргыздардын айрымдарын – Жызак тарапка,
айрымдарын – Ташкен областынын Бөкө районуна көчүрүп түшүргөн.
Оозеки айтылган маалыматтарга караганда, Өзбекстанда – миллионго
жакын кыргыздар бар сыяктуу. Ал эми, XIX кылымдын токсонунчу
жылдарындагы эл каттоодо – 210 миң кыргыздар бардыгы аныкталган,
1910-жылдагы каттоодо – 90 миң гана кыргыздар калган. 1959жылдары жүргүзүлгөн Бүткүл союздук эл каттоодо, Өзбекстанда – 92
миң кыргыз жашай турганы маалымдалды. Өзбекстандагы
кыргыздардын кескин азайып кетишине бир канча себеп болгон деп
ойлойм. Анын башчысы: XVIII – XIX кылымдарда, Хива, Бухара,
Кокон хандыктары ортосундагы тынымсыз жүргүзүлүп турган
согуштар жана ошол кыйын кезеңдеги улуттук кайраштыруудан
чыккан кыргындар болушу мүмкүн. Мунун бир мисалы, XIX
кылымдагы кыпчактардын кырылышы. Кыргыздын ичкилик
тобундагы – кыпчактар, көбүнчө өзбектердин арасында турушкан.
Экинчи себеби, Кокон хандыгы – XVIII кылымдын аягында, XIX
кылымдын башында күч алып, бөлөк-бөтөн элди басып алууга,
отурукташууга ылайыктуу, дыйканчылыкка жакшы жерлерден башка
элди айдап чыгууга киришкен. Дал ушундай шартта Фергана
өрөөнүндө, Анжиян, Нааманган, Кокон тегерегиндеги кыргыздар тоо
тарапка сүрүлө баштаган. Муну, ошол эле аймактагы кыргыз
урууларынын аттары менен аталып калган жер аттары далилдеп турат.
Мисалы, Анжиян областынын Ленин районунда кыргыздардын
ичкилик тобуна кирген канды, жана сол бөлүмүнө кире турган Чоң
Багыш, башка райондорунда Кыдырша, Кара Багыш, Бөрү Фергана
өрөөнүндө Найман, ушул эле областын Ташлак районунда: НайманБостон, Катаган деген кыштактар бар. Бул сыяктуу кыргыз
урууларынын аттары менен аталган топонимикалык материалдар өтө
8
Тилле – алтын.
224
эле көп (“Ферганский экономический административный район”.
Главное управление геодезии и картографии МВД СССР, М., 1958 г.).
Кыргыздардын Өзбекстандын аймагында азайып кетишинин
үчүнчү себеби, кийинки совет мезгилинде эле, эл каттоо мезгилинде өзбек деп жазылып, кыргыз болуп жүрө бер деген команда методу
менен ишке ашкан чараларда. Мындан башка, Өзбекстанда жашаган
кыргыздардын ичкилик тобу, көп кылымдар өзбек эли менен аралаш
жашап: тилин, үрп-адатын жоюп, акырындап отуруп, өзбектешип
кеткен. Алардын тоо арасында мал чарбачылыгы менен күн
көргөндөрү гана өз тилин, үрп-адатын, байыркы формасында сактап
калган. Совет мезгилинде Өзбекстандагы кыргыздарга өз тилинде
мектептер ачып окутула баштаган. Мындай аракет, 1935-жылдан
баштап, Самаркандык кыргыздарда башталган. Кийин, Өзбекстандын
башка районундагы кыргыздарга өзүнчө мектеп ачып беришкен. Дал
ушундай камкордуктардын арасында гана кыргыз тилинин тазалыгын
сактап калууга жетишкен. Азыркы учурда, Өзбекстанда 45 тей
кыргыздарга арналган мектеп бар.
ТАЖИКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР
Кыргыз санжырасында Тажикстандагы кыргыздар жөнүндө сөз
болгондо: “Кыргыз Кызарт ашып, Ысар киргенде, казак кайың
сааганда” деген лакап айтылат. Көрсө, калмак, жунгар доорунда
казактар менен кыргыздыр калмактардан катуу талкаланып, казактар
түндүктү карай – Едил, Жайыкка (Волга, Урал – С.З.) сүрүлүп,
ачкалыктан кайындын ширесин ичкен экен, кыргыздар – Иледен,
Ысык-Көл, Чүйдөн сүрүлүп, Алайдан Өтүп, Памирге, Ысарга (Гисар –
С.З.) кирген экен. Бул – илимий тарых боюнча алганда, XVII кылымга
туура келет. Калмактар XVI кылымда Орто Азияны бүт багындырып,
Алтын хан башында турган күчтүү хандык түзгөн. Ошол мезгилде
казак ханы – Тоукел ага кол салып, катуу талкаланып калат. Бул
учурда. Кыргыздар калмактар менен тынчтык мамиледе болуп турган.
Кыргыздарды башкаргандар – Кашка деп аталып, кийин, бул сөз
– манап менен алмашылган. Калмактар, чорос уруусунан чыккан КараКуланын тушунда – бүт ойротторду бириктирип, анын башына КоңТайчы (Чоң-Төрө - С.З.) шайлашат. Коң-Тайчы болуп, Кара-Кула
өлгөндөн кийин анын уулу – Батыр шайланат. Батырдын убагында
казак, кыргыз – Эр Эшимдин кол алдына биригип, калмактар менен
теңтайлашып турган. Бирок, XVIII кылымдын башында, калмактар
225
кайра күч алып, 1723-жылы, кыргыз менен казакты катуу талкалаган.
Ушул мезгилди кыргыздар жогорудагы айтылган лакап менен эскерип
калышкан. Дал ушул мезгилде, кыргыздар: Памир, Алайга сүрүлүп,
Гулябга чейин өткөн деп эскеришет. Чындыгында дал ушул мезгилде
кыргыздар Тажикстанга ооп барбастан, мурда кыргыздардын ичкилик
тобу жашап турган – Памир, Бадахшан тоолорундагы бир боорлоруна
сүрүлүп барат. Көчмөн элдер согуштан жеңилгенде, бир тарабынан
экинчи жагына гана качып турган. Тынчтык түзүлгөн мезгилинде
мурдагы кыштап, жайлап турган жерине кайра келишкен.
Жергиликтүү санжырачылардын маалыматына караганда Тажикстанда
кыргыздардын ичкилик тобуна кирген: тейит, кыдырша, найман,
кыпчак уруулары бар. Булардан башка: Кызыл баш, Бука, Кочкор,
Шаим, Алапа, Кутан, Таклык ж.б. уруктары жашайт. Кызыл баштар
Памирдин Ак-Суу жактагы колот, өзөндөрүнө жайгашкан.
Жалпысынан Тажикстан боюнча төрт райондо: Жерге-Тал, Мургаб,
Шаартуз, Явалда. Бул жерлерде жашаган кыргыздар негизинен:
Тоолуу Бадахшан областында, дүйнөгө белгилүү Памир тоосунун
асман тиреген чокуларынын арасында, өзөндөрүндө, кокту-колоттордо
жашашат. Памир – дүйнөдөгү тоолордун эң бийик түйүнүн түзгөн –
Тибет, Гималай тоо кыркаларынын түндүк-батыш жагындагы
уландысындай сезилет. Экинчи жагынан, Тянь-Шань кырка
тоолорунун батыш-түштүк чегиндеги Алай тоолору менен
тутумдашып турат. Жер шартын, кыргыздардын түпкү жайлап жүргөн
жерлерин билген адамга, Тажикстандагы кыргыздар өз ата журту
менен туташ эле жатканы байкалат. Болгону, республикалардын чегин
бөлгөндө гана, байыртан кыргыздар жайлап жүргөн тоо кыркалары
Тажикстанда кала берген окшойт.
Эл каттоо мааламаты боюнча, Тажикстанда – 106 миңден ашык
кыргыздар бар. Кыргыздардын негизги тобу Жерге-Тал, Мургаб,
Шаартуз, Яван райондорунда жашаган менен Баткен, Лейлек
райондору менен чектеш жаткан: Исфара, Мургаб, Ленинабад, УраТөбө, ал түгүл Көлөптө (Гуляб – С.З.) да бар. Памир – перси
тилиндеги Бами – Чоку деген сөздөн алынган деген уламыш айтылат.
Чындыгында эле, дүйнөдөгү эң бийик чокулар – Памирде орношконун
көрүүгө болот. Кыргыздар атам замандан жайлап Чоң Алайга туташ
эле – Памир тоо кыркалары башталат. Болгону: Талдык, Катын-Арт,
Кызыл-Арт давандарын ашып, Маркан-Талаага келгенде, климаттын
кескин өзгөргөнүн байкоого болот. Памирди изилдеген орус
окумуштуусу Д.А.Иванов Маркан Талааны – “Памирдин дарбазасы”
226
деп, андан өтө бергендеги жер шартын мындай сүрөттөгөн: - “Ушул
жердеги иретсиз уюлгуган тоолор, адыр, бөксөлөр, ойдун, чөлдөр – ач
талаанын кейпин берет. Бир жерде, бир бадал, жашыл майсаң же бир
айбан, болбосо, канатуу көрүнүп койсочу! Ырылдаган шамалдан
башка, чыккан эч бир үн да, угулбайт”. Дал ушул сүрөттөөдөн
памирдин климаты өтө оор экени байкалып турат. Мындай шартка
көнбөгөн адамдарга тозоктун эле өзүндөй көрүнгөн окшойт. Ал эми,
жаратылыштын катаалдыгы менен аралаш чоңойгон кыргыз
жигиттери:
- Ай, асмандын авасы,
Ак ыргал менен түгөнбөйт,
Ашыглыктын давасы.
Күн асмандын авасы,
Күйгөн менен түгөнбөйт,
Кызыглыктын давасы.
Ак-Таш эгиз кыясы,
Астында күкүк уясы
Ак уруп ырдап жете албай,
Ашык да болдум ырасы.Үч-Көл – даван кыясы,
Үстүндө күкүк уясы.
Үшкүрүп ырдап жете албай,
Үмүт да кылдык ырасы, деп, тоо-ташын, даван-белин кошуп ашык болгон селкисине жүрөк
сырын билдирип – Памирдей, Раң-Көл, Али-Чор, Булуң-Көл, ЖашылКөл сыяктуу жер кайда деп турат. Памир: Чыгыш Памир, Батыш
Памир деп экиге бөлүнөт. Кыргыз айылдары – Чыгыш Памирде, деңиз
деңгээлинен 4 миң метр бийик жерлерде кокту-колоттордо, суу
бойлоруна жайгашкан. Ал эми, Чоң Алайды бойлоп аккан КызылСууну жээктеп жайлаган кыргыздар Жерге-Талга чейин созулат.
Кызыл-Суунун аягы, өзөндөгү сууларга кошулуп отуруп, Сургаб
дарыясын түзөт. Дал ушул, Сургаб дарыясынын түндүк батыш
тарабында Жерге-Талдык кыргыздар жашайт. Эгерде, муну кыргызча
түшүндүргүбүз келсе, Жерге-Тал – Чоң Алайдын эле уландысы. Жерге
– Талда деле негизинен ичкилик урууларынан: Тейит, Кыпчак,
Найман, Кыдыршалар, Нойгуттар жашайт. Булар өз ара майда
уруктарга бөлүнүп, жер аттары же мүнөздүү эпитеттер менен кошо
айтылат. Мисалы, Наймандар: алайлык Наймандар, Кытайлык
227
Наймандар, Көкө Наймандар деп бөлүнөт. Тейиттер: чал тейит, кызыл
баш тейит, арык тейит, жаманак тейит ж.б. болуп айтылат. Памирдеги
Наймандардын бөлүнүшүнөн эле, булар, ар түрдүү жактан келип
кошулганын байкоого болот. Мунун себеби, Памирде жашаган
кыргыздар мурда ар түрдүү хандыкка баш ийип: бирде Каратегин,
бирде Кокон, бирде Кашкар хандыгына көз караганды болуп турганын
далилдейт. Мургабдык кыргыздар өздөрүн, жерин Сары-Колдук деп
аташат. Негизинен дал ушул айтылышы туура болушу мүмкүн.
“Мургаб”- тажиктин: мург-куш, об-суу деген сөзүнөн куралган
мургаб – “каш суусу” деген эле түшүнүктө. Жергиликтүү эл,
административдик жагынан тажиктерге карап кеткенден кийин, СарыКолго караганда, Мургабды көп колдонуп кетишкен. Анын үстүнө,
картага түшкөн аты үстөмдүк кылып кеткен. Антпегенде, Памирде
болсун, Жерге-Талда, Кара-Тегинде болсун, Жер-Суу аттары
негизинен кыргызча аталып келген. Мунун өзү, бул жерлерде,
кыргыздар, байыртадан бери жердеп, жайлап келгенин түшүндүрөт.
Ошондой эле, бул жердеги кыргыздар: Алай, Баткен, Лейлек, Фрунзе,
Өзгөн, кытайдагы, Ооганстандагы кыргыздар менен тууганчылык
катнашта турганы байкалат. Кытайдагы, Ооганстандагы кыргыздар
менен байланышы, чеп жабылган мезгилден кийин токтогон. Чеп 1938-жылы жабылган, деп айтышат.
ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР
Тажикстандагы кыргыздар жөнүндө сөз болгондо, ошол эле
чөлкөмдө: Мургаб, Хорогдогу кыргыздар менен туташ, дарыянын
аркы өйүзүндө - оогандык кыргыздар жашап жатканын билебиз.
Тажикстан менен Ооганстанды бөлүп турган Ак-Суу дарыясын бойлоп
отуруп, кичи Памирге өтөт. Андан Шаймах кыштагы аркылуу, эт
бышымда эле оогандык кыргыздарга өтүп кетүүгө болот.
Кыргыз санжырасында Ооганстан – Ооган деп айтылат. Ооганда
негизинен кыргыздардын ичкилик тобуна кирген: Кесек, Тейит,
Найман, кыпчактар жашайт. Оогандык кыргыздар жөнүндө түндүктүк
санжырачылардын жазгандарынан учуратууга болбойт. Мен
билгенден, бир гана Балык манасчыдан үйрөнүп калган Алымбеков
Тургунбектин санжырасында Тагайдын бир уулу – Богорстондун:
Эштек, Козор деген эки уулунан көп тукум тараган. Бирок, ошол
мезгилде калмак менен согуш башталып, кыргыздар – Ысар (Гиссар),
Көлөпкө (Гуляб) сүрүлүп, кийин, кыргыздар калмактарды өз жеринен
сүргөндө, Козордун тукуму Ооганда кала берген, Эштектин тукуму да
228
чачылып, Солто деген баласы гана Чүйгө келип, калган балдарынын
тукумдары: түштүктө, Ак-Талаада, Ысык-Көлдүн башына туруп
калышкан. Алар: Эштек тукуму деп, Солто деген баласынын тукуму
гана – Солто уруусу аталып калат. Оогандагы кыргыздар Алай менен
эле туташ Памир тоолорунун арасында турат. Ошондуктан аларды ооп
барган катарында эмес эзелтеден бери эле (көчмөн элдердин) мал
жайытына карап ошол жерлерде жашап жүргөн экен деп түшүнүүгө
болот. Чынында эле алар, кыргыздардын байыркы ичкилик тобуна
кирген уруулары. Алар кыргыздын оң, сол урууларын сыртынан
курчап турган алкак сыяктуу. Тактап айтканда, алар, кыргыздардын өзбек, тажик, ооган, кашкар менен чектеш жагында орношкон.
Болгону, согуш мезгилдеринде улам тоо ичине тереңдеп кирип
отурган. Ооганстандагы кыргыздар негизинен кичи Памир, чоң
Памирде орношкон. Кичи Памир Мургаб районунун, Шаймак айлынан
көрүнүп турат. Ал түгүл, Шаймактык кыргыздардын айрымдары
туугандарынан бөлүнүп, кичи Памирде жашап калгандары бар.
Жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн берген маалыматына караганда,
Мургабда ырдалган элдик ырлар: ак назик, ак толмоч, зирек, ак келин
жана “Ак саткын менен Калмурза”, “Жанайыл Жалгыз” сыяктуу элдик
лирикалык поэмалар, “Манас” эпосу, толгон токой адат-салт ырлары
оогандык кыргыздарда да ырдалат. Элдик комуз күүлөрүнөн: “Чалма
күү”, “Дарти Өттү”, “Татты-хан”, “Кара күү”, “Овган маршы” жана
башка күүлөр аткарылат. Мамлекет ортосундагы чек жабылганга
чейин, Оогандагы кыргыздар: Мургабдагы, Алайдагы, Кашкардагы
туугандары менен катташып, соода-сатык жүргүзүп турушкан.
Оогандыктардын негизги эли – пуштулар. Пуштулардан башка:
тажиктер, өзбектер, хазарлар, уйгурлар, казактар, түркмөндөр,
кыргыздар бар. Пуштулардын тили – иран тилинин группасына кирет.
Ооганстандагы кыргыздар, негизги уруулук байланышын сактап, уруу
топторун бузбай отурукташкан. Чоң Памирде, негизинен – кесектер
жайлашса, кичи Памирде – тейиттер, найман, кыпчактар орун алган.
Бул төрт уруунун көпчүлүгү тейитттер. Мен, тейиттерди –
кыргызстандын Ноокат районунан жана Кызыл-Кыянын үстүнөн
жолуктурган элем. Алар өздөрүн кара тейит, чал тейит уругунанбыз
дешкен. Ооганстандагы тейиттер өз ара бир канча урукка бөлүнөт.
Алар: Сары тейит, кара тейит, кочкор, шахим, текрең, навруз, алапа,
кутан, чегитир.
Кесектер: жыгжым, кызыл аяк, кыдыршах, куралай, матачар,
бостончок, төшкө, барбаш, кошкунак уруктарына бөлүнөт.
229
Наймандар: мырза, жору, кен жонпут, куралай, көк эчки, куран
деген уруктардан турат.
Кыпчактар: чела, колчок, мудурук, сарт уруктарына бөлүнөт.
Француз окумуштуусу – Реми Дордун берген маалыматына
боюнча, 1973-жылы, Кичи Памир, Чоң Памирде – 3283 кыргыз болгон.
Ал эми, Ооганстандын башка жериндеги кыргыздардын санын так
биле алган жокмун. Оозеки айтылган маалыматтарга караганда,
кыргыздар Ооганстандын Кундуз, Жалал-Абад, Кабул шаарларында да
бар окшойт.
КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАР
Кытайдагы кыргыздар жөнүндө сөз болгондо, менин оюма,
биринчи жолу – Аруун Укай уулунан жазылып алынган кыргыз
санжырасы эсиме түшөт. 1968-жылы Кемин, Чүй райондорунан эл
оозеки чыгармаларын жыйнап жүрүп, Укайдын Аруунунда санжыра
бар, өзү да эскини көп билет, Чым-Коргон, Ак Бекеттин жогор
жагында – “Жаңы-Алышта турат” деген, сөздү угуп калдым. Бат эле
Аруун аксакалды таап, андагы санжыра менен таанышып көрсөм,
мурдагы мага тааныш – Осмоналы Сыдык уулунун, Бала Айылчынын,
Багыш Сазанов, Тоголок Молдо, Ибраим Дубанаев, Алымбеков
Тургунбек жана башкалардын санжырасына такыр окшободу. Кыргыз
санжырачыларынын көпчүлүгү, кыргыздарды Акешенин тукуму –
Анал менен Миналдын өрттөлгөн күлүнөн, дайрадгы көбүктөн пайда
болгон кырк кыздын тукуму катары түшүндүрөт. Айрымдары, Долон
бийдин уулдары: Наалы эже, Адигине, Тагайдан таратып, андан
тереңдеп кеткени, Жанкороздон тарта: Ак уул, Куу уулдан оң, солдун
тукумуна бөлүнүшөт. Жазмага тааныш, арапча окуган санжырачылар:
Осмоналы Сыдык уулу, Бала Айылчы сыяктуулары, мусулман
санжырачылары, тарыхчылары – Абулгазы менен Рашид-ад-Диндин
түрк чежиреси жөнүндөгү жазгандарын негиз кылып элдик
уламыштан уккандарын келтирет. Кыргыз санжырасын изилдеп,
жыйнап жүргөн Белек Солтоноев болсо, орус окумуштуусу академик
В.В.Бартольддун жана кытай тарыхчыларынын эмгеги менен толук
таанышкан Иакинф Бичуриндин жазгандарын толук билген. Ошентип,
мен өзүм билген санжырачылардын эмгегин бүт элестетип отуруп, бул
жаңы санжыранын башкаларга окшош жагын таба албадым. Болгону,
айрым кытай тарыхчыларынын эмгегинде жолуккан сак, усун
жөнүндө жазган академик В.В.Бартольддун талкуусуна аз гана окшоп
230
кетет. Ал дагы айрым аттардын окшоштугу болбосо, өзүнчө
чечмеленген. Ошентип, мунун жашырын сырын билиш үчүн,
санжырачыдан бул санжыра кантип, качан, кимден анын колуна
түшкөнүн чечмелеп кирдим. Ошондо, ал бул санжыраны - 1916-жылы
Кытайга сүрүлүп барганда, ошол, Кытайда жашаган Үмөталы уулу
Султаналыдан жазып алганын, ал болсо, бул санжыра – ошол,
Кытайда эзелтеден бери жашаган, Баймырза деген, 80 жаштагы
санжырачыдан жазып алганын айтып берди. Көрсө, Кытай жеринде
жашаган кыргыздардын өзүнчө санжырасы бар экен. Ал
санжырачылардын айрымдары, Шинжаң (Син-Цзян – С.З.)
аймагындагы Ак-Суудагы окуу жайдан билим алып, уйгур, кытай
тилдерин жакшы билгендиктен, кытайдын байыркы жылнамаларына
тааныш болушкан. Ал эми, Кытай жылнамасынын бири – Хан, Юан-ан
шежиресинде, Тянь-Шанда, кыргыздын байыркы ата-бабалары жаңы
эранын башталышында эле бардыгы жазылып калганын, кытайдагы
кыргыздардын тарыхчысы – Анвар Байтур келтирип отурат. Анвардын
берген маалыматына караганда, жаңы эранын 91-жылы. Хан
империясы аскер жиберип, Эне-Сай кыргыздарына бийлик жүргүзүп
жаткан уннуларды Алай тоолорунун батыш тарабында талкалаган.
Ошол мезгилде, азыркы Тянь-Шань тоолорунун жылгаларында,
өзөндөрүндө Иле, Талас, Ысык-Көл, Памир аймагында, уйсун,
теленгит, коңурат, каңы кыпчак, саксын деген уруулар жашагандыгы
эскерилет (журн. Ала-Тоо, 1989-ж., 10-саны, 135-бет). Бул жерде
бизди кызыктырган нерсе Тянь-Шань аймагында (кыргыздар ТеңирТоо, асман тоо деп аташкан – С.З.), Саксын, уйсун деген урулардын
болушу. Анткени кытайдагы кыргыз Баймырзанын санжырасында:
кыргыздарды – “Асман-Тоо, Бермет-Туздуу-Көл, Сары-Өзөн деген
жерлерди жердеп жүргөн сак” деген элден тараган дешет. “Сак” деген
сөз – куштун канаты” деген сөз. Анткени, ал урууларды башкарган
адам – куштун канатынын талын сайынган. Ошондуктан, башка элдер
аларды сактар дешкен экен. Бул санжыра канчалык жомок түрүндө
айтылса да, илимий тарых менен үн алышып турганы кызыктуу.
Атактуу окумуштуу академик В.В. Бартольддун далилдөөсүнө
караганда, Жети-Сууну жердеп турган сактардан кийин – Усундар
келип чыккан. Усундардын көчмөн уруулары биздин заманга чейин II
кылымдардан тарта биздин замандын V кылымына дейре Жети-Сууда
үстөмдүк кылып турган. Ал түгүл, VI кылымдарда аябагандай чоң
аймакта түрк каганаты түзүлгөндө да чоң күч болуп кала берген. Булар
тарых боюнча да, санжыра боюнча да, кыргыздардын байыркы ата-
231
бабалары болуп саналат деп болжолдоого болот. Биз, булар жөнүндө
сөз кылганда, Орто Азияда, кыргыздар байыркы мезгилден бери эле
жашаганын жана алардын Тань-Шань, негизги Ата Мекени болгон
деген ойду айтмакбыз. Кыргыз санжырасында кыргыз уруулары
Памир, Алай тоолорунун кокту колотун, Тань-Шань тоо кыркасынын
күнгөй-тескейин, батыштан чыгышты карай тибет тоо кыркасын,
түндүктү карай кыйгай – Алтайга чейин созулуп жайлаганын байкоого
болот. Кытайдагы кыргыздар жөнүндө сөз болгондо, Кашкардан
тартып чыгышты карай – Какшаал, Ак-Суу, Кулжа, Үрүмчүгө чейинки
аймактагы – Ак-чий, Улуу Чат, Ак-Тоо, Артыш, Текес, Лоп, Ыртышка
чейин чачырап орношкон кыргыз уруулары эске түшөт. Кытайдагы
кыргыздар – негизинен, кыргыздын оң, солго кирген уруулары.
Ичкилик урууларынан – Нойгуттар, кыпчактар гана бар. Кытайда
кыргыздардын: кыпчак, кушчу, чоң Багыш, черик, азык, нойгут,
сарбагыш, саяк уруулары жашашат. Нойгуттар негизи тобу – Лоп
дайрасынын боюнда, Какшаалда болгондугу жөнүндө “Жаңыл Мырза”
поэмасынан билебиз. Жаңыл Мырзанын окуясы ХVII кылымда
болгондугу даана. Сарбагыш уруусунан чыккан Сарысейиттин
уулдары: Үчүкө, Түлкү Жаңыл Мырзаны алабыз деп барып жылкы
тийип, Жаңылдын жаасынан каза болгон. Ал эми Түлкүдөн калган
бала – Тынай. Түлкү, Тынайдын энесин кайын энесине өч болгондугу
үчүн талак кылганда:
Үчүкөнүн үч уулу
Үч Үчүкө болор да,
Жалгыз Тынай кулунум,
Сенин күнүң не болот,деп ыйлап кеткен экен. Ошол Тынайдан – Атаке баатыр төрөлөт.
Атаке баатырдан – Таштанбек, Карабек. Карабектен – Жантай, андан –
Шабдан. Шабдандан – Мөкүш, Самүдүн, Кемел. Самүдүндөн –
Абдылдабек (Тайгүрөнов болуп жүргөн – С.З.) бизди Университеттен
окутуп калды. Ошентип, 8-9 атадан кийин эле, Жаңылдын дооруна
жетебиз. Жаңыл Мырза жөнүндөгү тарыхий окуя өз мезгилинде эл
арасына катуу тараган. Өз эркиндигин, элин сактаган баатыр кыздын
эрдиги эл арасында жомок болуп айтылып, ыр болуп ырдалган. Акыры
оң, солдун мыктылары чогулуп, амал менен кармап, карабагыштын
Калматайына токолдукка алып беришкен. Кийин, Жаңыл Мырза
Калматайды өлтүрөп, Какшаалга качып кеткен. Жаңыл Мырза качып
баргандан кийин, Кытайдагы нойгуттар кеңешип, Лоп дайрасын
таштап, Баткендин үстүнө – Зардалыга кетишкен. Ошентип ХVII
232
кылымдын аягында, кытайдагы нойгуттар Кашкар аркылуу, КызылСууну бойлоп отуруп, Зардалыга өтүп кеткен окшойт. 1960 –
жылдардын аягында, Баткен, Лейлек райондорунан эл оозеки
чыгармаларын жыйнап жүрүп, нойгут уруусунун санжырасын уктум.
Ошондо нойгуттар, Зардалыга келгенде жер каза турган шаймандары
жок болгондуктан, текенин мүйүзү менен арык казып, суу чыгарганын
кеп кылышат. Кыргыз санжырачыларынын , нойгут карыяларынын
берген маалыматына караганда, нойгуттардын негизги жери: Какшаал,
Лоп, дайрасынын бою болгон. Алардын жер которушуна, Жаңылдан
кун алуу үчүн келгендер нойгутту тукум курут кылып жибериши
мүмкүн, деген, коркуудан болгон. Уруу түзүлүшү мезгилиндеги
шартты эске алганда, мындай болушу толук мүмкүн эле. Ошентип,
биз, кытайдагы кыргыздар жөнүндө сөз кылганда, Тань-Шандын аркы
бетиндеги ата-бабасынан бери жердеп жүргөн кыргыздарды
түшүнөбүз. Болгону, ХIХ кылымдын аягында Россия империясы
менен Кытай Мамлекети чекти тактаганда, кыргыздын айрым
уруулары байыркы жеринде кала берген. Тарыхты, санжыраны толук
билбеген айрым айтуучулар, кыргыздар – 1916 – жылы кытайга
сүрүлүп барганда кала берген болуу керек дешет. 1916 – жылы,
үркүндө – Ысык-Көл, Тань-Шань, Кеминдеги кыргыздардын кытайга
сүрүлүп барганы чын. Бирок, алардын көпчүлүгү жолдо кырылып,
аман калгандары көп турбай эле совет өкмөтү орногондо кайра жүрө
беришкен. Аз гана бөлүгү: жетим-жесир же уйгурларга жалданып
иштеп калгандар, кытайдан тууган - туушканын тапкандар гана кала
берген. Ак чий ооданынын Меркеч кыштагында жашаган атактуу
манасчы Жусуп Мамайдын берген маалыматына караганда, кыргыздар
чыгыш Алай тоолорунан тартып, батышты карай, Тянь-Шань, ЖетиСуу, Талас, Ысык-Көл, Памир тоосунун чыгыш жана батыш
тараптарына чачырап тараган экен. Муну, “Манас” эпосундагы жерсуунун аттары эң сонун далилдеп турат.
Кытайдагы кыргыздар менен катнаш эл башына түшкөн кыйын
кезеңдерде болуп турган. XVII-XVIII кылымдардагы калмак чабуулу
мезгилинде Анжиянды жердеп турган чоң багыш, черик тукумдары,
Өзгөн аркылуу Тогуз-Торо, Ак-Талаага өтүп, андан Ат-Башыга барып,
кытай жерине өткөн. Бул мезгилде, кытайда жашаган нойгуттарда да
козголуу болуп. Зардалыдан башка: чыгыш Памирге, Жерге-Талга да
көчүп келишкен экен. Ошого карата, Жерге-Талдагы кыргыздарда:
“авад ашып келген, нойгут басып келген” деген макал айтылып
калыптыр. Кытайдагы кыргыздарга, XIX кылымда: бугу – сарбагыш
233
уруу чабышы мезгилинде да, көлдүн башындагы кыргыздардан –
Кундуз, Жылдызга чейин сүрүлүп барганы болгон. Россия империясы
менен Кытай мамлекетинин чегин ажыратканда, Кундуз, Жылдызга
көчүп кеткен кыргыздарды Чыныбай кайра алып келген деп, кыргыз
санжырачылары кеп кылып отурушат. Солтобай ырчынын Кундуз,
Жылдыз жерине арналган армандуу ырлары ошондо ырдалган дешет.
Ошондон тартып, Тянь-Шандын аркы бети менен берки бетиндеги
кыргыздар ачык катнаша албай калышкан. Бирок, жылгалуу колоттор,
жабык жолдор аркылуу бир боор элдин катнашы тыйылган эмес. Муну
мен, 1960-жылдары Алайкуу, Арпага барганда байкадым: Алайкуудан
мал издеп келип, биздин заставага түшкөн кыргыз жигитинен
кытайдагы кыргыздардын элдик ырын уккум келип ырдап берүүсүн
өтүнсөм, “Кызыл жоолукчан”, “Эсимде” деген ырларды ырдады. Мен
таң калып: - Сен кайдан үйрөндүң бул ырларды? Десем, эл ортосунда
жашырын байланыш барын айтты. Биздин бул оюбузду, кытайдагы
кыргыздардагы элдик оозеки чыгармалар да далилдеп турат. Бизде
кеңири айтылган: “Манас”, “Кожожаш”, “Курманбек”, “Эр Төштүк”,
“Жаңыл Мырза” эпостору кытайдагы кыргыздарда да айтылат. Ал
түгүл, бизде негизинен үч бөлүм болуп айтылып жүргөн: “Манас”
эпосу, кытайдагы кыргыздарда сегиз муун: “Манас”, “Семетей”,
“Сейтек”, “Кененим”, “Сейитим”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”,
“Чигитей” болуп айтылганы, кызыгуу туудурат. Кытайдагы атактуу
манасчы – Жусуп Мамайдын эскерүүсүнө караганда, бул сегиз
бөлүмдөн турган “Манасты”, ошол Какшаалда жашап өткөн –
Жусубакун деген манасчыдан, агасы Балбай үйрөнүп калган экен.
Ошондой эле, кытайдагы кыргыздарга: Ала-Тоолук, Көлдүк
манасчылардан – Чоюке, Шапак, Ырысменде, Таабалды, Балык,
Найманбай, Сагынбайлар маалим болгон. Кытайдагы кыргыздарга –
Сагынбай Орозбак уулу, 1916-жылдагы козголоңдо сүрүлүп барганда
белгилүү болгон. Менин жеке түшүнүгүм боюнча, “Манас” эпосунун
бир канча муун болуп айтылышы, баардык жердеги кыргыздарга
таандык болгон болуу керек. Аны, биздеги, Саякбай Каралаевдин
варианты далилдеп турат. Саякбайда: “Манас”, “Семетей”,
“Сейтектен” башка “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулан сарык” да айтылат.
Бирок, кийинки бөлүмдөр жөө жомокко өтө жакын болгондуктан, анча
ийгиликке жеткен эмес. Акырындап, алар айтылбай калып,
унуткарылып кеткен окшойт.
Кытайдагы кыргыздардын манасчыларынын эскерүүсүндө да,
Жусуп Мамайдын агасы – Балбайга “Манастын” сегиз урпагын
234
баяндап, айтып берген Ыбырайым Боронбай кара сөз түрүндө - жөө
жомок кылып айтып берген. Демек, дал ушул “Манас” жомогу
санжырачыларда – тарыхка байланыштүү баяндалып айтылса, жөө
жомокчулар – укмуштуу кереметүү жомок кылып, акын манасчылар –
эпос кылып айтышкан. Анткени, “Манас” элдин тарыхы катары, рухий
кенчи катары ар түрдүү жанрда жаңырып, оошуп жашап отурган.
Тарыхый жагдайга карата өзгөргөн. Ошондуктан:
“Жармы жалган, жармы чын,
Жабыратып айтабыз
Жарандардын көөнү үчүн.
Көбү жалган, көбү чын,
Күпүлдөтүп айтабыз,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн” –
деп, манасчылар эскертүү беришкен. Кээ бир тарыхый жагдайда
байланыштуу – Памирдеги, Түштүктөгү кыргыздарда “Манас” жөө
жомок формасында же эпизоддук түрдө жашап келген. Кытайдагы
кыргыздардын негизги борбору Артыш болгону менен Кызыл-Суу
кыргыз автономия областындагы 130 миң кыргыз, Үрүмчүдөн
Кашкарга чейинки 1200 кмге созулган аймакта чачырап орношкон.
Кыргыз санжырасында, “Манас” эпосунда, кыргыз жери катарында
миң жолу кайталанган Иленин башы – Кулжа, Текес сууларынан
тарта, Какшаал, Кызыл-Суу- бойлору, Теңир-Тоо - Тянь-Шандын аркы
бетинде эле жамаатташ жайгашкан. Эл арасындагы санжырачылар:
“Асманда жылдыз, жерде кыргыз”, - деген байыркы макалды көп
эскеришет. Бул макалга караганда, кыргыздар асмандагы жылдыздай
көп, ошондой чачырап турат деген түшүнүктү берет. Бул макал жалаң
гана кыргызга жылдыз уйкаш болгондугу үчүн эмес, чынында эле, бир
убакта кыргыз деген аттын астында көп эл болгонун далилдейт го деп
ойлойм. Менин бул оюмду кийинки мезгилде басма беттеринде
маалим болуп жаткан Иордания, Венгриядагы, Австралиядагы,
Моңголиядагы, Турциядагы, Кавказдагы жана башка жердеги
кыргыздардын бардыгы далилдеп турат. Булар жөнүндө баяндоодо,
менин башыма жалгыз тал жөнүндөгү элдик ыр улам келип турат.
Ошондуктан чачылып, чабылып кеткен бир боорлорду “жалгыз тал”
деген темада баяндасамбы деп ойлойм.
ЖАЛГЫЗ ТАЛ
“Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
235
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан алыс мен кетсем,
Жалгазым деп ырдай жүр...”
Бул ыр, аз гана өзгөрүүгө дуушар болду. Башында, негизги
мааниси ашыктыгын баяндаган жигиттин ыры болсо, азыр, элжеринен айрылган адамдын армандуу насыятына окшоп калды.
Атанын – баласынан, сүйгөн жар – ашыгынан ажыраган трагедиясы –
чоң трагедия болсо да, бир элдин, уруу, уруктун тектеш элинен, Ата
Журтунан ажырап, бөлүнүп калышы – улуу трагедия эмеспи. Мен
муну жүрөк сыздап эскерем. Ошол аргасыз бөлүнүп калган бир
боорлордун түтөбөй күйгөн элеси көз алдымдан кетпейт. Кыргыз
санжырасында - эл-эл болуп, журт-журт болгону: ичи тардык, ач
көздүк, баскынчылык айынан жүздөгөн, миңдеги адамдар кырылып,
жер талашып, мал талашып, айрым учурда, бир эл бүтүндөй жоголуп,
талкаланып калганы баяндалат. Ошондой тагдыр кыргыз элине да
дуушар болгон. Алар, кыргыз элинин миф, легендаларында, жөө
жомокторунда, армандарында, муң-зар ырында, эпосторунда сакталып
калган. Айрыкча Алымбеков Тургунбектин санжырасында кыргыз
элинин башынан өткөн азап-тозогу толук баяндалган. Дал ушул
санжырада кыргыздардын, Сырдын боюнан, Анжыян, Аркадан Алтай-Найман хандыгына сүрүлүп барганы, батыштан Балканга чейин
чабуул коюп барганы, бирде чабылып, бирде чаап, бирде азайып,
бирде көбөйгөнү айтылат. Чынымды айтсам, бул санжырадан,
кыргыздардын Балканга барганын окуганымда, анча ишенген жок
элем. Бирок, VI кылымдардагы түрк каганатынын чыгыштан батышты
карай аябагандай чоң аймакты ээлеп турганын билгенимде, эмне үчүн
чыгышта, Алтай-Саянга барган кыргыздар, батышта Балканга чейин
барбасын деген ойго келдим. Кийин андай ойлорум бир топ даректер
менен далилдене баштады. Кыргыз санжырасында, Бараккандын
тушунда түрк уруулары күч алып, Иранды талкалап, фарс менен
мадыярларды каратып, татар, чубаш, уйгур, каңгы угуздарын алып,
кытай менен монгол, манжурияга чейин барат. Кийин, ортодон жүз
жыл өтүп, кан ичме Карачтын тушунда – Бараккан кураган чоң
мамлекет быркырап, 40 сан кырым, эки ооган, төрт уйгур, найман
хандыгы колдон кетет. Ошол, кан ичме Карачка чейин Боруке хандын
– Атылахан деген уулунун мезгилинде Дунайдан өтүп, Балканга,
Европага барганы айтылат. Түрктөрдү Европага, Балканга баштап
барган Аты чуулу – Атылахан ошол жактан өлүп, жанындай көргөн
236
төлгөчү Кара Төлөгүнө насаат калтырган: “Баатырың миң болсун,
бийиң бир болсун – ошондо эл болот, бийи миң, баатыры бир болсо эл
– эл болбойт”, - дейт. Ошол мезгилде Атылаханды ээрчип, жортуулга
барган түрктөрдүн негизгилери: кыргыз, кыпчак, курама, шангыт,
казак, каракалпак, жедигер, калча, катаган, кытай, коңурат, тайчык,
түркмөн, ногой, башкырт, эштек, кыят, татар, чубаштар болгон. Булар,
Атылахан өлгөндөн кийин, Балкандан кайра тартып: Эдил, Эртыш,
Тобол, Жем, Жайык, Дон, Днепр бойлорунда, жайык талааларда көчүп
жүрүшкөн. Алар, талаа кыпчагы деген атка көнүп ( дешти кыпчагы –
С.З.), европадагы элдерге коркунуч туудуруп турган. Кыргыз
санжырасында бул заман кайсы мезгилде болгону так айтылбайт.
Илимий тарых боюнча, түрк каганатынын абдан күчөгөн мезгили – VI
кылымдын – VIII кылымга чейинки учур. Түрк каганаты, чыгыштагы
Улуу деңизден, батыш жагы – кара деңизге чейинки жерлерде көчүп
жүрүшкөн, түрк тилинде сүйлөгөн уруу союзунан куралган. Бул, түрк
тукумундагы уруу союзунун ичинен улам бири күч алып, бийикке
келип, огуздардын (кыргыз санжырасында угуздар деп айтылат – С.З.)
бийлигиндеги аттары гана өзгөрүп отурат. Түрк каганатынан кийин –
Карлуктар, андан кийин – Караханиддер, каракытайлар бийлеп,
Чыңгыз хандын улуу имепериясы түзүлгөндө, көчмөн элдердин
тарыхында чоң өзгөрүү болгон. Азыркы учурда, Венгериядагы
кыргыздар, кыпчактар жөнүндө сөз болгондо, дал ошол
Чыңгызхандын мезгили эсте калып калган. Чыңгыз хан чыгыштан
катуу чабуулун баштап, түндүк кытайды талкалап, таңгуттарды
караткандан кийин, батышты карай жүрүшүн уланткан. Дал ошол
мезгилде, талаа кыпчагы деген ат менен, Жапан талааны жайлап
жүргөн түрк урууларынын айрым топтору Калка боюнда
моңголдордон талкалангандан кийин, төмөнкү Дунайга, Балкан жарым
аралына чейин сүрүлгөн. Алар, Венгриядагы мажарларга - 1229- жылы
кошулган. Азыркы учурда мажарларда кыпчактардын – он эки уруусу
бар. Жалпы саны – 40 миң түтүн. Эгерде, ар бир түтүндө 5тен адам деп
эсептесек – 200 миңге жакын кыпчактар бар. Мажарстанда жашаган
кыпчактар мындай уруулардан турат:
1. Таксаба. 2.Таркан. 3.Коңур уулу. 4.Жалайыр. 5.Улаш.
6.Баяндыр. 7.Бегене. 8.Керей. 9.Төрт уул. 10.Чортон. 11.Таздар.
12.Будаклар.
Кыргыз санжырасындагы жана илимий тарыхтагы материалдарга
караганда кыпчактар түрк тилинде сүйлөгөн өзүнчө эл болгон. Бирок,
булар деле башка түрк элдери сыяктуу, ар түрдүү түрк тилинде
237
сүйлөгөн уруулардан куралган. Муну, мындагы уруулар союзу да
көрсөтүп турат. Мисалы, коңур уулу, жалайыр, таздар деген уруулар
кыргыз ичинде да жолугат. Казак ичинде: Жалайыр, Керей деген
уруулар да бар. Коңур уулу, Коңурат деген ат кыргыз, казак, өзбек,
кара калпак ичинде айтылат. Ал түгүл, коңурат – монголдордун
составында да бар. Баарынан кызыгы, мажарстандагы кыпчактарда:
кыргыз, тор айгыр, маңгыт, черик, телсе (дөөлөс – С.З.), канглы,
катаган, чубак, каба, ак буура, бөрү, баргы, ас, арык, найман, кыргый
деген уруктар бар экен. Булардын бардыгы азыркы учурда кыргыз
ичинде да жашап турат. Демек, мажарстандагы кыпчактардын негизин
кыргыз уруулары түзүп турганын байкоого болот. Бул аталган
уруулардан, кыргыздардын ичкилик тобунда: тор айгыр (кыпчак),
маңгыт, дөөлөс, каңгы, аймандар бар. Калган уруулар, кыргыздардын
оң канатына кирген: Адигине, Тагайдын тукумдарынын ичинде. Бул
уруулар жөнүндө мурдагы бөлүмдөрдө айтылгандыктан кайталап
отургум келген жок. Кыргыздардын негизги тобунан ажырап калган
Иорданиядагы кыргыздар жөнүндөгү кийинки кездеги маалыматтар,
адамдарды селт эттирип алды го деп ойлойм. Биз билбеген, биз
көрбөгөн далай окуялар тарыхтын катмарында калып, жүздөгөн
жылдардан кийин кокусунан билинип, нес боло калган адамдай же
ыйлаарыңды же күлөрүңдү билбей отуруп каласың. Чындыгында,
бизге Алтайда, Эне Сайда жашаган аз гана кыргыздын тарыхын сөз
кылып, алардын Тянь Шань зонасына, Орто Азияга келишин миң
түрдүү кылып айткан, жазган илимий тарыхчылар, буга чейин ар
кайсы өлкөдө чачылган кыргыздарды эмне үчүн изилдеп,
түшүндүргөн жок деп, капа да болуп кетесиң. Көрсө, кыргыз эли,
азыркы абалына аябай чачылып, чабылып жеткен экен. Кытай
тарыхчылары, арап саякатчылары, же башка кимдир бирөө
кыргыздардын Алтай, Эне Сайда жашаганын жазып койсо, дал ошол
жер негизги мекени болуп, ал эми Тянь Шань, Ала Тоо, Памир
тегерегиндеги кыргыздар белгисиз себептер менен жазылбай калса, ал
кыргыздарды жок, болгон эмес деп, эсептеп коѐбузбу? Ушул эле
сыяктуу, арап өлкөлөрүндө кайдан кыргыз болсун деп жүрсөк,
кокусунан дареги билинсе, кантип селт этпейсиң. Иорданияга барган
кыргыздар XVIII кылымга чейин Кавказда жашаган экен. Андан
Турцияга өтүп, андан Сирия, Ливан аркылуу Иорданияга барышкан.
Отуз миң кыргыздын Иорданиянын Оман шаарынын тегерегинде
жашап турушу, Арабиянын бир чөлүндө турган жалгыз талды
элестетет. Ошол үчүн, өз элинен аргасыз бөлүнгөн, тарыхтын
238
кайгылуу бир учурунда чачылган: моңголиядагы, мисирдеги,
турциядагы, австралиядагы жана башка жерлердеги кыргыздар, мага жалгыз тал болуп элестейт. Алардын ички дүйнөсүнүн бир үзүмүн –
“Какшаалдан каттан” билебиз.
КЫРГЫЗДАР КОЛДОНГОН ЖАЗУУЛАР ЖАНА БАЙЫРКЫ
ОРТОК АДАБИЯТТАРЫ
“Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду.
Аты калып өзү жок,
Ар канча деңиз жоголду”.
“Манастан”
Кылым карыткан байыркы кыргыз эли көп чайналып, сүрүлүпсүрүп барын жоготуп, жогун таап азыркы мезгилине жетти.
Уламадан укканыбызга караганда, кыргыз санжырасында,
эпостук чыгармаларында алыстан кабарды кат менен бирдиргени
айтылат. Аны алыс кетпей эле “Манас” эпосунан жолуктурууга болот.
Бирок, ага карабастан, кыргыздын байыркы убакта жазуусу болгон
эмес, караңгы эл болгон деп аңдабай айта койчулар да табылат. Андан
көрө, ошол жоголгон нерсени таап, унутулган нерсени эстеп ордун
толуктаганыбыз абзел болоор. Өзүбүздү өзүбүз көмбөй, жыгылганын
жөлөп, үзүлгөнүн улап отуралык.
Кыргыз элинин байыркы тарыхына, санжырасына кайрылсак,
кыргыз эли, мындан миңдеген жылдар мурун эле пиктографиялык
жазуу колдонгону маалым болуп чыга келет. Алар – аска боорундагы
таштарда,
көр үстүндөгү эпитафияларда чегилип калган.
Окумуштуулар аны алда качантадан бери айтып келе жатышса да,
маани берилбей, көңүл бурулбай калган.
Белгилүү археолог, профессор А.Н.Бернштамдын берген
маалыматына караганда, Саймалы-Таш аймагында эле – 120 миңден
ашык сүрөт – жазма эстеликтери бар. А.Н.Бернштам – тарыхчы,
археолог гана болбостон, байыркы түрк урууларынын маданиятын,
жазмасын изилдеген – мыкты этнограф да болгон. Ал, С.Е.Малов,
А.Н.Самойлович сыяктуу залкар тилчилердин жардамы менен, ОрхонЭнесай жазууларынын сырың изилдеп, байыркы доордогу түрктөрдүн
коомдук-социалдык түзүлүшүнүн маңызын көрсөтүүгө жетишкен.
Анын, “VI-VIII кылымдардагы Орхон-энесай түрктөрүнүн социалдыкэкономикалык түзүлүшү” (1946), деген эмгеги, дал ошол таштагы
239
жазылган ойлорго негизделгени байкалып турат. Бирок, биздин
негизги максатыбыз кыргыздар колдоңгон жазуулар жөнүндө
бараткандыктан, Орхон-Энесай жазууларын биринчи ким окуган жана
ал жазуулардын кыргызга тиешеси барбы? – деген суроону коѐбуз.
Илимий адабияттарга караганда, байыркы түрктөргө таандык
Орхон-Энесай рун жазуулары жөнүндөгү маалымат, XVII
кылымдардын аягында эле С.У.Ремезовдун жарыялаган эки
картасында маалим болгон. Бирок, аны XIX кылымдын аягына чейин
эч ким окуй албагандыктан, анын ички сыры ачылбай кала берген.
Аны, француз ориенталисти - Абель-Ремюза, “бул табышмак жазуу
байыркы убакта Теңир-Тоо, Жети Суу, Алтайда жашаган усундарга
таандык болуп жүрбөсүн” деп болжолдогон. Бирок, мындай ойго орус
окумуштуусу Г.И.Спасский кошулган эмес. Ал, ошол - өзү барган
мезгилде жашап турган (XIX кылымдын башында барган – С.З.)
калмактарга же моңголдорго таандык болгон болуу керек деген ойду
айткан (Спасский Г.И. Древности Сибири. – Сибирский вестник. –
Сиб., 1818-1819). Кыскасы, бул жазуунун сыры ачылып, окулганга
чейин, жазуунун системасын: байыркы грек рунуна жакындаткан
(Г.Ю.Клапрот), байыркы финдерге же Борбордук Азияда жашаган
гунндарга таандык болбосун деген (Аспелин) ойлорду айткан
окумуштуулар көп болду. Качан гана, XIX кылымдын аягында
В.Томсен жана В.В.Радлов окуп чыккандан кийин гана, Орхон-Энесай
жазуусунун сыры ачылды. Орхон суусунун аймагынан табылган
таштагы жазууларды – Кул Тегинге арналган эстеликтерди В.Томсен
окуп чыгат. Ал эми, Энесай жана Монголиядан табылган жазуу
эстеликтерин В.В.Радлов окуп чыгат да, бул жазуулар Орхон, Энесай
сууларынын боюнан табылган таштарга чегилип жазылгандыктан –
“Орхон-Энесай жазуусу” деп аталып калды. Кийин бул жазуу жөнүндө
эң
көп
изилдөөлөр
жазылды.
Советтик
түркологдор:
П.М.Мелиоранский,
С.Е.Малов,
И.А.Батманов,
В.М.Насилов,
А.Н.Кононов,
Н.А.Баскаков,
А.С.Аманжолов
жана
кыргыз
окумуштуулары
С.Кудайбергенов,
Б.Орузбаева,
К.Сартбаев,
К.Дыйканов, С.Сыдыков, Ч.Жумагулов жана башкалардын эмгеги
жумшалды. Бул жазуулар жалаң эле Орхон-Энесай боюнда эмес,
Талас өрөөнүндөгү эстелик таштардан да табылды. Мунун өзү,
байыркы убактагы түрк уруулары Алтай – Саян тоолорунан: ТяньШань, Памир, Алай тоолоруна чейинки аймакта көчүп жүрүшкөнүн
далилдейт.
240
Орхон суусунун жээгинде. Кошо Цайдам деген жерде табылган
Кул-Тегинге арналган эстелик, 1889-жылы Н.Я.Ядринцев тарабынан
катталган. Эстеликтеги жазуулар Кул-Тегиндин өлгөнүнө карата
жазылган. Анда, Кул-Тегин: “Кой жылынын 17-күнү, 47 жашында
учту” (өлдү).
Тогузунчу айдын 27-күнү таштагы жазуу (эстелик) тургузулду
деп айтылган. Кул-Тегиндин өлгөнү - 731-жылга туура келет. (ОрхонЭнесай тексттери, Фрунзе-1982 жыл. Мындан ары мисалдар ушул
китептен алынат – С.З.).
Биз дал ушул жерден кичине чегинүү жасап, мурда айтып кеткен
санжырадагы айрым ойлорго көңүл буруп көрөлүк.
Балык манасчыдан үйрөнүп айтып калган Алымбеков
Тургунбектин санжырасы боюнча, Отор ордосун Ташынын уулу
Белеке билип турганда, араптар Орто Азияга чабуул коюп,
Самарканды алып, ортодон беш жыл өткөндө, Отор шаарында катуу
кыргын болуп, Белеке хан өлүп, анын уулу Култегин кол баштап
урушат. Оторхандын тушунда найман, каңгы бир хандыкта болуп,
Алтай Тоо, Энесайды ээлеп, Орто Азиядагы туугандары менен
байланышта
турган.
Ошондуктан,
Култегин,
араптардын
Кутайпасынан талкалангандан кийин, кыргыз, казакты ээрчитип
Алтай, Найман хандыгын карай сүрүлөт. Жолдо Култегин өлүп, анын
уулу – Какас хан болот. Алтай, Найман хандыгына барганда
Култегинди коюшат. Бирок, кыргыздар, мусулман боло элек
замандагы шарты боюнча, Култегиндин сөөгүн өрттөп, табытка
коюшкан экен. Бул – кийин, Кул-Тегинди койгон жери орхеологиялык
изилдөө жүргүзгөнгө да туура чыгып жатат. Араптар Орто Азияга
киргенге чейин кыргыздар – будда дининде болуп, ошондой эле
шаманизмге таазим кылып турган. Отко табынуу, аны ыйык тутуу,
XIX – XX кылымга чейин келгени бизге маалым. 1856-жылы кыргыз
жерине келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов, кыргыздар
өздөрүн мусулмандар деп эсептеген менен, өлүк көмүү жана башка
көп салттарында шаманизмге ишенгени көрүнүп турат деген.
Ошентип, Кул-Тегинди көмгөндө, коюлган ташка чегилген жазууда,
Кул-Тегинди жоктоп, күн чыгыштагы татабилер, тибеттен, күн
батыштан – согд, берчекер, бухаралыктар, он ок элинен,
түргөштөрдөн, кыргыз канынан келген өкүлдөр жөнүндө баяндалат.
Мында көрүнүп тургандай, согдулар, он ок эли, бухаралыктар,
түргөштөр, кыргыздар VII – VIII кылымдарда батыш түрк
каганатынын ичиндеги негизги элдерден болуп, Орто Азияны жердеп
241
турушкан. Илимий тарыхтарда да согдулар, V-VI кылымдарда эле
Жети Сууда болгондугу, жана, негизинен Чүйдө, ошол мезгилде
атактуу шаар болуп турган: Ак-Бешим, суябда (азыркы Токмоктун
жана Кызыл-Суунун жанында – С.З.) жашагадыгы айтылат. VII – VIII
кылымдарда, түргөштөр, кыргыздар менен ушул эле жерде аралаш
жашап турушкан. Алар, араптардын келиши менен көп жапа чегип,
мурдагы күчтүү бийлигинен айрылган. Көчмөн турмуш, жоокерчилик
заманда “бүгүн көргөн эртең жок” болуп турган. Ошентип, Кул-Тегин
эстелигиндеги жазууда, Орто Азия менен Алтай, Энисейдин тикедентике байланышы болгону сезилип турат. Бирок, аны, тарых
изилдөөчүлөр көп элес албай, Алтай менен Энисейди кыргыздын
байыркы мекени кылып, Орто Азиядан, Тянь Шандан таптакыр эле
айрып, ага кийин гана келген сыяктуу түшүндүрүүгө аракет кылышат.
Чындыгында, кыргыз санжырасы боюнча, жана эл оозеки
чыгармасындагы материалдарга караганда, кыргыздардын бир чети:
Тянь Шань (Теңир-Тоо – С.З.), Памир, Алайда, бир чети: Алтай,
Энисейде болгону көрүнүп эле турат. Муну, Кул-Тегинге коюлган
эпитафиялар жана Тонукакка арналган эстеликтердеги жазуулар ого
бетер далилдейт. Анын үстүнө, бул - Орхон-Энисей жазуусун
кыргыздар да колдонуп келгени айдан ачык эле болуп турбайбы.
Орхон-Энисей жазуусун көп кырдуу анализге алган С.Е.Маловдун:
“Памятники древнетюркской письменности” (1951), “Енисейская
письменность тюрков” (1952), “Памятники древнетюркской
письменности Монголии и Киргизии” (1959) деген эмгектеринде да,
бул жазууну кыргыздар колдонгонун, ал түгүл, аларга таандык деп
жазып жатканын элес албай, кийинчерээк, ал жазуу түгүл,
кыргыздардын IX кылымдагы улуу мамлекетинин түзүлүшүн жокко
чыгарып, жазуу түгүл, биз өзүнчө эл да болгон эмесбиз, дегенге чейин
барышкандар да чыгышты. Баарынан кызыгы, дал ошол проблеманын
үстүндө иштеген, дүйнөлүк даңкка жетишкен В.В.Бартольд,
А.Н.Бернштам, С.М.Абрамзон сыяктуу окумуштуулардын эмгегин
терең окубай туруп, жокко чыгарып ташташты. Кыргыздын
көрүнүктүү тилчиси – С.Кудайбергеновдун кыргыздар колдонгон
жазуулар жөнүндөгү көп жылдык илимий эмгеги рээк, ал жазуу түгүл,
кыргызстандардын IX кылымдагы жарык көрө албай калды.
Ошентип, тарыхта – “сенектик мезгил” деген аныктамага ээ
болгон учурда – бизде илим катып, токтоп калбастан, катка кетти. Ал
эми, байыркы түрктөрдүн жазма эстеликтерин изилдөө таптакыр эле
токтоп калды.
242
Мурдагы изилдөөчүлөр Орхон-Энисей жазууларынын чыгышы
жөнүндө ар түрдүү ой болжоолорду, көз караштарды айтып келишти.
Бул жазууну биринчи окуган окумуштуу – В.Томсен Пехлеви, арамейсогди жазуусунан оошу ыктымал деген көз карашты айтты. В.Томсен
белгилеген – пехлеви, арамей-согди жазуулары, байыркы перстерден
согдуларга өтүп, андан түрктөргө тараган рун жазуусу. Рун
жазуусунун алгачкы башталышы жыгачка жана ташка челигип,
Скандинавия жана Германиядагы элдерге колдонулуп, ШведНовегиялык элдерге өткөнү илимде баяндалат. Мындай көчмө
жазуулар, жазуунун тарыхында көп эле жолугат. Анын үстүнө, ОрхонЭнисей жазуусундагы Кул-Тегинге арналган эстеликте, Кул-Тегинди
жоктоп, күн батыштан – согд, берчекер, бухаралыктар, он ок элинен,
түргөштөрдөн, кыргыз канынан келди дегенине караганда, Согдулар
менен Алтайдагы, Сибирдеги элдердин байланышы байыртадан эле
болуп келген. Муну биз, азыркы түшүнүк менен гана чектеп, ал
убактагы катнаштын татаалдыгын эске алып, жокко чыгара беребиз.
Чындыгында, адамдардагы байланыштар, адам таң кала турган абалда,
ар бир мезгилде болуп турган. Батыштагы жаңылык – чыгышта,
чыгыштагы жаңылык – азыркы учурда, бир минутада угулуп, билинип
турса, мурда жумалап, айлап, жылдап болуп да угулган, деп,
белгилөөгө болот. Бирок, бул жаңылыктар ар түрдү өзгөрүүгө дуушар
болуп да жеткен. Ошондуктан, бир эле көрүнүштүн, окуянын, экинчи
варианты келип чыкан.
“Ошондой болсо да, Орхон-Энисей жазуусунун ичинен, арамей
жазуусунда кезикпеген – 15 тамганы, окумуштуу – В.Томсен
аныктаган жана буларды жергиликтүү толуктоолор болуш керек деп
эсептеген” (Орхон-Энисей тексттери. “Илим” басмасы, Фрунзе – 1982,
14-бет.). Орус элинин көрүнүктүү тарыхчысы – Н.А.Аристов, ОрхонЭнисей жазууларын, байыркы түрктөрдүн малга койгон – уруу
тамгаларынын негизинде пайда болушу мүмкүн, деп эсептеген.
Мындай ойду, Сибир тарыхын изилдөөчү – С.В.Киселев да колдойт.
Кыргыз санжырасында, ар бир уруунун өзүнүн тамгасы жана
урааны болгону айтылат. Ал тамга – малдарга басылып, жоголуп кетсе
таап алган. Тамга көрүнгөн эле сызуу – чийүү болбостон, белгилүү
мааниге ээ болгон. Мисалы, солто уруусунун тамгасы – ай тамга,
сарбагыш, бугунуку – жагалмай тамга, деп аталган. Бирок, бугу
сарбагыштыкы, жалпы жолунан – жагалмай тамга аталганы менен,
белгисинде кичине айырма болгон. Ошого карата ич ара ажыраткан.
Ай тамгада – айдын сүрөтү, жагалмайда – канатка окшотуп тартуу
243
болгон. Бул болсо, байыркы египет, шумерлер, кытайлар колдонгон
идеографиялык жазуунун эле өзүнө окшоп кетет. Малга тамга коюу
кыргыз урууларынын бардыгына таандык болгон. Ал түгүл, айрым
уруулардын жалпы жонунан бир тамгасы болгон менен, ички урук
бөлүнүшүндө өзүнчө белгилери – тамгалары да болгон. Мисалы, саяк
уруусунун Өйдөчекти уругунда өзүнчө, Каба тукумунда өзүнчө
тамгалар колдонулган. Кыргыз санжырачыларынын айрымдары,
кыргыз кырк уруудан куралган, алардын кырк тамгасы бар дешет.
Байыркы убактардын заң-закону боюнча, ар бир жаңы уруу өзүнүн
тамгасы менен келип кошулган. Айрым учурларда, өз уруусуна
таарынып, келише албаган урук топтору, башка уруунун тамгасын
кабыл
алган.
Ошентип,
эң
алгачкы
убактарда
малды
башкалардыкынан ажыратуу үчүн коюлган белгилер – тамгалар, барабара идеографиялык мааниге ээ болуп, жазуунун пайда болушуна
негиз түзгөн. Алтай тилдеринен составында: түрк, моңгол, тунгус,
манжурия тилдеринин тыбыштык өзгөчөлүгүндө жалпылык бардыгы
жөнүндө - А.М.Шербактын пикирин эске албай коюуга болбойт. Бул
пикирди, кыргыз тилчилеринин дээрлик бардыгы колдошот.
Профессор К.Дыйкановдун тектеш тилдер жөнүндө жазган
эмгектеринде, Урал-Алтай тилдеринин негизи – баба тилди түзө
турганы ачык берилген. Айрыкча, Гунндардан тартып, өзүнчө
фонетикалык өзгөчөлүктөрү менен ажырап, белгилүү бир тил
тармагын түзө баштаган: тунгус, моңгол, огуз диалектикасы, кыпчак
диалектиси жөнүндө айткан пикирлери бир топ далилдүү. Баба тилдин
тармагында өзүнчө бир байтеректи түзүп турган – кыпчак
диалектисинде – кыргыз, хакас, алтай, кара-калпак, казак, тува, шор
тилдериндеги фонетикалык жалпылыктар, бул элдердин кандаш,
тектеш экенин көрсөтөт. Бирок, тилдин тарыхы булар менен гана
чектелип калбайт. Тилди өркүндөтүп, байытып турган чоң фактор –
башка элдер менен (алардын тектеш, тектеш эместигине карабай –
С.З.) экономикалык, маданий байланышта болушу. Бул жагынан,
кыргыз эли, Туран мезгилинде: чубаш, уйгур, түркмөн, осмон-түркү,
кырым-татарлары, азербайжан, кумых, салар, кардим, гагауз, өзбек,
балгар, карачай, ногой, башкыр, татарлар жана башка көп элдер менен
аралашып, байланыш жасап, тилин да, тарыхын да байытып отурду.
Айрым тилчилер сөздүк түзгөндө: бул – арап сөзү, бул – иран сөзү деп,
көрсөтсө, өзүбүздүн сөздөр кайда деп? – таң калып жүргөндөр да бар.
Чындыгында, биздин төл созүбүз алар менен синоним катары жашап
жатат. Акырындык менен ошол сырттан кирген сөздөр, ал элдин – төл
244
сөзүнө айланат. Ал үчүн убакыт керек. Тилдеги мындай өзгөчөлүктү
эске алып жатканым, элдин өзү да, ошол тил аралашмасы сыяктуу
башка элдер менен аралашып турат. Бул аралашма, чоң согуштардын
кыргын-сүргүнү менен гана болбостон, ар түрдүү экономикалык,
маданий байланыш аркылуу да болот. Бирок, эл тарыхында,
санжырасында, эл оозеки чыгармасында, көбүнчө - кыргын-сүргүндөр
эсте калат. Ошондуктан, байыркы усундардын, гунндардын,
түргөштөрдүн чабуулдары, түрк каганатынын туш тарапка тароосу,
араб халифатынын Орто Азияга кириши, Караханиддер доору, моңголкалмак чабуулдары жөнүндө сөз болуп, ошондогу окуялар уламышка
айланып отурат. Экинчи жагынан, булар жөн гана элдик уламышта,
санжырада сакталбастан, алар жашаган жерде, тоо-таштардын
аттарында да катылып жатат. Азыркы биз жашап жаткан кыргыз
жериндеги этно-топонимдерди чечмелесек эң көп элдердин катышы
келип чыгат. Ал түгүл, Алтай, Енисейдеги топонимдер менен Орто
Азиядагы жер-суу аттарындагы жалпылыктар, бул аймакта жашаган
элдердин кеңири байланышын ачат. Мен муну, Кемин, Чүй, Даркан
ж.б. аттардын эки жерде тең колдонулушун эске алып айтып жатам.
Бул, жер-суу аттары, өзүнчө изилдөөнү талап кылат. Этнотопонимдердин мааниси ачуу эл тарыхынын дагы бир жаңы барагын
ачуу менен тең.
Эми муну мындай коѐ туруп, тилдеги тыбыштык, фонетикалык
өзгөчөлүктөрдү кымтыган тамгалар жөнүндө кайрадан сөз кылалык.
Тилдин тарыхына кайрылсак, ошол тилдин фонетикалык өзгөчөлүгүнө
карата тамгалардын саны пайда болгону көрүнүп турат.
Мисалы, араб жазуусунда 28 тамга колдонулган. V кылымда грек
жана арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн – армян жазуусу, 39
тамгадан турат. Индияда: хинди, маратхи, испальда колдонулган –
деванагари жазуусу, 55 тамгадан турат.
Ошентип, ар бир элдин тил өзгөчөлүгүнө жараша, тыбыштык
айырмачылыгына карата, тамгалар ар түрдүү санда боло турганы
байкалат. Кыргыздарга баба тили тектеш – моңгол диалектисинин бир
тармагын түзгөн, калмак тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн – 41 тамга
түзө турганын Д.А.Павловдун системасы көрсөтүп отурат. Ал эми,
кыпчак диалектисинин ичинде. Кыргыздарга абдан жакын турган
казак тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнүн – 42 тамга менен берген.
Сөзсүз, тилди адабий тилдин нормасына келтирүү үчүн, тилдеги ар
бир майда тыбыштык өзгөчөлүктү белгилөөчү тамгаларды кабыл ала
берүүгө да болбойт. Ал учурда, аябагандай көп тамганы, белгини
245
колдонууга туура келер эле. Анткени, бир тилдин өзүнчө да, бир канча
диалекти, говорлор бар. Кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө
карата араб алфавитин кабыл алганда – 23 тамганы жана бир
жумшартуу белгиси – кыбачыны колдонгон элек. Бирок, бул тамгалар
кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толук камсыз кыла алган
эмес. Ошондуктан, латын тамгасын кабыл алганда – 31 тамгага, орус
графикасын кабыл алганда 36 – тамгага жетти. Эми, ушул тамгалар –
кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүн толук камтый алат деп, айта
алабызбы? Жок. Бул жөнүндө кыргыз тилчилеринин ортосунда талаш
жүрүп жатат, аларды оңдоо, тактоо келечектин иши. Менин айтайын
дегеним, кыргыз санжырасында ар бир уруунун өз тамгасы болгону
жана алар кыргыз жазуусунун пайда болушуна чоң роль ойногону
жөнүндө гана. Ар бир уруу, тамга кабыл алганга чейин, өзүнчө
белгилерди колдонушу – закондуу көрүнүш го деп ойлойм. Анткени,
малдардын кулагын ар түрдүү кылып тилип коюу, кийинки мезгилге
чейин жашап келегинин баарыбыз эле көрүп калдык.
Андан башка, кыргыздар өзүнчө мааниси бар түйүндөр, сүрөттөр,
табышмактарды колдонушкан.
Өрнөк соккон, же, тон жасап, кийиз баскан аялдар, үйүндө бош
отурган аялдарга түйүндүү жип-учук беришкен. Анын мааниси –
тамак жасап келүүсүн өтүнгөнү. Ушул эле сыяктуу камчы, чылбыр
берүү же чыбык кыркуу, аттын куйругун, же, жалын кесүү менен көп
ойлорун билгизишкен. Мунун өзүнчө да, байыркы идеографиялык
жазуунун элементтери болгон. Ребус түрүндөгү жазууларды:
Саймалуу Таштагы, Чили Сай, Терген Таш жана башка жерлердеги
аскага чегилген сүрөттөрдөн байкоого болот. Ал түгүл,
Кыргызстандын аскаларында, тоолорунда эң көп сүрөт-жазуулар
бардыгын, кыргыз тилчилери – Четин Жумагулов, Лутфилла
Жусупакматовдордун чыгарган китептеринен, жазган макалаларынан
билебиз. Алардын эмгектерин окуганда, табышмактуу белгилердин,
жазуулардын, сүрөттөрдүн көп сырлары ачылып, кары тарыхыбыздын
түпкүрүндөгү жашырынып жаткан окуялар элестеп келе баштады.
Көрсө, “жапайы” сыяктуу көрүнгөн кыргыздардын байыркы
тарыхында цивилизация да болгону, өзүнүн жазуу-сызуусу болгону,
бештен белгилүү тура. Анын баарын, көчмөн турмуштагы кыргынсүргүндөр, жоокерчилик замандын тажаал адат-салты талкалаган тура.
Кыргыздардын байыркы убакта, ребус түрүндөгү – сүрөт жазууларды
колдонгонун айрым санжыралар сактап калышкан. Араван районунда
жашоочу, ичкилик уруусунун кызыл аяк уругунан чыккан санжырачы
246
– Макен Токтосун уулунун баянына караганда, илгери, сүрөт
жазуулардын сырын баяндаган – санжырачылар болгон. Анан, ошол
санжырачы – тамгасынан, агасынан үйрөнүп калган ребус
жазуулардын маанисин адам ынанарлык деңгээлде чечмелей алат.
Таштагы, жазуудагы сүрөттөрдү чечмелөө - санжырачылар тарабынан
укумдан – тукумга берилип отурган. Макен Токтосун уулу, бир эле
түйүлдүктүн сүрөтүн, байыркы түрктөрдүн тукуму: көкүлдөр,
кыргыздар, кандай чечмелеп түшүндүргөнүн – аталык, энелик
белгилери аркылуу эң сонун баяндай алды. Ал түгүл, биз жөнөкөй
гана сүрөт - оймо - чийме катары байкап жүргөн шырдак, ала кийиз,
туш кийиз сыяктуу үй буюмдарындагы оймолордо, байыркы
жазуулардын белгилери калганын, ал акырындык менен байыркы
түрктөр колдонгон - руникалык жазууларга негиз болгону түшүнүктүү
болуп чыга келет.
Илимде, жазуунун тарыхына көз жиберсек, дүйнөдөгү элдердин
ар биринин - өзүнчө колдонгон, өздөрү чыгарган жазуусу болгон эмес.
Бирок, өздөрүнүн ойлорун түшүндүргөн аллегориялык маанидеги
сүрөттөр, оймо-чиймелери, белгилери болгон деп, ар бир эл жөнүндө
айтууга болот. Дал ошол шарттуу белгилер – сүрөттөр, оймо-чиймелер
пиктографиялык жазуунун негизин түзгөн. Муну биз-кыргыздар
жүргөн жерлердеги тоо-ташындагы сүрөттөрдөн көрө алабыз.
Пиктографиялык жазууда айтыла турган ой, сүрөттүн мааниси менен
тикеден – тике байланышта болот. Мында өтө жөнөкөй, ар кимге
түшүнүктүүлүк бар, ошондой эле абстрактуулук да сакталып турат.
Мындай жазуунун кемчиликтери эң көп-адамдын оюн, ички
сезимин тил менен бергендей берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан,
бара-бара идеографиялык жазуу келип чыккан. Мындай жазууда, айта
турган ойдун сырткы окшоштугуна карата шарттуу белги – адамдын
сөзүнүн маанисине карата гана алынган. Мисалга пиктографиялык
жазууда: киши, уй, жөнүндө сөз болсо, ошолордун сүрөтү тартылган.
Иеографиялык жазууда – аларды түшүндүрүүчү белгилер
колдонулган. Ошондуктан, идеографиялык жазууну, аны үйрөнгөн
сабаттуу адам гана окуй алган. Бул - азыркы колдонуп жүргөнтыбыштык-фонографиялык жазууга бир топ жагынан жакындап келет.
Кыргыздар колдонгон Орхон- Енисей жазуусунун негизин – В.Томсен
белгилегендей, арамей-согди, пехлеби жазуусу түзгөн менен аларда
кезикпеген – 15 тамга бардыгын, ошол эле окумуштуу мойнуна алган.
Ошондуктан, бул жазуулар экинчи негиз болуп, байыркы түрктөр
колдонгон тамга – белгилер, идеограммалар колдонулушу мүмкүн, деп
247
ойлойбуз. Эми, биз ошол, кыргызга да тикеден тике тиешеси бар
Орхон-Енисей жазуусунун ташка чегилген текстеринин мазмунуна
бир аз көңүл буруп көрөлүк.
Кул-Тегинге арналган кичине жазууда мындай деп жазылган:
“Кан болуп, жок элди мүлктүү кылдым, жарды элди бай кылдым, аз
элди көп кылдым, же бул сөзүмдө ката барбы? Түрк бектери, эми муну
эшитиң!” (61-бет). Бул сөздү “Манас” эпосундагы Манастын керээз
сөзүнө салыштырып көргүлөчү: “Курама жыйып журт кылдым,
куйуккан жыйып эл кылдым, Кулалы таптап куш кылдым”. Булар
маани жагынан гана окшош болбостон, форма жалпылыгынада ээ
болуп турганын ким тана алат. Анын үстүнө, бул таштагы жазууда,
айрым бир элге эмес, бүткүл түрк элине кайрылган керээз, акыл –
насаат айтылыт. Дал ошого карата, мындагы кагандын түрк элин баш
коштурууга көп кызмат кылганын байкоого болот. Кул – Тегинге
арналган эпитафияны, анын небереси – Йолыг тегин жаздырган. Ал
убакта, тегин деген чен бирдиги – төрө, бек, хан деген титулга тең
болгон. Ошондой эле, батыш түрк каганатында – Йабгу шад деген,
титулду колдонушкан. Түрк эли ичинде: табгач, тибет, апар, пурум,
кыргыз, үч курыкан, огуз, татар, кытаң, татабы, түргөш, он ок, огуздар,
аз жана башка элдер болгон. Булардын көпчүлүгү түрк тилинде
сүйлөгөн элдер эле. Айрымдары түрктөргө коңшу жашаган - кытай,
калмактар болгон. Ал мезгилде, түрктөр кытайды – табгач деп атаган
экен.
Түрк каганатынын күчтүү хандыгын, кытай эли, айла-амал менен
бузганы, таштагы жазууда эң сонун берилген. Түрк элинин куулукшумдукту билбес баѐлугуна кейиген каган, өлгөндөн кийин да, аларды
аяп, сак болууга үндөйт. “Табгач элинин сөзү таттуу, оозу (сөзү)
жумшак эди (эле); таттуу сөзү менен, жумшак асылы менен азгырып,
ыраак калкты өзүнө мынча жакын кылды. Жакын конгондон кийин,
азгырма билим (бузукулукту) үйрөтүштү. Эстүү, билги кишини, эстүү
алп кишини буза албас: бир киши жаңылса, көп журт тукумуна чейин
кетер (жоголор) элең, таттуу сөзүнө, асыл тартуусуна алданып - көп,
түрк эли өлдү” (61-бет).
Ошентип, мындагы мааниге караганда, улуу түрк каганатынын
талкаланышы табгач элинин “таттуу сөзүнө, асыл тартуусуна”
алданган, эси жоктор күнөөлүү болгону байкалып турат.
Таштагы жазууларда кыргыздын аты бир канча жерде эскертилет.
Кул тегинге арналган көлөмдүү жазууда Кул тегиндин өз эли тогуз
огуз эли болгону ачык эле жазылган. Окуган адамга түшүнүктүү
248
болуш үчүн, айрым сүйлөмдөрдүү келтирейин. “Тогуз огуз эли
өзүмдүн элим эле; Теңири, жер козголгон үчүн-жоо болду; бир жылда
беш жолу суңгуштук (Согуштук)... Кул Тегин Аз (дардын) буурулун
минип опуруп (жапырып) тийип бир эрди сайды. Тогуз эрди кубалап
сайды...” (68-бет).
Андан ары Кул Тегиндин - Тонда уруусунун баатырларын
сайганы, Эзгенти-Кадзада огуз (дар) менен чабышканы, эгер Кул
Тегин болбосо, Билге кагандын, (атасы - С.З) бүткүл тукуму – күң, күл
болот эле деген аянычтуу армандар жазылган. Муну ташка чектирген
Кул Тегиндин агасы болгон. Бул жерден кичине түшүнүк берүүгө
туура келет. Кул Тегинге коюлган эпитафияда эки жазуу бар.
Изилдөөчүлөр биринчисин - “кичине жазуу деп, атап коюшкан. Ал
өзү он үч бөлүмдөн (сүйлөмдүк - С.З) турат. Аны Кул Тегиндин
небереси Иол (л) ыч тегин жаздырган. Экинчи жазуу – “Көлөмдүү
жазуу деп аталат. Ал – 53 бөлүмдөн турат. Биринчи жазуунун
мазмунуна караганда, өлүм алдындагы кагандын керээзи сыяктуу.
Анда, Кул – тегиндин баатырдык иштери баяндалуу менен бүткүл
түрк элине кайрылып ынтымакка үндөгөнү берилген. Экинчи жазууда,
Кул – тегиндин баатырдык иштери бир топ так далилдер менен
жазылган. Кул – тегиндин байыркы бабалары – Бумын каган, Истеми
кагандан баштап, түрк журтуна бийлик кылып келгени, чар тарапка
жоортуул жасап, баштуусун жүгүнтүп, тизелүүсүн бүгүлткөнү
айтылат. Бирок, ошол күчтүү түрк мамлекети табгачтын (кытай – С.З.)
азгырыгына кирип, алдаганына басып, бири-бири менен кырылышып,
аягында жигити – кул, кызы – күң болгону айтылат. Андан кийин,
чачылган түрктөрдү Илтерис каган кайра согушуп жүрүп, бириктирген
– кансыраган элди, күң, кул болгон элди, түрк мыйзамынан ажыраган
элди, ата-баба мекенине кайра кондурганы айтылат. Түрк элин кайра
бириктириш үчүн, кырк жети жолу жортуулга чыккан. Ал, а дегенде,
кепке келбеген, баш ийбеген - өз элин чаап, эсине келтиргени
байкалып турат. Ал – Төлөс, тардуш, тогуз огуз, кыргыз, курыкан, отуз
татар, кытаң (кара кытай), татабилерге жортуул жасап башын курады.
Түрк элинин күчтүү мамалекетин кураш үчүн мындай жортуулдар –
керек эле. Бул айтылган ойду далилдеш үчүн, дагы бир үзүндү
келтирсек ашык болбос.
“....Түргөш кан өз түрк элибизден эле, билбегендиги үчүн, бизге
(биздин алдыбызда) жаңылгандыгы (н) үчүн ханы өлдү, буйрук
берүүчүлөрү, бектери дагы өлдү. Он ок эли азап көрдү. Ата-бабабыз
тутунган жерсуу ээсиз болбосун деп, аз элди курап жаратып... Барсбек
249
эле, каган атагын (хан деген наамды) мында биз бердик, сиңдимди жар
кылып бердим. Өзү жаңылды, ханы өлдү, эли күң, кул болду. “Көчмөн
жер-суусу ээсиз калбасын” – деп, аз кыргыз элин (журтун) курап
келдик, сунгуштук (найза сайыштык) эли менен... (64-бет).
Мында келтирилген: түргөштөр, он ок эли, тогуз огуздар
кыргыздар – түрк элинин тегин түзгөн. Булардын айрымдары азыр
айтылбай жоголуп кеткен менен, X – XIII кылымдарга чейин өзүнчө эл
болуп жашап келгенин билебиз.
X кылымдын атактуу арап окумуштуусу катары бизге жеткен –
Абу Искак Ибрагим ибн мухаммад ал – истахринин, “Китаб масалик
ал-мамалик” (“Книга путей государства”) деген китебинде, мындай
деп жазып калтырганы бар. “Что касается всех тюрков, таких как
тогузгузы, хырхызы, кимахи, гуззы и казнадши, то язык у них один, и
каждый из них понимает друг друга”.
Байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусунда, тогуз огуздар, же,
түрк огуз бектери деген сөздөр көп учурайт. Азыркы учурда, бул
элдердин аты унутулуп кеткен менен, ошол мезгилинде (VI – VIII
кылымдарда) чоң эл болгонбу деп ойлойм. Кул – тегинге арналган
жазууда, “Суңгу (найза) бою карды жиреп, көчмөн (жышын) ашып,
кыргыз журтун уйкуда бастык.... Кыргыз канын өлтүрдүк, элин алдык.
(Чаптык) деп жазса, экинчи жеринде: “Кыргыз каганды баштап
балбал тиктим. Түрк элдин аты, даңкы жок болбосун (өчпөсүн) деп
көрсөтөт (65-66 беттер).
Ошентип, байыркы Орхон-Енисей руникалык жазуу негизинен
түрк уруулары колдонгон жазуу экени байкалып турат. Муну Кул
тегиндин, же Тонукукка арналган эстеликтеги эпитафиялар толук
далилдеп турат. Бул жазууларды окуп чыгышып, мааниси изилдөөгө
алышкан: В.В. Радлов, П.М. Мелиоранский, С.В. Киселев, А.Н.
Бернштам, В.В. Бартольд сыяктуу дүйнөлүк атакка ээ болгон
окумуштуулар Орхон-Енисей руникалык жазуусунун кыргыздарга
тикеден-тике тиешеси бардыгын эскеришкенине карабай, биздин
айрым бийликтеги адамдарыбыз (окубай-билбей туруп) байыркы
мурасты жокко чыгарышкан. Анын кесепети, акырындык менен жалаң
кыргыз тили, жазуу адабий эстелигине гана залал тийгизбестен,
бүткүл кыргыз элинин тарыхын бурмалап көрсөтүүгө барып такалды.
Дал ушул эле Орхон-Енисей руникалык жазуусунда, кыргыздын
жашаган жери, аралашкан эли, күчү, чарбасы жөнүндө көп нерсени
бойкоого болот эле. Анын үстүнө, Орхон суусунун - Кошо-Цайдам
деген жеринде табылган Кул тегин эстелигиндеги жазуу – Нанайха
250
менен Улан-Батордон 66 км түштүк-чыгыш жагындагы Баин-Цокто
коктусунан табылган Тонукукка арналган эстеликтеги жазуу менен
маанилеп, үндөш болгону таң каларлык эмес. Анткени, Кул тегин да,
Тонукук да – түрк элинин баатырлары эле. Алар, түрк элинин
бирикпей, табгач элине баш ийип, кор болгонун эскерет. Алар, ат
жалында жүрүп: төлөс, огуз, он ок, аз, түргөш, кыргыздарды жортуул
менен бириктирип, түрк элинин күчтүү каганын түзгөндөрүн эскерет.
Эки жазууда тең “кыргыз күчтүү жоо” экенин баяндап “кыргызды
уйкуда” басканы жазылган. Түрк баатырлары: эл бириктиргенде, журт
бириктиргенде көп душмандан коркпой, мындай деп ураан таштаган
экен: Теңири, Умай, ыйык жер-суу жеңиш берди, неге качабыз – көп
деп, неге коркобуз – аз деп. Неге басынабыз! (89 бет).
Ошентип өзүн өзү коргоп, тоосун – чеп кылып, талаасын – от
(мал жайыты) кылып, көп эл менен аралашып, кыргыз атын жойбой
келди. Орхон-Енисей таштарындагы жазууларга таанышканда, азыр:
кыргыз, казак, өзбек, каракалпак элдеринин ичинде өзүнчө уруу,
урукту түзүп турган: дөөлөс (таштагы жазууда төлөс деп берилген –
С.З.), азыктар (таштагы жазууда – аз, аздыр деп жазылган – С.З.),
кытай (кытаң деген), (ташта чик деп жазылган), аздар, чиктер,
кыргыздар менен чектеш жашаган, түрк тилинде сүйлөгөн эл болгону
(С.З.) жөнүндө сөз болот. Таштагы жазууга караганда, алардын ар
бири кыргыз сыяктуу эл экени, түрк элинин өз алдынча чоң уруулары
экени байкалып турат. Байыркы түрктөрдүн тарыхын изилдеген Лев
Николаевич Гумилевдин эмгектеринде: “Төлөстөр бир убактарда,
өздөрү сыяктуу эле эң байыркы теленгит деген этностук наамды
алмаштыруу менен үстөмдүк кылган уруу болгон. VII кылымда,
теленгиттер, Орхондон батыш жактагы – Хангайда зор территорияны
ээлеп, төлөс урууларынын бири катары эсептелген” (“Древние тюрки”,
М. 1967). Төлөстөр чыгыш Алтайдын өрөөндөрүнүн бүткүл
талааларын жердеп турушкан. Таш короо менен курчалган
көрүстөндөрдө алардын байыркы ата-бабалары жатат. Тарыхтын
толкуну майда эл менен чоң элди аралаштырып, жоокерчилик
замандын каардуу закону элди чайкап, чыгыштагы элди батышка,
батыштагы элди чыгышка сүрдү. Чоң эл жоголуп майдаланды, майда
эл күчкө толуп көбөйдү. Билге Тонукук кагандын тушунда, түрк
каганатынын канаты чыгыштан – согдулар жайлаган Темир-Капкага
чейин созулду. Мындай аймакты ээлеш оңойлук менен болгон жок.
“Илтерис каган акылдуулугу жана ортоктоштугу үчүн, Табгач (Кытай
– С.З.) менен он жети (жолу) согушту, Кытаң (Каракытай – С.З.) менен
251
жети (жолу) согушту. Огуз (менен) беш (жолу) согушту, анда кеңешчи
да, жана кол башчы да мен элем. Илтерис каганга .... ? (90-бет).
(Тонукукка арналган жазуудан).
Андан ары эпитафияда мындай деп улантылат: “Бүткүл түрк
калкына жарактуу (куралдуу) жоо келтирбедим, токулгалуу атты
(атчан аскерди) жолотподум, Илтерис каган курбаган болсо
(чыңдабаса), андан кийин мен өзүм курбаган болсом (чындабасам)
мамлекет дагы, эл дагы жок болот эле, эл курганы үчүн өзүм курганым
үчүн мамлекет кайра мамлекет болду, журт кайра журт болду?! 90-бет.
Бизге Тонукуктун бул керээзи - өлүм алдындагы кайгылуу арман
эмес, бүткүл түрк элине калтырган, эскирбеген тарых. Бул – байыркы
көчмөндөрдүн ыйык туткан мурасы. Көчмөндөр өлүм алдындагы
адамдын айткан керээзин кандай кыйынчылык болсо да аткарган.
Керээзди аткарбаган адам каргышка калган. Үйдүн ээси, баланын
атасы артындагыларга кандай керээз калтырса аны аткаруу милдет.
Эл бийлеген кагандын керээзи элине милдет. Ошол, ыйык туткан
ой-маани элдин келечеги болгон. Ошондуктан, аны жыртылбас,
тытылбас ташка жазып, муундан-муунга калтырган. Ошондуктан, бул
руникалык жазуунун бүткүл мазмунун бөлүп-жарбай, терең талдап
окуган абзел. Бул жазууну окуган адам, бүткүл түрк урууларын
бириктирип, чоң казатка аттанган жана түп Бээжинди баскан –
Манастын прототибин – Кул тегинди, Тонукукту, Илтерис каганды
унута албайт. Көк түрктөрдүн асаба туусу канча жолу табгач элинин
ортосунда орногону элестеп турат. Аябагандай чоң аймакта, азыркы
Теңир Тоодон (Тянь-Шань – С.З.) Йүнчү Угуз (Сыр-дарыя) дан тарта
чыгыш Моңголияга чейинки аймакта көчмөн түрк уруулары жашаган.
Булардын бирден бир теңтайлашкан жоосу – табгач (кытай) болгон
экен. Алар “татуу сөзү, асыл тартуусу” менен түрк элинин ыркын
кетирип, жеңишке жетишип турган. Түрк каганаты күчөп турган VI –
VIII кылымдарда Алтайдагы, Сибирдеги көп элдер тил жалпылыгы
болсо да, болбосо да түрк урааны астында калган. Анткени,
Моңголияны жердеп турган байыркы монгол уруулары – чиндер,
чахарлар, тумэттер, баяттар, дербиттер, ойрот, хошоттор түрктөр
менен абдан көп аралашкан. Ал түгүл, айрым тарыхчылар, тилчилер:
найман, татарлар жөнүндө сөз болуп калса, моңголдордун негизги
түпкү уруусу катары түшүндүрүшөт. Чынгыз хандын уруусу - Менгудада, же бизче монгол деп аталат. Чынгызхан бийликке келгенге
чейин, моңголдор анча чоң уруу болгон эмес. Бирок, аларды курап,
аларга бийлик бербеген: найман, татарларды талкалаган. Ошондон
252
кийин Чыңгызхандын кошуну, бүт – моңгол - татарлар деп аталып,
илимий тарыхка кирип кетти. Мурда аларды, кара калмак манжу
(мынчу) деп, түрк тилинде сүйлөгөн элдин баары атаган.
Л.Н.Гумилевдин берген маалыматына караганда, алардын түпкү теги
Кытайдын түндүк батышында жашаган, ар кошкон уруудан түзүлгөн сянь-бийцы деген эл. Бешинчи кылымдын 39-жылдары табгачтар
менен согушуп – Алтай, Ханкайга сүрүлүп, жергиликтүү элдер менен
– түрктөр менен аралашып кеткен. Алар кийин күч алып, 552-жылы
жужандарды талкалап, улуу түрк каганатынын түзүлүшүнө негиз
болгон. Менин, буларды бүт айткан себебим, азыркы учурларда
найман деген уруу: казак, кыргыз, өзбек, каракалпак, түркмөн ичинде
бар. Аларды, айрым тарыхчылар моңголдордон жергиликтүү
түрктөргө оогон уруу катары түшүндүрөт. Ал эми чындыгында, булар
- түрк-монгол бирикмесинен куралган өзүнчө эл болгон. Татарлар,
коңураттар жөнүндө дагы ушундай ойду айтууга болот. Жүрө-жүрө
мурдагы түшүнүктүн көбү өзгөрүп, мааниси да, сапаты да таптакыр
жаңырып кеткен учурлар да болду.
Орхон-Енисей жазуусундагы отуз татарлар менен азыркы татар –
ногойлордун айрымасы да асман-жердей. Моңгол бирикмесине кирген
татарлардын тили ойрот, бурят, калмак тибинде болсо, кыпчак
диалектисине кирген татарлардын тили балкар, карачай, башкыр,
кыргыз, ногой тибинде.
Ошентип, айта берсе арман көп. Окубай-билбей туруп,
болжолдоп жыйынтык чыгаргандан сакта! Барыдан кызыгы, айрым
партиялык кызматкерлер, алыскы Алтайда жаткан кыргыздар менен
Теңир-Тоо, Чүй, Орто Азиядагы азганакай кыргыздын байланышын,
байыркы кытай, араб, перс источниктери менен, таштагы жазуулар
менен далилдеп берген окумуштууларды – эч нерсе билбеген бир
нерсеге айландырып жибергени, адамды таң калтырат. Бирок, буга
“мен дагы кыргызмын” деп көкүрөктү какпай, мезгилдин саясатына
минбей, кичине чоң болорун, чоң кичине болорун эске алып, тарыхта
болгон чындыкка тике карап, болгон иштен жыйынтыкка келген
жакшы болуп жүрбөсүн. Биз, азыр – “аз кыргыз” деп жаткан эл, бир
кезде көп кыргыз” болгон. Кыргыз, казак санжырасында: “казак,
кыргыз бир тууган” деп, канча сайрап жатса да, ага көңүл бурган киши
жок. Анткени, азыркы учурда, казак өзүнчө - улут. Кыргыз - өзүнчө эл,
өзүнчө - улут. Айрым адамдардын түшүнүгү боюнча, булар туулганда
эле бири – казак, бири – кыргыз болуп туулган. Ал эми, тарыхка
тааныш адамдар – XIV кылымга чейин – казак, өзбек деген эл, тарыхта
253
учурабаганын билет. Буга карап, булар мурда болгон эмес деп
корутунду чыгарабыз? Жок, миң мертебе жок! Муну туура түшүнүү
үчүн, казак, өзбек элдеринин уруу бирикмелерине көз жүгүртүү керек.
Казак эли – улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз уруу бирикмелеринен
турса, өзбектер – 92 боолуу уруудан. Булардагы уруу бирикмелеринде,
байыртадан тарыхта белгилүү: үйсүн (үсүн), катаган, найман, аргын,
ногой, коңурат, бурат, кыят, кытай, крейт, меркит, маңгы, тангут,
төбөй, тейит, үйшүн, жана башка толгон эски уруулар бар. Булар
акырындык менен өзбек, казак урууларынын хандыгынын тегерегине
топтолуп, жаңы этникалык атты түзүп калды. Кыргыздар болсо,
белгилүү бир тарыхый шартта өзүнүн байыркы атын сактап калган.
Ошондой эле өздөрү менен бирге жашап, бирге өскөн кандаш, жандаш
бир боору – казактардан ажырап, өзүнчө элдигин унуткарбай калган.
Өзүнүн бир тууган кандашы – башка ат менен жашоосун уланткан.
Муну жөн эле божомол деп ойлоого болбойт – казактарды XX
кылымдын башына чейин, бүткүл илим дүйнөсүндө кыргыздар деп
келген. Кээ бир так түшүнгөн илимпоздору: кайсак-кыргыз, кара
кыргыз деп бөлүшкөн.
Эми, ушул азыр – эки эл болуп калган элдин мурдагы аты, заты
бир деп туруп, ой жүгүртүп көргүлөчү. Ошондо, бул элдердин түрк
элинин ичиндеги ролун толук түшүнүүгө болот. Ошондо, түрк
каганатынын улуу империясынын түзүлүшүнө бул элдердин кандай
роль ойногон түшүнүүгө болот. Ошентип, тарых, айрым
болжолдоолорду эмес, так далилдерди талап кыла турганын ар бир
окуучу түшүнөт. “Кыргыз” деген ат алыскы Орхон, Енисей
бойлорунда учурайт, алар Тянь-Шаньга, Орто Азияга качан келип
калды? – деген ой болжолдоолорду өркүндөтүүгө жана аларга ар
түрдүү “далилдүү” көрүнгөн жоопторду табууга милдеттендирбейт.
Мындан 2000 жыл мурун, кыргыздар жайлаган жердин бир чети –
алыскы Алтайда, Енисейде болсо, бир чети - Тянь-Шанда, ТеңирТоодо болсо, азыр да ошол жерлерде турат. Болгону, Алтай, Енисей,
Монголия тарабындагы кыргыздар – казак аталып кетти, Тянь-Шанда,
Орто Азиядагысы – байыркы атын сактап калды. Бул айтылган ой,
канчалык таң каларлык көрүнсө да – чындык. Эгерде биз, айрым
сөздөрдүн тарыхта жашаганын гана эске алып, изилдөө жүргүзө
тарган болсок, мурда тарыхта аты учурабаган элдерди жаңы гана
пайда болду деп түшүндүрөбүзбү? Анда ал жаңы элдин тарыхый
тамыры кайдан келип чыккан?! Анда, алардын мурда кандай ат менен
жашап келгенин жоготсок, кагазга жазылган элди гана бар деп,
254
жазылбай калса жок деп түшүнөбүзбү?! Муну мынча тактап жаткан
себебим, мындан 1500 жыл мурда – Орхон, Енисей боюнда, кыргыз
каганатынын көрүстөнүнө көз жаш төгүп, көк түрктөрдүн асабасы
ийилип турганда, Теңир-Тоонун арасында, Сырдын боюнда Талас
өрөөнүндө да, кыргыздардын көчмөн турмушу өзүнүн нугу менен
жүрүп жаткан. Биз эми, Орхон суусунун боюна коюлган таштагы
руникалык жазуулардан, таластан табылган, ташка чегилген
эпитафияларга өтөбүз. Бул жерден, Таласта таштагы жазуулардын
табылышына, изилденишине, орустун жаратылыш изилдөөчүсү –
В.А.Калааурдун, фин окумуштуусу – Г.И.Гейхелдин, орус
окумуштуусу – С.Е.Маловдун, И.А.Батмановдун эмгектери жумшалса
да, кыргыз илимпосу – Четин Жумагуловдун эмгектери - өзгөчө
баалуу деп, алдын ала эскертип кетким келет. “Колдо бар атлындын
баркы жок” дегендей, өз ичибизден чыккан окумуштуулардын өмүр
бою изилдеген ишин көрбөй, чоң авторитетке багынган, алардын
үстүртөдөн айткан айрым ойлорун “кудайдын мөөрүндөй” көрүп баш
иймейибиз бар. Илимде авторитет эмес, далил керек. Четин
Жумагулов, отуз жылга жакын аралыкты ичинде, кыргызстандагы
эпиграфика боюнча абдан көп иштерди иштеди. Айрыкча, таластан
табылган руникалык жазуулардын мааниси ачууда көп эмгек сиңирди.
Сөзсүз, ал өзүнөн мурдагы изилденген орус окумуштууларынын
эмгегин пайдалануу менен жаңы табылган жазуулардын тарыхын
андан ары ачып берди. Азыркы учурда, кыргыз жеринен жыйырмадан
ашык байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу табылганын дал ушул
– Четин Жумагуловдун: “Эпиграфика Киргизии” деген эмгегинен
билебиз. Алардын атактуулары, азыркы Талас шаары турган жерден
табылган жана Айыр-Там-Ой, Куру-Бакайыр, Кулан-Сай, ТерекСайдан
табылган жазуулар. Бизди кызыктырган нерсе, ушул жазууларда
кыргыз санжырасында жолуккан кыргыз уруулары жөнүндө
жазылгандары. Эл оозеки чыгармасында жолуккан баатырлардын
титулдары. Кыргыз санжырасында – отуз уул, кырк уул жөнүндө көп
уламыш айтылат. Аны, айрым санжырачылар - XVIII-XIX кылымда
болгон окуядан алып баяндаса, айрымдары, аны, эң эски окуяларга
аралаштырып айтат.
XVIII кылымга байланыштырып айткан уламышта, кокон
хандыгы мезгилинде ичкилик кыргыздарынан чыккан акылман аял,
жерин коруп келаткан хандын алдынан чыгып: “Жаман киши жер
коруйт, жаман катын эр коруйт”, мен күйөөмдү коруган эмесмин,
ошондуктан отуз уул олжолуу болдум, ону өзүмдүкү – кырк уул
255
ушундан” деп, тайманбай жооп берип, сөзгө жыгат. Ал эми, эски
окуяга байланыштуу айткан санжыраларда, отуз уул уруу
бирикмелеринин башында турган баатырлардын тукумдары. Алар,
бара-бара өзүнчө урууга айланып кеткен.
Таластан табылган руникалык жазууда, дал ушул – отуз уул
жөнүндө жазылган. Өткөн кылымдын аягында, Олуя-Ата уездинде
иштеп турган В.А.Калнаур тарабынан, Таластан табылган руникалык
жазууну биринчи жолу П.М.Мелиоранский, андан кийин Ю.Немета
окуп чыккан. Бирок, булардын окуп чыкканы, орус элинин атактуу
тилчиси, түрколог – С.Е.Маловго анча жаккан эмес. Ал, таштагы
жазуунун транскрипциясын берген, кийин орусча котормосун
келтирген. Анын котормосу мындай: “Имя его – Чур. От вас, тридцать
огланов, от выгод и благ (мира) он отделился (т.е.умер). Вам,
доверенные мужи, Оглан – Чур – наследуя, остался жена его вдовой
осталась”. (75 стр.). Мен, бул жерге, орусча котормосун атайы
келтирдим, анткени, окуган адам сөз эмне жөнүндө баратканын толук
түшүнсүн дедим. Ал эми, транскрипциясы боюнча даярдыгы болбогон
адамдын түшүнүгү кыйын. Байыркы таштагы жазууда өлгөн адамдын
аты – Чоро экени (Чур деп которулган), отуз уул урусуунан бөлүнүп
калганы (өлгөнү) айтылат. Аялы жесир калып, баатыр Чоро баласы
мураскер болгону эскерилет. Бул жазууда, биздин көңүлүбүздү бөлгөн
сөз – “отуз уул” жана “Чоро”. Отуз уул – кыргыз ичиндеги байыркы
уруулардын бири, демек, жазууну жаздырган кыргыздын беги.
Байыркы түрк каганаты мезгилинде, Чоро – бек, хан, төрө дегендей
титулдук мааниде болгон. Эпостордо жолуккан: Күл – Чоро, Кан –
Чоро, Кырк – Чоро дегенди ар бири, бир уруу башчыларынан – хан
ордосуна алынган, алардын эшик ага-бек катары, ордодогу кеңеште
чоң роль ойной турганы маалим. Кийин гана, кырк чоро – кырк жигит
деген мааниге өтүп кеткен. Таластан табылган рун жазууларында:
Кара Барс, Уул Барс, Кара Чоро, Бек Чоро, Агуш Чоро, Агыш Ынал,
Отуз уул, Отуз жоокер деген аттар да жолугат.
Булардын маанисин толук түшүнүү үчүн, өткөн тарыхый
окуяларга кайра кайрылууга туура келет. Л.Н.Гумилевдин берген
маалыматында - 751-жылы, Талас өрөөнүндө, Талас суусунун боюнда,
араптар менен кытай жоокерлеринин кандуу кагылышы болуп,
кытайлардын колунун талкаланышы менен бүткөнү айтылат. Кытай
менен арап кошунунун Таластан жолугушуунун мааниси мындай:
Кыргыз эл оозеки чыгармасы, кыргыз санжырасы боюнча,
кыргыздардын байыркы борбору – Самаркан менен Талас болгон.
256
Таластын ордо болгондугу жөнүндө, “Манас” эпосунда кеңири
айтылгандыктан, элдин баары билет. “Таарынсаң Таласка бар” деген,
жөн эле үндөштүк боюнча айтылып калбастан, түрк каганаты
мезгилинде, уруу башчыларына таарынган баатырлар, кыргыздын
ордосу – Таласка келип, Манас баатырдан мээрим тапкан. “Кулалы
таптап куш кылдым, куйуккан жыйып журт кылдым”, - деп, Манас,
өлөрүндө эскергени бекеринен эмес. “Манаста” – Таластын ордолугу
кеңири сүрөттөлөт. Экинчиден, Манас Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө,
кыргыздын байыркы жайлап жүргөн ата конушуна көчкөн. Мурда,
Манастын атасы – Жакып Орто Азиядан сүрүлүп, Алтайга барган. Ал
эми, Балык манасчы айтып жүргөн кыргыз санжырасында, кыргыздар,
Оторкандын тушунда – Самарканда, Отордо, Таласта турганы
айтылат. Ошол мезгилде арап халифаты күч алып, VIII кылымда Орто
Азияны басып кирет. Жергиликтүү түрктөр, Белеке хандын
жетекчилиги менен араптарга каршы туруп, катуу согуш болот. Бирок,
алы жетпей, эси оой баштаганда, кытайдан жардамга кол сурашат.
Анткени, араптар келгенге чейин: кыргыздар, казактар, кыпчактар –
будду, шаман дининде болуп, кытайлар менен жакын болуп турушкан.
Ошондо, кытайлар, Орто Азияны өзү басып калыш үчүн, жүз миң кол
менен Таласка кирген. Таласта кыргыздарды – Белеке хан баштап,
кытайларга кошулуп, араптар менен салгылашкан. Баары бир
жеңишке жеткен эмес, кытайлар талкаланып, кыргыздар Алтайы карай
сүрүлгөн.
Батыш түрк каганатынын кулашына, жалаң гана араптардын
келиши себеп болбостон, түрктөрдүн ич ара согушу, ошондой эле
уйгур каганатынын күч алышы себеп болгон. Түрк каганаты, көбүнчө табгачтар (кытай) менен алакала турса, Уйгур каганаты – Ирандын
таасиринде болгон. Кыргыздар Алтайга сүрүлгөндөн кийин, бул
жактан бүтүндөй кол үзүп калган деп ойлоого болбойт. Согуштардын
закону боюнча, эл бир жерден экинчи жерге сүрүлгөндө, тып-тыйпыл,
бири калбай кетип калбайт. Алардын көпчүлүгү, ошол багынткан
элдин, баскынчынын алдында аргасыз баш ийип, айтканын кылып
оокатын өткөрөт.
Кыргыздардын Орто Азиядан Алтайга сүрүлгөн мезгили “Манас”
эпосунда сакталып калган. Манасчылар бул учурду:
Кытайдан кыйла кол келди.
Кара жанга зор келди.
Бирин айдап Алтайга
Бирин айдап Кангайга
257
Бири кетти Эренге
Бири кетти Тереңге
Бири кетти Алайга
Бири кетти далайга. –
деп, сүрөтөөлөт. Эпостогу кытай колу – чындыгында, араптардын
кошуну, араптардын согушу мезгилинде болгон окшойт. Араптар,
Орто Азияга жаңы динди – мусулман динин алып келген.
Ошондуктан, башка диндегилер аларга каршы турган. Кийин, көптөн
кийин мусулман динин кабыл алган түрктөр, анын ичиндеги
кыргыздар да, “Манас” жомогун жараткан мезгилинде, биз кайдан эле
бир диндеги – ислам дининдеги араптар менен согушалык, биз
согушсак башка диндеги кытайлар менен согушкан окшойбуз деп,
мурдагы “тарых душманын” трансформациялаган. Анткени, түрк
каганаты мезгилинде, табгачтар менен эң көп жолу согушканы Орхон-Енисей рун жазуусунда ачык байкалып турат. Эми, ушул
жерден: Талас, Енисей, Орхон жазууларына кайрадан көңүл бурабыз.
Анткени, бул жазууларды терең изилдеген - С.М. Малов, И.А.
Батманов, В.В. Радлов, П.М. Мелиоранский сыяктуу окумуштуулар,
Орхондон табылган эстеликтерге караганда, Таластан, Енисейден
табылган эстеликтер, чыгышы жагынан байыркы жана көп жагынан
тамгалары, айрым грамматикалык каражаттары окшоштукта экенин
белгилешкен. Ошондой эле, Таластагы рун жазуусу – эң мурдагы
болуш керек деп, болжолдошот. Дал ушул болжолдон – экинчи бир
логикалык корутунду келип чыгат. Ал биз азыр “Орхон-Енисей
жазуусу” деп жүргөн жазуу – Таластан Енисейге, андан Орхонго өткөн
деген тыянак. Бул учурда, бул жазуунун чыгышына - хорезим-согди
жазуулары негиз болгон болуу керек деген окумуштуулардын
болжолу туура чыгат. Экинчи жагынан, хорезм-согди жазуусу негиз
болгон күндө да, түрктөрдүн - тамга-белгилери чоң роль ойногону
байкалып турат. Анын үстүнө, бул жазууну, Орто Азияда жана Алтай,
Енисей, Орхон боюндагы талаа-түздөгү көчмөн түрктөр колдонгон
окшойт. Енисей эстелиги - деп аталган рун жазуусунда,
эпитафияларда, башка эстеликтер сыяктуу эле – байыркы адабий жанр
– керээз формасынын толук үлгүсү сакталган.
Улук Кеш, Уйук Архан, Уйук Туран, Оттук Таштагы,
Барлыктагы, Элгештеги, Бегредеги, Ча Көлдөгү жана башка
эстеликтерде кыргыздардын баатырлары, Тибетке чейин барган
элчилери жөнүндө маалымат алабыз. Орхон, Енисейдеги, кайсы гана
эстеликтеги жазууга назар салбайлы, байыркы түрктөрдүн ырларын
258
эске салып тургансыйт. Ал эми байыркы түрк ырларында уйкаштык
менен аллитерация үстөмдүк кылып турган.
Могилян (Билге) канга арналган эстелик, Н.М.Ядринцев
тарабынан, 1889-жылы, Орхон дарыясынын боюнан табылган.
Мындагы жазуу, Кул тегинге арналган эпитафияга өтө жакын. Ал
жакындык, жалаң эле мазмундук жакындык эмес, форма, түзүлүшү
жагынан окшош болгондугунда. Далил үчүн, бул эстеликтен айрым
үзүндүлөрдү келтирүүгө туура келет.
“Он жети жашымда тонгутка карай жоортулдадым, Таңгут
калкын буздум (жеңдим), уулун, катынын, жылкысын, мүлкүн анда
алдым.
Он сегиз жашымда Алты Чуб Согдактарга каршы согуштум.
Калкты анда буздум (жеңдим).
Жыйырма эки жашымда табгач(га) карай согуштум.
Чача Сенун(дун) 80түмөн менен согуштум, колун анда өлтүрдүм.
Жыйырма алты жашымда чик журту кыргыз (менен) бирге жоо
болду,
Кем (суусун) кече (кечип), чиктерге карай жортуулдадым.
Өрпөндө согуштум, колун жанчтым
Аз (журтун) элин алдым..... багындырдым. (106-107 беттер).
Бул келтирилген үзүндүдөн байыркы түрктөрдүн ыр түзүлүшүн
байкоого болот. Анын үстүнө ошол мезгилде түрк урууларынын
ичинен чик (чериктер – С.З.), аз (азыктар – С.З.), кыргыздар жанаша
жашап турганы көрүнөт. Кыргыздар Кем (Кемин суусу – С.З.)
суусунун боюнда экени айтылат. Енисей боюндагы таштагы
жазууларда, кыргыздар - Улук-Кем суусунун (Чоң Кемин) куймасында
жашаганы жөнүндө маалымат бар.
Байыркы түрктөрдүн балбалга жазган эстеликтериндеги керээз
ырлары – бир гана формада болгонун белебиз. Анткени, анын мазмуну
ошону гана талап кылган. Түрк урууларынын ыр системасын
изилдеген - В.В.Радлов, Ф.Е.Корш, А.Н.Поцелуевский, В.Гордлевский,
Тадеуш Ковальский сыяктуу окумуштуулар, байыркы түрк ырларында
муундук системанын катуу кармалбаганын (сакталбаганын), туруктуу
эместигин моюнга алышкан. Дал ушул көз карашта, жогоруда
келтирилген керээзге көз жүгүртсөк, муундук системасы ар түрдүү,
бирок уйкаштык менен бириктирилип турган байыркы түрк ырын
көрөбүз.
Дагы бир кызык көрүнүш, Енисей эстеликтеринде: Уйук Туран,
Уйук Архан, Улук Кем, Оттук Таш, Алп Туран, Кунуч Чур, Ча Көл
259
жана башка жер-суу жана адамдардын даражасын көрсөткөн аттардын
жолугушу.
Байыркы санжыраларда, түрктөрдү – Турандыктар деп коюшкан.
Анын үстүнө, Күлүг-Чур дегендеги чур – Чоро деген мааниде экенин
эске алышыбыз керек. Кыргыз санжырасында, Богорстондан тараган
Солтонун бир баласы – Ча жөнүндө да айтылат. Дал ушул, Чанын
мааниси – байыркы Енисей боюндагы эстеликте жатабы деп ойлойм,
Уйук-Турандагы – Уйук, уйгурлардын байыркы айтылышы окшойт.
Анткени, Абылгазысын: “Түрк санжырасында” – уйгур - уйу дегенден
келген, дегендей түшүндүрүү бар. Анын үстүнө, байыркы түрктөрдүн
санжырасында - Уйгур-Угуз мамлекети болгон деп, угуз тукуму кийин
– Турандыктар аталып, VII-VIII кылымдарда - Уйук-Туран аталып
калган сыяктуу.
Орхон-Енисей жазуусундагы маани - VI-VIII кылымдарда, түрк
каганатына кирген элдердин кыргын-сүргүнүн, бийлик үчүн күрөшүп,
элдигин сактап калуу үчүн жоортуул жасаган жерлерин – чыгыш жагы
кытай, түштүк жагы – тибеттен тарта, батышынан, азыркы – Орто
Азияны бүт кучагына алып турганын көрсөтөт. Түрк каганатынын
гүлдөө доорун VI-VIII, анын ичинде, кыргыздардын күч алган
мезгилин тарыхчылар - IX кылымга келтирет. Академик
В.В.Бартольддун изилдөөсүндө “кыргыздардын улуу империясы” – IX
кылымдын орто ченинде, Уйгур каганатын талкалагандан кийин
түзүлгөн. Айрым тарыхчылар, кыргыздардын кол башчысы катары,
ошол мезгилде – Яглакар турган деп эсептешет. Анткени, 1900-жылы,
Моңголиянын Суджи – Даван деген дөңсөөсүндө коюлган балбалда –
“кыргыз уулу” Яглакар хан жөнүндө жазылган эпитафия бар. Анда,
анын Уйгур жерине баргандыгы жөнүндө эскерүү айтылат.
Окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн, бул жазуунун кыргызча
окулушун толугу менен келтиребиз: “Уйгур жерине Йаглакар хан ата
келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Кутту Бага
таркандын буйрук берүүчүсүмүн. Атак-даңкым (кабарым) күн
чыгышка, батышка тийди (жетти). Бай (бар) элем. Агылым (короом)
он, жылкым сансыз эле. Иним, жети уулум үч, кызым үч эле. Уулумду
үйлөндүрдүм, кызымды калыңсыз бердим. Окутуучума жүз эр, турак
(жай) бердим.
Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. Уулум эр
жеткенде окутуучуңдай бол, канга кызмат кыл, кайраттан. Улуу уулум
барды... Көрбөдүм....уул”. (91-бет).
260
Дал ушул кыргыз уулу – Яглакар жөнүндө, өз мезгилинде атактуу
тарыхчылардын бири А.Н.Бернштам кыргыз тарыхына байланыштуу
кеңири изилдөө жазып, ал түгүл “Манас” эпосундагы башкы
каармандын прототиви Яглакар хан болуу керек деген болжолун
айткан. Бул пикирди кийин, казак окумуштуусу М.О.Ауэзов да
колдогон. Ал түгүл – “Манас” эпосунун 1100 жылдыгы, дал ошол
Яглакар хандын өлгөн жылына - 847-жылга туура келе турганын
(1947-жылы 1100-жылдыкты өткөрүү жөнүндө сөз болгон – С.З.) эске
алууга туура келет. Бул маселе - өзүнчө чоң маселе болгондуктан, мен
буга токтолуп отурбайм. Кеп – Яглакар хан жөнүндөгү эстеликте,
Уйгур элине бийлик кылган “Кыргыз уулу” жөнүндө болуп жатат.
Тарыхта, кыргыздар менен уйгурлар 20 жылга созулган катуу
согуштарды жүргүзүп, акыры, кыргыздардын жеңиши менен
бүткөндүгү жөнүндө айтылат. Мунун өзү, кыргыздардын уйгур эли
менен катнашын-чарбалык жана маданий байланышынын ого бетер
тереңдегенин туюндурат.
IX кылымдарда, Уйгурлар, Орто Азиянын жана Сибирдин түндүк
талааларын ээлеген – чоң эл болгон. Алар табгачтарга, түрк
каганатына коркунуч туудуруп турган. 840-жылдары, кыргыздардан
талкалангандан кийин туш тарапка чачырап качып, негизги тобу
түштүккө - Тибетти карай жылган. 847-жылы, уйгур беги – Энянтегин
кол астындагы уруктар менен Амурдун башкы аймагында жашашкан
шивейлерге кирип барышкан. Кыргыздардын ажосу өзүн – хан деп
жарыялагандан кийин, өз алдындагы бүткүл байлыкты пайдаланууга
өткөн. Бул учурда, уйгурлардын өзүнүн жазмасы болгон. Алардын
жазмасы, түрк каганаты колдонгон жазмадан айырмаланып турган.
Бирок, аны уйгурлардан башка түрк элдери колдоңгонун танууга
болбойт. Уйгур ариптерин түркий калктарынын кеңири колдонгонун –
Махмуд Кашкарлыктын: “Дивани лугати түрк” сөздүгүнөн толук
билүүгө болот. Уйгур жазуусун, ошол учурда Орто Азияда жашаган
сугддар (согдор, согдияндар – С.З.) менен түрк урууларынан –
түргөштөр, кыргыздар, кыпчактар, ягма, чигилдер, гуздар
колдонушкан окшойт. Бул жазуунун негизин арамей-сирия жазуусу
түзгөн. Уйгурлар бул жазууну – VI кылымдан тартып пайдалана
баштаган.
Окумуштуулардын берген маалыматына караганда, арамей
жазуусу – нукура тыбыштык жазуу болуп, эң алгачкы башаты, батыш
семит уруулары тарабынан түзүлүп чыгышка оогон. Арамей жазуусу,
биздин заманга чейинки биринчи кылымда түзүлсө, да, кийин: еврей,
261
араб, уйгур, моңгол, манжур жазууларынын түзүлүшүнө негиз болгон.
Буларды тереңдетип баяндап жатканым, дал ушул жазуулардын
көчүрмөсү сыяктуу дүйнөдө адам таң каларлык абалда аралашып,
оошуп, көчүп, улам жаңы мазмунга ээ болуп өнүккөн.
Азыр биз, кыргыздар, бир мезгилде сириялыктар, согдиялыктар
менен да байланышта болгон десек таң кала тургандар табылат. Ал
түгүл, Европага чабуул коюп барган – Атылакан, кадимки тарыхтагы
Аттила – гунн уруу союзунун кол башчысы экенине, көп адам ишене
бербейт. Атыла хан (Аттила) 434-452-жылдары Чыгыш Рим
империясына кол салып, Галияны талкалап, Түндүк Италияга
жоортуул жасаган.
Бул - санжырадагы дарек, түрк урууларынан куралган гунн (хунн)
дардын Европага жасаган чабуулу, тарыхта – V кылымдын ортосунда
болуп өткөн далилдүү окуяга барып такалат. Гунндардын жоортуулу –
Азия менен Европадагы элдерди, маданиятты аралаштырууга алып
барган. Мүмкүн, Венгриядагы кыпчактар, түрк уруулары дал ушул
мезгилде баргандыр. Кийин күч алган Түрк каганаты, арамей же
согдиялык жазуунун негизинде өздөрүнүн жазуусун түзүп, экинчи
бирөөлөрү түрк-уйгур жазуусун өнүктүргөндүр. Эмнеси болсо да,
кыргыздар, Орхон-Енисей жазуусунан кийин, уйгур жазуусун
колдонушкан экен. Уйгур жазуусу болгону он сегиз гана тамгадан
турган. Айрым тамгалар – сөздүн күүсүнө карата өзгөрүп (ичке же
жоон болуп – С.З.), жаңы тыбыштык мааниге ээ болуп 23 тамгага
жеткен. Мисалы, ы, и – бир эле белги менен берилген; К, г – бир белги
менен берилген; т – д – бир белги менен берилген; ч, ж – бир белги
менен берилген; ө, ү – бир белги менен берилген. Уйгур жазуу
тамгалары да – сөз башында, ортосунда, аягында өзгөрүлүп
колдонулат, бирок айрым тамгалар – а, т, д анча өзгөрбөйт.
VIII – IX кылымдарда араптардын Орто Азияга кириши жаңы
жазууну алып келген. X кылымдын аягында караханиддердин ислам
динин кабыл алышы, арап жазуусун кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк
түзгөн. Дал ушул кезде, уйгур жазуусу менен ийиндеш арап жазуусу
да колдонулуп турган. Муну биз, ушул мезгилдеги түрктөрдүн орток
чыгармасы катары эсептелип жүргөн – Махмуд Кашкарлыктын
“Дивани лухати түрк” (“түрк тилинин сөздүгү”) жана Жусуп Хос –
Хажибдин, “Кутадгу билиг” (Кут алчу билим) Ахмад Югнокийдин
“Хибат – ул – ханойик”, Жусуп Амирий жазган “Дахнаама”
чыгармаларынын арапча жана уйгурча тамгалар менен жазган
нускалары бардыгынан билебиз. Бүткүл түрк элине тараган жана
262
алардын санжырасынын башатын кымтып турган: “Огуз-Нааме”
(Өгүзнаама, Угузнаама деп да аташат – С.З.) да, уйгур жана арап
тамгалары менен жазылып элге тараган. Кыргыз санжырасында – Угуз
(огуз, уузхан, өгүз – С.З.) жөнүндө эң көп уламыштар айтылат. Угуз
хандын мамлекетинин батыш жагы – Аму Дарыя, Каспий көлү, түндүк
жагы - Эдил-Жайык, Арал Көлү. Чыгыш жагы – Опол суусу, Хотон
калаасы, түндүктү карай Алтай тоосу, Ертиш суусу, түштүк чыгышы –
Үрүмчү, Талас болгон. Угуздун уулу Карахан – Самарканда турган.
Бул – Карахан, Барак хандан туулган, Карахан менен алмаштырууга
болбойт. Булардын ортосунда көп ата жатат. Угуз-уйгур
мамлекетинде, уйгур жазуусу колдонгону айтылат. Кийин, Угуз
мамлекетин Ирандар басып алганда, Самара суусу, өрөөнү – Зарафшан
аталып калган, тажиктер ошондо көчүп келишкен. Булар жөнүндөгү
кеңири санжыраны – Балык Кумар уулу (манасчы – С.З.); “Ортохан”
жомогу деп, “Манаска” чейинки кыргыздын тарыхы, санжырасы
катары ыр менен айткан. “Оторканда” негизги дин – будду - куну-куту
жөнүндө болгон. Кийин, мусулманчылык күчөп, ислам дини үстөмдүк
кылган учурда, “куну-куту-будда жөнүндө айткан адам каапыр болот”
деген, молдолордун сөзүнөн коркуп, Балык манасчы: “Оторкан”
жомогун айтпай калган. Ошентип, кыргыз элинин байыркы
санжырасы – көркөм тарыхы унуткарылып, майда уламыштарга
айланып, элге сиңип кеткен. О, кийин, ортодон көп кылым өткөндөн
кийин – Жусуп Бала Сагын (Баласагун – деп жүрөт –С.З.) тарабынан,
таптакыр башка мааниде, башка планда – кут жөнүндөгү жомоктор,
уламыштар жаңырып чыга келди. Албетте, байыркы түрктөрдүн
уламышын билбеген адамдар үчүн, бул – жалган угулат.
Балык манасчы айткан “Оторкан” жомогун: Жаныш, Чөжө деген
акындар андан үйрөнүп, айтып жүрүшкөн. Бирок, экөө тең казактарга
кетип, бүткүл билген ыр, жомогун казак тилинде айтып, казакташып
кеткен. Жаныш – кыргыздын кушчу уруусунун сабатар уругунан. Бул
акын, карыганда элин сагынып, кайтып келген, өз жеринин, киндик
каны тамган жеринин топурагы буйруду.
Чөжө - кыргыздын саруу уруусунан, эки көзү азиз болгон. Казак,
кыргызга бирдей ырдаган, курч сөздүү, төкмө ырчы. Хан, бийден
тартынбай ырдап, кадырга жетишкен. Казактын көп акындары менен
айтышып жеңген. Казактар аны Шеже акын деп урмат, сый менен
эскеришет. Чөжөнү, Абайдын атасы – Кунанбай сыйлап, урмат
көрсөткөн, казак адабиятында, Чөжөнүн: Алшынбай, Кемпирбай,
Балта, Орунбай акындар менен айтышканы аңыз болуп айтылат. Бул
263
акын жөнүндө, Чудагы казактардан да көп уктум. Чөжө казакка сиңип
кетип, келген жок. Мен буларды эскерип жаткан себебим, байыркы
“Оторкан” жомогу (элдик “Огуз-Нааме” – С.З.), казак, кыргыз элине
бирдей тараганын гана түшүндүрүү эле. Анткени, байыркы уйгур
жазуусу менен элге тараган “Огуз-Нааме” орто кылымда жазылган,
тарыхый китептерде, санжыраларда келки-келки келтирилип
пайдаланылган. Буга мисал катары, XIII-XIV кылымдын атактуу
тарыхчы-энциклопедисти, табыпчысы – Рашид Ад-дин фазлаллах ибн
Абул-Хайр Хамаданинин: “Жамы ат-таварих” (“Тарыхтардын
жыйындысы”), XVII кылымдын көрүнүктүү тарыхчысы, санжырачысы
- Абул-Гази Бахадур хандын: “Шажарайи – түрк” (“Түрк элинин
санжырасы”) деген эмгектеринде; “Огуз-Наама” деги фактыларды,
уламыштарды толук учуратууга болот. “Огуз-Наама” – мусулман
тарыхчыларына, түрк санжырасына да, эң катуу таасир берген. Көп
санжырачылар өздөрү айткан санжырада, “Огуз-Наамадан” келген
үзүндөрү айткан санжырада, “Огуз-Наамадан” келген үзүндүлөрдү,
уламыштарды билбей деле айта беришет. “Огуз-Нааме” – Орто
Азиядагы түрк элдеринин орток чыгармасы, кыргыз санжырасынын
бир чоң варианты – ушул чыгармада жатканын танууга болбойт.
Буларды толук түшүнүү үчүн, ошол мезгилдеги – Орто кылымга
чейинки түрк элинин аралаш жашаган, бир кандыкта болгон, бир
жоортуулда болгон турмушун, алардын орток маданий бирдигин
түшүнүш керек. Ошондо гана Жусуп Баласагындын, Махмуд,
Кашкарлыктын – “түрк эли”, “түрк сөзү” дегенди, бекер айтпаганын
билебиз.
Жусуп баласагын: “Кут алчу билим” чыгармасын, биздин санак
боюнча – 1069 - 70-жылдары жазып бүткнөдүгү жөнүндө далил бар.
Андан башка, бул санат түрүндөгү поэмасын, биринчи жолу түрк
тилинде жазып бүткөн.
Жусуп баласагындын бул өз сөзүнөн кийин, бул чыгарма кайсы
тилде биринчи жолу жазылган деп талашып отуруунун кажаты жокко
деп ойлойм. Илим дүйнөсүндө, бул кол жазма жөнүндө көп талаштар
бар. Аны – уйгур элине гана таандык кылып алгандар да жолугат.
Орток маданий мурас катарында изилдөөлөр да бар. “Кута алчу
билим” жөнүндө (“Кутадгу билиг”): А.Вамбери, В.Радлов, В.Томсен,
В.В.Бартольд, С.Е.Малов, А.Н.Кононов, Е.Э.Бертельс, А.Валитова
сыяктуу,
дүйнөлүк
атакка
ээ
болгон
окумуштуулардын
изилдөөлөрүндө бир топ терең пикирлер айтылган. Кийинки
мезгилдерде, кыргыз адабиятчылары, тилчилери, тарыхчылары
264
тарабынан да буга көңүл бурула баштады. Айрыкча, профессор
К.Артыкбаевдин, академик Б.Орозбаеванын тарых илимдеринин
доктору Ө.Караевдин пикирлери көп кыргыз окумуштууларын ойго
салат го деп ойлойм. Анткени, түрк элдеринин ичинен Жусуп
Баласагынга эң жакын турганы – кыргыздар. Жусуп Баласагын, өз
улуту кайсы экенин жазып кетпеген менен, туулган жери –
Баласагындын жазып кеткен. Баласагын болсо, байыртадан кыргыздар
жайлап жүргөн – Жылгын Башыны (Токмок шаарынын) түштүкбатыш тарабында – Бурана. Баласагын калаасы – дал ушул жерде
болгондугун, археолог А.Н.Бернштам да ырастаган. Кийин, мунун
пикирине каршы чыккан окумуштуулар да болду, анткени,
окумуштууларда өзүнчө ой айтууну жакшы көргөн адамдар да бар
эмеспи. Менин максатым – кыргыз санжырасына тиешелүү жагын
гана айтуу болгондуктан, Баласагын жөнүндө кыргыз санжырасында
кандай маалымат бар – ошого гана токтолоюн.
Кыргыздын “Манаска” чейинки тарыхын, санжырасын кымтыган
“Оторкан” жомогунда мындан 3 миң жыл мурда – Угузкандын
мамлекети Орто Азиядан чыгыш Моңголияга чейинки жерди ээлеп
турганын эскерткен элек. Ошол, Угузкандын мезгилинде азыркы түрк
тилинде сүйлөгөн элдер – түрк уруулары деп аталбастан, Угуз
уруулары деп аталып турган экен. Ошол – Угуз урууларына мындай
уруулар кирген: кыргыз, казак, кыпчак, курама, жедигер, калча, кытай,
катаган, 19 уруу коңурат, 12 уруу тайчык, кара калпак, ногой, түркмөн,
эштек, кыят, кошкурт. Бул уруулар – Угуз ураанын чакырышкан.
Угузду, бул уруулар, тил өзгөчөлүгүнө жараша, бири – Угуз десе, бири
Огуз, бири Өгуз, бири Гуз деп аташкан. Ошондуктан, Огузхан, Өгуз
хан жөнүндөгү уламыштарында жолуккан даректер, дал ушул Угузхан
жөнүндө болуп жатканын түшүнүү керек. Ошол Угузхандан –
Карахан, андан – Барак хан, андан – Ороз, андан – Оторхан
(санжырада – Отрар деген шаар, ушул Оторхан шаарынын кийин
бузулуп айтылышы деп берилген – С.З.).
Оторкандын бир аялынан – Уркер (Уркенич шаарын негиздеген
экен – С.З.), бир аялынан – Көкчө. Оторкандан кийин, Угуздарга –
Бараккан хан болот. Бараккандан – Аланча хан, андан боорукер тууган
– Боруке хан, андан, аты чуулу – Атыла хан, андан кан ичме – Карача.
Кан ичме Карачтын тушунда эл бузулуп, Угуз уруулары өз ара
чабышып кетет.
Отор шаарын алууга – Мусалимдин уулу Кутайба келген. Ал
Оторду өрттөп, Бала Сагын шаарын талкалаган. Илимий тарых боюнча
265
Кутайба Орто Азияны 704-715-жылдары каратып бүткөн. Ушул
жылдары Отордогу жана Баласагындагы кыргыздардын айрым
бөлүктөрү – Алтайдагы Найман кангы хандыгын карай сүрүлгөн.
Бала Сагын шаары кайра гүлдөп, XIV кылымга чейин Чүй
боюндагы түрктөрдүн негизги шаары болуп турган. X кылымдарда –
Баласагындагы түрктөр мусулман динин кабыл алып, ал түгүл, кабыл
албаган көчмөндөргө каршы – казабат ачып калган. XI кылымдарда
мусулмандардын негизги борборунун бирине айланып, негизинен
Кашкардагы Буура ханга баш ийип турган. Муну биз, Жусуп Бала
Сагындын: “Кут алчу билим” чыгармасынан билебиз.
Бул жерден биз, кичине чегинүү жазап, VIII кылымдан кийинки
Баласагын шаарынын чөлкөмүндөгү түрк элинин, огуздардын саясий
абалынан анча-мынча айтпасак, “Кут алчу билимдин” жазылуу доору
жөнүндө жана андагы окуялардын негизги идеясы жөнүндө так
түшүнүк ала албай калабыз. Араптар Орто Азияга киргенден кийин,
аларды күч менен баш ийдирип гана тим болбостон, дилин, динин
алууну негизги максат кылган. Анткени, дилин бербеген эл – белгисиз
жанар тоо сыяктуу. Алар эртедир-кечтир атылып чыгып, тегерегин
ойрондоп кетет. Аны жакшы түшүнгөн арап Халифаты, биринчи кезде
дилин алып, жаңы динди – мусулмандардын динин – Исламды
кийирүүнү негизги максат кылган. Экинчи жагынан, X кылымдын
ортосунда, Каспий жана Кара деңиздин түндүгүн, батышын бүт
ээлеген – Хазар каганатынын таасиринен коргоо максатында,
ылдамыраак динге киргизип алса, өздөрүнүкү болуп, негизги тирек,
негизги жардамчы болуп, арап Халифатынын түндүгүн жоодон тосуп
турганга жардамы тиймек. Дал ушундай шартта, көчмөн түрктөрдүн –
“Көк Теңир” кудайын – Аллага алмаштыруу, күч менен болсо да,
ишендирүү менен болсо да, ишке ашырыла баштаган.
Караканиддердин ислам динине кириши жөнүндөгү легендада,
биринчи ислам динин кабыл алган – Сатук Богра хан Абд ал-Керим.
Бул адам - 955-жылы өлгөн. Кыргыздар Богра ханды - Буура-хан деп,
айтышат. Ал – Караханиддердин мамлекетинин ханы, ордосу –
Кашкарда болгон. Жусуп Баласагындын чыгармасы, негизинен –
Тавгач-Богра Кара хандын жаркын элесине арнап, мусулман динин
туу кылып жазган. Ал эми, караханиддердин мезгилинде, түрк
урууларынын ичинен – чигилдер чоң роль ойноп турган. Бирок, булар,
X кылымдын ортосуна чейин мусулман динин кабыл алган эмес.
В.В.Бартольддун
берген
маалыматына
караганда,
түрк
урууларынын негизги тобу - 960-жылдардан кийин гана ислам динин
266
кабыл алган (Том I, 315-316 бет, М., 1963). Акырындык менен ислам
дини – мамлекеттик дин катары, бүткүл түрк урууларын кучагына
алып, курандын ар бир аяты ыйык нерсеге айланган. Ошондуктан,
куран жазылган – арап тили, арап жазуусу, мурдагы түрктөр
колдонгон – уйгур жазуусун сүрүп чыгара баштаган. Жусуп Бала
Сагын: “Кут алчу билимди”, биринчи жолу – түрк тилинде, арап
тамгасы менен жазган деген так маалымат бар. Ал эми, Кашкардагы –
Буураханга тартууга берген поэмасын, Жусуп Бала Сагын – уйгур
жазуусу менен жазып берген. Ошентип, уйгур жазуусу, арап жазуусу
менен жанаша өмүр сүргөн менен, XV кылымдан кийин массалык
колдонушун токтоткон. Бул болсо, уйгур жазуусунун түрк тилиндеги
өзгөчөлүктөрдү толук камтый албагандыгынан эмес, жалпы эле
мамлекеттеги, каганаттагы саясы үстөмдүктүн – ислам динине
биротоло өтүшү деп, түшүнүүгө туура келет. Ислам динине берилген
кагандар, курандын аяттарын гана ыйык тутпастан, андагы ар бир
тамга – арап жазуусу ыйык деп, жарыялашкан. Мындай түшүнүктү,
биз өзүбүздүн тарыхыбыздан да билебиз.
Үстүбүздөгү кылымдын 20-жылдарында, айрыкча 30-жылдарда
арап тамгасы менен жазылган чыгармаларды – жоо катары баалап,
көрсөткөн учур болгон. Ошондуктан, ислам динине каршы чабуулду –
арап тамгасын, арап жазуусун колдонбоодон баштадык. Бат эле латын
тамгасын чанып, орус алфавитине өттүк. Мунун өзү – жазуудан
саясатты көргөндүк. Дал ушундай түшүнүк, мурда да – тарыхта
болгон. Мсулман фанатиктери, баардык жазуудан – арап жазуусу, арап
тамгасы өйдө деп отуруп, башка жазууларды сүрүп чыгарып отурган.
Жусуп Бала Сагындын: “Кут алчу билими”, алгач арап тамгасы
менен жазылуусу да, ошондон го деп ойлойбуз. Бирок,бул чыгармада,
кыргыз элине таандык бир топ түшүнүктөр бар. Ал түшүнүктөр, чыгарманын темасынан башталат. Темасы дегеним, чыгарма – “Кут
алчу билим” деп аталганы. Кут – түрк урууларынын байыркы дини,
ишеними. Кыргыз, казактарда – бул ишеним, кийинки мезгилдерге
чейин катуу саналып келген. Ал түгүл, XIX кылымдарда, кыргыздарда
– куткүйү, “кут тоосу” – деген ырасмы колдонулган. Куткүйүдө - отту
таң атканча жаккан. Адамдардын ишениминде, от жагылган үйгө
асмандан кут түшөт дешкен. Кут түшкөн үй – бактылуу болот,
ырыскы кетпейт. Мындай түшүнүктөр, элдик жөө жомоктордор да
сакталып калган. Кыргыз элинде: “Хан менен увазирдин аңгемеси”,
“Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы” жомокторунда –
кут жөнүндө айтылат. Кызына эрегишкен каардуу хан: - Мыкты
267
болсоң, мынабу келесоону хандык даражага жеткир! – деп, кызын
макоого берип үйүнөн айдап чыгат. Үйүнөн кетип бараткан кыз: - Ата,
акыркы суроом, мүмкүн болсо бүт элимди бир күн от жактырба, башка
тилегим жок, - дейт. Хан кызынын суроосун канагаттандырып, бүткүл
элин бир түнү от жакпагыла деп буйрат. Хандын кызы, баягы
келесоону ээрчитип, жар башына жарты алачык тигип, таң аткыча от
жагып – кут күйүп отурат. Асмандан түшкөн кут – жападан жалгыз
күйгөн отко түшөт. Хандын кызы – бактылуу, келесоо күйөөсү –
акылман, айлакер болот. Хандан бакыт качып, баягы – келесоо хан
болот. Бул жомоктун негизги идеясы – куттун адамга бакыт алып
келгендиги жөнүндө болуп жатат.
Жусуп Бала Сагын дал ушул түшүнүктү китебине тема кылган.
Китептеги окуялардын андан аркы өнүгүшү, азыркы учурда, кыргыз,
казакта айтылып жүргөн жөө жомоктордун негизги темасына тикедентике үндөш келет. “Миңбай менен Жузбай”, “Таз менен хан кызы”
деген жомоктордо, Жусуп Бала Сагындын поэмасындагы башкы
каармандарынын аты жөнүндөгү түшүнүктөр бар. Аны так элестетүү
үчүн, “Миңбай менен Жүзбай” жомогунан кичине үзүндү айтууга
туура келет. Жомок мындай башталат: Илгери-илгери Миңбай менен
Жүзбай болуптур. Миңбайдын миң кою бар экен, Жүзбайдын жүз кою
бар экен. Миңбайдын бир уулу бар экен, ал коюн кайтарып жүрөт.
Миңбай менен Жүзбай жайлоого чыкса бир чыгат, кыштоого түшсө
бир түшөт. Бир күнү Миңбайдын баласы менен Жүзбайдын баласы
койлорун жайып чыгышат. Бир мезгилде Миңбайдын баласы
Жүзбайдын баласына келсе ал карагайдын көлөкөсүндө уктап жатат,
койлорун бүт карышкыр кырып кетиптир. Миңбайдын баласы
Жүзбайдын баласын жулкулдатып: - Койлоруңду карышкыр кырып
кетиптир, эмнеге уктап калдың, - дейт. Анда, Жүзбайдын баласы: Сен эмне ойготосуң, кызык түш көрүп жатыпмын, койлорду кырмак
түгүл жеп кетсин, сенин эмне жумушуң бар? – деп уруша кетет. Экөө
көпкө мушташып, чарчап барып, эки жерге отурат. Бир оокумда,
Миңбайдын баласы: - Кандай түш экен айтчы? – дейт. Анда,
Жүзбайдын баласы:
- Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон чоң тууп
жатыптыр, аягын көрсөтпөй ойготуп жибердиң? – дейт. Миңбайдын
баласы ойлоно калып: - Ошол түшүнңдү мага сатасыңбы? – дейт.
Жүзбайдын баласы, менин канча коюм өлсө, ошончо кой берсең
сатамын, - дейт. Ага Миңбайдын баласы макул болот. Өлгөн койлорду
санаса туура жүз кой экен. Айткан коюн берип, “саттым, алдым”,
268
“саттым, алдым”, - деп, үч жолу кайталашып бүтүм кылат. Бул
бүтүмдү, Миңбайдын баласы, атасына айтып келет. Ал баласын сабап,
үйүнөн кубалап жиберет. Мындан кийин, жомокто, Миңбайдын
баласынын башынан өткөн укмуштуу окуялары башталат. Ал
акырында, ай десе арксыз, күн десе көрксүз хандын-бектин кызына
үйлөнүп, өзү хан болуп жатып калат. Ошондо ал: - “Башыма күн
тууган, аягыма ай тууган, ортосуна чолпон чоң тууган” түшүм туура
келди, - деп, сатып алган түшүн эскерет. Жомок ушуну менен бүтөт.
Жусуп Бала Сагындын поэмасы менен тааныш адам бул жомокту
уккандан кийин, экөөнүн ортосунда бир жалпылык, окшоштук бар
экенин сезет. Ал окошоштуктар – каймана айтылган образдарда жатат.
Жусуп Бала Сагындык, биз баяндаган байыркы эл жомогун билген
болуу керек деп, болжолдобуз. Ошол үчүн ал: “Кут алчу билимдин”
негизги каармандарынын бири – Күн чыкты, экинчиси – Ай толду,
үчүнчүсү – Акдилмиш, төртүнчүсү - Өткүрмүш деп атаган. Булардын
символу – байыркы эл жомогундагы: Акыйкат, Дөөлөт, Акыл, Каниет
жөнүндөгү уламыштар.
Акыйкат – поэмасында, Күн чыкты – Эликтин образында
берилген. Поэманы кыргызча которгондо – “Элик” деп берген. Муну,
айрым изилдөөчүлөр – Караханиддердин мезгилиндеги эң жогорку
титул болуу керек, анын алгачкы формасы; “илик”, “илек” же “илиг”
деп, ошонун тегерегинде ой жүргүзөт. Жусуп Баласагындыктын: “Кут
алчу билим” чыгармасында бул эч кандай титулсуз эле азыркы –
ээлик, ээси деген сөз. Бийлик ээси, мамлекет башчысы дегенди,
байыркы түрктөр – “Элик” деп койгон (древнетюрский словарь, Л.,
1969, 170 стр.). Бул поэма – байыркы түрк тилинде жазылганын,
Жусуп ачык эле айткан:
Китеп көп арап, тажик тилдеринде,
Бул китеп эң биринчи биздин тилде.
Сен үчүн түркчө ырлар тартуу кылдым,
Оку да, мага арнап дуба кылгын (24-бет).
Котормочу буга түшүнүк берүү керек эле. Байыркы түрктөрдө Элик, азыркы – ээлик, ээси, эл башы, ханы, башкаруучусу деген эле
мааниде болгон. Муну түшүнбөгөн окуучу, “Элик” – десе, тоодогу
эликти түшүнүп калат. Поэмада – падыша элик Күн чыкты: Дөөлөт,
Бакыт, Айтолдунун айтканы менен болуп, иш алып барат. Бакытты
жээрибейт, Дөөлөттү теппейт. Адамда бийлик, дөөлөт болгону менен,
акыл болбосо заматта жоголот. Ошондуктан, бийлик ээси –
акылдуунун сөзүн угуп иш алпарат. Акыл – Акдилмиштин образында
269
поэмадан орун алган. Бирок, бийлик да, акыйкат да, дөөлөт да каниет
кылып, акыл токтотпосо, тобо кылып турмуштагы ийгиликке ыраазы
болбосо, ач көздүк жеңип, адам бактысыз болот. Жусуп
Баласагындыктын бүткүл турмуштук философиясы дал ушуга барып
такалат. Кутту күтөм десең, бактылуу болом десең, эмгектин
ийгилигине, акыйкаттын жеңишине, акылдын күчүнө баш ийип тобо
кыл. Турмуштагы каниетти Жусуп - Өткүрмүштүн образы менен
берген. “Кут алчу билимдин” тарыхый мааниси мында гана эмес, бул
чыгармада, орто кылымдагы түрк элинин философиясы, педагогикасы,
моралы, этикасы, үрп-адаты, тарыхы – бүтүндөй камтылган. Адамдык
уулу түшүнүктөрдү, ошол мезгилде үстөмдүк кылган санат-насыят,
терме формасындагы бейт менен жазган. Бул поэманын, түрк тилинде
жазылганынын өзү эле, азыркы: кыргыз, казак, өзбек, уйгур, кыпчак
жана башка түрк тилинде сүйлөгөн элдердин орток чыгармасы деген
жыйынтыкты берет. Ошондой эле,поэмадагы образдар, кыргыз,
казактардын эл оозеки чыгармасындагы идеяларды улантканы
көрүнүп турат. Муну айрым окумуштуулар, уйгур тилинде же түрк
тилинде жазылганбы деп талашканда (В.В.Радлов, С.Е.Малов), уйгур
тилинин өзү да – түрк тилине кире турганынын эсинен чыгарып
коюшканбы деп, ойлойм.
Же болбосо, С.Е.Малов: “что Юсуф Баласагунский сочинял и
писал свое произведение арабскими буквами, а затем уже, возможно в
качестве подарка хану “Кутадгу билиг” было переписано уйгурским
шрифтом” (Малов С.Е. Памятники древнетюрской письменности, М.,
Л., - 1951, 224-стр.), деп, жазбаган болор эле. Анткени, поэманын
бүткүл сюжети – мусулманчылыктын, исламдын адеп-ахлактык
түшүнүгү менен коштолуп жүрүп отурат. Дал ушундан эле, Арстан
хандын небереси, Али-Хасандын уулу, акыйкат менен диндин
таянычы, улуу жеңгер, ашкан айкөл, ардактуу улуу өкүмдар – ТавгачБагра-Кара-хандын жаркын маанайын урматтоо менен, ага арналып
жазылып жаткан чыгарма – арап шрифтин колдонуу менен түрк
тилинде жазылса, аны уйгур тилине которуунун жана уйгур жазуусу
менен жазып берүүнүн кандай зарылчылыгы болсун. Богра-Кара-Хан
уйгур болсо да, кыргыз болсо да, чигил болсо да, корлук, ягма, түкен
болсо да – түрк тилинде жазылган немеге түшүнмөк. Ал эми,
Жусуптун: “Кут алчу билиминин” – Венадан табылган нускасынын
уйгур жазуусу менен жазылып калышы, адеттеги эле көрүнүш деп,
баалоого болот. Анткени, X-XV кылымдарда, Орто Азиядагы түрктөр:
арап жазуусун да, уйгур жазуусун да колдонуп келишкен, XV
270
кылымдан кийин гана, арап жазуусу үстөмдүк кылып кеткен. Уйгур
жазуусу бара-бара колдонуудан кала берген. Орто кылымдагы түрк
элине орток маданий мурастын бири – Махмуд Кашкарлыктын “Түрк
сөздөрүнүн жыйнагы” (“Девону лугатит түрк”). Изилдөөчүлөрдүн
пикирине караганда Махмуд Кашкардык азыркы Ысык-Көлдүн
жээгиндеги Барскоон шаарында туулган. Жалпысынан Жусуп Бала
Сагындын жердеши. Караханиддер мезгилиндеги замандаш
окумуштуулар. Жусуп Бала Сагын: “Кут алчу билим” поэмасын 106970-жылдары жазып бүтсө, Махмуд Кашкарлык 1072-1083-жылдары:
“Түрк сөздөрүнун жыйнагын” (“Девону лухатит түрк”) бүтүрдү. Үч
томдон турган бул жыйнак, негизинен, орто кылымдагы түрк
сөздөрүнүн түшүндүрмө сөздүгү катары түзүлсө да, кыргыздын
байыркы адабияты, тарыхы, үрп-адатын, этнографиясын, тилин
изилдөөгө көп пайдасы тиет. Мында бир гана түшүнүктү тактап
өтүүгө туура келет. Мурдагы түрктөрдү азыркы өзүнчө улут болуп
калган түрктөрдүн мезгилиндеги түшүнүк менен чектөөгө же баалоого
болбойт. Мурдагы түрктөр, муну орой салыштырсак, бир улуттагы –
уруулар сыяктуу болгон. Ошондуктан ошол мезгилдеги жазууларда ар
убакта бирге каралат. Ошондуктан Жусуп Баласагын да, Махмуд
Кашкарлык да “түрк сөзү” дегенди бир улутка таандык кылгандай
айтат. Ошондуктан түрк элин көп аралап, элдик адабиятын жыйнаган,
тилин, жазуусун изилдеген академик В.В.Радлов да, ар дайым – түрк
урулары деп жазат. “Түндүк түрк уруулары” деп, азыркы түрк тилинде
сүйлөгөн көп улуттарды, элдерди эскерет. Ошондуктан, Жусуп Бала
Сагындыктын “Кут алчу билим” чыгармасын, Махмуд Кашкарлыктын
“Түрк сөздөрүнүн жыйнагын” бир улутка таандык кылып талашуунун
зарылчылыгы жок. Бул – түрк элинин орток адабий мурасы.
Махмуд Кашкарлык, өзүнүн эмгегиндеги сөздөрдү: кыргыз,
кыпчак, огуз, түркмөн, чигил, ягма, тукси, каблаларды кыдырып
жыйнаганын ачык эле жазган. Андай болсо, азыр аларды бир элге
таандык кылып, талаш-тартыш кылуунун кандай зарылчылыгы бар.
Кайра, бул мурастардын орток болгону сонун эмеспи. Биз – түрк эли,
орто кылымда эле бир эл, бир боор турбайбызбы. Ошондуктан,
кыргыздардын: арап, уйгур жазуусун колдонуп калтырган адабий
мурасы катары “Кут алчу билим” менен “Түрк сөздөрүнүн
жыйнагын”, ал түгүл “Огуз намени” атоого болот. Айрым бир
фактылардан улам, перстердин “Шах-намесинин” да түрк элине
тиешеси барбы деп кетем. Анткени, Саманийлер мамлекетинин
мезгилинде түрктөр менен перстер жакшы эле аралашкан экен. IX-X
271
кылымдарда, саманийлер мамлекетинин борбору – Бухарада болуп:
Ош, Өзгөн, Хожент аймактары, Аму дарыя жээги (анда Жейхун
дешкен – С.З.) бүт аларга карап, ал жерде жашаган түрк урууларына
ирандын байыркы маданиятын сиңирүүгө көп аракет кылышкан. X
кылымдын экинчи жарымынан тартып, саманийлер мамлекетинин
мыкты адабий чыгармасы катары таанылган “Шах-наменин” кара сөз
түрүндө жазылган төрт варианты элге кеңири тараган. Дал ошол кара
сөз түрүндөгү шахтардын санжырасынын негизинде, Дакихинин
поэтикалык формадагы “Шах-намеси” жарала баштаган. Бирок, аны
трагедиялуу өлүм аягына жеткирген эмес. Бул чыгарма, дүйнөлүк
адабиятка - Абу-ль-Касым Фердоусинин аты менен таанылды.
Ошентип, шахтардын санжырасын жазууда, ал хандарга караган
жерлердеги элдердин байыркы миф, легендалары бүт камтылган.
Фердоуси, Саманийлер мамлекети турган жердеги бүт элди кыдырып,
материал жыйнап, мурдагы “Шах-наменин” кара сөз менен жазылган
төрт вариантын жана Даникики тарабынан жазылган ыр түрүндөгү
вариантын
да
пайдаланган.
Фердоусинин
“Шах-намесин”
изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда, Даникинин эки миңдей ыр
сабын – ошол боюнча поэмага кийирген.
Ал мезгилдеги жазуулардын чыгармачылыгында, өзүнөн мурдагы
чыгармаларды вариантын колдонуу, адеттеги эле көрүнүш болгон.
Фердоуси “Шах-наменин” биринчи вариантын 994-жылы бүткөн.
Андан көп узабай эле, 999-жылы, көчмөн түрктөрдөн түзүлгөн
Караханиддер (мамлекетинин) кол салып, саманий мамлекетин
талкалаган. Бийликке – түрк уруусунан чыккан Султан Махмуд
Газиеви келген. Дал ошол Махмуд Газиевинин түшүнда, Фердоуси
мурдагы бүткөн “Шах-намесин” бүтүндөй кайра карап чыгууга туура
келген. Мунун өзү, түрктүн элдик уламыштарына миф, легендаларына
көп көңүл бөлгөн дегенди билгизет. Аны, акындын, султан Махмудга
жазган мактоо ырынан да көрүүгө болот. Фердоуси “Шах-наменин”
экинчи вариантын жаратканга 16 жыл кетирген. Бул мезгилде, арап
жазуусу жакынкы чыгышты жана Орто Азияны бүт кучагына алып
калган. Бара-бара, ислам дининин мамлекеттик динге айланышы,
бүткүл маданий мураска, түшүнүктөргө, эл адабиятына катуу таасирин
тийгизе баштаган. Султан Махмуд Газиеви бийликте турган
мезгилинде, арап, иран адабиятында – дидактикалык поэзия аябай
гүлдөй баштайт. Прозалык чыгармаларында дидактикалык сюжеттеги
эпостолярлык жанр өнүгөт. Атасынын баласына айткан акыл-насааты,
турмуштун бүткүл тармагынан кабар берген педогогикалык романга
272
айланат. Бул жагынан бүткүл перс, түрк элине таанымал “Кабус-наме”
пайда болот. Онунчу кылымдын аягында, XI кылымдын башында,
философилык лирикасы менен атагы чыккан, энциклопедист - АбуАли ибн Синанын чыгармачылыгы бүткүл чыгышка тарайт.
Кыргыздар аны Улукман аке дешет. Улукман акенин дарыкерлиги
жөнүндө эң көп легендалар айтылат. Бир жолу, Улукман аке эл
кыдырып жүрүп, жети жыл төшөктө жаткан оору адамга жолугат.
Анын тамырын кармап айыкпасын айтат. Бирок, ортодон он күн
өтпөй, баягы төшөктө жаткан жигиттин ойноп жүргөнүн көрөт да, таң
калат. Жигитти эмнеден айыктың десе, төөнүн сүтүнөн дейт. Ошондо,
Улукман аке: - Атаңдын көрү ай, айыгаар оорунун дарысы - өзү келет
деген, чын экен го, сага; жети жыл туу калган төөнүн сүтү жана кара
чаар жылаандын уусу керек эле, мен алар табылбайт го деп,
айыкпайсың деп койгом элем. Көрсө, төөнүн сүтүн саап койгондо,
жылаан уусун төгүп кеткен тура, - дейт. Улукман аке жөнүндө мындан
башка көп легендалар айтылат. Мунун өзү, Султан-Махмуд
Газиевинин мезгилинде: перс адабияты, маданияты менен түрк
адабияты, маданиятынын аралашканын көрсөтөт.
Ибн Синанын философиялык адабий мурастары, перс
адабиятынын: Омор Хайям, Насир Хосров, Хафиз, Жами сыяктуу
залкар өкүлдөрүнө чоң таасирин тийгизген. Биз, ибн Синаны айтып
жатканда, анын чыгармачылыгынын Бухарадан башталганын жана
Орто Азиядагы жашаган элдердин баардыгына бирдей аты тараганын,
хорезмдик аль-Бируни сыяктуу окумушутуулар менен кат алышып
турганын, өзүнөн мурдагы филосову - аль-Фарабини пир тутканын
эске алып жатабыз.
Аль-Фарабинин чыгармачылыгы бүткүл түрк элине орток –
мурас. Казактар, бул окумуштуунун Отрарда туулганын эске алып,
өздөрүнө таандык катары көрсөтүшөт. Кыргыз санжырасында Отрар –
Отор шаарын Оторхан салдырган деп айтылат. “Оторхан” жомогу дал
ушул Отрар жөнүндө. Мында, “Манас” эпосуна чейинки кыргыздын
жана түрк урууларынын тарыхы баяндалат. VII – VIII кылымдардагы
араптардын Орто Азияга, Иранга жасаган чабуулу перс, түрк
элдеринин маданиятынын абдан аралашуусуна алып келген.
Түрктөрдү алдыңкы адамдардан арапча, персче үйрөнүүгө жана
жазууга түрткөн.
Ошондуктан, ошол мезгилдин алдыңкы маданий чөйрөсү,
илимпостору, жазуучулары – эки тилде чыгармаларын жазышкан.
Түрк окумуштуусу Аль-Фараби да, дал ошондой тагдырга дуушар
273
болгон. Анын толук аты - аль-Фараби Абу Наср Мухаммед ибн Тархан
ибн Узлуг. Негизги чыгармасы: “Ак жолтой шаар” философиялык
планда жазылган. Балалык мезгили Сыр-Дарыянын жээгинде өткөн.
IX кылымдын аягында X кылымдын башында жашаган. Дал ушул
мезгилде, перс – иран адабиятында улуттук аң-сезим өнүгүп, өткөн
ата-бабаларынын даңкын көкөлөтүп мактоо, кан-бектеринин
баатырдыгын даңктоо күч алат. Абу-ль-Фердоусинин “Шах-наме”
синен кийин: “Гаршае-Наме”, “Барчу-наме”, “Бахмен-наме”,
“Фарамарз-наме”, “Шахриян-наме” лер жазылат. Булардын ичинен –
“Бурзу-наменин” сюжетинде, памирлик баатыр – дыйкан Барзунун
башынан өткөргөн укмуштуу окуялары, байыркы сактардын,
согдиялыктардын
жомокторундагы
уламыштардын
негизинде
жазылган. Сактар, биздин замандын башталышында түрк
урууларынын этникалык составына кирип, кыргыз элинин айрым
урууларынын негизин түзүп калган окшойт. Акырындап, арап жазуусу
менен жазылган адабияттар жергиликтүү элдин кат тааныгандары
аркылуу оозеки айтылып, карапайым элдин калың катмарына кире
баштаган. Арап элинин: “Миң бир түн” жомогундагы сырдуу окуялар,
уккандын кумарын кандырган. Перс жөө жомоктору да, түрк элинин
эл оозеки чыгармаларында аралаша баштаган.
“Кедейкан” эпосунун экинчи бөлүгүнүн, перс элинин “Саад жана
Саид” жомогу менен бир мазмунда болушу – бул сюжеттин бир элден
экинчи элге оошконун далилдейт. Эл оозеки чыгармасында мындай
окшош сюжеттер абдан көп жолугат. Кыргыз санжырасында, Самар
суусунун башына Ороздунун көк танташ кут коюшу айтылат. Ошол
мезгилде Ирандар, Угуз мамлекетин басып алып, Самар суусун –
Зарафшан деп атаганы, шаарларын – Торан, дегени, ошону менен
бирге, перстердин көп сөзү түрктөргө сиңгени ачык эле көрүнүп турат.
Кийин, Отор хандын тушунда перстерди кайра кубалап чыгып, аларга
үстөмдүк кылгандары, ал эми, Султан Махмуд Газиевинин тушунда
перстерге түрктөрдүн көп таасири болгону байкалат. Ошол мезгилде,
арап маданияты, ислам дини, мурдагы кутка сыйынган жана
маникейлик, зороастризм диндерин кысып, жаңы түшүнүктөрдү алып
келет. Ислам дининдеги аскетизмге үндөө, сопучулукка чакыруу –
“чыныгы дүйнөнүн” символикалык образын түзүп, бу дүйнөдөгү
жыргалчылыкка каршы чыгуу болгон. Сопучулуктун негизи, мурдагы
диндердеги толук жок кылуу жана эки башталышты – жакшылык
менен жамандыктын, жарык менен караңгынын, күн менен түндүн
алмашып турушуна таянган. Аягында, жакшылыктын жеңишине
274
ишенишкен Сопучул акындар – дидактикалык поэзиянын өнүгүшүнө
катуу таасир эткен. Бул жагынан, перстер менен түрктөргө бирдей эле
таандык – Санаинин чыгармачылыгына кайрылса болот. Анын
“Хадикат аль-Хакаик” (“Чындык багы” - 1131-ж.) жана “Султан
Махмуд жана кемпир” деген чыгармалары, адеп-ахлактык мазмундагы
философияга жык толгон. Айрым изилдөөчүлөр, Санаинин
чыгармалары (акындын толук аты Ахмад ибн Махмуд Югнаки – С.З.)
Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасы менен абдан үндөш,
ал Самаркандык түрктөрдөн деген жыйынтыкка келген (история
всемирной литературы, М., - 1984, стр 203, том II).
Чындыгында, Ахмад Югнакинин чыгармалары түрк элине орток
мурас. Дал ушундай ээле, Орто кылымдагы түрк элинин атактуу
акындарынын бири, сопу – Ахмад Ясави (1105-1166-ж. өлгөн) болгон.
Кыргыздар, казактар – Сопу Алдаяр деп коюшат. Балык Кумар уулу
айткан Алымбеков Тургунбектин санжырасында, Орто Азия – жети
кентке (шаар – С.З.) Сопу Алдаярды мубти кылып шайлаган. Ахмад
Ясавинин “Диван-и-Хикмат” (“Даанышмандык жыйнагы”) жыйнагы,
негизинен Мухамбет байгамбардын өмүрүндөгү үлгү боло турган
окуяларды баяндоого арналган. Ошондой эле, өз башынан өткөн
окуяларын, лирикалык ырларын да кийирген. Эл, Ахмад Ясавинин ар
бир чыгармасын ыйык тутуп, курандын аятындай эле көрүшкөн.
Мусулман мектептеринде анын чыгармалары атайы окутулган.
Ошондуктан, арап тамгасын билген мусулман мектебинде окуган ар
бир окуучу анын чыгармаларына тааныш болгон. Ал түгүл, дин
тарабынан, дербиштер Ахмад Ясавинин чыгармаларын жатка айтып,
элди кыдырып ак уруп журушкөн:
Үйүм-үйүм дебегин,
Үйүң калар күн болор.
Малым-малым дебегин,
Малың калар күн болор.
Үйүм-үйүм дебегин,
Үйүң талаа чырпыгы.
Малым-малым дебегин,
Малың талаа чымчыгы,
Алла үй, алаа үй.
Сопу Алдаярдын чыгармалары – эл оозеки чыгармасына – сиңип
кеткен. Ал – Орто Азиядагы бардык элдердин чыгармаларында
жолугат. Мусулманчылыктын күч алышы, анын чыгармаларынын
мааниси ого бетер көкөлөткөн. Элдик уламыштарга караганда: олуя,
275
шайыктарды көбөйткөн, ыйык жерлерди, мазарларды көбөйткөн,
Түркстанды “экинчи меке” деп жарыялаган да – ошол адам болгон.
Ошондуктан, айрым наама адамдар, Сопу Алдаярды – куран сыяктуу
китеп деп түшүнүшкөнү да болгон. “Оуу, ал чоң молдо, куран, чаар
китеп, сопуалдаярды окуган” дешет. Эл кыдырып, уламалардан,
молдолордон, кыргыз арасына тараган – арап, уйгур жазуусу менен
жазылган адабияттарды көп жолуктурдум. Кээ бир молдолор, Ахмад
Яссавинин чыгармаларын көрсөтүп, бул - санат-насыят түрүндө
жазылган ырлар, адамды топук кылууга, айкөл болууга үндөйт,
кудайдын кудуретинин күчтүүлүгүн даңктайт, биз, бул акынды –
Кулкожо Ахмат деп коѐбуз, - дегени эсимде. Кыргыздар арап
жазуусун массалык түрдө пайдаланбаган менен, айрым окуган
молдолор аркылуу кат жаздырып, күбөлүк наамаларды да
колдонушкан. Айрым молдолор көркөм чыгармаларды – окуган
адабияттарын талбай көчүрүп чыгышкан. Санжыралар жазылган.
Алардын көчүрмөсү колдон колго өткөн. Айрым фактыларга
караганда, орто кылымдагы логика жана дин илими боюнча жазылган
китептер. XV кылымда грамматикалык трактарттардын кол жазмадагы
көчүрмөлөрү кыргыздар арасында табылган. 1976-жылы ТяньШандын райондорунан табылган Али ал-Катиби Дабирандын:
“Логиканын негиздери жөнүндө күн трактаты”, Омор ан-Насафинин:
“Ислам боюнча комментариялары”, Омар ат-Тафтазинин “Логиканын
сын баяндамасы” эң сонун далил болот (Маанаев Э., Плоских В. “На
крыше мира”. - Фрунзе, 1983, 90-91 стр.).
Эң көп кол жазмалар, диний китептер совет өкмөтү орногондон
кийин өрттөлүп жоготулган. Динге каршы күрөш жүргөндө, диний
китептер гана эмес, арап тамгасы менен жазылган адабий
чыгармалардын баардыгы куугунтукка алынган. Айрым молдолор
жыйнаган китептерин тоо-таштын арасында катып, көрүстөндөргө
жашырган учурлары да болгон. Ал кол жазмалар – ным, суу жерлерде
бат эле чирип жоголгон.
XVIII-XIX кылымдарда эле, кыргыздар арасында чаар китеп
Кожо-Кафиз, Бедел, Фузини, Навои, Суфу-аллаяр, Мухтазор,
Бухарзаде, Тарых анафиясы, Сайид Баттал, Гүстөм дастан, Шаамаран,
Залзал, Заркум, Малик Хасан, Чортонбай, Бозжигит, Кыз Жибек,
Сараң бай, Дарыйка кыз, Саад жана Саид, Миң бир түн, Кесик баш
жана башка толгон чыгармалар – чагатай тилинде, эски казак адабий
тилинде, эски татар адабий тилинде тараган. Орто кылымда, түрк
элинин адабий тили – перс жана арап тили болгону менен, арап, уйгур
276
графикасын колдонуу менен – түрк тилинде жазгандар көп эле болгон.
Буга, биринчилерден болуп – Жусуп Баласагын жана Махмуд
Кашкарлык киришкенин жогору жакта сөз кылдык. Андан кийин түрк
тилинде эң көп чыгармалар жазылды. Кыргыз элинде, көчмөн
турмушуна байланыштуу, жазма, тар чөйрөдө гана жашап келди. Арап
жазуусун алар – X кылымдан тарта, XX кылымдын 20-жылдарынын
аягына чейин колдонуп келишти. 1920-жылдардын аягында – латын
алфавитине өттү. Бирок аны да “кыргыздардын тилинин орчун
өзгөчөлүгүн чагылдыра албаган” (И.А.Батманов) деген шылтоо менен,
орус графикасына өттүк. Кыргыз тилинин тыбыш өзгөчөлүгүнө карата
айрым тамгалар кабыл алдында, алар: “ц”, “ө”, “ү” тамгалары эле.
Бирок, айрым тыбыштар жөнүндө ушул мезгилдерге чейин талаштар
түгөнбөй келе жатат. Бул талаштар к, г, ж, й, тамгаларынын
тегерегинде. Айрым тилчилер: бул тамгалар жооң жана ичке
үндүүлөргө айкалышканда эле айтылышы өзгөрөт десе, айрымдары
тамгалардын көбөйүшү зыян, окуучуга оордук келтирет деген
шылтоону айтышат. Чынында мындай шылтоо – эски үйдү бузгусу
келбегендей эле көнүмүшкө негизденген нерсе. Муну коркпой эле
кийирсе, тилдин так жазылышына, айтылышына шарт түзмөк. 36
тамганы үйрөнгөн окуучу 4 тамганы оңой эле өздөштүрөт. “Чие” деп
жазгандан көрө - чийе, чиет – чийет деген так эмеспи. Көк, кара деген
сөздө “к” эки тыбышта айтылат. Накта кыргыздар муну алмаштырбай
айта, жаза билгени менен чала кыргыздар анте албайт. Карта
(жылкынын картасы), Карта (жер, суу картасы) айтылышы башка
экенин сөздүн маанисин түшүнө бербеген окуучу ажыратпайт.
Ошондуктан бул тамгаларды ажыратып белгилөө зарыл эмеспи.
Жазуунун тарыхында 57 тамганы колдонгондор бар. Зарыл болсо 60
тамганы үйрөнүүгө болот. Айла жокто – 28 тамгадан турган арап
алфавитин колдонуп келдик. XVIII-XIX кылымдагы элчиликке
байланыштуу документ – каттар; 1785-жылы Атаке баатырдын
Екатеринага жазган каты, 1825-жылы кыргыз бийлери – Олжобай
Акымбек менен Мамбет Үмөт уулунун Батыш Сибирь генералгубернаторуна жазган каты, Шералы бийдин 1827-жылы Батыш
Сибирь генерал-губернаторуна жазган каты, 1847-жылы түндүк
кыргыздар менен казактын улуу жүзүнүн ортосунда түзүлгөн достук
келишим – арап жазуусунда болгон. Мунун өзү – кыргыздардын алда
качантан бери ал жазууну колдонуп келгенин далилдейт.
Молдо Нияздын “Насыят” поэмасы, Молдо Кылычтын, Алдаш
молдонун чыгармалары арап жазуусу менен тараган. Бирок, өзүнүн
277
басмасы болбогондуктан, кол жазмалардын өмүрү кыска болгон – аны
жазган кишинин көзү өткөндөн кийин айрылган, тытылган. Кыргыз
жериндеги көрүстөндөргө коюлган эпитафиялардагы жазууларга
караганда, XII кылымдан баштап эле арап графикасы колдонула
баштаган. Байыркы руникалык жазуу, согдиялык жазуу – Талас
өрөөнүндө гана жолукса, уйгур, арап жазуусу менен жазылган
эпитафиялар – түндүк, түштүк кыргызстандын бардык жеринен
жолугат. Дал ушул эпитафиялардан жергиликтүү элдин кандай
жазууларды пайдаланып келгенин билебиз.
Биз, өткөн тарыхыбызды терең изилдебей туруп, таштагы
жазууларды, табылган кол жазмаларды изилдебей туруп, түрк элинин
орто кылымдагы жарык көргөн орток адабий мурастарын изилдебей
туруп, кийинки мезгилдеги элибиздин аз сандагы сабаттуулугун
шылтоолоп, кыргыз элинин байыртадан бери жазуусу, адабияты, тили
болгон эмес деп, айта салууга акыбыз жок. Бул - өзү билбеген,
билгендин тилин албаган – кара өзгөй адамдардын гана колунан келет.
Маданияттуу өлкөлөрдө, өткөөл маданий мурастарга өтө сак,
астейдил мамиле жасашат. Өзүнүн тамырын кыркып тыштаган,
өткөнүн унуткан элдин келечеги – тайкы. Ошондуктан, кыргыздын
акылман карылары: “Өзүн сыйлабаган, өзгөнүн бетин чийдей кылат”, деп, насаат калтырган.
- Жорго минип кылтылдап,
Жибек кийип жылтылдап,
Сен да өтөсүң дүйнөдөн.
Эшек минип эпеңдеп,
Таар кийип тепеңдеп,
Мен да өтөмүн дүйнөдөн, деп жата бергенде болбойт го. Эл билгенди билип, эл көргөндү көрүп,
өзүбүздүн улуу мурастарыбызды урматтап, колдон келсе, дагы бир
баскычка көтөрүп, байыркы түрк бабаларыбыз айткандай: “Көп деп,
неге коркобуз, аз деп неге басынабыз”. Өзүбүздү өзүбүз көтөрүп,
билбегенин билгисип, укпаганын угузсак – а дагы бакыт эмеспи!..
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ КӨРКӨМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Кыргыз элинде, ырдын жаралышы жөнүндө мындай уламыш бар:
Ыр дүйнөнү кесип, жел менен желип, шамал менен тозуп жүрүп,
аскасы асман тиреген кыргыз тоолорунан өтө албай, ушул жерден
түнөк алган экен. Кыргыздардын ырчы болмогу ошондон дешет.
278
Бирок, бул сыяктуу уламыштар казактарда, каракалпакта да айтылат.
Алардагы уламыштар боюнча, каракалпактын чалкыган дайрасы Сырдын боюнда ыр түнөк алып, адамды магдыраткан шумдуктуу
обонго аралашкан ыр, түнү боюнча, төгүлүп, таңдын шоолалары
чачыла баштаганда гана токтогон. Анын алыстагы көчмөн коңшулары
– кыргыз менен түркмөндөргө, ырдын өзү, ачык түрүндө жетпестен,
жаңырган жаңырык, өчүп бараткан шокуму катары гана жетип калган.
Ошентип ар бир эл өзүлөрүнүн ырын, жомогун башкалардыкынан бай,
көркөм кылып көрсөткүлөрү келишет. Бирок, ырдын жаралышы
“көчүп”, “конуп” жүрүшкөн “ырдын түнөгүнө” байланышпастан,
ошол эл жашап жаткан коомдук түзүлүшкө карата байып, өнүгүп
отурат. Элдик оозеки көркөм чыгармалар ошол элдин жашоо
турмушуна, тиричилигине, үрп-адатына тикеден-тике көз каранды
болот. Аны, биз, кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгынан да
ачык байкайбыз.
Кыргыз тарыхын изилдеген атактуу окумуштуулардын
далилдерине караганда, “Кыргыздар – Орто Азиянын эң байыркы
элдеринин катарына кирет. Азыркы убакта Орто Азияда турган
элдердин ичинен – кыргыздар сыяктуу аты тарыхта эң эле эрте
учураган бир да эл болбоо керек” (Бартольд). Байыркы убактарда,
кытайдын түндүк жагында гунндардын уруу союзу жана динлиндер
деген элдер жашап турган. Дал ошол гунндар менен динлиндердин
ортосундагы аймакта, башкача айтканда, Орхон (Обь) Енисей
сууларынын башкы агымында кыргыздар жашап турушкан.
Ошондуктан, Монголиянын түндүк жагындагы - Кыргыз-Нор (көл –
С.З.) бекеринен кыргыздыкы деп аталбаса керек. Ошондой эле
Алтайдагы Төлөс көлү (Дөөлөс көлү – С.З.) буга кошумча далилдерди
берет. Бирок, кыргыздардын турган жерин: Саян тоолорунун
өрөөндөрү, Орхон, Енисей сууларынын башкы агымы менен гана
чектеп коюуга болбойт. Анткени, мал чарбасы менен күн көргөн
көчмөн элдер аябаган чоң аймактарда которулуп көчүп жүрүшкөн.
Муну, түрк урууларынын байыркы ата-бабаларынан болгон –
сактардын көчүп жүргөн аймактарынан даана байкайбыз. Мисалы,
алар – Балкаш көлүнөн Каспий деңизинин жээктерине чейин. Байкал
көлүнөн Арал көлүнө чейинки аралыкта айрым топторго, урууларга
бөлүнүп жашап келишкен. Кээде, алардын ортосун бүтүндөй башка эл,
башка уруулар бөлүп турган. Бир эле элдин ичиндеги уруулардын
мындай бөлүнүп жашашына – ошол мезгилдеги коомдук шарт, мал
чарбасына ылайыкташкан көчмөндөрдүн турмушу негиз түзгөн.
279
Жалаң мал менен күн көргөн көчмөндөр, чөбү көп, суусу мол
жерлерге бөлүнүп кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондуктан,
кыргыздардын айрым уруулары – Орхон, Енисей сууларынын
бойлорунда жашап турган мезгилинде, Тянь-Шань тоолорунун
өрөөндөрүндө, Чүй, Фергана мейкиндигинде кыргыздардын негизги
массасы жашап турушу мүмкүн эле.
Тарыхый фактыларга караганда, тяньшандык кыргыздар
жөнүндөгү алгачкы маалыматтар – биздин замандын 586-жылына
таандык. “Именно по рассказу Менандра-византийца, о посольстве
Зимарка к туркам, турецкий каган Дизавуль подарил Зимарку
пленницу, которая “была из народа называемых херхисов. Конечно это
кыргызы”9.
П.П.Семенов-Тянь-Шанский буга кошумча катары “1856-1857жылдардагы Тянь-Шанга саякат” деген мемурадык эмгегинин экинчи
томунда, батыш түрк каганатынын ордосу – VI кылымда Миң булакта
болгонун жана түрк каганатынын ичинде, кыргыздар – негизги күч
экендигин эскерет. Дал ошол учурда түрк каганатында дыйканчылык
өнүгүп, 32 тамгадан турган сириялык алфавитти да колдонушкан.10
Түрк каганатынын чыгыш тобу Дулу деп аталып ага бир топ түрк
уруулары менен азыркы учурда казактардын уруу түзүлүшүндө
сакталып калган Жаныш, Суван тобу кирген. Ал эми батыш тобунда
кыргыз ичинде сакталып келаткан азык, кушчу уруулары учурайт.11
Демек буларга караганда түрк каганатынын негизги ядросун казактар
менен кыргыздар түзүп турган. Кыргыздар – Орто Азиядан, Саян,
Алтай тоолоруна чейинки аймакта: төргөштөр, уйгурлар, кара
кытайлар, кидандар, монгол-калмактар менен аралашып, чабылып,
чаап көп кылымды башынан өткөрдү. Бул учурда, катуу кыргындарга
дуушар болуп, Тянь-Шандан алыскы Алтай, Найман кандыгына
сүрүлүп, бөтөн жерди жердеп көз жашын төгүштү. Эл, жерин
сагынган армандар дал ушул мезгилде пайда болду. Качан, элдин
ичинен чыккан баатырлар баскынчыларды өз жеринен айдап
чыкканда, Ата журтуна келип – Асман Тоо, Туздуу Көлдү, Сары
Өзөндү сагына кучактап жүрөк титиреткен эпосторду жаратышты.
9
Архив Г.О. г. Ленинград, разряд-65. Опись-1, № 11, стр.4-5. «Западный
Тянь-Шань. Очерки истории и исторической географии. Часть вторая.
Кыргызы или кара-киргизы.
10
Семенов П.П. “Мемуары”, том 2, г. Ленинград. Архив Г.О. Фонд 58. Опись1, № 1, стр. 13.
11
Ленинград. Архив Г.О. Разряд-65. Опись-1, № 11, стр. 18-19.
280
Ошентип, кыргыз эли, ушул – эки миң жылдык тарыхында эле: Орхон,
Енисей сууларынын боюна, Талас, Саймалуу-Ташка жазуу
эстеликтерин калтырып, жердин катмарларына талкаланган
шаарларынын сырын жашырып, Улуу Октябрь революциясынын
жеңишине жетти. Дал ошол кыргыз элинин басып өткөн жолундагы
жоголгонун да, көмүлгөнүн да өзүнө сактап келген жандуу көркөм
тарыхы – эл оозеки чыгармасы болду.
Кыргыз элинин элдик оозеки көркөм чыгармасын эки чоң жанрга:
лирикалык жана эпикалык жанрга бөлүүгө болот. Кыргыз эли
лирикалык чыгармалардын түрлөрүнө өтө бай. М.И.Богданованын
толук эмес классификациясына караганда эле лирикалык
чыгармалардын 60ка жакын түрү жашап келгенин көрүүгө болот.
Лирикалык чыгармаларда адамдын ички сезими жана ал сезимди
козгогон социалдык митивдер жөнүндө сөз болот. Мында толгон
токой: турмуштук ырлар, каада-салт ырлары, эмгек ырлары, ырымдар,
дарымдар бар. Кыргыз элинин мал чарбачылык менен күн көрүшү
жана мал жайытына карата көчүп жүрүшү, эмгек ыраларынын өзүнчө
түрүн жараткан. Түнкүсүн короо кайтарган кыз-келиндер “Бекбекей”
ырын, жылкы жайган жигиттер “Шырылдаң” ырын ырдашкан.
“Бекбекейдин” негизги мазмуну – ууру, бөрүүдөн малды аман сактап
калууга негизделген. Ошондуктан, короо четиндеги кыз-келиндер үн
алыша кыйкырып, созуп ырдашкан. Ошондой эле бул ырды аткарууда,
жалпы аткаруучуга таандык хордук мүнөз болгон.
“Шырылдаң” ыры көбүнчө жазга маал, же кеч күздө аткарылган.
Анткени, жылкы баккан жигиттер, “Шырылдаңды” түнкүсүн эл
кыдырып айтып, өздөрүнө аштык жыйнап алышкан. Малчылардын
оор турмушу бул ырдын негизги мазмуну түзгөн. Кыргыздарда барабара дыйканчылык да өнүккөн. Ага байланыштуу дыйкандын оор
турмушун баяндаган “Оп, майда” ыры дыйкандын эң примитивдүү
эмгегин көрсөтөт. Байыркы кыргыздар эгинди малдын туягы менен
бастырып алышкан. Ал үчүн кырмандын ортосуна чоң жыгач
орнотушкан. Ал жыгачка уйларды же жылкыларды катар тизип
байлашкан. Малдарды айдаган убакта аркандар айланып турган. Дал
ошол аркан байланган жыгач байыркы түрктөрдө “оп” деп аталган.
“Оп, майда” ыры ошого байланыштуу келин чыккан.
“Оп, майда” ырында бастырган эгиндин түшүмдүү болушун
тилеген. Мындай ырлар дыйканчылык менен күн көргөн Орто Азия
элдеринин көбүндө жашап келген. Мал чарбачылыгына жана
дыйканчылыкка арнаган эмгек ырларынан башка, кол өнөрчүлөрдүн
281
ырлары жолугат. Турмуш тиричилигине байланыштуу ар түрдүү
кесиптеги – уста, саймачылар, тикмечилер, уздар иш үстүндө жасаган
буюмунун, кийиминин жакшы болушун тилеген ырдарды
чыгарышкан. Кыргыз элинде мындай эмгек ырларынан “Тон чык!”
сакталып калган.
“Ак тотумдун териси,
Ашаткысын келтирдим,
Абыдан ийин жеткирдим,
Кыткыл кылбай өзүңдү,
Ашаткыңды кандырдым,
Тап менен түзүп салдырдым.
Чык, терим тон тонума,
Калдыр-кулдур этпестен,
Түшө койгун жонума.
Ийилбесем маа жазык
Кылдырасаң саа жазык.
Тон чык!.. Тон чык!..
Бул ырда тон жасоодогу эмгек процесси толук сүрөттөлүү менен
жасалган буюмга сөз күчү менен таасир этүү ишеними сакталып
калган. Байыркы адамдар сөздүн касиеттүү күчүнө ишенишкен.
Ошондуктан эмгек ырлары менен малдын аман сакталышына, төлүнүн
көп болушуна, эгиндин түшүмдүү болушуна таасир эткилери келген.
Буга кошумча атайы “ырымдарды” да жасашкан.
“Ырымдар” – лирикалык майда ырлардан турган. Аларда,
адамдардын айлана-чөйрөгө, кесипке, үрп-адатка карата мамилелери
орун алган. Кыргыз элинин турмуш өзгөчөлүгүнө байланыштуу пайда
болгон “ырымдарды” мазмунун боюнча төрт түргө бөлүүгө болот:
1. Аңчылык ырымдары
2. Малчылык ырымдары
3. Дыйканчылык ырымдары
4. Үрп-адат ырымдары
Аңчылык ырымдарында мергенчиликке чыгуу алдында ар түрдүү
бийлерди бийлешип кийиктерди атып алуу кыймылдарын, ритмдерин
жасашкан. Отту чоң жагып кийиктердин сүрөтүн жаанын огу менен
сайгылашкан. Кийикти атаар алдында: “Ата албасам маа жазык, жаза
тийсең саа жазык” деп, куралдары менен антташып, шерттешкен.
Кыргыздарда, аңчылык ырымдарына караганда, малчылык ырымдар
күчтүү өнүккөн. Буга: “мал телүү”, “кылоо-кылоо” деген ырым
ырларын келтирсек болот. Кээде, жаңы тууган кой, өз козусун эмизбей
282
койгон учурлары жолугат. Андан башка, туут мезгилинде козусу өлүп
калса башка козуну телийт. Малга “телүү” ыры – кой, эчкиге
колдонулуп ага таасир этүү максатында айтылат. Мисалы, козу
телүүдө:
- Тшой-тшой коюм,
Өз балаңды жерисең,
Оз башыңа көрүнсүн!
Тшой-тшой коюм!
Каралды балаң жерисең,
Как башыңа көрүнсүн.
Тшой-тшой коюм! –
деген, каргыш маанисиндеги ырлар айтылат. “Кылоо-кылоо”
ырларында мунун тескерисинче, жакшы тилектер айтылып, жаш
музоону – “миң уйдун башы бол”, “өгүз болсоң – күчтүү бол, уй
болсоң – сүттүү бол” дегендей, алкыш ырлары аткарылат.
Дыйканчылыкка байланыштуу ырымдар “жайы” деген ат менен
белгилүү. Кургакчылык болгон жылдары табийгатка таасир этүү
максатында атайы жайчылар тарабынан “жайы” ыры аткарылат. Жайы
ырынын көп сөздөрү түшүнүксүз болуп, айрым сөздөрүндө асмандагы
кара булутту чакыруу, жамгыр суроо тилектери берилген. Кыргыз
элинде, мындан башка үрп-адат ырымдарынын бир канча түрлөрү
сакталган. Алар элде: “ысытуу”, “суутуу” деген ат менен душманга
аттанганда, жолго чыкканда ж.б. учурларда колдонулат. Кыргыздар
жалаң ооруга каршы колдонулган ырлардын түрүн “дарымдар” деп
атайт. “Дарымдар” негизинен адамдардагы оорунун аттарына карата
колдонулган. Кыргыздар байыркы убактарда ооруну: ысык, суук, жел
оору, жандуу оору деп, бир канча түргө бөлүп, аларга каршы ар түрдүү
ырымдарды жасап, эм-дом ырларын ырдашкан. Оорунун түрлөрүнө
карата, эм-домчулар да ар түрдүү аталган. Мисалы: Бакшылар,
куучулар, дарымчылар, бүбү, тамырчылар, түкүрчүлөр дешкен. Дарым
ырлары көбүнчө оорунун аты менен аталган. Аларга – “Көчөт
көчүрүү”, “Албын”, “Бадик”, “Мант” сыяктуу дарым ырларын
көрсөтүүгө болот. Булардын ичинен “Бадик” айтуу өтө кеңири
колдонулган. Адамдардын байыркы түшүнүгү боюнча, ооруларды
алып жүрүүчү жин перилер болгон. Алар кимге консо, ал адам ооруп
калган. Ошондуктан бакшылар, түкүрчүлөр, аларды башка жакка
“көчүрүп”, кубалап жиберүү максатын көздөшкөн. “Бадик” ырынын
мазмуну да дал ошого барып такталат.
Мисалы:
283
- Көч, бадик көч, көчүрөйүн,
Көмүрдөй атың өчүрөйүн.
Агын сууну кечирейин,
Ала-Тоону ашырайын,
Көч, бадик көч, бийикке көч!
Бийик отун оттогон кийикке көч!
Кээде мындай дарымдардын текстинде ар түрдүү көркунучтуу
сөздөр айтылып, оорулуу адамга таасир этүү максаты да болгон.
Лирикалык жанрдын эң өнүккөн түрү турмуштук ырлар.
Социалисттик Улуу Октябрь революциясына чейин кыргыз
элинин коомдук түзүлүшү патриархалдык – феодалдык түзүлүш
болгон менен мурдагы мал чарбачылыгына негизделген көчмөн
турмушка ылайыкташкан уруу коомдорунун бир канча укладдары
кошо жашап турган. Ошого карата, турмуштун өзүнчө эң эски үрпадат, каада-салт ырлары да сакталып кала берген. Мындай ырларга
жаңы жыл тосуудагы – “Нооруз” ырларынан тартып, адам өлгөндөгү
“кошокторго” чейин кирет. Кыргыз элинин турмуш-тиричилигинин
өзгөчөлүгүнө байланыштуу ар түрдүү каада-салттарга негизделип
пайда болгон ырлар кийин дагы милдетүү түрдө аткарылып калган.
Андай салтка кирген ырларга кыз берүүдөгү салттарга байланыштуу
өткөн: “той ырлары” – “Жар-жар”, “Бет ачар”, “Токмок таштамай”,
“Кыз өбүү”; аш-тойлордогу – “Жар чакыруу”, орозого, айтка
байланыштуу – “Жарамазан” ырларын келтирүүгө болот.
Каада–салт ырлары чындыгында, турмуштук ырлардын бир
тармагы. Турмуштук ырлардын экинчи түрү мазмуну тараптан муңдуу
келип, тилегине жетпеген адамдын ички сезимин баяндаган ырлар
түзөт. Мындай ырларды айрым учурларда: “муң-зар салт ырлары” деп
да атап жүрүшөт. Буларга: кошоктор, армандар, керээз, угузуу,
жоктоо, коштошуу, көрүшүү ырлары кирет. Таптык коомдогу оор
турмуш, теңсиздик, муң-зар ырларынын өнүгүшүнө негизги
шарттарды түзгөн.
Муң-зар ырларынын байышы эки түрдүү негизги, шартка
байланыштуу болгон. Биринчи түрү – жалпы эле объективдүү
дүйнөнүн, адамга көз каранды болбогон турмуштук негизинен келип
чыккан. Ага: адамдын өлүмүнө, карылыгына, баласыздыгына, дене
майыптыгына байланыштуу келип чыккан армандарды киргизүүгө
болот. Мындай муң-зар ырларында негизги мотив жеке адамдын же
көпчүлүктүн кайгысын билгизсе да, айла жоктукка, ал жетпегендикке
барып такалат.
284
Экинчи түрү: коомдогу теңсиздиктен келип чыккан, тикеден-тике
таптык жиктелүүдөн келип чыккан, саясы – социалдык маанидеги
муң-зар ырлары. Буга: “Койчунун арманы”, “Сатылган кыздын
арманы”, “Андаштын арманы”, “Сүйгөнүнө жетпеген кыздын
арманы”, “Чалга сатылган кыздын арманы” сыяктуу армандар кирет.
Арман ырдарынын мындай таптык теңсиздиктен келип чыккандары,
эзүүчү таптын жоюлушу менен өнүгүшүн токтотту.
Кыргыз элинин муң-зар ырларынын айрым түрлөрү эски салтка
байланыштуу өнүккөн. Аларга: керээз, угузуу, жоктоо, көрүшүү
сыяктуу ырлары кирген. Мындай ырларда, жеке адамдардын жакын
адамдарына айткан акыл-насааты, армандуу ойлору тилегине жетпей
калуу өкүнүчтөрү баяндалган.
Турмуштук ырлар, адамдардын коомдогу ар түрдүү мамилелерин,
динге болгон көз карашын, салттык эрежелерин бүтүндөй кучагына
алган. Ага, аял менен эркектин ортосундагы ашыктык сезимин
билгизген: “сүйүү ырлары”, акындык күчүн сынаган: “айтыштар”,
адамга карата мамилесин билгизген: “мактоо”, “кордоо” ырлары да
кирет. Булардан башка балдардын турмушуна байланыштуу келип
чыккан: “бешик ырларын”, “акый”, “оюн ырларын” да кошууга болот.
Кыргыз элинин турмуштук арларынын мынчалык бай жана көп
түрдүүлүгү бир канча себептерге байланыштуу. Буга биринчиден,
ошол элдин сөз искусствосуна өтө чоң маани бергендиги, көркөм
айтылган ойду сыйлагандыгы себепчи.
Экинчиден, элдик оозеки чыгармалар жана аларды өнүктүрүп
келген акындар: элдик театрдын, кинонун, радио, газет-журналдын
ролун жападан-жалгыз аткарып турууга милдеттүү болгон.
Үчүнчүдөн, эл чыгармалары жөнөкөй гана көңүл ачуу үчүн
колдонулбастан, элдик турмуштун бардык салттык жөрөлгөлөрүнө
аралаш өмүр сүрүп, адам туулгандан өлгөнгө чейинки көрүнүктүү
окуялары менен бирге жашап келген. Кыргыздар өлгөн кишини да,
“кошок” кошуп, ыр менен узаткан. Лирикалык чыгармаларга, элдин
эмгекке болгон мамилесин, ар түрдүү ырым-жырымдарын, турмуштук
каада-салттарын камтыган майда лирикалык ырлар менен бирге ошол
коомдогу адамдардын жакшы-жаман сапаттарын, жүрүм-түрүм
эрежелерин, акыл-ой кыялынын өсүшүн шарттаган мааниси терең,
көлөмү кыска поэтикалык көркөм чыгармалар кирет.
Фольклористикада андай чыгармаларды лирикалык жанрдын бир
түрү катары карап “эл сөздөрү” же “дидактикалык чыгармалар” деп
атап жүрүшөт.
285
Дидактикалык чыгармаларга “макалдар, лакаптар, жаңылмачтар,
калптар, санат-насыят, терме” ырлары кирет.
Макалдар, лакаптар турмуштук тажрыйбалардын негизинде пайда
болуп, ошол эл жашаган доордун бүткүл тармагын кучагына алат.
Мында: эл-жерин сүйүүгө чакыруу, мекенди коргоо, баатырдыкка
үндөө, адамдагы жакшы, жаман сапаттарды ажырата билүүгө
тарбиялоо өтө күчтүү. Макалдарда, лакаптарда, ошондой эле коомдогу
таптык карама-каршылыктарда ачык чагылган. Мисалы: “Бай караган
ачкадан өлөт, күн караган суукка тоңот”, “Бай союуга козу таппай
жардынын жалгыз улагын сураптыр”, “Ачкөз бай өлгөн аттын такасын
издеп алты ай жер казыптыр”, “Касапчы энесине сөөк сатат”,
“Кудайдын буйругу чачтан көп, аны аткарган киши жок”, “Сопу
сооган жебейт, жесе кабыгын да койбойт” деген макал-лакаптар
эзилген таптын көз карашын ачык чагылдырып турат.
Кыргыз эли узак убакыттар мал чарбачылыгына негизделген
көчмөн феодализмдин доорунда жашагандыктан, мал чарбасынын ар
түрдүү тармагына негизделген макал-лакаптар бир топ. Андан башка:
дыйканчылык, үй-бүлө, адамдык сапаттар, жүрүм-турум эрежелерин
чагылдырганы көп. Макал-лакаптын формасы кыска уйкаштыкка
негизделгендиктен, адамдардын сүйлөө речине колдонууга ыктуу.
Алар, адамдын сүйлөө речине көрк берип, маанисин тереңдетет. Элдик
акындар, макал-лакаптын терең маанисин турмуштук көрүнүштөргө
карата кайра иштеп чыгып, санат-насыят формасындагы ырларды
жараткан.
“Санат-насыят, терме ырлары” – кыргыз элинин эл оозеки көркөм
чыгармачылыгында абдан өнүккөн жанрлардын бири. Алардын
мазмуну көбүнчө таалим-тарбия маанисинде болгондуктан эл оозунда
“насыят” же “үлгү ырлары” деп да аталып жүрөт. Санат-насыят, терме
ырларынын алгачкы булагы элдин турмуштук тажрыйбасынан чыккан
макал-лакаптар болгондуктан, мазмун боюнча бул эки жанр бирибирине өтө жакын турат. Мисалы, эл арасында “Ырыс алды ынтымак”
деген макал бар. Андан элдик акындар:
- Ырас алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таяр алтын так”, деген санат-насыят ырын жараткан. Ушундай эле “Атадан алтоо
туулса, ар жалгыздык башта бар” деген макалдан:
- Аскар, аскар, аскар тоо,
Аягы барып чап болот.
286
Атадан алтоо туулса,
Сыйлашпаса жат болот”, деген терме ырлары пайда болгон.
Санат-насыят, терме ырлары, мазмун тараптан макал-лакаптарга
жакын болгон менен форма тараптан лирикалык ырлардын тутумуна
кирет. Алар, ар дайым ыр формасында айтылып, бир эле санат, ыры
бир канча макал-лакаптын маанисин камтып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, айрым изилдөөчүлөр: санат-насыят, терме ырларын
таалим-тарбия берүүчү поэма деп да атап жүрүшөт. Санат-насыят,
терме
ырлары
коомдогу
көз
караштарды,
түшүнүктөрдү
чагылдыргандыктан, элдин, турмуштук материалисттик түшүнүктөрү
менен катар, диний-философиялык ойлорун дагы көрсөтөт.
Дидактикалык чыгармалардын ичинен, табышмактар менен
жаңылмачтар, калптар формасынын өзгөчөлүгү менен айырмаланат.
Табышмактарда айтыла турган ой – ыр же кара сөз формасында
берилсе да: жандандыруу, апыртуу, салыштыруу, суроонун коюлушу
менен аяктайт. Угуучудан ошол айтылган ойдун окшоштугуна карата
жооп табууну, суроого жандырмак берүүнү шарттайт. Табышмактар
адамдагы акыл-ойду өстүрүүнүн, курч акылдуулукту сыноонун
негизинде өнүккөн.
Табышмактар тематикасы жактан ар түрдүү. Мында: аалам,
табигат кубулуштары, адам, эмгек куралдары, өсүмдүктөр,
канаттуулар, өнөр, техника, айбанаттар жөнүндө айтылгандары көп.
Табышмактар лирикалык жанрга кирген менен айрым учурларда
эпикалык формадагы табышмак, жөө жомокторду да жолуктурабыз.
Айтыш формасындагы табышмактар да бар. Дал ушул, табышмак
сыяктуу – лирикалык, эпикалык жанрларга орток формадагы
чыгармалардын катарына – калптарды дагы кийирүүгө болот.
Болбогон иштер боло тургандай, болгон иштер болбой тургандай
кыйылыштырып, көркөм формада айтылган элдик оозеки көркөм
чыгарманын бир түрү – калптар деп айтылат. Калптар көбүнчө күлкү
туудуруп, жаштардын көңүл ачуучу чыгармасы катары колдонулат.
Мында да, ыгын таап айткан калптар ишенимдуулуккө жетет. Калптар
эки түрдүү – ыр жана кара сөз формасында айтылат. Ыр
формасындагысы – лирикалык чыгармаларга кирсе, кара сөз
формасындагысы – эпикалык сюжетке ээ болот.
Кыргыз элинин элдик оозеки чыгармасында лирикалык жанрдын
эң көп түрлөрү өмүр сүрүп келген менен эпикалык чыгармалар
287
үстөмдүк кылып кетет. Муну кыргыз элинин элдик оозеки
чыгармаларына терең таанышкан окумуштуунун бардыгы айтышат.
Эпикалык жанрдын өнүгүшү, лирикалык чыгармалардан
таптакыр эле ажырап турбайт. Анткени, элдик чыгармалардын
төрөлүшү, пайда болушу, белгилүү бир турмуштук зарылдыктан келип
чыкканы менен айтуучу акындын жеке касиетине да байланыштуу.
Ошондуктан, “Манас” эпосу элдин оозунда – уламыш, жөө жомок,
санжыра, эпос түрүндө айтылып жашап келди. Мисалы, жөнөкөй
карапайым адам – “илгери Манас баатыр болгон экен”, - деп, легендауламыш кылып айтса, санжырачы бүткүл кыргыз уруусунун
тармактарын ажыратып, Манас баатырды кыргыздын кыпчак
уруусунан чыккан тарыхый баатыр кылып көрсөттү. Ал эми:
жомокчулар, акындар “Манасты” – эпос кылып айтышты.
Лирикалык чыгармалар менен эпикалык чыгармалардын карымкатнашта, биринен экинчисине өтүп жашап келиши закондуу
көрүнүш. Казак элинин: “Козу-Көрпеш жана Баян сулуу” деген эпосу
да, алгачкы убактарда лирикалык ыр жана жөө жомок катары жашап
келгенин көрүүгө болот.
Кыргыздарда лирикалык ыр катары кеңири ырдалып жүргөн –
“Күңөтай”, бир убактарда, лиро-эпикалык поэма болгон. Бирок,
мындан, лирикалык жанр менен эпикалык жанрдын ортосунда чек
коюуга болбойт деген корутунду чыкпаш керек. Лирикалык
чыгармаларда, чындыкты көрсөтүү ыктары бир гана учурдун
көрүнүшү аркылуу сүрөттөлөт. Анда адамдын ички сезими – каалосу,
суктануусу, кайгысы, таң калуусу тике берилет. Эпикалык
чыгармаларда болсо, чындыктын сүрөттөлүшү, айтыла турган ой
белгилүү бир сюжеттер, образдар аркылуу ишке ашат. Бирок,
чындыкты сүрөттөө формалары ар түрдүү болот. Ошого карата
эпикалык чыгарманын түрлөрү келип чыгат.
Кыргыз элинин эл оозеки чыгармасында эпикалык жанрдын бир
канча түрү жашап келген. Алардын негизгилери: мифтер, легендалар,
жөө жомоктор, жомоктор (эпостор), санжыралар, элдик поэмалар,
тамсилдер. Жаратылыштын көрүнүштөрүн фантастикалык сүрөттөлөр
менен түшүндүрүүдөн мифтик чыгармалар келип чыккан. Байыркы
адамдар ааламдын жаратылышы, дүйнөдөгү көп кубулуштардын
келип чыгышын жалаң гана фантастикалык болжолдоолор менен
түшүндүрүүгө кудурети жеткен. Анткени, алгачкы коомдогу өндүрүш
куралдарынын начар абалда болушу, адамдагы аң-сезимдин анча
өнүкпөгөнү, жаратылыш сырларын билүүгө мүмкүнчүлүк бербеген.
288
Коомдук
формациянын
төмөнкү
баскычында
искусствонун
түрлөрүнүн өнүгүшү – синкреттик формада болгон. Адамдардын
жашоо-тиричилиги - оюн-шоогу менен ажырагыс абалда турган.
Мисалы, күндүз мергенчилик кылган адамдар, кечкисин ал аңчылык
эмгегин бий менен кайталап көрсөткөн. Ар түрдүү мифтик жомоктор
менен айтып берген. Адамдардын эмгекке болгон мамилеси, жашоо
үчүн болгон күрөшү, алардын айлана-чөйрөсүнө болгон көз карашын
улам өстүрүп отурган.
Кыргыз элинде асман телолорун түшүндүргөн: “Үркөрдүн кызы
Үлпүлдөк сулуу”, “Жети каракчы”, “Ак сары ат, көк сары ат”, “Тоодой
мерген менен үч аркар” деген мифтер бар. Мифтик сюжеттер
турмуштун түрдүү жагын кучагына алган. Жерди көтөргөн көк өгүз,
айбандардын,
чөптүн
жан-жаныбарлардын
ээси
жөнүндөгү
түшүнүктөр өзүнчө жөө жомокторду жаратканга негиз берген.
Мифологиялык мазмундагы “Эр Төштүк”, “Кожожаш” сыяктуу
эпостор да адамдардын байыркы түшүнүгүн сактап калган.
Кыргыз элинин оозеки чыгармасында сакталган мифтерди, жалпы
мазмунуна карап – үч топко бөлүүгө болот. Биринчи топко: дүйнөнүн
жаралышы жөнүндө жана алардын ар түрдүү кубулуштарын
түшүндүргөн мифтерди кийребиз. Мындай мифтер фольклористикада
этиологиялык деп аталып жүрөт. Экинчи тобуна: айбандардын түпкү
теги жөнүндөгү мифтер түзөт. Үчүнчү тобу: жаратылыштагы ар
түрдүү жандуу, жансыздардын духтук ээлери жөнүндөгү мифтер.
Мифтер жанр катарында чакан аңгеме түрүндөгү формага ээ.
Мындагы эң башкы касиет ошол нерсенин чыгышын, пайда болушун
турмуштагы айрым көрүнүштөргө салыштыра фантастикалык
образдар менен чечмелөөсүндө турат. Мифтер бара-бара, уламышлегендаларга, жөө жомокторго, органикалык элемент катары кирип
кеткен. Жаратылыштын диалектикасы сандан сапатка өскөн сыяктуу
эле, адамдардан эс-акылы фантастикалык-мифологиялык түшүнүктөн
– реализмди карай өнүккөн. Ошентип, мурдагы мифтерден кийин,
турмуштагы окуяларды, ар түрдүү географиялык аттарды, эл
тарыхына
байланыштуу
көрүнүштөрдү
реалисттик
планда
түшүндүргөн легендалар келип чыккан. Айрым учурларда миф менен
легендаларды ажыратууга кыйын да болуп калат. Чындыгында,
булардын ортосунда көп жакындык бар. Ал жакындыктар – жалаң
тематикалык жакындык эмес, мазмундук жалпылыкта болушунан
көрүнөт.
289
Кыргыз элинде уламыштар эң көп. Алардын тематикасы да ар
түрдүү. Мында тарыхый окуяга байланыштуу, жер, суу аттарына
байланыштуу, уруунун, элдин түпкү тегине байланыштуу, атактуу
ырчы, манасчылар жөнүндө айтылгандары бар.
Уламыштар айрым учурларда жөө жомоктор, эпостор менен
аралаш аткарылган. Мисалы, жер, суу аттарына байланыштуу чыккан:
“Сан
таш”,
“Жети-Өгүз”,
“Тору-Айгыр”,
“Кыз-Күйөө”,
“Шырдакбектин коргону”, “Кожожаш асылып өлгөн аска” өзүнчө
легенда болуп айтылып келсе да, бара-бара жөө жомокторго,
эпосторго да материал болуп берген.
Кыргыз элинде жөө жомоктор мыкты өнүккөн. Аларды берген
мазмунуна карата негизинен үч түргө бөлүүгө болот.
1. Айбанаттар жөнүндөгү жөө жомоктор.
2. Укмуштуу же кереметтүү жөө жомоктор.
3. Турмуштук жөө жомоктор.
Жөө жомоктордун өнүгүшү, адам коомунун байыркы мезгилине
барып такалат. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор, алгачкы адамдардын
“балалык доорунда” – айбандардын “турмуш-тиричилигине” ишенген
мезгилинде пайда болгон. Ал түгүл, айрым айбандарды тотем катары
ыйык тутуп, аларга сыйынышкан. Айбанаттар жөнүндөгү укмуштуу
жомоктордо, кайберендердин каарынан коркуп, таш болуп катып
калган мергендер жөнүндө айтылган. Көгүчкөн болуп кубулуп жүргөн
перинин кыздары жөнүндөгү жомоктор, адамдардын турмуштагы
магиялык күчкө ишенген мезгилинде пайда боло баштаган.
Турмуштук жомоктордо, ошол элдин башынан өткөн тарыхы,
турмушу чагылтылып, келечекке болгон кыялдары берилген. Адамдар,
сыйкырдуу айбандардын, буюмдардын касиети менен жыргал
турмушка жетүүнү эңсешкен. Бирок, жомоктор канчалык апыртылып,
укмуштуу айтылбасын, андагы негизги идея – адамдардын күндөлүк
турмушундагы чындыкты чагылдырат. Жөнөкөй адамдардын жакшыжаманга, адилеттүүлүкө, адамкерчиликке болгон мамилесин билгизет.
Ошондуктан, элдик жомоктордо, тоону томкоргон дөөлөрдү, кара ниет
кандарды жөнөкөй эле жетим бала жеңип чыгат. Турмуштун өсүшү
менен жомоктордун турмуштагы ролу өзгөрө баштаган. Алгачкы
убактарда адамдар, айбандардын “турмушу” жөнүндөгү жомокторго
ишенсе, кийин балдарды тарбиялоо үчүн эле айтып калышкан. Ал эми
таптык жиктелүүлөр келип чыкканда, айбанаттар жомогунун каймана
маанисин тереңдетип, куу-шум, жегичтерди шылдыңдап күлүшкөн.
290
Ошентип, айбанаттар жөнүндөгү жөө жомоктордон – тамсилдер келип
чыккан.
Кыргыз элинде тамсилдер кара сөз түрүндө айтылган. Буга:
“Түлкү менен аюунун достугу”, “Кыргый менен үкү”, “Дыйкан менен
доңуз” деген тамсилдерди көрсөтүүгө болот. Тамсилдерде, көбүнчө,
адамдардагы жүрүм-турум, адеп-ахлактык көз караштарга көп көңүл
бөлүнгөн. Бара-бара тамсилдердин саясы-сатиралык жагы күч алган.
XIX кылымдын аягында, кыргыз элинин элдик тамсилдеринин айрым
үлгүлөрүн басып чыгарышкан мугалимдер да болгон.
Кыргыз элинин тамсилдик чыгармаларын кайра иштеп чыгууда
эл акындарынын ролу чоң. Айрыкча: Тоголок Молдо, Абдрахманов,
Сагымбай Орозбаков, Карим Алиев, Осмоналы Дордоев, Алтай
Айдарбеков сыяктуу эл акындары, манасчылары аркылуу, кара сөз
формасындагы тамсилдер – ыр формасына өткөн. Элдик оозеки
чыгармачылыктын ар бир жанрынын өнүгүшү үчүн белгилүү бир
тарыхый зарылчылык, шарт талап кылынган.
Кыргыз элинде мал чарбачылыгына негизделген көчмөн
феодализмдин жана согуштук демократиянын өнүгүшү эпостук
чыгармалардын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Элдик баатырларды даңктоо
этабы башталган. Кыргыздын элдик эпосторун идеялык-көркөмдүк
өзгөчөлүгү боюнча, эки негизги түргө - баатырдык жана социалдыктурмуштук эпос деп бөлөбүз. Баатырдык эпостордо негизинен, элдин
белгилүү бир тарыхый доорунда өткөн согуштук кагылыштары айрым
бир баатырдын тегерегинде сүрөттөлүп көрсөтүлөт. Ал эми,
социалдык-турмуштук эпостордо көбүнчө үй-бүлө турмушу, саясийэкономикалык абалы, этнографиялык жагдайлары басымдуу
сүрөттөлөт.
Кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын ичинде баатырдык
эпостор аябай өнүккөн. Буга дүйнөдө теңдеши жок: “Манас”
трилогиясы, “Курманбек”, “Жаныш, Байыш”, “Эр Табылды”,
“Жоодарбешим”, “Эр Солтоной”, “Сейитбек”, “Жаңыл Мырза”
эпостору кирет.
“Манас” эпосу жөнүндөгү алгачкы маалыматты XVI кылымдын
жазма эстелиги катарында бизге жеткен “Маджму ат-таварих” тен
жолуктурабыз. Бул кол жазманы биринчилерден болуп тапкан
окумуштуу – А.Т.Тагиржановдун пикирине караганда, кол жазманын
негизги бөлүгү “Манас” эпосуна тиешелүү болуп, аны, молдо-Сайф
ад-дин Ибн домулла Шах Аббас Аксикенти жазган. Чыгарманын
экинчи бөлүгүн Шах Аббастын баласы Нур мухаммад уланткан. Бул
291
чыгармага караганда, “Манас” эпосу XVI кылымга чейин эле (эпос
алда качантан бери эле) поэтикалык формада жашап келгени маалим
болот. “Манас” эпосунда – кыргыз элинин башынан өткөн миң
жылдык тарыхы, этнографиясы, турмуш-тиричилиги чагылтылган.
XIX кылымдын экинчи жарымында, кыргыз жеринде үч жолу
болуп, ошол учурдагы элдин эл оозеки чыгармачылыгы менен терең
тааныштыгы болгон казак окумуштуусу Ч.Валиханов, өз убагында,
“Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” деген бөлүмүн гана жазып
алган. Ал дагы Ч.Валихановдун көзү өткөндөн жүз жылдан кийин
Алкей Маргулан тарабынан жарык көрүп отурат. Ч.Валихановдон аз
эле кийин, кыргыз жерине келген орус окумуштуусу академик
В.Радлов кыргыз элинде “Манас” эпосунан башка: “Кан-Жолой”, “Эр
Төштүк”, “Жүгөрү” деген эпостор бар экенин байкаган. В.Радловдун
жазып алганы боюнча “Манас” эпосу жети бөлүмдөн турган:
1. Баатырдын төрөлүшү. 2. Алмамбеттин окуясы. 3. Манастын
окуясы (Көкчө менен согушу, Каныкейге үйлөнүшү, өлүшү,
тирилиши). 4. Бокмурундун тою. 5. Манастын өлүмүнүн себептери (3эпизоддогу). 6. Семетей. 7. Сейтек.
Бул жазылган эпостун эпизоддору болгону – 12400 ыр сабынан
турган. Демек, В.В.Радлов жолуккан ырчы-чыныгы манасчы деле
болбосо керек. Академик В.В.Радловдон кийин, “Манас” эпосунан
И.Андреев жана Венгер окумуштуусу Алмаши жазып алышкан. Бирок,
бул изилдөөчүлөр “Манас” эпосуна анча кызыккан эмес. Анын үстүнө,
кыргыз тилин терең билбегендиктен, айрым адамдар берген
маалыматтар менен гана чектелген.
Кыргыз элинин элдик оозеки көркөм чыгармачылыгын жыйноо
Совет өкмөтүнүн орношу менен гана максатына жетти. Башка элдик
оозеки чыгармалардын түрлөрүнүн жазылып алынбаганын айтпаганда
да, 1922-1926-жылдары, С.Орозбаковдон жазылган “Манас” эпосу –
180 миң сап ырдан турат. Ал эми, С.Каралаевден жазылган “Манас”
трилогиясы – жарым миллион ыр сабынан ашык. 1952-жылдагы эсеп
боюнча, ар түрдүү манасчылардан жазылган эпостун 12 варианты – 1
миллион 23 миң ыр сабынан турган. Азыркы учурда, “Манас” эпосу –
40 тан ашык манасчылардан жазылып алынды. Кыргыз элинде
“Манас” эпосунан башка “кенже эпос” деген ат менен белгилүү
болгон: “Кожожаш”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Саринжи Бөкөй”
сыяктуу социалдык турмуштук эпостор менен катар: “Эр Төштүк”,
“Курманбек” баштаган онго жакын баатырдык эпостор бар. Булардын
ар бири – 5 миң ыр сабынан, 20 миңге чейин көлөмдө экенин эске
292
алсак, кыргыз элинде, эпикалык чыгармалардын канчалык өнүккөнүн
элестетүүгө болот.
Кыргыздын эпикалык чыгармаларынын ичинде, эпостук
чыгармаларга тете мазмундагы элдик поэмаларды кезиктиребиз.
Элдик поэмаларда окуялар, эпостордой кеңири сүрөттөлбөстөн,
каармандын турмушундагы орчундуу бир учуру гана алынат. Көлөм
жагынан да чакан келишет. Эл оозеки чыгармасында мындай поэмалар
бир топ. Аларды мазмун өзгөчөлүгүнө карата төрт түргө бөлөбүз.
1. Лиро-эпикалык поэмалар
2. Тарыхый поэмалар
3. Саясы-социалдык поэмалар
4. Баатырдык поэмалар
Бул элдик поэмалардын басымдуу көпчүлүгү лиро-эпикалык
касиетке ээ. Мында, адамдын жан сезимин козгогон жүрөктүн
жоктоосу, муңга баткан кайгысы – эпикалык сүрөттөөлөр менен кошо
өнүгүп отурат. Мындай поэмаларга: “Карагул ботом”, “Кыз Мактым”,
“Аксаткын менен Кулмырза”, “Жалайыр жалгыз” кирет. Булардын ар
биринин бир канчадан варианты бар. Лиро-эпикалык поэмалардын
өнүгүшүнө - өткөн турмуштагы теңсиздик, зордукчулук, баскынчылык
катуу таасир эткен. Айрым учурларда, элдик поэмалар алда качан
өткөн уламыш, легендалардын негизинде пайда болсо, кээде, коомдо
жашап өткөн тарыхый адамдардын тагдырына байланыштуу, саясы
абалына, баатырдык иштерине карата да жаралган. Мындай
поэмаларга: “Ак Мөөр”, “Эр Эшим”, “Шырдакбек” жана “Замана”
кирет.
Эпикалык чыгармалардын эң акыркы түрү – санжыралар, же
чежирелер. Мында белгилүү бир өзөк – сюжет – урук, уруу
бөлүнүштөрүнө негизделген. Алар, ошол – уруу бөлүнүшүндөгү
тарыхый адамдардын тегерегиндеги окуяларга миф, уламыш, тамсил,
жомокторго топтоштурулуп, жалпы тырыхый чындыкты көркөм
формада берет. Ал, элдин реалдуу тарыхы эмес, абдан көп апыртууга
толгон, бай фантазияга сугарылган – көркөм тарыхы. Адатта,
санжыраны, элден чыккан чечен, сөзмөр адамдар, чоң акындар
айтышкан. Ошого карата, алардын формасы да ар түрдүү болгон.
Чечендер санжыраны кара сөз түрүндө айтса, акындар тарыхый поэма
кылып айтышкан. Айрым жазмасы бар элдерде, санжыра – жазма
түрүндө жашап келген. Жазма түрүндөгү санжыраны – чежире деп
аташкан.
293
Жалпысынан алганда, эпикалык чыгармалар: тарыхый окуяны
болобу же кыялый турмушту көрсөтөбү – баары бир көркөм образдар
менен беришет. Эпикалык чыгармалардын түрлөрөнүн айырмасы
болсо – ошол окуяны сүрөттөө формасында. Мисалы, элдик мифтер
чындыкты – фантастикалык образдар менен берсе, легендаларда –
тарыхый окуяларга, чындыкка жакындатып берүү мүнөздүү. Мындан
башка, ошол жанрдын өзгөчөлүгүнө карата, көркөм каражаттар да ар
түрдүү планда колдонулушу мүмкүн. Муну биз, элдик тамсилдеги –
кайманалуу, аллегориялык образдардан байкайбыз. Бирок, элдик
чыгармалардын жанрларынын өсүшүнө, ошол эле жашап өткөн
коомдук түзүлүш, турмуш-тиричилигти, басып өткөн турмушу
тикеден-тике таасир этет. Адамдардын турмуш өзгөчөлүгү – ошол
өзгөчөлүктү чагылдырган чыгармаларды жаратат.
ЧЕЧЕНДИК СӨЗДӨР
1904-жылдын күз айларында, Олуя Атада (Жамбул) мугалим
болуп иштеп кыргыз, казак балдарын окуткан Иванов деген орус
(анын жашырын аты Алибай – С.З.) Меркедеги бир ашка катышып,
ошол аштын өтүшүн жана андагы улуттук оюндарды, ырчылардын
ырларын сүрөттөп жазып алат да, ошол жылы “Түркстан ведомости”
деген газеттин 84 санына басып чыгарган. Анын эскерүүсүнө
караганда, ашка - чоң ырчылар, музыкантчылар катышкан.
“Кыргыздар музыканы сүйөт, алар аны менен өсөт, жашайт, өлөт”, дейт. Ошондой эле ошол ашта, Күңөтай жөнүндөгү поэманы жана эл
башынан өткөн муңдуу тарыхты баяндаган эпикалык жомоктуу уккан.
Бул баян ага өмүр бою таасир берип, унутулбас эстеликке айланган.
Күңөтайдын сүйүү тарыхын жаны жыргап уккан элдин:
мимикасы, көрүнүштөрү, психологиясы, андан кийинки муңдуу
тарыхты баяндаган эпоско өткөндө, кескин өзгөргөнүн – мурдагы
жайнап, күлүп отурган эл, бир заматта баштарын ылдый салып,
кабагын чытып, бара-бара көздөрүнө жаш алып, муңга батат. Дал
ушул учурда, бир карыя: - Жетишет, токтот! – деп, кыйкырып
жиберет.
Мындан биз, таяк менен уруп ыйлата албаган элди, сөздүн күчү
менен ыйлатканын баамдап турабыз. Ошондуктан, эл арасында:
“Кылыч эттен өтөт, сөз чучукка жетет”, - деген макалдын кеңири
айтылып калганы да, бекеринен эмес. Байыркы гректерде, дүйнөдөгү
эң таттуу тамакты таап кел, десе – тилди алып келип, дүйнөдөгү ачуу
294
тамакты алып кел, десе дагы – тилди алып келгени жөнүндө тамсил
бар. Дал ушул тамсил аркылуу тилди: “уудан – ачуу, балдан – таттуу”
деп көрсөтүп отурат.
Чындыгында эле, эч кандай дүнүйө-мүлккө, адамкерчилик асыл
сапатка, элдин көз жашына карабаган таш боор хандар, сөзгө
жыгылганда, башын көтөрө албай калышкан. Сөздү орду менен айткан
адам – кан алдында баш ийип, жоо алдында бүжүрөп калган эмес.
“Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, - деп, оюндагы орчундуу сөздү
тайманбай айткан адам – чечен деген ардактуу наамга ээ болгон.
Чечендерди адамдар аңыз кылып, эл пир туткан. Жээрен чечен
жөнүндөгү уламыш кылымдардан кылымга өтүп, акылмандуулуктун,
чечендиктин символуна айланып кетти. Элдик термелерде:
- Жээренчедей чеченди айт,
Мээнет баскан бечелди айт.
Токтогулдай ырчыны айт,
Толубайдай сынчыны айт.
Буркурап чыккан булутту айт,
Буруп алган жайчыны айт.
Бурама темир, суу, балта.
Бурбай соккон устаны айт, деп, чечендикке өтө чоң маани берилген. Чечендин, атагы таш жарган
ырчылардын, сынчылардын, уста-зергерлердин деңгээлиндеги урматка
татыктуу экени ушундан да байкалат.
Мындан, эки миң, үч миң жылдар мурда эле, байыркы гректерде,
римдиктерде риторика - чечендик, өзүнчө үйрөтүлө баштаган.
Чечендиктин атайы эрежелери иштелип чыккан. Ар кандай карала
турган маселеге байланыштуу схема түзүлүп, сүйлөнө турган сөздүн
комопзициясы ырааттуулук менен сакталган. Чечендиктин мындай
түрү – карала турган иш, алдын ала белгилүү болгондо колдонулган.
Мындай көрүнүштөр кыргыздын эл оозеки адабиятында, турмушунда
аз жолуккан. Ошондой болсо да, алар жөнүндө жөө жомоктор,
уламыштар сакталып калган. “Канга элчиге барган акылман бала”,
“Акыл Карачач менен Жаныбек хан”, “Жээренче чечен менен Алдар
көсөө”, “Катын жакшы – эр жакшы, увазир жакшы – хан жакшы” жөө
жомокторунда, акылмандуулук менен айтылган чечендик сөздөр
менен эң оор күнөөлөрдөн, кыйкымдардан кутулуп кеткени баяндалат.
Жээрен чечендин баласы – Төлөмырза начар чыгып калып,
чеченди ойго салат. Жээрен чечен “катын жакшы – эр жакшы” дечи
эле, бир жакшы кыз таап, баш коштуруп койсом, эптеп оокатын кылып
295
кетээр деп, издеп жүрүп Акыл Карачачты алып берет. Акыл Карачачка
Жаныбек кандын көзү түшүп калып, табышмак менен кыйытып оюн
билгизип алмак болот. Жаныбек кан:
- Тулпарды уйга сатса не болот?
Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот?
Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот? – деп, суроо
таштады.
Чынында эле, бул суроого жооп табуу өтө оор экени, өзүнөн өзү
түшүнүктүү. Адам ойлонууга аргасыз болот. Чечендер, дал ушундай
татаал суроолорду жеңил жана таамай сөздөр менен чече билишет.
Кындан сууруган кылычтай жарк эткен сөздөр адамдын жүрөгүнө
жетип, таң калтырат. Аны, ушул эле Акыл Карачачтын жообунан ачык
түшүнөбүз.
- Жаныбек ханым, бузулду заңын.
Бул кандай жорук, тынчыбаган жаның. Тулпар тушунда, күлүк
күнүндө, күч бербеген тулпардан – сүтүн берген уй жакшы. Пайдасы
жок туугандан – пайдасы тийген жат жакшы. Чабал аттан – чарчабаган
эшек жакшы. Канаты жок туйгундан – канаттуу карга жакшы. Карга
коңгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун
оңчубу, эртеги салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук
болчубу?
Жаныбек хан сөзгө жыгылып, жолуна түштү. Ал буга, эмне жооп
айтмак?!
Эл арасында чечендерди бир канчага бөлүп сүйлөшөт. “Кургак
чечен”, “жөө чечен” деген сөздөр мактоо маанисинде айтылбайт. “Сөз
бербеген жөө чечен – учуп жүргөн камгактай”, - деген макалда, жөө
чечен шылдыңга алынып турганы кимге болсо да түшүнүктүү чыгаар.
Мааниси жок көп сүйлөгөндөрдү – кургак чечен деп коюшкан.
Кыргыздарда ушул эле сөздүн маанисин толук жеткире берген –
“маңыз” деген сөз бар. Бирок, бул - өтө эле орой, катуу тийип калабы,
деген учурда – “кургак чечен”, “жөө чечен” дегенди пайдаланышкан.
Мындан башка, чечендикти баяндаганда: акыл чечен, тил чечен
дегенди учуратабыз. Мен мындай түшүнүктү, биринчи жолу –
Дубанаев Ибрагимден уккан элем. Ага көп ишене бербей, кийин, айыл
аралап, эл чыгармаларын жыйнап жүргөндө көп карыялардан
сураштырып – чындыгына ишендим. Ысык-Көлдүн күңгөй, тескейине
маалым Кангелдинин – Маамыты, Шадыкандын – Акматалысы, Чүй
боюна белгилүү Жанчардын – Рыскулбеги, Түштүктүн Майлы
296
Сайындагы – Тагай, Ахунбайлар чечендердин мындай бөлүнүшү,
байыртадан бери айтылып жатканын ырасташты. Көрсө, кыргыздар
чечен дегенди жалаң кызыктуу, уккулуктуу сүйлөгөндөргө гана
колдонбостон, аз сүйлөсө да, акылмандуулук менен жыйынтык
чыгаргандарга да таандык кылышат экен.
“Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт”.
“Жакшынын сөзү кыска, айта салса нуска” – деген макалдарда: “эп
сүйлөйт”, “нуска” деген сөздөр акыл чеченге таандык окшоп калды.
Тил чечендин, акыл чечендин мааниси терең чечип бергиле, деп
сураганымда, Кангелдинин Маамыты деген карыя, мындай сөз менен
баштады:
- Эл ырчыларын көп эле көрүп жүрөсүңөр го. Аларды дагы: төкмө
ырчы, жамакчы, үйрөнчүк деп, кээде жөн эле: мыкты ырчы, орто
ырчы, начар ырчы катары баяндашат. Ошол – ырчы деген сөзгө
татыктуу болуп жүргөндөрдүн ичинде, ырды таамай жамактап, үнү да
келишкен, обонду да өзү чыгара билгендери бар. Мындай акындарды
угуп эле отургуң келет. Ырчынын мыктылары ошолор. Мындай
ырчылар эл арасында аз болот. Ошондуктан, “Токтогулдай ырчыны
айт, Толубайдай сынчыны айт”, - деген макалдар жаралат. Дал ушул
сыяктуу, бардык жагынан төп келегн чечендерди – тил чечен, деп
коюшат. Тил чечендин сүйлөгөн сөзү уккулуктуу келип, ырдай
куюлуп, “айдаган койдой ашыгып”, улам сүйлөгөн сайын күчөп
отурат. Айткан сөзүнүн мааниси терең, уккан адамды тажатпай
магдыратат. Үнү да коңур келип, айткан сөзүнүн маанисин алаканга
салгандай ачык болот. Акыл чечендин кемчилиги – тил чечендей
сүйлөй албайт. Куюлушкан мисалдарды таамай айтуу менен чектелет.
Айтканы орундуу келип, талаш туудурбайт. Чоң маселелерди аз сөз
менен чечип коѐт. Уккан адам, таамай айтылган орчундуу сөзгө баш
иет.
Сарыпбектин ашында Найманбай жарчы болуп, өзүнүн манабы
Чолпонкулду мактап ырдаган. Ошондо, атактуу куудул Куйручук
чыдай албай кетип:
- Чолпонкулуң качан чоң эле
Кай жерден чыккан зор эле?!
Кечээ капталдай баскан жорголоп,
Качып келген корголоп.
Качып келген жеринен
Башына жоолук салганбыз,
Ноктолоп кармап алганбыз.
297
Колуна челек карматып,
Уй саадырып койгонбуз.
Манапты минтип сойгонбуз.
Сен Балыктын уулу Найманбай
Сүйлөгөн сөзүң ар кандай:
Бир сөзүңдү байкасак,
Каргылаган тайгандай,
Бир сөзүңдү байкасак,
Көзгө чукуп сайгандай.
Бир сөзүңдү байкасак,
Оттоп кеткен айбандай.
Тайган болсоң бок берем
Айбан болсоң чөп берем!
Угуп турган эл кыраан катып күлгөн. Ызага буулукан Найманбай үн
ката алган эмес. Ошондо, бир жигит Чолпонкулга чаап барып:
- Чоке, сизди, тиги жерде Куйручук (Кудайберген) жаман сөздөр
менен күлкү кылып жатат, - деген.
Чолпонкулдун жаалы келип, Куйручукту жазаламак болот.
Жигиттерине чакыртып: - Тиги жердеги сөзүңдү кайталап көрчү, дейт. Куйручук мурутунан жылмайып: - Олда Чоке ай, тиги жерде эки
дөө чалышып жатат, эки ит алышып жатат дегенди да, сурайт бекен? –
деген экен. Таамай айтылган бир сөзгө - манап жыгылып калат.
Чечендер, элдин азабын, эрдин кунун – бир сөз менен чечкен. “Өз
убагында таамай айтылган бир сөз – бир төө турат”, - деп, түркмөндөр
айтышат. Кыргыздар: “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, - деп, кан
алдында какшайган чындыкты тартынбай айткан чеченге таң беришет.
Сөздөн улуу, сөздөн курч нерсе жок. Ошондуктан: “Угаар жерге сөз
айтып, сиңээр жерге суу төк”, - дешкен. Ал эми, жакшы сөздү ким
укпасын?!
XIX кылымдын аягында, Балыкчынын кара сазында, Каракол,
Бишкек – эки дубандын жыйыны болгон экен. Ошол жыйында, Назар
манасчы келип, “Семетей” айтып отурат. Бир кезде, Назар тышка
чыкса, үйдүн тышы, айланасы жыш курчалып, басууга жол калбаптыр,
отурган ордубуздан козголсок – ажырап калабыз, деген ой менен
отурган эл: - Сизге боло берет дешип, чыкканда да, кайта киргенде да
эңкейе берип, үстүлөрүнөн тепсетип өткөргөн экен.
Сөздүн күчү, кызыгы канча экенин ушундан да көрүүгө болот.
Биз, чечен адам дегенде – кара сөз менен кызыктуу, таамай сүйлөгөн
кишини түшүнөбүз. Чындыгында, чечендер – акындарда,
298
манасчыларда, куудулдарда да жолугат. Чечендик – сөз
искусствосунун жеткен жери. Акындык чечени – айтыштарда
жеңилген эмес. Бул жагынан, эл арасында, Токтогул менен
Женижоктун кадыры зор болгон. Манасчынын чеченинде –
куюлушкан жомок, эстен кетпес сүрөткө айланган. Адамдар аралаш
жүргөнсүп, делөөрүп, делебеси козголуп отурган.
Телитай деген адамдын эскерүүсүнө караганда, Чоюке:
Семетейдин тентигенин, Каныкейдин Тайторуну төлгө кылып
чапканын айтканда, ыйлабаган адам калбаган. Ал эми, Чоң казатты
айтканда, угуп отурган кишилер өзүлөрү ошол казаттын ичинде
жүргөн эмедей колдоруна түкүрүнүп, эриндерин кесе тиштеп,
тиштерин кычыратып, оолугуп токтой албай, обдулуп, жээлигип
отурар эле. Ушул эле маанидеги сөздү – Сагымбай, Саякбай
манасчылар жөнүндө да айтып жүрүшөт. Өткөн кылымда кыргыз
жеринде болуп, бир канча манасчылардан “Манас” эпосун жазып
алган орус окумуштуусу академик – В.В.Радлов мындай эле:
“Кыргыздар эч буйдалбастан, токтоосуз шар сүйлөшөт. Алар оюн
ачык, так айта билишет. Сүйлөгөндө сөздөрүндө, белгилүү деңгээлде –
кооздук сезилип турат. Жөнөкөй эле сүйлөгөн сөздөрүндө,
айтылыштардын курулушунда, мезгил-мезгили менен ритмикалык
өлчөмдөр байкалып калат. Сүйлөм артынан сүйлөм – ыр сабактары
түрүндө келе түшкөндөй пикир калтырат. Мындай сөздөр ойлонуп
айтылып, угуучуларга күчтүү таасир тийгизет. Угуучулар берилип,
ыракаттанып угушат. Сөзмөр, чечен адамдар сүйлөгөндө, болуп
көрбөгөндөй тынчтык өкүм сүрүп, угуучулардын көздөрү жайнап,
демин ичине алып отуруп тыңшашат. Чечендин ар бир кооз
айтыштары, ар бир акылман курч жана тамаша сөздөрү ийкемдүү”
(В.Радлов. Образцы народной литературы северных тюрских племен.
ч.У, СПб., 1885, XV с.).
Куудулдардын чечендик сөзү, көбүнчө: сатира, юмор менен
коштолуп, адамдын жарпын жазган күлкүгө толуп турат. Куудулдар
сөзгө жыгылбайт, кези келгенде чукугандай сөз айтып адамдын
боорун эзген. Бизге: Көкөтөй Тото улуунун, Куйручук (Кудайберген)
Өмүрзак уулунун, Ырыскелди Кулсак уулунун, Карачунак,
Шаршендин айткан сөздөрү белгилүү.
Көкөтөй, Байгазы деген манаптын жылкысын багып жүрүп, Тору
айгырын өлтүрүп алат. Байгазы – керооз, пиянкеч неме болгон.
Сүйлөгөндө какшык менен сүйлөп, адамга сөз бербеген – кургак
чечен эле. Ошол, Көкөтөйдү, сен Тору айгырымды минип жүрүп
299
өлтүрдүң, төлө, төлөбөсөң каңыңды ичем, - деп, каарына алат.
Ошондо, Көкөтөй, тартынбай туруп: - Эй, Байгазы, эмнени сүйлөп
отурасың? Сенин атаң – Мусакени мен минип жүрүп өлтүрдүм беле?
Ажалы жетсе айбан эмес адам өлөт турбайбы. Айгырың миңгендик
үчүн эмес, ажалы жеткендиги үчүн өлгөн дептир. Туура айтылган
сөзгө жооп таба албай калган манап тескери басып кетет.
Куудулдардын көпчүлүгү курч сөздүү келип, ырды да эркин
жамактай билген. Ал түгүл, алардын айрымдары акындар менен
айтышка түшүп, жеңип чыккандары болгон. Куйручук, Бекназар,
Айдыралы жөргөлөк, Шаршендин ырларында курч айтылган көркөм
ырлар жолугат. Ал түгүл, атактуу Калык ырчы Айдыраалы менен
айтышканда шашып калган. Ал, кийин, минтип эскерет:
“Айдыраалынын өнөрү – жалаң күлкү менен аткарылат экен. Мен,
Айдараалынын сөзүнө жараша – куушуп ырдасам болоор эмес. Ал,
оңбогон, кууланып, оңко-чоңко болуп, мени көпчүлүк элдин
күлкүсүнө капталтып коюп, тамаша чыгара бере турган болду.
Чечендик айтыштарда, сөздө - ар түрдүү ыктар пайдаланылган.
Кээде, күлкүгө толгон сатира, юмор колдонулса, айрым учурларда,
мааниси терең философиялык корутундулар, адамды ойлонткон чулу
сөздөр пайдаланылган.
Байыркы Афинада, чечендиги менен атагы чыккан Лиссейдин
сөзү – юморго чулганып турган. Дал ушундай эле ыкты анын
шекирттери: Исей, Демосфендер колдонушкан. Орто Азия элдеринде:
Насирдин Кожо, Афенди, Апенди, Мушфики, Алдар Көсө. Араптарда:
Абу Нувас, Жухи. Уйгурларда: Салай Чоххан, Молдо Зайдан,
түркмөндөрдө: Кемин, болгарлар менен югославиялыктарда: куу
Петрдин атагы зор. Мындай, сөзгө чечен куудулдар ар бир элде бар.
Ар бир эл: идеалын, оюндагы кусалыгын, өзүнүн сүйгөн каарманынын
тегерегиндеги аңгемелерге топтоп айтышкан. Апенди эч убакта хандан
жаңилбейт. Кандай татаал, оор суроо койсо да, жылчык таап чыгып
кетет. Кайра ханды күлкүгө калтырып, шылдыңга алат. Ал эми,
Жээрен чечендин тегерегине жыйналган аңгелемелерде, терең
философиялык ойлорго бай сөздөр айтылат. Жээрен чечендин
окуялары: кыргыз, казак, татар, каракалпак, алтайлыктарда кеңири
учурайт. Кебетеси, бул аңгемелер түрк урууларынын кеңири катнаш
жашап турган мезгилинде пайда болуп, андан кийин, ар бир элден
чыккан ойчулдардын, сөзмөрлөрдүн залкар сөздөрү – Жээренченин
атына жамынып отуруп, жалпыга таандык – Апенди сыяктуу образга
өтүп кеткен окшойт.
300
Экинчи жагынан, XVII кылымдагы тарыхчы - Абул-Газынын
берген маалыматы боюнча, Жаныбек хан - 1340-жылдын 1357-жылга
чейин, Орто Азиядагы түрктөргө хандык кылып турган. Дал ушул,
жаныбек хандын мезгилинде – Жээренченин жашап өткөндүгү
жөнүндө: легенда, уламыштар бар. Элге аты кеңири тараган: Асан
кайгы, Токтогул, Толубайлардын да Жээренче чеченге замандаш
болгондугу жөнүндө аңыз көп. Ал түгүл, кыргыз эл жомокторунда
Жээренченин айрым окуялары Асан кайгы менен танапташ айтылат.
Кээде, бирдей эле окуялар, филосоифиялык жыйынтыктар,
аныктамалар экөөнө тең таандык болуп жүрөт. Кантсе да, бул эки
акылмандын тегерегине – кыргыз элинин турмуш-тиричилик
жөнүндөгү идеалы топтолгонунда талаш жок. Элдин эңсеген тилеги,
келечек жөнүндөгү ой-мүдөөсү, адилеттүүлүк кыялы – Жээренче
чечен менен Асан Кайгынын тегерегине жаман айтылып, өлбөс-өчпөс
чыгармага айланган. Булар, ошол, өз доорунун ойчулдары катары –
элдин өкүлү болуп кала беришкен.
Кыргыз санжырасында аты калган байыркы чечендерден: Атыла
хандын тушунда – төлгөчү Кара Төлөк чыккан. Манастын убагында:
Шыбыр деген – досбут уругунан, нуркунан уругунан – Байжигит
чечен чыккан. Жаныбек хандын тушунда – Жейренче чечен чыккан.
Элдик түшүнүктө, булар жөнөкөй гана чечендер эмес. Айтканы
айткандай келген – кеменгер, сөзүнөн чындык жанып турган ойчулар,
акылмандар. Адамдардын жашоо-тиричилигинде эң көп талаш
туудура турган маселелер бар. Адамдар алар жөнүндө ар түрдүү ой
жүгүртүп, белгилүү бир чындыкты издешет. Айрым учурларда, эки
акылмандын айткандарынын экөө тең ишенимдүү болуп турган
учурлары жолугат. Ушундай учурда, адамдын оюна келбеген
чындыкты таап айткан адамдар – кеменгер аталып, урмат-сыйга ээ
болгон. Мурдагы, мал менен күн көргөн көчмөн турмушта, “малды
боор эт менен тең санап, малга ким кейибесин”, - деп, ойлошкон.
Ошондой мезгилде, Азиз Жаныбек хан: - Ээ, Асан аке, дүйнөдө малга
киришпей турган адам болобу? – деп, сураптыр.
- Төлөн мырза малга киришпейт, - деп, жооп бериптир. Төлөн
мырза Асан кайгынын уулу болгондуктан, Жаныбек хан ишене
бербей, эки жигитин чакырып алып: - Асан кайгынын эки туу бээсин
жайдак минип, кара терге чөмүлтүп, Төлөндүн алдына чыккыла, ал
эмне десе, мага айтып келгиле, - дейт.
Жигиттери хандын айтканындай кылып, Төлөндүн алдынан
чыгыптыр. Төлөн мырза: - “Ээ, азаматтар, астыңарга тердик салып
301
миңсеңер болбойбу, жайдак минип көчүгүңөр жорубайбы? – деп,
бастырып кетиптир. Аны, жигиттери, Жаныбек ханга айтып
келишиптир.
Жаныбек экинчи жолу Асан кайгыны чакыртып алып: - Алдынан
миң кол качырып чыкса, жалгыз беттешип чыккан азамат болобу? –
деген экен. Асан кайгы: - Андай азамат – Төлөн мырза, дейт.
Жаныбек хан, миң кол даярдап, Төлөнгө жиберет. Төлөн, алдынан
чыккан жоодон качпай, атышып кирет. Жаныбек хан, Төлөндү
чакырып алып: - Малга эмне киришпейсиң? – деп, сурайт. Анда,
Төлөн: “Бери караса – маңдайы ысык, нары караса – соорусу суук,
кыйкырса – жоо алат, ышкырса – жут алат, малдын эмнесине
кайгырайын, андан көрө эр-азаматтын көңүлү калбасын дедим.
- Миң колго кантип каршы чыктын?
- Ажалы жеткен адам, бир эле кишиден өлөт, ажалы жетпеген
адамды, миң киши да өлтүрөалбайт, ок жолу – ичке, өмүр каш
кабактын ортосунда, качкан адам аман калып, качырган адам өлөрүн,
ким билиптир. Тагдырдагы жазмыштан ким качып кутулмак. Айткан
сөз орундуу айтылгандыктан, Жаныбек жооп таба албай калат.
Чечендик сөздүн тамыры – элде.
Нечен кылымдар, эл ичиндеги акылман адамдар тарабынан
айтылган сөздөр: макал-лакаптарга айланып, санат-насыят, терме
ырлардын маңызып ээлеген. Макал-лакаптар – чечен адамдардын
сөзүнүн далилин тереңдеткен, укканга уккулуктуу кылып, адамдын
черин жазган. Сабак-сабак санат-насыяттар, чечендин сөзүнүн көркүн
чыгарып, уккан адамды тамшандырган. Чечендин биринчи сөзүнөн
кийин эле, адам көңүл бурууга аргасыз болот.
Бир жолу, Кемин районун кыдырып жүрсөк: Бурулдайдагы –
Абай аксакалга, Чоң Кеминдеги – Усупалы карыяга жолугуп
көргүлөчү, деп калышты. Абай аксакалдан: уламыш, ыр, жомок,
акындардын чыгармаларын жазып, Усупалы карыяга бардык. Узун
бойлуу, сымбатынан кетпеген карыя, жайдары кабыл алды.
- Ээ, аксакал, ден соолугуңуз? – дедим.
- Ээ, кандайын сурайсың. Карыганда – катын жоо, келин менен
кызың жоо. Эңкейгенде – элиң жоо, эки тизе, белиң – жоо, ушунун
баары жоо болсо, кайдан болот дениң соо? – деп, каткырып күлүп
калды. Дал ушул сөздөн эле, укканга сөз, айта жүргөнгө акыл, табыла
турганын баамдап калдым.
Бир жолу, Кароол Дөбөдөн, Шадыкандын – Акматалысына
жолугуп, сурайм деп барган сөзүмдү унутуп, башка, тап-такыр бөлөк
302
сөздөрдү укканым эсиме түштү. Биринчи айтылган маанилүү сөздөр,
адамды башка ойго салып кетээрин ошондо эле сезгем.
- Дүйнө өкүнүчтүү болбой коѐбу, - деп сөзүн баштаган эле, илгери, Манас Бейжинди талкалап, бирок, көп чоролорунан ажырап,
Сыргак, Чубак, Алмамбетти жоктоп, Кең Колго окүрүп түшкөн экен.
Андан кийин, хан Жаныбек Жейрен чеченин ээрчитип, согушка
аттанып, жеңиш менен күлүп жайнап келе жатса, Жейрен чечендин
айылда калган аялы, сүйлөп отуруп эле, мүрт кетиптир. Айыл
аксакалдары, эми Жейрен чеченге кантип угузабыз деп, кеңешип
отуруп, акыры: “Акылдуу киши эмеспи, суроо берсек түшүнөр”, деген чечимге келген экен. Аттан түшүп, жай сурап отурганда, бир
карыя, чеченге кайрылат: - Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып
жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга бөлөгөн күн
өлбөйт дейт, чынбы?
- Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса,
тоонун башын ак басат - өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра
жок, булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не болду. Асманда
булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн өлбөгөндө не болду.
- Ээ, чеченим, андай болсо адамзатка келелик, - атасы өлгөн не
болот?
- Атасы өлгөн аска-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын
агартып, кузгундай көзүн кызартып, кыйналганда деп берип, төрдө
отурса атакең - аскар-зоо болбогондо не.
- Энеси өлгөн не болот?
- Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот. Каргадайдан
чоңойтуп, канаттуга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көлөкөңдөн
айланса – эл болбосо не болот.
- Баласы өлгөн не болот?
- Өзөгүн өрт алган менен тең болот. “Ата” деп турса келгенде,
“атаке” десе өлгөндө, жүрөгүңдү жылытып, эркелеп турса көргөндө өзөк болбой не болду. Өрттөнсө өзөк – тукум жок, өчкөнү отундун.
- Ээ, чеченим, эң акыркы бир собол: Катыны өлгөн не болот?
Ошондо, Жейрен чечен, ыргып кеткен экен. – Атаңдын көрү,
катыным өлгөн турбайбы? Карыганда кууратып, төрт баш, бир
жаздыкта жатып калган экенбиз. Айла канча, сурооңо жооп берейин.
“Катын өлсө камчы сап сынгандай” дейт. Муну туура эмес түшүнүп
жүрүшөт. Катыны өлгөн адам, ат үстүндө камчысын таянып өкүрүп
келе жатса, сабы сынып кетет. Камчысы сынганда, карысы да түшкөн.
Аял, эрдин – учса, канаты, консо, куйругу болот. “Эр эгиз” – деп,
303
эрди-катынды айтат. Атасы өлсө - жетим дейт, баласы өлсө - как баш
дейт, катыны өлсө - жесир дейт. Карыганда, жесирликти - аял-эркекке
бербесин деген экен. Эл тунжурап отуруп калат. Ошондо, баягы карыя
чеченге кайрылат: - Ашык кетсем кечирип кой, чеченим, күйүттүү
адамдан акыл сураба, - дейт, түшүнбөй калган сөз калды: “Карыганда
кууратып төрт баш бир жаздыкка жатып калыпбыз” дегенде түшүнгөн
жокбуз?
- Анын эмнесине түшүнбөгөндөй. Менин жашым бул болсо, кыз
алып бермек береңер, эри өлгөн жесирге баш кошормун. Мен өлгөн
аялымды эстеп, ал өлгөн эрин эстеп – бир жаздыкта төрт баш
жатпаганда не болдук.
Сөз сөзгө улана берди. Жан жыргап, адам акылына, сөздүн
күчүнө багындык. Уруу ортосундагы чабыштар, эр өлгөндөгү кун
алуу, чечендердин залкар сөзү менен бир шилтемде чечилип жатты.
Кан көксөгөн каардуу хан, акылман баланын сөзүнө жыгылды.
Акылман келин, менсинген мактанчаак жигитти, бир күндө үч жолу
сөзгө жыгып, баш көтөргүс кылды. Мунун баары ушунчалык көркөм
айтылгандыктан, убакыттын өткөнүн билбей, курсактын ачканын
билбей, отура бердик. Чечендик сөздүн күчү – дал ошондо. Чечендик
сөздөр, карапайым тиричилик турмушта да көп колдонулат. Аны
байкаган байкап, байкабаган баш чайкап кала берет.
“Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт”, - дегендей,
чеченден чечен чыккан, акынды акын жыккан. Улуу сөз уланып,
карапайым калк казнасына айланган. Айтылуу сулуудан, акылман
келин өйдө турган. “Чечен келин” жөнүндөгү лакап, укумдан-тукумга
өткөн.
Илгери, бир көпкөлөң тарткан жигит, жолоочулап келе жатып,
бир үйгө келет. Үйдөн бир сулуу жаш келин чыгып, коноктун атын
алып, эшик ачып, үйгө кийрет. Мырза жигит, колундагы куржунду
көрсөтүп: “Кайда илсем экен, келинчек?” – деп, сурайт.
Жигиттин теңсинбей турганын байкаган келин: “Эгер, сексен
баштуу үйдөн, куржунуңуз илине турган керегенин башы табылбай
калса, анда, мойнуңузга илип алыңыз”, - дейт. Жигит, таш
тиштегеннсип туруп калат. Келин, күйөөсү жогун билгизбей, козу
сойдуруп, жигиттин алдына табак толтура эт тартат. Сөздөн жыгылып
калган жигит, ылдый карап отуруп жилик мүлжүйт. Мүлжүп бүткөн
жилигин бычак менен ургулап чучугун алмак болот. Аны көргөн
келин, чыгдандан бир табак сары май алып келип: “Издегениң май
болсо, сөөк сындырып убараланбай, мына бул майды эле жей
304
бериңиз”, - дейт. Жигит уялганынан тердеп чыгат. Эрттеси, мырза
жигит аттанып жөнөй бергенде, конгон үйдүн ити арсылдап үрүп,
атынын куйругуна асылат. Жигит, эңкее түшүп, дөбөттү камчы менен
башка тартып жиберет. Дөбөт каңшылап калат.
Анда келин: - Кой, Маңгыт, ыйлаба! Агасы инисин уруп эле
койчу?! – дейт. Ошентип, орундуу айтылган сөзгө баш көтөрүп жооп
айтууга мүмкүн эмес. Эл мындай сөздөрдү лакап катары пайдаланып,
чечен келиндин атын билбесе да, сөзүн унутпай, укумдан-тукумга
акылмандуулуктун, чечендиктин үлгүсү катары айтып келишкен.
Алар, бул чечендик лакап менен “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”.
баскан-турганыңдан, кылык-жоругуңдан кыйкым кетпесин, жакшы
сүйлөп, жакшы жүргүлө, адептүү бол” деп, түшүндүргөн.
Эл ичинде нелер жок. Жаман кийимдин ичинде – жалындаган
жүрөк бар, адамды – киймине караба, сөзүнө кара, “өзүңдү эр ойлосоң,
өзгөнү шер ойло”, - деп, капилеттен сөз тапкан, кыйын жерден жол
тапкан адамдар элде бар эмеспи, абайлап жүргүлө деп, ала көөдөн
жигиттерге акыл үйрөткөн. Улуу сөз уланып, мааниси каймана
берилип, илгери баланча деген чечен да жөнөкөй эле келинден
жеңилген экен деп, экинчи икаяга өткөн. Чеченмин дегендер да
мактанууга болбойт деп экинчи лакапта келтиришет. Ырысбек чечен
жол жүрүп келе жатып, жалгыз үйлүү – жар башында отурган
Жаманактыкына келип конуп калат. Жаманак – жабыркап, карылыкка
бастырып, коломтонуну башында отуруп калган эле. Бирок, келинчеги
жаш, асты-үстүнө түшүп, сыйлап турат. Аны, Ырысбек чечен
жактырган жок. Ал, суусар тебетейди бир жагына баса кийип,
жанындагы жолдошуна кайрылган болуп, келинди шакабага алат: Байкадыңбы, Баркалбас, ак куунун жанында жапалак отурса
жарашпайт экен? – дейт. Анда келин, сөздүн маанисин түшүнө коюп: Баатыр, сиз бир кезде тай жеген Таалайбек элеңиз, азыр кой жеген
Компойбек болдуңуз, шашпаңыз, тарп аңдыган таз жору да болорсуз,
ар нерсе өз убагында эмеспи, - дейт. Ырысбек чечен сөз айталбай
отуруп калат.
“Бутунан чалынган турат, сөзүнөн чалынган тура албайт”, - деп,
ушуну айтат. Чечендик кындан кылыч сууругандай жарк этип
учурунда айтылган сөздө көрүнөт. Айтылган сөз далилдүү, орундуу
болуп турса, каршы сүйлөөгө жол калбай калат. Ошол эле чечен,
экинчи жолу жолоочулап баратып, Жаманактыкына дагы келет. Бу
келишинде, ичине кек сактап, келинди бир уяткарсам деген ниетте эле.
Сөздөн сынып калган неме, сактанып, суусун сураган болду. Бирок,
305
эки жагын караса Жапалак көрүнбөдү. Ичинен жым этти. Анын жаман
оюн түшүнгөн келин, үйүнө кирип, чаканы калдыратып жатып, кара
аяктын капортосунан суусун алып чыкты. Ырысбек ссусунду тартып
жиберип: - Айтор, бир аяк суусун – бир адамдын куну болуп калган
экен, - деп, какшык жөнөттү.
- Жок, баатыр, бир аяк суусун, бир эмес – эки кишинин куну. Бул
суусун табылбаса, каныңыз катып – сиз өлөт элеңиз, бир чөйчөк
суусун таба албай, уятымдан, мен дагы өлөт элем, - дейт келин.
Ырысбек атын башка чаап, үндөбөй бастыра берет. Сөзгө сөз келгенде
айтылат. Чечендердин өзгөчөлүгү, дал ошол, өз мезгилинде
чукугандай сөз таап, ойдо жок жерден кутулуп кетүүдө турат.
Байыркы Римде, чечендиги менен атагы чыккан Цицерондун берген
баасына караганда, адамдардын коомдук турмушунда чечүүчү ролду
ойногон эки искусство бар: бири – полководецтин искусствосу,
экинчиси – чечендиктин искусствосу. Кыргыз эл жомогунда, дал ушул
эки искусствонун кайсынысы өйдө тура турганын чечмелеген жомок
бар. Каардуу хандар, мамлекеттик иштери кылычтын мизи менен,
колдун күчү менен, атактуу баатырларынын даңкы менен чечкен.
Илгери, Кара хан, Азиз Жаныбекке тийиштик кылып: - Сенин
тоодогу айгырларын кишенеп, менин ойдогу тулпар тууй турган кырк
чаар бээм кулун салды. Ошонун тулпар кулундарын төлө, төлөбөсөң
уруша турган жерге чык”, - деп, элчи жиберди. Айласы кеткен Азиз
Жаныбек, күндө жыйын – топ кылды. Кырк тулпар боло турган
кулунду табуу мүмкүн эмес. Урушпайын десе – күчү аз. Айласы кетип
турганда, 13-14 жаштагы бала, Кара ханга жоопту мен берем деп,
элчиликке бармак болот.
Ал, элчиликке жөнөр алдында, хандан: бир төө, бир теке, жана
бир жаа сурап алат. Жолдон, Карахандын ыйык көргөн тайганын атып
өлтүрөт. Кара хан, баланын элчиликке келгенине таң калып: - Чоң
кишиңер жок беле? – дейт. Бала тура калып: - Чоң десениз – төө менен
сүйлөшүңүз, - деди.
- Жаныңды жеген бала, сакалдуу кишиңер жок беле, деп жатам, деди хан. – Сакалдуу десеңиз – теке менен сүйлөшүңүз, эгер, кеп-сөз
билген киши болсо, мени менен сүйлөшүңүз, - деди. Хан, сөздүн
маанисине, орундуу айтылганына жыгылып калды. – Болуптур анда,
эмне үчүн, жөндөн-жөн эле менин тайганымды атып салдың?
- Жөн эмес ханым, Сиздин тайганыңыздын үнүнөн биздин
айылдагы иттер күчүк таштап койду, - деди бала.
306
- Ой, жаны жок бала! Коктудагы тайгандын үнүн, тоонун ичинде
жаткан элдин ити кантип уксун?! – деди хан.
- Сөзүңүзгө күлдүк, ханым, биздин тоодогу айгырыбыздын
кишенегенин, сиздин ойдо жаткан бээлериңиз кайдан угат?! Хан өз
сөзүнөн чалынып, баланын сөзүнө жыгылып, уруш токтоп, эки эл
тынчып калат.
Дал ушул жомокто, каардуу хан, сөздүн күчүнө таазим кылууга
аргасыз болду. Мындагы диалогдо, баланын берген жообундагы
логикалуулук, кылт этүүгө мүмкүнчүлүк бербеген чындык жана адам
таң кала турган эстетикалык рахат бар. Чечендик искусствосу, оозеки
сүйлөө речинде чыныгы мааниси менен көрүнөт. Мындагы эң башкы
нерсе, чындык жана логикалык байланыштын тереңдигинде болгону
менен сүйлөө манерасы, үндүн уккулуктуулугу, ымдоо, жамдоо –
мимикасы жок болсо, адамга ойдогудай таасир эте албайт. Бул,
кандайдыр, жакшы обондон ажыраган ырдай болуп турат. Орус
элинин улуу жазуучусу, тарыхчысы – Н.М.Карамзин, оозеки
айтылганга караганда китепке түшкөн нерсе – көп нерсенин жогото
турганын байкаган. Китептеги нерсени кайра окуп алармын деп,
көңүлкош мамиле кылат, ал эми, оозеки айтылган нерсени өз убагында
кармап калбаса – эң сонун айтылган ойлор, чечендик сөздөр жоголуп
кетиши мүмкүн. Ошондуктан, оозеки айтылган кызыктуу аңгемелер,
жомоктор, уламыштар, ырлар укумдан-тукумга берилип, өлбөс
өмүрүн улаган. Алар, ар бир акындын, чечендин, сүйлөөчүнүн
аткаруусунда ар түрдүү угулган. Айрым адамдар, сөздүн, ырдын,
жомоктун түпкү касиетин жоготсо, айрымдары – көрктү, дагы
суктанарлык абалга жеткирген. Чечендик-адамдарда: сүйлөгөндө,
ырдаганда адамдын жан сезимин козгоп, делебесин терметкен,
магдыраткан күчтүү касиет болгон.
Кыргыздырда, чечендик, көбүнчө кара сөздө көрүнгөн менен,
акындарда, куудулдарда, жомокчуларда да чечендер болгон. Барпы
акын: “Токтогул жөнүндө ыр” – деген чыгармасында:
“-Токтогул ырга чечен - эр туулган,
Эмгекчи дыйкандарга... кең туулган”, - дейт.
«Баатырдын көркү – маңдайда,
Чечендин көркү- таңдайда”, - дегендей, кара жаак, кайкы тил,
ыры төгүлүп турган ырчылар, сөзгө усталыгынан, айтканы айтканына
кыналып турганынан – чечен акын деп аталган. Жеңижок дал
ушундай чечен акын болгон.
307
Айтыш жанрынын келип чыгышына башкы себеп, сөздөгү
чечендикти тандоо, ырдагы акындыкты тандоо - себеп болгон. Кара
сөздөгү айтыш, жөнөкөй эле турмуштук майда барат иштерден
баштап, мамлекеттик, элдик, чоң, саясы - социалдык, маданий мааниси
бар иштерге чейин кучагына алган. Эки адамдын жөнөкөй сөзүнөн
көрүнгөн курч ойлор лакапка айланган. Чоң жыйндагы топто, талаш –
тартышта чечендик менен чечилген иштер уламышка өткөн. Элдик
лакаптарда, Капсалаңдын Капкакбайы, Дооронбайды ээрчитип, көптөн
бери өнбөй келе жаткан досуна барат.
Капкакбай алыстан серпип, ата-бабанын ырасмысынан козгоп,
адакерчилик - абийр жөнүндө айтып, далай сөздүн башын чалып өттү.
Ал учурда, сөздүн нугуна түшүнбөгөн - Дооронбай, ыржалактап
күлүп, ыйманы жок сөз айтып, ой түйүнүн бөлө чаап отурат. Доо
доолатып жаңы кейип турган үй ээси, Дооронбайга какшык жиберди:
- Көлдө жүргөн коңур каз, чөл кадырын не билсин.
Чөлдө жүргөн тоодак каз, көл кадырын не билсин.
Тоодо жүрүп, таштан өскөн, ага-иниден башка өскөн.
Дооронбай күлбөй ким күлсүн...
Капкакбай, жолдошу үчүн сөзгө жыгылып, доосунан кечип,
бастыра берди. Мында, сөз, эки адамдын ортосундагы талаш-тартыш,
доо жөнүндө болсо да, ыгы келе калганда айтылган бир сөз – бүткүл
иштин багытын өзгөртүүгө жарады.
Чечендиктин сөзүндө - форма үстөмдүк кылган. Чечен, айтыштын
жагдайына жараша үнүн кубултуп, тууроо-жамдоо менен айтылып
жаткан сөздүн маанисин ого бетер тереңдетип, какшык кошуп же
тамсилдик мааниге салып, күлө турган жеринде күлүп, томсоро турган
жеринде томсоруп сүйлөп, айтышып жаткан адамды баш көтөргүс
абалга жеткирген. Дал ушунун өзүнөн, уккан эл – эстетикалык ыракат
алып, чечендин чеберчилигине таң калып, сөздүн күчүнө багынышкан.
Элдик уламага караганда, бир жолу, казактын чечени менен
кыргыздын чечени айтышып калат. Казактын чечени: султандын
тукумунан чыккан, таза кийинип, белине күмүш кемер курчанып
жүргөн – Чакырбай деген болот. Ал, ортого чыкканда эле, өкүмдүк
кылып сөз баштайт:
“Сөздү – сөз келгенде айтпаса, атасы өлөт”, - деген,
турмуш – тутанган куурай, өмүр - өчкөн от.
кыял –кармалбаган куш, айтылган сөз – атылган ок.
Бул дүйнөдөн аккан суудай, айкаштагы чуудай,
төгүлгөн кумдай бардыгы өтөр. Бетеге кетет, бел калат.
308
Беглер кетет – эл калат. Осмо кетет, каш калат.
Оомат кетет – баш калат. Учкан камгактай, уюлгуган куюндай
агып, жоголуп турат. Экөөбүз отурган журтта кимдер келип,
кимдер кетпеди. Жараткандан үчөө гана өлбөйт: калдайган кара
жер өлбөйт, аскасы бийик тоо өлбөйт, агыны катуу суу өлбөйт.
Калганы бүгүн бар да, эртең жок, сүйлөп отур, кыргызым.
Анда Токторбай чечен: - Айтканыңда калет жок. Уккан улама,
көргөн көсөм. Сөздүн маңызына түшүнүп, нугун билбесе – акыл чечен
кайдан чыгат. Сөзгө жараша сөз айтып, адамды таң калтырса – тил
чечени кайдан чыгат. Адам өсүп, өнүгүп турбаса, карылык кайдан
чыгат. Он беш жашта – жарга ойногон улактайсың. Жыйырма беште –
оргуштаган булактайсың. Отузда – октос берген кабыландай,
кыркыңда – кындан сууруган кылычтай. Элүүдө - адырдан качкан
аркардайсың, алтымыш жаш – аксатат, аркандаган аттай алыска кете
албай каласың. Жетимиш – желенин башы, жердин ташы, карынын
жашы, балээнин башы. Сексенде – сенек болдуң, кимге керек болдуң.
Токсон, тоголонгон жаш - өмүргө келген азап. Айткан сөздөн кем
болдуң, өлүү менен тең болдуң, өлбөгөндө не болдуң. Өлбөгөн үчөө
дейсиң, үчөөнүн камын жейсиң.
Кара жердин өлгөнү –
Кар астында калганы.
Алтын булак өлгөнү –
Аяктай муздун басканы.
Аскар тоонун өлгөнү –
Ала булут чалганы.
Айткан сөзүң арсар болду,
Тапкан жолдошуң кайсар болду.
Жапалак куш мактанса,
Жардан чычкан алдым дээр.
Жаман адам мактанса,
Жакшыны сабап салдым дээр.
Жаман чечен мактанса,
Барын айтып салдым дээр.
Коштошоюн десем колум бош эмес,
Достошоюн десем жолум бош эмес.
Чечен алжыса – намысынын кеткени,
309
Баатыр жаңылса – ажалынын жеткени,
Айтышып алдыга чыкпасак болот эле:
Айтылган сөз аткан ок,
Айтылган соң кайрылбас.
Калган көңүл – качкан куш,
Кайгырган менен табылбас.
Өткөн өмүр - өчкөн от.
Өкүнгөн менен жагылбас.
Кош, боорум, адырдагы арстан экенсиң абайлабай аллдырдың.
Кенебес кара нар экенсиң,кабыланга чалдырдың, деп, туруп кетет.
Сөз чеберлеринин айткандары, уккан адамга катуу таасир
калтырган. Эл адабиятында, жаңы жанрдын – чечендик сөздөрүн
өркүндөшүнө негиз түзгөн. Чечендик сөз, ооздон оозго өтүп, адам
акылынын даанышмандык күчүн кылымдарга калтыра берген. Ар бир
чечендик сөздүн ээси – айткан киши болгон менен, ал мурдагы элдик
традициядан бөлүнүп чыккан эмес. Чечендер, элдик акылмандар
айткан сөздөрдүн маанисин тереңдетип, көрктөнтүп, жаңы күч берип
отурган. Ошондуктан, ар бир чечен айткан сөздөн, мурдагы айтылган
макал-лакаптын, санат-насыяттын мааниси угулгансып, ошол эле
мезгилде жаңы уккандай таасир калтырат. Жогоруда келтирген
чечендердин сөздөрүндө,
мурдатан, элде айтлып жүргөн
философиялык табышмактар, өмүр жолуна, жашка берилген
аныктамалар орун алган. Ага карабастан, дал ушул учурда
жаралгандай – жаңы.
Эл, чечендердин сөздөрүнөн, жакшы ыр уккандай эле
эстетикалык рахат алган. Чынында эле, чечендик сөздөр адамдын
моокумун кандырган, чукугандай образдуу айтылып, макалдатылып
сүйлөнгөн жорго сөздөрдөн турат. Сөздөр болсо, ошол айтылып
жаткан ойдун, идеянын – формасы, куралы. Чоң художник, тартып
жаткан объектисинин маңызын реалдуу берүү үчүн, ар түрдүү
ыраңдагы боѐктордун айкалышын чеберлик менен колдонгон сыяктуу,
чечендер сөздүн ички маанисин, ошол учурдагы маселеге карата – үн
кубултуу же басым берүү менен ого бетер тереңдетип ача алат. Бир
эле сөздү эки түрдүү айтуу менен, эки башка мааниге өзгөртүүгө
310
болот. Чечендер мындай ыкманы жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан,
шыбыш менен айтуудан кубулушу – чечендин жөндөмүнө жараша
колдонулат. Сөзсүз, чечендер каралып жаткан иштин мүнөзүнө, ошол
учурдагы шартка, тикеден-тике көз каранды болгон. Сөз маданияты,
дал ошол шарттын өзү менен айкалышкан – орундуу айтылган
чечендин сөзүндө байкалат. Орундуу айтылган сөзгө - адам багынат,
ыраазы болот. Муну биз, Айтыбар чечен менен Калыйчанын сөзүнөн
ачык байкайбыз. Калыйчанын күйөөсү өлгөндө, кадырлап, сыйлап
жүргөн Айтыбар чечен келбей калат. Кийин, Айтыбар чечен көңүл
айтканы келсе, Калыйча карабай отуруп алат. Ошондо, айтыбар чечен
мындай дейт:
- Баатыры өлүп кайгырып жаткан, Калыйчам,
Кара жамынып ай-күнү бүткөн, Калыйчам.
Баатырга таянып кокуй көрбөгөн, Калыйчам,
Кымкапка оронуп чокой кийбеген, Калыйчам, угуп кой:
Эр картайды, мал тайды – экөөлөдү ой, Калыйчам.
Катын – чалпоо, уул – тентек –
төртөөлөдү ой, Калыйчам
Келин – катаал, кер болду, агайин –
жат эл болду, алтоолоду ой, Калыйчам,
Карылык менен кедейлик, эгиз келди, Калыйчам.
Мунун баарын санасам, сегиз болду, Калыйчам,
Кабышкан жок, ээк бар,
Шылдыраган сөөк бар.
Айыл алыс жер болду,
Токсон темир тор болду.
Андан да ашты, Калыйчам,
Чыгаар жолду ашуудан,
Өзүң тапчы Калыйчам.
Кула бээ кулуңдап,
Келе албадым Калыйчам.
Келдим эми кетемин,
Ызааты жок короого,
Кире албадым нетемин.
Ошондо, Калыйча кошок менен жооп берет:
- Ай тийген тескей тең жарык,
311
Арстанынан айрылган,
Атаны кокуй, мен карып,
Күн тийген тескей тең жарык,
Күйөөсүнөн айрылган,
Күйүттүү бейбак мен карып.
Анда чечен:
-Кайрат деген кыраан бар,
Кайгыга тизгин бербеген.
Кайгы деген жылаан бар,
Өзөктү чагып өрттөгөн.
Үмүт менен тилек бар,
Кубантып кубат алдырган.
Кайгы деген азап бар,
Кубартып отко жандырган.
Кайрат кылгын, Калыйчам.
- Сиз келгенде бир кайгырып,
бир кубандым, бул эмнеси? –
деди Калыйча.
Чечен:
Келгенде, билбегениңди бетиңе
айттым – ал, ыйлатканым эмеспи.
Кайгырып жаткан жеринден
тургуздум – бул, кубантканым эмеспи.
Өмүр турганда, өлүмдү сүйлөгөндөн без.
Тирүүлүк турганда, көргө сүйрөгөндөн без.
Калыйча:
Чечен, “акыл алтоо, ой жетөө” –
деген, акылыңды айтып кет.
Чечен:
- Карган чалды кыраан чалбас
Кыянга салганың кандай?
Кайсы баатыр элден сурап баатыр болуптур.
Элге-журтка тең болгон.,
айткан сөзү эм болгон адам
баатыр болот. Баатырдан айрылган эл,
сыңар эмчекти
Карап калганга тең.
Суурап калдың айтайын,
бул дүйнөдө не жаман.
312
Битирлер жыйган мал жаман.
Экинчиден не жаман?
Эрегишкен эр жаман.
Үчүнчүдөн не жаман?
Үлгүсүз бычкан тон жаман.
Төртүнчүдөн не жаман?
Башчысы жок эл жаман.
Бешинчиси не жаман?
Бешиктеги жаш бала
Жетим калса ал жаман.
Алтынчысы не жаман?
Алты канат ак өргө,
Ээсиз калса, ал жаман.
Жетинчиси не жаман?
Желеги баштан түшпөгөн,
Жаңы келген жаш келин,
Жесир калса ал жаман.
Сегизинчи не жаман?
Себепсиз болгон жок жаман.
Тогузунчу не жаман?
Эңкейип машак тербеген,
Өз күнүн өзү көрбөгөн
Токсонго келген чал жаман.
Онунчусу не жаман?
Казылуу турган көр жаман.
Менден акыл сурайсың
Муңга баткан чал болсом.
Токсон жаш, көрөйүн деген жашымбы,
Унуттум, айтайын деген атымды.
Ит ашы – кара буламык, ичейин деген ашымбы.
Көңүлүм сөздү кектеттиң.
Аягым саа не жаздым,
Жүрүүгө кандай чектеттиң.
Колум саа не жаздым,
Кармай албай жектеттиң.
Башым саа не жаздым,
Моюн кетти шылкылдап,
Башым калды кылтылдап,
Бүттүбү эми кектериң.
313
Кайгырба эми, Калыйчам,
Карылык жаман баарынан.
Жамандыкты билгениң.
Жакшылыкты билгениң.
Мындан көрүнүп тургандай, чечендин сөзүңдө, ошол өзү
жашаган доордун этикасы, моралы – ойдун негизин ээлеп турат.
Турмуштук, коомдук маселелер кыска аныктамалар менен берилип,
белгилүү бир адеп-ахлактын ченеминин, чектен чыкпаган
гармониялык бирдиги түзүлүп, адамды суктанткан жалпы ойду берип
жатат. Чечендин сөзүндө, турмуш чындыгынан башка – лиризм бар.
Мында, поэтикалык образ жаркырап көрүнүп турбаганы менен
адамдын ички сезимин козгоп суктанта турган жашырын сыр бар.
Адам чечендин сөзүн угуп жатканда, ташка тамга баскандай
чындыгына баш ийип, ошонун баары өзүнчө көркөм айтылып
жатканына маашыр болот. Кыргыздарда, чечендик сөздөр – санат
ырларга өтө жакын келет. Дегеле, көркөм сөздү, поэзияны жакшы
көргөн элде – макалдатып сүйлөө, кези келгенде насыят, терме
ырлардан сабак-сабак келтирип коюу, жогору бааланган. Анын
үстүнө, атадан балага калып келе жаткан макал-лакаптарда, санатнасыят, терме ырдарды, чечендер, жалаң гана сөзүнүн кооздугу – үчүн
пайдаланбастан, айткан сөзүнүн тууралыгын далилдөө үчүн да
колдонушкан. Ошондуктан: элчи, жуучу, доочулар, элде мындай
макал бар деп, ошол окуяга байланыштуу бир макалды, лакапты
келтирет да, анан өзүнүн негизги ишине өтөт. Анын сөзү, адамды
муюткан кооз жана ишенимдүү болуу керек. Ошого карата, маселенин
жыйынтыгы чыккан. Сөз таап айткан чечендерге аргасыздан баш айип,
урмат көрсөткөн. Кези келгенде, чечендер: ханга, бекке, кожо,
молдого караган эмес. Ошол, тайманбай айткан таасын сөзү үчүн, эл
оозуна алынып – чечен аталган. Бир жолку отурушта, Айтыбар
чеченди, Кайназар – молдо уяткаргысы келет да: Айтыбар, Айтыбар
десе – аягың жерге тийбей калды. Орозодо курмандык чалбай, динден
чыкмак болдуң, тиги дүйнөдө өлүгүң сыртта каллар бекен, - деди.
Анда, Айтыбар чечен: “Сөзгө сөз келгенде айтпаса – сөздүн атасы
өлөт” деген. Айтса, укпай турган дүлөйлөр бар, ачпаса, көрбөй турган
сокурлар бар.
Агадагы мал – асмандагы мал.
Инидеги мал – ийиндеги мал.
Баладагы мал – талаадагы мал.
Сураган адам – кайырчы,
314
Уурдаган адам – каракчы.
Уятсыз адамдан алып, карыздар болгончо, аяты бар – кудайдын
өзүнө карыздар болуп турайын. Бармак басылбаган, убада берилбеген
карызын доолап, өлүктү сыртка таштагандай, кудай, сендей ач көз
алдамчы дейсиңби, - дейт. Элдин баары дуу күлөт. Кайназар молдо
кайсалап отуруп калат.
Чечендердин акылмандуулугу, даанышмандуулугу күтүлбөгөн
жерден ойго келбеген учурда берилген суроолорго терең маани менен
орунду жооп бергенинен да көрүнөт. Кыргыздарда, адамдын
акылмандуулугун сыноо үчүн табышмак айтып сыноо мүнөздүү болуп
кеткен. Табышмактын жандырмагын адам ишенерлик мааниде көркөм
сөздөр менен чечүү-чечен адамдардын колунан келген. Андай сөздөр –
чечендик сөздүн бир тармагын түзгөн. Жөнөкөй эле отуруштарда,
турмуштагы философиялык суроолорду бири-бирине беришип,
чечендик айтыштарды уюштурушкан. Өзбек элинде мындай айтыштар
– аския деп аталган. Кыргыз, казак, каракалпак, түркмөндөрдө чечендик айтыштар деп аталып, ар түрдүү кырдаалда, ар түрдүү
темада өткөн. Ошол чечендик айытыштарда, берилген суроого
орундуу айтылган жооптор, ооздон оозго өткөн.
- Асман менен жердин ортосу канча?
- Батыш менен чыгыштын ортосу канча?
- Калп менен чындыктын ортосу канча?
деген суроого, укканда жооп таап айтууга мүмкүн эместей сезилет.
Бирок, акыл чечендер, кеменгер адамдар – туюктан жол таап,
чечмелеп кетишкен. Элдик жомоктордо, акылман кыз, хандын бул
суроосуна мындай жооп: - Асман менен жердин ортосу эки эли же каш
менен кабактын ортосундай нерсе. Анткени, каш кабагыңды өйдө
көтөрүп карасаң асман көрүнөт, ылдый түшүрүп карасаң жер көрүнөт.
- Батыш менен чыгыштын ортосу бир күндүк жол, анткени, эртең
менен чыккан күндүн кечинде батышка батканын көрдүм. Орто жолдо
калган күндү көргөнүм жок.
- Калп менен чындык ортосу – төрт эли. Анткени, көз менен
көргөн чын, кулак менен уккан калп. Көз менен кулактын ортосу –
төрт эли.
Мындай татаал суроого жооп берип кеткен кызга, хан көп ишене
бербей, экинчи жолу көп суроо берет:
- Чөптүн жакшысы кайсы, жаманы кайсы?
- Эгиндин жакшысы кайсы, жаманы кайсы?
- Ак чопкут деген эмне?
315
- Аргымак деген эмне?
- Акылдуу деген эмне?
- Эр жигит деген эмне?
- Жерден оор эмне?
- Суудан терең эмне?
- Оттон ысык эмне?
- Көктөн бийик эмне?
- Чөптүн жакшысы да шыбак, жаманы да шыбак, ханым. Жаз
жаңы келгенде чөптүн ичинен шыбак биринчи жетилет. Малдын
баары жакшы көрүп жешет. Бул – шыбактын жакшылыгы эмеспи.
Кийин башка чөптөр жетилгенде, шыбакты мал карабай калат –
жамандыгы эмеспи.
- Эгиндин жакшысы да – арпа, жаманы да – арпа. Арпа башка
эгинден эрте бышат. Узун өзөк маалында, эл жапырт арпа менен
жанын багат – жакшылыгы эмеспи. Кийин, башка эгиндер бышканда,
арпаны карабай калышат – жамандыгы эмеспи.
Ак чопкут деп айтабыз,
Атканда ок өтпөсө.
Аргымак деп айтабыз,
Желгенде жылкы жетпесе.
Акылдуу деп айтабыз,
Чачылган элди эптесе.
Эр жигит деп айтабыз,
Жоого таштап кетпесе.
Жерден оор – акыл, билим,
Суудан терең – окуу, илим.
Оттон ысык – адам өмүрү,
Көктөн бийик текеберчилик.
Ханым, сөзүңүзгө кулдук. “Өзүңүздү эр ойлосоңуз, өзгөнү шер
ойло” деген. Текеберчилик кылып, теңсинбей тургаыңызды билдим.
Эр башына келе турган – беш бакыттын, бешөө тең башыңызда турса,
текеберчилик кылбаганда кантет элең.
Кароолчунун жаманы – алдырганда өкүнөр,
Балбандардын жаманы – чалдырганда өкүнөр.
Токой толгон тал элем,
Таяк кылсаң чарам не.
Айдын чалкар көл элем,
Кудук кылсаң чарам не, дейт.
316
Сөзгө жыгылган хан, кызга азаттык берет.
Чечендик сөздөр, бардык мезгилдерде, бардык элдерде жогору
бааланып келген. Ошондуктан, мындан миң жыл мурдагы айтылган не
бир сонун макал, лакаптар, чечендик айтыштар – ооздон оозго
берилип жашап жатат. Кээ бир чечендик сөздөр, акындардын
айтышында жаңыланып колдонулуп, ырга өтүп кеткени байкалат. Буга
“Талым кыз менен Көбөктүн айтышканы” мисал болот. Бул айтыш,
алгачкы формасында – жорго сөз түрүндө табышмакталып айтылган,
чечендик сөз экени сезилип турат.
Элдик уламага караганда, Талым кыз – ашкан сулуу, акылман
болуп, элден эр тандап, эч кимди жактырбай, аягында, ким менин
табышмагымды жандырса, ошого турмушка чыгамын деп, жар
салдырат. Ат арытып, алыстан келген адам да, чоң үмүт менен
жакындап келген адам да, табышмакты жандыра албай уят болуп,
убайымга батып кайра кетишкен. Ошондо, Көбөк деген адам, Талым
кыздын табышмагын таап, сөзгө жыгат. Бул табышмактар узак
болгондуктан, биринчи табышмагын гана жообу менен келтиребиз.
Талым кыз:
- Адамзаат пенденин, сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап, жүргөн нуру ким болот?
Арасына мунарык, кирген нуру ким болот?
Асман-жерди бүркөгөн, сасык нуру ким болот?
Асман-жердин зыйнаты, канык нуру ким болот?
Жан бүткөндүн баарысын, тазалаган ким болот?
Жарды дебей, бай дебей, жабыр кылган ким болот?
Эл ортосун ынтымак кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей, турган нуру ким болот?
Талымдын тапта домогун, таба салгын жомогун.
Менин атым Талым кыз, ченеп мага жологун.
Көбөктүн жообу:
- Адамзат пенденин, сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап жүргөн нуру ай болот.
Арасына мунарык кирген нуру түн болот.
Асман-жерди жарыткан, ачык нуру күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн, сасык нуру туман дейт.
Жер-асмандын зыйнаты, анык нуру жылдыз дейт.
Жан бүткөндүн баарысын, тазалаган эки көз.
Жарды, байды кейитип, жабырлаган суук көз.
Эл ортосу ынтымак кылган нуру жакшы сөз.
317
Бир ордунда кебелбей турган нуру убада.
Таптым, Талым сөзүңдү, келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз, ачмак болдум көзүңдү.
“Талым кыз менен Көбөктүн айтышында”, элдин башынан өткөн
тарыхындагы эң көп маселелер жыйынтыкталып, белгилүү бир
формага түшкөн, философиялык корутундулар болучу. Муну,
турмушта жашап өткөн тарыхый адамдарга таандык кылып көрсөткөн
күндө да, элден чыккан акылмандар тарабынан айтылып келген
чечендик сөздөрдүн – жыйнагы катары кароо негиздүү. Сөзсүз, жаңы
сөз курулуштарын табууда, жаңы көркөм ойду жаратууда – акылман
чечен адамдардын ролу зор болгон. Ошондуктан, “баланча чечендин
сөзү ай” деген, тамшанган кубаттоолорду жолуктурабыз. Бирок, ага
карабастан ошол адамды тамшанткан чечендин сөзү, элдик
философияда мурда айтылып, корутундалып калган ой-пикирлерден
таптакыр ажырап турбай. Алар, ошол эл билип, көрүп, айтып эле
ойлорду эң көркөм, уккулуктуу кылып айткандыгы үчүн чечен аталат.
Ошондуктан, чечендин сөзү элге түшүнүктү, жеткиликтүү болот. Бул,
атактуу композиторлордун элдик күүлөрдү, обондорду кайра иштеп
чыгышындай кеп.
Ошол, эл кубаттап, ардактагандыгы үчүн сүйлөгөн адам эргип,
төгүлүп, ээликкен күлүктөй жулкунуп, ойдогусун тартынбай айтат.
Ошентип, чечендин сөзүндөгү кооздук, ички логикасынын
күчтүүлүгү – анын табигыйлуугунда.
Чечендик сөздөгү эң башкы нерсе – айтылган ойдун тереңдиги
жана таамайлыгында. Жөнөкөй адам маани бербеген же аңдап билүүгө
мүмкүнчүлүгү жетпеген нерселерге адамдын көңүлүн буруп, анда
катылып жаткан жаңы ойду ачып берүүдө. Бир жолу, Айтыбай чечен
Каркырадан кайтып келатса, алдынан Текес баатыр чыгат. Салам
айтып, жайын сурайт. Анда, Айтыбар чечен: - Мен төрт дартка
чалдыктым, ошолорду издеп жүрөм. Биринчиден, ашуу бербеген тоого
кез болдум. Экинчиден, өткөөлсүз сууга кез болдум. Үчүнчүдөн,
даамдуу дарымды таппай калдым. Төртүнчүдөн, аѐосуз жоонун
колунда калдым. Текес баатыр жалт карап алып, бастыра берет. Үйүнө
келип, атасына: Айтыбар чечен дейсиңер, алжып калган чал тура,
жайын сурасам, дөөдүрөп сүйлөйт деп, укканын айтат. Анда, атасы: А, балам, кайран киши кор болуп калган тура, бир ирикти өңөрүп
барып, батасын алып кел, дейт. Текес, атасынын сөзүн кыйбай,
Айтыбардын алдына барат. Айтыбар чечен, айтканына түшүнгөн
акылман баатыр тура деп, жайдары тосуп алып: - Алыстан эмне алыс?
318
– Жакындан эмне жакын? Таттуудан эмне таттуу? дейт. Анда, Текес: Жер менен Көктүн ортосу алыс, адамга аял жакын, баладан таттуу
жок, - дейт. Айтыбар чечен, анын жообун анча ыразы болбогондой: Билимдүү менен билимсиздин ортосунан алыс жок, адамга – ажал
жакын – күн менен түндөй, өмүр менен өлүмдөй киндиктеш нерсе.
Жандан таттууну дүйнөдөн табуу кыйын. Өлүм башына келгенде,
баласын кыйган адам четтен чыгат деди да, мурдагы сөзүнө кандай
түшүнгөн экен деп, сурап көрсө, анын маанисин билген эмес экен.
Ошондо, анын жандырмагын айтып бериптир.
Ашуусуз тоого кез болдум дегеним – тиземди сары суу чалып,
баса албай калдым, дегеним. Өткөөлсүз сууга кез болдум дегеним –
көзүмдү жаш басып, чылпактады, дегеним. Даамдуу дарымды таппай
калдым дегеним – наспайымды таппай калдым, дегеним. Аѐосуз
жоонун колунда калдым дегеним – келин баланын колунда калдым,
дегеним. Укпай ушак айтып, көрбөй ууру кылгандан түңүл. Уккан
улама, көргөн көсөм, ар нерсеге маани берип жүрбөсөң, - укканың
бекер. Кой чүкөсү дебегин – колуна жакса сакадыр. Жашы кичүү
дебегин – акылы жакса агадыр. Алжыган чал дебегин – кайраса алыс
барадыр.
Чечендик – жалаң гана кара сөздө, же жорго сөздө көрүнбөстөн,
акындардын ырында, куудулдардын сатира, юморлордунда да негизги
күч. Ошондуктан, айтыштарды бөлгөндө: салттык айтыштар, чечендик
айтыштар, - деп, бекеринен классификацияланган эмес.
ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ
“Ырамандын соңунан
Иши келип оңунан,
Элден таап нускасын
Арбытып айтып кыскасын,
Толубай сынчы сындаган,
Токтогул ырчы ырдаган,
Токтогул ырдап турганда
Элдин баарын тыңдаган”.
(Тоголок Молдо)
Байыркы Токтогул ырчынын качан туулуп, качан өлгөндүгү
жөнүндө так маалымат жок. Бирок, тарыхка аты калган Жаныбек хан,
Тимурдун тушунда жашагандыгы жөнүндө айрым уламыш санжыра,
лакаптар бар. Ал эми, эл оозунда кеңири айтылган уламыштар, бекер
319
жерден пайда болбойт. Анткени, эл ичинен чыккан таланттуу адамдар
тарабынан гана – элдин мүдөөсүн көрсөтүп, жан сезимин козгогон
укмуштуу чыгармалар жаралат. Ал чыгарма, эл арасында ооздон оозго
өтүп, жылдар сызып, кылым которулганда да, өзүнүн алгачкы ачылган
гүлүп соолутпай, кайра көрктөнүп муундан муунга өтөт. Аны
жараткан акындын аты унутулат, же уламыш, жомокко өтүп, сырдуу
боюнча калат. Дал ошондой, элдик уламыш, жомоктордун,
лакаптардын башкы каарманы болуп кеткен акын, сынчыларга –
Токтогул менен Толубайды кошууга болот. Булар жөнүндө эл
арасында: “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол”, - деген
лакап айтылып жүрөт. Андан башка элдик жөө жомокко өтүп кеткен:
“Токтогул ырчынын баласы”, “Жаныбек хан менен Акыл Карачачтан”
да, Токтогул ырчы жөнүндөгү айрым маалыматтарды жолуктурабыз.
“Токтогул ырчынын баласы”, - деген, уламыш мүнөзүндөгү жөө
жомокто, Токтогул ырчынын баласынын мындай деген арманын
жолуктурабыз:
- Булбулдун уулу мен элем,
Тулпардын башы сен элең.
Бууданды минип мен качып,
Бурулуп качан эл көрөм.
Ошентип, мындай армандар, лакаптар, бир замандарда, атагы таш
жарган акындын болгонун күбөлөп турат. Эми, ал акын кайсы
мезгилде, кайсы заманда жашаган деген, суроо туулат. Ага дагы, элдик
оозеки чыгармаларда сакталып калган уламыш, ырлар жооп берет.
Элдик уламыштарда: “Азиз Жаныбек хандын убагында: Жээренче
чечен, Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Алдар Көсөө
деген, эл шайырлары болгон” дейт12.
Жер жалмаган неченди,
Күткөн экен Жаныбек.
Жээренче деген чеченди,
Урмат кылып күтүптүр,
Батина13 ачык эшенди.
Ошол Жаныбек күтүптүр,
Токтогул деген ырчыны,
Толубай деген сынчыны14.
12
ФОНДу, инв.5116, 1-б, Кырг.ССР Илимдер академиясынын Тил жана
адабият институнун фондусу.
13
Батина – закымдыгы элге белгилүү деген мааниде.
14
ФОНДу, инв.5116, 1-б.
320
Мунун чындыгын, мусулман тарыхчысы - Абул-Гази:
“Родословное древо тюрков” деген, эмгегинде көрсөтүп отурат. Ал
мындай деген: “Этот, Джаныбек хан был чудный, из мусульманских
государей. Он оказывал великое уважение ученым и всем
отличившимся познаниями, аскетическими делами и благочествием15.
Ошентип Жаныбек хан өз ордосуна окумуштуу ойчуларда, сөзгө чебер
чечендерди, кара кылды как жарган калыстыктарды чогултканы
айтылат. Жаныбек хан - 1340-жылдан 1357-жылга чейин, казаккыргызга хандык кылган16. Аны, 1357-жылы, өз баласы – Бердибек
өлтүргөн17. Дал ушул Жаныбектин өлтүрүлүшү, кыргыздардын
“Жээренче Чечен” деген жөө жомогунда да, сакталып калган. Ал
түгүл, Токтогул, Асан Кайгылардын ошол учурда жашап турганы
айтылат. Мында, бар болгону, Бердибек Жаныбектин баласы
болбостон, иниси деп, берилген.
Токтогул ырчы, Жаныбек хандык кылып турган мезгилде (13401357) атактуу ырчы болуп калган болсо, болжолдуу түрдө - 1320жылдары туулган деп айтууга болот. Кийинки учурда, ССР илимдер
академиясынын Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган
фольклордук экспедиция убагында жыйналган материалдар, Токтогул
Толубай жөнүндө тагыраак материалдарды берип отурат18. Бул
маалыматтарга караганда, кыргыздын катаган деген уруусунан
Супатай баатыр деген чыгып, элди адилеттүүлүк менен башкарып
турган. Ал өлгөндөн кийин, ынтымак кетип, анын – Карасеит,
Сарысеит деген уулдары байлык талашып, Сарысеит жыгылат.
Ошондо, Сарысеиттин уулу Мажиттин колун Карасеит кесип алат.
Буга ыза болгон Мажит, жети уулун ээрчитип, айылы менен Самаркан
тарапка көчүп кетет. Көчүп барган элди, Мажиттин уулу – Кудаян
бийлеп калат. Экинчи бир кабарда, Кудаян Ала-Тоо кыргыздарына хан
болуп туруп, калмактардын чабуулу мезгилинде Самаркан жакка
сүрүлөт19. Бул, Орто Азияны Тимур бийлеп турган мезгилге, б.а. 1368-1405-жылдарга туура келет. Дал ошол, Сумаркан тарапта
сүрүлүп,
каардуу
Тимурдун
бийлигинин
астында
калган
кыргыздардын ичинде – Токтогул ырчы да болгон. Бул кебетеси 1357-жылы, Жаныбек хан өлтүрүлүп, андан кийин анын уулу
15
Абул Гази: “Родословное древо тюрков”. Казан, 1914, с.155
Ошонун өзүндө, с.155.
17
Ч.Валиханов. Собрание сочинений в пяти томах, т.17.Алма Ата, 1961, с.633.
18
ФОНДу инв.5193.
19
ФОНДу инв.5116, 40б.
16
321
Бердибектин да хандыгы (1357-1359) кулагандан кийин болгон
окшойт. Тимур өтө каардуу хан болуп, алдындагы элге зордоп
мусулман динин кийрип, согуштарга керектелүүчү оор чыгымдарды
алып турган. “1370\71 жылдарда эле ал, Түштүк Кыргызстандын
айрым райондорун басып алган. 1375-жылы, анын колу, Иле суусунан
өтүп каптап кирип, 1377-жылы Ысык Көлдүн элине бүлгүн салат”20.
Дал ошол мезгилде Тимур: Кыргыз деген жапан эл бар экен, окуу
билбейт, кудайы – от, динсиз каапыр, мал багып көчүп жүрөт. Кымыз,
айран ичет. Малдын терисин киет. Бул элди мусулманчылыкка
үйрөтүш үчүн көп күч керек. Бир киши хан болот. Атчан жоокер
берем. Мусулмандык паспорт берем. Ким хан болуп, кыргызды
мусулмандыкка үндөйт21 - дейт. Ошондо, катаган уруусунан чыккан
Мажит дегендин уулу – Кудаян: “Мен мусулман кылам”, - деп чыгат.
Кудаянды Өзгөнгө алып келип, ордо салдырып, хан деп жарыялайт.
Ал Тимурга жагыш үчүн, кыргыздарды күч менен мусулман динине
кийрип, келмеге тили келбегенин, орозо кармабаган, намаз
окубагандарынын мойнуна зоолу салдырып, Ысар – Көлөпкө айдаган.
Жөө айдалган кемпир, чал жолдо кырылган. Айласы кеткен элде,
мындай ыр пайда болгон:
“Эшеги болсо токуйбуз,
Намазын кантип окуйбуз”....
Тимурдун баш кесер желдетине айланган – Кудаян жөнүндө, эл
оозунда көп уламыш, ырлар сакталып калган.
Сен кара жолтой хандырсың,
Кадемиң каткан жандырсың!
Ушу сенин тушуңда,
Журт бузулат ушунда.
Калың кыргыз бузулат
Качып бозуп кысылат.
Калкка тиет кесириң,
Как талаада карайлап,
Какшап калат жесириң.
......................................
Көргүлүктү көрөсүң.
Ач кайкалаң куу белде,
20
21
“Кыргыз ССР тарыхы”, 1 том, Фрунзе, Кыргызстан, 1973, 215 бет.
ФОНДу инв.5193, 53-54-бб.
322
Как ошондо өлөсүң!22
Бул – Кудаянды, Санчы сынчынын сындагандагы айтканы катары
берилет. Көп, мында, легендарлуу Санчы сынчынын болгондугу же
болбогондугу жөнүндө эмес, жалпы эле Кудаяндын кайрымсыз хан
болуп, элге көп жабыр тарткызганы жөнүндө болуп жатат. Кудаян –
мусулман дининин эрежелерин үйрөнө албагандарды сүргүнгө
айдатса, динге каршы чыккандарды Самарканга, Тимурдун ордосуна
алып барып, эл алдында даргага асып өлтүргөн. Өлүгүн талаага
таштатып ит-кушка жем кылган. Дал ошол учурда, Тимур менен
Кудаяндын кордугуна чыдабаган Токтогул ырчы мындай деп ырдаган
экен:
Кудаяндын тушунда куурап калдык,
Куургуч баштуу кожону туурап калдык.
Айыпсыз ата-энени кыргын чалып,
Ысар-Көлөп сүрүлүп чуулап калдык.
Аркы атаң – эр Супатай катагандан,
Коркомун Кудаян деп атагандан.
Паспортуң түгөндү деп зоолу салып,
Тоногон кара тоодой матагандан.
Өз атаң – Сарысейиттен, Мажит чолок,
Адамзат бул жалганга келген конок.
Динине Мухамеддин киргизем деп,
Конокту кордук кылдың боюн тоноп.
Кескениң Темирхандын душманы эмес,
Кудаян бул айтканың жалган жомок,
Арбагы Кыргызхандын сени урар,
Кыргызды кыйын кыйнап салдың домок23.
Токтогулдун бул ыры, эки жүздүү кошоматчылар аркылуу кудаянга
жетет. Кудаяндын каары келип, мусулман динине ачык каршы чыккан
катары – Токтогул ырчыны, Самаркандагы Тимурга жөнөтөт. Ал аны,
элдин алдында даргага тарттырып, жору менен ит-куш жесин деп, айталаага таштатат. Жакындарына өлүгүн көмүүгө жана үн чыгарып
ыйлоого тыюу салат. Тимурдун каарынан корккон эл, түн ичинде үйбүлөсүнө жашырын угузуп, кара эчки союп, кара ашын берет.
22
23
ФОНДу инв. 5193, 55б.
ФОНДу инв.5193, 55бет.
323
Ошондо, Токтогул ырчынын эжеси, мындай деп кошок кошуп
жоктогон экен:
- Кара жаак Токтогул,
Калыстык менен ырдадың.
Каны менен бооруна,
Кара ниет хан Темир,
Кара жерди сырдадың.
Карга менен кузгунга,
Кайсы аралда жем болдуң
Кадырың өткөн кыргызга,
Кара эчкиге тең болдуң.
Этеги жырык чапаның,
Элечек кийген апамын,
Эркине көндүң кантейин,
Эркектер сага капамын.
Аскасы белем бийиктин
Азоосу элем кийиктин.
Каңгайган ак баш жорулар,
Касымды жесин ийиктим.
Эжесинин кошкон кошогуна караганда да, Токтогул ырчынын атагы
алыска тарап, “кара жаак” ырчы аталып калганы көрүнүп турат.
Ошентип ал, элдин эркиндигин талашып жүрүп курман болгон. Эл,
мындай адилет, “кара жаак” ырчысын өлтүргүсү келбеген.
Ошондуктан, анын бардык чыгармасын – элдик чыгарма катары,
муундан муунга таратып, атын-лакап, өмүрүн – легенда кылып, сактап
келишкен.
Экинчи бир маалыматта, кордукту Азиз Жаныбектен көп
тартканы баяндалат. Токтогулдун бетке чаап, тике айткан сөзүнөн
Жаныбек хан, көп жолу эл алдында уят болуп калган. Ошондо,
Жаныбек Токтогулдун мойнуна зоолу салдырып, айдатып жиберген.
Ал, Жаныбек хан өлгөндөн кийин гана, азаттыкка чыгат. Бул мезгил 1357-жылга туура келет. Токтогул ошондо минтип ырдаган экен:
- Жаныбек басты белимди,
Калмактыгы билинди.
Калк ичинде сүйлөтпөй
Кагып салды жинимди.
Арманы көп Токтогул,
Айнып калдым акылдан.
Айрылып калдым жете албай,
324
Агам Толубай жакындан.
Зили душман калмактан
Көрдүк далай кордукту.
Келин, кызга ээ кылбай,
Кылып турду зордукту.
Кандай болсо да, Жаныбек хан, Темирландын тушунда жашаган
Токтогул ырчынын тагдыры – оор азаптар, келишпеген күрөш менен
өткөнү байкалат. Ошондуктан, эл өзүнүн сүйгөн ырчысын уламыш
түрүндө болсо да, сактап калган, жомок кылып айтып, сыймыктанган.
ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ (ҤМӨТ УУЛУ)
Жайсаң ырчынын качан туулуп, качан өлгөндүгү жөнүндө
тарыхта так маалымат жок. Ага карап, Жайсан ырчы тарыхта болгон
эмес деп, корутунду жасай коюуга да, акыбыз жок. Анткени, Жайсаң
жөнүндө элдик уламыштарда санжыраларда кеңири айтылат. Ал түгүл,
“Манасты” биринчи айткан ырчы катары, Сагымбай манасчы Жайсаң
ырчыны эскерип отурат24. Бирок Сагымбай айткан Жайсаң ырчы,
ырдын жалпы мазмунуна караганда, калмактын ырчысы катары
көрүнөт. Муну далилдөө үчүн ырдын текстине кайрылалык.
Алиги көргөн Кайыпдан,
Кыз берүүгө кадманган.
Уугун күмүш суулатып,
Керегенин порумун,
Кандай уста кылган деп,
Көргөн жанга суратып.
Ак манат менен жаптырып,
Керегенин кобулун,
Алтындан нагыш чаптырып.
Ичин кызыл сырдаган.
Чийин жибек чырмаган.
Салтанатын көргөндө,
Жайсаң ырчы дегени,
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнчө ырдаган.
Ак ордо үйүн көтөртүп,
Атилес, шайы дүрүйө,
24
Инв.572, 554бет.
325
Алар да өттү жалгандан25.
Ошентип, мында – Жайсаң Кайыпдаңдын ырчысы катары
көрүнөт. Ал эми, Кайыпдаң болсо, калмактын ханы, Манас аялдыкка
алган – Карабөрктүн атасы. Бирок, буга карап – Жайсаң ырчы
кыргыздарда болгон эмес деп да, кесе айталбайбыз. Анткени, Манасты
айтуучу акындар, көп убактарда турмуштагы тарыхый адамдарды
ошол боюнча эпоско алып келбейт. Алар, көпчүлүк убактарда,
чаташтырып колдонуп да жиберишет. Мисалы, буга, “Кожожаш”
эпосундагы Кожожаш мергенди алууга болот. Алымкул Үсөнбаевдин
варианты боюнча – Кожожаш Таластын башын жердеп турган
кыргыздын кытай уруусунан чыккан. Ал эми, Саякбай Каралаев,
“Манас” эпосунда – Кожожашты, Коңурбайдын алдындагы кытай
мергени катары көрсөтөт. Ошентип, бир эле каарман бир акында
кыргыз болуп катышса, экинчи жомокчуда – кытай болуп чыга келген.
Ушундай эле көрүнүш Жайсаң ырчы жана Карабөрк жөнүндө
болгонбу деп, ойлойбуз. Элдик санжыра боюнча, “Манастагы” калмак
кызы болуп көрүнгөн – Карабөрк, XVI-кылымдарды – Илбирс хан,
Жолборс хандын тушунда жашап турган кыргыздын тушунда жашап
турган кыргыздын эле кызы. Ал – аябай сулуу болгондуктан,
кыргыздын: Агыш, Кожош, хан Сарык деген баатыр жигиттери
талашкан26. Мунун аягы, кандуу чатакка айланып кетпесин дешип,
элдин суроосу боюнча, кыз кимге мис аякты сунса, ошого тийсин
деген. Ошондон, мындай элдик ыр калган.
Агышка келди мис аяк
Кожошко келди сыр аяк.
Кабайдын уулу хан Сарыкка
Эки чети көктөлүү аяк,
Эки элчиси бөксө аяк.
Ошентип, Карабөрк Агышка тийген. Ошол, Карабөрк сулуунун кийин
мындай арман кылганы, элдик уламыштарда сакталып калган:
Ак такыя жаман деп,
Тыйын бөрк кийген бул башым.
Хан Сарыкты жаман деп,
Агышка тийген бул башым27.
25
Жогоруда.
Инв. № 1057, 134бет.
27
Инв. № 572, 296 - бет.
26
326
Мындай уламыштар, Карабөрк сулуунун - кыргыз кызы экенин
далилдейт. Ал эми, жомокчулар муну, кийинчерээк “Манас” эпосуна
кийрип, калмактын каны – Кайыпдаңдын кызы кылып, Манаска алып
беришкен. Ушул эле сыяктуу, Жайсаң ырчыны калмак ырчысы кылып
көрсөтүп жиберишкен окшойт. Мындан башка, ошол эле Сагымбай
Орозбековдон жазылган “Манас” эпосунда, Алтайда турган
кыргыздарды бүтүн жыйдырып кеңеш кылганда, Үмөт уулу –
Жайсаңды да чакыртканы айтылат.
Кабар салды калкына
Калың кыргыз жалпыга
Үч уруу болгон казакка.
Жарлыгы жалган болот деп,
Калбаңар деп азапка.
Бир жумадан бир жума,
Кыргызды жыйып жупжуда.
Атасы Жакып кары бар,
Акылмандын баары бар.
Акбалта, Ошпур дагы бар,
Бердике менен Дамбылда –
Берендердин баары бар.
Байжигит баатыр дагы бар,
Айдаркан, Үмөт ал да бар.
Айдаркан уулу эр Көкчө
Баары келген чагы бар.
Үмөт уулу Жайсаң бар
Өлүмдөн коркпос көп жандар.
Бул келтирилген үзүндүгө караганда, Жайсаң ырчы кыргыз эле
болуп турат. Жайсаң ырчынын кыргыз экендигин Сагымбай манасчы
экинчи жерде –“Чоң казатта” да, эскерип отурат. Мисалы:
- Кырк баатырдын баары бар,
Кыраан Бакай кары бар.
Кырк жигиттин башчысы
Кыргыл сындуу кары бар.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кыргыздын беги Кутунай,
Кара Токо, Мажиги,
Камбар уулу Чалиги,
Сарт уруктун Сатыйы
327
Алчындардын Атайы
Үшүндөрдүн Үмөтү,
Үмөт уулу Жайсаңы
Аргын кара кожосу,
Бообек, Шаабек, Шүкүрү
Арбандардын Алтайы,
Дөрбөндөрдүн Тартайы
Төлгөчү кара Төлөгү,
Өнөрү журттан бөлөгү28.
Жайсаң ырчынын, эл оозунда, легендалык мүнөздөгү ылакап аты
гана калбастан, айрым ырлары да сакталып калган. Ошондуктан, ошол
ырлардын мазмунуна карап, ал кайсы доордо жашаганын болжолдоп
тактоого болот. Кыргыздардын Түштүк Сибирде - Саян Алтай
аймагында феодалдык мамлекетинин пайда болушу жана Орто
Азиянын кеңири территориясына кучак жайышы - VI-X кылымдарга
туура келет29. Айрыкча, кыргыздардын 840-жылдары уйгурлардын
күчтүү мамлекетин талкалашы, Орто Азияга бекем орношууга жана
өздөрүнүн байыркы мекенине биротоло көчүп келүүгө мүмкүнчүлүк
түзгөн. Элдик санжырада, кыргыздардын ошол учурдагы кол башчысы
– Кыргызкан (мурдагы аты Адырак алгыр) таласка жеңиш менен
келишинде чоң той берип, отко табынып, кыз-келиндерин чогултуп
үкү тагып, каркыранын канатын такканы айтылат. Ошол тойдо,
Жайсаң ырчы бытырап кеткен көп уруунун башын кошуп, эл
кылгандыгы үчүн - Кыргызханды мактап ырдаган. Элдик
уламыштарга, санжырага караганда, Жайсаң ырчы кыргыз ичиндеги
кушчу уруусунан чыккан30. Бул, кебетеси, IX кылымдын ортосуна
туура келет. Ошентип, биз, Жайсаң ырчы IX кылымдын башында
туулуп, экинчи жарымында өлгөн болуу керек деп, айта алабыз.
Биздин бул оюбузду Жайсаң ырчынын ыры да далилдеп турат:
Кыз-келиниң кадырлап,
Үкү менен сыйладың.
Чачылып кеткен Усундун,
Чар тарабын жыйнадың.
Айгышып келген душманды
Адырдан качкан түлкүдөй,
28
Инв. № 572, 296 - бет.
Кыргыз тарыхы. Том 1, Фрунзе, 1973, 131- бет.
30
Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол
жазма фондусу, инв.5193, 50-бет.
29
328
Алгырды салып кыйнадың.
Түпкү атаңдын өз журтун,
Түгөл алдың колуңа.
Алыстан келди көп уруу,
Ак калпак сенин бооруңа.
Алар дагы үн кошот,
Аземдеп тарткан чооруңа.
Кегиңди алдың душмандан,
Кереге, уугуң бузгандан.
Айтылып калсын түбөлүк
Ак калпак кыргыз атанып,
Ааламга атың уккан жан31.
Бул ырда, негизинен, Кыргызхандын бытыранды болуп чачылып
кеткен узундар (же усундар – З.С.) дын башын курап, эл кылгандыгы
айтылып жатат. Кыргыздардын байыркы ата-бабалары болуп
эсептелген Усундар, биздин замандын башталышынан VI кылымдарга
чейин, Жети Суудагы эң ири уруу союздарынан болуп келген32. Түрк
каганатынын VI кылымдагы күчтүү хандыгы түзүлгөндө, батыш түрк
каганатынын составына кирип, өзүнүн мурдагы гегемониялык
бийлигин жоготкон. Алар кийинчерээк кыргыз, казактын ичиндеги
өзүнчө урууну түзүп калган. Айрым окумуштуулардын пикирине
караганда, казактын Улуу жүзүндөгү уйсундар, ошол усундардын
калган болуу керек33. Ал эми, тарыхый маалыматтарга караганда,
кыргыз-казактар жалпысынан, XI-XVI кылымга чейин, ал түгүл XVIII
кылымга чейин – кыргыздар деп аталып келгенин жолуктурабыз34.
Азыркы учурда, кыргыз арасында жолуккан айрым уруулар, мисалы:
азык, басыз, кушчулар – ошол учурда усундардын ичинде да болгон
(инв.5193, 50-бет). Ошентип, Жайсаң ырчы - кыргыздардын
тарыхында легендалык мүнөзгө өтүп жашап калган эң байыркы
ырчысы, жомокчусу болуу керек деп, болжолдоого болот. Ал түгүл,
31
Көрсөтүлгөн фонду, инв. 5193, 50-51-беттер.
Бартольд В.В.; “Кыргыздар”, Кыргызмамбас басмасы, 1943-жыл, 15-бет,
«Кыргыз тарыхы», том 1, Бишкек; Кыргызстан, 1973, 83-88-бб.
33
Аристов Н.; “Опыт выяснения этнического состава кыргыз-казаков
Большой орды и каракиргизов”, Ж.С., 1894, III – IV.
34
Арменид Вамбери; “Очерки Средней Азии”, М., 1968, 268-бет.; Гродеков
Н.И. «Киргизы и каракиргизы» (Сыр-Дарьинский обл.), том 1. Юридический
быть. Ташкент, 1889: Ишь-Мухаммедь; «Физическое и умственное
воспитание у киргизов». Ташкент, 1883.
32
329
анын аты жалпы мааниде – лакап түрүндө колдонулуп кетиши да, ал
жөнүндөгү
тарыхый
маалыматтардын
унутулуп
кетишине
байланыштуу болгон.
БАЛЫК (БЕКМУРАТ) КУМАР УУЛУ
(1799 – 1887)
Эң күчтүү манасчылардын болгон Балык (Бекмурат) Кумар
уулунун качан туулуп, качан өлгөндүгү жөнүндө, кийинки
мезгилдерге чейин так маалымат болгон эмес. “Манас” эпосу жана
манасчылар жөнүндө изилдөөчүлөрдүн бири – Калим Рахматулин,
Балык жөнүндө мындай деп жазган: “Балыктын кайсы жылы туулуп,
кайсы жылы өлгөнүн азыр аныктай элекпиз. Ал Таласта туулуп, 80
жашка чыккан кезде Чүйдө өлгөн”35.
Калим Рахматулин, негизинен, Ыбрай Абдархмановдун Шапак
Рысмендеевден жазып алган: “Улуу манасчы Балыктын өмүр баяны”36
– деген материалына таянган. Бирок, ал, мындагы эске ала турган
айрым фактыларды көз жаздымда калтырып кеткен, же маани берген
эмес десек болот. Анткени, Ыбрай Абдрахмановго Балыктын өмүр
баянын айтып берген белгилүү манасчы – Шапак Рысмендеев, 13-14
жаш курагында Балыктын өзүн көрүп, айткан манасын уккан. Балык,
ошондо, 75 жашта болгон37. Дал ушул маалыматтын өзүнөн эле,
Балыктын качан туулганын билүүгө болот. Анткени, Шапак
Рысмендеевдин туулган жылы бизге белгилүү. Ал - 1863-жылы,
Кочкор районундагы Шамшы деген жерде туулган. Демек, ал Балык
манасчыны 13-14 жаш курагында көргөн болсо, 1876-77-жылдарга
туура келет. Ошол учурда, Балык – 75 жашта болсо, 1801-1802жалдары туулган болуп чыгат. Мындай маалыматтын тууралыгын,
кийинки кездерде жыйналган материалдар да далилдейт. Кыргыздын
элдик оозеки чыгармаларынын көрүнүктүү жыйноочуларынын бири –
Жанжигит Казакбаев, 1973-жылы, Кант районунун Аламүдүн
совхозунда жашоочу, Балыктын небереси – Найманбаева Сукандан,
чоң атасынын өмүр баянын жазып алган. Сукан Найманбаеванын
35
Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол
жазма фондусу, инв. № 182, 55-бет. Мындан ары фондунун инвентарь номери
гана көрсөтүлөт.
36
Фонд. инв.500.
37
Фонд. инв. 500, 12-бет.
330
берген маалыматына караганда, Балык - 1799-жылы туулуп, 1887жылы, 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан38.
Ушундай эле маалыматтарды, Алымбеков Тургунбек жазып
калтырган санжырадан жолуктурабыз. Анда, манасчы Алымбекке
айткан эскерүүсүнө караганда, жигит болуп калган мезгилинде
Таластын оозунда турган Ажыбек даткага барат. Ал учурда Ажыбек,
Кокон ханынын ишенимдүү кишиси болуп калганы айтылат. Кокон
хандыгы 1821-жылдан, 1825-жылга чейин, Кетмен Төбө, Талас, Чүй
өрөөндөрүн басып алууга жетишкен39. Ошентип, бул айтылган
фактыларга караганда Балык Кумар уулунун туулган мезгили XVIII
кылымдын акырына туура келет.
Балык, кыргыз ичинде сарбагыш уруусундагы – Чоң чарыктан.
Булар, санжыра боюнча алганда – Дөөлөстүн Манабынан. Манаптан –
Сүтөй, Сүтөйдөн – Тукур, Тукурдан – Чоң чарык. Эсенкул манаптын
тушунда, Чоң чарыктын ичиндеги букараларды катуу эзген. Ошондо:
Кожо, Көкүл, Толубай деген үч атанын балдары – Таласка, Кетмен
Төбөгө көчүп кетишет. Көкүлдөн – Курманбек, андан – Кумар,
Кумардан – Балык (Бекмурат).
Балыктын чоң аталары Кетмен Төбөнүн Коңур Өгүз деген жерин
жайлап туруп калышкан. Ал жерден да тыңый албай, абдан
жакырчылык күндөрдү өткөрүшкөн. Кийинчерээк, Коңур Өгүздөн
Таласка көчүп келгенин Балык мындайча эскерет: “Атабыз өлүп
калып, Коңур Өгүздөн эңебиз менен, мен 14 жаштамын, абдан кедей,
мал жок, жүдөө болуп көчүп келдик. Чоң чарыктан таякебизге –
Таласка, Кең Колдо эле таякебиз, ошол жерден ырчы болдум,
“Манасты” айтамын, мурунку жомоктордон айта койчумун аз-аздап”40.
Муну Балык, Тургунбек санжырачынын атасы Алымбекке айтып
берген. Тургунбек санжырачы болсо: “Атам – Алымбек чакырып
алып, дүнүйө берип, батасын алар эле Балыктан. Балык өзү да келер
эле, абдан чоң адам эле, ырынан да сөзү ширин эле, отурган-турганы
сыпаа эле”41, - деп, эскерет.
Балыктын сырткы түзүлүшү, ырчылыгы жөнүндө, аны көргөн
Султанаалы Азизберди уулунун, манасчы Шапак Рысмендеевдин,
Эркебай Бердибай уулунун мүнөздөмөсү да, бир жерден чыгат.
38
Фонд. инв. 5263, II-дептер, 11-бет.
Кыргыз ССР тарыхы, том 1, “Кыргызстан” басмасы, Фрунзе. 1973, 267-бет.
40
Жогорку фондуда, инв.1165, 236-бет.
41
Фонд.инв.1165, 235-бет.
39
331
Балыктын сырткы түрүн, акындыгын, 1862-жылы көргөн.
Султанаалы Азизберди уулу мындай дейт: “Кыска бойлуу, жоон
көөдөлүү, оозу балыктын оозундай болгондуктан Бекмурат атын
таштап Балык деп лакап ат коюлган. Сөзгө эң чечен, туура сөздүү,
ачуу тилдүү болгондуктан, кыргыздын бүткүл акындары анын
алдында кайдан кайып (кыйкым болуу керек – С.З.) табылар деп
калтырап, дирилдеп турушкан”42.
Балык эл жомокторун, ырларды, манасты, 13-14 жашынан
баштап, айыл арасындагы майда чөйрөдө айта баштаган, 20 жашка
чыкканда кадимкидей жамактап ырдап, чоң топко ырдаган акын болуп
калган. Ал, жаш кезинен турмуштун оор запкысын көрүп,
корүнгөндүн жумушун кылып, Олуя Атадагы (азыркы Жамбул) Кокон
бегине малай болуп жүрөт. Ал кезде, Кокон хандыгынын жержерлерге койгон бектери, жергиликтүү элдерден “битир”, “үшүр”,
“секет” деп, ар түрдүү чыгымдарды жыйнап, көбүнчө мал түрүндө
Коконго жөнөтүп турган. Бир жолу, ошондой салыкка жыйналган
койлорду айдап барууга, Балыкты жумшаган. Кең Колго барганда кеч
кирип кетип, “Манастын” күмбөзүнө түнөп калышат. Балык, кийин,
“Манасты” айтып калган себебинин эң негиздүүсү катары, ошол
күмбөзгө түнөгөнүн себеп кылып, көп эскерип жүргөн. Анын
айтканына караганда, “Манас” чоролору менен Балыкка жолугуп,
өздөрү жөнүндө айтып жүрүүгө, ал түгүл, Намангенге чейин минип
барууга – бир тору кунан берген”, имиш. Албетте, бул манасчынын,
өзүнүн кадырын көтөрүү үчүн ойлоп тапкан окуяларынан. Анткени,
ошол мезгилдин өзүндө, айрыкча диндик укмуштарга ишенип турган
адамдар үчүн, бул, адеттеги эле көрүнүш болгон. Андан башка, мунун
чыныгы себептери да болгон. “Манас” айтууга ушунчалык берилген
акынга, ал түгүл, Манастын болгонуна ыйманындай ишеним жүргөн
адамга, ошол көп ойлоп жүргөнү түшүнө кириши толук ыктымал.
Кайсы гана манасчыны албагын ал, “түш көрүп айтып калдым” деген
күндө да, бирөөдөн мурда угуп, үйрөнгөн болот. Ошол, жаш кезегинде
уккан укмуштуу жомок, белгилүү бир мезгилде тирүү адамдардай
түшүнө кирген. Аларды уккан адамдарга айтып, өзүлөрүнүн акындык
чеберчилиги жөнүндөгү жашырын сырларын ичине сактап калышкан.
Ага уккан адамдар да ишенишкен. Себеби, эки ооз ырды жаттап ырдай
албаган айрым адамдар үчүн, эки ай ыр менен жомок айтуу укмуштай
сезилген, ал түгүл, анча ырды жаттап алдым дегенге эч ким ишенбейт
42
Фонд. инв. 200, 361-бет.
332
да эле. Бул “Манастын”, манасчылардын тегерегинде касиеттүүлүктү
пайда кылган. Алардын талантына элди жүгүнткөн, сыймыктанткан.
Ырчыны “шайтандын канаты” деп билген молдолор үчүн да,
“Манастын” колдоочусу унчуктурбай оозун жап кылган. Ошондуктан,
“Манасты” айттырбай коюуга алар батына албаган. Ал түгүл, алар
кээде, “Манасты” өз идеяларын ишке ашыруу үчүн да пайдаланууга
аракет кылышкан. Бул жөнүндө, Балыктын Тургунбек санжырачынын
атасына айткан эскерүүсү эң сонун далил: “Бир күнү, Азирет Аалынын
тукумунун деп, бала кези экен, Азиз – кожо деген, эшен келди. Кан
Ажыбек: - Балык балам, ырдап бер эшенге, “Ортокандан” баштап, деди, - “Манаска” чейин”. Соктуруп, жогору ырларды айтып,
“Манаска” келип “Манасты” айтып, эшендерди кошо айтып, Айкожом
деп, Манаска кошуп, мусулман дини макталат эмеспи, кожом
мурунку, куну-куту кошулган ырларды, хандарды жакшы укпай
отурду эле, кийинки, мусулман дини киргендеги хандарды айтканда
абдан кулагын салып укту.
Азиз – кожо, эшен, Ажыбек датканын алдында: - Ырчы, сиз
мындан кийин мусулман динине кирбеген хандарды, элдерди айтып
жүрүүчү болбо. Мусулман болгон, ислам дини үчүн урушкан,
талашкан хандарды, элдерди айтсаң чоң сооп кыласың, жаның
жаннатта болот. Мукаммед байгамбар, Азирет Аалы шерди, куданы
кошуп айтсаң деди. Мурунку бутпарас болгон хандарды, элдерди
айтсаң каапыр болосуң, күнөкөр болуп жаның тозокко болоду*” - деди
эшен. Дал ошол эшендин сөзүнөн кийин Балык “Манаска” ислам
дининен көбүрөк кошуп айтып калганын мойнуна алат. Анткени,
Балыктын өзү да динге ишенген, дүйнөнү, турмушту түшүнүү жолу,
дал ошол ислам дининин негизинде болгон. Бирок, Балыктын ушул
айтканына караганда, “Манастын” негизи сюжетинде дин анча рол
ойнобогону, ал ислам дининен мурда эле калыптанып калганы
байкалат. Балык мурда “Манасты” айтканда – “түп атасы Орозбай,
анан Оторкан” деп, көп аталарын санап келип, андан кийин Ногой
ханга келген. Булардын ортосунда толгон окуя жаткан. Ал окуялар
көбүнчө кыргыз элинин санжырасына, тарыхына байланышкан. Элде
айтылган лакап сөздөрдүн мааниси, уламыштар, манасчынын негизи
фактылары болгон. Мисалы, Балыктын санжыра сөздөрүнөн
төмөнкүлөрдү келтирсек болот;
1.
Барсаң – Оторго бар, оторчулар,
Отор деген сөз – Оторхан хан болгондо,
Отор шаарын салгандагы сөз.
333
Мындагы “Отор шаары – Чынгыз хандан мурдагы окуяларга туура
келет”.
2.
Бараккан хан болгондо,
Он сан Бараккан болгондо,
Кырк сан Кырым болгондо,
Боорукер тууган Боруке хан болгондо Кой үстүнө торгой жумурткалаган.
Андан кийин:
3.
Кырым хан Кырым болгондо
Рум рум болгондо
Уулу өлбөгөн Румда жок
Кызы өлбөгөн Кырымда жок
Өлбөй калган салта жок.
Ал кезектеги адамдардан:
- Өлүмдүн тезинен сакта
Андан калса сегизинен сакта
Андан калса эгизинен сакта
Кандын каарынан сакта,
Карачанын дооматынан сакта.
Бакбай балааңан сакта
Капсалаң болгон жуттан сакта,
Кара өзгөй болгон доодон сакта
Аңдыган уурудан сакта,
Абайсызда тийген жоодон сакта, деген сөз калган ошондо43.
Мындай, майда, лакап сөздөрдү Балык кийинчерээк, “Манас”
эпосунун негизги прологуна айландырган. Ал, төмөнкү эпизоддон
көрүнүп турат.
- Ногойлорду чакыртып,
Отор шаарын алдыртып,
Алөөкөнү хан кылып.
Карач ханды өлтүрүп,
Кыпчактардын Тоокеси,
“Сарт” деп ураан чакырып,
Он эки ата Угузга
Ойрон салган эмеспи.
* Фонд. инв. 1165, 240-бет.
43
Фонд. инв. 1165, 233-бет.
334
Бараккандын тукумун
Бирин койбой куудуруп
Маңгыт, казак, кыргызга
Бүлүк салган эмеспи.
Эртегинин эр Шоорук
Үркөр хандын тукуму
Кең Үркенчтин ханы экен
Угузду сен буздуң деп,
Бараккандын тукумун
Тукум курут кылам деп
Казак, кыргыз, маңгытты
Мынча неге куудуң деп,
Сарт ураанын чакырып,
Кыпчактардын Тоокесин
Баарын кылган сенсиң деп,
Эртегинин эр Шоорук
Кошун жыйган эмеспи.44сыяктуу болуп, Манаска чейинки тарых улана берет. Балыктын, эл
оозунан жазылган, “Манастын” ыр менен айтылган тексти жок. Бирок,
Алмамбеттин Көкчөгө таарынып кетип бараткан бир учурун Шапак
манасчы, Балыктан угуп калган экен.
- Кара тоонун башында,
Кара барчын мен элем,
Кармаган ээм сен элең!
Бозой тоодон койбогон,
Боз ала туйгун мен элем
Болгон ээм сен элең!
Боосу калды колуңа
Кеттим мына жолума!
Очогор кара замбирек
Ойлободуң бадирек!
Огу тиер өпкөңө,
Онтоор кезиң боло элек!45
Бул үзүндүгө караганда, Балык манасчы “Манас” айтканда” аккан
суудай шар кетип, күнү-түнү айта берчү” деген эл сөзү, чын окшойт.
44
Фонд. инв. 1165, 233бет.
45
Фонд. инв. 500, 13-14-беттер.
335
Ал эми, өзүнүн – Тургунбек санжырачынын атасына айткан сөзүнө
караганда, кыргыздын бүткүл “жаралыш тарыхынан” сүрүп отуруп,
“Манаска” алып келген. Манасты тарыхый адам катары карап, анын
жомогун түзгөн. “Манас” эпосу эки бөлүмдөн турган – биринчи
бөлүмдө: “Манастан” мурдагы кыргыз тарыхы, ал бөлүм – “Оторхан”
деп аталат, экинчи бөлүмү – Манастын окуялары.
“Манас” бөлүмүндө, катагандын – кан Кошой, Бокмурун хан,
Коѐш хан, Жүгөрү хан, Үрпү хан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан,
Көкчөкан, Буудайыккан ж.б. болгон. Булардан башка, “Манаска”
танапташ кылып – “Эр Төштүк”, “Кан Шырдак”, кыпчактардын “Эр
Табылды жалгызын”, кытайлардын кыл муруттуу “Кожожашын”, “Сен
Сарынжы, мен Бөкөйдү”46 айткан.
Балыктын мезгилинде, “Манасты” ушунчалык кызык кылып,
жана узак айткан – Талас өрөөнүндө башка манасчылар, акындар
болгон эмес. Казакча ырдап, өлөң формасын кыргызга тараткан – кара
жаак Жаныш акын да, ырдаган жеринен 9 кара алмайынча кетпеген –
Сокур Калча да, казак акындары менен айтышып атак алган –
Эсенаман, Чоңду, Назар акындар, “Манас” айтууну – Балыктан
үйрөнгөн. Балыктын өзүн көргөн жана андан үлгү алган – Жаныш
акындын көп ырларын жаттап калган – Эркебай бердибай уулунун
эскерүүсүндө, бул эң сонун айтылып отурат47.
Балыктын чыгармачылыгын кылдат карап отурсак үч түрдүү
багытта өңүккөнү байкалат. Биринчи жана негизги кесиби – “Манас”
айтуу болгон. Экинчи орунда: жамактап ырдоо, ырчылык кесиби
турган. Ал эми, аксакалдар менен отурганда, же, тар чөйрөдө
санжырага чоң маани берген. Бирок, бул үч түрдүү өзгөчөлүк бирин
бири жокко чыгарган эмес. Көп учурларда, “Манас” айткан адамдын
баары акын болот” деген менен, манасчынын баары – ырчылык,
жамактоо кесибин таштап коюшкан. Кыскасы, алар манасчы катары
гана элге таанылган.
Балык элге манасчы катары таанылган менен, кези келгенде
ырчылар менен айтышып, акындардын чабышына түшкөн. Алар бизге
жеткен айтыштардын ичинен, Аксылык Алымкул жана Төрөгелдинин
ырчысы – Айтыке менен айтышканы белгилүү. Ырас, Балыктын бул
айтыштары ошол мезгилдеги уруу түзүлүшүндөгү түшүнүктөрдөн,
46
47
Фонд. инв. 1165, 241-242 бет.
Фонд. инв. 200, 398-бет.
336
кордоодон чыга алган эмес. Бирок, бул эки айтышта тең Балыктын
жеңип чыгышы, анын сөзгө чебердигин, чечендигин далилдейт.
Булардан бир эле үзүндү келтирип көрөлүк. Айтыке, Балыктын
жер кыдырып, көчүп жүргөнүн кордоп мындай дейт:
Аягы – Талас, башы – Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөнүңдү айтайын.
Чоңойгондо жуттуң Чомойду
Карыганда жуттуң Канайды
Кабат жуттуң солтодон,
Эшкожо менен Канайды.
Балыктын жообу:
.................................................
Өлгөндүн несин кеп кылдың,
Өчкөндүн несин кеп кылдың,
Аягы – Талас, башы – Чүй,
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөндүн несин кеп кылдың.
Кара сууну кыдырып,
Казак көчкөн эмеспи.
Сары сууну кыдырып,
Ногой көчкөн эмеспи.
Жалгыз аттуу сен тургай.
Жалгыз үйлүү мен тургай,
Тегиз көчкөн эмеспи48 ж.б.
Адатта айтышта орундуу айтылган сөз менен жеңиш бүткөн. Айтыке
өлүк жөнүндө сөз кылганда да, Балык: “Ажалдан адам өлбөсө,
атаңдын гана атасы, энеңдин гана энеси?” – деп, оозун жап кылган.
Айтыш убагында, ар түрдүү жолдор менен жеңишке жетишүү үчүн ар
бир акын аракет кылган. Ал учурда, уят сөздөрдү айтуудан
тартынышкан эмес. Айрыкча, Балык мындай жолду көп колдоңгон.
Өз мезгилиндеги шартты эске алганда, Балык көп жерди
кыдырган. Ысык Көл, Талас, Чүй, Алай, Кетмен Төбө, Кулжа, Нарын,
Кокон, Наманган, Ташкен, Алма-Ата, Олуя Ата жерлерин көрүп, көп
уламаларды уккан. Уккан сөздөрү көбүнчө, кыргыз санжырасына
байланыштуу болуп, “Манаска” негизги материал берген. “А, дегенде,
үч чай кайнам айтсам, кийин үч айга чейин айтсам түгөнбөдү” деп,
48
Фонд. инв. 461, 5-9-беттер.
337
кийин бекеринен эскерген эмес49. Бул жөнүндө, бир чети манасчы, бир
чети эл оозеки чыгармасын эң сонун билген – Тоголок Молдонун
Балык жөнүндөгү эскерүүсүн эске алсак жетиштүү болор:
Калганын тизип жамгарып,
Барган сайын толуктап,
Уккан адам таң калган.
Ноорустун арка жагынан
Орду менен Манасты
Улап кетти тарыхты
Өз уругу Чоң чарык
Абийир тапкан Манастан
Элден мурда үйрөнүп
Алып келген Таластан50.
Биз ушул мезгилге чейин, Балыктын, “Манасты” кимден үйрөнгөнү
жөнүндө сөз кылган жокпуз. Анткени, аны далилдөөчү так материал
жок. Балыктын өзү да: “Туш көрүп айттым” дегенден башка, жооп
берген эмес. Ошондой болсо да, Балык Манасты өзүнөн
мурдагылардан укканы айдан ачык. Ага, ар түрдүү жерден жыйналган
Манастын варианттарынын ортосундагы жалпылык – Балыктын
вариантында да бардыгы, далил болуп турат. Экинчиден, Тоголок
Молдонун маалыматына караганда, Балык Манасты Ноорустан уккан
сыяктуу. Ал, ошол укканын улам кеңейтип, тереңдетип отурган. Буга,
анын, “Оторкан” жөнүндөгү жомогу эң сонун мисал. Анткени,
“Оторкан” жомогу башка манасчылардын биринде да жок. Ал,
биринчи жолу, кыргыз элинин санжырасын – “Оторкан” деген ат
менен, ырга айландырып – “Манастын” биринчи бөлүгү катары
кийирген. Айткан ой ачык болсун үчүн, кыргыздардын VII-VIII
кылымдагы турмушу жөнүндөгү ырын келтирелик:
Самарканды талашып,
Араптар менен салышып.
Белеке кандай ханыбыз
Майып болгон эмеспи.
Отор шаарын бастырып
Араптарга алдырып,
Култикен51 хан элети
49
Фонд. инв. 1165, 236-бет.
Фонду, инв. 1014, 84-бет.
51
Култикен – Гүлтегин болсо керек (С.З.).
50
338
Араптардын зарпынан
Кара жаңга күч келип,
Казак, кыргыз кошулуп,
Алтай тоо менен Найманга
Качып көчкөн эмеспи.
Култикен хан жолдо өлүп,
Анын уулу Какас кан
Казак, кыргыз элетке,
Башчы болгон эмеспи.
Какасташып ураандан
Найманга барып кошулуп,
Жатып калган эмеспи.
Кыргыз, казак элети,
Какас канды хан кылып,
Какас дешип ураандап,
Кутайпага багынбай,
Наймандарга багынып
Какас болгон эмеспи.
Ислам кирбей көп убак,
Ошо жакка барышып,
Туруп калган эмеспи52 ж.б.
Балык манасчы, элдин өз тарыхына ушунчалык урмат, сыймык менен
мамиле кыла турганын билген. Аны, “Манастан” кем укпаган. Анын,
санжыра формасындагы өтө оор болгон. Андагы уруулардын
тармакталып бир канча атага бөлүнүп кетиши, көп кишинин эсинде
калган эмес. Ошондуктан, санжыраны, аксакалдар сүрүштүрүп, тар
чөйрөнүн – тарыхый чыгармасына айландырышкан53. Дал ошол – “тар
чөйрөнүн тарыхый чыгармасын” Балык акын, биринчи жолу, жалпы
элге түшүнүктүү, уккулуктуу формада иштеп чыккан. Ал, Балык
түзгөн – “ыр санжыранын айрым үзүндүлөрү кийинки мезгилдерге
чейин эл арасында айтылып жүрөт:
“Башы Кызыл Кыя, Санташтан,
Аягы бетегелүү Койташтан,
Ак калпактуу кыргыздын
Каркыра менен моңолдон
Үч Алматы, Сарытокум
52
53
Фонду, инв.1165, 235-бет.
Фонду, инв.1165, 235-бет.
339
Байгара менен Жамбылдан,
Ысык-Көл, Чүй, Таластык
Аксы менен Чаткалдык
Анжыяндык, алайлык
Адигине, тагайлык
Отуз уул, ичкилик,
Кара багыш, Чоң багыш,
Бугу, солто, сарбагыш
Жедигер, саяк, ак багыш,
Моңолдор, черик, кыпчагы
Оң атадан турбайбы.
Саруу, кытай, мундузу,
Кушчу, төбөй, басызы
Сатыкей, кангы, тейити
Ичкилиги кошулуп,
Сол атадан турбайбы54.
Кыргыздардын Оң, солго бөлүнүшүн, андагы негизги урууларды,
отурукташкан жерлерин, ушул кичинекей үзүндүдө толук берген. Биз
мындагы айрым уруулардын алмашылып кетиши, ичкиликтердин оңго
да, солго да кошулушу-чаташуулар жөнүндө сөз кылбайбыз. Кеп
мында, Балык акындын ошол кара сөздүү санжыраны ырга
айландырып эң уккулуктуу, түшүнүктүү айткан чеберчилиги жөнүндө
болуп жатат. Муну, Балыктын уулу – Найманбай акын да топко ырдап
жүргөн. Кийинчерээк, ал, келки поэма мүнөздөгү санжыралар айрым
эпизоддорго бөлүнүп эл оозеки чыгармасына айланып кеткен.
Кыргыздарда, бир топ элдик поэмалар – тарыхый адамдардын
тагдырлары менен таламдаш айтылат. Мисалы, буларга: “Жаңыл
Мырза”, “Эр Табылды”, “Шырдакбекти”, “Ак Мөөр”, “Тайлак
баатырды” кошууга болот. Булардын ичинен, “Шырдакбекти” Балык
айтып жүргөн. Тоголок Молдонун айтканына караганда, Сейитбек,
Тейитбек кыпчак-кыргыздардан. Сейитбектен - Шырдакбек,
Тейитбектен - Курманбек. Ал эми, поэмадагы окуялар –
“Курманбекте” да “Шырдакбекте” да калмак дооруна туура келет.
Тоголок Молдонун варианты боюнча, Шырдакбектин аялы күйөөсүнө
чыккынчылык кылып, атактуу Бозжоргону минип калмак кандары –
Чагай менен Амурсанга качып барат. Аялдын: чектен тыш, кара ниет,
текебер экендигин билген Чагай, эки төөгө байлап, сүйрөтүп өлтүрөт.
54
Фонду, инв.1165, 260-бет.
340
Балык манасчыда бул, башкача чечилген. Шырдакбектин аялы
жөнүндөгү окуя – кыргыз хандарынын ортосунда эле болот:
Алтайдагы кыргыздан
Ногойкан менен Шыгайкан
Көчүп келген эмеспи.
Карабалта, Аксууга
Ордо салган эмеспи.
Ичкилик кыргыз хан экен,
Кан Шырдактын катыны
Боз жоргону минип алып
Ногой менен Шыгайга
Качып келген эмеспи.
Ногой кандай, адыл кан
Жөн жайын сурап катындан
Кан Шырдактын жазыгы
Жок экенин билген соң
Үлгү болуп калсын деп,
Өлтүргөн экен катынды.
Ногойкандай каныбыз,
Ногойканды бир убакта,
Кытай, калмак кошулуп,
Чаап алган эмеспи.
Ногой, Шыгай каныбыз
Качып кеткен эмеспи55.
Балыктын варианты боюнча алганда, “Шырдакбектин” окуясы калмак
доорунан мурда болгону байкалат. Кантсе да, кыргыздардын калмак,
кытай хандары менен чабышып турушу, алардан сүрүлүшү (Алтай,
Саян, Енисей) жакка оошу, кайра аларды кубалап чыгышы –
тарыхтагы окуялар, Балык манасчыда өтө так берилген. Кыргыздар
Енисейге бир гана жолу сүрүлбөстөн, бир нече жолу барууга мажбур
болушкан. Кыргыз, казак көчмөн элдери, четки баскынчылар менен
катуу салгылашып, аларды сүрүп чыгууга мүмкүн болбогон мезгилде,
алыскы жайыттарына – Саян, Алтайга кетүүгө аргасыз болушкан.
Бирок, киндик каны тамган жерди эстеринен чыгарышпай, муңдуу
күүгө кошуп, сагынычтуу ырларды ырдашкан, өткөн баатырларын
даңкташкан. Качан бытыранды урууларды бириктирген – Манас
сыяктуу баатырлар чыкканда, Ала Тоону карай бет алып, кандуу
55
Фонду, инв. 1165, 236-бет.
341
салгылаштар менен Ата Журтун бошоткон. Ал баатырлар жөнүндө эл,
өлбөс ырларды, жомокторду жараткан:
Кыргыз, маңгыт, казагы,
Оторду алды деп угуп,
Сагын кандын тууганы,
Үргөнчтүн каны Тайча кан
“Баарын кылган сенсиң”– деп,
Күлмөө кандын элети,
Кыпчакты чапкан эмеспи.
Катуусунан таш калып,
Жумшагынан күл калып,
Тайча кандын каарынан
Кең Кашкарды аралап,
Кыпчак качкан эмеспи.
Кыпчакты чаап Тайча кан
Отор келген эмеспи.
Сагын канга кошулуп,
Жон көрсөтүп Ногойго,
Кыр көрсөткөн эмеспи
Адөлөткан чогулуп,
Багынып берген эмеспи.
Ортосуна кек кетип
Куту менен кунуну
Ортосуна коюшуп,
Адөлөткан, Тайча кан,
Сагынтканга баш ийип,
Калың кара эл болуп
Бата кылган эмеспи.
Оторкандын Дөлөтү
Үч кандыкка бөлүнүп,
Тынчтык болгон эмеспи.
Отор каны – Сагынкан
Үргөнч каны – Тайча кан
Адөлөт канга Сарайчук
Чыбык кыркып үчөөнү
Бүтүм кылган эмеспи.
Ошентип көп убак,
Ислам дини киргенче,
342
Тынчтык болгон эмеспи56.
Балыктын бул ырындагы – “куту менен куну”, “чыбык кыркып бүтүм
кылган” – деген сөздөргө көңүл бурсак, ислам динине чейинки
кыргыздардын диндик түшүнүгү жөнүндө кабарды алабыз.
Балыктын эскерүүсүнө караганда – “куту”, “куну” жөнүндөгү
түшүнүктөр “Манаска” чейинки доордо үстөмдүк кылып келген.
Бирок, “Манас” эпосунда деле, ислам дини үстөмдүк кылып кеткен
эмес. Аны, дин ээлеринин жана ошол доордо үстөмдүк кылган
таптардын кысымы менен манасчылар кошо баштаганы байкалат.
Балык Кумар уулу көп жылдар бою Таласта турган. Чыгармачыгы
күчөп, атагы алыска кеткен мезгилинде, 1840-жылдарга жакын Чүйгө
келет. Чүйдө атактуу солтонун манабы – Байтикте ырчы болуп жүргөн
менен эл арасын кыдырып “Манасты” айта берген. Балыктын эл
кыдырып, “Манас” айтып кетишин Байтик жактырган эмес. Ал,
өзүнөн башкача “Манасты” айтып коѐт деп, Балыкты күнөөлөгөн
күндөрү да болгон. Ага, Балык: “Сиздин “Манасыңызды” элге
айтпайм”, - деп, көңүлүн жай кылган. Бирок, Балыктын ушул сөзүнүн
ары жагында, чындыктын өзү жаткан. Турмуштун айынан – Ажыбек
даткага, Байтикке туш болгон акынга, алардын кандай идеяны,
саясатты жактаары түшүнүктүү болгон. Ал түгүл, Ажыбек датканын
үйүндө отурганда, Азиз кожо эшендин: - “Мусулман болгон, ислам
дини үчүн урушкан, талашкан кандарды айтсаң – чоң сооп кыласың,
жаның жанатта болот”57 – дегени, өмүр боюнча эсинен кетпей калган.
Ошондуктан, Ажыбек датка, Байтик сыяктуу манаптар отурган жерде
диндик багын күчөтүп, ал эми, арасында мурдагы өзү айтып жүргөн
“Оторкандан” баштап ырдай берген. “Оторкан” демекчи, бул –
“Манаска”
чейинки
кыргыздын
тарыхый,
этнографиялык,
фольклордук турмушун бүт кучагына алган санжыра мүнөзүндөгү
чыгарма болуп эпос катары Балык тарабынан келген. Аны айтуу
манерасы, обону “Манастын” “стилинде” болгон.
- Жоо эрендер, эрендер,
Жоону жеңип куугандар,
Алгыр куштай кыраандар.
Угуздан чыккан берендер,
Кол баштаган коѐндор.
Ал берендин жайын айтайын
56
57
Фонду, инв. 234-бет.
Фонду, инв. 1165, 240бет.
343
Самарканды куткарып,
Отор шаарын салдырган.
Угуз элин куткарган
Оторкандай берендер.
Атасы Сарыбайдан үлгү алган
Аялдан чыккан эр экен.
Саадагын колго алганда
Ирмегенин жазбаган,
Пашасын алдап жайлаган
Турганын алдап байлаган.
Оторкандын аялы
Сарыбайдын кызы экен
Ал кыраандын ичинде,
Разыдай мерген бар.
Керээти элге белгилүү,
Кылган иши үлгүлүү.
Аялдардын ишмери.
Айтканы ката кетпеген
Оторкандын айымы
Ал кыраандын ичинде
Желдеңдин кызы Арлан бар.
Сырдын боюн жайлаган
Сыдыра бээ байлаган.
Үйү сайын бозо бар,
Чогулушкан жоро бар.
Жоро сайын бийи бар,
Чүкө салган ордо бар.
Кыргыз, кыпчак, курама
Маңгыт деген эли бар
Кыргыздан чыкан беги бар58.
Эпос, шар аккан суудай төгүлүп узак айтылган. Мунун бүт тексти
сакталган эмес. Бир гана, Тургунбек санжырачынын атасы сактап
калган кара сөз менен берилген мазмуну бар. Ал дагы, жакында гана
табылды. Бирок, ошол кара сөз менен берилген “Оторкандын”
мазмунунан – кыргыз элинин өткөндөгү турмушунун изи, эл оозеки
чыгармаларынын ар түрдүү жанрлары киргени көрүнүп турат.
58
Фонду, инв. 1165, 76-бет.
344
Балык манасчынын айтуусу боюнча – Оторкандын доору, биздин
замандын башталышына туура келет. Ал, өз заманында, көп мыкты
санжырачылар – Курама, Акылбек, Сырдыбайлар менен сүйлөшүп,
мусулман тарыхчысы – Абдулгазынын: “Түрк элинин тарыхы” менен
да, тааныш болгон. Балык, эсине, адам таң кала турган көп
фактыларды, аттарды сактап калууга жөндөмдүү болгон. Бул –
“Оторкан” жомогунда ачык сезилип турат. Балыктын эскерүүсүнө
караганда, Оторкандын тушунда, азыр өзүнчө улут болуп турган элдер
– уруу, уруу болуп жашап турган. Мисалы:
1. Кыргыз, кыпчак бир ата.
2. Курама, маңгыт бир ата.
3. Казак, каракалпак бир ата.
4. Жедигер, калча бир ата.
5. Катаган, кытай бир ата.
6. Коңурат, Тайчык бир ата.
7. Түркмөн өзүнчө бир ата.
8. Ногой, башкырт, эштек, кыят бир ата.
9. Татар, Чубаш бир ата.
Булардын баары - Оторкандын кандыгына кирген. Алардын
ортосундагы чатактар, окуялар, кагылыштар “Оторкан жомогунун
негизин түзгөн. Ошону менен бирге, эл оозунда айтылып жүргөн
уламыштарды, жомокторду ыгы менен алмаштырып “тарыхый
чыгарманы” ого бетер көркөмдөткөн. Буга, Карач жөнүндөгү жомокту
айтууга болот.
Санжыра боюнча алганда, Угузкандын ичиндеги Бараккандан –
Алача, Алачадан – Боруке, андан, аты чуулу – Атылакан, андан – Кан
ичме Карач.
Эл оозеки чыгармасында “Көкүл, Карач баяны”, же, “Көкүл”
жомогунда кан ичме карач өзүнчө баатыр, жети баштуу жез кемпирди
өлтүрүп, Көкүлдү бошотот. Мындан башка, эл ичинде –“Кан ичме
Карач кан болгондо эл бузулган” деген лакап бар. Дал ошол учурда,
Оторкан курап кеткен – 9 ата эл бузулуп, кырк сан Кырым колдон
кетет. Үч найман кандыгы кеткен, Төрт уйгур кандыгы кеткен.
Угуз ичинде – он сан Бараккан, он сан ногой калат. Сарт ураанын
чакырган кыпчактар – он сан Бараккандан чыгып, он сан ногойго
кошулуп, кан ичме Карачты өлтүрүшкөн. Ошентип, түрк элинде көп
жыл кандык кылып келген Бараккан тукуму – Отор кандыгы бүтөт.
Балык буларды – бүтүндөй ыр менен айткан. Муну менен эл, бир
четинен өз тарыхын, бир четинен өздөрүнүн эң сонун жомокторун
345
угушкан. “Оторкан” аркылуу, кыргыз элинде айтылып жүргөн майда
лирикалык, баатырдык поэмалар бүтүндөй айтылган. Аларга
төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот; “Карач, Көкүл баян”, “Кыз Мактым”,
“Бала Сагын”, “Тооке кан”, “Эртегинин Эр Шоорук”, “Калы куту
капка таш”, “Жанчаркан” жомогу ж.б.
Балык манасчынын айтуусу боюнча, булардын тарыхый аттарга
байланышы барлары:
1. Токмоктун жанындагы мунара, коргон, - Бала САгын
салдырган калаа.
2. Иниси Араш Ысык Атаны жердеп турат. Ошондон – Ысык АтаАрашан аталат.
3. Боролдой, Боом калмак хандарынын аттары. Аларды Бала
Сагын өлтүргөн.
4. Көкчө калаасында Карача бийдин эң кенже кызы Мактым
болгон.
Калмактарды кыргыз жеринен айдап чыккан баатыр – Бала Сагын
болгон. Ошондуктан, Жети Судагы элдер ага баш ийип, Жети Суу
хандыгы түзүлгөн.
“Кыз Мактым” – түштүктүк кыргыздарда эң сонун, кеңири
айтылган элдик поэмалардан. Мында, окуя – калмак хандары менен
болот. Мактымдын сулуулугуна кызыгып көп кандар талашкан.
Алдын ала жаманчылык болорун, Мактым түшүндө билет:
“Түндө бир жатып түш көрдүм, ака,
Түшүмдө жаман иш көрдүм, ака.
Минген бир атым Телтору, ака,
Ээрсиз жайдак бош көрдүм, ака.
Кабак-кабак кан көрдүм, ака,
Анжиян ичин чаң көрдүм, ака.
Чаңдаган туман мен көрдүм ака.
Чаңды бир тоого тең көрдүм, ака.
Каптаган туман түн көрдүм, ака,
Калмактан ачуу үн көрдүм, ака,
Каякка барып күн көрдүм, ака...
Дал ушул кичине үзүндүдөн эле, “Кыз Мактым” калыптанып калган,
эл арасында кеңири айтылган поэма экени байкалып турат. Балык
мунун тарыхый факты катары ногойдун каны Кочкоркан менен
байланыштырат. Мурдагы поэмадагы, калмак менен кыргыз
ортосундагы чатактар – кыргыз хандары, уруулары ортосундагы
чатакка алмаштырылат. Бирок, кыз Мактымдын адамды азгырган
346
сулуулугу, шумдуктуу кырк кулач чачы эл оозеки чыгармасындагы
сүрөттөө менен сакталган.
Муну менен кошо, ушул жерде, үчүнчү бир жомок “Жанчаркан”
жомогу менен байланыштырылат, “Оторкан” жомогунун бүтүндөй
составдуу бөлүгүнө айланат. Мисалы, “Кыз Мактымды алам деп
жуучу жиберген кандын бири – Кочкоркан, Жанчаркандын баласы.
Балык, ошол Жанчаркандын эки баласынын бирөө - Кочкоркан,
Отордо кандык кылып турганда, “Кыз Мактымды алам” – деп, чуу
салган деп, эскертет59. Бул эки чыгарма, элдик оозеки көркөм чыгарма
катары көп кылымдар айтылып келсе да, Юсупбек кожо – казалга
айландыргандан кийин, тарыхый болмуш катары санжырага өтүп
кеткен. Бирок, Балыктын айтуусу боюнча, Юсупбек кожо
жазгандагыдай мусулман дининин таасири күчтүү болбостон,
кыргызга мусулман дини кире элек мезгилге чейинки турмушту
көрсөткөн уламыш катары айтылат. Кыз Мактымга сөз айткан
кадимки Бала Сагындын уулу – Ташы болгон. Ал эми, кыз
Мактымдын атасы, ошол мезгилде Отор шаарын бийлеген - Карача
бий. Кыскасы, Балык элдик көп жомокторду, поэмаларды тарыхый
фактылар, окуялар менен байланыштырып, өзүнчө жаңы чыгарма
жараткан. Ал, майда жомоктор – “Оторкан” деген ат менен айтылып,
кыргыз тарыхынан кабар берүүчү санжыра – поэмага айланган.
Балыктын аткаруусунда – “Оторкандын окуясы”, “Манас”
сыяктуу бир баатырдын тегерегинде өнүкпөстөн, айрым-айрым
баатырлардын тегерегинде өткөн. Алар өлүп, улам алмашылып турат.
“Манаста” - 100-150 жылдын окуясын алса, “Оторканда”, “Манаска”
чейинки, бүткүл кыргыздын санжыра – тарыхын айтууга аракет
кылган.
Ошентип, Балык манасчынын эң чоң чыгармасы – “Оторкан”
болгону байкалат. Бирок, кийин, бул унуткарылып, майда жомокторго
бөлүнүп кеткен.
Балыктын кийинки өмүрү Чүй боюнда өткөн, бирок, уруучулук
намыстан кутула албай, өмүрүнүн аягын сарбагыш уруусуна барып
өлсөм деп, көп саман жүргөн. Ошол эле максат менен - 1880-жылдары
Кочкорго көчүп барган. Үч жыл бою: Көл, Ат-Башы, Нарынды
кыдырып аш-тойлордо ырдаган. Балыктын, Төрөкелдинин Айтыке
деген ырчысы менен айтышы да, ушул мезгилде туура келет. “Балык
курч сөздүү, тайманбай сүйлөгөн адам эле” деп, көргөн адамдардын
59
Фонду, инв. 1165, 121-бет.
347
баары эскеришет. Ошол, курч сөздүүлүгү менен, Кочкорлук Шамен
деген манап менен катуу айтышып калат да, Чүйгө кайра көчүп келет.
Ошентип, 1887-жылы, 88 жашында, Чүй боюнда, Арчалуу деген жерде
дүйнөдөн кайтат.
Балыктын эл арасынан жазылып алынган ырларына караганда,
манаптарды мактаганы да жок эмес. Мактоо ыры – акындардын
традициялык ырларынан экенинде талаш жок. Анткени, ырды кесип
кылган адамдар үчүн, жашоо дал ошол мактоого көп байланышкан.
Таптык коомдо, ырчыларга атайы мамлекеттик камкорлук болгон
эмес. Ошондуктан, алар, колунда барларды мактоого аргасыз
болушкан. Экинчи жагынан, Балык жашаган доор – уруучулдук,
патриархалдык-феодалдык замандын жалпы саясы агымы, анын
негизги көз карашына катуу таасир берген. Ал уру башчыларын – эл
үчүн көрүшкөн “азаматтар” деп түшүнгөн. Бирок, Балыктын
ырларындагы айрым чектелген жактарына карабастан чыныгы чебер,
акын, манасчы катары – адабият тарыхынан өз ордун берүү максатка
ылайыктуу.
САРЫКУНАН
“Каба, саяк элинен,
Калык келди деп уктум.
Дүбүрттүү Сарыкунанды,
Алып келди деп уктум”.
(Токтогул)
Сарыкунан (Сагынбек) Дыйканбаев жөнүндө мен жаш кезимде,
бала чагымда эле уккан элем. Ал мага жаакта жок чоң ырчы катары
элестеп калыптыр. Анткени менен атам аны өтө сыйлап ырчы,
комузчулар жөнүндө сөз боло калса эле: “Сарыкунандай ырчы болобу
ал ырчылардын булбулу, анда көмөкөй деген жок, ырын угуп эле
отургуң келет, атаа кайран досум, жок болуп кетти”, - деп, кейип
калаар эле. Көрсө Сарыкунан 1920-1930-жылдары ырчылык таланты
ташкындап турганда ушул Чүй боорундагы аш, тойлордо көп болуп,
элге жакшы эле таанылып калган экен. Кийин эл оозеки чыгармасын
эл арасынан жыйнап акындардын чыгармалары менен терең тааныш
боло баштаганымда баягы Сарыкунан деген ырчы жөнүндө
жарытылуу деле эч нерсе биле алганым жок. Кээде өзүмчө отурганда
атамдын айткандары эсиме түшүп: “Жарыктык, айылдагы бозонун
ырчысын мактап айта берген го, же болбосо ошончолук эле оозго
алына турган чоң ырчы болсо кантип бир из калбасын, көп эле
348
айылды, районду кыдырдым, бир дарек болот эле го”, - деп ойлоп
жүрдүм. Ошону менен аны таптакыр унутуп баратканымда “Токтогул
акындын жүз жылдык юбилейи болот” деген кабар эл арасына
чагылгандай тарады. Юбилейди кыргыз эли ат чаап, алыстан эл
чакырып, ырчысын ырдатып, чоорчусуна чоор тарттырып өткөрө
тургандай болду. Ошондуктан ага чакырса да, чакырбаса да, бир
барып көрүүнү самагандар көп эле. Аны биз, Токтогулдун юбилейи
өтүп жаткан Кетмен Төбөгө (Токтогул району) барганда түшүндүк.
Аржагы Аксы, Анжиян, бул жагы Фрунзе, Таластан чакыртпай
баргандар толуп кетиптир. Юбилейлик комиссия оюн-шоокту
республикадагы артисттердин, өздүк көркөм чыгармачылыктын күчү
менен жакшы эле даярдаган экен, көргөн, уккан адамдын баары
кубанычка батып, алыстан ат арытып, машина карытып келгенине
ыраазы болуп кетишти. Токтогулдун юбилейине жалпы союздан
коноктор чыкырылып, Кетмен Төбө өрөөнү дүңгүрөп турган экен.
Дал ушул тойдо жергиликтүү Кетмен Төбөлүк акындардан жарчы
шайласак жакшы болбосун деген ой айтылып, райондун ичине
белгилүү болуп калган Коргоол Актан, Кадыркул, Алтымыш,
Сарыкунан жөнүндө сөз болуп, билип жүргөндөр, уккан көргөндөр
кеңешип, Сарыкунанды жарчылыкка чектешет. Ошол учурда ойдо жок
жорук болуп, атайы ишенип алдырган Сарыкунан акын жарчы
болуудан баш тартат. Анын себебин эч ким түшүнө албай тымтырс
боло түшөт. Райкомдун биринчи секретарынын, республиканын
жоопту кызматчысынын түшүндүрүп жайма-жай айткан сөзү,
коркутуп урушканы анча таасир этпейт. Ошондо четте турган бир
карынын: “Токтогулдун арбагы урсун, адам деп сурап жаткандан
кийин бааланбай эле ырдабайбы, элге ырдабаганда жерге ырдайбы!” –
деп, тескери карап айткан сөзү кулагына шак дей түшөт. “Мага бул сөз
ок менен аткандай тийди, өкүрүп-өксөп ыйлагым келди, алда качан
өткөн кайгылуу тарыхты аларга түшүндүрүп, “экинчи ырдабайм” деп
берген каргышымды айтып отурмак белем, эмне болсо да жарчылыкка
макулдугумду бердим”, - деп, мага жылмайып койгон эле. Менин аны
менен таанышуум да жылма өткөн жок.
Токтогулдун жүз жылдык тою болуп, эл толкуп турганда, 1965жылы, Кыргыз ССР илимдер академиясынын тил жана адабият
институту тарабынан уюштурулган фольклордук экспедициянын
жетекчиси катары биринчи иретте тойго келген акындар менен
жолугушууга туура келди. Дал ушул жерден: “Сарыкунан деген акын
жарчы болду”, - дегенде нес боло түшкөнүмдү жашыргым келбейт.
349
Бул ат мени бала күнүмдөн бери арбап жүргөн ырчынын аты эмеспи.
Сарыкунанды нечен эстеп ал түгүл өзүмчө элестетип да жүргөн элем.
Кийин ал унутулган уламыштай алыстап кала берген. Эми, дал ушул,
балалык кездеги кыялыма баткан айтылуу ырчы менен бет алышып
сүйлөшө турганымды эстегенде бир чети кубанып, бир чети жүрөксүп
турдум. Бирок, аны биринчи көргөнүмдө, мен элестетип жүргөн
акынга такыр окшобогонун мойнума алам. Мага ал негедир, ак
жуумал, чыйраткандай кара мурут, көзү ойноктоп турган чап жаак,
элпек кыймылдаган, колунан комуз түшпөгөн, 30-40-жаштардагы
жигит болуп элестөөчү. Мен муну, негедир, Атай Оогонбаев менен
алмаштырып алганымды кийин түшүндүм. Биз бала чакта, Атай
айылга концерт коюп барып, аң-сезимге мыкты акын каатры сиңип
калган экен. Ошондуктан, мыкты ырчы болсо эле, ушул сыяктуу болот
го деп, ойлогон окшойм.
Биз дарбазаны ача бергенибизде алдыбызда орто бойлуу, толук,
өзбекче топу кийген, кою каштуу, кой көз алтымыштар чамасындагы
адам турду. Ал бизди сынай карап, кайдан жүргөн жигиттер
дегенсиген түр көрсөттү. Ушул эле турган турпатында, көз карашында
өзүнүн күчүн, кадырын сезе билген, ал түгүл теңсинбегендей
манчыркоо да бар эле.
Мен ага учурашкандан кийин, келген максатымды айттым. Эгер
ал макул болсо, чогуу келген кызматчылар менен, анын билген
ырларын, чыгармаларын жазууну уюштура турганымды эскерттим.
Ал, бир-эки мүнөт унчукпай тургандан кийин:
- Мен ыр билбейм, - деди. Мен таң калган адамдай аны тиктеп
калдым. Ошондо:
- Мен ыр билбейм деп жатпайымбы, Токтогулдун тоюнда айлам
жок жарчы болуп бердим. Райкомдор, чоңдор айтып жатса, эл сураса...
кыя алган жокмун... Жок, мен ыр билбейм! Былтыр университеттен
студенттер да келиптир, бирөөлөр айткан окшойт, ырыңды жазабыз
дейт, болбодум. Жазуучулардан да келген, мен ырдабайм, таштагам! –
деди.
Анын кабагы бүркөлө түштү. Мен аны үгүттөгөнгө өттүм. Анын
ырлары анын өзү үчүн керектигин, анын аты окуучулардын китебинде
окулуп, бүткүл кыргыз элинин сыймыктуу акындарынын аты менен
бирге атала турганын, деги койчу, анын элдик бай мураска кошкон
кошумчасына чейин элестеткендей болдум. Ал менин сөзүмдү бөлбөй,
угуп бүткөндөн кийин ачуусу келгендей:
350
- Мен ыр билбейм, билсем айтып бербейимби, унуттум, таштап
койгом деп жатпайымбы! – деп үнүн көтөрө сүйлөдү. Мен ошондо
ушунча эңсеп, зарыгып жүрүп көргөн акынымдан тескери жооп угуп
турганымы ишене бербей:
- Сиздин ырдын жазылбай калганынан кыргыз элинин чыгармасы
жарды болуп калмак беле, ал өзүңүз үчүн керек эле, атам деле бекер
эле мактап жүргөн экен! – дедим.
- Сен кимдин баласысың?
- Закирдин.
- Кайсы Закирдин?
- Чүйлүк, сизди досум деп эсептеген Закирдин.
- Баягы чекир Закирдинби?
- Ооба, ошол чекир Закирдин.
- Атаң барбы?
- Жок, өлүп калган беш жыл болду.
Ошондо анын текебердене үстүртөн караган көз карашында эч
нерсе калбады. Бат эле пенделик кейипке түшүп, бүжүрөй түштү. Ага,
дал ошол учурда ойноп-күлгөн жаштык чагы, коюндашкан достору
элестеп, андан кийин алардан бүт ажырап, жападан-жалгыз калганы
көз алдына тартылып жатканын түшүнүүгө болот эле. Ал ыйлай албай
буулугуп турду. Бир топтон кийин гана:
- Болбостур, ырдабайын деп каргыш берип койдум эле. Өлгөн
досумдун арбагы үчүн айтып берейин, - деди. Андан, беш күн эл
оозеки чыгармасын, өзүнүн чыгарган ырларын жаздык. Кийинки
жылы жайында, атайы Төө ашууну ашып, Ала Белди басып барып,
магнитофонго “Ак Мөөр”, “Курманбек” поэмаларын жазып алдык.
Терең сырдашып, өмүр баянын толук угууга жетиштим.
Көрсө мындай болгон экен. Ал Кетмен-Төбөгө, көп жерлерди:
Анжиян, Наманган, Фергана, Ысар, Гөлөп, Сыр боюн кыдырып, жаны
жай таппай жүрүп, кийин кырктын кырына жакындаганда гана келген
экен. Анжыян, Арканын жерин бүт кыдырдым. Өзбекстан,
Таджикистан, Түркмөнстан, Каракалпакга да бардым, - баардык жерде
мени, жүрөгүмө баткан кайгы, өлбөгөн элес кубалап жүрдү. Качан
гана, денемдеги жаштык кубаттын толкуну кайта баштаганда, өзүм да
алсырагандай болдум. Өмүргө тобо кылып, акын Токтогулдун жерине
келип жашоону чечтим... Ал алысты карап тунжурай түштү. Мен
тынчсызданып, анын, ушунча жыл эл-жерин таштаган себебин билүүм
керек болсо да, унчуккан жокмун. Өзү чечилип айта баштаган соң,
сырын бөлө чаап эмне кылайын деп, тунжурап отуруп бердим. Ал,
351
эртедир-кечтир ичиндеги бугун жаны сүйгөн бирөөгө айтыш керек
эле, ошол мезгил келди го, деп ойлодум. Бирок иш мен ойлогондой
болгон жок. Анын кабагы жыйрыла түштү да, ичиркенген адамдай:
- Кайсындан баштайын, жазсаңар жаза баштагыла! – деди.
Мен анын ырчылык шыгынын качан ойгоно баштаганын, кимден,
качан, канча жашында үйрөнө баштаганын, кимди пир туруп, кимдер
менен ырдашканын сурадым. Ал азга ойлоно түштү да, мындай деп,
сөзүн улады:
- 1924-жылы Калык акынга бир кезигейин деп, Жумгалга бардым.
Ага-туугандарым кадырлап-барктап, жорго жетелетип, үч киши кошуп
жиберди. 19 жаштагы кезим эле. Калыкка аш үстүндө, Ат Башынын
сазында, жайлоодо жолуктум. Менин келгенимдин себебин билген эл:
- Атайлап келгенден кийин чымыны бардыр, ырдасын, байкайлы.
Комуз билбейт экен, өзү жаш экен, үнү бийик чыксын, - деп, атка
мингизип коюшту. Ошондо мен мындайча саламдаштым:
- Аттанып келдим үйүмдөн,
Атайлап келдим Чүйүмдөн.
Аттанган солто элимден,
Атактуу кең Чүй жеримден.
Сабактуу ырчы издедим,
Сарбагыш, саяк көбүңдөн.
Арзып издеп келаткан,
Алмадай бала Сагынбек.
Астында турат Калыктын,
Акындыгың маалим деп,
Алты болуш, көп солто,
Аттандырды баргын деп,
Атактуу Калык чоң ырчы
Акындан таалим алгын деп.
Он тогуз чакта башым жаш,
Оң, солду көрөр алтын баш.
Болжолума жетишсем,
Болмокчумун кадырлаш.
Орундуу сөзгө үйрөтсөң.
Ойроттон бала жеңилбес,
Ээрчийин, аке, артыңдан,
Эмгексиз таалай табылбас.
Кара Кочкор, кең Жумгал,
Жерде турсам деп келдим.
352
Калың саяк, сарбагыш,
Элде турсам деп келдим.
Акын болуп астыңа,
Кызмат кылсам деп келдим.
Алты болуш саяктан,
Ызат алсам деп келдим.
Астаганым сиз элең,
Мен амандашып бет келдим.
Самап келип Калыктан,
Сабак алсам молдодой.
Сан жыйынды аралап,
Сабалап чыксам жоргодой.
Сан жакшынын алдында,
Сайрап турсам болжобой.
Корголоп келген иниңди,
Коѐсуңбу колдобой?
Каалап келдим пааналап,
Келбеттүү сөздөн узатып,
Кеңешиң бергин чамалап.
Санатыңды алышка,
Зарыгып турам сагаалап.
Жакшыдан тиет шарапат,
Жалкоодон калат жаманат.
Жакшы кебин угууга,
Жашымда кылдым далаалат.
Жаныңа жүрүп үйрөнсөм,
Жалпыга сөзүм таралат.
Топ көрбөгөн жаш бала,
Токтоно албай камалат.
Эл чурулдап: “Бул балада бир неме бар экен. Аттан түшсүн! –
деп, аттан түшүрүп алышты. Ошондо Калык мага кайрылып мындайча
ырдады:
- Балам, келипсиң саяк элди издеп,
Кереги тийчу мени издеп.
Келиптирсиң, чырагым,
Кетирем сөзүң тегиздеп.
Арзыпсың саяк элди издеп.
Аркасы тийчу мени издеп.
Ай тамгага кетирем,
353
Айтаар сөзүң тегиздеп.
Ай тамгадан келипсиң,
Артымда жүрөөр шериксиң.
Арка кылып жүрүүдөн,
Агаңыз кантип зериксин.
Кабарым угуп келипсиң,
Кабарлашаар шериксиң.
Караан кылып жүрүүдөн,
Калыгың кантип зериксин.
Акылың болсо илерсиң.
Акындык жайын билерсиң,
Акыл айтып, эс берсем,
Алты ай чыдап жүрөрсүң.
Көкүрөк болсо илерсиң.
Күлүктүн жайын билерсиң.
Күрдөөлдүү солто жеринде,
Күкүк болуп жүрөрсүң.
Келбетиң жагып элиңе,
Күркүрөп топко кирерсиң,
Таза жүрсөң табарсың,
Дайыма сөздү багарсың,
Ак калпак кыргыз элиңе,
Акындык менен жагарсың,
Аракет кылсаң жетерсиң,
Атактуу болуп кетерсиң,
Кеңешимди укпасаң,
Келгениң менен бекерсиң,
Арзып келген солтодон,
Арип кылар бекемин?
Акындыгың кыргызга,
Маалым кылар бекемин?
Көздөп келсең солтодон
Арип кылар бекемин?
Күкүктүгүң солтого
Маалим кылар бекемин?
Жол-жосунду туюнтуп,
Жолго салар бекемин.
Жорголотуп өзүңдү
Оңго салар бекемин.
354
Куйругуңду түйдүрүп,
Кунан кылар бекемин,
Кол үзбөгөн саякка,
Тууган кылар бекемин.
Күндө чапса табылас,
Буудан кылар бекемин?
Көкүлүн түйүп топ жарган,
Кунан кылар бекемин?
Күдөр үзгүс саякка,
Тууган кылар бекемин?
Көгүчкөндөй кулпунтуп,
Көпкө салар бекемин?
Арт жагымдан ээрчитип,
Топко салар бекемин?
Торгой куштай кулпунтуп,
Топко салар бекемин?
Торгойдой тилин сайратып,
Көпкө салар бекемин?
Казак менен кыргызга,
Тааныш кылар бекемин?
Казанат күлүк ат менен,
Жарыштырар бекемин?
Кадырымды билбесең,
Намыс кылар бекемин?
Кара аламан ырчыдан
Алыс кылар бекемин?
Сарбагыш менен саякка,
Тааныш кылар бекемин?
Салпылдаган ырчыдан,
Алыс кылар бекемин?
Санатымды билбесең,
Намыс кылар бекемин?
Акылың болсо илип ал,
Акындын жайын билип ал,
Арзып келген экенсиң,
Аламан жүрбөй тилимди ал.
Аталаштай болорсуң,
Аркамда таяныч жөлөрүм,
Арбытып кетер түрүң бар,
355
Алмадай бала – бөбөгүм.
Атайын издеп келгениң,
Аларың менин өнөрүм.
Астаганың ыр болсо,
Атка жүктөп жөнөгүн.
Бардыгын айтып кетпесмин,
Байкарсың дагы бөлөгүн.
Иниге аке кызматы,
Ар ишке болор көмөгүм.
Мактанайын элиме,
Экөө болду уулум деп,
Жаныма бастыр, жар салам,
Жаңыдан келди мунум деп.
Эрте-кеч жок өнөргө,
Эки жыл, бир жыл туруң деп.
Менде болгон ырлардын,
Асылдарын угуң деп.
Бекерликке берилбей,
Беттеген ишти кууң деп.
Белгиси болот болордун,
Белиңди бекем бууң деп.
Зэндүү бала окшойсуң,
Сенде калаар туум деп.
Экөөнү тең айта албайм,
Азыртап мизиң кайтарбайм.
Биринчи сен деп айталбайм,
Билгенче мизиң кайтарбайм.
Оң жагыма бириң жүр
Үн алышып ырдасак,
Оңой болбос ошол сүр.
Күнтуу, канай элиңден,
Күнөстүү салкын жериңден.
Жибериптир кат жазып,
Жөнөтүптүр бат жазып.
Жабдык салып ат берип,
Жарашыктуу кат берип,
Жолдо ойноп жүрбөстөн,
Жолугупсуң бат келип.
Бириң сары баласың
356
Бириң куйкул карасың,
Элдин көркү ырчыда,
Эрмегиң менен жарарсың.
Тартынбай ырдап сайрасаң,
Тар жолдон өткөөл табарсың.
Жүрө-жүрө билермин,
Эки уулумдун чамасын.
Өз оюмда болбосоң,
Экөөң тең бошко каларсың.
Ыр болсо менден табылар,
Ырчылыкты кааласаң,
Келген бала,Сагынбек,
Келбетиң түзүк көрүнөт.
Болчу бала түрүң бар.
Болжолумда байкасам,
Акындыкты үйрөнсөң,
Артыла берер тамашаң.
Калыктан чыккан ырчы деп,
Калкыңа жетсин даңазаң.
Эмгегим жансын өзүңдшөн,
Эм алсаң болду сөзүмдөн,
Чындап издеп келипсиң,
Чыгарбай мени эсиңден.
Атайлап келген экен деп,
Акындын пейли чечилген.
Саламат болсоң жетерсиң,
Сактасын кудай кесирден.
Бала чактан ыр ырдап,
Мен да бара-бара жетилгем.
Келгениңе ыракмат,
Кеп эле бары нээтиңден.
Оңой ырчы болбойсуң
От күйүп турат бетиңден.
Каралап келсең чырагым,
Кадырлап тосуп турамын.
Өзүмө катар ээрчишет,
Экөө болду кунаным.
Алдыга түшүп жол баштайт,
Атактуу Калык бууданың.
357
Ырдаткан экөөн Калык деп,
Шаштырып турат тууганың,
Ушул элдин алдында.
Экөөңөн ушул сураарым.
Бириң кара өңдөшүм,
Бириң сары төлдөшүм.
Экөөңдү сынга салбасам,
Өз элим жаман көрбөсүн.
Кимге кандай сын берет,
Өздөрү ишти жөндөсүн,- дегенде, эл чуркурап жиберишти:
- “Бири кара экен – Кара кунан болсун, бири сары экен –
Сарыкунан болсун” – деп, экөөбүздү ээрчитип алып Калык элге
тааныштырды. Ошондон баштап Сагынбек атым калып, Сарыкунан
атанып калдым. Барган жериңде өзү төгүп ырдайт. Чарчап эс алгысы
келгенде: “Кана, Сарыкунаным, чалып көрчү”, - деп коѐт. Мен элде
ырдалып жүргөн, күйгөн, секетпайдан ырдайм. Өзүм да жамактап
кетем. Жамагым жакшы чыкса сүйүнүп калат, алабармандап кетсем,
кабагы бүркөлө түшөт. Ээн отурганда ырчылыктын сырын айта
баштады: - Сен жамакка анча шашылба, а дегенде угуучу бол. Мен
айткан “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Кедейкан” жомоктору, “Ак
Мөөр”, “Карагул ботом” окуясын жаттап ал. Эл деген – чалкар
байлык, түгөнбөгөн кенч. Эмне деген шумдуктуу окуялар болбойт,
адамды тамшанткан таамай сөздөрү, элестүү салыштырууларды
жолуктурасың. Аларды эске алып жүр. Укканын унуткан, көргөнүн
билбей калган – жакшы ырчы болбойт. Жамактын башы – алым
сабакта... Калыктын ушул сөздөрү өмүр бою жүрөгүмдө калды.
Калганын кийин айтып берермин. Менин өмүр баяныма, ата-тегиме
кызыгып жатасың го деп, жылмайып койду. Мен анын, жаңы эле
ырдаган Калык менен жолугушуусудагы ырынын туткунунан чыга
албай, ойлонуп отургам. Былтыркы жылы келгенде, Калык менен
жолугушкан ырында айрым өзгөчөлүктөр бар көрүндү эле, кайсы
экенин так ажырата албай: “Былтыр ушул ырыңызды “Ач буудан”
деген сөз бар эле”, - дедим. Сарыкунан мени жалт карап алып, чын
дилинен көзүнөн жаш чыкканча күлүп калды. Анан чөнтөгүнөн бет
аарчысын алып көзүнүн жашын сүрттү да: “Ооба, туура айтасың, эстеп
калганын кара”, - деди. Анын калтырып кеткен ыры бул экен:
Каракунан, Сарыкунан
Чогулду саяк бир дубан.
358
Астына түшүп ырдасын,
Агасы Калык – Ач буудан.
Каракунан кайдасың,
Сарыкунан сайрасын.
Карылык каршы келгенде,
Көрөмүн бул балдардын пайдасын.
Сарыкунан – ай тамгалуу солтодон,
Аттанып келген ортодон.
Каракунан – кар жатпас кара Кочкордон,
Кабардуу сөздөн козгогон.
Кыдырып келип бул бала,
Кадыр тапкан достордон.
Эки бала берилип,
Агасына дос болгон.
Ырчыны – жоргого, тулпарга, күлүккө салыштыруу, мал чарбасы
менен күн көргөн элдин, кайдыгер эле турмуштук түшүнүгүнөн келип
чыккандыгы мына ушундан, дагы бир жолу далилденгендей болду. Ал
түгүл, акындардын айтышын күлүктөрдүн чабышына теңешкен.
Чынында, сөз чеберчилигин сыноочу жарыш - акындык айтыш
экенинде талаш жок. Дал ошол чабышка түшкөн акындардын
жаштыгын билгизүү үчүн, кунанга салыштыруу да колдонулган. Чоң
акындарды – талбаган бууданга, тулпарга теңешкен.
Ырчылар үчүн мындай салыштыруулар, каймана образдан өз оюн
көркөмдөп берүүгө көп мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн. Ошондуктан, “тап
берген жерден тай чыгат, кызый-кызый келгенде, таасын күлүк ат
чыгат”, - деген ырдан, жаңы ырдап жүргөн жигит менен такшалып
калган ырчынын абалын толук элестетүүгө болот. Сарыкунанга
салыштырганда, Калык – буудан эсебинде эле. Ал, Токтогулдан
таалим алып, Эшмамбет менен айтышып, Жеңижокту жандап, өз
мезгилиндеги атактуу акындардын көбүнө жолугуп, оң менен солго
таанымал болуп калган. Анын үстүнө, тубаса таланттуу жаралган
Калык ырчы – “Каражаак” аталып, жүргөн жери оюн-күлкүгө толуп
турган. Ал, бир эле келип кеткен жеринде элдин сүйкүмүнө ээ болуп,
ооздон түшпөй калган. Андай болбосо, таалим алам деп, ат арытып
алыстан издеп ага ким барат?! Өз мезгилинде, Кетмен Төбөдө туулган
– Токтогулга, Түндүк, Түштүктүн акындары таалим алганы агылып
барган сыяктуу, Калыкка да жаш ырчылар бара баштаган. Сарыкунан
Калыкка барган кезде, бир тоголок кара жигит акынды ээрчип жүргөн
болот. Ошондо, Калык эл алдында экөөнүн сырткы өңүнө карата
359
(жаштыгын эске алып), бирин – Сарыкунан, экинчисин –
Каракунаным деп, ат коѐт.
Сарыкунандын өз оозунан уккан маалыматтарга караганда, анын
ырчылык шыгы, өспүрүм кезинде эле билинип, айылдагы аштойлордо, майда шаан-шөкөттөрдө, жаагын жанып, сүйүү ырларын
ырдап жүргөн. Сарыкунандын энеси – казак кызы болуп, өлөңдү сосун
ырдаган экен. Ошол өлөңдөр акындын жүрөгүндө өмүр бою кала
берген. Ага энесинин өлөңдөрүнөн кийин катуу таасир эткен айылдык
майда ырчылар - Бөлөкбай менен Мырзакмат болгон. Комузу колунан
түшпөгөн Бөлөкбай ырчынын карагайчыларды шылдыңдап ырдаган
ыры, ага, төкмөкчүлүк өнөрдүн зор аскасындай сезилген. Себеби,
жаттаган ырларды гана ырдап жүргөн жигитке, ойлонбой туруп, ошол
шартты элестүү ырга кошуп жиберүү укмуштай көрүнгөн. Ал мындай
талантка суктанып гана тим болбостон, өзү дагы ошондой ырчы
болууну эңсеген.
Ошондогу Бөлөкбай акындын жамагы төмөнкүдөй шартта пайда
болгон экен. Бөлөкбай адатынча комузун алып, эл кыдырганы кетип
бара жатса, айылдын четинде карагай тилип жаткан төрт жигит: - Ана,
Бөлөкбай дубана дагы ар кимди мактап бирдеме алганы баратат, - деп,
шылдыңдап күлүшөт. Ошондо Бөлөкбай ырчы, атынын оозун тартып
тура калып:
- Ээй, жоргону минген кылтыңдайт,
Кырмызы кийген жылтылдайт.
Кызыган киши шылкылдайт.
Кунарсыз жигит кыз көрсө,
Сөз айталбай мыңкылдайт.
Ээй, асмандап учкан ылачын,
Бир тамактын айынан,
Торго түшөт турбайбы.
Күркүрөгөн арыстан,
Бир тамактын айынан,
Колго түшөт турбайбы.
Ээй, карагай тилген төрт акмак,
Бир тамактын айынан,
Жаның уруп жатасың,
Керелден кечке тыртактап,
Оңой бекен жан бакмак,
Оңой эмес мал тапмак, -
360
деп, бастырып кете берет. Төрт жигит бозала болуп туруп калышат.
Ырды уккан эл аңыз кылып, ылакапка айландырып жиберет. Ошол,
бир мезгилде, кокусунан ырдалган кичинекей ыр, акынды чоң талапка
умтулткан түркткү болот. Ал, кандай да болсо төгүп ырдаган ырчы
болсом деп, эңсей баштайт. Алыскы айылдарга барып ырчы,
комузчуларга жолугат. Бирок алар, Бөлөкбайдан ашык көрүнбөйт. Бир
жолу ал, Ара Арча айлына барып, Калык акындын ырдап жаткан
ырынын үстүнөн чыгат. Мына ошондо гана ал, баягы, өзү суктанып
жүргөн – Бөлөкбай, Мыразакматтар, айылдык бозонун ырчылары
экенин түшүнөт, жүрөк титиреткен чоң талант башка боло турганын
баамдай, үч күнү Калыктын жанынан чыкпайт.
Сарыкунандын мурдагы көргөн ырчылары, жайдын күнкү
өткүндөй бир пас төгө коюп басылган, жол жоргосу бар майда
таланттар болсо, Калык күнү-түнү түгөнбөс ак жаандай сабаган
“түгөнгөн сайын түтөгөн”, кызыган сайын кызыгын чыгарган, ыр
аягын ташкынга айланткан – чоң дайра экенин сезет. Ошондон тартып
ал, Калык дегенде ичкен ашын жерге коюп, кандай болсо да андан
таалим тарбия алууну эңсеп калат. Кийин ал тилегине жетип,
Калыктын жандай көргөн шакирти болот.
Сарыкунан Калыкты эки жыл ээрчип жүргөн. Калыктын барган
жери ыр, күүгө толуп, оюн-күлкү, шаан-шөкөткө айланган. Бул мезгил
Сарыкунандын талантынын такшалып, төкмөчүлүк өнөрүнүн
өркүндөгөн учуру болду. Сарыкунан өзү жаратылышынан эпикалык
чыгармаларга жакын болуп, эл оозунда айтылып жүргөн дастандарга
абдан кызыккан. Ошондуктан ал, Калыктан, жамактын “сырларынан”
башка, өзгөчө, элдик дастандарды көп үйрөнгөн. Ал адегенде – угуучу
гана болгон. Чоң-чоң отуруштарда жалаң жамак ыр жадатып
жибергендиктен, элдик эски дастандарды айтуу Калыкка көндүм
болуп калган. Адатта, ырчылардын репертуарлары угуучу чөйрөгө
карата тандалып алынган. Жаштардын оюн-шоогунда, кыз оюнда –
сүйүү, ашыктык жөнүндөгү ырлар көп ырдалса, салабатуу, улгайган
адамдар чөйрөсүндө - кара ырлар, үгүт-насыят, термелер менен катар,
элдик дастандар көп айтылган. Сарыкунан 6 айга чейин, жалаң
ушундай отуруштун жашырын сырларын үйрөнүп жүргөн. Калык
акын Сарыкунанын өтө эле кылдаттык менен таптаган. Аны чоң
чабышка алып чыгуудан мурда, “ыр түнөгүнүн ордосуна”
жатыктырып, “баш тоголотуп” көндүрүп, качан гана, “ийи жетти го”
дегенде, топко алып чыккан. Ал жөнүндө Сарыкунан мындайча
баяндайт: “Жаныш, Байышты” өзү айтып бергенден кийин, элдин
361
алдында ырдаткан жок. Адегенде өзү угуп, андан, бири-жарым кишиге
айттырып, андан, кемпир – чалдарга, андан кийин - аш-тойго
айттырган. Калык айткан “Жаныш, Байыш”, “Кедейкан”,
“Курманбек”, “Кожожаш” элдин оозунда айтылган байыркы
дастандар. Ал Токтогулдан үйрөнгөнүн бизге көп айтуучу эле”60.
Төкмөкчүлүк өнөр, дастандарды ойдогудай угумдуу кылып айтуу
оңойго турган эмес. Айрым учурларда, эпосторду бир обонго салып
алып, бүткөнгө чейин күпүлдөтүп айта берген айтуучуларды да
жолуктурабыз. Бирок мурдагы чебер аткаруучуларга мындай айтуу
жат болгон. Айрыкча айтуучулук өнөр манасчыларда өтө күчтүү
болгон. Алар ыйлай турган жеринде – ыйлап, күлө турган жеринде –
күлүп эпстогу окуялардын мазмунуна карата, ымдоо-жамдоолор менен
коштоп, эпостун синкреттик формасын толук сактап айтышкан. Дал
ушундай аткаруу мурда кенже эпосторго да таандык болгондугун эски
айтуучулар, угучуулар ырастап отурат. Калыктын айтуусу боюнча
“Жаныш, Байыш” эпосу – төрт обон менен, “Курманбек”- үч обон
менен аткарылган. Ал Сарыкунанга, дал ошол обондорун кайсы
жеринде кандай өзгөртүү керектигинен бери үйрөткөн. Мисалы,
“Жаныш, Байыш” эпосунун казаттагы окуялары бир обон менен
аткарылса, жай окуялары өзүнчө, кезекке чакыруу андан башка,
аягында ата, энесине жолуккандагысы бөлөк обон менен аткарылган.
Мындай окуянын, мазмунуна карата, обондордун өзгөрүшү, көркөм
окуу чеберчилигинен келип чыккан. Аны чебер акындар абдан жакшы
түшүнүшкөн. Акындардын ичинде, эпостун текстин жаттап
айтуучулары жана жалпы мазмунун ойго сактап калып, жамактап
айтуучулары да болгон. Айтуучулардын мындай өзгөчөлүктөрүн бир
канча себептер менен түшүндүрүшөт. Кээ бир акындардын, бир
укканын магнитофонго жазгандай жаттап калуу жөндөмү күчтүү
болот да, алар көп өзгөртпөстөн, чыныгы аткаруучу катары сактап
калат, ошол жаттап калган тексти эч өзгөртпөстөн, эпостун
традициялык нугун бузбастан аткарат. Сарыкунан дал ушундай
мүнөздөгү акындардын тобуна кирет. Дастандарды аткаруучу
акындардын экинчи тобу, чыгармадагы негизги окуялардын мазмунун
толук өздөштүрүү менен, традициялык сүрөттөөлөрдү, эпитет,
метафораларды, салыштырууларды ойго тутат да, чыгармачылык
менен жамактап айтат. Мына ушундан, бир эле эпостун бир канча
60
Инв. 5171, 94- бет. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил-адабият
институтунун кол жазма фондусу.
362
варианттары келип чыгат. Ал – акындын талант деңгээлине жараша,
мурдагы тралициялык сюжеттер бирде кооз, көркөм болсо, бирде
начарлайт. Айрым учурларда эпосторго жаңы эпизоддор кошулат же
түшүп калып айтылат.
Сарыкунан булар жөнүндө өз ойлорун айтып, башын ийкеп
макулдугун билдирип отурду. Бирок, мен анын түпкү сырын билүүгө
канчалык кызыксам да, жайма-жай отуруп угууга аракет кылдым.
Менин байкашыма караганда, “Ак Мөөрдү” айтканда кандайдыр
толкундап, өз башынан өткөн окуядай мамиле кылгандай болду. Ал
түгүл, Мөөрдү Жантай алып кетип жатканда, Болоту кучактап алып,
минтип ырдаптыр деп, үнү каргылданып, көзүнөн жаш тегеренип
ыйлап турду:
- А, Мөкөм, акак бир талдуу, ай жүздүү,
Айда бир көрсөм жылдыздуу.
Ай чырайлуу жамалды.
Арзысам сендей табамбы?
Азабыңа мен калып,
Сени, аксакал Жантай чал алды.
Күмүш тилдүү, күн жүздүү,
Күндө көрсөм жылдыздуу.
Күн чырайлуу жамалды,
Күйгүзүп Жантай чал алды.
Күйүтүнө мен калдым,
Күйсөм, оо, сендей табамбы?
Болоттун Мөөр менен коштошкон жери ушунчалык аянычтуу
болду, биз алардын окуясына аралашып, өз көзүбүз менен көрүп
тургандай абалга жеттик.
Ал бир азга тыныга түштү. Дем алышы оордоп, чарчагансып
калды. Бир топто барып: - Байкуш Болот Мөөрүнөн айрылып, сары
ооруу болуп отуруп калды, - деп сөзүн кайра баштады. Сары ооруу
дегенди билесиңби? – деп, мени карады. Менден жооп күтпөстөн эле: Кайдан билмек элең, аны адамдын башына салбасын, - деди. Болот
Мөөр кеткенден кийин, же жинди эмес, же соо эмес, эсинен ажыраган
адамдай тунжурап отуруп калат. Анын мурдагы шайыр мүнөзү жок.
Сураган сөзгө жооп бербейт, тилдеген адамга капа болбойт, тирүүнүн
өлүгү болуп калат. “Атаа, кайран жигит айнып калган экен”, - деп,
көргөн киши ичинен кейип кетет. Ошентип, ортодон алты ай өткөндө,
ата-энеси кеңешип: - Балам, аял ал. Кеткендин артынан кетип,
өлгөндүн артынан өлгөн жок. Турмуш деген ошол, бирде уу берет,
363
бирде бал берет. Айла канча, башка түшкөндү көрөлүк, - дейт. Болот
ата, энесин кыя албай, кыз издеп жөнөйт. Мурдагы шайыр күлкүсү,
комузчу, ырчылыгы менен элге алынып калган Болотко ким кызын
бербесин. Жантайдан кийин, Мөөр менен Болоттун окуясы аңызга
айланып, эл арасында жомок болуп калган. Ал түгүл Болотту бир
көрсөк деген кыздар да болгон. Болот күйөөлөп барган жеринде: Колуңду берчи, карындаш, - дечү экен. Кыз колун сунса, акырын
колун кармалап, сылап көрүп: - “Мөөрүмдүн колуна окшобойт”, - деп
туруп кетип калып жүрөт. Ортодон айлар өтөт. Ошондо, эмне болсо да
Мөөрүмдү бир көрүп өлөйүн, же андан кийин үйлөнөөрмүн деп
Кеминге жөнөйт. Кеминге барса, жантай Алма Атага топко кеткен
экен, Мөөрдө конок болуп жатып калат. Беш күндөн кийин Жантай
келет. Ошондо Жантайды карап, Болоттун ырдап турган жери экен
деп, үнүн кошту:
Алайга чаап күлүктү,
Аргымак атың коштоттуң.
Ак Мөөрдөн айрылтып,
Азаптуу Жантай боздоттуң.
Дубанга чаап күлүктү,
Тобурчак атың коштоттуң,
Толмочуман айрылтып,
Тозоктуу Жантай боздоттуң.
Аргымак чаптың алыска,
Алжысаң кеттиң намыска.
Азирет дартту мен болдум,
Ак Мөөрүмдөн калышта.
Кырк жигитиң айдай бер,
Кылычыңды байлай бер,
Кыяматта барышта.
Кылганың жалган беле деп,
Кыз алар жарым эле деп,
Мөкөм үчүн кыйдырам чыбык калыска.
Ак шайы кийип белсенип,
Ак шайынын көркүнө,
Ак тукаба кылактап,
Каниет эле көзүмө,
Ылаажында турса кылактап.
Акыретке барганда,
Жантай, минермин ак эшектей кулактап,
364
Көк шайы кийип белсенип,
Көк шайынын көркүнө,
Көк тукаба кылактап,
Каниет элең көзүмө,
Көрүнүп турса кылактап.
Көз көргүс жайга барганда,
Көгарттын дубанасындай,
Көк эшек кылсам кулактап,
Жантай, жазында малың төлдөсүн,
Жайында салкын төрдөсүң.
Жасалгалап коюпсуң,
Жалжалымдын өргөсүн.
Өрттөнсүн өргө ак үйүң,
Сен өлгөндө жатар көрдөсүң.
Көңүлүң ачып сергитпей,
Көп басып боюң эргитпей.
Көлөкө басып, күн тийбес,
Көк ирим дайра көлдөсүң.
Баарыбызды сыздаттың,
Балдарың биздей чөлдөсүн....
Бул узак ыр эле. Сарыкунан аны кайгыга баткан адамдай, ар кайсы
жеринде каргылдана түшүп, ырдап жатты. Жантайга каргыш айтып,
боздоп турган Болоттун элеси акындын жүрөгүн жаралап жаткандай
болду. Кийин Мөөрдү, Жантайдын уулу – Шабдан, Көк Ойрокто: “Атамды шылдыңдуу ырга айландырган карабет”, - деп, арчага
таңдырып, өрттөтүп жиберди, - деп тунжурап отуруп калды. Мындан
кийин ал, биз менен сүйлөшө алган жок. Мен дагы, анын, жанын жеп
жаткан кайгылуу тарыхы барбы деп, ойлоп, унчукпадым.
Биз мейманканага келгенде күн кечтеп калган эле. Жанымда
жүргөн Турдубай Абдракунов:
- Агай эмне үчүн Сарыкунан “Ак Мөөрдү” ыйлап, кыйналып
аткарды? – деди.
- Биринчиден, бул поэманын өзү өткөн күндүн каардуу элесинен
жаралган күйүттүү тарых го. Экинчиден, Сарыкунандын башынан
өткөн окуяга да үндөштүгү барбы деп ойлойм. Биздин бул
болжолдообуз эртеси күнү да ачык болгон жок. Шаркырап агып
жаткан Чычкандын суусун жээктеп, Кетмен Төбөнүн туш тарабына
суктана карап турсак, Карамырзаев келип калды.
365
- Сиздерди Сарыкунан чай ичип кетсин деп, чакырып жатат, деди. Ал бизди сагынышкан ынак досторундай тосуп алды. Беш
күндүн ичинде бир топ эле сырдашып калганбыз. Анын үстүнө, деги
эле жаратылышынан талантуу, шайыр жаралган адам кимди болсо да
өзүнө тартып алат эмеспи. Ортодогу жаштын айырмасы жоголуп
тамашалашууга чейин жеттик. Ал чай үстүндө комузун алып, ар
түрдүү аңгемени кошуп ырдап отурду. Бир убакта: - “Курманбек”
эпосунан үзүндү айтып берейин”, - деп, комузун толгоп, күүгө
келтирди да: - Кана айткылачы, кайсы жеринен уккуңар келет? – деп
калды. - Курманбектин калмак ханы Дөлөн менен акыркы
беттешкенин айтып берсеңиз, - дедим.
- Курманбектин Койкүрөңү темтеңдеп баспай калганда, Дөлөнхан
Курманбектин маңдайына келип алып, сурап, кекетип турган жери:
- Жоого минчү Телтору ат,
Жоорудубу, Курманбек.
Ажал - өлүм башыңды,
Тоорудубу, Курманбек.
Алдыңдагы жаман ат,
Соолудубу, Курманбек.
Атаң карик киши эле,
Бербедиби, Курманбек
Ажал басып маңдайың,
Тердедиби, Курманбек.
Өпкө-бооруң аңтара,
Саяйынбы, Курманбек.
Өзөгүңдөн каныңды,
Жайяйынбы, Курманбек.
Өткөн өчүм көп болчу,
Алайынбы, Курманбек.
Тирүү кармап шаарыма,
Барайынбы, Курманбек.
Башыңды кесип, каныңды,
Жалайынбы, Курманбек.
Жаңы шаар калааңды,
Талайынбы, Курманбек...
Мындан кийин Курманбектин Дөлөндөн жарадар болуп анда
калганы, көкүрөктөн кирген найзанын учу далысынан чыга түшүп бир
кездейин сынып ичинде калганы, ошол учурдагы абалы өтө кейиштүү
ырдалып жатты. Калык айткан “Курманбекте” бул окуя негедир
366
үстүртөдөн сүрөттөлгөнсүп алган экен деп ойлодум. Курманбектин
андан чыга албай улам тырмышып, кулап, эси ооп, кайра эсине келип,
жан талаша тырмышып жылып, кайра кулап жаткан жери эпосту
угуучулардын жанын карайта турган, ал түгүл куулук-шумдукту
билбеген баео адамды шолоктотуп ыйлата турган күч жатканын ким
да болсо сезе турган эле. Анын үстүнө Сарыкунандын муңга баткан
коңур үнүндө да адамдын жанына тийген аянычтуу нерсе бар
сыяктанат. Биз дал болуп отурдук. Бирок эпостун бүтүшү бизди
кубанычка батырды. Курманбекти Аккан досу дарылап айыктырып
Канышайга алып келди. Курманбектин өлбөй калганына эч ким
“мындай болбош керек эле” деп айта албаган жок. Андай учурда ал
башка да келбей окшойт.
Оо, бир топтоп кийин гана Калыкта эпос, Курманбектин өлүмү
менен бүтө турганын эстертесем: мурда Калык дал ушул мен
айткандай айтчу, мен эч нерсесин өзгөрткөн жокмун, бир жолу Какеме
китепте башкача чыгарыптырсың десем: жүрөккө найза тийгенден
кийин өлүш керек, ошондой бүтүрдүм деп күлүп койду, - деди
Сарыкунан. Мен мындан Калык акынга да реалисттик адабияттын
таасири тие баштаганын сездим. Ошол убакта Сарыкунан чочугансып
катуу күлүп калды:
- Силердин жүрөгүңөр бек экен. Бир жолу мен Курманбектин
жараланган жерин айтам деп бир карыядан тил уктум. “Жүрөгү жок
сендей ырчыны көргөн эмесмин, адамды ушучалык кыйнасыңбы,
жаман киши экенсиң”, - деп туруп кеткен эле, - деди. Чынында
тиштенип отурганымды мен дагы мойнума алдым. Биз андан
“Курманбек” эпосун, “Жаныш, Байышты” жазып алдык. Кийин аны
Фрунзеге чакырып “Курманбек” эпосун бүт бойдон пластинкага
түшүрдүк. Бирок таш боор ажал пластинкадагы өзүнүн үнүн өзүнө
угузбай алып кетти. Калыктын жандай көргөн шакирти Фрунзе
шаарында кокусунан каза болду. Андан бери чейрек кылымдай убакыт
өттү. Мен андан уккан кайгылуу тарыхты унута албай койдум. Качан
Сарыкунан жөнүндө сөз болгондо: “экинчи ырдабайм деп, каргыш
берип койдум эле”, - деген сөзү эсиме түшөт. Мен анда, анын
каргышына анча маани бербей, а түгүл кайра кызыгып, эмнеси болсо
да билгим келгенин мойнума алам. Адамдын, ушул жашырын
нерсесин, ыйык тутканын билүүгө далалат кылуусун, адамкерчилик,
маданияттуулук көтөрбөй турганын билип туруп эле, жасаган
аракетин эмне менен түшүндүрүүгө болот?! Кийинчерээк, ал мени,
бир чети баласындай, бир чети бир тууганындай көрүп кетти. Бирок:
367
“жакшы адам алтымышка чыкса – карылык жок, он алтыга чыкса –
жаштыгы жок”, - дегендей, улуу менен да, кичүү менен да бирдей
сүйлөшкөн касиети, кимди болсо да өзүнө тартып алар эле.
Токтогулдан (Кетмен-Төбөдөн) жолуккандан кийин көп өтпөй,
Фрунзеге, үйгө келип калды. Анын көңүлү көтөрүңкү экен.
- Калыктын уулу Салмоорбектикинде болдум. Өз атасын
көргөндөй сүйүнүп калды. Кайран Какем, эмне деген сонун киши эле,
деп, сөзүн баштады. 1949-жылы Кетмен-Төбөгө барганда, комузун
белек кылып мага берип кетти эле, көрсө, экинчи мага жолуга албай
кала турганын сезген тура.
Мен анын көңүлү көтөрүңкү абалынан пайдаланып: - Илгери эмне
үчүн ырдабайм деп, каргыш берип койдуңуз эле? – дедим. Ал, ошондо,
бирөө муздак суу чачып жибергенсип селт этип алды да: - Болбостур,
айтып берейин, - деди. Көрсө, ал окуя мындай болгон экен.
Сарыкунан Калыкты ээрчип эки жылча жүрөт. Андан көп таалим
алып, өз алдынча эл алдында эркин ырдап калганда. Чүйгө кайра
келет. Барган жеримде оюн-күлкү, той-тамаша. Совет өкмөтү
кедейлердин бактысын ачты. Мурда байдын тебетейин көргөндө
бүрүшүп турган кедей-кембагалдар баш көтөрүп калган. Кичине эле
кат билген кедейлерди ар түрдүү ишке көтөрүп жаткан учур эле. 1930жылдын башында, Чымкоргонго, айылдык советтин катчысы кылып
дайындашты. Анда мени болуштун орун басары деп коюшчу.
Байлардын катыгын бере баштадык. Эзүүчү таптарды тап катары
жоюу башталды. 1932-жылы казактарда кургакчылык болуп, көп
жеринде айдалган эгиндери күйүп кетти. Ач адамдар самсып
кыргыздарды каптады. Ошондо бир татынакай келин Чымкоргонго
тентип келип, Байгазы деген чалдын үйүнө токтоп калды. Мен аны
көргөндө эле сакап61 болуп калдым. Турсам оюмдан, жатсам
түшүмдөн кетпейт. Мурда шарактап, оюн-күлкүнүн ичинде жүрүп,
үйлөнүү оюма келбептир, аны көргөндөн кийин, кандай да болсо
жетүүгө самап калдым. Мингеним жорго, жанымда жулунган эки
жолдошум бар. Ким менин сөзүмдү укпайт деп, көөп турган учурум.
Келинге кеп айттым. Келин болбоду. Кусалык кумарым мурункудан
да артып, жабыштым да калдым. Баары бир майнап чыккан жок. Жай
өтүп, күз болду. Күз өтүп, кыш болду, кыш өтүп, жаз болду. Бирок
жылыш жок. Ошентип жүргөндө, оюма бир обон келип, ага кошуп ыр
61
Сакап – ашык.
368
чыгардым. Ал ырым, обонум да, ошол келинге арналган эле, комузду
берчи, ырдап берейин.
Ал ырдап бүткөндөн кийин, бир топко унчукпай калды. Мен анын
татынакай обонуна, ырына таңыркап отурдум. Бул ырдын айрым
үзүндүлөрүн эл арасынан мурда уккан элем. Бирок ал жөнүндө үн
каткан жокмун. Көптө барып: “Өмүр бүттү, кетти” – деп койду. Кайра
ойлоно калгансып: - Бул ырым керекке жарады. Анын таш жүрөгү
эриди. Баш коштум. Мага үйлөнүү бакыт алып келди. Аны менен мен
болгону, үч гана жыл жашадым, бирок ошол үч жыл - өмүрүмдүн шам
чырагы болуп калды. Кайгырсам да, кубансам да, ошол мезгилим ойго
түшөт. Аны мен такыр унута албадым... Кийинки жылы эркек балалуу
болдук. Кубанычыбыз, сүйүүбүз мурдагыдан да артты. Бир жылга
жетпей балабыз да басып алды. Ошол мезгилде үйүбүзгө конок келип
калды. Баягы жандай көргөн эки жолдошум бар эле. Биз дайым чогуу
жүргөндүктөн мен чыгарган сүйүү ыры – “Үч жигиттин ыры” деп,
элге тарап кеткен эле. Жайдын толуп турган мезгили болуучу.
Конокторго козу союп, кемедеги казанга салып, тезек калап койгонбуз.
Илгерки “кемеге” дегенди билесиң, жерден казылчы. Мен конокторго
ырдап отургам. Аялым камыр жууруп жаткан. Ошол мезгилде
эшиктен “чыр” деген баланын үнү угулду. Чуркап чыксам, темтеңдеп
басып жүргөн балам кайнап жаткан казанга түшүп калыптыр...
Ошентип балам өлүп калды, баланын күйүтүнө чыдабай, алты айдан
кийин аялым өлдү. Мен жинди болуп кете жаздадым. Ал унчукпай
калды. Көптө барып кана: - Эми түшүндүңбү, карганып койгонумду?!
Мен баланын өлүшүнө себеп болдум. Менин ырым себеп болду.
Менин ырыма алаксып, баланы караган киши болбоду. Аттиң ай, чоң
бакыт көпкө созулбайт экен. Бакыттан кийин чоң кайгы келди. Мен
жанымды коѐрго жер таппай, тентип кеттим. Барбаган жерим,
баспаган тоом калган жок. Ошентип жүрүп Кетмен Төбөгө - Токомдун
жерине келип токтодум. Андан кийинкиси, өзүңө маалим. Биз
унчукпай көпкө олтурдук. Мен анын жанын жеген чыйканына тийип
алганыма, күнөөлүүдөй болуп турдум. Айла канча, ырчынын
чыгармачылыгын толук түшүнүш үчүн, өмүр жолун да, башынан
өткөн окуясын да билиш керек да.
Бирок, мен аңгемени мындай кайгылуу бүтүргүм келген жок. А
кишинин көңүлүн көтөрүш үчүн, байыркы тамсилчи Эзоп жөнүндө,
анын татынакай тамсилдери, чечендик сөздөрү жөнүндө айтып
бердим. Ага, Эзопко дүйнөдөгү таттуу тамакты, ачуу тамакты апкел
дегенде – тилди алып келгени аябай жакты. Ал эми, көлдү жутам
369
деген келесоо, ээсин куткарып кеткенине таң калды. Элдик чечендик
сөздөрдөн, акылмандык ойлордон таптакыр башка түшүнүктөр,
дүйнөлүк адабий мурастарда бар экенин ал жаңы сезип, жаңы билип
жаткансып нес болуп отурду. Анын, кичине алаксып, толкундап
турганы басылгандан кийин: - Аяш ата, сиз баягы Токтогулдун жүз
жылдык юбилейинде ырдаган ырыңызды ырдап берсеңиз? – дедим. Ал
менин алаксыткан оюмду билгенсип, жылмайды да, комузун колуна
алды.
- Мен Токомо арнап чыгарган ырым, көп жылдар ырдабай
калгандан кийин пайда болгон – биринчи ырым. Илгери, тойго жарчы
болгондо башкача болуучу. Жарчы – эл менен той ээсинин
ортосундагы данакер болуп, тойдун жүрүшүп, оюн-зооктун кандай
өтүшүн, байгесин жардап туруучу. Токомдун жүз жылдык тоюнда,
ошол учурдагы абалды, ийгиликтерди гана ырдадым. Тойдун
жүрүшүн райком башкарды. Ал кичине тыныга түштү да, Токомо
арнаган ырын баштады:
- Куттуу болсун тоюңуз
Кубанычтуу болсун ойнуңуз
Санжыргалуу бул тойдо,
Салтанат өттү чогулуш,
Он беш республикадан,
Санат жок келди обулус.
Акынга юбилей өткөрүп,
Асманда кыргыз колуңуз.
Атагың кетти көп жерге
Ачылып айкын жолуңуз.
Токомо арнаган ырымда башкы республикадан келгендерди да
куттуктаганым бар эле. Анын сага кереги жокко. Ал чарчагансып
калды. Аны да айтып бер дегенде, оозум барган жок. Рахмат айтып
коштоштум. Кемтиги жок иш болбойт эмеспи. Мен балконго чыксам
ал жай басып, кетип бараткан экен. Эки ийни ийилгенсип, мурдагыдан
карыгандай көрүндү. Ошол учурда, менин оюма кокусунан эле, адамга
кылган жакшылык эртеби, кечпи өзүнө кайта турганы түштү. Токтогул
өз мезгилинде Калык сыяктуу шакиртин даярдабаса анын
чыгармачылыгы азыркы деңгээлинде сакталбай калат эле го. Калык
аркылуу Сарыкунан да, Токомдун 100-жылдык юбилейине ыр
гүлдестесин коюп отурат. Турмуштун улуулугу да, татаалдыгы да
ушул тура.
370
ЧЫГА ЭЛЕК КИТЕПКЕ ЖАЗЫЛГАН
СЫНДАРГА ЖООП ЖЕ,
КОРУТУНДУ СӨЗ ОРДУНА
Ата-баба санжырасын сөз кылып,
Уккандардан сүйлөп берсек карылар.
Кайдан келдик, кайда барат бул заман,
Кулак салып угуп алгын жаш балдар.
Мен укканым мындай эмес болчу деп,
Ойлобостон кол шилтебе бурадар62.
Адамдардын өткөнү да, учуру да, келечеги да, бир бүтүндүктө
турат. Өткөнү - ата-бабаңдын турмушу, учуру - өзүңдүкү, келечегиң –
тукумуңдуку. Атаңды жамандап - өзүң жакшы болбойсуң, өзүңдүн
ыйманың болбосо – тукумуң жакшы болбойт. Ошондуктан, өткөндүн
жакшысын сактап, баатырын тактап, жаманын таштап отурган элдин –
келечеги кең. Кыргыздар, өткөн окуяларынын тарыхын кымтыган
уламыштарын – санжыра деп атаган. Санжыра – учу кыйырсыз жол
сыяктуу. Анда миңдеген, миллиондогон адамдар басып өткөн,
коогалаңдуу күндөрүнөн кабар берген – көркөм тарыхы жатат. Аны,
бир гана киши айтпастан, миңдеген кишилер айткан, ар ким өзүнүн
түшүнүгүнө жараша баяндашкан. Ошол үчүн, канча киши айтса,
ошончо кошумчага дуушар болуп, ошончо варианты келип чыккан.
Ошол үчүн санжырачылардын көпчүлүгү – сенин айтканың туура
эмес, менин укканым башка, деп, талаша кетишет. Андан башка,
мезгилдин өтүшү менен, коомдогу түшүнүктөрдүн өзгөрүшү менен,
адамдардагы түшүнүктөр да өзгөрүп отурат. Бир убакта – реалдуу
көрүнгөн, ишенимдүү сезилген окуялар, баяндар, уламыштар экинчи
мезгилде – жомок сыяктуу бир нерсеге айланат. Буга, биз, кырк кыз
жөнүндөгү мифтик мүнөздөгү уламышты алсак болот. Кыргыз
санжырасында кырк кыздын кош бойлуу болуп калышы көбүккө
байланыштуу айтылат. Бир кезде эл буга ишенген, азыркы учурдун
түшүнүгүндө жомок болуп калат. Айрым санжырачылар мындай
көрүнүштү эске албастан, ушундай кантип болсун дешет. Мен муну,
кыргыз санжырасынан газета, журналдарга үзүндү жарыялагандан
кийин, алда канча толук түшүнүп калдым. Айрыкча, бугу байбичеге
байланыштуу легендага ишенбегендер табылды. Алар, кантип эле дам
62
Бурадар – жолдоштор.
371
баласы бугудан төрөлсүн, адамдан – адам, бугудан – бугу төрөлөт
деген ойдо болушту. Азыркы реалдуу көз караштан алганда – бул
туура. Бирок, байыркы адамдардын жомокко, апыртууга ишенген
мезгилин жокко чыгарабызбы? Азыркы реалисттик адабиятка
тарбияланган адам менен, байыркы жомокко тарбияланган адамды бир
катарга коѐбузбу?! Бугу байбиче жөнүндөгү легенданын чыгышына,
адамдардын тотемизмге ишенген мезгили таасир эткенин унутуп
коѐлубу?! Андай болсо, “Кожожаш” эпосундагы адамча сүйлөгөн
сыйкырдуу сур эчкини, өкчөп койсо сакага айланган, адамча сүйлөп,
Төштүккө акыл айтып турган Чалкуйрукту, “Манас” эпосундагы
укмуштуу касиетке ээ болгон, шумдуктуу образдарды мындай болбойт
деп, азыркы түшүнүк боюнча кайра жазып чыгышыбыз керек экен да.
Менин түшүнүгүм боюнча, мунун баары, санжыраны – кыргыз элинин
реалисттик тарыхы катары түшүнүүдөн келип чыккан. Чынында,
санжыра – эл оозеки чыгармачылыгынын бир түрү, болгондо да,
даректүү фактыга таянган – көркөм чыгармасы. Мында: миф, уламыш,
жомок, санат-насыят, кошок, лирика, табышмактар бар. Алардын
бардыгы, ошол өз мезгилинин түшүнүгүнө карата айтылган. Аларды
өзгөртүүгө биздин акыбыз жок. 1990-жылы өткөн, Шалбадагы
санжырачылардын конкурсунда, Бугу эненин казаны жана өлүмү
жөнүндө легенда айтылды. Элдин айтымында, Бугу байбиченин тамак
жасап жүргөн казаны, ушул мезгилге чейин колдонулуп жүргөн экен.
Бирок, андагы бир укмуш касиет - 1916-жылы көрүнүптүр. Анткени,
казан жөндөн-жөн туруп эле - 1916-жылдын башында тең жарылып
калыптыр. Андан көп өтпөй эле, козголоң болуп, кыргын башталат.
Бирок, кыргын өткөндөн кийин казан кайра бүтөлүп, жарылган жери
жабышып калат. Муну угуп отурган бир–жүз кырктан ашык
санжырачылардын бири да, бунун жалган дешкен жок. Алар буга
ишеништи, ишенгилери келбегендер да ишенгиси келип турду.
Анткени, касиеттүү Бугу эненин казаны да – касиеттүү болуш керек
эле. Буга улай эле, Бугу эненин өлүмү жөнүндө легенда айтылды. Бугу
эне өлгөндөн кийин, боз үйдүн капшытына алып, көшөгө тартып коѐт.
Ошол түнү кыламык кар жаайт. Эртең менен боз үйдүн жанындагы
кыламык кардын үстүндө - бугунун туягынын изи жатканын көрүшөт.
Үйгө кирип, Бугу эненин өлүгүн таппай калышат. Бугу эненин
денесинин көмүлбөй калышы жөнүндөгү укмуштуу легенда, анын
пайда болушу – бугунун кызы катары айтылган легендадан эч
айырмасы жок экенин, эстүү адам түшүнөт го деп, ойлойм. А, өткөн,
Шалбадагы санжырачылардын конкурсунда, Бугу эне жөнүндөгү
372
байыркы тотемдик түшүнүк, кийинки мезгилдерге чейин сакталып
калган. Тарыхый бир мезгилде жаралган татынакай бир образды
жокко чыгаруунун кандай зарылдыгы бар. Бугу эне жөнүндөгү
легендага реалисттик ыраң бергенде, анын мааниси тереңдеп кетпейт.
Муну, мен, санжырачы Мукаш Найманбаевдин Бугу эне жөнүндөгү
жазган сынына жооп катары айтып жатам. Дагы бир таң каларлык
нерсе, санжырачылардын дээрлик көпчүлүгү – байыркы Нук
байгамбар жөнүндөгү укмуштуу легендага ишенишет да, кийинки
доордо айтылган: желдең, ак буура, жапалак, тазма, теңизбай, багыш
жана башка уруулардын пайда болушу жөнүндөгү легендаларга анча
ишене беришпейт. Мен жазган кыргыз санжырасынын айрым
үзүндүлөрү жарыялана баштаганда, ал басылган редакцияга, жана
мага көптөгөн каттар келип түштү. Алардын көпчүлүгү санжыранын
жарыяланышын кубаттап, ыраазычылыгын билдирүү менен,
өздөрүнүн да сын пикирлерин айткан. Мисалы, Жети-Өгүз районунун
Ак-Терек айылында жашоочу Жаныбеков Кадыр, ушул эле райондун
Тосор айылында жашоочу Сооданбеков Алымкул аксакалдар Желдең
уруусунун чыгышы жөнүндөгү легендага көп ишене беришпей,
“Желдеңди бир ууртам суудан эле туулду дейт, ушул туура болмок
беле” деп, нааразы болот. Мен булардын капа болгонуна толук эле
түшүнүп турам. Чындыгында, ууртам суудан адам туулбайт. Бирок,
Желдең жөнүндөгү легенда – жомокто, Бугу байбиченин касиеттүлүгү
жөнүндө легенданын жашырынып жатканын ким түшүнбөйт. Бугу
байбичени касиеттүү кылып көрсөткөн уламачылар, анын жуунган
суусун, урунган казанын, айткан сөзүн – бүт касиетүү, сыйкырдуу
кылып көрсөткөн. Ошондуктан, Бугу байбичеде кызмат кылып жүргөн
Чыжымжандын, ал башын жууган суусунан ууртап койсо эле, кош
бойлуу болуп калгандыгы жөнүндөгү легенданы жаратышкан.
Мындай легендалар, мурда да, кыргыздын кырк кыздан тарашкан
жөнүндөгү легендаларда айтылган эстегилечи: бул легенда – жомок
азыркы адамдарга ойдон чыгарылган тамашадай сезилип турат. Бирок,
байыркы доордогу адамдар буга ишенишкен. Бул легенданын, кандай
максатка, кайсы доордо чыккандыгы жөнүндө санжырада жазып
көрсөттүм.
Муса Байгара уулунун жыйнаган санжирасында калмак ханы –
Чотку төрөнүн кызы – Чыжымжан, Алсейитке ашык болуп калганы
айтылат. Аны билип калган мүйүздү эне, Чыжымжанды Алсейитке
алып берет.
373
Бир күнү, мүйүздү эне, ээн үйгө кирип, өз ичин өзү жарып, ичеги –
кардын бүт тазалап жууп жатканын Алсейит, үйдү шыкалап карап
көрүп коѐт. “Мен киргенде кара дебедим беле, эми болбой калды,
Чыжымжанды жакшы бак”, - деп, Бугу байбиче өлүп калат. Андан
кийин, Чыжымжандын боюна бүтүп, эркек төрөйт. Баласынын атын
Туумакашка коѐт. Андан көп тукум тарайт. Туумакашканын бир
баласы, Каракозунун кичи аялы – Качынайдан – Желдең, Базарчы,
Жүдөмүш төрөлөт. Кийин бүткүл Чыжымжандан тараган тукумдар –
желдең аталып кетет.
Ал эми, Алымбеков Тургунбектин санжырасында – жети уруу
желдең уруусун, кыргыз ичинде эң эски байыркы уруу катары
түшүндүрөт. Желдеңдер, он тогуз уруу коңурат менен бирге, Сырдын
боюнда жашагандыгы жана эң көп түтүн экендиги айтылат. Менин
түшүнүгүм боюнча, Көлдүн боюндагы коңураттар, желдеңдер –
байыркы чоң уруулардан бөлүнүп калгандары болуш керек. Аны
билбей калган адамдар, коңураттарды – коңур аттын кунуна келген
деп, желдеңдерди – Чыжымжан деген күндөн тарата коюп, аны,
ишенимдүү легенда – уламыштар менен коштоп айтып калышкан
сыяктуу. Деги эле, кыргыз санжыралары – Адигине, Тагайга кошо
албагандарынын көбүн – кул, күндөн таратып, же, жоодон түшүрүп,
же тентип келген катары – жети кулдун бири кылып түшүндүрө
коюшат. Мен муну, эл арасынан санжыра чогултуп жүрүп байкадым.
Алар өзү билбей калса эле, бакма бала кыла коюшат.
Бир мезгилде, санжыраны мындай чечмөлөөнүн турмуштук
зарылдыгы да болгон. Кыргыздар, уруу, уруу болуп бөлүнүп
турушканда, чоң уруулар майда урууларды эзип, басынтып букара
кылып алышкан. Кара жумуштарды аларга жасатып, ал түгүл,
ашынган манаптар, айрымдарын аттын байгесине сайган учурлары да
болгон. Ошондуктан, букаралыктан, кулдуктан корккон майда
уруулар, туугандык байланышындагы жипти үзбөй, тең туугандык
жагын да, дайым эскерип турушкан. Кыргыз санжырасында, тондуу
уул, тонсуз уул дегендер, ошондой бөлүнүшүүдөн келип чыккан.
Менин максатым, мындай жасалма кулдардын түпкү тегин табуу
жана алар өздөрүнүн эле бир боолору экенин далилдөө болгондуктан,
эл арасында айтылган аңыз кептерди жалган – чыны ортого салдым.
Колдон келишинче, илимдеги нугун табууга аракет кылдым. Ушул эле
багытта; саяктар, азыктар, чериктер жөнүндө айтылган уламыштарды
келтирдим. Алардын туура эмес экенин далилдөөгө аракет кылдым.
374
Бул санжырада, жалаң эле желдең уруусу жөнүндө үстүртөдөн
айтылбастан, андан башка көп уруулар жөнүндө үстүртөдөн гана
маалымат берилди. Анткени, ар бир уруунун тарыхын, өсүп –
өнүгүшүн, бүткүл тукумун сүрүштүрүп отурсак, ондогон том болуп
кетет эле. Ага бир кишинин өмүрү жетпейт, чынын айтканда колунан
да келбейт. Менин максатым, кыргыз санжырасындагы эң негиздүү
деген маселелерге гана токтолуу болду. Аларды да жеткире айттым
деп, милдеттене албайм. Эл арасынан санжыра жыйнап жүргөн
кезимде мен кыйынмын деген санжырачылардан, материал чогулттум.
Бирок, алардан чогултулган материалдар – бүт сонун деп, айта албайм.
Алар да, бирөөдөн укканын, өзүнүн билгенин айтып беришти. Мен
муну баяндап жаткан себебим, санжыранын үзүндүсүн окуган айрым
адамдар санжыраны жазганда тактап, далилдеп жабайбы, эл
аралабайбы деген дооматтарды коюшкан. Менин санжирага
кызыкканыма отуз жылдан ашык убакыт болду, бул убакта,
кыргызстандын ар бир айылында болуп чыктым. Айрым жерлерде, эки
- үч жолу да боолуга туура келди. Бирок, баардык адамга жаккандай
санжыраны эч ким жазалбайт го деп ойлойм. Анткени, бирөө санжыра
десе эле, анын уругун, уруусун бүт ийне - жибине чейин жазып бериш
керек, деп, түшүнөт экен, андай болбосо эле санжыра болбой калганы.
Жогоруда айтылган – желдең уруусу жөнүндө толук жазылган эмес
деген, доомат коюлган. Мындай дооматты ар бир уруунун өкүлү
айтууга акылуу. Бирок, мен жазган кыргыз санжырасы, андай
максаттагы санжыра эмес экенин эскертким келет. Андай санжыра –
фактылардын жыйнагы, деп аталат. Анда, негизинен, тукумдарды
сүрүштүрүү, ата-текти таратуу, уруу урук бөлүнүштөрүн таратуу
негизги орунда турат. Андай санжыраны, өз мезгилинде – Осмоналы
Сыдык уулу түзгөн. Мен жазган санжыра – изилдөө мүнөздөгү
санжыра. Мында, санжыранын айрым маселелери гана каралган.
Ошондуктан, доомат коюдан мурда ойлонуп көрүү керек.
Мынча болгондон кийин, санжырачылардан желдең жөнүндө
уккандарымды анча-мынча айтып берейин.
Алсейит, Чегимжанды алгандан кийин, Туумакашка деген балалуу
болот. Туумакашкадан: Каракозу, Аккозу, Бозкозу, Каракүчүк.
Аккозудан – Акун. Каракозудан – Козунай, Курманай. Бул, эки бала –
Каракозунун улуу аялы Куулдан. Козунайдан – Искайран, Татты бала,
Көбөнбай. Курманайдан – Кожоберди, Кенжебай.
375
Каракозунун кичи аялы Качынайдан – Желдең, Базарчы,
Жүдөмүш. Желдеңден – Күрүчбек, Муратжан, Карабаш, Маркаш,
Манжы, Шүкүр.
Базарчыдан – Кедей. Жүдөмүштөн – Атакиши, Ботокиши.
Атакишиден – Тойчу, Итийбас. Аккозудан – Аккүчү, Ырыскул, Кебек,
Төлөк. Бозкозудан эки гана түтүн.
Аккозу, Бозкозунун тукумдары – Жети Өгүздүн Дархан айылында
турат. Каракозунун тукумдары: Ак-Теректе, Дарханда, Тамгада,
Жаргылчакта. Элдик санжырада, желдеңге кирген тукумдар улуу
аялынан, кичүү аялынан деп, бөлүнүп айтылат. Алардын баарын
тизмелеп отурууга мүмкүнчүлүк жок. Туумакашканын тукумдарынын
ичинен, Каракозунун кичи аялы – Качынайдан туулган Желдеңдин
тукуму көп болуп, мыктылар чыгып, калган уруктары бүт желдең
аталып кеткен. Атактуу Солтобай акын да – желдең уруусунан.
Кыргыз санжырасынын үзүндүлөрү жарыялангандан кийин,
андагы талаш маселенин бири – саяк уруусу жөнүндө экени байкалып
калды. Бул уруунун чыгышы жөнүндө, журналист Кеңеш
Баратбаевдин: “Байызбек баяны” деген сыны чыкты (“Ленинчил жаш”,
13-сентябрь 1990-жыл). Ага удаа эле Мукаш Найманбай уулунун
“Талаштан тактык жаралат” деген макаласы, ушул эле газетанын 20сентябрдагы санына жарыяланды. Бул эки макалда тең, саяктын
уруусундагы так эместиктерге токтолгон.
Айрыкча, журналист Кеңеш Баратбаев саяк уруусу жөнүндөгү
айрым түшүнүктөргө көңүлү ооругандыгын билдирген. Ошондуктан,
бул жерде, алардын күмөн санаган жерлерин тактоо үчүн саяктардын
санжырасына бир аз токтолуп кетүүгө туура келет.
Саяктар жөнүндөгү эң алгачкы маалымат XV кылымдын эстелиги
– “Маджму аттаварих” чыгармасында жолугат.
Анда Тагайдын: Кунан, Кылжыр, Богорстон, Кара Чоро, Саяк,
Дөөлөс деген уулдары болгону айтылат. Тагайдын Кунанынан
(Койлон – С.З. – жедигерлер, Кылжырдан – бугу, Богорстондон –
солто, Кара Чородон – бостон, Саяктан – саяк, Дөөлөстөн –
сарыбагыш уруулары тарап чыгышты делет. Кийинки санжыралар
мындай айтышпайт. Азыркы санжырачылардын көпчүлүгү, Тагай
бийдин: Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдарын айтып,
Богорстондон болгон – Солто, Койлондон – кооз жедигер, Кылжырдан
– орозбакты, дөөлөс деп, Орозбактыдан – бугу, Дөөлөстөн –
сарыбагыш, уруусу келип чыгат деп, баяндашат. Айрым учурда,
376
Кылжырдын өз аты – Сарыбагыш, анын мойну кылжыр болгону үчүн
ошондой аталып калган дешет.
Ал эми, Кара Чоро – Тагай бийдин, Кожентте Эрдене ханда эшик
ага болуп турганында алган, ордо кыздан туулган баласы, Саяк ошол
Кара Чорону ээрчип келген, Тагай бийдин тондуу баласы катары
түшүндүрүшөт. Кара Чородон Солто ичиндеги Балта, Түйтөлөр
тарайт. Экинчи бир санжырачылар, Кара Чоронун өз аты – Жанкороз,
андан тараган уруулар – жазы, багыштар, баарын. Кийин, багыштар
таарынып, Анжиян тарапка, Койлондун Кооз Жедигери менен көчүп
кетишкен дейт. Ошентип, кыргыз урууларынын чыгышы, тарашы
жөнүндө, ар түрдүү варианттар келип чыккан. Анткени, оозеки
айтылган тарых, айрым айтуучулар тарабынан унуткарылып,
бурмаланып, кошумчаланып айтыла берген. Кийинки угучуулар,
санжыраны биринчи кимден укса, ошонуку туура деп талаша беришет.
Байгараев Мусанын санжырасы боюнча, Ак үйлүүгө - Кокон
ханына, Тагай бийден кийин, кыргыздардан Мышык бий алынган. Ал,
ордого баргандан кийин, мурда Тагай бийдин никесинде болгон –
Наси деген ордо келинди алган. Келиндин Тагайдан калган – Кара
Чоро деген баласы болгон. Ал, Мышык бийден – Байысбек, Асылбек
деген эки балалуу болот. Бирок, ошол кезде, Кокон хандыгы менен
кыргыз арасы бузулуп, хан, Мышык бийди өлтүрүп коѐт. Ошондо,
Наси, кыргыз тукумун кырып коѐбу деп, Кара Чорого кошуп,
Байысбек, Асылбектерди Тагай бийге качырып жиберет.
Кийин, Тагай бий, Байысбекти – “Саягым” деп эркелетип жүрүп,
саяк аталып кетет дейт. Бирок, ушул эле санжыранын экинчи жеринде
Тагайдын ордо аялынан – Жанкороз деген балалуу болот, ал эми,
Мышык бийден калган - Байысбек-Саяк аталган. Асылбекти, Тагай,
Кара Чором деп – Кара Чоро атыктырып жиберген дейт. Ошентип бул
санжырада, эки варианттын кошундусу байкалат. Санжыраны
жыйноочу, ошол айтып берген адамдын сөзүндө бир чындык барбы
деп, кошо берген окшойт. Бул эки варианттын кайсынысын албайлык,
саяктарды мышык бийдин тукуму катары түшүндүрөт.
Кыргыз элинин атактуу акыны – Тоголок Молдонун санжырасы
боюнча, кыргыздар Чынгыз ханга карап турган мезгилинде,
кыргыздарды – Ырыс башкарып турган. Ал, Чынгыздын тартуусуна
алданып, жоо бетине кыргыздарды айдай берген. Эл көп кырылып,
азайган. Ошондо, Ырыстын иниси – Долон менен, Сабабайдын иниси
– Муратай: “Чынгыз хандын тукумунун айтканына көнүп, айдаганына
барып жүрүп, бардык кыргызды кырып алабызбы”, - деп, өздөрүнө
377
ээрчиген элди алып, Анжиян тарапка жүрө беришет. Азирет Айыптын
тоосунан – Долон жай алып, Муратай Кожент тоолоруна кетет. Ошол
учурда, Кожент шаарында – Эрдене хан болгон. Анын Эреше деген
уулу, Мания деген кызы болгон.
Жылдар жылып, мезгил өтүп Эрдене хан көз жумат. Анын ордуна
баласы – Эреше хан болот. Муратай – акылман, токтоо адам эле, ал
Эрешеге жагып калат. Эреше өзүнүн карындашы Манияны Муратайга
алып берип, аны вазирликке шайлайт. Муратайдын түбү – кыргыздын
сайрак деген уругунан эле. Муратай, Маниядан бир уул, бир кыздуу
болду. Баласынын атын Пайызбек, кызынын атын Айышкан койду.
Ошол мезгилде, Муратай өлдү. Манияны, кыргыз наркы менен, иниси
Карек деген алды. Карек, өзү – окумуштуу, чоң молдо киши. Каректен
төрт уул туулду. Улуусу – Абдарайым, анан Сыдык, Жусуп, Шакир.
Биз, ушул жерден, тоголок Молдонун санжырасындагы баянды
токтотобуз. Анткени, санжырачы байкабай калганбы же ошондой
укканбы Манияны Пайыздын иниси Карек алат дегени туура эмес.
Мания Пайыздын энеси болсо Каректин да энеси болот. Ошондуктан
Карек Манияны алат дегени туура эмес. Бирок, бул санжырада биздин
көңүлүбүздү бурган негизги нерсе – Пайызбектин Муратайдан
туулушу. Ошондой эле, Муратайдын кыргыз ичиндеги сайрак
уругунан чыгышы. Тоголок Молдо, дал ушул – Сайрак уругу жөнүндө
сөз кылганда, Пайызбектин тукумунун – саяк аталып кетишин эске
алган. Сайрак деген сөздүн айтылышында – “р”- түшүп калышы менен
– саяк болуп калганын белгилеген.
Тологок Молдо өзүнүн санжырасынын экинчи бир жеринде:
“Эреше хандын атасы – Эрдене хандын заманында, Байыш баатыр –
Нил дарыясынын боюнда сандап, миңдеп жаткан саяк (сил) уругунан –
Кожант шаарында Эреше ханга вазир болгон. Эреше хан өзү, кыпчак
уругунан. Бир нече жыл вазир болуп, Маниса айым деген Эреше
хандын карындашын алат” дейт. Андан ары, Байыш баатыр Маниса
айымдан Ырай аттуу балалуу болуп, өзү өлүп, Манисаны Байыштын
бир тууган иниси – Эшен Карек алганы айтылат. Эшен Каректен төрт
балалуу болот. Кийин, Ырай, Тагай бийге келгенде, менин түпкү
уругум – саяк деп айтып, андан тараган уруктар саяк болуп кеткен
дегендей корутунду чыгарат.
Ошентип, Тоголок Молдонун санжырасында Байыш баатырдын
тукумунан – саяктарды таратат. Бирок, бир топ чатышкан жерлер бар.
Ал, ар бир окуучуга көрүнүп турса керек. Тоголок Молдо
санжырасында бирде – Пайыз, бирде – Байыш баатыр деп жазат, бирде
378
Маниса айымды Пайыздын энеси катары – Муратайдын аялы деп
көрсөтсө, бирде Байыш баатырга алып берип коѐт. Бирок, мындагы
бир негизги нерсе – Пайыз (Байыш)дын уругу – сайрак – саяк, (сит)
болгон дегени. Саяктардын аталышы, дал ушул түпкү уругуна
байланыштуу келип чыкканын баяндаганы. Мындай мазмундагы
санжыраны, бардык эле санжырачы катары таанылган жана өзү да
санжыра жыйнап жазып жүргөн – Талып Молдо Байболот уулу
саяктардын чыгышын мындай түшүндүрөт: “Тагай бийдин заманында
азып-тозуп, селсаяк жүргөн эки жигит келип – Тагай бийге бала болот.
Анын бирөөнүн атын – Кара Чоро, экинчисинин атын – Сары Чоро
коюшат. Ал экөөнөн тараган тукумдар – саяктар деп аталып калган”.
Талып Молдонун санжырасы – үстүртөдөн гана – саяк деген сөздү
чечмелөөдөн келип чыкканы байкалып турат. Мында, ал, Кара Чоро
менен Сары Чоронун тукумун – бир урууга бириктирип койгон.
Чынында, кыргыз санжырачыларынын дээрлик баардыгы – Кара
Чоронун тукуму катары: багыш менен баарын урууларын айтат.
Багыштан үч бала: Куттук, Сейит, Көкүм. Кийин булардын тукуму
абдан көбөйүп – Куттук, Сейиттин тукуму – Кара багыш уруусун
түзүп, Көкүмдөн тараган – Кантейиштин тукуму, Ак Кочкор,
Каңгыдан тараган – Ак багыш аталып кеткен. Баары - өзүнчө урук
болуп калган.
Атактуу манасчы Балык Кумар уулу айткан санжыра боюнча,
калмак доорунда: Адигине, Тагай баш болуп, кыргыз биригип, шаа
Темирдин тукуму деп – Эрешени хан көтөрүп, калмактарды кубалап
чыгат.
Ал, андан ары, калмактарды кыргыз жеринен сүрүп чыккандан
кийин: Богорстон, Койлон, Кылжыр, Саяк, Кара Чоро, Азык деген
балдары менен: Ысык Көл, Чүй, Үч Алматы, Сары Токум жерлерине
орношконун баяндайт.
Балык Кумар уулу айткан санжыраны – Алымбеков Тургунбек
санжырачы жазып калтырган. Бул санжырада: Саяк – тагайдын алты
баласынын бири. XV- XVI кылымдын эстелиги катары бизге жеткен
“Маджму ат-таварих” теги баян менен бирдей келет.
Саяктардын чыгышын өзүнчө чечмелеген санжырачынын бири –
Орунтаев Качкын болгон. Бул адам - 1906-жылы Ысык Көлдүн
Четбайсорук айылында төрөлгөн. Качкындын атасы – Орунтай чоң
санжырачылардан болгон. Качкын атасынан уккандарын, элден
жыйнаган санжыра менен толуктаган. Мен, Качкын Орунтаевдин
санжырасы менен - 1980-жылдары, Тогуз-Тородон материал жыйнап
379
жүрүп таанышкан элем. Уккан маалыматтарыма караганда, ал киши:
Ысмайыл, Айткулу, Акматалы, Сөлпү, Шааке, Самыкбай – деген
санжырачылардан да санжыра жыйнаган. Менин болжолума
караганда, Качкындын варианты – байыркы манасчылардан бери
айтылып келе жаткан санжырадай. Санжыранын баш жагы – жалпы
түрктөр тараган Нук байгамбар жөнүндө болот. Нук жөнүндөгү миф,
мусулман тарыхчылары аркылуу элге таралган. Айрыкча, XVIIкылымда жашаган Хива ханы – Абылгазы Бахадур ханибин Араб
Мухаммеддиндин: “Түрк санжырасы” жана “Түркмөн сажырасы”
аркылуу, Орто Азиядагы мусулмандарга кеңири маалим болот.
Ошондуктан, кыргыз санжырачыларынын дээрлик баардыгы Нук
байгамбардын: Хам, Сам, Ябет (ябыс) деген балдарынан, бүткүл
дүйнөдөгү элдерге таратып кирет. Качкын Орунтаевдин санжырасы
да, ушундай башталат. Бирок, кыргыздарга келгенде нукура элдик
баянга таянат.
Качкындын санжырасы боюнча Карахандын Абас ханынан –
Кыргыз төрөлөт. Абастын аялы, кырк кыз нөөкөрү менен кырда
сейилдеп жүрүп төрөп койгондугу үчүн, атын – Кыргыз коѐт. Мында,
кыргыз – кырдын кырк кызынан келип чыккан маани. Качкындын
санжырасында – Кыргыз, Мухамбет байгамбардан 3400 жыл илгери
туулган. Кыргыздан – Каадамбек. Андан – Үрүстөмбек, Арстанбек,
Үрүстөмбектин – отуз уулу болуп көп уруу эл болот. Арстанбектен –
Алчынбек, андан – Тоорук хан, андан – Барак хан, андан – Кара хан,
андан – Төгөй, андан – Көгөй, андан – Ногой.
Ногойдон: Орозду, Нойгут, Көкчөгөс, Көзкаман.
Ороздунун он уулу болгон. Анын төртөө белгилүү: Үсөн, Бай,
Улаккан, Жакып, Байдан-Бакай, Улак кандан – Сыргак, Жакыптан –
Манас, Ороздун бир тууганы – Нойгуттан: Акбалта, Шыгай. Мына
ушул жерден баштап, биз Нойгуттун тукумдары жөнүндө гана сөз
кылабыз. Анткени, Орунтаевдин санжырасы боюнча – саяктар, дал
ушул, Нойгуттун – Акбалтасынан келип чыгат. Анын санжырасы
мындай: Акбалтадан – Чубак, Чубактан – Бекчоро, Бекчородон –
Тегизбек, Тегизбектен – Жайыкбек, Жайыкбектен – Көкүшбек,
Көкүшбектен – Сапарбек, Сапарбектен – Алдаш, Алдаштан –
Алымбек, Алымбектен – Сурантай, Сарантайдан үч бала:
1. Чыбытай
2. Сабатай
3. Муратай
Айрым санжырачылар бул үч баланы – Алымбектен эле таратат.
380
Чыбытай кыргыз элине хан болот. Ошол учурда, Чынгыз хан,
Чыбытайга тогуз шумкар тартуу берип, Супатай Дарханды жиберет.
Тартууга алданып, экинчи жагынан Чынгызхандан чочулап,
кыргыздар моңголдорго кошулат. Чыңгызхан – кыргыздарды жоо
бетине коюп, көп кыргынга учуратат. Сабай баш болгон көп кыргыз
курман болот. Аны көргөндөн кийин, тукум курут болуудан корккон
Муратай, өзүнө ээрчиген кыргыздарды алып, Кожент шаарын карай
качып келет. Дал ушул жерден, Качкын Орунтаевдин санжырасы
менен Тоголок Молдонун санжырасы үндөшүп турат. Бирок, Тоголок
Молдо кыргызды Чыбытай бийлебейт, Ырыс бийлейт дейт. Ошол,
Ырыстын иниси – Долон, Сабатайдын иниси – Муратай менен келет.
Ошентип, Муратай, Кожент тоолорун кыркалап отуруп, Кожент
шаарына келген дейт. Ал жерден эки балалуу болот. Тоголок Молдо,
Муратайга келүү менен эле – Эреше хандын карындашы Манияны
алып бере коѐт. Мен, бул вариантта чатышкан жерлери көп
болгондуктан, башка варианттардагы туура го деген жерин алдым.
Элде кеңири айтылган варианттарда, Муратайдын – Жусупбек,
Сүйүнүчбек деген уулдары, Кожентке келгенде туулат. Алар өсүп, эр
жетип калганда, Муратай өлүп калат. Жусупбек менен Сүйүнүчбек
үйлөнөт. Жусупбектен – Абдырайым, Сүйүнүчбектен – Эшен Кара
төрөлөт (кыргыздар Эшкара деп кыскартып айтышат – С.З.).
Муратайдын небереси – Абдырайым Чоң атасынан жана өз атасы –
Жусупбектен калган мал-мүлк менен ашып-ташып байып, бүткүл
Коженттин сыйлуу адамына айланат. Байлыктын аркасы менен Эреше
хандын кызы – Маанишайымга (Маниса–айым – С.З.) үйлөнөт. Андан
балалуу болуп, баласынын атын чоң той берип – Байысбек коѐт.
Эрдене хан, күйөө баласы – Абдырайымды бектикке көтөрөт. Ошол
учурда, Эрдене хан өлүп, анын уулу – Эреше хан тактысын ээлейт.
Көп узабай, Абдырайым да өлүп, Байысбек жетип калат. Байысбектин
энеси Маанишайым, жети жыл жесир бойдон каралуу отурат. Бул
кезде, Абдырайымдын аталаш бир тууганы – Сүйүнүчбектин уулу –
Эшенкара Букарага барып окуп, карычылыкка жетет. (Кары деп,
куранды жатка билген кишини атаган – С.З.). Маанишайым ошол
кайнисине турмушка чыгат.
Эресеге жетип келаткан Байысбек, энесине таарынып качып
келатып – Кара Чорого кезигет. Ошол учурда, өзбек менен кыргыз
арасы бузулуп, чатак чыгып, Абыл төрө өлүп, анын баласы да –
кыргызды издеп качып чыгат. Айрым санжырачылар, Абылды – Дото
хан деп, кыпчак катары айтышат (Кыргыздын кыпчак уруусунан –
381
С.З.). Абылдын баласы – Төрөкан жолдон Кара Чоро менен
Байысбекке кошулуп, Тагай бийге келишет. Тагай бий – үчөөң тең
менин балдарым деп, элге тааныштырат. Элдик санжыра боюнча, Кара
Чоронун тукумунан – багыш, баарын уруулары тарайт. Байысбектен –
саяк уруусу тарайт. Төрөкандан – азык уруусу тарайт.
Кытайдагы кыргыздын тарыхчы – санжырачысы – Анвар
Байтурдун берген маалыматында, биздин замандын V-VI
кылымдарында, Тянь-Шань, Памир тоолорунун айланасында жана
Орто Азия райондорунда жашаган бир канча түрк уруулары,
кыргыздарга ассимиляция болуп, кыргыз уруулары деп эсептелген,
булардын ичинде – коңурат, кыпчак, саксын деген уруулар бар.
Биздин оюбузча, дал ушул саксын уруусу (илимде сактар деп да
айтылат – С.З.) – саяк уруусунун түпкү теги болгонбу деп ойлойм.
Тоголок Молдонун санжырасында да, Байысбектин баштапкы чыккан
уруусуна карата – саяк деп аталып калганы жөнүндө сөз болот. Ал
эми, селсаякты байыркы тегин билбеген, окубаган адамдар карапайым
түшүнүк менен баяндай койгон окшойт.
Эми, ошол – Байысбектен тараган саяк уруктары, тукумдары
жөнүндөгү карама-каршылынтарга, чатышкан жерлерге токтолуп
көрөлүк. Элдик санжарачылардын көпчүлүгү – Байысбек Тагай бийге
келгенден кийин – Саяк аталып кетти дейт. Бирок, ушул – Саяктын
тукумдарына келгенде чатыш нерселер келип чыгат.
Балык манасчыдан үйрөнгөн – Алымбеков Тургунбектин
санжырасы боюнча Саяктан: Алакөз, Каба, Чекир – үч уул тарайт.
Тоголок Молдонун санжырасында Саяктан – Каба, Сары – эки уул.
Кабадан – Кайдуулат, Байдуулат – биринчи аялдан. Экинчи аялдан –
Шыкмамат. Үчүнчү аялдан: Кутунай, Бегат. Төртүнчү аялдан:
Качканак.
Качканактан төрт уул: Түнкатар, Түнтөй, Актери, Бостери,
Алымбеков Тургунбектин санжырасы боюнча Кабадан: Түнгатар,
Түнтөй, Өйдөчекти, Кутунай, Актери, Бостери – алты уул. Алакөз өзүнчө урукту түзөт. Чекирден: Үчкуртка, Түгөл уруктары тарайт.
Качкын Орунтаевдин санжырасында Саяктан (Байысбектен):
Ботош, Сарык – эки уул. Ал эми, Байысбектин энеси – Эшенкарага
тийгенде: Асыл аттуу бир кыз, Дайырбаса аттуу уулду болот.
Дайырбасадан үч уул: Сыдык, Жусуп, Шакир. Бул, үчөө тең молдо
болуп, Жусуп молдо, Сыдык молдо, Шакир молдо аталат. Кийин,
өзбек, кыргыз бузулганда үч бала качып, Чымкентке келишет.
Булардын ичинен – Шакир молдо, энелеш агасы – Байысбектин
382
тукумун издеп келип, кыргыз ичинде туруп калат. Шакирдин көзү көк,
өңү сары болгондуктан – Чекир молдо атыктырып жиберет. Ал үч
балалуу болот: 1-си - Өйдө Чекти, 2-си – Үчкуртка, 3-сү – Түгөл.
Өйдөчектиден – Аккабак. Булар - өйдөчекти уругу болуп кетти.
Үчкурткадан: Кудайменди, Иман.
Кудаймендинин 1-чи аялынан: Кулжыгач, Чоро, Тоймат. 2-чи
аялынан: Курманкожо, андан – Жорукчу, Кутуш. Жорукчудан –
Сокур. Кутуштан – Карпык. Кулжыгачтан: Карабалта, Шаабото,
Жалуке, Итемген, Сутемген.
Чородон: Марка, Быржык.
Таймат эки аял алат. 1-чи аялдан: Жанболот, Чымынтай; 2-чи
аялдан: Жаныбек, Жаныш, Сарт, Козо. Тайматтын Жанболот уулунан:
Кожоберди, Байбагыш, Рысменде, Дербишалы, Бегалы. Булар да
жалпы жонунан саяк уруусу аталып калды.
Жогорку жакта Саяктын (Байысбектин – С.З.) тике тукумдарын
таратканда, санжырачыларда көп алмашуу бар экени байкалды.
Биринде: баласы атасы катары көрүнсө; экинчисинде: атасы баласы
катары; үчүнчүсүндө: бир тууганы катары айтылат. Булардын
ортосунан көп заман өткөндүктөн, мунуку туура, мунуку туура эмес
деп, кесе айтыш кыйын. Ошондой болсо да, негиздүү деп ойлонгон
вариант боюнча – Саяктын (Байысбектин) өз тукумун таратып
көрөлүк.
Саяктан: Ботош, Сарык – эки бала. Ботоштон – Кудайберди.
Кудайберди эки аял алат. 1-чи аялдан – Байдуулат, Кайдуулат; 2-чи
аялдан – Айтан. Айтандан – Жакыр. Андан: Нуркан, Жашдуулат – бул
экөөнүн тукуму – Алакөз аталып кеткен. Жашдуулаттан: Карагул,
Чоона, Ак чубак. Булар, көлдөгү – Каба уругу менен аралаш жашайт.
Кудайбердинин биринчи аялынан туулган – Кайдуулаттан: Түнкатар,
Түнтөй. Түнкатардан: Качканак, Сакетай. Түнтөйдөн – Азатайдуулат.
Саяктын (Байысбектин) – Сарык деген уулунан – Каба. Айрым
санжырачылар муну – Кайдуулат, Аламышык тоосунда аркар кууп
жүрүп тапкан дешет. Мунун тарыхы да – Бугу байбиченин тарыхына
өтө окшош. Кабанын касиетин – жалдуу Каба деген баян менен
түшүндүрөт. Мындан башка, Каба жөнүндө легенда мүнөзүндөгү
уламыш бар.
Кабанын атасы – Сарык чоң бай болуп, карыганча бала көрбөй,
Кулжанын буту сынган деген жерден, капа болуп, ай-талаада келатса,
бир аксакал жолугуп алын сурайт. Анда, Сарык, мен капа болбогондо
ким капа болот, мен өлсөм, артымда ыйлаар бала жок, малга ээ адам
383
жок, - дейт. Ошондон, тигил аксакал: “Ай Сарык бай, сен сараңдык
кылбай элдин батасын ал, анан, “мал сурасаң Чолпон-Атага бар, баш
сурасаң – Манжылыга мазарга бар”, - дегенди унуттуңбу, - дейт да,
көздөн кайым болот. Сарык бай анын айткандарын аткарат. Кийинки
жылы, кемпиринин боюна бүтүп, балалуу болот. Сарыктын аялы
төрөп жатканда, Кайдуулат келип калат. Баласы токтобогон Сарык,
ырым кылып, “саттым” деп, Кайдуулатка берет. Кайдуулат, элге: Аламышык тоосуна аркар улап барсам аркар эмизип турган экен, алып
алдым”, - деп, баян кылат. Ошондуктан, көп санжырачылар, Кабаны
Кайдуулаттын баласы деп, айтып калышкан. Сарык, Кабаны,
Кайдуулаттан кайра сатып алат. Элдик санжырада, Кайдуулаттын
төрөбөгөн аялы – Кабаны эмизгенде, эки эмчегинен дирилдеп сүт
агып, энелик мээрими түшкөн дейт. Көп өтпөй, боюна бүтүп, эркек
төрөйт. Кайдуулат, Кабаны, Сарыктан түн ичинде элге көрсөтпөй
алып келген экен, ошону ырым кылып, өз баласына – Тункатар деп, ат
коѐт. Экинчи баласын – Түйнтөй дейт. Каба экиге чыкканда, Сарык
бай, байбичеси менен – бир күнү, келтеден өлүп, тоголок жетим калат.
Аны, Кайдуулат багып чоңойтот. Каба – жалдуу Каба атыгып, баатыр
болот. Эки аял алат. Анын биринчи аялы – казак кызы болгон. Андан
үч балалуу болот. Алар: Актери, Бостери, Энтери. Актери, Бостерилер
– Шыкмаматтын Качканак деген уулу тараткан санжыраларда
жолугат. Чынында, Актери, Бостери, Энтери – Кабанын биринчи
аялынан. Кабанын экинчи аялы – Кантийбестин кызы – Акбермет.
Андан: Шыкмамат төрөлөт. Анын, асан чакырып койгон аты – Шайык
Мукамбет. Бирок, кыргыздын жалпак тили менен – Шыкмамат кылып
жиберишкен. Акбермет - өңдүү, түстүү жана акылдуу болгондуктан,
Кабанын көңүлү ага ооп кетет. Шыкмамат төрөлгөндөн кийин, ого
бетер токолунун үйүндө көп болуп калат. Ага ичи тарыган Кабанын
байбиче аялы күнүлүк кылып, Акберметти көп кейитет. Ага жини
келген Акбермет, Каба жокто, Акжал тору күлүктү минип, баласын
алып, төркүнүнө качып кетет. Ошентип, Шыкмамат таятасынын
колунда чоңоѐт. Эресеге жетип калганда, айылындагы кемпирдин
жалгыз баласын уруп койсо: - Денегул болбой атаңды тапсаңчы, - деп,
каргап коѐт. Ошондон тартып, Шыкмамат, энесинен атасынын жайын
сурап, издеп жөнөйт. Санжырачылар бул уламышты, кадимки
Букарага барган – Семетейдин тарыхындай кылып, кызыктуу жомок
кылып айтышат. Айрыкча, буудай куурутуп алып, энесинин
алаканына басып, атасын сурап турган жери - өтө аянычтуу. Энеси,
айласы жок, көзүнөн жашы мончоктоп туруп, атасынын жайын айтып
384
берет. Шыкмамат ошентип атасын табат. Кабанын кубанычы койнуна
батбай, жылкысынан энчи бөлүп берет. Ал, жылкыларынын оң жагына
кыйгач тамга салат. Каба, Шыкмаматка, Сарбагыш Дөөлөстүн кызы –
Токтобүбүнү алып берет. Шыкмамат андан: Кудаш, Култай деген эки
уулду болот.
Андан кийин, булардын тукумунун санжырасы башталат.
Корутунду өтө эле узун болуп кетпес үчүн, аларды бүт таратып отуруу
мүмкүн эмес. Саяктардын чыгышын баяндаган санжырачылар, саяк
деген атты – селсаяк, (элде) сайрак, сит (Тоголок Молдодо), саксын
(Анвар Байтур) деген сөздөрдөн келип чыгышы мүмкүн дешкен. Мен,
саяк деген сөз – байыркы түрктөрдөн да мурда жашаган, Орто Азия,
Казакстан, Чыгыш Түркстан аймагында мал чарбачылыгы менен оокат
кылып, көчүп жүрүшкөн – сак деген уруулардан түрктөшүп, андан
кыргызга өткөнбү деп ойлойм. Ал эми, жүрналист – Кеңеш Баратбаев:
“Саак”, - деген эмнеси, деп чочуп кетиптир. Буга чочуй турган деле эч
нерсе жок. Дүйнөдө жашаган бүткүл эл, таза боюнча кала албайт. Үйбүлө урукка, урук – урууга, уруу – элге айланганда, эң көп
кошундулар болуп турат. Кан, жан аралашат. Коомдо болуп турган
согуш, кыргын – көп элди чайнап, көп элди адаштырат. Чоң эл –
кичине болуп, кичине эл – чоң болот. Ал түгүл, ошондой кыргын –
согуштан, бир кездеги чоң элдердин чачырап – уруу, урукка айланып
кеткенин жолуктурабыз.
Кыргыздын илимий тарыхын изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча,
кыргыздардын байыркы негизин: сак, усун, динлин, гунн – уруу
союздары түзгөнү айтылат. Кыргыз элинин этникалык составын
караганда, башка элдерден бир топ уруктар бар экени, кыргыз
санжырасынын өзүнөн эле жолугат. Ошондуктан, санжырачылар,
аларды – тондуу, тонсуз уул деп, бөлүшөт. Кыргыздардын
санжырачылары, азыркы жашап жаткан кыргыздарды, бүт эле –
Акуул, Куу уулдун тукуму кылып, көпчүлүгүн – Адигине, Тагайга
кошуп, кошо албаганын – тондуу уул деп, же, кул, күңдүн уулдарына
айландырып жиберишет. Анткен себеби, Адигине, Тагайдын тарыхы –
XV кылымдан бери гана башталат. Андан аркы кыргыз санжырасы
унуткарылып, же жомоктолуп – Нук байгамбарга кошулат.
Кыргыздын мыкты деген санжырачылары – Нук байгамбардан бери,
кырк атаны гана сүрүштүрөт. Муну, илимий көз карашта тактасак, миң
жылдык убакытты ичине алат. Андай болсо, андан аркы - эки-үч миң
жыл муруңку кыргыздар кайда кетти?! Кытай тарыхындагы жазууга
караганда, мындан эки миң жыл мурда эле – Энесайдын башкы
385
агымында, Алтай Тоо кыркаларында кыргыздар болгону маалим. Ал
эми, Теңир Тоо, Памир, Алай, Сары Өзөн Чүйдөгү, Сыр боюндагы
кыргыздардын көчмөн уруулары – ар түрдүү уруу союзунда
жашаганын – эл чыгармаларынан, санжыраларынан билебиз. Укаев
Аруундан жазылган кыргыз санжырасында, ушул эле аймакта –
сактар, усундар жашаган. Бул маалыматтар, кийинки археологиялык
казуулар менен далилденип жатат. Сак, усун көрүстөндөрү, азыркы
Бишкек шаарынын түштүк чек арасында - Аламүдүн, Ала-Арча
аймагынан табылган. Булардын мүрзөсү казанактуу келип, азыркы
кыргыздар колдонгон мүрзөлөрдөн айырмасы жокко эсе. Сак, усундар
жөнүндө изилденген – В.В.Бартольд, А.Н.Бернштам, Н.А.Аристов,
С.М.Абрамзон сыяктуу окумуштуулар – булар, кийин, Орто Азияда
жашаган элдердин ичине сиңип кетиши мүмкүн дешкен. Мага чейин
эле Аристов, Абрамзон сыяктуу окумуштуулар, кыргыз ичинде –
саяктар, байыркы сактардан, казак ичиндеги – уйсундар, байыркы
усундардан калган болуу керек деп, болжолдошкон. Мындай
болжолду, ар бир окумуштуу айтууга акылуу. Ушул эле сыяктуу,
коңурат уруусунун байыркы тегин билбеген санжырачылар - Наалы
эженин жоого минчү коңуратын өлтүрүп алып, анын кунуна жоодон
колго түшкөн бирбаланы берген экен, ошондон тараган уруу – коңурат
аталып калыптыр дешет. Андай болсо: казак, өзбек, каракалпак
ичиндеги коңураттар да – ошол, колго түшкөн баладан тараптырбы?
Каракалпак элинин жарымына жакынын - коңураттар түзөт. Байыркы
убактарда, коңураттар – он тогуз уруу деп, аталып, түрк урууларынын
ичинде, чоң роль ойногон. Мындай көз карашты – отуз уул жөнүндө
да, айтууга болот.
Тарыхта, кээ бир уруу аттары кайталанып калган учурлары бар.
Мисалы, “Манас” эпосундагы, катаган уруусунун, кийинки, саяк
ичиндеги – катагандан айрымасы башка. Ушундай эле, байыркы
жедигерлер менен, кийинки, Койлондон тараган – жедигер уруусунун
түбү башка. “Манас” эпосундагы эштектердин түбү – башкыр. Кыргыз
ичиндеги эштектер – Тагайдын уулу Богорстондон келип чыгат.
Мындай фактылар санжырада эң эле көп жолугат. Бирок, айрым
айтуучулар аларды аралаштырып жиберип, баш – аламан болуп
калган. Ошондуктан, аралаштырса да, ушунча кылым унуткарбай
алып келген санжырачы бабаларыбызга ыракмат айталык. “Көч жүрөжүрө түзөлөт” дейт. Мындан ары, үзүлгөнүн улап, чачылганын
жыйнап жүрүп отуралык. “Өлбөстү кудай жасабайт, сынбасты уста
386
жасабайт”.- дейт. Омор Хаямдын, мындай деген ырын эске
түшүрөлүк:
Агаңдын анча-мынча сөзүн уккун,
Унутпай өмүр бою эске туткун.
Акмак берген мүрөктүн суусун жутпай,
Акылдуунун карматкан уусун жуткун.
Адамдын баары өзүн – акылдуумун деп, санаса, акмакты кантип
билебиз? Анда, перстердин акылмандарынын калтырган нускаларына
көңүл буралык:
- Балбандыкка умтулган жаман эмес,
Акыл болбой, балбаның – адам эмес.
Наадандыгын сезген адам,Акылдуу адам:
Алсыздыгын сезген адам,
Күчтүү адам.
Адамдын акмактыгынын үч далили бар: текебердик, көйрөңдүк
жана маңыроолук.
Санжыра адамдын - акылдуулугу менен акмактыгын тактоонун
кандай зарылдыгы бар, деп, шашпа. Дүйнөдөгү нерсенин баары, бирибирине байланышта жашайт. Болгону алардын айрымдарынын
байланышы ачык көрүнүп, байкалып турат, айрымдары таптакыр
байланышы жоктой сезилет. Кыргыз санжырасы – ошондой ички
байланышты үйрөтөт. Бүткүл адамдын теги бир экенин үйрөтөт.
Кийин, миллион жалдарга созулган адам тарыхынын катаал жолунда,
бири-биринен алыстап, тили, дили бөлүнүп, көп элге, улутка
айланганын үйрөтөт. Дүйнөдө жашаган элдердин, бири – мыкты, бири
– жаман эмес. Басып өткөн, башка түшкөн тарыхый шартка ылайык
гана, биринин маданияты өнүгүп, экинчисиники артта калган. Булар
дагы убактылуу көрүнүш. Деңиз толкунундай – турмуш агымы
тынымсыз которулуп турат. Маданияты өнүккөн эл – чайпалып,
начарлайт, начары - өнүгөт, гүлдөйт. Бул – турмуштун диалектикасы.
Кыргыздар: “Ыйдын күлкүсү бар, ачтын тогу бар”, - дешет. Бүгүн
көргөн – эртең жок, болуп турган, армандуу дүйнө...
Бетеге кетип бел калып,
Бектер кетип эл калып турган –
Армандуу дүйнө...
Эл калгандан кийин – элдин санжырасы калат.
Кыргыз санжырасы менин жазганым менен бүтүп калмак беле?!
Уюткулуу журттун уюткусун түгөткүбүз келбесе, билбегенибизди
387
билгендер айтып берсе. Өзүбүздүн маданий мурасыбыз, тарыхыбыз,
жоголгон нерсебиз, кадимкидей гүлдөп-өссүн десек, бири-бирибизге
жардам берелик. Ар нерсеге кайдыгер карап, ичи тардыкка, көрө
албастыкка берилсек, жакшы нерсени – жаман көрсөтүү оңой.
Санжыра учу-кыйры жок узак жолдой. Муну канча тынбай айтсаң да,
канча тынбай жазсаң да, айтылбай сонун сөз калат, ачылбай далай сыр
калат. Ал – туягы бүтүн тулпар, канаты бүтүн – шумкар талый турган
– узак жол. Анткени, санжыра бир адамдын өмүрү менен бүтпөйт, ал өмүргө өмүр улаган, түгөнбөгөн турмуштун, укум-тукумдун – тарыхы,
көркөм дүйнөсү, коомдогу ырым-жырымы, заң-закону, оюн-күлкүсү,
фантазиясы... Кыргыз санжырасына – жаңы гана жол ачылганына,
баарыбыз күбө болуп отурабыз. Санжыра жазам деп, көзүмдүн курчу
кетти, денемдин кубаты кетти, кичине тыныгайын – уруксат бергиле,
мени дагы – узак жол күтүп турат... Кас-кас туруп келаткан баланы
жетелеп үйрөтөт эмеспи. Анда, “Кыргыз санжырасына” бата берип
койгула... Оомийин!!!
КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫНА
АЙРЫМ КЫСТЫРМАЛАР
Кыргыз санжырасына ак жол каалаган айрым ойлорду кыстырма
катары берип коюуну туура таптым. Муну кызыган адамдын сөзүндөй
көрбөй кабыл алып койгула. Кыргыз кыргыз болгону, кыргыз атка
конгонуна көп кылымдар өтсө да анын түпкү каны, чыгышы жөнүндө
далай талаш ойлор айтылып, ар ким ар түрдүү айтып түшүндүргөнүн
“кыргыз деген аттын чыгышы жөнүндө” деген бөлүмдө айтып өткөн
элем. Мында эл оозунда легенда катары айтылган жомоктордон тарта
илим изилдеген адамдардын болжолуна чейин берилген эле. Бирок
аны менен иш бүтүп калган жок. Андан кийин кыргыздардын
байыртадан бери жайлап келген жерлери, ата конушу жөнүндө сөз
болуп ыраакы чыгыштан Алтай Тоо кыркаларына Тибетти, Үрүмчү,
Теңир Тоону, Алай, Памир, Ходжентке чейин, Сырды сыдырып,
кырды кыдырган кырк уру кыргызды сөз кылган элек. Бул жерде биз
кыргыз болгонубуз үчүн кыргызды баардык элден көп, баардык элден
кыйын, акылман кылып көрсөтүүнү максат кылбастан элдин
чыгармасында, элдин тилинде, тарыхында, үрп-адатында сакталып
калган айрым оозеки жана таштагы фактыларга таянуу менен гана өз
оюбузду далилдөөгө аракет кылдык. “Кырды кыдырган, сырды
сыдырган” деген жөнөкөй эле уйкаштык үчүн айтылбастан өмүрүнүн
388
көбүн кырда өткөргөн, суудан Сырды бойлогон (Сыр-дарыя – С.З.)
кыргыз эли жөнүндө, ошол гана элге таандык учкул сөз экенин эске
алганыбыз туура болор.
Ушул эле санжырада Алымбеков Тургунбек тарабынан жазылып
сакталып калган Балык манасчынын бир ырын келтирген элем. Анда
“Сырдын боюн жайлаган, сыдыра бээ байлаган” байыркы кыргыздар
жөнүндө сөз болгон. Болгондо да мындан үч миң жыл мурун ушул
аймакта жашап кырдан-кырга көчүп, кокту-колотто малын баккан
куну-кутуга сыйынып, Алтай-Найман хандыгына чейинки жерде
чачылып жайланган эл экендиги айтылган. Көп окумуштуулар Түштүк
Сибирь, Алтай менен Тянь-шандагы кыргыздарды байланыштыра
албай “көчүп келген” эл катары түшүндүрүүгө аракет кылышты. Ал
эми Орхон, Енесай боюндагы таштагы жазууну жана Талас
өрөөнүндөгү ошол эле тамга менен жазылган жазууну ушул аймактагы
бүткүл элге таандык кылып, анын ички байланышынын маани
жагынан бирдигин көрө алышкан жок. Сөзсүз, бул жазууну ушул
аймактагы баардык эл колдонушу мүмкүн – ал жөнүндө талаш жок.
Менин айтайын дегеним Орхон, Енесай боюнан табылган таштагы
жазууларды да, Таластан табылган таштардагы жазууда да азыркы
учурларда кыргыз ичинде өмүр сүрүп жаткан дөөлөс, азык, мундуз,
черик, отузуул найман, кытай уурулары жазылганы жөнүндө. Демек
кыргыз этносунун түзүлүшү бир жагынан ушул сыяктуу уруулардын
кошулмасынан түзүлсө, экинчи жагынан жашаган жеринин
географиялык шартына, климат өзгөчөлүгүнө жараша боло турганы
илимде
аныкталган.
Улуттардын
антропологиялык
жактан,
генетикалык жактан изилдениши марксисттик-материалистик окуунун
негизинде таптык позицияда каралып жалган жыйынтыкка келген
учурлар көп болгон. Ошондуктан тукум куучулук теориясына урулган
сокку бүтүндөй бир элдин мыкты өкүлдөрүн ойрондоого алып барган.
Кийинки учурларда кыргыз элинин канын текшерип, генофонду
боюнча изилдеген биология илимдин доктору Абыт Ибраимовдун
берген маалыматына караганда (“Асаба” газетасы 30-апрель 1992жыл.) кыргыздар генетикалык жагынан Орто Азияда жашаган
калктардын бирине да окшобогону байкалат. Окумуштуу кыргыздарга
тил, дил, өң жагынан эң жакын турган казактарды текшергенде
генетикалык окшоштугу болгон эмес. Ошентип ал “биздин
генетикалык өзгөчөлүгүбүз Түштүк Сибирдегилердикине жана өмүр
бою тоо ташта жүргөн альпинисттердикине окшош экен. Көрсө
адамдын гендери географиялык абалга жараша адамптацияланат тура.
389
Ал эми кыргыз эли Памир, Тянь-Шань тоолорунда генетикалык
жактан шартташкан. Ошондуктан кыргыздар Орто Азиядагы эң
уникалдуу этнос” деген жыйынтыкка келген.
Мен мунун эскерип жаткан себебим XIX кылымдын экинчи
жарымында кыргыз жеринде болуп кыргыздарга антропологиялык
изилдөө жүргүзгөн Н.Зеланд деген доктор да ырастайт. Ал 1885-жылы
“Кыргыздар” деген китепче чыгарат да кыргыздар “по всей
вероятности арийского происхождения” (50-бет) деп берет. Ошентип
эки бөлөк кылымда жашаган, эки башка окумуштуу бирдей эле
жыйынтыкка келет. Абыт Ибраимов кыргыздар ген жагынан
монголоиддерге караганда европеиддерге көбүрөөк окшош деп жазып
жүрөт. Муну биз жөн эле оюнан чыгара койду деп айталбайбыз. Бул
илим жүзүндө текшерилген, изилденген факты. Көрсө генофондубузда
30 процентке жакын европеиддик гендер бар экен. Аны окумуштуу
мындан 30-35 миң жылдар өткөн палеолит доорундагы учурга алып
барып түшүндүрөт. кыргыз санжырасында дал ушул көз караштын
өзүн айтпаса да кыргыздардын чыгышын буга жакындаштырып
түшүндүргөн маалыматтар бар.
XI кылымдын аягындагы эстелик катары бизге жеткен “Маджму
ат-таварихте\Муну Сайд ад-дин ибн дамулла Шах Аббас Ахсикенти
жана анын уулу Нур мухаммад ибн дамулла Сайф ад-дин Ахсикент
жазган – С.З.\ кыргыздардын чыгышын Румда /Турция – С.З./ жашап,
Хорезимге чейинки аймакта могулдар менен аралаш көчүп жүргөн
гуздарга алып барып такайт.
Орто кылымдын тарыхый маалыматына таанышсак гуздар деген
эл болгону анык. Ал түгүл жетигуз, тогуз гуз дегендери Абу Искак
Ибрахим ибн Мухаммад ал-Истахринин “Китаб Масалик ал мамалик”
деген китебинде жазылып калган. Гуздар Жафар Садыктын башкаруу
алдында жашап турганда Сириянын ханы Абу-л-хайр тарабынан
талкаланып Котон, Кашмир, Кабул, Өзгөн тарапка сүрүлөт. Кийин
султан Санджар салык төлөбөйсүңөр деп дагы кыргын салат. Андан
качкан кырк гуз Хожент тоолоруна кетет. Ошол кырк гуздун тукуму
кыргыз болуп аталып кетти дейт. Кеп мунун так, так эместигинде
эмес, гуздардын чыгышын Рум тараптан сүрүлгөн элге таандык кылып
жатканында. Ошентип дүйнөдөгү элдер эң көп кыргын-сүргүндүн
негизинде канын да, жанын да, өнүн да өзгөртүп турганында. Айрым
тарыхчылар кыргыздардын байыркы тегин ушул эле аймакта мындан
2 миң жыл мурда жашаган усундарга, сактарга алып барып такайт.
Усундар менен сактардын өңү сары, көзү көк болгонун айтышат.
390
Бирок кийинки мезгилдеги согуштардын каары менен көп эл менен
аралашып өңүн өзгөртүп кеткен. Байыркы гуздардын жашаган
жерлери тоолор, кырлар болгондуктан аны талаа-түстөгү адамдар кырхислер деп аташып, ал кыр кишиси деген сөз бара-бара кырды кескен
адамдын кыргыз болуп кеткенин “Кыргыз тарыхы” деген санжыратарыхты жазып жүргөн Молдо Мухаммед Али ибн Факыра Алхаки да
эскерет. Ошентип кыргыздардын түпкү теги кыр кесип, кырда, коктуколоттордо өскөн мал чарбачылыгы менен күн көргөн эл экени
байкалат. Мен муну мынчалык кайталап, тактап жаткан себебим
кыргыздардын байыркы жери Алтай, Ханкай кырка тоолорунан тарта,
Үрүмчү бөксө тоолору менен Тянь-Шань, Памир тоолорунун коктуколоттору, талаа-түсү болгонунда. Ошондуктан Алтай менен ТяньШандагы
кыргыздарды
байланыштыруу
үчүн
ар
түрдүү
божомолдорду айтуу зарылчылыгы жок. Кийин ар түрдүү тарыхый
шарттын негизинде Алтай, Енесай тарабындагы кыргыздар ТяньШань, Памир, Алай тарабына ооганы маалым. Кыргыздардын тоолук
эл болгону анын генофонунан да байкалат.
Мен бул санжыраны жазып жатканда кыргыздын жыл эсеби, жыл
сүрүү, ай атбары жөнүндө да бир топ материал жыйнап койгон элем.
Бирок аларды абдан тактап, илим жагынан изилдеп бүткөндөн кийин
жазайын деп ойлоп, кийинкиге калтырып койгом. Кыргыздын аалам
жөнүндө түшүнүгү канчалык фантастикалык жомоктор менен
түшүндүрүлбөсүн анда чындыктын бир даны жатканы – турмуштук
тажрыйбасы бар экени маалим. Ар бир элдин илими өнүксө да,
өнүкпөсө да турмуштук тажрыйбасы бар. Демек, илими бар. Илими
эки түрдө сакталган – биринде кагазга түшкөн, экинчиси оозеки
айтып, оозеки берип келишкен. Биз кагазга түшүргөнүн илимдүү эл
деп, түрдүү себептер менен жазмасы жоголуп билгени, турмуш
тажрыйбасы оозеки айтылып калса караңгы эл деп көнүп алдык.
Чындыгында дал ошол биз караңгы эл деген элдердин эл оозеки
чыгармасында диалектикалык материалисттик көз карашы да,
философиясы да, жогорку математикасы, физикасы, географиясы,
тарыхы бар. Кыргыздарда астрономия илими оозеки өнүккөн.
Ошондуктан асмандагы жылдыздарга, айга карап жыл сүрүп, аба
ырайынын өзгөрүшүн байкашкан. Ай календары менен мезгилдерди
такташкан. Кыргыздардын ай календары күн календарына туура
келбейт. Күн календары боюнча жыл эсеби 365 күн 6 саатты түзөт,
ошондуктан төрт жылда бир күндү кошуп 28-февралды 29-февраль
менен тактап турат. Ошондуктан айлар туруктуу. Ай календарында
391
андай эмес. Дал ушунун азабынан айрым санжырачылар бирдин айын
январь дешсе, айрымдары февралды көрсөтөт. Айрымдары жалган
куранды февралга келтирсе, кээ бирөө мартка алып келет.
Дал ушундай так эместиктин азабынан газета-журналдарда ай
аттары адам күлө турган абалда жазылып жүрөт. Булар жөнүндө да
санжырада жазып жетишпегениме өкүнөм. Айла кеткенде адам өзүн
өзү сооротот. Бирөө билбегенди бирөө билет. Бирөө айталбай
калганды бирөө айтат.
Ат качаган болгон соң,
Аштан-тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?!
Алганың сулу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң,
Сулуулугу не пайда?!
Асыл оюң болсо да,
Айтылбай калса не пайда?!
Аманчылыкты тилейлик, аманчылык болсо айтылбай калган
айтылаар, жазылбай калган жазылаар. Сиздерге өмүр тилейм,
окурмандарым.
Түп нускадан көчүргөн Кырбашова Бактыгүл
392
МАЗМУНУ
Сөз башы
Кыргыз деген аттын чыгышы жөнүндө
Кыргыз деген сөздү элдин чечмелөөсү
Кыргыз деген сөздүн этимологиясы
Кыргыздардын оң, сол болуп бөлүнүшү
Оңдун санжырасы
Солдун санжырасы
Кыргыздардын жашаган жерлери
Эл чыгармаларында, санжыраларында кыргыздардын
жердеген жери жөнүндөгү негизги түшүнүктөр, маалыматтар
Кыргыздардын байыркы жердеген жери жөнүндө илимий
маалыматтарда берилиши
Кыргыз элинин байыркы тарыхы жөнүндө санжырадагы
маалыматтар
Калмактын бузулушу
Кыргыз, казак чабышы
Кыргыз ичинде болгон уруу чатактары
Кушчунун чачылган себеби
Солто, сарбагыш чабышы
Кокон хандыгынын кыргыздарды каратышы
Тайлак баатыр баяны
Казак төрөлөрү Кененсары, Ноорузбайдын кыргыздарга
чабуулу
Бугу, сарбагыш чабуулу
Байтиктин Рахматулланы өлтүрүшү
Үмөталы жөнүндөгү аңыз сөздөр
Жантай уулу Шабдан жөнүндө баян
Кыргыз урууларынын этимологиясы, тарашы, жайгашкан
орду
Солго кирген уруулардын бири – басыз
Солго кирген Куу уулдун тукумунун бири – Чоң Багыш
Кытайлар
Кушчулар
Ичкиликтер
Казакстандагы кыргыздар
Өзбекстандагы кыргыздар
2-5
15
27
393
Тажикстандагы кыргыздар
Ооганстандагы кыргыздар
Кытайдагы кыргыздар
Жалгыз тал
Кыргыздар колдонгон жазуулар жана байыркы орток
адабияттары
Кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгы
Чечендик сөздөр
Токтогул ырчы
Жайсаң ырчы (Үмөт уулу)
Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799-1887-жж.)
Сарыкунан
Чыга элек китепке жазылган сындарга жооп же корутунду
сөз ордуна
Кыргыз санжырасына айрым кыстырмалар
394
Download
Study collections