Загрузил Мини Видосики

Туризм

реклама
Туризм
Даярдап келген:Оболов Адиль
Туризмдин түрлѳрү негизги эки топко бөлүнөт: рекреациялык
туризм, иш-чара туризми. Рекреациялык туризм организмди
физ. жана психологиялык жактан калыптандырууга арналган.
Анын өз ара ден соолукту чыңдоо, таанып-билүү, спорттук ж.
б. түрлөрү бар. Иш-чара туризми профессионалдык жана
коммерциялык максатта жүргүзүлөт. Мис., бизнес-туризм,
конгресс-туризм, шопингтуризм, археол. туризм ж. б. Ошондой
эле туризм жабдуу ыкмасына (женил жүрүш, бэкпэкинг),
уюштуруу формасына (пландуу, өз алдынча), туристтердин
жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша (балдар, жаштар, чоңдор, үйбүлөлүк ж. б.) дагы бөлүнөт.
Экскурсия (лат. excursio – жол жүрүү) – окуу, тарбия ишин
уюштуруунун бир калыпы. Мында жаратылышка, музейге ж.
б. табыгый шарттын тиричилик аракетиндеги бир бүтүн
турпатын кабыл алуу, үйрөтүү үчүн ал жерге окуучулар
атайын даярдалып, уюшуп барат. Мында окуучуларга өз
алдынча изденүүгө, изилдөөгө, байкап талдоого шарт
түзүлөт. Ошондуктан мектеп пайда болгондон баштап эле
экскурсияга сабак сыяктуу көңүл бурулат.
Курорттор-табигый дарылоо факторлору (минералдуу суу, дары баткак, климат өзгөчөлүктөрү) бар
жерлер. Дарылоо факторлоруна карата бальнеол., климаттык жана дары баткактуу болуп
бөлүнөт. Бальнеологиялык курорттордо негизги дарылоо факторлору минералдуу суу. Минералдуу
суу ваннага, бассейнге түшүү жана ичүү, ингаляция ж. б. процедуралар үчүн пайдаланылат.
Андай курортторго Кисловодск, Боржоми, Железноводск, Трускавец, Кыргызстанда Жалал-Абад,
Жети-Өгүз, Ысык-Ата ж. б. кирет. Баткактуу курорттордо негизинен дарылоо фактору болуп дарылык
касиети бар баткак колдонулат. Баткакты негизинен денеге жаап же ванна түрүндө пайдаланат.
Көгүлтүр Ысык-Көл, Жыргалаң, Жалал-Абад ж. б. курорттордо башка факторлор менен катар баткак
менен да дарылайт. Климаттык курорттор деңиз климаттуу, тоо климаттуу, ошондой эле токой, талаа,
токойлуу талаа ж. б. климаттуу болуп айырмаланат. Климаттык курорттордо негизинен аба жана күн
ванналары, ошондой эле сууга түшүү колдонулат. Анда климат менен дарылоочу жана ден соолукту
чыңдоо процедураларын жүргүзүү үчүн атайын курулуштар (павильондор, верандалар, галереялар,
аэрарий, солярий), күн нурун өлчөм менен пайдалануу үчүн дарылоо пляждары, сейилдөө үчүн
маршруттар белгиленет. Жаратылыштын бир гана дарылык факторун колдонгон курорттор аз.
Көпчүлүгү анын бир нече дарылык факторлорун колдонот. Мисалы, бальнеологиялык-баткактуу
курорттордо минералдуу суу, дарылык касиети бар баткак, бальнеолологиялык-климаттык
курорттордо минералдуу суу же климат менен дарылайт. Бул негизги курорттук дарылоодон тышкары
дарылоо комплексине физиотерапия, дарылоочу дене тарбиясы, диета (мүнөз тамак), кээде дарыдармек кошулат.
Кыргызстандагы туристтер
кызыккан жерлер.
Каракол тоо – лыжа базасы
Бурана
Өзгѳн мунарасы
Кыргызстандын бермети Ысык-Кѳл
Таш рабат
Сѳң-Кѳл
Скачать